Талкуудан чыккан талкуу..

АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРДИ ТАЛКУУЛООЛОРДОН КЕЛИП ЧЫККАН АКТУАЛДУУ СУРООЛОРГО АКТУАЛДУУ ЖООПТОР!.

Аз мурун “Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобунун мүчөлөрү КР Президентинин алдындагы Улуттук тил комиссиясынын жетекчиси Эгемберди ЭРМАТОВДУН кабыл алуусунда болуп кайтышкан эле. Ошол жолугушудан кийинки “Фейсбук” баракчасында болуп жаткан кызуу талкуулар ар кандай өңүттөгү суроолорду пайда кылды жана ал суроолор кандайдыр бир деңгээлде жоопсуз калган жок. Эмесе ошол талкуунун активдүү катышуучулары Ленара НИЯЗБЕКОВАНЫН суроолоруна “Кыргыз Көчү” тобунун жигердүү мүчөлөрүнүн бири Бектурсун АЛИБЕКОВДУН берген жооптору менен төмөндө учкай таанышып койсоңуздар болот.

ЛенараЛенара НИЯЗБЕКОВА:
Сурооңуз кызыктуу экен Бектурсун мырза. Менин да Сизге суроом бар:

1. Мамлекеттик кызматкерлер, өз бөркүнөн чочулап жата берсин дейли. А биз, сиз жана башка көпчүлүк ушундай шарттарда кандай кадам жасасак болот?
2. Мамлекеттик тилдин тагдырын, анын жоопкерчилигин Э. Эрматов мырзага таңуулап отура берсек болобу?
3. Мамлекеттик тилдин ишке ашышына негизги тоскоолдук жаратып жаткан расмий тилден башка кедергилер барбы? Бар болсо, ал кедергилер кайда, кайсы?
4. Жок болсо эмне үчүн? Мамлекеттик тил боюнча адистер бардык мамлекеттик мекемелерде маяна алып иштеп, жашап жүрүшөт.
5. Мына ошол адистер кандай сапаттарга ээ болууга тийиш?
6. Кыргыз филологиясына эптеп, арасат-армажал бүткөн бүтүруучү тапшырыш керекпи же…?
7. Кыргыз тилин үйрөтүүчү, алып жүрүүчү: филологдор, кыргыз тилинде жазган журналисттер, тарых изилдөөчүлөр кандай сапаттарга, ошондой эле билим-билгичтиктерге ээ болуусу абзел?
8. Чыныгы кыргыз инсанын кантип тарбиялап, жарата алабыз? Урматым менен!

эбекеБектурсун АЛИБЕКОВ:  
Урматтуу Ленара айым, Сиздин биринчи сурооңузга жооп
:

Мамлекеттик кызматкерлер өз бөркүнөн чочулап жата берсин дейли. А биз, сиз жана көпчүлүк ушундай шарттарда қандай қадам жасасақ болот? Урматтуу Ленара айым. Мекенибиз Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК; Туу, Герб, Гимн жана Тилине жоопкер МАМЛЕКЕТТИК қызматкерлер (мындан ары мансапқорлор),
«өз бөрктөрүнөн» чоочулоосу чын болсо, «жата бербеши»парз.
Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК; Туу, Герб, Гимн жана Тилине жоопкер мансапқорлорунун, ошол; МАМЛЕКЕТТИК Туу, Герб, Гимн жана Тилибизди өз Мекенибизде сүйлөп даңазалабай (рекламалабай), жайылтпай (экспансиялабай), жуурулуштуруп жууруп, өнүктүрбөй (развивать этпей)
«жата берүүсүнүн» өзү, аталған МАМЛЕКЕТТИК символикалар менен Тилге қарай, алардын; МАМЛЕКЕТТИК ҚЫЛМЫШЫ.
Ал эми,
«жата берип» МАМЛЕКЕТТИК ҚЫЛМЫШ жасағаны аз келгенсип; Биздин эгемен Мекенибиз Қырғыз Республикабыздын Мамлекеттик Аймағында, бөтөн өлқөнүн Мамлекеттик символикалары менен Тилин, Қырғыз Республикабыздын Мамлекеттик Мансапқорлору; (алардын туу гербдерин тағынып, гимнин ырдап, тилин сүйлөп,) даңазалоосу (рекламалоосу), жайылтуусу (экспансиялоосу), биздин Мам.Тилден артықча жуурулуштурушуп жуурушуп өнүктүрүүлөрү (развивать эткендери), эгемен Қырғыз Республикабыздын Мамлекеттик Символикалары менен Тилине қарай, алардын; ДИВЕРСИЯСЫ жана ЧЫҚҚЫНЧЫЛЫҒЫ.
“Жата берип”, Мамлекеттик ҚЫЛМЫШ жана биздин Мекенде бөтөн өлкөнүн Мамлекеттик тилин даңазалап, жайылтып, өнүктүрүп, биздин Мам.Тилибизге қарай; аларға ДИВЕРСИЯ жана ЧЫҚҚЫНЧЫЛЫҚ жасооғо жол қойбоо, Сиз сыяқтуу қырғыз интеллигенттери менен биздин, Асыкенин “Қырғыз Көчү” сыяқтуу топтордун мүчөлөрүнүн; жарандық, патриоттуқ, улуттуқ, керек болсо улутчулдуқ ыйық милдетибиз.
Мына ошол, Сиз сыяқтуу қырғыз интеллигенциясы менен биздин, ыйық Мекенибиз, Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛИКАлары менен ТИЛИне қарай жасалған Мамлекеттик ҚЫЛМЫШТАР менен ДИВЕРСИЯЛЫҚ ЧЫҚҚЫНЧЫЛЫҚтарды, (“бизди жылуу қабыл алды” жэ, “ар дайым, адамгерчиликтүү мамиле жасайт” деген шылтоо менен); байқап туруп байқамақсан болуубуз, көрүп туруп көрмөксөн болуубуз, уғуп туруп уқмақсан болуубуз, қолдон келишинче тийиштүү маселе көтөрбөй қойуубуз, МАМЛЕКЕТТИК ҚЫЛМЫШты жасағандан да, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ қарай ДИВЕРСИЯЛЫҚ ЧЫҚҚЫНЧЫЛЫҚты жасағандан да үч эсе артық қылмышыбыз болот деп эсептейм.
Мына ушундай шартта Ленара айым биз, “Сиз жана (Сиз сыяқтуу қырғыз интеллигенттери менен) башқа көпчүлүк” биринчи қадамыбызды; байқап туруп байқамақсан, көрүп туруп көрмөксөн, уғуп туруп уқмақсан болуп, қолдон келишинче тийиштүү деңгээлде тийиштүү маселе көтөрбөй, үч эсе артық қылмыш жасоодон баш тартышыбыздан баштообуз мақсатыбызға ылайық, жана бул қадамыбыз, биздин; жарандық, улуттуқ, патриоттуқ, тикелей; ыйық парзыбыз жана қарзыбыз деп эсептейм.

Сиздин экинчи сурооңузга жооп:  «Мамлекеттик Тилдин тағдырын, анын жоопкерчилигин Э.Эрматов мырзаға таңуулап отура берсек болобу?»
Биринчиден;  
«Э. Эрматов мырзаға таңуулап, қарап отура бербегенибизден» улам, Айдаралиев Асыран мырзанын «Қырғыз Көчү» тобу жаралууда жана мүчөлөрү, күндөп түндөп өсүүдө. Мамлекеттик мансапсыз эле, ақысыз эле, Президенттин жанындағы кабинетисиз эле (эч кимди жылуу, адамгерчиликтүү қабыл албай эле) аракеттенүүдө, ийгиликтерге жетишүүдө. Ал эми, ушул эле учурда, ҚР Мам.Тилине Мамлекеттик жоопкер; Э.Эрматов мырза, биздин эгемен Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИне қарай жасалған; Мамлекеттик кылмыштар менен диверсиялық чыққынчылықтарға қарай, өз кесиптик жана Мамлекеттик милдетинин негизинде, тийиштүү чараларды атқарбай “жата берген” кербези.

Үчүнчү сурооңузга:  “Мамлекеттик Тилдин ишке ашышына негизги тосқоолдуқ жаратып жатқан расмий тилден башқа кедергилер барбы?”
Мамлекеттик Тилдин, Мамлекеттик Тил болуп, ҚР Баш Мыйзамы менен тастықталып, расмий, саясый жана юридикалық түрдө ишке ашқанына жақында чейрек қылым болот, Ленара айым. Аны Сиз менден жақшы билесиз деп ишенем. Ал эми “расмий” аталыштағы тил, “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ” деген мақамды жоққо чығара албайт, андықтан, “расмий тил” МАМЛЕКЕТТИК ТИЛге эч қандай кедерги боло албайт. “Расмий” мақамдағы тилден башқа кедергилер бар. Алар, жоғоруда жазылған; Мекенибиз Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИне қарай, Қырғыз Республикабыздын Мамлекеттик мансапқорлорунун Мамлекеттик қылмышкерлери менен ҚР Мам.Тилине қарай диверсанттары жана чыққынчылары.

Сиздин төртүнчү сурооңузга: “Жоқ болсо эмне үчүн? Мамлекеттик Тил бойунча адистер баардық Мамлекеттик мекемелерде маяна алып иштеп, жашап жүрүшөт?”
Себеби; кесипкөйлүккө эмес, “жылуу жумшақ қабыл алууға, адамгерчиликтүү мамиле жасооғо жана чай менен пай уюштуруп” күтүп алууға таянған, ошонусуна ишенип, қылмыштуу түрдө маянасын алып жеп, “жатып алған”; партиялық, жердештик, тууғандық, курсташтық ж.б. протекция жана коррупция. Жана аларды байқамақсан болғон биз менен Сиз сыяқтуу қырғыз интеллигенттерибиздин унчуқпаған қылмыштуу позицияларыбыз.

Бешинчи сурооңузга: “Мына ошол адистер қандай сапаттарға ээ болууға тийиш?”
Адистер, кесиптик қандай сапатқа ээ болууға тийиш экендигин менден он эсе Сиз жақшы билесиз деп ишенем. Ошентсе да суроо берилген соң мен жооп берейин. Адис эң оболу; қайсы бир Мамлекеттик мансапқордун тууғаны жэ курсташы, партиялашы жэ жердеши қатары адис болоордон мурда, кесипкөй адис болуусу абзел. Жана “жата берчү” қылмыш менен ҚР Мам.Тилине қарай, диверсия чыққынчылық жасабашы милдет.

Алтынчы суроонузга: “Қырғыз филологиясына эптеп, арасат-арамжал бүткөн бүтүрүүчү тапшырыш керекпи жэ..?”
Сиздин ушул сурооңуздун ақырындағы; “жэ…” деген сөзүңүздөн кийинки Сиздин айтпай қойғон сөздөрүңүз жооп болмоқ.

Жетинчи сурооңузга: “Қырғыз тилин үйрөтүүчү, алып жүрүүчү; филологдор, қырғыз тилинде жазған журналисттер, тарых изилдөөчүлөр қандай сапаттарға, ошондой эле билим-билгичтиктерге ээ болуусу абзел?”
Биринчиден; қырғыз тилин үйрөтүүчү, алып жүрүүчү филологдор, қырғыз тилинде жазған журналисттер, (булардан сыртқары; Қырғыз Республикабыздын Мамлекеттик жетекчилери, көрүнүктүү саясатчылары, искуство жана спорт чеберлери, белгилүү аалым, илимпоз, депутат жана министрлер жана деги эле өзүн “қырғыз интеллигентимин” деп эсептеген жарандар), эң оболу, өздөрүнүн; бир эгемен өлкөнүн МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДҮҮ (Гос.язычный) элита жарандары экендигине, башка Мекендештери аларды туурооғо татықтуу үлгү (эталон), пир (кумир) экендиктерине, өздөрүнүн баам парасаттары менен аң сезимдери (сознаниялары) жетүүсү абзел. Ошондо, алардан (эталон қатары) үлгү алған, пир (кумир) тутқан жаштарыбыз, ошолордой болууға умтулушмақ. Ошолордой болушмақ. Тилеке қаршы бизде тескерисинче; қырғыз тилин үйрөтүүчү, алып жүрүүчү филологдорубуз, Мам.Тилдүү журналисттерибиз, биздин жаштарыбыз пир (кумир) тутуп, үлгү алчу биздин көрүнүктүү Мамлекет жетекчилерибиз, саясатчыларыбыз, искуство жана спорт чеберлерибиз, белгилүү аалым, илимпоз, депутат жана министрлерибиз, қырғыз қалқынын қаймағы болчу интелигенттерибиз, ыйық мекенибиз Қырғыз Республикабызда жана анын аймағында, бөтөн өлкө болғон Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Тилинде сүйлөшүп, аны даңазалашат (рекламалашат), жайылтышат (экспансиялашат), өнүктүрүшөт (развивают). Ошонусу; чыққынчылық, ачуу чындық – тирүү факт!
Экинчиден; чынығы патриот, тарых изилдөөчүлөр жөнүндө мен сөз қылууға қыпындай ақым жоқ. Аларға терең таазим этип суранаарым; Биздин Мамлекеттик Тилде көбүрөөк маалымат жазсаңыздар?

Сегизинчи сурооңузга: “Чынығы қырғыз инсанын қантип тарбиялап, жарата алабыз?”
Менимче қырғыздардын көпчүлүгү керек болсо бизди тарбиялап қойууға татықтуу. Биздин (Сиз экөөбүздүн) қырғыздарды тарбиялооғо ақыбыз да, уқуғубуз да жоқ. Қырғыздар өзү алмустақта жаралғанда қырғыз болуп жаралған. Жаратуучу жаратқан эл. Алдуу күчтүү азаматтарыбыз; Үзөңгү Қууш, Қарқыра, Үңкүр Тоо, Қум Төр, Бүргөндү сяқтуу жерлерибизди жана кендерибизди, өзүбүздүн Мамлекеттик қылмышкерлерибиз менен диверсант чыққынчыларыбыздан қорғоғон сыяқтуу; Биз, қырғыздардын МАМЛЕКЕТТИК символикалары менен Тилин жана руханий интеллектуалдық байлықтарын, Мамлекеттик қылмышкерлер менен чыққынчылардан, қур дегенде ачуу чындықты фактты бетке айтып, аалам торғо айқын жазып жарыялап, қорғоп турсақ, эң оболу өзүбүз тарбияланабыз жана қырғыз инсан болуп қайра жаралабыз. Аны байқаған, “қырғызмын” деген намыскөй улутташтарыбыз қарап турбашын, Асыкенин (Айдаралиев Асыран мырзанын) “Көчмөндөр” тобу далилдөөдө. Буға Сиз өзүңүз күбө болуудасыз.

Бар болғону, тигилердин; Ақ Үйдө жэ көк Үйдө, кесипкөйлүк менен эмес, “жылуу жумшақ, адамгерчиликтүү, чай-пай уйуштуруу ” ықмасы менен қабыл алуусуна, эбеденибиз эзилип, алданып қалбасақ болду.

Урматтуу Ленара айым, менден бир ооз, маға эч ким бербеген сурооғо жооп:
Ар бир эгемен өлкөнүн Мамлекеттик Символикалары менен Мамлекеттик тили, анын башқа эгемен өлқөлөрдөн айырмалоочу (отличительные) Мамлекеттик Символикалары жана Тили болоорун эч ким жоққо чығара албашын Сиз менден жақшы билээриңизге бекем ишенем. Ушундай шартта, ким қайсы өлкөнүн Мамлекеттик Туусу менен Гербин тағынса, ал ошол өлкөнүн жараны экендигин билдирет. Ошол сыяқтуу эле, ким қайсы эгемен өлкөнүн МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИнде сүйлөсө да, ошондой эле түшүнүк берээрин да билебиз. Ошону билип туруп, өңүбүз орус улутуна оқшобосо да, өз мекенибизде, өз ара; Орусия Мам.Тилинде сүйлөшкөнүбүз, бизди; Мам.Тили орус тили болғон чукча улуту менен чаташтырууға жэ чаташтырбаса да чаташтырымыш болуп мазақтооғо, биздин; өз ара орус тилинде сүйлөшпөгөн, өз ара тақай өз Мам.Тилдеринде сүйлөшүшкөн қошуналарыбызға жүйөөлүү негиз болуп келүүдө. Эгер берген сурооңузга карата менин берген жоопторумду көңүл бөлүп, убақыт қоротуп оқуған болсоңуз терээң ыраазычылығымды билдирем.


Урматым менен мекендешиңиз Бектурсун АЛИБЕКОВ. Майлуу-Суу шаарынан. 17.10.2013.

3 thoughts on “Талкуудан чыккан талкуу..

  1. Тилим Кыргыз, дилим Кыргыз жар салам,
    Элим Кыргыз, жерим Кыргыз мактанам.
    Элиң, Жериң, Тлиң, Диниң- саткын деп,
    Жоо куралы ажал чачып турса да,:
    Алла жалгыз!
    Диним ИСЛАМ, тилегеним ыйман!
    Мен КЫРГЫЗмын !- кыргызча эле айталам.

    Кыргыз ӨҢҮ бүт ааламга таанымал,
    Улуу эпос “Манас” менен жашаган.

    кыргыз туусу шамал менен желбиреп.
    Улуу Кыргыз “асабасы” көк тирейт
    Кыргыз тилин эркин сүйлөп кыргыздар,
    шатырата колду чаап, мыкты сынак берди дейт!

    Чотун каккан чоңдоруң, чоң курсагын сылшып,
    сынак берип кыргызча сүйүнүшөт кубанып
    Өз тилинде сүйлөбөс четтен чыгат кыргыздар…
    Талкалаган өз тилин кыргыз эмес ушулар….

    Уйат кыргыз, уйал кыргыз, уйалгын,
    Кайда кетти ар намысы калкымдын.
    Кыргыз болуп, өз тилиҢди билбейсиң,
    Башкаларга кантип айтам, бил деймин!

    Төңкөрүштү жасагандай жан дүйнө,
    Кыргызмын деп айткым келет күнүгө.
    башкалар да айтсын үчүн жар салып
    Мен чакырам Кыргыз тилин сүйүүгө!

    Биригели Кыргыз туунун түбүнө,
    Ак калпакты кийеличи кунуго
    Араздашпай достошолу туугандар
    Ыйман толсун, оо пенделер журокко.

    Жазылбаган ырларындай акындын,
    Унутулган сөздөрү көп калкымдын.
    Төшүм кагып мен Кыргызмын!-десем да,
    Сөзүн кошуп сүйлөп алам орустун.

    Кыргыз, кыргыз деген ким өзү,
    Барбы деги, кайда кыргыз өлкөсү
    Улуу тилди даңазалап сүйлөгөн,
    көрөйүнчү тил барктаган бирөөнү…

    Суугарылган дайрасында илимдин,
    уул -кызы көп улуу кыргыз элимдин.
    четтин тилин балдай таттуу сүйлөшөт,
    Эне тилин эмне үчүн аздектебейт, сүйүшпөйт …

    • Тил…Кыргыз тилин өнүктрүү, баалоо, сактап калуу, жоготуу, басмырлоо, шылдыңдоо баары биздин колубузда.
      Биз нукура эне тилибизде сүйлшсөк өңгөлөр да сүйлөшөт. Кыргыз туусунун алдында, Кыргыз мамлекетинде, Кыргыз мамлекетинин мыйзамынын негизинде, Кыргыз конституциясынын чегинде жашап жаткандан кийин, Кыргыз өлкөсүнүн ар бир атуулу милдеттүү түрдө КЫРГЫЗ тилин билүүсү шарт.

  2. Бул, суроололду Ленара айым маға “Фейсбуукта” узатқан эле. Ал жерге менин жообумдун көлөмү сыйбай, Асыкенин жардамы менен “Көчмөндөр” сайты арқылуу жооп берүүгө туура келгенин туура түшүнүүңүздөрдү сурануу менен, Асыкеге (Айдаралиев Асыран мырзаға) терээң ыраазычылығымды билдирем. Раҳмат Асыке.

Leave a Reply to Азизбек Асабала Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *