Доско кат..

ДОСКО КАТ!.

Акын, журналист Зайырбек АЖЫМАТОВ.

Акын, журналист Зайырбек АЖЫМАТОВ.

 

Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам.
Билбеймин кайда экенин башка достор,
Ортого мезгил дубал орнотулган.
Турмушка куурчак болдук ойнотулган,
Көр тирилик кызыгына батып алып,
Билинбей туш тарапка чачырадык.
Дүйнөнү багынткандай басып кеттик,
Болгону бирден сулуу катын алып…

 

Эх досум,
Кандай таза балдар элек…
Сөөлөткө, шөкөттөргө алдана элек.
Достукту ыйык тутуп баарысынан,
Чок сыңар жалын чачып жанган элек.
Чогулуп Манас, обон, жаңы ыр угуп,
Жаштыкты өнөр үчүн сайган элек.
Оо, азыр убакыт жок көрүшкөнгө,
Арманды, кубанычты бөлүшкөнгө,
Жадатты супсак көздөр, сылык сөздөр,
Мен бүгүн сага атайын барайынчы,
Ыр окуп анан досчо сөгүшкөнгө…

 

Эх досум,
Өмүр деген аргымакпы,
Шашабыз карап алып алды жакты.
Билемин канча боздоп ыйласак да,
Бизге эч ким кайрып бербейт ал куракты
Эми түк ырдап бербейт баягыдай,
Капилет жоготконбуз Калмуратты.
Обонун уккан сайын ыйлайт жүрөк,
Мени бир оор санаа кыйнап жүрөт,
Барында бапыратып мактай албай,
Калдык биз ошол досту барктай албай.

 

Эх досум,
А мен болсо оңолбодум,
Махабат дартка айланды аякпаган.
Дагы эле өксүгүмдү жоготподум,
Дагы эле баягыдай азаптанам.
Дагы эле жетимсирейм, кусаланам,
Дагы эле ыр жазам деп ушаланам.
Дагы эле кежир анан кырс бойдонмун,
Дагы эле тамаша айтсаң ызаланам.
А баса, коркпо бирок тоорулам деп,
Азыр мен баягыдай ичпей калдым,
Мас болуп милицияга түшпөй калдым….

 

Салам дос,
Мен баягы жолдо турам,
Сага бир барсам деген ойдо турам…

 

 Зайырбек АЖЫМАТОВ. Журналист, акын, Бишкек шаары.

13 thoughts on “Доско кат..

  1. Ой тобоо! Ошол эки жылдан бери бул жакка бир гана адам баш бакканбы?! Менин го интернетке кененирээк кирүү мүмкүнчүлүгүм акыркы күндөрү эле түзүлдү! Зайырбек мырзанын бул ырына бир эле адам комментарий калтырганбы?
    Аны окуп алып, өзүмчө, кыялымда тээ 95-96-жылдарга, КМУнун 10-жатаканасына бардым. Бардым да, жатакананын залынын тиги башында комузу адаттан тыш дирилдеп жаткан Калмурат байкеден: “Ырдап бериңизчи?..” деп сурандым. Ал болсо ойлуу каректерин чексиздикке кадай, комузун бир башкача безелентип, бир башкача муңкантып, ааламда жок кайрыктарды таңшытып берди. Ал кайрыктар токтобосо, бүтпөсө дедим. Ошол жерде, ошол кайрыктарды тыңшап тура бергим келди. Азыр болсо, ачуу чындык төмөнкү:
    Эми түк ырдап бербейт баягыдай,
    Капилет жоготконбуз Калмуратты…

  2. Менин досторумду эстетип Бир ыйлатып Бир кулдурду аябагандай сонун лирика Зайирбек байке талантынызга таазим…

  3. Бул жигиттин талантына таазим. Бирок озу айткандай таланттарды тируусундо барктай албай жатканыбыз ото окунучтуу. Айла жок жаткан жери жайлуу болсун. Мындай таланттарыбыз коп жашаса кандай жакшы болмок.

  4. Мыкты ыр! Кокустан ютубдан угуп калып, дароо текстин издоо учун бул жака келдим)) Досторубуз аман болсун, аминь.

Leave a Reply to Айтмырза Абылкасымов Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *