Коңгуроо..

 Сүрөт 2УЛУУНУ УРМАТТАБАГАН, КИЧҮҮДӨН ЫЗАТ КӨРБӨЙТ..

Кичинекей кезимде жашы бир топко барып калган чоң-ата, чоң апалар чайханада чай, кымыз ичип, нарда ойногондорун көрүп, энелер жүн сабап, мал жан менен алек, үй оокаттарын карап, бизге акыл-насааттарын айткандары менен эсимде калыптыр. Азыркы ата-апаларды митинг, пикеттерден гана кезиктирип калбадыкпы. Анан алардан кайдагы насаат, акыл кеңешти угат элек, сасыган сайасатты гана угасың көпчүлүк учурда…

Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи «Карысы бардын ырысы» бар деген. Ошондуктан менде аларга кандай мамиле, сый-урматыбызды көргөзүп жатабыз деген суроо туулат? Карылыктын доорун сүрүп, бизден үмүт кылып жаткандарына карабай карылар үйүнө алпарып салсак, коомдук транспортторду тоссо албай, ал эмес карап да койбосок, анан кантип, кандай сыйлап жатабыз деп ойлоп кетесиң?

Бүгүнкү менин каарманым Бишкекте жашап жаткан карыган (пенсионер) чоң апа болду. Адаттагыдай эле айалдамада коомдук транспортту күтүп тургам. Бир кезде жаныма жашы бир топко барып калган чоң апа келип: «Кызым, мага келе жаткан автобусту токтотуп берчи» деп калды. Мен апаны таң кала карап калсам, «кызым, мени «пенсионер» деп токтобой өтүп кетет» дейт жалооруп. Мен колумду булгалап токтотсом эшиги араң ачылган ичи адамга толгон автобус зорго токтоп, ага чоң апа эптеп чуркап барып кыпчылып түшүп кетти. Орундукка отурганды мындай койгула, тыгылып араң батты көрүнөт, байкуш апа. Айанычтуу чоң апанын айткан сөзүн угуп өзүмдү-өзүм жемелеп, «биз жаштар ким элек, ким болдук? Кайда баратабыз? Мындай жол менен кете берсек кийин ким болобуз деги» деп өзүмө-өзүм суроо берип жаттым. «Улууну урматтасаң, кичүүдөн сый көрөсүң» деген макал эрксизден эсиме түшүп кетти. Улууларды урматтай албай жатып, кичүүлөрдөн эмнени, кантип талап кылабыз? Бизди көргөн жаш муундар кандай тарбийа алып жатышат? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы «маңкурттан» эч айырмабыз жок болуп бараткансыйт. Келгиле анда биз жаштар «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», жаш экенибизди далилдеп, урмат-сыйыбызды улууларга көргөзөлү! Алар бар, биз барбыз, бактылуубуз!

P. S. Балким чоң апанын окуйасы болбогондо мен бул чакан макаланы жазбайт деле, ойлонбойт деле болсом керек эле. Эми жок дегенде кимдир бирөө окуп калып, өзүнө аздап болсо дагы сабак алса, ойлонсо, туура түшүнсө, жакшы тыйанак чыгарса, анда ал биздин жеңишибиз, жетишкендигибиз деп ойлойм!

Жылдыз ЖАЛИЕВА, Бишкек шаарынан.

2 thoughts on “Коңгуроо..

  1. (мен чон атамдан сурап калдым ,Кудай барбы деп, чон атам ойилонуп туруп Бар балам сен Кудайга ишенгин ,Кудайынды сыйлагын баарыбызды Кудай жараткан,Адам баласын Кудай жараткадан киин Сен да Адам баласысын сени да Кудай жараткан .Сен. АТА ЭНЕН ден жаралып жаткандан киин сенин АТА ЭНЕН сага кудай болот урматтап сыйлап созун эки кылбай омурун откончо кудаыйына сыйынып журуп откун деген Бирок балам АЛЛАХ озу жалгыз Аллага ишенуу бул башка соз .Аллахым бул ааламды жараткан Аллахтан теньдеши жок Мухаммад салалаху алейхум вассалам пайгамбар ал Аллахтын элчиси биз Аллахтын кулубуз Мухаммаддын салалаху алейхум вассаламдын умотубуз деген.) карынын созун капка сал .карысы бар уйдун ырысы бар деген соз бекер соз эмес.

Leave a Reply to mamytbay Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *