Көч Байланыш..

Чолпонбек АБЫКЕЕВ.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ.

Кадырлуу «КӨЧМӨНДӨР!»

«Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу Ааламтор алкагында баштаган «Көч байланышын» улантмакчы. Кезектеги «Көч Байланышка» жана «Көчмөндөрдүн» учугу узун суроолоруна жооп берүүгө белсенип келген кадырлуу мейманы Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар сойузунун төрагасы, «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун мүчөсү Чолпонбек АБЫКЕЕВ болмокчу.
Байланыш Бишкек убактысы бойунча саат
19-00 дөн 22-00 гө чейин болуп өттү. 17-августь, 2013-жыл.

 

элбекЭлбек БАЗАРОВ.  Сүргүт шаарынан, Орусийа. Саламатсызбы Чолпонбек мырза?!. Амансызбы? Биринчиден ишиңизге ийгилик каалайбыз! Менин суроом: Сиз Улуттук Жазуучулар сойузуна төрага болуп келгенден бери эмне иштерди аткардыңыз, эмнелер аткарыла элек. Же тоскоолдуктар барбы? Жаш жазуучуларга кандай колдоо көрсөтүп атасыздар. Алдын ала чооң рахмат деп иниңиз Элбек.

Чолпонбек АБЫКЕЕВ.  Жооп. Эми бул сурооңузга өтө узак жооп берсе да болот. Кантсе да эки жыл иштеп калбадымбы. Бирок шартка жараша кыска жооп бергенге аракеттенейин. Жазуучулар союзунда, балким билсеңер керек, бөлүнүп жарылып, соттошуп эле жүрүшчү. Ошол токтоду. Бир ынтымакка келдик. Москва, Түркия өңдүү мамлекеттер менен байланыш кайра жанданды. Маселен, быйыл Түрк тилдүү өлкөлөрдөн акындарынын күндөрүн Кыргызстанда өткөздүк. 36 өлкөдөн 85 акын келди. Негизги бир максатыма жетпей келатам, жаратман чыгармачыл уюмдардын укуктук талаасын калыбына келтире албай жатам. Себеби депутаттарыбыз такыр түшүнбөй жатат. Жаратман чыгармачыл уюмдар биздин мыйзамдар боюнча коомдук уюмдардын катарында калып мамлекеттик камкордуктан четте калган. Мамлекеттин идеологиясын туура жолго койгусу келген, демек өнүккөн өлкөлөрдүн барында жаратман чыгармачыл уюмдарга өзгөчө мамиле жасалып мамлекеттик камкордукта турат. Мурдагы СССР дин курамындагы мамлекеттерден маселен бизде гана жаратмандар кароосуз калганбыз. Ошондуктан бир нече мыйзамдарга оңдоолорду жана толуктоолорду иштеп чыкканбыз. Өзүнчө да мыйзам иштеп чыкканбыз. Бирок кабыл алууга келгенде эки жылдан бери өткөрө албай келатабыз. Көрсө «ЖАРАТМАНДАР» деген сөздү депутаттардын дээрлик бардыгы түшүнбөйт экен. Кыскартып айтканда биз укук талаасында жок болгондуктан мен өзүм баш болуп эки жылдан бери айлык маяна албай иштеп келатабыз. Түбү түшүнүктүү болду го…

Элбек БАЗАРОВ.  Чолпонбек байке, айлык маяна жок, кандай жашоо болот анда? Бизде ансыз деле маданият кызматкерлери итке мингендер көпчүлүгү, же, Сизде…

Чолпонбек АБЫКЕЕВ.  Жооп. Туура. Ачыгын айтсам милдетти моюнга алган соң жок дегенде бир иш жасап кетсем – деп тырышып чыдап иштеп келатам. Канчага чыдайм билбейм. Жалаң сатыктан өткөн китептеримдин эсебинен жашап жатам. Кыскасы «Бриллиант жылан» багып атат.

ЖыргалЖыргалбек АЖИМАТ. Ош шаарынан, КР.    Саламатсызбы!

1. Жазуучулар Союзу акыркы жылдары өлкөбүздүн (келечеги ээлери) тестиер, өспүрүмдөр, балдар үчүн кандай ийгиликтерди жарата алды?

2. Өлкөбүз чындыгында өтө жакшы абалда эмес. Жараткандан болуп, (ажеп эмес) Кыргыз Өлкөсүнө башчы болуп калсаңыз, эң алгачкы кызматыңызды эмнеден баштамаксыз?

3. Кыргыз акын-жазуучулары идеология ээлери, руханий жана илимий өнүгүүнүн көч башы деп эсептейм, ошондуктан байланыш каражаттары да улам арзандап бараткан заманбап технологияларды пайдаланып, кыргыз балдарына туура жол көрсөтүүчү, аң-сезимин өнүктүрүүчү кандайдыр бир иш-чараларды алып барса болобу?

4. Жеке жан дүйнөңүз үчүн. Колуңуздан келип туруп, кандайдыр бир себептен улам же пендечилик кылып, жардам сураган адамдарга колуңуздан келип туруп жардам бере албай калган учурлар болгонбу?

5. Каалоом: Өмүр өтөт, бирок инсан эмгектеринен эскериле берет. Аты өчпөгөн инсан, демек түбөлүк жашайт. Өлбөс-өчпөс эмгектерди жарата бериңиз. Үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалайм! Бар болуңуз!

Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп. 1- суроого. «Келечек» жана «Мектеп китепканасы» – деген эки чоң долбоор иштеп чыгып, жаңы төрөлгөн баладан жогорку окуу жайын бүтүргөн жаштарга чейинкилерди руханий азыктандыруу маселесин койуп, ЖК жана өкмөткө сунуштасак кыскартып айтканда карабай да койушту. Биздегилер бийлик талашканды мыкты билишет бирок адамды руханий азыктандыруу дегенди түшүнүшпөйт. 2 – суроого: Өлкөбүздөгү абал оор экенин билем. Башкысы бизде «Мыйзам диктатурасы» оруной элек. Мамлекеттик туруктуу башкаруу системабыз жок. «Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» – деген макалды жакшы көрөм. Ошондуктан «Бийлик башына..» – деген сурооңо жоопту ойлонбопмун. 3 – суроого: Жогоруда жооп бердим. Кайталабайын. 4 – суроого: Барыбыз пендебиз, бардык эле жардам сурагандарга жардам бере албайсың. Ал түгүл КУДАЙ деле жардам бербей коюп жатпайбы. (тамаша) 5- ге Чо-оң РАХМАТ!

БахтиярБахтияр БАЛТАБАЕВ. Бишкек шаарынан, КР. Ассалоому алейкум Чолпонбек аба!
Менин берейин деген суроом булар:

1) Бул жашоодо эмнеге өкүнөсүз? Эмнеге кубанасыз?

2) Эмне уттуңуз? Эмне уттурдуңуз?

Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп. Бахтияр иним, Пендеде арман же өкүнүү түгөнмөк беле. Аны айтканде не айтпаганда не. Кубанганым чыгармачыл адам болуп сүйгөн кесибимди аркалап келатканым. Утканым жазган чыгармаларымдын көбүн окурмандар сүйүп окуганы. Уттурганым дайым убакыт жетишпейт..

ЗамикеЗамирбек БАЗАРБАЕВ. Астанан шаарынан, Казахстан.Саламатсызбы, Чолпонбек ага. Алгач өтүп кеткен туулган кұнүңүз менен куттуктайм! 1-суроом: эгемендик алгандан бери жаш акын жазуучулардын китептерин чыгаруу мамлекет тарабынан колдоого алынбай, чөнтөгүндө акчасы барлар эптеп чыгарып калбадыбы. Чыныгы таланттар көмүскөдө калып келет. Ушул маселени бүгүнкү шартта чечүүгө мүмкүндүк барбы? Кандайдыр бир жолун табууга болобу, же капитализимдин жапайы мыйзамы, «чөнтөгүңө кара» деп кала беребизби? «Көчмөндөр» акча жыйнап жаш акындардын китептерин чыгарууга кол кабыш кылган жакшы саамалык баштаганынан кабардарсыз да?.

Экинчи суроом: «Кызыл көйнөкчөн келин» аңгемеңизди жөн гана шопурларды акылга чакыруу максатында ойуңуздан жараткан чыгармачылыгынызбы же кайсы бир деңгээлде чындыкка жакынбы?

Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп. Балким чыгарманы дагы бир жолу шашпай окуп чыгаарсың. Кичине сырын чечмелеп койойун. Адам байлыкка салып, бийликке таянып, же эпчилдиги менен кылмыштан кутулса болот. Бирок жараткан астындагы жазадан кутула албайсың. Өзгөчө таза сүйүүгө дайыма аяр мамиле жаса.

Замирбек БАЗАРБАЕВ. Биринчи суроомо жооп күтүп жатам?

РасулРасул САЛАЙДИНОВ. Кочкордон, КР. Чолпонбек байке кандайсыз? Сиздей адам менен жердеш болгонума сыймыктанам. Менин сизге бере турган суроомду айрым адамдар «элди бөлгөн жердешчил» экен деп жаман көрүшсө керек, бирок баары бир ушул суроону бергим келди… Кочкор районунан чыккан чыгармачыл, таланттуу жаштардан моралдык колдоо көрсөтүп, булактын көзүн ачып, жол көрсөтүп колдоп окуучум деп жүргөн улан-кыздардан барбы?

Чолпонбек АБЫКЕЕВ. ЖООП.  Чынымды айтайын менде негедир жердешчилдик сезим жок. Ошондуктан жакын досторум Баткенден, Алайдан, Аксыдан, Кара-Алмадан, Алайкуудан. Чыгармачылыкка келгенде ага аздек мамиле кылуу керек. Таза талант болсо Африкадан келсе да колдоо керек. Таланты жок болсо мойундан сүйрөп кереги жок. Таза талант ЖАРАТКАНДЫН өзүнөн берилет ошондуктан ага жасалмалуулук жарашпайт. Бир учурда «Ааламды» редакторлордун мектеби деп койушчу. Азыр ондон ашык гезиттин редакторлору менин колумдан аздыр көптүр тарбия көргөндөр. Арасында Кочкорлуктары да Лейлектиктери да бар.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ.  Азыр Жылдыз Жалиева берет суроону..

ЖылдызЖылдыз ЖАЛИЕВА. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы Чолпонбек агай! 2012-жылы Москва шаарынан жолуккан элек, сизди ошондон бери жакшы тааныйм. 1) Учурда эмне менен алексиз, кандай китептин үстүндө иштеп жатасыз? 2) Тилекке каршы азыр жаштар китеп окубайт, аларды китепке тартуу үчүн кандай жолдорду сунуштайсыз? 3) Биз дагы өнүккөн өлкөлөр сыяктуу китептердин интернеттен таап окуу үчүн атайын (электрондук китеп)сайттарды ачып китептерди ошол жакка жайгаштырса балким ким каалаган жеринде окуганга мүмкүнчүлүк болоор беле? Ырахмат, ишиңизге ийгилик каалайм!
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп.  1- суроого. Бир роман бир кино повестин үстүндө иштеп жатам.
2- суроого. Жаштар китеп окубайт – дебеш керек. Тескерисинче жаштар окугудай, тагы жаштардын табитине, талабына жооп бергидей китептерди жазбай жатсак керек. Бул жазуучулар ойлоно турган маселе. Бир гана жол изденүү керек. Айта кетейин менин окурмандарымдын басымдуу көпчүлүгү жаштар.  3-суроого. Тура китептерди интернетке, ж.б. жаңы заманбап жолдорго түшүрүп окурмандарга жеткирүүнү мамлекеттик деңгээлде колго алуу керек. Ансыз элибиз, өзгөчө өсүп келаткан муун, жаштар руханий азыктануудан кемчил болууда.
МазековМирлан МАЗЕКОВ.  Сеул шаарынан. Корейа. Арыбаңыз Чолпонбек агай!
«Кыргыз Көчү» мекенчилдер тайпасынын суроо-жооп, түз байланышына кош келипсиз.
Суроом мындай: Сиздин гезит же интернет сайттарына берген маектериңизде, Руханий кризис жөнүндө көп сөз кыласыз, Руханий кризисти токтотуунун же андан чыгуунун жолдорун эмнеден көрөсүз?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп. Мирлан иним. Бул бүгүнкү күндөгү кыргызстандагы эле эмес дүйнөдөгү чоң оору. Руханий кризистин азабынан Жакынкы чыгышта эмне болуп жатат? Руханий кризис Американы кайда алпаратат? Эми кыргыздарга келели; «Эл эмне дейт» – деген сөз эмнеге өлүп калды. «Карынын кебин капка сал», «Улууга урмат, кичүүгө ызаат». «Көрбөйт – деп ууру кылба. Укпайт – деп ушак сүйлөбө» – деген жашоо табериктерибиз эмне үчүн биздин улуттун аң сезиминен убакыт өткөн сайын алыстап баратат. Эми муну кантип токтотобуз? Адамдар күн сайын үч маал тамак ичүүгө муктаж сыяктуу эле, күн сайын руханий азыктанып турууга да муктаж. Эгер күн сайын туура руханий азыктанбаса анда манкуртка айланып калганын өзү да билбей калат. Ошондуктан малекеттик деңгээлде адамдарды руханий тынымсыз туура азыктандырууну колго алуу керек. Мындан башка жолу жок.

чынараЧынара САРБАГЫШОВА. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы?! Кайырлуу кеч! Сизди өтүп кеткен туулган күнүңүз менен дагы бир жолу куттуктайм! Суроом. Азыркы кезде жаңы чыгып келе жаткан акын, жазуучулар колдон келишинче өз эмгектерине эптеп каражат таап чыгарып жатышат. Ошол чыгып жаткан китептерге сиздин көз карашыңыз. Жарыкка чыккан чыгармалар кандайдыр бир деңгээлде Жазуучулар Сойузунун элегинен өтөбү же жокпу? Ал чыгармалар өз баасын алабы дегеним. Жылына кандай жана кимдин китептери чыкканы тууралы Жазуучулар Сойузунда такталып жана сакталып турабы? Келечекте адабийатты, маданийатты көтөрүүгө кандай ойлоруңуз бар?

Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп. Чынара рахмат! Демократия дегендин өз талабы бар тура. Чыгып жаткан китептер түгүл жазуучулар сойузуна мүчө болгондордун китебин да көзөмөлгө алууга же кандайдыр бир талап койууга биз укуксузбуз. Ошондуктан ким каалаганын чыгарган заман. Китептердин классикалык турпаты бузулуп, өз ата тегин мактаган бир нерсе жазып, анан жарымысына өзүнүн, үй бүлө, достор, туугандарынын сүрөтүн толтуруп сүрөт альбом кылып чыгарган китептер китеп текчелерге толо баштабадыбы. Кейпи бул өткөөл мезгилдин «оорусу» болсо керек. Жаңы сайдан кир суу аккандай бара бара «суу» да тазараар. Ошондой эле канча китеп чыкты? Кандай китеп чыкты? – дегенди да тактоо мүмкүн эмес. Себеби басмакана дегендин өзү канча экенин эч ким так билбеген сыяктуу эле андан ким кандай китеп чыгарып жатат эсептешке мүмкүн эмес жана милдетибизге да кирбейт. Адабият жана маданиятты көтөрүүнүн жолдорун жогорто бир нече жолу сөз кылдым. Дагы кайталайын. Маданияттын эки гана канаты бар. ЖАРАТМАНДАР жана жаратмандардын жаратканын ЖАЙЫЛТУУЧУЛАР деген. Биздин мамлекет бул эки канаттын бирин кыркып салып, ЖАРАТМАНДАРДЫ (Жазуучуларды, композиторлорду, сүрөтчүлөрдү) кароосуз калтырды да, ЖАЙЫЛТУУЧУЛАРДЫ (аткаруучу артистерди, Клуб, театырларды, анда иштегендерди, китепканаларды) аздыр көптүр майана берип кармап жатат. Ошондуктан акыркы жылдарда бир да мыкты кино тартыла элек, бир да опера же симфония жарала элек. Китепканаларга окурмандар каттабай баратат. Бул эми узак сөз. Мен колдон келишинче кыскача жооп берип жатам. Биз сунуштарыбызды бийлике бир нече жолу бердик бирок түшүнүү кыйын болуп жатат. Аны мен гезиттерге берген маектеримде ачык эле айтып жатам.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Ыракмат Чолпонбек мырза! Түйшүктүү ишиңизде ийгиликтер боло берсин. Арыбаңыз, талыбаңыз. Калган суроолорго эртең жооп берет деп күтөбүз. Амачылыкта болуңуз!

Мирлан МАЗЕКОВ. Ырахмат, сиздей ойлонгон, сиздей түйшөлгөн нукура инсандары көп болсо экен, бар болуңуз, ийгилик сизге!

Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Сиздерге да чо-оң рахмат! Анда кайрадан эртең жолукканча…

Чынара САРБАГЫШОВА. Ырахмат! Бар болуңуз! Кыргыз элинин жан дүйнөсүн жашартып жүрө бериңиз!

Элбек БАЗАРОВ.  Рахмаат маэгиңизге Чолпонбек агай. Ишиңизге ийгилик, үй-бүлөңүз менен аман болуңуз!

«Көч Байланыштын» экинчи бөлүгү. Бишкек шаары, 18-августь, 2013-жыл.


АйтурганАйтурган САТИЕВА. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы агай!
Кыргыз адабиятынын, өзгөчө проза жанрынын азыркы абалы тууралуу билейин дегем. Жазуучулардын арасында жаш жазуучулардан ушул жанрда бычакка сап болчуулары барбы? Аларга союз тарабынан кандай кызыктыруучу аракеттер көрүлөт? Анан биздин Жазуучулар союзунун алыс барбай эле СНГ мамлекеттеринин өз кесиптештери менен алакалары кандай? Жаштарды тартуу максатында алар менен биргеликте кандайдыр бир иш чаралар өткөрүлөбү? Рахмат!
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп. Айтурган карындашым, өтө орчундуу суроо бердиң. Акыркы 20 жылдыкты байкасаң поэзияда маселе жоктой. Ал түгүл добушу катуу жаштар катарга кошулууда. Прозада маселе бар. Эмнегедир эл оозуна илинчүү жаштар жайбаракаттык кылып жатышат. Эми менин 50 жаштын тегерегиндеги, менин курагымдагы, менден улуулардан прозада бар. Аларды кантип жаш деп айтам. 30-35 ке чейинкилерден корө албай турам. Анын бир катар себептери бар. Проза оор жаныр. Карандай эмгекти талап кылат. Болгондо да жылдап тырышып иштөө керек. Бир романды 3-4 жылдап жазасың. Чыгара келсең болгону 300- 350 беттик болуп калат. Мындай мээни да көз майды да жеген түйшүктү бары эле көтөргө албаса керек. Акындарды чычалатайын деген ойум жок. Андан көрөө 4 куплет ыр жазып, анан аны 10 күн оңдоп элге бере салган жеңил эмеспи. Союз тарабынан эч кандай кызыктыруучу аракет көрүлбөйт. Балким чыгарма жаратып бирок аны чыгара албай жүргөндөр болушу толук мүмкүн. Өзүбүз айлык майанасы жок бекер иштеп жатсак биз кантип кызыктыра алабыз. СНГ мамлекеттериндеги кесиптештер менен Москвадагы Эл аралык Жазуучулар Союзу аркылуу байланышабыз. Кыргызстан ага мүчөлүгүн кайра жаңыртып. Мамилени ордуна келтирди. Болгону котормо иши акыркы 20 жылда такыр токтоду. Ал да каражатка байланыштуу. Эл аралык конкрустарга биздин жаштар катышууда. Маселен акын Нурлан Калыбеков жеңүүчү болуп Москвага барып келди. Бактыгүл Сейитбекова деген акын кызыбыз уюштурган “Аруу жан” деген чыгармачыл жаштар тобу Москвада биртоп жакшы иштерди алпарууда. Б.Сейитбекова Жазуучулар Союзунун Россиядагы мигирант мекендештерди тейлеген өкүлүбүз. Дагы деле поезия. Проза жокко эсе. Эми, “Ыр жазба. Кара сөз жаз”- деген тапшырма берүүгө укуксуз экенбиз да…
Бакыт. МБакыт МЫРЗАТАЕВА. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы Чолпонбек мырза?
1-суроом: Эне тилибизге байланышкан көйгөйлөрдү чечүүдө улуттун бир азаматы катары жана «сөзүңүз суу кечкен» инсан катары тилибиздин өнүгүшүнө кандай пайдалуу салым кошконуңузду сыймыктануу менен айта аласыз? 2-суроом: Сиздин «Бриллиант жылан» аттуу романыңыз кезинде кыйла эле «дуулдады», мына ушул учурдагы мезгилдин күрөө тамырын кармай турган, андан да кызык чыгарма жаратайын деген ойуңуз барбы, азыркы окурмандардын китепке болгон табитин табуу сизди деле түйшөлткөн маселелерден болсо керек? Ырахмат, ийгилик болсун!
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп.  Урматтуу Бакыт айым,  1 – сурооңузга, Эне тил маселеси боюнча тээ эгемендүүлүктү ала элек 90 – жылдардан бери эле тынымсыз күрөшүп келаткандардын биримин. 2000 – жылы, Акаев азыркы «Тил комиссиясын» жойуп салганда «Кыргыз тилин коргоо» кыймылын уйуштуруп, бүт кыргызстан боюнча чоң жүрүш уйуштуруп, мүчөбүздүн саны эле 700 миңге жеткенде Акаев кайра «Тил комиссиясын» түзүүгө аргасыз болгон. «Аалам» гезити мен ээлик кылып иштеп турган 15 жыл бойу тил маселесин ар бир санында үзгүлтүксүз көтөрүп келген. Бүгүнкү күнгө чейин жыл сайын болбой эле калды дегенде 3-4 төн макала маектерди берип, орчундуу маселелерди ачык какшап келатам. «Кыргыз тили дүйнөлүк өлүп бараткан тилдердин катарында» – деген маселени биринчи көтөрүп чыккан менмин. Андай чуу көтөргөнүм үчүн учурунда бийликтин токмогуна да кабылгам. Жакында эле ( 08.08.13) «Азия ньюс» – деген гезитке курч маек бердим. Биздей жазуучулардын башкы милдети ушинтип чындыкты коомго жеткизип айтып туруш гана. Мен миллионер же миллийардер эмесмин да. Өзүм каражат чыгарып маселени чече салгыдай. Ачык айтайын коомчулук тил маселесине келгенде жетиштүү колдобой жатат. Тилибиз болсо «Кара баскан айалдын оорусундай» болуп тымызын өлүп баратат. Эки эле сөздү айтайын. «Ыйбаа» – деген кыргыз сөзү өлдү. Анын турмуштагы аракети да өлдү. Болбосо коомго жарашпаган аркет кылсаң сени ким да болсо «Эй, ыйбаа кылбайсыңбы» – десе баш көтөрө албай калчуу элек. «Ызаат» – деген сөз өлдү анын турмуштагы жашоо аракети да өлдү. Бири бирибизге ызаат кылууну билбей баратабыз. Болбосо кыргыздар «ызаатты билбеген неме деп айтпасын» деп жалтанып тураар элек. Мына так мисалдар. Бул эми менин көп жылдан бери күрөшүп келаткан «оорум» болгондуктан жалаң эле Сиздин сурооңузга жооп жазуу менен бүгүнкү жолугушууну да бүтүрүп койсом болот эле. Антпейли.
2 – сурооңузга, Бардык жазуучу «окурманым сүйүп окуган китеп жазсам» – деп ойлойт. Мен да ошолордун катарындамын. Кийинки жазгандарымды окуганда баа берээрсиз!
ЧолпонЧолпон ОСМОНОВА. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы! Чолпонбек байке!
Ишинизге, чыгармачылыгыңызга ийгилик каалайм ! Менин бир гана суроом бар. Заманга жараша Жазуучу да акын да жазып чыгышат эмеспи, өткөн Замандын акын – жазуучулары унутулуп бара жатат, мисалга эле алганда менин маркум атам СССР жазуучулар союзунун мүчөсү Абдрасул Осмонов жана башка залкар жазуучуларды унутпаш үчүн дагы кандай жолдор бар? Же газета, же сайт ачсаңар болобу?.
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп.  Чолпон карындашым, жүрөктү өйүгөн маселени айтып жатасың. Элдин табрик мурастарын сактоо маселеси такыр колго алынбай калды. Бул маселени көтөрүп биз ЖК га, Өкмөткө бир нече жолу долбоорлор менен кайрылдык колдоо болгон жок. Тээ Баласагын, Кет Букадан берки классикага айланган залкарлардын чыгармаларын кайра бастырып чыгарып турушубуз керек болчу. Маселен Оруссия “Ломоносовдун же Пушкиндин китепканасы”- деген түрмөк менен аталган жазуучулардын бүт чыгармаларын толук чыгарып, Кыргызстанга чейин жеткиртип саттырып жапайбы. Ошол сыйактуу. Гезит же сайт ачуу менен бул маселе чечилбейт. Бул мамлекеттин түздөн түз иштей турган иши. Өтө орчундуу жана чоң иш. Бүт айтууга бул жерде мүмкүн эмес.
Замике
Замирбек БАЗАРБАЕВ. Астана шаарынан, Казахстан. Саламатсызбы, Чолпонбек ага! Алгач өтүп кеткен туулган күнүңүз менен куттуктайм! Кечээ мен берген эки суроомдун биринчиси жоопсуз калды эле, ошону кайталап берип жатам. Эгемендик алгандан бери жаш акын жазуучулардын китептерин чыгаруу мамлекет тарабынан колдоого алынбай, чөнтөгүндө акчасы барлар эптеп чыгарып калбадыбы. Чыныгы таланттар көмүскөдө калып келет. Ушул маселени бүгүнкү шартта чечүүгө мүмкүндүк барбы? Кандайдыр бир жолун табууга болобу, же «капитализимдин жапайы мыйзамы- чөнтөгүңө кара» деп кала беребизби? «Көчмөндөр» акча жыйнап жаш акындардын китептерин чыгарууга кол кабыш кылган жакшы саамалык баштаганынан кабардарсыз да?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп. Замирбек мырза. Эми кантебиз. Демократия, капитализим дегенди экөбүз ойлоп чыгарбаптырбыз, анын да өз жашоо шарты бар экен. Социализимди болсо өз колубуз менен талкалап салдык. Бир гана жолу бар. Мамлектте мамлекеттик идеология болушу керек да, чыныгы таланттарга көмөк көрсөтүлүшү керек. Экинчи жолу, бир кыргыз миллиардер чыгышы керек да тиешелүү жөлөк фонд ачышы керек. Ансыз талантың ташкындап турса да чөнтөгүң кургак болсо эч нерсе кыла албайсың. Башканы койдум өзүмдү айтайын. «Китептери токтобой өтүп жатат, жыргап жашап жатат» дейсиңерби? Жок. Банктан кредит алып чыгаргам. Бүт түшкөнүн банкка төгүп эптеп жашоо өткөрмөй. Эми «Жоктон көрө жогору» – дегендей «Көчмөндөрдүкү» айла кеткендеги жорук. Бир жылдагы бир – эки китеп менен маселе чечилбейт да. Ошондо да «Көчмөндөргө» рахмат гана айтабыз!..
АйтмырзаАйтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Аксыдан, КР. Кеч жарык, Чолпонбек мырза! Эми Сиздин чыгармаларыңызды мактап, даңктап отурбайын, ал жалпы кыргызга дайын. Андан бөлөк кечетен берки берип жаткан маегиңизде жана бүгүнкү КТРКын берүүсүндөгү кыргыз тили, адабияты туурасындагы көйгөйлөр боюнча маанилүү сөздөрүңүз абдан жакты.
Менин суроом мындай: Азыр жазуучу, акын болсом деген жаштар көп (ичинде карттары деле…) мына ушуларды Кыргызстан жазуучулар бирлигине мүчөлүккө алуу жагдайы кандай? Тактап айтканда, кимдер, кантип мүчө боло алышат? Ушуга толук жооп берип койсоңуз жакшы болот эле. Жообуңузга алдын ала ырахмат!
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп.  Айтмырза аксакал, каалоолоруңузга рахмат. Улуттук Жазуучулар Сойузуна мүчөлүккө алуу жолу жөнөкөй эле. Сөзсүз элге тараган 20 басма табактан кем эмес сөзгө илинип калган чыгармасы болушу керек. Анан эки жазуучулар сойузуна мүчө адамдан жолдомо керек. Областа болсо обласындагы биздин өкүлчүлүккө кайрылат. Орусийадагылар Маскөөдөгү өкүлчүлүккө кайрылат. Калган майда – чүйдө кагаз толтурмайды Улуттук Жазуучулар Сойузунан келип билиши керек.
МазековМирлан МАЗЕКОВ. Сеул шаарынан, Корейа. Арыбаңыз Чолпонбек агай!
Суроо: Азыркы учурдун, «алп жазмакерлери» деп кимдерди айта аласыз?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп.  Мирлан иним, суроо дүйнөлүк алп жазуучу жөнүндөбү же Кыргызстандыкыбы так берилбептир. Кыргызстандын көзү тирүүлөрүнө токтоло берейин. Кыргыздарда үч баатырыбыз турат. С. Эралиев, С. Жусиев, Б. Жакиев. Андан башка Омор Султанов, Казат Акматов, Мелис Абакиров, Кеңеш Жусупов сыяктуу мыкты жазуучуларыбыз бар. «Колдо бар алтындын баркы жок» – дегендей, болгону мыкты жазуучуларыбыздын баркына жете албай жатабыз. Кыргызстанда керек болсо Ч. Айтматов мурастап кеткен жазуучулардын мыкты мектеби бар. Өткөндө бир гезитке маек берип жатып «Айрым жазуучуларыбыз 50 – жылдардын деңгээлинде калды» – десем «Айрым» – деген сөзү түшүп калып чыгып кетиптир. Ошого туура эмес түшүнүүлөр болуп жатат.
УланУлан КОШАЛИЕВ. Кимчон шаарынан, Корейа.  Кутман кечиңиз менен, Чолпонбек агай! Коомчулук менен пикир алышып, маек куруп берип жатканыңыз үчүн ыраазычылык билдирип, иштериңизге ийгилик каалайм! Акыл калчап, ой баккан, олуттуу ой жүгүртө алган инсан катары сиздин төмөнкү суроого көз карашыңыз мени кызыктырат. Кино жаатынтабы, адабияттабы, чыгарманын кайсы түрү болбосун, ал коомго таасирин тийгизеби же, тескерисинче, чыгарма турмушту чагылдырып турабы? Азыркы биздин маданиятыбыздын деңгээлине кандай баа бересиз? Канткенде биздин аң-сезимибиз өсүп, өнүккөн коом кура алабыз, же “нан болсо ыр да болот” дегендей, экономикабыз өнүкмөйүнчө маданий өнүгүү мүмкүн эмеспи? Чоң рахмат!
Чолпонбек АБыкеев. Жооп. Улан иним, каалооңо рахмат. Көркөм чыгарма бул биринчи кезекте руханий азыктын милдетин аткарат. Адамдар үч маал тамак ичүүгө муктаж сыйактуу эле, күн сайын руханий азыктанууга да муктаж. Мына ушуну түшүнө бербейбиз. Эгер руханий азыктануудан кемисек билинбей эле манкуртка айланабыз. Бизде так ушул руханий азыктануудан кемүү болууда. Демек кайда баратканыбыз түшүнүктүү. Экинчиси, коомдун күзгүсү болуп баарын көрсөтүп турушу керек. Бугүн буга жооп бере албагандыктан улуттук маданийатыбыз өлбөстүн күнүн көрүүдө. «Нан болсо ыр да болот» – дегенге мен толук кошула бербейм. Нанды табыш үчүн биринчи акыл болушу керек. Эң башкысы ал нанды адал эмгек, таза абийир менен табыш керек. Демек руханий көрөнгөң болушу зарыл. Мына биздин коом эмнеден жабыркап жатабыз? «Кандай жол менен болсо да нан табыш керекке» өтүп алышып ыйман унутта калып, бирибизди бирибиз тоногон айбанаттардын жоругуна түшүп кеттик. Руханий кризиске батып баратабыз. Биринчи кезекте руханий киризистен чыгышыбыз керек. Ошондо экономикалык кризис кантип артта калганын билбей калабыз. Биз болсо экономикалык кризистен чыксак руханий кризис өзү жойулат деп ойлоп алып 20 жылдан бери улам аңга тереңдеп кулагандан башка өйдөлөй элекпиз. Маселен Сталин ушундай кылган. СССР деген империйаны курууда биринчи руханий аң сезимге тайанган.
ЗамикеЗамирбек БАЗАРБАЕВ. Астана шаарынан, Казахстан. Адабиятка тийешеси жок бир суроо берейинчи: Былтыркы жылы Орусиядагы кыргыз кыздарды сабаган «патриоттордун» кылыгын чыгармачыл инсан катары кандай кабыл алдыңыз?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп. Замирбек мырза. Эми ал бир чети түркөйлүк, бир чети кыргыз жигиттеринин жан дүйнөсүндөгү чыркыроо. Сабалган кыздар үчүн да сабаган жигиттер үчүн да барыбыз күнөкөрбүз. Ошондой кырдаалдын жаралышына жеткиргендигибиз үчүн. Ошолордун баары мекенинде иштеп жан багышып жүрүшсө андай иштер болбойт эле го? Калганы түшүнүктүү да.
АсыранАсыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки шаарынан, Финляндия. Атсаломалейкум Чолпонбек мырза!
Биринчи суроом: Акын жазуучулардын ушул күнгө чейин өздөрүнө тиешелүү тепкедей имаратка ээ болбой жүргөнүнүн себеби эмнеде? Жайнаган имараттар, бала бакчалар ар түрдүү шылуундардын колуна ит бекер сатылып, жөн эле ойун-зоок жайларына айланып кеткен мисалдар оголе көп. А кыргыздын улут каймактары делген интелегенттер бүжүрөшүп, ижарага имарат жалдап алып, ар кимден ар кандай сөз угуп дегендей, кодуланып отурушканын кандай деп түшүнөсүз. Ижара карыздары да асманды чапчып кетиптир деген маалыматтар бар. Ушуга мамлекет тарабынан түздөн-түз кийлигишип чечип койсо болбойбу? Сиз кандай аракеттерди көрүп жатасыз ушул жаатта?
Экинчи суроом: Жаңы жазып жаткан романыңыз эмне деп аталат жана качан жарыкка чыгат? Жакында үзүндүлөрүн жарыйа кыла баштайм дегендей ойуңуз бар экен, ошол үзүндүлөрүнөн биздин «Кыргыз Көчүнүн» окурмандарына да бере аласызбы? «Кыргыз Көчүнүн» сайтына дагы жайгаштырып койсок деген ойубуз бар эле, жок дебейсизби?
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Жооп. Асыран иним, жазуучулар талаада калышына биринчи кезекте өзүбүз, жазуучулар күнөөлүбүз. Эсил кайран СССР дин курамындагы мамлекеттерден кароосуз талаада калган союз да жалгыз кыргызстандыкы. Себеби учурунда 3 – 4 кө бөлүнүп ашыкча «демократтык» кылганбыз. Ага тымызын бийлик «колтукка суу бүркүп» бирин бирине тукуруп, түртүп койгон. Болбосо калган мамлекеттердин Жазуучулар Сойузу байагы СССР ден калган имараттарында жыргап отурушат. Ал түгүл «Литфонддору» да өздөрүндө. Демек эс алуу үйлөрү, кыскасы бүт байлыгы түгөлү менен өздөрүндө. Бизде болсо өзүң айткандай өз имаратыбызга кайра өзүбүз ижара төлөп карызга батып өтурабыз. Эч нерсебиз калган эмес. Эмне үчүн Жазуучулар Сойузун таратышкан? Анткени ЖС биригип турса саясий чоң күч болмок. Өзгөчө кыргызстандыкы эң күчтүү сойуз болгон. Азыр эмнеге колдоо көрсөтпөйт? Себеби да ошондо. 500 дөн ашык мүчөсү бар. Элди артынан эрчитип кетүүгө толук кудрети жеткен чоң күчтү кайра эч ким тирилткиси келбейт. Бийлигимди чайкайт деп ойлошот. Ал үчүн бийликке элден коркпогон, тескерисинче элдин колдоосуна дайым ишенген адамдар келиши керек. Ошондо гана Жазуучулар Сойузун тирилтип, анын элге кызмат кылуусуна шарт түзүлөт. 2 – суроого, жаңы романым «Мансап кагандын казнасы» – деп аталат. Мистикалык роман. 3 жылдан бери жазып келатам. Туура түшүнгүлө, 3 – 4 жылдап убактыңды, каржалган эмгегиңди коротуп жазган чыгармаңды эч кимге бекер эле тарата берүүгө бере албайт экенсиң да. Аз болсо да, жок дегенде китеп кылып чыгарганда жардам болгудай каражат сурайт экенсиң да. Заман ушундай болуп калбадыбы.
Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Ушуну менен эки күндүк «Көч Байланышыбызды» жыйынтыктайбыз. Жыйынтыктоочу суроо катары мен өзүмдүн суроомду узаттым. Дагы үч суроо бар, бирок ал суроолор анча -мынча жагынан жогоруда берилген суроолорду кайталап калгандай. Ошондуктан берилбей эле койсун дедик.
Арыбаңыз Чолпонбек ага! Аздыр көптүр көйгөйлүү делген суроолорубузга кыскача болосо да жооп алгандай болдук. Бирок муну менен эле маселе чечилип калбайт. Кыргыздар жапа тырмак аң сезимибизди, ыйманыбызды, адептүүлүгүбүздү оңдобосок, жогоруда сиз белгилеп кеткен «ыйбаа», «ызаат» деген жүрөктөн чыккан жумшак тарбийа таалимге кайра келбесек кайдан өсүп өнүгөбүз? Байагы эле «Мамайдын көрүнөн» чыгышыбыз кыйын го?
Көчмөндөрдүн атынан Сизге терең ыраазычылык билдирем! Аман болуңуз! Бар болуңуз!
Буйурса, китебиңиз чыгып калса сатып алып эле окуйбуз. Ийгилик Сизге!
Чолпонбек АБЫКЕЕВ. Урматтуу ФБ дагы достор! Бардык суроо берип кайрылгандар. Күйөрмандар. Барыңарга терең ыраазычылыгымды билгизем! Сиздер менен эки күн бирге болууга шарт түзкөн «Кыргыз Көчүнө» барыбыздын атыбыздан өзгөчө ыраазычылык! Айрым суроолорго жооп берүүгө жетишпей калдым. Кечирим сурайм. Жекече деле кайрылгыла жооп берейин. Колдон келишинче барыңарга жооп берсем деген тилек менен кыскача анан шашып жазып жаттым. Айрым суроолорго толук жооп бере албасам же каталар кетсе кечиргиле. Бар бололу! Бир бололу!


«Көч Байланышты» уйуштурган жана алып барган эркин журналист Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки шаары, Финляндия. 17-18-августь, 2013-жыл.

 

 

7 thoughts on “Көч Байланыш..

  1. Замандашым Асыран Айдаралиевге абдан ыраазычылыгымды билбиргим келди.
    Бир топ жүрөк ооруган маселелер козголуптур. Албетте так жооп бергени да, айтылбай калганы да бар. Учурдагы Жазуучулар Союзунун каралбай калганы жазуучу катары менин да жүрөгүмдү оорутуп келет. Талантты таптаса күлүк чыгабы, же таштак жерге салса… деген не бир жан кейиткен ойлор келет. Эзелтеден кыргыз эли таланттууларды башына көтөрүп келген. Жазма өнөрүнө жете электе ооздон чыккан кептер кулактан кулакка жетип, элдин көкүрөгунө сиңип кеткен. Аган тарых күбө. Жеке башымдагы “арман” акыркы кезекте драматургдарга тап такыр эле көңүл бурулбай калганы. Калем акы дегенди биротоло унуткан драматургдар: – Көздун тирүүсүндө болбосо… биз “оо дүйнө” салып кеткенде, бир жандын колуна түшсөк, бечара пьесаларымдын багы ачылып калышаар – деген сөздөрүнө көп күбө болуп жүрөм. Сахнага да коюлбай, китеп болуп басылып чыкпай канча чыгарма чыркырап жатат. Аны ойлогон ким бар?!.. Акын айтпаса, драматург – жазуучу жазбаса, театр койбосо… Кийинки тарыхка эмне калат? Бул кылымдын чыгаандарын – чымындарын, кыраандарын – кымындарын… кимдер эстейт?! Кимдер айтат?! Китеп чыгарганга чамасы келбеген жандар көп. Айтылбаган арман көп. Ойлор жетип, кол жетпейт. Анан кейиш… кейиш… Алган айлыктары нанга жетпейт, нанга жетсе чайга кетпейт, жолго да жетпей, ойго да жетпейт. Тойду тим эле коелу.
    Мамлекет толук колго алмайын Жазуучулардын маселеси эч качан чечилбесин билем. ошентсе да ой деген күлүк эмеспи, кытыгылап жанды койбойт. Мамлекет, өкмөткө тийишпе! – десем да, кайра эле буулугуп эркиме койбойт. Азыр болбосо, акыр бир заманда чыгармаңды колго алаар киши чыгат. Андыктан Жазуучум, жаз! Жаза бер! Жаза бер! Азыр сандыкка кат, анан… анан унчукпай жат!
    Бир учурда баары басылып чыгып элиңе жетет. Туура айтам. Анткени тирүү кезиңден өлгөн кезиң барктуураак, баалуу, сыйлуу чыгат. Жаз, жазуучум! Жаза бер!!!

    Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
    КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
    актриса, акын – драматург Чынар Калыбекова.
    Бишкек шаары.

  2. Ыракмат Сизге!
    Мен Сиздин бул жерге пикир катары калтырган чыгармаңыздын экөөнү айылдын (сайт) өзүнө жайгаштырып койдум Чынара айым..

  3. Сизге да чон ырахмат. Окуп аябай кубанып калдым. Эмне үчүн драма толук чыкпады билбейм. же, батпай калдыбы? Толук кетирсек болот беле? Дүйнө тааныган Саламат эжени Кыргыз эмне үчүн жазбаш керек. Бул драманы талантты урматтаганым, сыйлаганым үчүн кубануу менен жаздым. Бул тарых! Сизге ырахмат.

  4. Мен болгонун толук эле бердим, “толук бүтпөй калыптыр” деп койдум эле өзүм дагы..
    “МЕКЕН ЭНЕ: (аяп) Жок. Сен жөн гана катуу таарындың. Боло берет.
    САЛАМАТ: Катуу ыза болгондо ушинтип ачууланам. Анан кечирим сурайм.
    МЕКЕ”..
    Драманын бүткөн жери эле ушул экен Чынар айым..

  5. Урматтуу иним, Жаңы жылың кут болсун! сага ийгилик, ден – соолук, жашоодогу баардык жакшылыктарды тилеймин. Кыргызымдын сыймыктуу жигиттернен болуп жүрө бер. “Мекен эне баккан кыз” драмасынын токтогон жеринен баштап жөнөтөм. Улап коесуң да ээ? эгер болсо. анда кайрадан толук кетирем.

  6. Ыракмат! Сиз жиберген уландысы драманын айагына кошулду. А бул жердеги комент. катары кеткенин өчүрүп койдум Чынар айым..

Leave a Reply to aidaraliev Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *