КЫРГЫЗЧА АНГЛИСЧЕ СӨЗДҮК ЖАРЫК КӨРӨТ!.
Жыргалбек АЖИМАТОВ: «ЭЛИМЕ МЕНДЕН БЕЛЕК!.»
– Жыргалбек, ушул Сөздүктүн жаралуу тарыхына учкай токтоло кетсең, эгер мүмкүн болсо?
– Бул өтө эле узун тарых, сөздүктүн жаралуу тарыхына он жылдан ашкан убакыт кетти. Ооба, эмгектерим текке кетпей, баалана баштаганын мени абдан кубандырат. Азыр кара-ап отуруп артта калган ар бир күн, саат, мүнөттөрүмдү эстейм. «Кайсы күч-кубат, энергия менен жаздым экен, түздүм экен» деп таң берип кетем өзумө–өзүм.. Ушунча көзүмдүн майын коротуп, элчилеп тигил-бул жакка барбай, күндөп-түндөп кагаздан көзүмдү албай отурган миңдеген уйкусуз сааттарымды эстейм…
Кай бир учурларда ручкамдын сыйасы түгөнүп калса, велосипед менен шаарга түшүп, кайра чыгып, жыйырма чакырым аралыктагы базарга эринбей барып кызыл, көк калем сатып алып келип ишимди тынбай уланткан күндөр, уйкусуз түндөр…
Түн жарымында чочуп ойгоно калып жазган эмгектерим, котормолорум. Акыры мындай эмгектин үзүрүн көрө турган кез да келет окшойт.. Мунун баарын бир белгисиз күч жасаткан экен деген эрксиз ой келет. Албетте, Эл үчүн жасалды мунун баарысы, адамдарга ушундай жакшы, ыңгайлуу шарт түзүп бергим келчү. «Оңой үйрөнүшсүн, менин элиме берген жардамым ушул болсун, элим кыйналбасын, орусча-англисче сөздүк ачып убара болушпасын» дечүмүн!. Аттиң, акчам болгондо эч кимге айтпай–дебей эле китеп кылып бастырып чыгарып, каалагандардын баарына акысыз эле таркатып салмакмын..
Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист. 13.10. 2013. Келсинки шаары, Финляндия.
«КЫРГЫЗЧА-АНГЛИСЧЕ» СӨЗДҮКТҮН ЖАРЫК КӨРҮШҮНӨ КӨМӨК, ЖАРДАМ КӨРГӨЗҮП, ДЕМӨӨРЧҮЛҮК КЫЛЫП ЖАТЫШКАН КЫРГЫЗЫМДЫН АК ЖҮРӨК АЗАМАТТАРЫ!.
Асыран АЙДАРАЛИЕВ — 100 доллар. Финляндия, Келсинки.
Элбек БАЗАРОВ — 10 000 миң рубль. Оруссия, Сүргүт.
Мен да жардам берууго даярмын.почтама маалыматынарды жонотсонуз.
Урматтуу Тургун мырза, пошто дарегиңизди калтырып койсоңуз?.