Сай-асат..

эпарлПАРЛАМЕНТ ӨЗ КУЙРУГУН ӨЗҮ КЕСТИ!

5-августта КРнын Жогорку Соту Жогорку Кеңештин үч депутаты Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен Талант Мамытовдордун үстүнөн козголгон кылмыш ишине акыркы чекитти койду. “Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” беренеси боюнча айыпталып жаткан буларды Жогорку сот да толугу менен айыптуу деп таап, мурдараак Бишкек шаарынын Биринчи май райсотунун чыгарган өкүмдү күчүнө калтырды. Анткени, алардын 2012-жылдын 3-октябрындагы элди козутуп, бийликти басып алууга чакырганы, “Чынгызхан болобуз” деп, Акүйдүн тосмосун ашып түшүп, күзөт кызматкерлерине кутурган иттей жабылышканы тарыхый айныксыз факты болучу.

Өкүм.
Ошону менен “Ата-Журт” партиясынын депуттары К. Ташиев менен С. Жапаров 1, 5 жылга эркинен ажыратылса, Т. Мамытов 1 жылга эркинен ажырады. Албетте, алар бул мөөнөттү УКМКнын СИЗОсунда 2012-жылдын октябрь айынан тартып “өтөп” коюшкандыктан эркиндикке чыгууга толук укуктуу. Бирок, мыйзам деген мыйзам, анын күчү азыр да ордунда. Демек, парламенттин үч депутаты жакында Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылат жана алар үстүндөгү “соттолгон” деген жазууну алып салганга оголе көп убакыт бар. Себеби, биздеги биз баш ийген мыйзам боюнча, соттуулугу бар адам ошол жаман жарлыгы алынып салмайынча эч бир мамлекеттик ишке, керек болсо, айыл өкмөтүнүн кеңсесин кайтаруу кызматына да кабыл алынбайт. Андыктан, эми бул депутаттар буга чейинки жеңил ойлуу жүрүштөрүнөн жыйынтык чыгарып, тартипсиздикке барбай, майда-барат кылмыштардан кыйла эле алыс болуулары тийиш. Эксперттер белгилешмекчи, эгер бул үч депутат мындан ары кыял-жоруктарын оңдоп, жүрүш-туруштарын “зымга тизгендей” алып жүрө алышса, эки жылдын тегерегинде “соттолгон” деген илээшкектен кутулуп, мамлекеттик кызматтарга барууга жол ача алышта. А кокус, “мыйзамыңды уруп да ойнобойм, бизди мыйзамсыз соттошкон, революция кылабыз да, акталып чыгабыз” деген көнгөн позицияны карманып, Акүйдү камоого алып, кашаадан ашып же башка мыйзамсыз иштерге барышса, анда бүттү! Мандатынан ажыраган буларды каалаган тартип сактоочу, карапайым сержант наамы бар опер деле колун кайрып келип, кармоочу жайга тыгып таштайт.

Мыйзам.
Баса, мыйзам демекчи, орто жерден мыйзамды буйлалап, от менен ойногон Бишкек шаардык сотунун судьялары  Медербек Сатиев менен Курманкул Зулушевдер тууралуу да айтып кетпесек болбостур. Бул бир колун төшүнө, бир колун Башмыйзамга коюп, адилеттүүлүк, калыстык, теңдик үчүн иштөөнү ант кылган соттор үч депуттатын ишин кароодо өлкөдө жүрүп жаткан сот реформасына түкүргөндөй мамиле кылышкан эле. Анткени, мамлекеттик айыптоочулар, ал тургай бүт коомчулук көрүп турган бийликти басып алууга болгон аракетти, чакырыкты экөө кашайып көрбөй, “бул жерде эч кандай мыйзам бузуу, бийликти басып алуу аракети болгон эмес” деп тескери бурулуп туруп алышкан. Эгер, окуя Алайдын же Атбашынын эл чанда барган кокту-колотторунда өтүп, күбөлөр менен далилдөөчүлөр аз болгондо бир жөн эле, бийликти басып алуу аракети Акүйдүн алдында болуп, алардын ар бир сөзүнөн жасаган кадамдарына чейин коомдук каналды айтпай эле койолу, дүйнөлүк каналдар коомчулукка кашкайта көрсөтүп турду го? Көрсө, аталган соттордун бул чечими “бармак басты, көз кысты” мамилелер менен уланып, миллиондогон сомдор соттордун чөнтөктөрүнө солонгондой. Буга, Жогорку Соттун чечими далил эмес эмне? Экинчи бир жүйөө, биздин жеке булактардын ырасташынча, аталган эки сот Жогорку Соттун эле чечимин күтүп тургандай, акыркы өкүмдөн кийин шаардык соттогу кызматтарын өз эрки менен таштоо боюнча арыз жазышкан имиш. Жөнөкөй логика, нечендеген кароо-сынактардан өтүп, канчалаган атаандаштарынын арасынан тандалып отуруп, шаардык соттун судьялыгына өткөн бирөө жылаан чакпай, жылкы теппей эле кызматын кантип өткөрүп берет? Демек, алардын дүйнөсү түгөл, санаалыр тынч, мындан ары кызматсыз жашоого жетээрлик кирешенин ээси болушкан дегенге толук негиз бар.

Дагы бир айта кетчү сөз, интернет булактарындагы үч депуттаттын соттолгону тууралуу маалыматтарга пикир калтыруучулардын айрымдары “Гендердик кармаш: үч айым үч мырзаны жайлап түштү” деп жазышыптыр. Үч айым-Башпрокурор Аида Салянова, Жогорку Соттун төрайымы Феруза Жамашева менен Президенттин Аппаратындагы сотреформалары жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева экен. Ал эми үч мырза-“Атажурттун” үч депутаты. Мындай караган кишиге күлкүлүү болгону менен чындыгында мыйзамдын бүт кыргызстандыктар үчүн бирдей колдонулушуна чындап бул айымдардын аракети зор болду. Болбосо, бүгүн булар акталып кетсе, эртең дагы бир көчөдөгү көрпай-шөрпайлар Акүйгө аттап кирип, аттап чыга бериши толук мүмкүн эле.

Жоопкерчилик.
“Ата Журттун” бул “атактуу” үч депутатынын сот жообуна тартылышы ансыз тымызын жанданып келе жаткан коомдук саясий абалга ого бетер кызык кошту. Ооба, булардын соттолгону, жакында мандаттарынан ажыратылышы кыргыз парламентинин кыйрашына чоң өбөлгө болуп бере алат. Анткени, азыркы парламентте укуктук да, моралдык да жактан иштөөгө кыйынчылык туулуп туру. Маселен, бир эле фракция “Атажурттан” Нариман Түлеевди алганда төрт депутат соттолуп, бир депутат Нурлан Сулайманов сыртта качып жүрөт. Ал эми парламенттеги эки депутаттын Мадылбеков менен Бакир уулунун уулдары оор кылмышкер катары 9-12 жылга соттолушуп, Маматов менен Төлөгөновдун балдарына кылмыш иши козголгон.  Албетте, бул дагы өзүн “эл өкүлүмүн”  дегендер үчүн моралдык чоң суроо!  Ошондой эле партиялык тизме менен куралган парламеттеги 5 фракциянын абалы да адам ыйлаарлык. Фракция депутаттары карышкыр кууган койго окшоп, майда-майда топторго эчак эле тарап кетишкен. Мисалы, “Атамекенден”-Абдырахманов, Жээнбеков, Айтматовалар ачык эле чыга качышса, “Атажурттан”-Шин, Молдобаев, Коркмазов сыяктуулар баса беришкен. “Ар-Намыстан”-Рыспаев, Артыков баштаган 10 депутат эчак эле “башын бошотсо”, “Республикадан”-“Биримдик” менен “Өнүгүү” деген топтор “дыр” коюшуп, азыр “Бир бол” тобу да кылчактан турган кербези. КСДПнын эле боору бүтүнбү, жо-ок, бул жакта да Исмаил Исаков деген генерал “Азаттыктын” асабасын желбиретүү менен фракциянын үшкүрүгүн эбак эле жараткан эмеспи.

Андыктан эртең, Ташиев, Жапаров, Мамытов кандай мандатынан ажыраса, так ошондой парламентти таркатуу компаниясы башталып,  парламенттик шайлоого тымызын старт берилээри мезгил чындыгы болуп калмакчы. Анткени, мандатсыз калган Камчыбек мырза эле кантип, “Атажуртка” төрт депутат кошуп берип, “ишиңерди кыла бергиле, мен кара майымды сатып оокат кыла берейин” деп тынч калсын. Ал тезинен парламентти таркатып, жаңы шайлоо өткөрүүгө,  шайлоонун шайтан оюндары менен керек болсо чындап эле 3-ыңкылапты жасап, бийликке келүүгө эми тынымсыз аракет кылаары турган иш.  Буга парламенттин сыртындагы саясий күчтөр да өтө кызыкдар. Ал аз келгенсип, элди чек ара, Кумтөр, сатылган жерлер маселеси менен удургутумуш болуп, өз максатына жетүүгө геосаясий күчтөр да салым кошоору болжолдонууда.

Кыскасы, “Чыңгызхан”  чырлуу операциясы, өлкөнүн саясий абалына чуулган эле салып тим болбой, мамлекеттик башкаруу системасынын башында турган Жогорку Кеңештин жонунан жоон кайыш тилмек болду да, калды…

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ.  Маалымат булагы: “Фабула Планета” гезити.

One thought on “Сай-асат..

  1. Учурдагы кыргыз парламентинде орун алган, бул макаланын автору жумшак белгилеген “өз куйругун өзү кесүү” көрүнүшү, мага башкача; туйук бир капаска тамак бербей ачка камалган келемиштердин, биринин башын бири жута баштаган жагдайын элестетет. Аргасын таап бул парламентти мөөнөтүнүн акырына чейин “биринин башын бири жутуп” бүткүчөктү “капастан” чыгарбай туруу максатка ылайык болмок. Качан гана учурдагы ЖК Депутаттары ушул “капаста” биринин башын бири жутуп тынмайын, кыргыз саясый айдыңына жаңы (свежий) күч (энергия), жаңы ой чабыттагы, жаңы адал ой максаттагы, жаңы заманбап саясатчылар, мамлекеттик кызматкерлер келе алышпайт экен. Андыктан Камчы мырза буларды таркатып “капастан” чыгаруу аракетин жасоонун ордуна кайра бирине бирин кайраштырып, өздөрүнүн баштарын өздөрүнө жуткузса максатына жетмек. Камчыбек мырза башкалар сыяктуу арам ой максатын тымызын ишке ашырууну ойлобогон ала көөдөн ак көңүлдүгүнөн оозунан жаңылып катуу “мушка дуушар” болуп алды. Болбосо Камчыкенин оозунан жаңылып айткан ойунан алда канча арам ой максаттуу депутаттар жок бекен. Албетте бар. Парламент толтура ошондойлор экенин ким билбейт. Буларды “капастан чыгарып” тарктуу, ЖКга кайрадан эле ушулардын келишине жана “капас” сыяктуу учурдагы аракеттеги; “биринин башын бирине жуткуруучу” системаны талкалоого өбөлгө түзөт. Андан ары карадан ынтымакта “биринин жеген богун бири жаап жашырган” жеп жуткучтардын систеиасын түзүп алууга шарт пайда болот. Карапайым, салык төлөөчү Кыргызстан жарандарына мындай “чаң тополоңду”, учурда “капастын” сыртында жасоо өтө деле зарыл эмес сыяктанат. Булардын (капастагылардын) ошо “капастагы” казанда кайнай бергени оң болмок.

Leave a Reply to Бектурсун Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *