Той..

Насыпбек АСАНБАЕВ.

Насыпбек АСАНБАЕВ.

ЫСЫК ЧЫГАРМА.

 

Заңгыраган чоң тойкананы карай колтукташа баскан кыз-жигит кирип келатышты. Экөө тең жасана кийинип, кыналыша басып алышкан. Бири-бирине карап кыт-кыт күлүп, жадырап-жайнап жүргөндөрүнө караганда өтө чоң кубанычта жүргөн кездери окшобойбу. Тойкананын кең эшигине да жөн кирбей атайылап ойногончо, бири-бирин этияттык менен жөөлөшкөнчө кирип келишти. Мындай меймандарды кур кетирбей тосуп алууга эчактан бери маш болуп бүткөн алда-немедей кийинген жаш жигит кайдан-жайдан пайда болуп экөөнү сылык учурашып тосуп алды.

– Саламатсызбы? Кириңиздер!

– Саламатчылык. Келдик… Неме, админстратор менен сүйлөшсөкпү дедик эле.

– А эмне боюнча?

– Үйлөнүү үлпөтүбүздү өткөрүү боюнча.

– Азыр 5 мүнөт күтө туруңуз. Чакырып келе калайын. Ага чейин бул жерге отуруп туруңуз.

Шыпылдаган неме экөөнү бир столго жайгаштыра калды да өзү жылт коюп кайсы бир эшикке кирип кетти. Көп деле күттүргөн жок. Чыпыя кийинип, башына бир байлам ак жоолук байлап алган жаш келин пайда болуп калды булардын жанында.

– Саламатсыздарбы? Мени сурадыңыздар беле?

– Ооба, сиз администраторсуз да э?

– Ооба. Айта бериңиздер. Үлпөт өткөрөлү деп аттыңар беле?

– Ооба. Биз үйлөнөлү дегенбиз. Анан ушул тойкананы айтышты эле аябай жакшы тейлейт деп.

– Аа буюрса жакшы эле тейлейбиз. Залыбыз да кенен. А сиздер кайсы күндөрү өткөрөлү дедиңер эле?

– А бизге боло берет. Эмки жуманын биринчи күндөрү болсо андан жакшы болот.

– Аа. Так ошол биринчи күнү бизде буйрутма жок. Аябай бактылуу экенсиз.

– Оо, ырас болду. Кыз менен жигит бири-бирин карап дагы кубанычтуу жылмайып алышты.

– Эже силерде тамада, музыкант дегендер бар да ээ өзүңөрдө.

– Ой бизде баары бар. Бүт бар, эч коркпогула. Андан көрө айта бергиле силерге эмнелер керек? Мен жаза берейин убакытты өткөрбөй.

– Макул. Анда мындай. Ммм. Бизге бир тамада. Бир музыкант. Бир фотограф. Эки-үч ырчы. Бир же эгер болсо эки бийчилер тобу.

– А бизде бир кыздардын тобу бар. Анан кичинекей 3 жашар балдардын тобу бар. Болобу ошолор? Аябай жакшы бийлешет.

– Үч жашар кыздар? Бийлей алышабы алар.

– Ой ооба. Сенден жакшы бийлейт

– Аа. Макул анда. Андан кийин дагы 4 ак калпактуу киши. Алардын жанына 3 аял.

– Омей Самат, эмнеге үчтү? Деп чырылдай калды жанындагы кыз.

– Ой кызыксың го, сенин атаңдын инисинин аялы келе алмак эмес да баары бир.

– Эми келе албаса деле ордуна кошуп койо берчи. Тамада «кыздын атасынын иниси» деп чакырып калса  Жаныкул байкем жалгыз чыкмак беле?

– Ии макулчу деги. Анда 4 ак калпак киши, төрт жоолукчан аял. Ии 6 же 7 классташ.

– Классташтар бизде 6-7 деп берилбейт. 5 же 10 деп берилет.

– Макул 10ду деп жазып койуңуз анда.

– Дароо эле тактап алалычы. Классташтарыңыз кандай болсун? Баары тең эле күрмө-шым, ак көйнөкчөн келсинби?

Ии баса. Мен да ушуну ойлоп отурдум эле. Бизге он классташ болду да. Ошондо алардын бир сегиздейи кычырап кийинген, өллө сонун бийлеген балдардан болсун. Экөөсү болсо мындай эле жынсы шым, кара свитер кийген балдардан кылыңыз. Анан тигилер бийлеп атканда ошол экөө мындай четкерээкте эле кол чаап кыйшалаңдап турушсун да. Болбосо баары тең кычыраган немелер болгондо жасалмадай болуп калат го. Чыныгы нукура тойго окшосо жакшы болот го.

– Түшүнүктүү. Дагы айта бериңиз. Мастардын кереги барбы?

– Мастарды? Айка керекпи мастар?

– Жинди го! Мас жок дагы той болчу беле? Масы жок болуп калса элдин баары булардыкы жасалма эле той болуптур деп ойлобойбу.

– Ой эми ансыз деле билишет да.

– Койчу эй Самат. Ушунуң жаман. Эмне баары эле биле бермек беле? Эртеңки жашооңду да ойлосоң. Кийин бирөөлөргө сүрөт-пүрөттөрүңдү деле көргөзөсүң да. Анан алар «ии чын эле сонун той өткөрүшүптүр» деп ойлошсун да. Азаматтар депчи.

– И макул анда. Эже бир мас кошуп койуңузчу.

– Бир мас жакшы болбой калат бирок.

– Эмнеге?

– Негизи бир мас болгондо ал көбүнчө эле ар кимге барып тийишип, ордуна жөн отурбай калжактай берет.

– Анда эки мас кылыңыз.

– Жок, эки мас да жаман. Экөө ар кайсыны талашып атып урушуп кетишет. Эң жакшысы үчтү кылгыла. Кажылдашып тойдун көркүн сонун ачат да.

– Аа, макул анда. Үчтү болсунчу. Энесин урайын үйлөнүү той эмеспи бул.

– Үч мас ээ. Кана, мастар жазылды, тамада жазылды, ак калпакчан куда-кудагыйлар жазылды. Ии баса өкүл ата керекпи?

– Айий аны унутуп калган турбайбызбы? Сөзсүз керек да ал.

– Кандайы керек? Крутой болсунбу же?…

– Албетте крутой болсун да. Ушунча үлпөт кылып анан өкүл атага жөнөкөй немени коюп алсак болмок беле? Кандайлары бар силерде?

– Биздеби, бизде өкүл атанын түрү бар. Ай Жанна, өкүл аталардын каталогун алып келчи.

– Нары жактан тыпылдаган дагы бир кыз каталогдорду көтөрүп чуркап келди.

– Ойий эже, өллө сонун өкүл аталар бар го.

– Ооба да. Бизде баары бар. Тандагыла шашпай.

– Карачы Самат, мобул сонун өкүл ата экен сага да окшошуп кетет экен. Ушуну алалыбы?

– Чын эле э. Кана кызматы эмне экен? Россиядагы кыргыздардын диаспорасынын жетекчиси дейби? Кой эй мунуңду. Булар көбүнчө алдамчы болот дешет го. Ошол жактагы мигранттарга документ сокумент жасап акча кылышат. Кереги жок. Азыр баары эле Россияга баргандар да. Алар бүт жаман көрүшөт.

– Макул анда. Кайсыны тандайлы?

– Ата-Мекен партиясынын депутаты дегендер бар бекен?

– Э койчу аларды? Ата-Мекендин азыр баркы түшүп калган.

– Эй сен даанасың го. Текебаев турганда Ата-Мекен кайра эле ордуна келет.

– Самат, кечээ эле саясат жөнүндө сүйлөшпөйбүз дебедик беле. Экөөбүз ушул темага келгенде сөзсүз уруша кетебиз.

– Ии макулчу анда. Өзүң тандачы деги. Мен эмне айтсам эле каршы чыга бересиң.

– Ии жаным таарынбачы. Макулчу, макул сен тандачы.

– Жок, Мен билбейм. Сен өзүң танда.

– Ии бултушкам. Кел анда мындай кылалы. Замандаш партиясы азыр жакшы чыгып келетат го. Ошондон койобуз өкүл атаны.

– Ммм, баягы эле мигрант-пигрант диаспораларыңбы? Ии баса, кел андан көрө мэрияда иштегендерден койобуз.

– Кана ошондой бар бекен?

– Бар андайлар. Айтып атам го бизде баары бар. Мына 16-бетти карасаңар. Өткөндө үйлөнгөндөр дагы ошону тандашкан. Азыр мэрияда иштейт деген өкүл ата аябай жакшы өтүп атат. Кийин айтканга да жакшы экен да. Мэрияда өкүл атам бар десеңер аябай жакшы угулат.

– Макул, ошону тандадык анда. Болдубу, бүттүк го ээ? Эже сиз да бир карап койсоңуз.

– Азыр кана тигил бар, бул бар. Төрдө тигилер отурат. Ии, күйөө жолдош керекпи?

– Аа ооба. Бир күйөө жолдош, бир кыз жолдош кошуп койуңузчу.

– Кандайынан кошойун?

– Эмне алардын да көп түрү барбы?

– Жок үч эле түрү бар. Узун, кыска анан орто бойлуу.

– Анда бизге орто бойлуусунан бере бериңиз.

– Макул. Негизи ушул орто бойлууга аябай көп кардар чыгат да. Жакшы иштейт ушулар. Ходовой.

– Дагы эже, дагы эмне керек?

– Эже-жезде, группалаш анан коллектив дегендер калды.

– Эми алар эже арткы пландагылар да. Андайдан элүү кишини өзүңүз аралаштырып кошуп койо бериңизчи.

– Макул. Анда силердин тойуңарга даярдык бүттү окшойт ээ.

– Эже дагы карап көрүңүзчү. Мындай столдорго жайгаштырып. Биз унутуп калчу элек.

– Макул. Анда дагы бир сыйра тактап чыгалычы. Тамада бар, фотограф бар, бийчилер бар, кудалар бар, өкүл ата… ммм. Булар тигил жакка отурса, тигилер бул жакка. Ии баса, чоң ата, таята дегендер жок го бизде.

– Ой эже алардын кереги деле жок го.

– Негизи аларды деле кошуп коюш керек. Балпайып төрдө отурса аябай красива көрүнөт.

– Самат, кандай кереги жок? Мен кийин биз үйлөнгөндө таятам-таянем бар болчу деп айткым келет. Кошуп койолучу.

– Ии макул анда. Сага таята кошуп койолу. Бирок бирди эле.

– Иий, таянем да болсо жакшы болмок?!

– Эми таянем бар болчу. Бирок айылдан келе албай калган деп деле айтып койчу. Акча жетпей калганы калды.

– Ии болуптур болуптур. Жиндебе бултушкам. Эже, кандай абышкалар бар?

– Бизде абышканын да түрү көп. Негизи тойлордо алардын келгени, чыгып бата бергени жакшы да. Бирок ошого жараша абышкалардын жаңылары аябай кымбат турат.

– Каталогу барбы?

– Жок алардын каталогун чыгарган анча пайдалуу эмес. Алар бат-бат жаңыланып турат. Өлүп калат, ооруп ишке чыга албай калат, ордуна жаңы келип калат. Кыскасы каталогу жок.

– Иий, анда кантип тандайбыз?

– Ой ал оңой эле. Азыр мен тиги карылар үйүнө чалсам ал жакта толтура. Андан сырткары атайын ушундай иштеген элитныйлар бар. Группа группа болуп иштешет. Аларды чакырсак эле келе калат.

– Макул анда ошол элитныйлардан чакырсаңыз.

– Азыр. Администратор кимдир бирөөлөргө чалып өздөрүнчө сүйлөшө калды да телефонду колу менен басып кызга шыбырады:

– Буларга жаңы эле айылдан 120га чыккан абышка алып келип кошушуптур. Негизи жаңы келгендер кымбат болот. Биринчи кардары силер болуп атпайсыңарбы? Ала келишсинби?

– Кымбат болгондо канча? – деп чыдабай кошула калды Самат.

– Эми, жаңы да, бир түнгө 150-200 доллардын башын чапчыйт.

– Омиий, А саатына алчакчы?

– Анда келе берсинчи, келгенде сүйлөшөбүз.

– Макул. Баса өткөндө бир курбум бир чалды чоң ата кылса аябай жаман чал экен дейт. Тойдо аягына чейин отурбай өлүмүш болуп айласын кетириптир. Ошондойлор болбойбу?

– Аа, алар жанагы карылар үйүнүн чалдары ошондой болот. Эптеп эртерээк кетиш үчүн ошентип туйлай берет. Алганга жараша мобу элитныйдан алыш керек да. Булар акча үчүн иштеген немелер каалаганыңды кылат.

– Ээ. Анда ошолордон эле алалы ээ Самат.

– Макул. Бир ооз кебиң катта майрам дечү беле. Кана, анда бүттү го ээ.

– Ооба, биягы бүттү. Эми дасторкон калды. Абышкалар келгиче столду ойлонуштура берели.

– Ой эже эми столду өзүңүз билесиз да. Эки-үч түр салат. Ортодо боорсок, момпосуй, печенье, алма өрүк, иши кылса дасторконду толтуруп коюңуз. Анан бир тамак бересиз дагы, кетээрде эт тартасыз.

– Бардык столдуку бирдей эле болобу?

– Ооба баарына эле жасалма немелерден койдурасыз да. Азыр кадимкидей эле тамакка окшогондор чыккан турбайбы. Камерадан деле билинбейт экен. Ии баса, бир столго эле беш-алты киши келет. Ошолорго чыныгы тамактардан кычыраган дасторкон даярдап коюңуз. Алар менин чогуу иштешкендерим болот. Кошумчаны жакшы кошуп атышат буюрса. Уят болбогудай бололу.

– Аа макул. Аны жасайбыз. Макул анда, абышкалар келгиче отура тургула мен азыр келем..


Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаары.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *