Чагылган..

эшан 2ӨЛҮК БАЛЫК.

Канчалаган айылдарды, эгин-талааларды, не деген кооз жерлерди чалкыган суу астына калтырып куруп салышкан өлкөбүздөгү эң ири Токтогул суу сактагычын токтогулдуктар «көл» деп эле койушат. Көл эмей эмне? Көпкөк болуп чалкып жатат. Ошол көлдүн жээгинде болуп өткөн бала кездеги бир окуйа эч качан эсимден кетпейт. Көлдүн бойунда, тоонун түбүндө эгин-тегин айдоого ылайыктуу, өйдөрөк барсаң малга ыңгайлуу, суусу кенен, бак-шактуу, берекелүү Жаңы-Арык деген деген жер бар. Айылдан кыйла эле узак экенине карабастан биздин айылдыктар жайкысын келип эгин эгип, малын жайышчу. Азыр ал жерге үйлөр салынып, электр зымдары тартылып, өзүнчө эле бир айыл болуп калыптыр.

3-класс болсом керек эле, каникул убагында ошол жерге тайакемдикине барып эс алып жүргөм. Ал кезде көлдүн ар бир булуңунда күн ысыкта жайнаган балыктар саргайган ооздорун ачып суудан баштарын чыгарып турушчу. Болгондо да узундугу жарым кулач болгон, бир метр болгон, чоң-чоң сазандар. Азыр андай балыктар жок дешет. Асман ап-ачык, күн ысык, чак -түш болчу. Ат издеп жүрдүм беле, же жөн эле темселеп жүрдүм беле, айтор, көл жээктеп, ооздорун ачкан балыктарды таш менен уруп, ойноп бараткам. Ошентип келатып бир жерге жеткенде, жээкке жакын эле жерден 3-4 метр болот го чамасы, суунун үстүндө кыймылсыз жаткан балыкты көрүп калдым.

Токтогулдагы суу сактагыч.

Токтогулдагы суу сактагыч.

Ал кезде тайакемдер балыкка барышчу. Бирок кайырмак, тор же айры менен эмес, мылтык көтөрүп алып барышчу. Суудан башын чыгарып турган балыктардын чоңун тандап туруп атып, дароо ал чөгүп кете электе сүзүп барып алып чыгышчу экен. Аны дароо алып чыкпасаң чөгүп кетет дейт. Ошондой ок жеп чөгүп кетип, кайра калкып чыккан балык окшойт тиги көргөнүм. Аны алып чыгып үйгө алпаргым келди. Жээкке чыгара албай көпкө убара болдум. Көлдүн жээгинде какырап бак-сак жок, «узунурак жыгач болсо» деп эки жакты карап таппай койдум. Чоңураак таштардан терип келип балыктын ары жагына ыргытам, толкун менен келип калабы деп. Бирок балыгым чайпалып ордунан жылбайт. Акыры айлам түгөнгөндө көлгө кирип барып алмай болуп, шым-көйнөктү чечип ыргыттым.

Өзүм сүзгөндү билбейм, айланамда эчким жок, көлдүн сүрү коркунучтуу. Ошого карабай сууга кирдим. Акырын басып баратып, суу төшүмө жеткенде күтүүсүздөн сууга чулп этип кирип кеттим. Көрсө көлдүн жээги кичине жайык болуп барып, дароо жарга айланып кетет экен. Ошол жерден чабалактап, кыйкырып, жанталашып тыбырчыласам ары тереңдеп кирип кетип, азыр буларды эскерип жазып отурбайт элем. Бирок ошол мүнөттөрдө Кудай жардам берди окшойт, акыл токтотуп эсимди жыйып, өзүмдү кармап, тыптынч болуп, бутум жерге тийгиче күттүм да, акырындык менен жээкти көздөй түртүнүп, сүзүмүш болуп атып чыгып кеттим.

Өзү бала кезде аскага чыгып кетип, шар аккан чоң суунун жээгиндеги жылмакай таштардын үстү менен басып, өмүрүм көп эле коркунучка кабылды. Ушундай тобокелчил бала болчумун, жөн жүрбөгөн..

Улан КОШАЛИЕВ. Түштүк Корейа, Кимчон шаары. 05.09.2013-жыл.

One thought on “Чагылган..

  1. Ар бир жигиттин өспүрүм қурағында ушундай
    опурталдуу қадамдар болсо керек, ээ?
    Өмүр бойу унутулғус болуп,
    бир көз ирмемдеги чағылғандай болуп өткөн;
    өлүм жэ өмүр, экөөнүн бири болоор, тааныш абал
    эске түштү.
    Өспүрүм қурақ – опурталдуу қурақ болот тура…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *