Сунуш..

                                                                                                      

урмат 1«КЫРГЫЗ КӨЧҮ» ТОБУНАН ЖУМУШЧУ ТОПКО.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Урмат АМАНБАЕВАГА!


Кыргыз тилин ар кандай жол менен тез арада өз деңгээлине чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде атайын түзүлгөн Жумушчу топко «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу тарабынан жөнөтүлгөн кошумча сунуш-пикирлер.

 

 

эж1. Кыргыз тилдүү китептердин санын кескин көбөйтүү жана үналгы, сыналгыдан кыргызча берүүлөрдүн санын арттыруу керек. Тилге байланыштуу жаңы долбоорлорду ишке ашыруу зарыл. Бала бакчадан баштап мектеп, орто жана Жогорку окуу жайлардагы жумуш орундарын дээрлик баардыгы кыргыз тилинде жүргүзүү, ошондо тилге болгон муктаждык тез жогорулайт. Ушундай демилгени бүтүндөй коомчулук колдоого алышы керек.
Жылдыз ЖАЛИЕВА, КР, Бишкек.

эд2. Жаш балдар үчүн мукабасы катуу, айрылбай турган кагазы сапаттуу китептерди көбөйөтүп, баардык базарларда, Раритетте да сатылышына шарт түзүлүшү керек. Кыргыз тилиндеги поп-маданиятынын, айрыкча кинолорунун деңгээлин көтөрүү, башка элди кыргыз тилине «азгыруу» керек. Жогорку билим-илим китептеринин текстерин толугу менен кыргыз тилине которуу.
АКШдагы Кыргыз элчилиги Америкадагы университеттердин эл аралык бөлүмдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, ой-пикир алмашуу программаларын (протоколду түзүү) уюштуруу. Америкалык алмашуу (exchange) студенттерди убактылуу (жок дегенде бир семестр) Кыргызстанда кыргыз тилин же өз тармагын кыргызча окуп, кайра АКШга келсе, кыргыз тилинин баркы көтөрүлүп, тилди кичине болсо да кеңири таратса болот.
Девид ГАЛЛАГЕР, АКШ, штат Колорадо, Денвер. 


эн3.
Кыргыз тилинде эл кызыккан иш-чараларды байма-бай өткөрүү. Кыргыз тили боюнча англис тилинин TOEFL, IELTS сыйактуу конкурс-сынактарын өткөрүү, кеңири жайылтуу, кыргыз тилинин адабий деңгээлде колдонгон ЖМКлага колдоо көргөзүп, сыйлоо (жөн эле эң мыкты адабий тил үчүн деген мактоо баракча тапшырып койсо деле болот). Кыргызча таза, көркөм сүйлөшүү боюнча клубдарды (Toastmasters club сыяктуу) уюштуруу. Элге кайрылуу жасаганда алдын ала жакшылап жазууну, жаттап алып сүйлөөнү бийлик бутактарынын бардык өкүлдөрүнөн талап кылуу жана милдеттендирүү.
Нуржан АЛЫМКАНОВА, АКШ, штат Калифорния, Кармел.

этж4. Илимий дисертацийаларды кыргыз тилинде жактоо. Расмий тилди коркпой эле кыргызча кылып бардык иш тармактарында иш кагаздарды кыргызча жүргүзүү. Республикалык тестирлөөнү эки гана тилде өткөрүү, кыргызча жана орусча. Өзбекче өткөрүп кереги жок.
Кубанычбек ТОКОНОВ, КР, Жалал-Абад.


эз5.
Которуу иштерин жалаң гана кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү мамлекеттик деңгээлдеги «Котормо борборун» ачуу. Эгер“Котормо борбору” ачылып калса бардык обулустарга бирден филиал ачып, которуу иштерин ошол борборго гана жүктөп, башка котормолорго тыйуу салуу.
Айзат КАЛЫБЕКОВА, КР, Бишкек.

эу6. Кыргызча адабий китептерди көбүрөөк басып чыгаруу, кыргызча китепканалардын бардыгын калыбына келтирүү.
Улан ОРОЗАЛИЕВ, КР, Бишкек.


эо7.
«Кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» деген мамлекеттикпи же кандайдыр бир сыйлык уюштуруу талапка ылайык.
Мисал катары: Орозбек Мусакеев, Алексей Сидоров, Эрмек Нурбаев, Азаттыкта иштеген Наташа деген кызга, Славян университетиндеги Кыргыз тил кафедрасында иштеген орус эжеге беришсе башкаларга кадимкидей стимул болот.
Орозбек МУРАТОВ. КР, Бишкек.


эм8.
Расмий тилди Кыргыз тил бойдон калтырып, мыйзам кабыл алуу. Илимий-популярдуу адабий китептерди кыргызчага көбүрөөк которуп, ар түрдүү кесипте окуп жаткан студенттерибизди кыргызча китептер менен көбүрөөк камсыз кылуу.
Мирланбек ТААБАЛДЫ уулу, Орусийа, Маскөө.


алтынай9.
Сөздү маанисин келтире мыкты таап, туура которуу жана кыска-нуска сапаттуу которуу боюнча эксперт иштеши керек, мыкты адистерден турган. Антпесе, сапатсыз котормолор көбөйүп кетти. Ошол эле Кыргызстандагы бардык ТВлар өз алдынча көп фильмдерди которгондорун угуп отуруп айласыз күлөсүң. Одоно каталар өтө көп. Окуу китептерин – техникум, училищалар-лицейлер үчүн, ЖОЖдорго кыргызчалатыш керек, жаштар, студенттер үчүн, булар эң зарыл масалелер!
Алтынай ТЕМИРОВА, КР, Бишкек.                                          

Миргүл10. Мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин үйрөтүү үчүн сарпталып жаткан элдин акчасын кыргыз тилинин даражасын көтөрүүчү башка иш чараларга жумшоо зарыл. Кызматында калууну эңсеген ар бир жаран өз ыктыяры менен өзүнүн жеке менчик каражатына тилди үйрөнүшү туура. Болбосо, кыргыз тилин билген адистер менен аларды бара-бара конкурстук негизде алмаштыруу керек.
Миргүл ӨМҮРАЛИЕВА, Италийа, Рим.


эайт11.
Эң оболу кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин ЖОЖдордо даярдоодо сапатына айрыкча көңүл буруу зарыл. Азыркы учурда жогорку окуу жайларын бүтүп, мектепке мугалим болуп барышып жаткан адистердин дээрлик көпчүлүгү, жымсалдап айтканда, кыргыз тили жана адабияты сабагын окуу китептен баш көтөрбөй карап, өтүшө турганы кашкайган факт. Экинчи, мектептердеги кыргыз тили боюнча окуу китептер тааныш-билиш авторлордун чала сабат китептеринен арыла албай келет. Ушуларды кайра түзүп чыгуу – негизги маселердин бири. Үчүнчү, Президенттен баштап, айыл өкмөт башчысына чейин, Премьер-Министрден баштап, чоң-кичине мекеме-ишканалардын жеткечилерине чейин мамлекеттик тилде иш кагаздарын өздөрү түзө, жаза билүүсүнө жетишүү керек. Азыр мына ушул жагынан өтө эле өксүкпүз, тез арада ишке киргизүү зарыл.
Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ, КР, Бишкек.

кымбат12. Кыргыз тилин үйрөнүүгө жаңы методика ойлоп табууга конкурс жарыйалоо, ал методика камтыган китептерди чыгарып, китептер англис тилин үйрөткөн китептердей эң жаш өспүрүмдөрдөн баштап чоң кишилерге чейин жеткиликтүү, кызыктуу, абдан мыкты улуттук иллюстрациялаштырылган китептер болушу абзел. Видео, аудио кассеталарды чыгарыш керек. Жарнамаларды которуу абдан дыкаттык менен жүргүзүлүп, сынак комиссиядан өткөрүү керек. Мектептерге Манас таануу сабактарын киргизүү менен, кыргыздын үрп-адат, каада-салттарын үйрөткөн, адеп-ахлак, макал-лакаптарын, санжыраларын, кыргыз элинин терең Философиясы деген деңгээлде көтөрүп иштеп чыга турган топко мамлекет тарабынан грант бөлүп бериш керек.
Кымбат АЛМАЗБЕКОВА, КР, Бишкек.

0313.  Бүгүнкү мезгил талабына ылайык ааламтор (интернет) алкагындагы бүтүндөй социалдык түйүндөрдө же башка тармактарда болобу  кыргызча жазып  колдонууда кыргызга тиешелүү үч тамганы, “Ө”, “Ң” жана “Ү”, кыргыз ӨҢҮ_тамгаларын жазуу эрежелерине киргизүүнү мыйзам аркылуу бекитүүнү сунуш кылам. Бул маселени “Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобу туура бир жарым жылдан бери айтып-деп, тынбай талап кылып келебиз. Кыргыз тилинин өнүгүп-өсүшүнө ушул дагы абдан чоң көйгөй жаратууда. «Кыргыз Көчү» тообунун башкы талабы, сунушу катары карап, Кеңешме топ сөзсүз эске аласыздар деп эсептейбиз. Бизден сырткары бул жерде Бишкек шаарынын тургуну Салмон Наймонов деген жигит баса белгилеп, “Мамлекетибизде сүйлөмдөрдү жалаң чыныгы Кыргыз ӨҢҮ_менен жазуу” керек деген сунушун киргизип жатат.
Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия, Келсинки.

эм14. Менин мындай сунушум бар: Азыр кыргызда эмне көп? Той көп. Ошол тойду жүргүзгөн, алып баргандарды (тамадалар) дагы 100 пайыз кыргыз тилинде сүйлөөсүн көзөмөлгө алып, талап кылып, керек болсо айып пул салганга чейин баруу керек. Көпчүлүк учурда орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөшөт, бул дагы кыргыз тилибизди өнүктүрүү жаатындагы бирден-бир одоно кемчилик деп ойлойм.
Элиза МАНЫБАЕВА, КР, Бишкек.

4 thoughts on “Сунуш..

  1. Ар бир мамлекет кызматчысы өзгөчө улуту кыргыз өз тилин байма бай кодонуп башка жарандар үчүн башка улуттагы жарандарыбызга үлгү болуп кызымат кылуусун талап кылуубуз зарыл. Ошондуктан “Билим берүү министирлиги” туура саясат кылуусу керек мектептен баштап улутуна карбай келечекте мамлекет кызыматында иштейм деген адам кыргыз тилин эң жакшы билүгө тийиш деп окутуу манилүү.Бардык министирликтер кыргыз тилинде келген ой пикир жана арыздарды жерибестен кабыл улууга милдеттендириш керек.Мамилекет денгелинде өтө турган баардык майрамдар чогулуштар жолугушулар кыргыз тилинде өтүп башка тилге которулушу керек эгерде ошого зарыл болсо.Баардык көрнөк жарнактар бакырайып кыргыз тилинде биринчи болуп жазылыш керек андан кийин башка тилде түшүнүктүү кылып кыскача берилсин,мисалы ” ДҮКӨН” магазин.

  2. Кыргыз тилинде сапаттуу котормо мультфильм, кинолорду көбөйтүү, айрыкча комедия кинолорун. Балдар үчүн оюн зоок программаларын экран аркылуу көбүрөөк берүү.
    Бул нерселер аң сезими өрчүп келе жаткан жаш балдарга өтө чоң таасир берет. Мен өзүмдөн эле байкасам, кичинемде өзбек каналдарынан берилген сериялдарды калтырбай көрүп жүрүп, өзбек тилинде түш жооруп калгам.

  3. Кыргыз Тилдин, эгемен Кыргыз Республикасынын Баш Мыйзамы (Конституциясы)менен ыйгарылган “Мамлекеттик” деп аталган статуска ээ экендигин назарда такай тутуу максатта ар качан жана кай жерде болбосун “Мамлекеттик” деген статусунда атоо зарыл. Анткени; “Мамлекеттик” деген статус менен аталган ар кандай нерсе, алардын катарында “Мамлекеттик” деген статуста аталган Тилди (по умолчанию) ким болбосун айттырбай билүүгө үйрөнүүгө колдонууга милдеттүү болот. Мамлекеттик Тилди өз статусунда “Мамлекеттик Тил” деп атаган чакта гана тил МАМЛЕКЕТТИК мааниге ээ болот. Ал эми тилди өзүнүнүн юридикалык статусу “Мамлекеттик” деген аталышында эмес, кыргыз этносунун аты менен “кыргыз тили” деп аталган чакта, тил Мамлекеттик маанисине ээ боло албайт. Кимде ким кыргыз тилинин Мамлекеттик Тил маанисинде колдонулушун чын дилден кааласа анда ал адам тилди өзүнүн юридикалык статусунда; “Мамлекеттик Тил” деп гана атап, сүйлөп, жазып, колдонуп, талап кылып, таңуулоосу мыйзам ченемдүү жана максатка ылайык болмок.

  4. кыргыз көчүнө сунуш: орусчадан кыргызчадан котормолор керек болсо, кандай татаал тексти болбосун жардам берүүгө дайыма даярмын, ишиңерге ийгилик…!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *