Калмурат..

Таланттуу акын жана обончу Калмурат РЫСКУЛОВ.

Таланттуу акын жана обончу Калмурат РЫСКУЛОВ.

************************************************************

«О Б Л И В А Н И Е»

Бир күнү ал: «Сенин бир сандык китебиңе тете бир китеп таптым!» деди.
– Ой, болсун, ал кайсы экен,-  дейм. «Порфирий Ивановдун «обливание
» жөнүндө китеби»  деди.
– Эми, муздак суунун кереметин бир шумдук жазыптыр, биз  ошону билбейт экенбиз да, ден соолук, узак өмүр, жан дүйнө…айтор бүт ошондо экен, – деди. Анан ал китепти барактап жатып калдык. Бирок, эмне дебейсиңби, мага ал китеп эмес Какенин ошондогу жаны калбай берилген кызыгуусу болду. Эми муну кайдан жүрүп таап алды дейм. Ал дайым ошондой эле. Жаңы, адаттан тыш, кызык нерселерди илип алчу. Дүйнөлүк көп кызык нерселерди айтып калаар эле. Бөлмөдөн бөлмө, квартирадан квартира алмаштырып, тирилиги үчүн да шарт куралбай жүрүп буларды кайдан жүрүп окуп алып атат деп калаар элем. Бирок анын дээри ошондой болчу. Умтулуусу ошондой болчу. Өмүрүн, келечегин, жан дүйнөсүн ал ошондой бийиктен элестетчү. Бирок ошол тилек, үмүттөр ордунан чыкпай калган сайын Калмурат жан дүйнөсүндө  алааматка түшүп, чоң сынып, муздачу экен! Биз аны ошончолук тейде сезип сезбей, билип билбей калдык. Же дагы айтсам, аны жөлөп-таяп калуу колубуздан келбей калды…

Бир күнү экөөбүз Ак-Талаага жөнөмөк болдук. Жатаканадабыз. Эртең кетебиз деп сумкелерди салып, камынып жүрөбүз. Бир убакта ал үстөлүнөн туруп эшикке чыгып кетти. Менин дептериме бир нерсе чиймелеп атыптыр болчу. Эрксизден ачып карасам: “Эртең айылга чыгам. «Жаңы –Тилекке» (айылы) жаңы  тилектер менен баратам!!! деп жазып коюптур. Ошол дептер менде эмгиче бар. Ооба, Каке көп ирет күчтөндү, далай ирет көкүрөгүнө чоң максаттарды түйдү. Ал ошол үчүн болгону 30 жыл жашаса да оттой күйүп жашады. Ок болуп атылып чыга алды. Кыргыздар ой-кырлап жүрүп эргип ырдаар обондору калды. Бирок ырас, ичиңде бул өмүргө «кекенип» жүргөнүңдөн соң, сен мындан дагы көбүрөөк сергектик кылышың керек эле. Ошондо дагы далай ырларың чаң баспай арабызда, обобузда  шаңшып турмак эле.. Эрксизден ойлойм да, ошол сен айткан «обливаниени» өзүң да түзүктөп колдонгон жоксуң го досум. Өзүңдү ойлобосоң да ыр жандуу тоолук элиңди, өзүң айткандай «саналуу» ырларыңды ойлосоң болмок.     

Эки жылга аяк басты. Баягы Каке айткан Ивановдун «обливаниесин» кайра интернеттен таап чыктым. Күндө ошол ыкманы колдоном. «Азыр…» дейм. Көзүмү жумам. Жарык, жакшы нерсени ойлойм. Анан даяр турган кашкайган муздак сууну башыман ылдый койо берем… «Суу. Жарыктык аккан суу» дейм. Бу дүйнөдө өмүр да, бакыт да, ден соолук, ийгилик да баары адамдан алыс эмес. Алардын баары сага жакын эле жерде, колуңа кармалып, көзүңө көрүнүп жүргөн болот. Сен болгону ошого абай салышың керек, колуңу сунушуң керек дейм. Анан Какени эстейм. Студент кезде жыйган сен айткан сандык китеп канча мага жардамчы билбейм, бирок ушул Суу мага күндө канат бүткөрөт дейм.    

Сени дагы айтып тураарбыз досум. Өмүрдүн салтын улап дагы узак жолдорго чыгаарбыз, Жаңы Тилектер менен!…

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ.  Женева, Швецария. 20.07.2013.

******************************************************************************************************************

К А К Е..

Күзгү да. Күзгүнүн алдында мен. А менин артымда – чач тарач. Ал адатынча күлүп коет. Мен дагы. Бул батыштын салты. Ал мага жагат. Күлгөндөй эмес ыйлагандай болуп турсаң да күлөсүң. Жакшы экен да. Аз болсо да. -Кандай кылып кыркам, – дейт. Кандай айтсам да каалаганымдай болбосун билсем да айтып кирем. Ал кыркып кирет. А мен чач тарачтын күзгүсүндөгү тааныш ойго кирем… Анда да күзгү да. Бирок ал сынык. Жыгылып кетпесин деп дубалга жөлөп койом. Артымда Калмурат. Ал чач тарач. Ооуу, ал чачтын укмуштай устасы эле. Тарак менен кайчы табылса эле анда болду! Каке катырчу. Жатаканадан. “Эй башыңды кыймылдатпачы” деп катуу кысып коер эле. Ошол кысып койгону, колу, анын кыймылы, анын деми бүт жадымда калды. Анан кечээки же кайдагы бир окуяларды айтабыз, каткырабыз. Сынык күзгүдөн карашабыз. Баса, кайчы, тарак анан гезит да керек болчу. Салганга. А мен гезитти өлө чогултаар элем. Таңгакка барчумун да “мейличи” деп туруп бирөөнү сууруп алчумун. Сууруп алсам алакандай бир жерин мурда кайчы менен кыркып алыпмын. Ал эмне эле? Жаштыкка жаккан ошол кыркым эмне эле? Дегеле, жаштыкка азык эмне эле? Жаштыкка деги тоебу? Биз көп өкүндүкпү? Өткөндөргөбү? Калмуратка обон кайдан келди? Мынча өкүттү кантип кошту ал обонго? Ошол каргаша күнү Калмуратты тегеректеп турбадыкпы. “Силерге жүзүн көргөзөйүн” дебеди беле агасы. Анан көрбөдүк беле… көз көрбөш үчүн да керек деп… балким көрбөй коюш керек беле..? А азырчы. Убакытты айтам. Отуздан кийин өмүр суудай агат экен дешип, улам жырган жерин тосо албай калат экенсиң дешип… тимеле алдастайт экенсиң дегиче мен чочуп… “Месийө бүттү!” десе артымдагы чачтарачты карап, көрсө бүтүптүр. Күндөгүдөй, адаттагыдай, ичим чыкпай, ээч кими , ээч бири Какенин кайчысындай кыркпаганын карап, калп эле “жакшы-ы, чооң рахмат” деп, мылжыйып тимеле. Салт ошол. Адат ошол. Бир жолу сурагам. Чачтарачтын окуусу канча десем үч жыл дешкен. Көрсө, шыкты, талантты окуудан таппайт окшойсуң да. “Жаңы-Тилектин” жарымынан көбү комузчу. Комузду ошолордон үйрөнгөм” деген Какени бир ойлоп, обондукту он күн окубай туруп эмгиче ойго салган обондоруңду бир ойлоп акырын жолума түшөм. Күндөр өтүп, азыр бизге азык эмне деп, өмүрдүн “кайчы менен кыркып калчу” керектери көп калса экен деп, үйгө кетчү бир тааныш автобустун номурун карайм, күтүп.

Мен эле, ЖЕҢИШ.  Швецария, Женева шаары, 23.12.2015.

******************************************************************************************************************

12 thoughts on “Калмурат..

  1. Аттин дуйно! Бирок, омурду жаш менен санагым келбейт… артында канаттуу кайрыктары канча сезимдерди жашартып, наристедей аруулайт… Аз омурун да туура пайдаланып, сиздей досторунун эскеруусуно татып турат… Кор турмуштун артынан кууп, дунуйо чогултуп журсо ким эскермек десениз? Бир сап учкул соз да олбой сакталат эмеспи, эли турган сон Калмурат да жашай бермекчи…

  2. Калмурат байкени ошол Улуттук Университеттин Журналистика факультетинде окуп жүргөнүбүздө тааныгам. Тактасам, 10-жатаканын 5-кабатынын залынан. Ооба, күндөрдүн биринде бөлмөмдө жүрүп, капысынан эле комуздун башкалардыкына окшобогон кайрыктарын угуп калдым. Калмурат байкени мурдатан тааныган жатаканадагы студент кыздарды ээрчий, ошол укмуштуу кайрыктарга арбалып, залдын тиги башында кайталангыс үнү менен муңканып жаткан адамдын жанына барганым алиге эсимде. Анын бир башкача муңканган коңгуроолуу үнү жүрөгүмдө бүгүнкүгө чейин жаңырып турат. Ал эми анын бул жарык дүйнө менен кош айтышканын укканымда, дал болуп калдым. Ушундай чыгаан обончуну, мен сөз менен айтып жеткире алгыс мукам үндүн ээсин жоготуу мүмкүн эместей сезилип, уккан кулагыма ишенбедим. Бирок артка кайрууга мүмкүн эмес нерселер боло берет тура, арман… Азыр анын “Күнөөлүү белем”, “Бейкапар жүргөн кезимде”, “Адамдарга кайрылуу” аттуу ырларын күн сайын угуп, баягыдай, жатакананын залында, жаныбызда ырдап жаткандай туям. Аттиң ай, аны кайра кайрып алууга мүмкүн эместиги чындап эле чоң арман.

  3. Калмурат байкенин колунда комуз бир башкача боздоп, сыздап муңканаар эле. Мен комуздун антип муңканганын башка бир да жерден уга элекмин. Же алар кайра кайтып келбестиги үчүн ошондой беле? Аны эстегенде, жакындан таанышпаганыма миң бир ирет өкүнөм. Мукамдуу, муңдуу кайрыктары анын жан дүйнөсү жабыркап жүргөнүнөн, капалуу көздөрү жүрөгүнүн тереңинде толтура кайгы-касырет бар экенинен, өмүрүнүн кыска болорунан кабар берип жаткансыганын туйбаганыма өкүнөм. Туйсам токтотуп калмактан бетер, өзүмдү күнөөлөйм. Жарыкчылыкта адам баласынын эң чоң жаңылыштыгы баалууну убагында баалабагандыгы окшойт. “Жоголгон бычактын сабы алтын” болуп, өтүп кеткен нерсе үчүн өкүнүп калганыбызга кыжырданам. Үшкүрөм. Кыязы, мен бул адамды жүрөгүмдүн тереңинде жактырган окшойм…

  4. Ооба, Калмураттын үнү азыр дагы кулакта жаңырат…чындыгында курсташыбызга Кудайдан башаларга берилбеген чоң касиет жүктөлгөн экен. Комуз жандуу, ыр жандуу журтубуздун мурасын алып кетчү, анын учугун үзбөй калың калкка жайылтчу айныгыс талант ээси экенин аз болсо да саз калтырган мукамдуу ырлары далилдейт. Кээде касиетти көтөрүү адам баласына оордук келтирет экен… пендечилик турмушта байлыктын, акчанын сөзү сүйлөнүп, аруу сезим, улуу талант үнү тапталып калган сымал учур да болот тура…
    Кандай болгон күндө да өзүндө кыргыз духун алып жүргөн, карапайым, бирок аруу, улуулукка умтулган Калмурат курсташыбыздын элеси ар-бирибиздин жүрөгүбүздө сакталат

  5. Ооба, АлтынайЫлайым унутулбасын! Акчалуулардын гана арабасы жүрүп, таланты болсо-болбосо да, эптеп-септеген ырларды жаза коюп, эптеп-септеген обондорду чыгара салып, ырдап, анан жылдызмын деп жүргөндөрдүн заманында, Калмурат байкенин кайталангыс кайрыктарын биз, аны тааныгандар, көргөндөр, унутпайлы! Анын таланты канчалык жогору экенин биз ар качан айтып жүрөлү. Ааламга чанда жаралчу мындай таланттын өзү өлсө да, мукам кайрыктары эч качан өлбөстүгүн колубуздан келишинче далилдейли!

  6. Интернетте отуруп, бир нече күндөн берки ишим Калмурат Рыскуловдун чыгармаларын, өмүрүн, ал жөнүндө айтылган сөздөрдү, берилген интервюларды издөө, окуу, ан сайын жүрөгүм эзилип үшкүрүү болуп жатат… Жашоосундагы биринен сала бири келген кыйынчылыктар, ошондой жагдайларда бекем таяныч боло турган “тирөөчтөрдүн” жоктугу, айласы куруган абал анын аялуу жан дүйнөсүн калбырлап салган окшобойбу. Аттиң ай, Жараткан ага океандай терең чыгармачыл жан дүйнөсүн түшүнө ала турган, колдоо көрсөтүп, бир жагынан ишенимдүү тыл болуп бере ала турган түгөйдү берсе эмне… Чарчаганда жыттап алып жан дүйнөсү балкый турган, кайталангыс кайрыктарды жаратууга ого бетер дем бере турган наристе-мураскор берсе эмне… Анда ал өлмөк эмес. Өзүн ошолорго арнап, өмүргө тойбой, өмүргө суктанып жашай бермек… Мынакей, ал обон салып оболоткон ырлардын айрым саптары, булар мен үчүн да маанилүү жана кымбат:
    Бирөө суусун таппай жүрөт ичерге,
    Бирөө кечүү таппай жүрөт кечерге,
    Мунун баары тизгин каккан Жолоочу,
    Оо Тирүүлүк! Сенин жалгыз көчөңдө.

    Эсен аман эс тарттырып урпакты,
    Өтсөк экен ыйык сезип турпакты,
    Океандар тынч шарпылдап турса экен,
    Чайпалбайлы, чайпабайлы кургакты!

  7. Калмурат байке жөнүндө эстегенде, өзүмдөн өзүм үшкүрүп жибергенимди байкабай да калып жатам. Ага өзүн бул дүйнөгө ашыкча сезишине эмне себеп болду экен дейм. Ошол себептер жер менен жексен болсо эмне!.. Ушундай талантты, карапайым, жан дүйнөсү аруу жана жумшак, сезимтал жанды арабыздан аёосуз сууруп кеткен себептер, балким, ал себептердин арасында өздөрүн адам атаган макулуктардын таасири да бардыр, ошолор, өздөрүн аз да болсо күнөөлүү сезет болду бекен?… Эмнеге? Эмнеге? деген суроолорума жооп таппай эзилем. Чыгармачылык айдыңында ушундай нукура таланттар жетишпей жатса, эмнеге ал…? Жан дүйнөнүн ар түркүн абалын ырга, обонга сала билген, кудум эле сен айткың келип, айта албаган нерсени айтып, сен ырдагың келип, ырдай албаган ырларды ырдап салган сөз чебери, чыгармачыл дүйнөдө орду опол тоодой болуп турушу керек болгон адам, эмнеге… эмнеге арабыздан кеткиси келди? Эмнеге?… Эмнеге?…

  8. Калмураттын обондорундагы өзгөчөлүк башка эч кимде жоктой… Эми ушундай чыгаан талант кыргызда жаралар бекен? Эч ким бул жакка баш бакпаганына, чыгаан талант Калмурат жөнүндө эч ким эч нерсе айта албай жатканына таң калып жатам. Анын обондору жүрөгүн козгогондор эмне, жокпу? Андай болбосо экен.

  9. Калмурат сөзгө терең маани бергени анын ар бир чыгармасынан көрүнүп турат.
    Маселен:
    Кыйчалыш жолдун айынан,
    Калсам да мезгил өткөрүп,
    Өзүңө бирөө көз салса,
    Өрттөнүп барам, өрттөнүп…
    Кызганыч сезимин мындан артык чагылдыруу мүмкүнбү? Кудум эле сенин абалың, сен айткың келген сөздөр. Калмуратты эстеген сайын, өзүмдөн өзүм үшкүрөм. Кандай чыгаан талант эле! Кайтып келбестиги кандай гана өкүнүчтүү…

  10. Өххх! Жеңиш мырзанын “Какеси” мени дагы үшкүрттү. Калмураттын комуздун кылдарын, ой деги, бир башкача дирилдетип четкен колдору, чексиздикке кадалган каректери, коңур үнү менен укмуштуудай, деги укмуштуудай керемет ырдап жатканы менин да көз алдыма тартылды. Үшкүрүк көөдөнүмдү жарып кетчүдөй болот… Бул менин анын обондорун сүйгөнүмдөнбү, же эми өзү кайтып келбестиги, үнүн кайра угузбастыгы үчүн өкүнгөнүмдөнбү, биле албадым… Иши кылып үшкүрөм. Башка айла таппаганымдан го.

  11. Адам – пенде, дасторконуң жайгын да,
    Пейилиң төк, бирок муну айрымда,
    Үлпөтүңдө отургандын баарысы,
    Келип бербейт катаал күндө, кайгыңда…
    Калмурат обон салган мына бул сөздөрдүн да эч калети жок!

  12. Оо анда коктом эле деген ырды угуп абдан жактырчу элем Анан Асабадан Ж Зарлыкбековдун Калмурат каза болгону тууралу жазганын окуп зээним кейиди эле ошондон кийин бул бала жонундо уксам конул буруп угам кийин интернеттен озунун аткаруусунда ырын угуп озгочо ырдайт экен деп калдым Бир нерсени тушундум тууган арасында эл арасында тируучулукто сыйлашып жардамдашыш керек экен а биз болсо олгондо тойдогудай дасторкон жасап коомуп баштайбыз мактайбыз Эми ага бул жардам бербейт

Leave a Reply to Кайыпова Асел Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *