Чагылган..

эхУУРУНУ КУУГАНДА..

 

Анда кезде мен 6-класста окучумун. Жайдын саратаны сайраган, аптаптуу күндөрүнүн бири эле. Апам экөөбүз түндүн бир оокумунда сыртка чыгып калдык. Апамдын баккан балапандары бар болчу, жер жайнап, жыбырап, ушунчалык көп эле. Жөн эле жабалактап, кишинин бутуна илешишет. Түнкүсүн үшүп калышпасын деп сарайга кызыл (лампочка) шам чырак күйгүзүп койчубуз. Сыртка чыксак эле эмнегедир балапандар турган эшик ачылып калыптыр. Андан ары малканага да кирип кетсе болоор эле. «Мышык кирип кетип баарын жайлады го» деп барсак тыптынч эле турган экен. Анан апам балапандарга суу куймак болду. А мен болсо ички каалганын жанында апамды күтүп тургам. Кудай өзү сактасыын.. Бир маалда көргөн көзүмө ишенбей эле, дел болуп калдым десеңер. Ичкериде, бурч жакта чачы тармал, кара кийимчен, сакалчан бирөө ары карап койуп, кыймылсыз катып турганын көрүп калдым. Колдорун кызыл жарыктан алдына бекитип алган, көрөнбөсүн дегени го?. Ал бурчта малчылардын жаанда кийе турган (плащ) узун кемсели илинип турчу. Ошол кыска секунд ичинде эмне деген гана ойлор башыма келбеди дейсиздер?. Катуу коркуп кеткендиктенби, же акыркы ойум жамандыкка  бурулуп кеттиби, айтор, араң эле буулуп турган тамагым ачылып, ой бир ач айкырыкты салып жибергенимди өзүм дагы билбей калдым. Жанагы киши дагы менин ачуу айкырыгыман сестенип кетти көрүнөт, шарт эле тарбалаңдап, аттап-буттап, так мен жакты көздөй чуркап жөнөдү. Мен болсо жолун тосмок да болуп жатам, кетенчиктеп коркуп да жатам. Сырткы эшикке жакындап келгенде, эки колум менен башымды кучактай калып, жерге отура калдым. А «ууру» болсо менин үстүмөн кадимкидей таптак секирип аттап өттү да дарбазадан чуркап чыгып, көздөн кайым болду..

Ошол замат элеңдеп ордумдан тура калып мен аны куумак болдум окшойт. Артынан кубалап жөнөдүм. Жакшы эле чуркап бара жаткансыгам, бирок ушу турган дарбазага бир жетсемчи. Бутума  орустун килтейген көлөчүн кийип алгам. Улам чечилип кетет, эптеп кайра бутума илип алып темтеңдеп отуруп дарбазага араң зорго жеттим. Сыртка чыксам эле ууруну шыйрагынан кармап алчудай болуп.. Бир маалда агам менен апамдын кыйкырыгынан эсиме келе туштум. Көрсө, апам киргенде эле «ууруну» көргөн экен. Ал жарыктык мени коркпосун деген тура. Андан кийин шашпай сарайды карасак тигил «ууру» килейген эки чо-оң буканы жетелеп чыгып кетиш үчүн дайардап койуптур. Ошентип мен аларды көз көрүнөө уурудан сактап калдым. Эртесинен баштап эле «Ууру кууган кыз» деген атка кондум. Көчөнүн айак жагындагы бир үйдөн ошол тундө бир буканы уурдап кетишиптир. Классташтарым менин «эрдигиме» кызыгышып, талашып, улам-улам суроо беришет. Өзүмдүн жакын курбуларым болсо жабышкак чөптөн атайын төш белги беришти, куттукташып. Ошентип, ал күндөр  дагы түштөгүдөй болуп өтүп кеткен..

 

Хатира АСАНОВНА. Бишкек шаарынан. 15.09.2013.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *