Jul 30

Сунуш..

                                                                                                      

урмат 1«КЫРГЫЗ КӨЧҮ» ТОБУНАН ЖУМУШЧУ ТОПКО.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Урмат АМАНБАЕВАГА!


Кыргыз тилин ар кандай жол менен тез арада өз деңгээлине чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгынын негизинде атайын түзүлгөн Жумушчу топко «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу тарабынан жөнөтүлгөн кошумча сунуш-пикирлер.

 

 

эж1. Кыргыз тилдүү китептердин санын кескин көбөйтүү жана үналгы, сыналгыдан кыргызча берүүлөрдүн санын арттыруу керек. Тилге байланыштуу жаңы долбоорлорду ишке ашыруу зарыл. Бала бакчадан баштап мектеп, орто жана Жогорку окуу жайлардагы жумуш орундарын дээрлик баардыгы кыргыз тилинде жүргүзүү, ошондо тилге болгон муктаждык тез жогорулайт. Ушундай демилгени бүтүндөй коомчулук колдоого алышы керек.
Жылдыз ЖАЛИЕВА, КР, Бишкек.

эд2. Жаш балдар үчүн мукабасы катуу, айрылбай турган кагазы сапаттуу китептерди көбөйөтүп, баардык базарларда, Раритетте да сатылышына шарт түзүлүшү керек. Кыргыз тилиндеги поп-маданиятынын, айрыкча кинолорунун деңгээлин көтөрүү, башка элди кыргыз тилине «азгыруу» керек. Жогорку билим-илим китептеринин текстерин толугу менен кыргыз тилине которуу.
АКШдагы Кыргыз элчилиги Америкадагы университеттердин эл аралык бөлүмдөрү менен сүйлөшүү жүргүзүп, ой-пикир алмашуу программаларын (протоколду түзүү) уюштуруу. Америкалык алмашуу (exchange) студенттерди убактылуу (жок дегенде бир семестр) Кыргызстанда кыргыз тилин же өз тармагын кыргызча окуп, кайра АКШга келсе, кыргыз тилинин баркы көтөрүлүп, тилди кичине болсо да кеңири таратса болот.
Девид ГАЛЛАГЕР, АКШ, штат Колорадо, Денвер. 


эн3.
Кыргыз тилинде эл кызыккан иш-чараларды байма-бай өткөрүү. Кыргыз тили боюнча англис тилинин TOEFL, IELTS сыйактуу конкурс-сынактарын өткөрүү, кеңири жайылтуу, кыргыз тилинин адабий деңгээлде колдонгон ЖМКлага колдоо көргөзүп, сыйлоо (жөн эле эң мыкты адабий тил үчүн деген мактоо баракча тапшырып койсо деле болот). Кыргызча таза, көркөм сүйлөшүү боюнча клубдарды (Toastmasters club сыяктуу) уюштуруу. Элге кайрылуу жасаганда алдын ала жакшылап жазууну, жаттап алып сүйлөөнү бийлик бутактарынын бардык өкүлдөрүнөн талап кылуу жана милдеттендирүү.
Нуржан АЛЫМКАНОВА, АКШ, штат Калифорния, Кармел.

этж4. Илимий дисертацийаларды кыргыз тилинде жактоо. Расмий тилди коркпой эле кыргызча кылып бардык иш тармактарында иш кагаздарды кыргызча жүргүзүү. Республикалык тестирлөөнү эки гана тилде өткөрүү, кыргызча жана орусча. Өзбекче өткөрүп кереги жок.
Кубанычбек ТОКОНОВ, КР, Жалал-Абад.


эз5.
Которуу иштерин жалаң гана кыргыз тилинде жүргүзүлүүчү мамлекеттик деңгээлдеги «Котормо борборун» ачуу. Эгер“Котормо борбору” ачылып калса бардык обулустарга бирден филиал ачып, которуу иштерин ошол борборго гана жүктөп, башка котормолорго тыйуу салуу.
Айзат КАЛЫБЕКОВА, КР, Бишкек.

эу6. Кыргызча адабий китептерди көбүрөөк басып чыгаруу, кыргызча китепканалардын бардыгын калыбына келтирүү.
Улан ОРОЗАЛИЕВ, КР, Бишкек.


эо7.
«Кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» деген мамлекеттикпи же кандайдыр бир сыйлык уюштуруу талапка ылайык.
Мисал катары: Орозбек Мусакеев, Алексей Сидоров, Эрмек Нурбаев, Азаттыкта иштеген Наташа деген кызга, Славян университетиндеги Кыргыз тил кафедрасында иштеген орус эжеге беришсе башкаларга кадимкидей стимул болот.
Орозбек МУРАТОВ. КР, Бишкек.


эм8.
Расмий тилди Кыргыз тил бойдон калтырып, мыйзам кабыл алуу. Илимий-популярдуу адабий китептерди кыргызчага көбүрөөк которуп, ар түрдүү кесипте окуп жаткан студенттерибизди кыргызча китептер менен көбүрөөк камсыз кылуу.
Мирланбек ТААБАЛДЫ уулу, Орусийа, Маскөө.


алтынай9.
Сөздү маанисин келтире мыкты таап, туура которуу жана кыска-нуска сапаттуу которуу боюнча эксперт иштеши керек, мыкты адистерден турган. Антпесе, сапатсыз котормолор көбөйүп кетти. Ошол эле Кыргызстандагы бардык ТВлар өз алдынча көп фильмдерди которгондорун угуп отуруп айласыз күлөсүң. Одоно каталар өтө көп. Окуу китептерин – техникум, училищалар-лицейлер үчүн, ЖОЖдорго кыргызчалатыш керек, жаштар, студенттер үчүн, булар эң зарыл масалелер!
Алтынай ТЕМИРОВА, КР, Бишкек.                                          

Миргүл10. Мамлекеттик кызматкерлерге кыргыз тилин үйрөтүү үчүн сарпталып жаткан элдин акчасын кыргыз тилинин даражасын көтөрүүчү башка иш чараларга жумшоо зарыл. Кызматында калууну эңсеген ар бир жаран өз ыктыяры менен өзүнүн жеке менчик каражатына тилди үйрөнүшү туура. Болбосо, кыргыз тилин билген адистер менен аларды бара-бара конкурстук негизде алмаштыруу керек.
Миргүл ӨМҮРАЛИЕВА, Италийа, Рим.


эайт11.
Эң оболу кыргыз тили жана адабияты мугалимдерин ЖОЖдордо даярдоодо сапатына айрыкча көңүл буруу зарыл. Азыркы учурда жогорку окуу жайларын бүтүп, мектепке мугалим болуп барышып жаткан адистердин дээрлик көпчүлүгү, жымсалдап айтканда, кыргыз тили жана адабияты сабагын окуу китептен баш көтөрбөй карап, өтүшө турганы кашкайган факт. Экинчи, мектептердеги кыргыз тили боюнча окуу китептер тааныш-билиш авторлордун чала сабат китептеринен арыла албай келет. Ушуларды кайра түзүп чыгуу – негизги маселердин бири. Үчүнчү, Президенттен баштап, айыл өкмөт башчысына чейин, Премьер-Министрден баштап, чоң-кичине мекеме-ишканалардын жеткечилерине чейин мамлекеттик тилде иш кагаздарын өздөрү түзө, жаза билүүсүнө жетишүү керек. Азыр мына ушул жагынан өтө эле өксүкпүз, тез арада ишке киргизүү зарыл.
Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ, КР, Бишкек.

кымбат12. Кыргыз тилин үйрөнүүгө жаңы методика ойлоп табууга конкурс жарыйалоо, ал методика камтыган китептерди чыгарып, китептер англис тилин үйрөткөн китептердей эң жаш өспүрүмдөрдөн баштап чоң кишилерге чейин жеткиликтүү, кызыктуу, абдан мыкты улуттук иллюстрациялаштырылган китептер болушу абзел. Видео, аудио кассеталарды чыгарыш керек. Жарнамаларды которуу абдан дыкаттык менен жүргүзүлүп, сынак комиссиядан өткөрүү керек. Мектептерге Манас таануу сабактарын киргизүү менен, кыргыздын үрп-адат, каада-салттарын үйрөткөн, адеп-ахлак, макал-лакаптарын, санжыраларын, кыргыз элинин терең Философиясы деген деңгээлде көтөрүп иштеп чыга турган топко мамлекет тарабынан грант бөлүп бериш керек.
Кымбат АЛМАЗБЕКОВА, КР, Бишкек.

0313.  Бүгүнкү мезгил талабына ылайык ааламтор (интернет) алкагындагы бүтүндөй социалдык түйүндөрдө же башка тармактарда болобу  кыргызча жазып  колдонууда кыргызга тиешелүү үч тамганы, “Ө”, “Ң” жана “Ү”, кыргыз ӨҢҮ_тамгаларын жазуу эрежелерине киргизүүнү мыйзам аркылуу бекитүүнү сунуш кылам. Бул маселени “Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобу туура бир жарым жылдан бери айтып-деп, тынбай талап кылып келебиз. Кыргыз тилинин өнүгүп-өсүшүнө ушул дагы абдан чоң көйгөй жаратууда. «Кыргыз Көчү» тообунун башкы талабы, сунушу катары карап, Кеңешме топ сөзсүз эске аласыздар деп эсептейбиз. Бизден сырткары бул жерде Бишкек шаарынын тургуну Салмон Наймонов деген жигит баса белгилеп, “Мамлекетибизде сүйлөмдөрдү жалаң чыныгы Кыргыз ӨҢҮ_менен жазуу” керек деген сунушун киргизип жатат.
Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия, Келсинки.

эм14. Менин мындай сунушум бар: Азыр кыргызда эмне көп? Той көп. Ошол тойду жүргүзгөн, алып баргандарды (тамадалар) дагы 100 пайыз кыргыз тилинде сүйлөөсүн көзөмөлгө алып, талап кылып, керек болсо айып пул салганга чейин баруу керек. Көпчүлүк учурда орусча-кыргызча аралаштырып сүйлөшөт, бул дагы кыргыз тилибизди өнүктүрүү жаатындагы бирден-бир одоно кемчилик деп ойлойм.
Элиза МАНЫБАЕВА, КР, Бишкек.

Jul 25

Манас кыргыз тууралуу.

эстутААЛАМДАН КЕЛГЕН КАТТАР.

Дайранын сыры толкуса жээги шарпылдап,
Кудайдын берген күчүнѳ Асман шам чырак.
Кыргызым менин кыргызым эсен боло кѳр,
Кѳркоого дайым жем боло бербей калтырап.
Талашка түшкѳн жерлериң кайтып ала кѳр,
Келбесин эми башчылар арсыз, шалкылдак.

Байрагын кѳрүп сүрдѳнүп турса бѳтѳндѳр,
Алдыдан, арттан курала берет бекем эл.
Берешен кыргыз пейилиң оңдо турбастан,
Кыргыздан далай Эрендер чыгаар элим дээр.
Тентиген кыргыз теңдикти анан табышаар,
Чекеден дайым чылпылдап чыкпай муздак тер.

Муңканып карап муңумду четке какканда,
Ажайып нурлар тѳгүлүп турар асманда.
Айланам калкым, Айдың Кѳл кызың суранат,
Чачыла бербе кыйчалыш иштер басканда.
Байрагы кыргыз ак, кѳктѳн болуп желбиреп,
Турганда ишиң жазыла берет дастанда.

Дайраны бойлоп, ой ойлоп сыздап келгеним,
Кыргыздын жолун суранган улуу элденмин.
Эчкирип ыйлап турбасын кары, жаш балаң,
Белекке кетип калганда ыйык жерлериң.
Жергемде даңкан салгандар кимдер аңдай жүр,
Максатым менин дүйнѳгѳ ѳзүң теңдээрим.

Терс аяк кээси кемитип барса жолдоруң,
Кудайдан сурайм, Жараткан ѳзүң колдогун!
Коомайлык каптап турганда журтуң коргоочу –
Эр Манас менен бир болом кыргыз боорлорум!
Боюңа тарап ырыскы-кешик артылчу,
Тургузсак ѳлкѳ дегенде ыйык болжолум!

Бир боорум кыргыз! Кымбатым жана ырыскым,
Кемтиги толгон ѳлкѳдѳ сансыз тырыктын –
Жоготуп изин иргелип барсак бак болот,
Ачыктан-ачык тактайлы жүзүн сыныктын.
Береке толгон ѳлкѳнү түптѳп алалы,
Иргейли баарын ириткен ичтен «сылыктын».

Айтышсын «алар» эмнени бизден каалашат?
Жоголсун жорук кыргыздан бийлик талашкан!
Жеринде кыргыз асылын журттун жаратчу,
Мыйзамдар болот кыргызды кайра жараткан!
Билбеген билсин Мекенин Кыргыз сатпаган,
Бабадан калган мурастын жолу сакталат!

Манчыркап турган кѳптѳрдү кѳрдүм кыйладан,
Кылыгы-жорук, жосуну салтка сыйбаган.
Саймалуу таштын жүзүндѳ жазуу калыптыр,
Башкалар араң ашкан дейт бийик кырды анан.
Атаңдын кѳрү! Эр Манас айтып жатпайбы:
– Жазуусу кыргыз кай жерде гана калбаган!

Кыргызым! Журтум! Жугумдуу болсо басыгың,
Кѳбѳйѳ берет дүйнѳдѳ түркүн ашыгың.
Байкоону салчы, башкалар ээлеп жатпайбы,
Энчиңе калган ааламдын Алтын Казыгын!
Эштектер деле эрмин деп ѳзүн жүрбѳйбү,
Энчилеп алып кыргыздын- аалам азыгын.

Кыргызым сага кымбаттык сырын айтаарым,
Бѳтѳндѳр кайда чакырат сезип, байкагын.
Алданып калып арманда болуп жүргѳнүң,
Башыңдан ѳтүп билдиң го азап тартаарың.
Сагынып келип, саргайып жүрүп арада,
Манастын жолун калкыма тегиз кайтардым.

Азапка башың малганда, кыргыз калкыма –
Кайрылып жатып, эрѳѳлгѳ чыктым саткынга.
Саамайым сылап, артымдан сүйѳп Эр Манас,
Айттырды далай чатагын иштин жалпыга.
Калкыма кордук кѳрсѳткѳн сыздап калганы,
Жасадык ишти таянып ата-салтына!

Тоногон калкын Кудайдын каары урганы.
Калк үчүн эмес өзүнө кызмат кылганы
Ант берип элге, атына Манас жамынып,
Артынан кайра жѳткүртүп найза сунганы.
Кылапат эмес, кусуру калктын ургандар,
Тоолорду эмес таяна албайт жылганы.

Жыртыгы элдин бүтѳлѳ албай турганда,
Кыргыздын алы кыйчалыш болуп курганда.
Башчылык алып тургандар баштайт жойпулук,
Курсанттык басып кыргыздын кѳѳнү сынганга.
Сылыгы кыргыз сый-сыпаа кылып айттырса,
Узатат жоопту: Не керек ушу урганга?

Уурдалган акча уругуң менен жок кылат,
Калбагын анан жат жерден барып от сурап.
Соолутсаң кыргыз сороюп жалгыз каласың,
Сурансаң дагы шылдырап акпайт шок булак.
Шоркелдей жаның шорподой анан кайнайт дейт,
Тентиген кезде жай таба албай коктулап.

Кыргыздын сүрү, тилеги Кудай дилинде,
Жок кылып кыргыз барам деп бекер бүлүнбѳ.
Тараза ташын байкасаң билгич болгондор,
Кыргыздын баскан жолдору Кудай чегинде.
Четтиктер басып жок кылам деген сѳз жаман,
Колдоосу Кудай катталган калбай бирине.

Ала- Тоо чеги алсырап бүгүн барганда,
Кол салам деген шумдар да турат жалганда.
Жарыя кылып баарыңа айтам душмандар,
Кыргызды басып алам деп бекер карганба.
Каарына алып кайсап бир коёт Жараткан,
Окшошуп анан барбагын арсыз каманга.

Кабылан Манас жогортон келсе бакырып,
Үрѳйүң учуп ѳлѳсүң анда асылып.
Эсирген коңшу жакынкы жана алыскы,
Бекерден бекер келалбайт чепке батынып.
Чек ара чептүү чекитти бирге коёлук,
Негизи Кыргыз дүйнѳдѳ Журт го Аты Улук!

Эсиңе келгин эрегиш салган арамдар,
Эскертем дагы: Кыргыздар түгѳл Адалдар!
Аргымак атка мингенде кыргыз эрлери,
Бүрүшѳ түшѳт жок кылам деген жамандар.
Жүрѳгү тоодой кыргыздай элди тапкыла,
Саны кѳп айрым чогулган сары самандар!

Сан жагын карап саябан бакмын дегендер,
Адашат кѳбү, кыргыздын кѳбү – кеменгер.
Келтирип туруп кеп айтып калса арадан,
Ойлойсуң кээде кѳбѳйүп барат жахангер.
Ыкшоолук жагы алдына адам чыгарбайт,
Кыргызда бүгүн ушинтип түшѳт беделдер.

Теминип кыргыз тээк болуп дүйнѳ аштаса,
Термелип бармак дүйнѳнүн түрү таптаза.
Түбү жок дүйнѳ чиритип салды кыйласын,
Кыргыздын жолу эзелтен эле башкача.
Үйрѳтѳм акыл кыргызга бүгүн дегендер,
Ойлонуп кѳрүп үйүндѳ калып шашпаса.

Шаштысы кеткен кыргызды кѳргѳн бар бекен?
Кымызды жутуп тоолорду карайт таң эртең,
Четтиктер келип кѳтѳрүп тоону кетсе да,
Жүргѳнүн кѳрчү кыргыздын баары кабелтең.
Тоолоруң тешип, кендерин ташып кетти го,
Кѳшүлүп уктап ойлонот: жерим – бай мекен!

Баймабай каттап алтының гана албастан,
Четтиктер басып баалуулук издеп арбашкан.
Азамат кыргыз! Кең пейлиң барын билебиз,
Четтиктер сени бири да калбай алдашкан.
Айыбың айтсам ойлонуп кѳрѳр бекенсиң:
– Айрымдар неге жериңден кетпей жармашкан?

Кансырап жатсаң алынды сурап келбесе,
Дүйнѳсү түгүл жериңди тартып ал десе,
Ар кими чоюп кыргыздын жерин бѳлүшүп,
Жеринде кыргыз кыргыздын ѳзүн ат десе,
Кереги барбы улуттун кичи, кереги,
Ушунун ѳзү ѳлкѳгѳ зыян жат нерсе!

Чагымды салып чалкая карап турушса,
Сынашып турат: кимиси жеңет урушта?
Кагылам кыргыз! Канчага дейре мокойсуң,
Башчылар айтат: акырын кургыз, урушпа.
Урушпай кыргыз туралат кантип айткыла,
Кыргыздын ѳзүн жеринде кыргыз курутса!

Айкѳлдүк кылса кыргызды тепсеп барган бар,
Ошонун бары дѳѳлѳтүн кыргыз алгандар.
Кылчалык дагы кыргыздар кыргын салбады,
Кыргызды жээрип жок кылам дешет камандар.
Ишке ашып бүгүн кеткени турат абайла,
Жерине кыргыз кѳз арткан канча амалдар!

Кемиген жериң кемтигиң кайра толгончо,
Тобокел кылып бириккин кыргыз оң жолго.
Кудайдан келген акылдын сыры ушунда,
Кунүгѳ эле топтоло бербе тойлорго.
Жылдыздар тегиз жардамга келет кыргызым,
Чамынса дагы тие албайт бири коргоолго.

Койлорун жайып кыргыздар жүргѳн чагында,
Башкалар барды башына үкү тагына.
Кыргызым эми колуңа ал иштин тармагын,
Барбагын эми четтикке түгѳл багына.
Чет жерден келген акылдын барбы кереги,
Кыргыздар ѳзү чыгышсын Дүйнѳ Тагына!

Тѳбѳңдѳ турган Теңирге карап сыйынгын,
Кыргыздар ѳзү Тирѳѳчү болот Кыйындын.
Кыр-кырлап эле жүрбѳстѳн бүгүн баш кошуп,
Багытын билгин кыргызга керек сырыңдын.
Артынан Манас ээрчисең ѳзү кѳргѳзѳт,
Тирегиң Манас түбѳлүк созчу ырыңдын!

Элинде кыргыз жашаган башка журттарды,
Башкара билгин, байлыкка бүгүн куштарды.
Байлыгын топтоп тор жайып дүйнѳ кезишет,
Сыйлаган болсоң берилип сүйѳт ит дагы.
Итчелик жокпу, кыргызды сүйѳ билбесе,
Жеринен кыргыз кетишсин калбай бүт баары!

Кыргыздын тилин, кыргыздын дилин сыйласа,
Кыйналып кыргыз турганда кошо ыйласа,
Шѳкѳттѳп ѳлкѳ кѳрк кошуп барса кѳркүнѳ,
Бир боорум дешип кыргызды такыр кыйбаса,
Тилинде кыргыз тилиндей эне сүйлѳшүп,
Ѳлкѳсүн кыргыз жамандык жакка бурбаса –

– Анда эле алар калышсын кыргыз жеринде,
Бир тууган болуп сыйлашып турса элимде.
Кыргыздар баштап алдыга ѳлкѳ тармагын,
Улуттар башка жараса анын тээгине.
Жаралат ѳлкѳ дүйнѳгѳ түркүк болалчу,
Ѳлкѳсү Кыргыз Бейиштүү Кыргыз жеринде!


Негизи Кыргыз дүйнѳдѳ калк го аты улук!
Өмүрбүбү БЕГАЛИЕВА. 
22.06.2010. 10:45 -14:13.
Jul 20

Калмурат..

Таланттуу акын жана обончу Калмурат РЫСКУЛОВ.

Таланттуу акын жана обончу Калмурат РЫСКУЛОВ.

************************************************************

«О Б Л И В А Н И Е»

Бир күнү ал: «Сенин бир сандык китебиңе тете бир китеп таптым!» деди.
– Ой, болсун, ал кайсы экен,-  дейм. «Порфирий Ивановдун «обливание
» жөнүндө китеби»  деди.
– Эми, муздак суунун кереметин бир шумдук жазыптыр, биз  ошону билбейт экенбиз да, ден соолук, узак өмүр, жан дүйнө…айтор бүт ошондо экен, – деди. Анан ал китепти барактап жатып калдык. Бирок, эмне дебейсиңби, мага ал китеп эмес Какенин ошондогу жаны калбай берилген кызыгуусу болду. Эми муну кайдан жүрүп таап алды дейм. Ал дайым ошондой эле. Жаңы, адаттан тыш, кызык нерселерди илип алчу. Дүйнөлүк көп кызык нерселерди айтып калаар эле. Бөлмөдөн бөлмө, квартирадан квартира алмаштырып, тирилиги үчүн да шарт куралбай жүрүп буларды кайдан жүрүп окуп алып атат деп калаар элем. Бирок анын дээри ошондой болчу. Умтулуусу ошондой болчу. Өмүрүн, келечегин, жан дүйнөсүн ал ошондой бийиктен элестетчү. Бирок ошол тилек, үмүттөр ордунан чыкпай калган сайын Калмурат жан дүйнөсүндө  алааматка түшүп, чоң сынып, муздачу экен! Биз аны ошончолук тейде сезип сезбей, билип билбей калдык. Же дагы айтсам, аны жөлөп-таяп калуу колубуздан келбей калды…

Бир күнү экөөбүз Ак-Талаага жөнөмөк болдук. Жатаканадабыз. Эртең кетебиз деп сумкелерди салып, камынып жүрөбүз. Бир убакта ал үстөлүнөн туруп эшикке чыгып кетти. Менин дептериме бир нерсе чиймелеп атыптыр болчу. Эрксизден ачып карасам: “Эртең айылга чыгам. «Жаңы –Тилекке» (айылы) жаңы  тилектер менен баратам!!! деп жазып коюптур. Ошол дептер менде эмгиче бар. Ооба, Каке көп ирет күчтөндү, далай ирет көкүрөгүнө чоң максаттарды түйдү. Ал ошол үчүн болгону 30 жыл жашаса да оттой күйүп жашады. Ок болуп атылып чыга алды. Кыргыздар ой-кырлап жүрүп эргип ырдаар обондору калды. Бирок ырас, ичиңде бул өмүргө «кекенип» жүргөнүңдөн соң, сен мындан дагы көбүрөөк сергектик кылышың керек эле. Ошондо дагы далай ырларың чаң баспай арабызда, обобузда  шаңшып турмак эле.. Эрксизден ойлойм да, ошол сен айткан «обливаниени» өзүң да түзүктөп колдонгон жоксуң го досум. Өзүңдү ойлобосоң да ыр жандуу тоолук элиңди, өзүң айткандай «саналуу» ырларыңды ойлосоң болмок.     

Эки жылга аяк басты. Баягы Каке айткан Ивановдун «обливаниесин» кайра интернеттен таап чыктым. Күндө ошол ыкманы колдоном. «Азыр…» дейм. Көзүмү жумам. Жарык, жакшы нерсени ойлойм. Анан даяр турган кашкайган муздак сууну башыман ылдый койо берем… «Суу. Жарыктык аккан суу» дейм. Бу дүйнөдө өмүр да, бакыт да, ден соолук, ийгилик да баары адамдан алыс эмес. Алардын баары сага жакын эле жерде, колуңа кармалып, көзүңө көрүнүп жүргөн болот. Сен болгону ошого абай салышың керек, колуңу сунушуң керек дейм. Анан Какени эстейм. Студент кезде жыйган сен айткан сандык китеп канча мага жардамчы билбейм, бирок ушул Суу мага күндө канат бүткөрөт дейм.    

Сени дагы айтып тураарбыз досум. Өмүрдүн салтын улап дагы узак жолдорго чыгаарбыз, Жаңы Тилектер менен!…

Жеңишбек ЭДИГЕЕВ.  Женева, Швецария. 20.07.2013.

******************************************************************************************************************

К А К Е..

Күзгү да. Күзгүнүн алдында мен. А менин артымда – чач тарач. Ал адатынча күлүп коет. Мен дагы. Бул батыштын салты. Ал мага жагат. Күлгөндөй эмес ыйлагандай болуп турсаң да күлөсүң. Жакшы экен да. Аз болсо да. -Кандай кылып кыркам, – дейт. Кандай айтсам да каалаганымдай болбосун билсем да айтып кирем. Ал кыркып кирет. А мен чач тарачтын күзгүсүндөгү тааныш ойго кирем… Анда да күзгү да. Бирок ал сынык. Жыгылып кетпесин деп дубалга жөлөп койом. Артымда Калмурат. Ал чач тарач. Ооуу, ал чачтын укмуштай устасы эле. Тарак менен кайчы табылса эле анда болду! Каке катырчу. Жатаканадан. “Эй башыңды кыймылдатпачы” деп катуу кысып коер эле. Ошол кысып койгону, колу, анын кыймылы, анын деми бүт жадымда калды. Анан кечээки же кайдагы бир окуяларды айтабыз, каткырабыз. Сынык күзгүдөн карашабыз. Баса, кайчы, тарак анан гезит да керек болчу. Салганга. А мен гезитти өлө чогултаар элем. Таңгакка барчумун да “мейличи” деп туруп бирөөнү сууруп алчумун. Сууруп алсам алакандай бир жерин мурда кайчы менен кыркып алыпмын. Ал эмне эле? Жаштыкка жаккан ошол кыркым эмне эле? Дегеле, жаштыкка азык эмне эле? Жаштыкка деги тоебу? Биз көп өкүндүкпү? Өткөндөргөбү? Калмуратка обон кайдан келди? Мынча өкүттү кантип кошту ал обонго? Ошол каргаша күнү Калмуратты тегеректеп турбадыкпы. “Силерге жүзүн көргөзөйүн” дебеди беле агасы. Анан көрбөдүк беле… көз көрбөш үчүн да керек деп… балким көрбөй коюш керек беле..? А азырчы. Убакытты айтам. Отуздан кийин өмүр суудай агат экен дешип, улам жырган жерин тосо албай калат экенсиң дешип… тимеле алдастайт экенсиң дегиче мен чочуп… “Месийө бүттү!” десе артымдагы чачтарачты карап, көрсө бүтүптүр. Күндөгүдөй, адаттагыдай, ичим чыкпай, ээч кими , ээч бири Какенин кайчысындай кыркпаганын карап, калп эле “жакшы-ы, чооң рахмат” деп, мылжыйып тимеле. Салт ошол. Адат ошол. Бир жолу сурагам. Чачтарачтын окуусу канча десем үч жыл дешкен. Көрсө, шыкты, талантты окуудан таппайт окшойсуң да. “Жаңы-Тилектин” жарымынан көбү комузчу. Комузду ошолордон үйрөнгөм” деген Какени бир ойлоп, обондукту он күн окубай туруп эмгиче ойго салган обондоруңду бир ойлоп акырын жолума түшөм. Күндөр өтүп, азыр бизге азык эмне деп, өмүрдүн “кайчы менен кыркып калчу” керектери көп калса экен деп, үйгө кетчү бир тааныш автобустун номурун карайм, күтүп.

Мен эле, ЖЕҢИШ.  Швецария, Женева шаары, 23.12.2015.

******************************************************************************************************************

Jul 15

Тагдыр..

08 foto 1*****************************************************************************


«К Е Л С И Н К И Г Е»   К Е Т К Е Н   Ж О Л


Тагдырдын тайгүлүк ташына дабаа жок экен. Кайда тоголонуп, кайда жумаланаарыңды билбейсиң, бирок жашооңдо бир жерге тоголонуп барып, «топ» этип түшүп калгандан кийин эсиңе келе баштайт тура, өткөн-кеткениңдин баары көз алдыңда тасмадай чууруп…

Анда Совет доору күжүлдөп турган учур. 70-жылдардын ортосунда мектепте Коом таанууну жана Тарых сабагын окуткан Туратбек деген агайыбыз бар эле. Ички үй тапшырмадан тышкары дүйнөлүк жаңылыктардан дагы окуп келүүбүздү талап кылып, ар кимибизге чет өлкөдөн, борбор шаарларынан бирден моюнубузга «илип» койчу. «Советтик Кыргызстан», «Ленинчил жаш» деген гезиттерди тынымсыз «уйпалап», узун-туурасынан кыркып, жаңылык топтоп эле жатып калмай адатка айланган. Аны көпчүлүгү гезиттен кесе коюп, дептерге чаптап туруп окуп берип коюшат.

Мен болсо эринбей көчүрүп жазып алып, анан окуп берем. Ошон үчүн мени Туратбек агайым мактап-жактап башыман сылап коёт, ага менин мурдумду «балта кеспей» дердейип калам. Гезиттерди ача калып эле издегеним Финляндия менен Хельсинки. Мага туш келгени ушул өлкө менен анын борбору болчу. Гезиттердин четиндеги «колонкаларда» жалаң чет элдик, дүйнөлүк кыскача кабарлар тизилип турчу. Ушул эки атты көргөндө кудум энем эркек төрөгөндөй кубанып кетет элем, эмне дегенде кээде чыкпай, таппай калганда Туратбек агайдын тиштенип, ызырынганы көзгө элестей түшчү. Кыялы чатак эле да.

Андан тышкары эки классташ кошуна кыздарды да «шефке» алам, бирине Токиону, бирине Ослону таап колдоруна карматам. Ал кылган «жакшылыгымды» классташтарым Салкын менен Алымбүбү эстеринен эмдигиче чыгарышпаса деле керек. Ошол, ошону менен онунчу классты бүттүк. Ал тапшырмалар, «Финляндия», «Хельсинки» деген аттар таптакыр эстен чыгып мекткепте эле калган. Унутулган.

Мынакей кызык, туптуура 33 жылдан кийин, 2009-жылдын күзүндө Алматы шаарындагы БУУнун (ООН) эл аралык бозгундар бөлүмүнөн «сизди Финляндия өлкөсү өздөрүнө кабыл алууга макулдук беришти, даярдана бериңиз» деген кабары ойдо жок жерден Финляндияны экинчи ирет эске салды. Бир күндөн кийин мектептеги баягы тапшырма менен Туратбек агайым эсиме түшүп, катуу таңгалган жайым бар. «Келсинкиге» кетчү жолдомону Туратбек агайым тээ 1976-жылы мектептен эле колума карматып койгон турбайбы дегем.

Баардык шарты менен орто деңгээлде салынган финдердин орто кабат үйлөрү. Эспоо шаары.

Баардык шарты менен орто деңгээлде салынган финдердин 4-5 кабат үйлөрү. Эспоо шаары.ТУЗ НАСИП.

 Т У З   Н А С И П.

Финляндия дегенде биринчи эле билгенибиз ошол кездеги айылдардагы жыгач үйлөр, ачыктап айтканда «финский домдор» эске түшөт. Андай үйлөр көп боло турган эле, колхоздун ар бир кашарында бирден «финский дом» турчу. Союз тараары менен аларды да тыптыйпыл талкалап жок кылышты. Жыгач-таш тартыш болуп, көздөн учуп турганда ал үйлөрдүн кимге кереги бар? Экинчиси «финский сауна». Аны кийин шаарга келгенде уктум, анда-санда барып буусуна тердеп, чумкуп да койчумун.

Тагдырдын тамашасын карагыла, мына бүгүн, азыр мен ошол финдердин өлкөсүндө «финский домунун» орточо типте салынган үйүндө жашайм. Муну мен туз насип, буйрук деп түшүнөм. Эмесе «ушул өлкөгө келип жашап калам» деген ой эзели түшүмө да кирмек эмес, «топ» этип түшүп калсаң тагдырга айла жок экен. 33 жыл мурун гезиттен эмнелерди окуп, айтып-дегеним эсимде жок албетте, бирок азыр, бүгүн Финляндия жөнүндө айта турган сөзүм оголе көп. Себеби бул өлкө өнүккөн, өскөн, жетишкен, байманасы ашып-ташыган, Европа айдыңындагы өлкөлөрдүн эң алдыңкы сабында турган бирден-бир эркин жана бай мамлекет.

Үйрөнүп, үлгү ала турган жактары четтен табылат, ченемсиз, көп. Биздикиндей, өнүгө албай, өнтөлөп, кыйналып жаткан өлкөгө баары керектей, баарын туурап жасасак, уялбай эле ушуларды ээрчисек болчудай экен. Анткени, аракет кылып, умтулуп, жанталашып иштеп, мыйзамды мыктылап жазып, жазылганын иштетип, сыйлап, темирдей тартип орнотуп койсо эле байлыгы деле, айлыгы деле, өнүгүүсү деле өзү эле жүзүн бурчудай, чуркап келчүдөй экен. Улуп-жулбай эле, элдин эсебинен ичип-жебей эле жетиштүү жашашат экен, капырай..
Чоролору деле, орто-майдалары деле. Баардыгы тегиз, теңчилик. Басып баратып эле байкайсың, бай жашагандарды. Бирок алардын бай экенин өзүнөн башка эч ким деле билбейт, билгиси да келбейт, кызыкпайт. Бакырып-өкүрүп атпаса, аким, депутат, президент болом деп атпаса, тоого бир, ойго бир «хансарай» салып, жалаң «жолтандабас» минип, жоруктары жолдо калып атпаса, кимдин иши, чатагы бар бири-бири менен. Муну мен жетишкен коомдогу жөпжөнөкөй, менменсинип-теңсинбеген, чычайып, тыңсынбаган, өпкө кагып, өйдөсүнбөгөн, кадимкидей эле кайнаган карапайым жай турмуштары жөнүндө айттым.

Акыл үйрөткөндөн алысмын, андай оюм деле жок, бирок «көрүп- билип жатканымдан бөлүшөйүн, аздыр-көптүр айтып берейин, бири болбосо биринин пайдасы тийип, керекке жарап калабы» деген максат, үмүтүм күч. Булар деле кадимкидей бизге, кыргыздарга окшогон эле эл экен, эки колдуу, эки буттуу, баштары деле биздикине окшош, тоголок. «Келгиндердикиндей» баштары башкача, сүйрү болсо бир жөн эле, ошон үчүн булардын «иштерин ийгилик даарып, иттери чөп жеп жатат» дегидей.

Кээде айтып калышканын көп угуп жүрөм, «финдер менен кыргыздардын түп-тамыры биригип кетет, тууган» экен дешкенин. Эч кандай финдер менен кыргыздарын жакындыгы, тамыры, туугандыгы жок. Бир аз окшошуп кеткен мындай жагдайы бар экен: Элинин саны 5, 401 миллион, жеринин аймагы 338, 424 миң кв метр. Кыргызстандыкы: элинин саны 5, 543 миллион, аймагы 199,9 миң кв метр. Уйкаш эки сөздөрү бар, «Менин» дегенди «Минун», «Сенин» дегенди «Синун» деп койушат. Анан буларда да биздикиндей «ө», «ң», «ү» тамгалары бар. Болду.

 

Хельсинки шаарындагы Улуттук китепкананын ишки көрүнүшү.

Келсинки шаарындагы Улуттук китепкананын ички көрүнүшү.

Финдерди сыйкырчыбы дейин десем сыйкырчы деле эмес экен. Бирок жомоктогудай, сыйкырдуу дүйнөдө жашашат. Телегейи тегиз, бизде айтышат го, ар бир кыргыз кыялданып, «кой үстүндө торгой жумурткалаган заман» дешип, сөз жүзүндө гана тамшанып, а булардыкы баардыгы тең иш жүзүндө. Биринчиси, жакшы жашаш үчүн жакшы ойлонуп, аң сезимди оңдоп, ар бир адам өз милдетин так аткара билип, аруулук, тазалык, жоопкерчилик болушу кажет экен. Булар ушул сапатка ээ болуп алышкан.

Элдин жашоосу эмнеге начарлай баштайт. Иштебесе, үйүндө жарыгы, көмүрү, газы, жадагалса ичкенге суусу жок болсо, эртеңки, дегеле жакынкы келечегине көзү жетпесе, үмүтсүз кандай жашоо болот. Адам дегениң мындай учурда ууруга барат, же бирөөнү карактайт, тонойт. Жашоо жанына батып турган немеге баары бир, карактай турган адамы каршылык көргөзсө изин жашыруу максатында же жарадар кылат же өлтүрөт. Жыргабайт, ошол замат таза коомдон бөлүнүп түрмөгө жөнөйт. Өнүгүп-өсалбай, өпкөсү кагынып турган өлкөлөрдүн өнөкөт оорусу, табалбай, андан арылалбай жаткан «диагнозунун» бирден-бир себеби ушул деп койсок болот.

ТЕЗЕК ТЕРБЕЙ ЭЛЕ ТЕЛЕГЕЙЛЕРИ ТЕПТЕГИЗ.


«Финский дом» демекчи, эң ыңгайлуу, жыпжылуу, 90 пайыз жыгачтан салынган үйлөр. Биздеги үйлөргө кеткен чыгымдарга салыштырмалуу дээрлик арзан. Дубалы деле анча калың эмес, бирок жылуулугу мыкты.

А биздечи, дубалдарынын калыңдыгы жарым метрге жакын, кирпичтен салынган үйлөрдү жылыталбай ушул күнгө чейин убара болуп отурушат го? Кайсыл мезгил болбосун, күндүзү да, түнү да жылуулук менен жарык өчөт деген түшүнүк жок. Болгондо да бүтүндөй тирилик, кыймыл аракет, күнү-түнү дебей жалаң электр энергиясынын күчү менен жүргүзүлөт. Жылуулук берген батареялар атайын автоматтатшырылган, сууктун болушуна жараша иштейт. Дал ушундай үйлөрдү биздин жерге, элибизге куруп беришсе гана деп коём ичимден тамшанып. Абдан ыңгайлуу, кыйла арзан дагы болмок, атаганат!

Электр энергияны чектеш Орусиядан алышат. Негизинен коңшулаш Санкт-Петербургдагы АЭС камсыздайт экен. Түнкүсүн жарык күйбөгөн аймак жок. Токой ичиндеги жолдордон бери жапжарык. Жайкысын «буурул түн» маалында деле жаркырап күйүп турат, анткени түнкү убакыт деп эсептелинет. Көмүр казышпайт, газдары деле, ГЭС тери деле жок. Көзгө басаар, алтынга тете байлыгы токой, керемет жаратылышы, болгону ушул. Башканын баарын бөлөк өлкөлөрдөн кызылдай эле акчага сатып алышат.

«NOKIA» Компаниясынын баш кеңсеси. Нокиа шаары.

«NOKIA» Компаниясынын баш кеңсеси. Нокиа шаары.

Финдердин жыгач материалдарды кайра иштетүүчү UPM-KYMMENE и STORA ENSO компаниясы дүйнөгө атагы чыккан эң ири ишканалардын бири. Бүгүнкү күндө күпүлдөп иштеп жаткан таанымал ишканалардын басымдуу көпчүлүгү өздөрүндөгү эле байлыгы болуп эсептелген жыгачтарды кайра иштетүү менен алектенип жүрүшүп буттарына туруп алышкан. Ал эми «Финн экономикасынын сыймыгы» аталган NOKIA компаниясы 1865-жылы целлюлозду иштетүүчү чакан завод менен ишмердүүлүгүн баштаган. Азыркы учурда компания чыгарган продукция дүйнө жүзүндөгү 160 мамлекетке кетет. Бүгүн бул ири ишкана 123 миңден ашык адамды иш менен камсыз кылып жатат.

Ар жыл сайын Орусиядан алынган мунайзаттарынын бир жылдык көлөмү, жалпы баасы 900 миллион евронун тегерегин чапчыйт. Орусиядан бөлөк мунайзат азыктарын бул өлкөгө Норвегия 30 пайыз, Великобритания 15 пайызга жакынын камсыз кылып турушат. Жаратылыш газы деле дал ушундай жол менен келет. Ортодогу аласа-бересени көпчүлүк учурда бартердик негизде жүргүзүшөт.

Жумушсуздук буларда да бар, бирок аз. Аларды мамлекет «эмне болсоң ошо бол» деп талаага таштап салбайт. Ай бою жашоосуна жеткидей каражатты берет. Ал ошону айдын аягына чейин «кемирет», кайда барат эле, курсагы ток, ичип жеп жатса. Уурулук кылбайт, карактап-тоноп жиберейин дегенди билбейт. Акчасы түгөнүп, эки жакты элеңдей баштаганда эле эсебине кайра акча түшүп калат. Бутуна туруп, баарын ирээтке келтирип алган өлкө мындан жарды болуп деле кетпейт. Тескерисинче пайдалуу жактары көбүрөөк болот экен. Кылмыштуулук, ууру-кескилердин саны кабаттап өсүп турса, түрмөгө адам батпай турса, ошол жумушсуздарга берилген каражаттан канча көп эсе көп каражат сарпталат.

Коомдогу терс көрүнүштөрдүн деңгээли асмандап, саны ай чапчып турса кайдагы өсүш, кайдагы жылыш. Ичкендери деле бар, (бул нерсе бүт дүйнлүк «эпидемия» экени талашсыз эмеспи) ичишет, бирок үйлөрүнөн чыкпайт. Көчөлөрдө, коомдук жайларда мас болуп, тамтаңдагандар жокко эсе. Кафе, ресторандарда ашыкча ичип алып «тентек» кылгандарды дароо каттоого алып коюшат жана экинчи ал чөлкөмгө келүүсүнө тыюу салышат. Эгер ага баш ийбей кайра келсе катуу жаза алып калышы толук мүмкүн.

Тереңдиги эки метр келген таштанды «контейнерлер».

Тереңдиги эки метр келген таштанды салган «контейнерлер».

ЭМНЕСИ ТАТААЛ?.

Кай жерде болбосун таштанды маселеси өтө көйгөйлүү жумуш. Чоң шаарларда көйгөй андан да чоң. Бирок аны деле мелтиретип, иритип-чиритпей, ирээтке сопсонун келтирип койсо болот экен. Үйүлүп-жыйылып, чачылып жаткан учурлар дегеле болбойт. Чакан шаарлар менен айылдарда таштанды үчүн атайын «домиктер» турат. Ага ар бир адам таштандысын ирээттеп, сорттоп салат. Кагазын кагаз салчуга, тамагыныкы өзүнчө, темир-тезек, жыгач-таш өзүнчө, бөлөк. Туш келди, кааласа сыртына ыргытып жиберишпейт. Шаарлардагы «контейнерлерин» жерге үч метр тереңдикке казып орнотуп, ичине атайын мешокторду кийгизип коюшкан. Атайын кызмат аны ар үч күндөн калтырбай келип зымылдатып тазалап кетет. Чачылган таштанды эмес, тиш чукугучтун бир талын көрбөйсүң.

Жүргүнчүлөрдү ташый турган унаа каттамдары кайсы гана жерде болбосун, шаар ичиндегилер, шаар аралык, автобус, трамвай, электричкалар ж. б. бүтүндөй техника кадимки сааттай, минут, секундуна чейин тактык менен иштейт. Ортосундагы аралык 10-12 мүнөт болгону. Баардык каттамдар бир дагы адам түшпөсө деле кадимкидей каттап, иштейт, жүрө берет.
Автоунааларды техникалык кароодон өткөрүү ушундай жолго коюлган, эгер сатыла турган унааңдын бир эле тетигинде болоор-болбос мандеми болсо ал кароодон эч качан, эч жерден өтпөйт. Демек унааңды сата албайсың, аны эч ким албайт. Ошол кемчилигин ордуна койсоң дароо мөөр басылат. Кароодон өтүп жатканда дөңгөлөктүн желиминдеги быдырына чейин текшерет. Баланча стандартка жооп бербесе да болбойт, алмаштыруу керек.

Бул өлкөдө эскиби, жаңыбы бир дагы автоунаа калдырап-шалдырап, же бузулуп жолдо калат деген кооптонуу дээрлик жокко эсе. Жыл сайын болгон унаа аттуунун баары кадимкидей техникалык кароодон өтөт. Бардык жерде анүчүн төлөнгөн каражат бир гана мамлекеттин чөнтөгүнө түшөт. Дөңгөлөктөрдү ооштуруу 1-октябрдан баштап кышкысы салынат. Ооштурбасаң бул дагы өтө чоң тартип бузганга жатат. Курду автоунаага отурган ар бир жүргүнчү милдеттүү түрдө тагынышы керек. Ал эми бири-бирине унааларды берүүдө эч кандай ишеним кат (доверенность) деген болбойт, берилбейт. Ал бир барак кагаздан адамгерчилик, абийир жана жөн гана ишеним алда канча жогору турат…

 

Шаар аралык темир жол каттамдар. Келсинки-Эспоо.

Шаар аралык темир жол каттамдар. Келсинки-Эспоо.

ЖАРАТЫЛЫШ, ЖАНЫБАР, КООЗДУК.

Жолдоруна сөз жок, керемет, мелтирейт жөн эле. Алыс жолго чыгып калсаң көшүлүп уйкуң гана келет, түздүгүнөн. Бир дагы жеринде жолдор бири-бири менен эч качан кесилишпейт. Айлампа (кольцо) жана жалаң асма көпүрөлөр. Темир жолдору андан бетер. Бүт өлкөдөгү түрдүү каттамдар биринен сала бири шака-шак, шака-шак. Айыл чарба унаалары үчүн жолду жээктетип өзүнчө салып коюшкан.

Финляндияны дээрлик бүт токой каптап тургандыктан жол тилкелери жалаңтокойдун ортосунда. Бүтүндөй токойлордун чети тор сеткалар менен түптүз болуп тосулган. Бул табиятка, жаратылышка жана жапайы жаныбарларга болгон камкордук.

 

Мелтиреген авто жолдор. Эспоо-Вантаа.

Мелтиреген авто жолдор. Эспоо-Вантаа.

Көпчүлүк жерде атайын багыштын сүрөтү тартылган жол белгилери турат. Ылдамдыгы жогору жолдогу эң коркунучтуу жаныбар ушул багыштар. Токойдон атып чыгып, жолду кесе чуркаган багыштар жол кырсыка чоң себепкер болуучулардын бири. Жапайы канаттуулар кыргоол, өрдөк каздар, коёндор үйлөрдү аралап, кадимкидей эле жүрө беришет. Ага көңүл буруп, артынан аңдып, кубалап, аткылап ийген адамды көрүш кыйын. Эпадам кимдир бирөө ушундай кадамдарга барууну көздөп, аларга кол салса аны көзү чалган эле фин ошол замат полициялык бөлүмгө билдирип коёт. Ан үчүн тиешелүү айып төлөп, «экинчи ирет кайталанбайт» деген тил кат жазып берип кутулат.

Мергенчиликти, аңчылыкты мөөнөтүнө жараша чектелген аймактарда гана жүргүзүүгө болот, расмий уруксат аркылуу гана. Балык уулоо үчүн уруксат кагазды (лицензия) бир сезондукун каалаган күркөдөн 15-20 еврого сатып алууга болот. Токой-чердин жыштыгына эле шерденип, ыраазы болуп отурушпайт, уруксатсыз бир дагы бутакты сындырышпайт. Тескерисинче, качан болсо да көчөт отургузуу финдер үчүн өнөкөткө айланган. Ачык жер калтырбаганга аракети зор. Бош, пайдасыз жаткан жерлерди табуу кыйын. Токойлордун арасындагы ачык тилкелер дээрлик бүт бойдон айдалып-себилет.

Алардын баары ушунчалык ирээттүү, тыкан иштетилгендиктен айыл чарбасына тиешелүү эмес эле атайын жасалгаланган футболдун таалааларына окшошуп кетет. Мындан тышкары Финляндия өлкөсүндө 188 миңден ашык майда жана чоң көлдөр бар. Арасында көптөгөн жасалма көлдөрдү да көрүүгө болот. Бул көлдөр жалпы аймагынын дээрлик он пайызын түзөт.

 

Айыл чарба плантациялары.

Айыл чарба плантациялары.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ.

Бул өлкөнү жер шарынын түндүгүндөгү бирден бир өнүккөн агрардык өлкө деп койсок болот. Айыл чарба жумуштары жалпы аймагынын сегиз пайыздан ашыгыраагын түзөт. Айдоочу жерлери 2,4 млн. гектарды ээлейт. Мал чарбасы менен жерлерди иштетүү акыркы үлгүдөгү техникалар менен эң жогорку деңгээлде механизациалаштырылган. Сүт өндүрүүчү фермаларындагы абал: мисалы, 250 саан уй кармалган фермада болгону эки адам алмашып иштейт. 70-80 пайыз жумуш автоматташтырылган.

Жылына айыл чарба жумуштарында иштегени 15 миңден ашуун чет элдиктер келип кетишет. Негизинен алар кулпунай, кожогат, козу карын жана башка мөмө-жемиштерин жыйноого салымдарын кошушат экен. Кой этин өндүрүү акыркы эки жылда 20 пайызга өскөнүн айтышты. Былтыр бир миллион тонна кой эти төгүлгөн. Бирок ушу кой этинин жакшыраагын табуу кыйыныраак. Эт комбинатынан дүкөндөргө түшкөн эттери аман эле болсун. Уйдукун да, койдукун да майын шыпырып алып чылгый кара кесегин үйүп коюшат. Же даамы болсочу. Халестерини көп, семирип кетишет имиш.

Бирок көпчүлүгү семиздер, алар кайдан, эмнеге экенин биле албадым. Майлуу эт жеп көнгөн жаным бир кой сатып алалбай куурадым. Сатышпайт, саткандан коркушат экен. Эмне дегенде ар кандай жугуштуу оорулар же этинен кемчилик чыкса түз эле саткан адам жооп берип калат экен. Ошондуктан баардыгы эт комбинаты аркылуу гана дешет. Эт кымбат. Кой этинин бир килосу 8-10 евродон өйдө. Уйдуку деле ушундай. 30 еврого чейин жетет.

 

Фин өлкөсүнүн Парламенти. Эдускунта.

Финдердин Парламент имараты. Эдускунта.

БИР ШИҢГИЛ САЙАСАТ.

Саясат демекчи, анын бар-жогу деле байкалбайт. Себеп дегенде ар кандай шайлоо өнөктүктөрдүн өтүп-өткөнү анча деле абырап-дабырап, ызы-чууга айланбайт. Албетте жогорку мамлекеттик кызматтар арасында, саясый партиялар ортосунда, атаандаштык, ич ара тирешүүлөр тымызын жүрбөй койбойт деңизчи, бирок биздин шайлоолор өңдүү өлкөнү үч көтөрүп, элди экиге, ал эмес жетиге бөлүп, чаңын сапырып жиберет деген түшүнүк жок.

Эң жогорку бийлик бутагы болгон Президенттик, Парламенттик (Эдускунта) шайлоолордун жүрүшүн, өтүшүн анчалык деле шаан-шөкөткө айлантышпайт, бирок шайлоочулардын катышуусу, активдүүлүк жогору. Эң башкысы, уруу-уруу, тааныш-билиш, туугандык, түндүк-түштүк деген «оорулардын» жыты да сезилбейт. «Сиз кимди колдойсуз, кимиси күчтүү» деген суроого жооп алуу мүмкүн эмес. Себеби, ар бир шайлоочу өз жүрөгү тандаган адамга өз укугун пайдаланып добушун берип коюп баса берет.

Өлкөдөгү эң жогорку мыйзам чыгаруу бийлиги Президентке жана Эдускунтага – өлкөнүн Парламентине түздөн-түз баш ийет, а аткаруу бийлиги Президенттин жана Мамлекеттик Кеңештин карамагында. Баш мыйзам боюнча Президентти бүткүл элдик шайлоо жолу менен эки мөөнөттөн ашык эмес алты жылга шайлашат. Эдускунта – өлкөнүн бир палаталуу парламенти. 200 депутаттан турган эл өкүлдөрү жалпы элдик добуш менен төрт жылдык мөөнөткө шайланышат.


Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, публицист.

Финляндия, Келсинки шаары, 2012-жыл.

Jul 13

Тилек..

Чынара САРБАГЫШОВА, Бишкек шаары.

Чынара САРБАГЫШОВА, Бишкек шаары.

Чынара САРБАГЫШОВА.


1969-жылы Токтогул районунда туулган. Азыр Бишкек шаарында турат. Чакан ишкерлик менен алектенет. Өмүрлүк жодошу Таластын кулуну. Бир уулудун сыймыктуу апасы.

 

 

 

 

 

 

 

 

«ЖАЛКООЛУГУҢ САБЫРЫМ АЛЫП БАРАТ»

 

душаЖалкоолугуң сабырым алып барат,

Көзүм эмес, көңүлдөн жашым тамат.

Жайдан гана санаасыз жүргөндөйсүң,

Жашоо үчүн мен жүрсөм жаным сабап.

 

Кыялың өзгөрүлүп кетти дейсиң,

Түшүнүүгө сезимиң жетпейт сенин.

Чыдамымдын баарысын сарптап салып,

«Чыргоолонуп бул катын көптү дейсиң»..

 

Эх, чыдоонун чеги да болот тура,

Сезим дагы дат басып, соолуйт тура.

Кээ кезекте тилимдин «чаңы» чыкса,

Түшүнүп кой жан биргем буга туура..

 

Балапандай сенин көзүң карап турган,

Байоо кезим өтүп кеткен алда качан.

Баасы жок «ажаанга» да айланамын,

Байкап өзүң турмуш жүгүн артынбасаң..

11.07.2013-жыл.

вишняТИЛЕГИМ.

 

Баалайм сени, барктайм сени Жараткан,

Баарыбызга бакыт болуп жарашкан.

Аз болсо экен адамдарда кайгыруу,

Канжар сайып жүрөгүңдү канаткан..

 

Сүйөм сени, аздектеймин теңирим,

Жашасак дейм улуу күндө керилип.

Жок болсо эмне адамдарда өкүнүч,

Жан дүйнөңдү турган дайым кемирип..

 

Баарыңарга сүйүү, үмүт кааларым,

Жаман ойду жакындатпай танамын.

Эл ичинде эмгек, тынчтык бар болсо,

Анда анык мен да бакыт табарым..

26.06.2013-жыл.

 

поэтЖАЗГЫМ КЕЛДИ КАЙРАДАН.

 

Жазууга ыр батына албай кайрадан,

Жылдар нечен калемимди албагам.

Жан дүйнөмдө азат болуп өчүштү,

Жакшы ойлор дайым мени жандаган..

 

Барктай албай кыйалымдын түйшүгүн,

Басып салып ойлорумдун оор жүгүн.

Бошко гана канча жылды учуруп,

Бармак тиштеп арман кылам мен бүгүн..

 

Жазбайм ыр деп мен өзүмдү алдагам,

Жазгым келди бүгүн сени кайрадан.

Жакшы ойлор – азыр деле кеч эмес,

Жазуу үчүн калем алып камданам..

15.02.2013-жыл.

 

энеЭНЕ ЖАНА НАРИСТЕ.

 

Бул жарыка жаңы келген кызыл эт,

Күткөн сени эли – журтуң сүйүнөт.

Азыр менин балкып көөнүм бакытка,

Тилеп турам узун өмүр, акыл – эс..

 

Капалыктын баарын алыс айдаган,

Жүзүң сүйкүм, эки көзүң жайнаган.

Алдейиңди кысып алып бооруңа,

Азыр сенден эң бактылуу барбы адам?

 

Жамандыктан Жаратканым коргосун,

Теңир Ата, Умай Эне колдосун.

Адам болуп актай көргүн наристе,

Апакеңдин таткан азап – толгоосун!.

09.06.2013-жыл.

 

кыргызКЫРГЫЗЫМ.

 

Кыргызым менин кыйырдан келген кымбатым,

Кырчылдап жоодо кырылса дагы сынбасым.

Кайратың азыр кай жака кетип баратат,

Карайлап калбай канатың серме – тур бачым..

 

Кыргызым элим жүрөгүн алган нечендин,

Тукумуң сенин бүт баатыр болгон «кечээ күн».

Көкөлөп көккө канатың жайып уча албай,

Кейпин да азыр кийбегин калкым бечелдин..

 

Кыргызым журтум унутпа наркын жетеңдин,

Урпагы сенсиң баатырлар менен чечендин.

Үшкүрүк жарып, унутка таштап өзүңдү,

Улуу бир калкым кийбегин кейпин кеселдин..

 

Кыргызым менин болоттон дагы бекемсиң,

Сыналган эркиң бир күндө эмес – нечен күн.

Кылымга дагы баш ийбей келген эркиңди,

Айткыла азыр «сындыра» алат экен ким?

09.06.2013-жыл.

Jul 13

Ийнелик..

Майа САТИЕВА. Маскөө шаары.

Майа САТИЕВА. Маскөө шаары.

САТИЕВА Майя Абдыгапаровна.

1977-жылдын 4-сентябрында Ош обулусуна караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү. Орто мектепти ийгиликтүу аяктаары менен эле турмуш жолуна аттанып, үй-бүлө күтүп кеткен. Эки кыз бир  уулдун бактылуу энеси. Учурда Орусиянын Маскөө шаарында жашайт.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ИйнеликИЙНЕЛИК…

 

Кирип алып терезеден кокустан,
Бир ийнелик күйпөлөктөйт чыга албай.
Ачтым дагы, бар учуп кет үйүңө,
Деп учурдум чыдап карап тура албай..

 

Кайдан билдим анын үшүп кетээрин,
Жамгыр турган бирин серин тамчылап.
Тили болсо азыр сүйлөп ийчүүдөй,
«Киргизчи» деп үшүп кеттим калтырап..

 

Ачтым кайра терезени кирди дароо,
Жаап койдум, бпсып кеттим көңүл ток.
Көп өтпөдү кайра эстеп карадым,
А ийнелик жатат жансыз кыймыл жок.

 

Акыл эстүү адаммынбы, киммин мен?
Билбедимби анын үшүп калаарын.
Ажал менен алпурушкан ийнелик,
Ойлобопмун мени ойго салаарын.

 

Шол ийнелик балким кай бир жашоодо,
Адам болгон же мен, же сен сыйактуу.
Же болбосо биз кийинки өмүрдө,
Ийнеликпиз, же макулук жан, айактуу..

 

Тирүүлүктө жакшылык кыл тирүүлөргө,
Тирүүсүңбү? Демек бизге ажал бирөө.
Байсың, бийсиң,
Ачсың, токсуң,
Кайдан келдиң?
Түндүк, түштүк..
Адамсыңбы?
Айбансыңбы?
Же бир байкуш ийнеликсиң..
Тирүүсүңбү?
Ажал бирөө, ажал бирөө, ажал бирөө!..

 

 

кайырчыКАРЕК ЖУУГАН КАЙЫРЧЫ.

 

Тааныш көчө күндө өтөм ал жолдон,

Өткөн сайын көчө толо эл болгон.

Бара жатып көзгө урунду капыстан,
Бир мунжу адам көздүрүнө жаш толгон.

 

Жаш дагы эмес пайгамбар жаш курагы,

Көчөдө эмес төрдө олтураар убагы.

Эки бутсуз арабада отурса,

Неге сынайт татаал тагдыр сынагы?

 

Ушул көчө ал байкуштун турагы,

Аны көрсөң көңүл чыдап турабы?!

Кайыр сунсам «Алла раазы кызым» деп,

Көздөрүнөн бермет тамчы кулады.

 

Өтөм күндө, күндө өтөм ал жолдон,

Өткөн сайын ал көчөдө эл болгон.

Бара жатып көзгө урунат эрксизден,

Шол абышка көздөрүнө жаш толгон.

2006-жыл. Бишкек шаары.

 

поэзияТИЙБЕГИЛЕ.

 

Мен акынмын жөн гана,

Өз ойумду ак барака түшүргөн.

Акча жемей,

алдап жутмай,

мансапкорлук,

жана дагы коррупция не экенин түшүнгөн.

 

Катуу айтпа,

мен жөн гана акынмын,

Көргөнүмдү ак барака түшүргөн.

Таштандыда таштай каткан ымыркайды,

кечээ көргөн, кош кат сойку,

ыргытаарын,

ошондоле түшүнгөм..

 

Мен алсызмын, жөн гана бир акынмын,

Жан дүйнөмдү ак баракка түшүргөн.

Кыйкырамын,

бүт ааламга,

оо адамдар, кайда кетти ыйман,

ынсап, боорукерлик,

Эч ким укпайт,

Муну да мен түшүнөм..

 

 ТААЗИМ.

 

Ыраазымын бул жарыка келгениме,

Жаратканым мага өмүр бергенине.

Кыбыраган бир муштум эт адам болуп,

Тизе бүгөм ата-энеме, эл жериме.

Байкайм дайым аткан таңдын улуулугун,

Кыш чилдеде сезем күндүн жылуулугун.

Эч бир каухар, берметтерге алмашпасмын,

Теңдеши жок, табигаттын сулуулугун..

 

поэтКЫЙАЛЫМ.

 

Уурдайын деп мен мезгилден бир тутам,

Эрте чыктым тосуп анын жолунан.

Бара жатып кыйалыма жаза кеттим,

Төрт сап ырды чыга калган ойуман.

 

Ал аңгынча мезгил учту шамал болуп,
Колум созо уучтап калдым кичине.

Качырбастан катып салдым аны мен,
Кыйалдагы төрт сап ырдын ичине..

 

Мен киммин? Жөнөкөй бир пендемин,
Андан башка кереги бар эмненин.
Менин бактым, кубанычым, максатым,
Элге жетсе эңсеп кылган эмгегим..

1995-жыл, Ош шаары.

 

жүрөкСУРАНАМ?.

 

Жардам берчи, унутууга,

бул күндөрдүн бардыгын,

Кулпулайын ачкыс кылып,

бул сезимдин сандыгын.

Билем сени, кетпейсиң,

же мени да кет дебейсиң,

Болом сенин өмүр бою

кайталангыс жалгызың..

 

Сен да унут сезимдерди,

бекем сактап каткының.

Жолдорубуз кесилишпейт,

өз бактыңа кайткының.

Мен жөнүндө бул чыгарма,

канчалык кооз болсо да улантпачы,

ал китепти ачпас кылып жапкының..

этахТАХМИНА

 

Эки бети быйтыйган, өзү сары,

Кашы сары, кирпиги, чачы дагы.

Жашыл-күрөң көздөрү ойноктогон,

Көзү ачык төрөлгөн наристе деп,

Келди чуркап ошондо көрүп баары..

 

Он жети жыл минтип зуулдап өтүптүр,

Он жети кыш, он жети жаз кетиптир.

Жапжаш кезде апа болдум арман жок,

Алп урушуп жашоо менен мен жүрсөм,

А перзентим минтип бойго жетиптир..

 

Арыкчырай, бажырайган көздөрү,

Акыл эстүү, орду-ордунда сөздөрү.

Кырдач мурун, жибек чач, оозу оймок,

Кубакай жүз, узун мойун супсулуум,

Кудум эле ак куу сымал көлдөгү..

 

Төрөп алгам, берекемди татына,

Төп келишкен аты уйкаш затына.

Апакелеп жүрчү дайым эркелеп,

Апакайым, асылымсың, көлөкөм,

Айым, күнүм, үмүтүмсүң Тахмина!.

Jul 10

Бейсбол..

БЕЙСБОЛ – АМЕРИКАНЫН УЛУТТУК ОЙУНУ.

(Баш сөз)

Жети атасын жана жетесин билүүнүн зарылчылыгы эмнеликтен экендигин түшүнгөн ар бир кыргыз бейсбол күйөрманы боло алат. 2013-жылы телевизордон көргөн бейсболдон 1880-жылдары менин ата-бабам көргөн бейсболдун ортосунда эч кандай айырма жок. Мен бейсболду абдан көпкө созулган тажатма оюн экендигине карабастан, жан дилим менен жакшы көрөм. Америкада турмуш абдан тез өзгөрүп турат. Ошого карабастан, бир гана нерсе өзүн баштапкысындай сактап кала алды. Ал – бейсбол. Бейсбол командалары (тайпалары) апрелден тарта октябрга дейре дээрлик күн сайын өз ара ойноп отуруп, жылына 162 оюн көрсөтөт. Бул оюндарды жашы-карысы дебей күн сайын көрүп турат. Мен бала кезде атам жылына кеминде он оюнга алып барчу. Элесетиңиздер – кырк миңден ашып күйөрман көпкөк жайкы асмандын түбүндө өз шаарынын тайпасы (“home team”) үчүн бирдиктүү үнү менен кыйкырып ; чоң, жапжашыл, алмаздын калабындагы тала ада оюнчулар кичинекей топту алыска ыргытып, чапкылашат. Ысык күндө  “биякта сыра менен кока-кола сатылат!” деп кыйкырган сатуучулардын үндөрү жаңыр ып, бир жактан бышып жаткан хот-дог менен гамбургерлердин даамдуу жыты буркурап турат. Бейсбол убагында эң көп же лген тамактар – татуу попкорн жана жер жаңгак. Ата менин атаандашып ойночубуз –  жер жаңгакты тез чагат деп. Анан жер жаңгак чагып жатып атам мага шашпай, түгөнгүс чыдамы менен бейсболдун татаал эрежелерин түшүндүр үп берчү. Ушунданбы, айтор, атам менен өткөргөн балалык күндөрүмдүн көӊүлдүү экендигин эстейм. Бейсболдун тажатма оюн экенине карабастан, азыркыга чейин бул оюнду жакшы көргөнүмдүн себеби балким ушундадыр.

Америкалыктардын жан дүйнөсүн түшүнгүсү келген адам, эмне үчүн бейсбол биздин тарыхыбызда улуттук денгээлде бааланганын билүүсү зарыл. Бейсбол Америка(лык) мүнөздөрдүн/идеалдардын баардык элементтерин өз ичине камтыйт. Биринчиден, баардык адамдар бейсбол ойносо болот. Бул оюнда Америкалык футбол же баскетбол оюнчуларына коюлган сыяктуу бой же салмак боюнча өзгөчө талаптар жок. Ошондуктан муну демократиялуу оюн деп койсок болот. Экинчиден, бул оюн кенен талаада ойнотулган үчүн бизге айылда/шаар четинде жашаган малчы-дыйкан ата-бабаларыбыздын жашоо шартын элестетет. Бүгүнкү күндө көпчүлүк Америкалыктар шаарларда жашашат. Бирок Кы ргыздар сыяктуу эле биз кенен жер-тамда/тышта жашаганды жакшы көрөбүз жана малчы-дыйкан болгонубузду сагынабыз. Үчүнчүдөн, биз индивидуалист болсок дагы бул оюн бир канча киши курама команда болуп ойногонго шарт түзөт. Бейсболдо кеминде он киши бир убакытта ойносо болот. Бирок негизинен оюнду эки эле киши (“питчер” менен “баттер”) экөөлөп башкарып турат. Э ң акыркысы, бул оюн абдан так эрежелери жана структурасы менен баалуу. Америкалыктар мыйзамдуулукту жана эреже-түзүлүштөрдү жактырышат. Тилекке каршы, мен канча издесем дагы, бейсболдун эрежеси боюнча кыргызча түшүндөрмөнү таба албадым. Ошон үчүн, “Англисче-Кыргызча Талкуу Айылы” деген Фейсбуктагы топтун толук кандуу мүчөсү, Бостон шаарындагы жаш Кыргыз Көчмөн жигит Адилет Орозбаев “AMERİKA BÜLTENİ” деген түркч ө Америка гезитиндеги “Beyzbol nasıl oynanır? Kuralları nelerdir?” деген макаланы дыкаттык менен которуп, сиздерге сунуштайт.

Баш сөздү англисче жазган Дэвид Галлагер. Кыргызчага
которгондор Дөөлөтбек Эшкен жана Батырбек Алымкулов. 

БЕЙСБОЛ ДЕГЕН ЭМНЕ? АЛ КАНДАЙ ОЙНОЛОТ?

Бейсбол АКШда эң белгилүү эки оюндун бири саналат. Алгач качан, кайда пайда болгону тууралуу так маалымат болбосо да, 19 кылымдын орто ченинен баштап кеңири ойноло баштаган. 1871-жыл Улуттук Лигасы (National League) жана 1901-жыл Америка Лигасы (American League) уюштурулган. Ошол 1905-жылдан бери жыл сайын бул эки лиганын чемпиондору сезон аягында дүйнө чемпиондугу үчүн ат салышышат. Жогорудагы эки лига биригип келип, эң чоң лига “Major League Baseball (MLB)” жаратат.

Жыл сайын Апрелдин алгачкы Жекшембисинде башталып, Октябрь айынын алгачкы Жекшембисине чейин созулган лигада командалар жалпысынан 162 оюн ойношот. Улуттук лигада командалар Чыгыш, Батыш жана Борбордук тайпа болуп бөлүнүп, жалпы 14 команда жарышат. Ал эми Америка Лигасында Чыгыш, Батыш жана Борбордук тайпага бөлүнүп 16 команда ойнойт. Ар бир лиганын үчтөн тайпасынан жеңүүчүлөрү жана ар бир эки лиганын эң мыкты деп табылган экинчи орунду алган командалардан (wild card) куралган 8 команда “division series” деп аталган плейофф оюндарын ойношот. 

“Division series” оюндарында атаандашын женген экиден команда өз лигасынын чемпиону атануу үчүн Чемпиондук серияда беттешишет. Чемпиондук серияда жеңген командалар Америка Лигасынын же Улуттук Лиганын чемпиону наамын алат. Кийинчерээк бул эки чемпион команда жети оюндан (матч) турган “World Series”те дүйнөнүн эң мыкты бейсбол командасы атануу үчүн беттешишет.

Бейсболдун негизги эрежелери.

Бейсбол оюну, “umpire” деп аталган бир же андан көп арбитрдин көзөмөлүндө ар бир командада тогуздан оюнчуну камтыган эки команданын ортосунда өтөт. Америка Лигасында (MLB) негизинен төрт арбитр көзөмөлдөйт. Оюн, ар бир команданын бирден чабуул жана коргонуу позициясында 9 мөөнөт (inning) болуп ойнолот. Ар бир мөөнөттүн баштапкысы ‘top’, ал эми кийинкиси ‘bottom’ деп аталат. 

Бейсбол талаасындагы төрт бүрчөктүн ар бири бурчунун узундугу 27 метрди, ал квадраттын/чарчынын ичинде төрт “base(дарбаза)”жайгашкан. Топту ыргыткан (pitcher) оюнчу менен топту урган (batter) оюнчунун арасындагы аралык 18,4 метр. Топ атардын аркасындагы бет капчан/маскачан оюнчунун аты “catcher” деп аталат.

Бейсболдо топту ыргыткан оюнчу менен топту тутаардын максаты топту урган оюнчуну оюндан сырткары калтыруу. Ал эми топту урган оюнчунун максаты болсо топту оюн талаасынан сыртка чыгарып упай топтоо. Чабуулдагы команданын ар бир мүчөсү кезек менен топ кармоочунун астына туруп, топ атаардын аткан тобун таяк менен урууга аракет кылышат. Ыргытылган топтун туура же натууралуулугун (catcher) топ тутаардын аркасында турган калыс көзөмөлдөп турат.

Топту урган (batter) оюнчу туура келген топту ура албаса ал – strike (страйк) деп аталат. Катары менен үч жолу страйк (strike) кылган оюнчу страйкаут (strikeout) болуп, оюнду улантуу укугунан айрылып, оюндан четтетилет. Бир тайпада үч оюнчусу четтетилген чабуулчу команда өзүнүн чабуулчулук укугун жоготуп, коргонуучу командага айланат. Топ атаардын тобу туура эмес ыргытылса “ ball” (болл) деп аталат. Топ атаар төрт жолу болл (Ball) абалына түшсө, каршы тараптагы топ уруучу оюнчу кийинки дарбазага өтүүгө укук алат.


Топ атаар топту туура ыргытып, аны урган оюнчу да туура урса/узута билсе “base steal” (бейс стил) дап аталган марага чуркоо жарышы башталат. Топту урган оюнчу колундагы таягын таштап, өзүнөн кийинки дарбазаны көздөй чуркайт. Каршы тарап болсо, ыргытылган топту кармап, топту урган атаандашынан мурда дарбазага жеткирүүгө аракет кылышат. Эгерде атаандаш команданын мучөсү ыргытылган топту, ыргыткан оюнчугу дарбазага жете электе кармап алса граундаут (groundout) болуп, топ атаар оюндан чыгат. Топ атаар өзү урган топ марага кайтып келгенге чейин кийинки дарбазага жеткенде гана андан кийинки оюнчу топ атаар позициясына өтөт. Эгерде топтун кайтып келиши кечиксе, топ атаар экинчи же андан кийинки дарбазаларга барып жайгашып алса да болот. Топ атаар бардык дарбазаларды басып өткөндө гана команда упайга ээ болот. Топ ыргытылгандан кийин атаандаш команда жерге түшүрбөй кармап калса, анда топ атаар флайаут (flyout) болуп оюндан четтилет. 

Бейсболда эң мыкты ыргытылган топ “home run” (хом ран) деп аталат. Хом ран же эң мыкты топ атуу болушу үчүн топ атаар бир ыргытуу менен топту оюн талаасынын сыртына чыгарышы керек. Мындай алыс аралыкка ыргыта алган топ атаар дароо төрт дарбазаны басып өтүү менен командага упай алып келет. Эгерде алдыдагы дарбазаларда мурунку ыргытылган топтон калган командалаштары болсо, алардын баарын куткарып кете алат. Мындай жол менен хом ран (Home run) ыргыткан оюнчу дарбазаларда канча оюнчу болсо, командага ошончо упай алып келе алат.

Булактар: http://amerikabulteni.com/2011/09/29/beyzbol-nasil-oynanir-kurallari-nelerdir/

Түрк тилинен которгон Адилет ОРОЗБАЕВ. Бостон шаары, АКШ -2013.

Jul 07

Көч байланыш..


КӨҢҮЛ БУРГУЛА, “КӨЧ БАЙЛАНЫШ!..

Кадырлуу «Көчмөндөр!» Ааламтор алкагында баштаган «Көч Байланышыбызды» улантуудабыз. Кезектеги «Көч Байланышыбызга» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги «Республика» партийасынын депутаты, Эне тилибиз үчүн эркек таналар барбаган кадамга тайманбай кадам таштап, атан төөдөй жүк көтөрүп, атпай журтка арка-бел болуп келе жаткан ардактуу айымыбыз АМАНБАЕВА Урмат Абдилашимовна менен болмокчу.
Жамы журт жакшы билебиз, кыргыз коомчулугунун калың катмарында кеңири талкууга алынып, бирок колдоого алынбай, алдыга жылалбай, көңүлкош мамиле жасалып, көйгөйгө айланып турган Эне тилибиздин тагдыры татаалдашып, күндөн күнгө күчөп, айыкпас «ооруга» айланып турганы турган. Бирок биз мындай «оорудан» сөзсүз арылып, айыгууга тийишпиз. Кандай гана болбосун. Башка жол, багыт бизде жок. «Бала ыйлабаса эмчек кайда» демекчи тил тагдыры үчүн тикебизден тик туруп, башыбызды сайганга дайар турушубуз керек. Өзүнчө улут катары, эгемен эл катары тилибизди барктап-баалай албасак анда эмнебиз эл да, эмнебиз улут! Анда эмесе дал ушул жаатта урматтуу Урмат айымга деген суроолоруңуздарды кабаттап камдай бериңиздер. «Көч Байланыш» келээрки жуманын соңунда, 29-30-июнда, ишемби жекшемби күндөрү Бишкек убактысы бойунча саат 19-00 дөн 22-00 гө чейин өткөрүлөт.

 

АМАНБАЕВА Урмат Абдилашимовна. 1966-жылы 23-мартта Кыргыз
Республикасынын Ош обулусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу
Көңдүк айылында төрөлгөн. «Республика» партийасынын мүчөсү,
Жогорку Кеңештин депутаты. Социалдык сайасат маселелери бойунча
комитет төрагасынын орун басары.

  • Тынчтык БекБишкек убактысы боюнча 19:00дө башталат…
  • Чынара СарбагышоваУбагы келгенде сурообузду ушул жерге калтырып кетеберебизби?
  • Асыран АйдаралиевОоба, ушул жерге гана, суроо-жооп. Башка пикирлер жазылбайт. Тизме менен катарын бузбай кеткенге аракет кылалык..
  • Асыран Айдаралиев…………………………
    Урмат айымга келген алгачкы суроо:
    Саламат САДЫКОВА. Кыргыз Эл артисти.

    Урмат айым, эгер биз тилибиздин деңгээлин көтөрөбүз десек, биринчи кезекте анын кадыр-баркын биздин артыбызда өсүп келе жаткан жаштарыбыз жакшы түшүнүш керек эмеспи. Эмне үчүн дагы деле болсо Мамлекеттик биринчи каналдын түнкү берүүлөрүнүн форматын өзгөртпөй жатышат? Тескерисинче, ар дайым эле орус тилде мыкты сүйлөгөн алып баруучуларды чыгарышат да, ал эми накта кыргыз тилинде элдин ойун айттырбай түшүнгөн мыкты алып баруучуларды чыгарышпайт? Элибиз жакындан тааныган, кадыр-баркы сиңген, чыгаан, таланттуу чыгармачыл адамдарыбызды эмнеге чакырышпайт, ошондойлорду алып барышпайт? Эмне үчүн андай адамдарыбызды маанилүү көрсөтүүлөргө, теле берүүлөргө, алып барууларга катыштырышпайт? Ушул жагын да эске алып, маани бериш керек да, антпесек кантип өнүгөбүз, кайдан өсүш болот эне тилибизде? Кандай дейсиз, ушул көйгөйгө да көңүлүңүздү бөлүп, аракет жасаганга мүмкүнчүлүгүңүз болобу?

  • Урмат АманбаеваЭжеке саламатсызбы , мен туура деп бул айтылган сунушту эске алып иш алып барганга аракет кылам . Мыйзам деле бар бирок жакшы иш алып барылбай жатат , рахмат .
  • Чынара СарбагышоваСаламатсызбы ? ” Кыргыз тилин өнүктүрүүдө биринчи кезекте зарылчылык болуш керек ” деп айтып жатышканын угуп жатам . Бардык эле саясатчылар ошондой пикирде экен . Бирок эмне үчүн ошол “зарылчылыкты” түзө албай жатабыз ? Айтылган зарылчылыкты түзүш үчүн кандай кадамдар , аракеттер жетишпей жатат деп ойлойсуз ? Же зарылчылык өзү келет деп дагы бир канча жыл күтүп жүрөбүзбү ? Азыр ушул зарылчылыкты түзүүгө мыйзамдан башка дагы эмнелер кедергисин тийгизүүдө деп ойлойсуз ?
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык , туура кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн муктаждык , зарылчылык керек . Биз сунуш кылган мыйзамда жогорудагы айтылгандар толук камтылган эле бирок тилеке каршы каршы пикир менен кол койулбады . Эски орусташып калган адаттан кутулуш абдан оорго туруп жатат , жалпы коом кошо жардам бербесе колдообосо кыйын болуп жатат , рахмат.
  • Расул СалайдиновСаламатсызбы эжеке! – Акаев, Бакиев, Атамбаев үчөөсүнүн кимиси тил маселесине көбүрөөк көңүл бурду деп ойлойсуз? – КТРК га жетекчи болуп иштеп кеткендердин кимисинин убагында КТРК да кыргыз тилиндеги берүүлөр көбүрөөк чыкты?
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык, эки кеткен ажоолорубуз кыргыз тилин жок кылып кеткенге жол ачышкан , Атамбаев аз да болсо жогорку кенештин биздин тынымсыз кыргыз тилин көтөргөнгө байланыштуу кайдыгер карабай колдоп келе жатат эле ,тилеке каршы мыйзамга кыргыз тилине каршы жандоочуларынын пикирин колдоп каршы пикир менен артка кайтарды. Менин жеке пикирим Молдокасымов жетекчи мезгилинде 70 пайыз кыргызча берилип баштаган эле , азыр баарыбыз билебиз таза кыргызча беруу 60 пайызга жетпейт ,рахмат.
  • Тынчтык БекСаламатсызбы урматтуу Urmat айым?
    Кыргыз Улусу – парламенттик башкаруудагы өлкө (жаңылышпасам). Мыйзам боюнча эл өкүлдөрү үч окуудан кабыл алган мыйзам долбооруна президент кол койбосо, өздөрү деле бүтүм чыгарып койсо болот. Же мен жаңылышып атамбы? Эгер туура болсо, неге бүтүм чыгара албай атышат?
    Кийинки суроом: Сиздин иш аракет (Кудай сактасын) дагы эле президент тарабынан колдоого алынбай тура берсе, кийинки кадамдарыңыз кандай болот? Алдын ала ырахмат. Мүмкүн болсо кененирээк жооп берип коёсузбу?
    Сизди урматтап Кытайдын Ички Монголиясынан Кыргыздын дагы бир уулу Тынчтыкбек.
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык , туура эгер биз пезиденттин каршы пикири менен маакул деген комитеттин чечимин добушка койгондо 81 добуш менен каршы пикирди атап өтүп койсок болот мыйзам жол берет эле , туура мен келгиче комитет ушундай чечим берген экен бирок мен төрөага менен жана президенттин өкүлү менен маакулдашылган топ иштеп мыйзамды кайра алып чыгалы деген бир чечимге келдик .Кайсы берене боюнча дегенде айып пул салуу боюнча эгер бул берене алынып салынса анда мыйзамдын мааниси жоголот себеби муктаждык ,зарылчылык жана айып пул бул кыргыз тилин кыргыз мамлекеттинде жашоосуна аз да болсо жардам бермек министир мырза , айымдарыбыз тилге болгон мамилесин башка нукка бурмак …Мен президент маакулдашуу тобу иштеп чыккандан кийин кол койушу керек жана өзү буйрук да дайардап жатат эккен тилди каржылоо колдоо боюнча .Рахмат !
  • Мирлан МазековСаламатсызбы Урмат Абдилашимовна. “Кыргыз Көчү “_нүн түз байланышна кош келипсиз!
    Сиздин ишиңизге ийгилик каалап, суроомду узатайын.
    “Мекенчил” менен “Улутчул” дегенди кандай түшүнөсүз?
    ыракымат!
    Түштүк Корея.
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык, Мекенчил -мекенин сүйүү,Улутчул дегендин көп мааниси бар , ашынган улутчулдук деген бар ,улутка кайдыгер карабаган өз улуттун сыйлаган ошол эле мезгилде башка улуттарга да кайдыгер эмес улутчулдар бар .Рахмат !
  • Эмилбек ЧекировСаламатсызбы!!! Акыркы жолу даярдалган кыргыз тили тууралуу мыйзам долбооруна КР Президенти кол койбой артка кайтарды. Бул мыйзам долбоорунда каралган кайсы бөлүктөр Ажого жакпай калды деп ойлойсуз?
    Экинчи суроом:
    Тил маселесин көтөрүп чыкканыңыздан улам сизди улутчул деп атагандар да бар. Сиз бул айыптоолор менен макулсузбу?
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык, мыйзамдагы административттик жоопкерчиликке киргизилген беренге каршылык болгон бул Мамлекеттик тил же Кыргыз тил мыйзамынын беренелери бузулган мезгилде айып пул тартуу ,мисал к өрнөктөргө жарнактарга туура эмес ката кыргыз тилин шылдыҢдоо менен жазылган мезгилдерде ,иш кагаздарын жана башка расмий жолугушуу мезгилинде кыргыз мамлекеттинин атынан кыргыз тилде сүйлөө ушларга каршы пикир берген. Адам укугун бузду деген башка улут же кыргыз тилин билбегендердин укугун бузуптур ушул берене тил билсин кыргыз мамлкекттинде жашап иштеп жаткандан кийин тилди билгенге баардык жашаган жаран аракет кылуусу зарыл . Мен улутчул дегенден терикпеймин ,себеби мен мамлекеттин уңгусун түзгөн кыргыз улуттунун тилин мамлекеттик тилдин маселесин көтөрүү менен ушул атка тил безерлер кондурду Тилиң болсо улутсуң , тил улут аймак бул мамлекеттүүлүктүн негизги тамыры ! Рахмат.
  • Zeinura BirnazarovaУрмат эже саламатсызбы!
    Менин суроом социалдык маселелерге байланыштуу, көңүл бөлүп койсоңуз жакшы болот эле.
    Мисалы, шу базарларда иштеп мектепке барбай жүргөн балдарга кандай чаралар көрүлүп атат? Өз убактысында каралбай, балдардын тагдырына балта чабылган жокбу? Мамлекет дагы кийлигишүүсү зарыл деп эсептейм. Сизге алдын ала чоң рахмат!
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык , бул боюнча көп иш чаралар өткөрүлүп турат базардагы ата энеси менен иштеп жургөн балдарды кармап мектепке тартуу боюнча ички иштер министирлиги менен тиешелүү министирликтин адистери бирок жыйынтык аз .Анткени ата энелер да жардам бериш керек биринчиден социалдык маселени чечүү керек , жумуш оорундар болуу керек ата энеге ал жок , балдары кандай карап багыш керек эгер бир үйдө беш алты онго чейин болсо ошол себептен ишке жарамдуусун ата эне алып базарга чыгууга муктаж болот бул турмуш . Экинчиси кароосуз калган балдар бар булар балдар үйүндөгу балдар . Кыйын маселе чечиш үчүн социалдык министирлик билим берүү министирлиги жакшы иш алып баралбай жатат тынымсыз жетекчилер алмашып сайасий туруктуулук да жакшы эмес ушул сыйактуу көп көгөйлөр бар .Рахмат.
  • Уулкан АмираеваКутман кечиңиз менен Урмат эже!
    ” Көч байланыш ” ааламторуна кош келипсиз!
    Эмне үчүн университеттерде орус тилинде сабак өтүлөт? Кырыгз тилинде сабак берсе болбойбу? Анткени, айылдан келген студенттер, орус тилин жакшы түшүнө билишпейт. Араң жазып, жатташып экзамен тапшырып, дипломун алып кете беришет. А мээсинде эс нерсе жок! Ал жаттаган сөздөрдүн котормосун деле билишпейт. Анан алардан кандай мыкты эмгекчил адам чыгат? Айрыкча мед.айымдар ушул жаатта аябай кыйналышат. Анткени алар адамдын өмүрү менен күрөшөт. Алар өз ишин, өз тилинде мыкты билбесе, биз кандай аларга ишеним артабыз? Балдарыбызды кантип ишенебиз? Башка улуттун адамдары да кыргыз тилин үйрөнүшсүн! Биздин балдар чет өлкөдө, чет тилде билим алышып жатышат. Эмнеге биздин жерде алар кыргызча билим алышпасын? Биз канчалык кыргыз тилин көп колдонсок, ошончолук кыргыз сөзүбүз байыйт эмеспи? Ушул суроолорго кандай көз караштасыз? Алдын ала чооң рахмат!
  • Урмат АманбаеваРахмат , бул билим берүү системасы же жетекчилери эски совет доорунун окуу пландары менен жашап окуттуп жатканынан болууда , мен толук колдойм туура эгер биз сунуш кылган мыйзам ишке кирип колдоо тапса ушулардын баарын камтыгын элек .Укук кыргыз тилин билген айылдан келген кыргыз жаранына колдонулбаганы башка тилди билип кыргыз тилин билбесе аларды тил билбейсин десек алардын укугу бузулат экен бул кыргыздын өзүн жаман көргөндүгү дейт элем кыргыздар биз өзүбүз күнөөлүбүз дейт элем .
  • Асыран АйдаралиевФинляндия. Келсинки.

    Арыбаңыз Урмат айым, өткөндө ушул эле «Көчтөгү» талкуулардын биринде Сиз «учурда макулдашуу тобун түзүп иш алып баруу сунушу түшүп жатат» дедиңиз эле. Ошол топ түзүлдүбү жана ал топтун курамына кимдер кирди, аты жөндөрүн атап кетсеңиз? Бирок өткөндө «макулдашуу топтун кереги жок» дегендей маалымат чыгып кетти. Түшүнүксүз болуп калды, эмнеге, кимдерге жакпай жатканы. Ошол маселе эмне болду? Мен билгенден Президенттин Кеңешчиси, азыр Көлгө кетип калды, Эмилбек Саламатович «мени дагы ошол топтун тизмесине кошуп койуңуз, иштешүүгө дайармын» деди эле, иштешип жатабы? Эмне иш аткарып жатасыздар, жыйынтык болчуудайбы?

    Экинчи суроом: Ушундай маанилүү маселеге Эл башчысы туура эмес маани берип, колдобой жатканда дароо көңүл бөлүп, депутаттар демилге көтөрүп, кыргыздын аттуу баштуу адамдарын, мен элитамын деген инсандарын чогултуп, маалымат жыйынын өткөрүп, алар менен ой бөлүшүп, Президентке кайрылуу жагын же болбосо ошндой адамдардан өкүлдөр шайланып президентке кирип чыгышса деле болот эле го? Депутаттар «биз макулдугубузду бердик, эми эмне болсо ошо болсун» деген принципти кармап жатышкан жокпу? Ушундай иш чараны уйуштуруп жиберүү эми деле кеч эмес болсо керек, кандай дейсиз?

  • Урмат АманбаеваСаламатчылык, туура азыр маакулдашуу тобу түзүлдү , президенттин жогорку кеңештеги өкүлү Молдалиев мырза, Аманбаева же мен , Осмоналиев Каныбек комитет башчысы , Эрматов Э мен билгенден ушулар бирок так эмес 27 июнь күнү указ чыгыш керек эле президенттин чыга элек го ,Эки маселе боюнча биринчиси мыйзамды кайра карап чыгуу, экинчиси президенттин указын аткаруу жоболорду иштөө . Кайрылуу жолдогондо тыянак жок демилгечилер кайра добушка койсо басып өтөбүз деген ойдо турган эле .Баары жакшы болот мыйзам ажообуздун буйругу чогуу чыгат буйурса , учурдан пайдаланып баарыгыздарга абдан ыраазычылык билгизем абдан жакшы колдоо көргөзгөндөрүңүздөргө рахмат чооң!!
  • David GallagherСаламатсызбы Урмат Абдилашимовна! АШКтагы Денвер шаарынан салам! Кыргызча атым Дэвид Галлагер деп жазылат. Жубайым кыргыз. Экөөбүз Америкада жашап, балдарыбыз кыргыз тилин билишсин деп үйдө жалаң кыргызча сүйлөшүүгө аракеттенүүдөбүз. Пайдалуу болуп жатат – кыргыз тилин эле түшүнүшөт азырынча. Бирок кийин уулдарыбыз чоңойгондо, Американын таасирлүү “поп маданиятына” кызыгып калып, кыргызча сүйлөгүсү келбей калышы мүмкүн. Суроом мындай – жаштарды кыргыз тилине кантип кызыктыруу керек деп ойлойсуз? Кыргызча сапаттуу кинолор, поп-музыка аз го. Рахмат!
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык , жакшы тарбия берип жатыпсыздар энеңди сыйласаң эне тилди бил деген принцип менен жашоодо тилди үйрөнүүгө үндөө керек дейт элем . Туура кыргыз тилдеги жакшы кинолор аз бирок музыка тармагында жаш кызыктыруучу жаштарды ырчы балдар жакшы эле чыгууда , бара бара жакшы кино поп музыка да чыгып калат . Менин жеке пикирим кино музыка деле анча маанилүү эмес негизгиси каалоо мекенчилдик тилин сүйүү деп ойлойм ,рахмат чооң!!
  • Aida Ahmad JamalАида Ахмад Жамал
    ОАЭ Абу Даби шаарынан
    Саламатсызбы Эже,
    Мындай суроо берер элем, мен үчүн көйгөйлүү.
    Менин Уулум башка Өлкнүн жараны( Сөз Тизмеге кирбеген Мамлекеттердин Жарандары Жээндер тууралуу)дайыма Кыргызстанга барган сайын бизден ЧАКЫРУУ сурашат, анысын 3-4 апта күтөбүз, анан ал англисчеге которулуп, нотариустан өтүп, анан Тышкы Иштер Министирлигинен өтүп, анан гана жашаган жерибизде Консульствого барып Виза алабыз, Көп убакыт. Ушул маселени көтөрө аласызбы? Албетте башка Өлкөнүн жараны болгодон кийин Виза керек, бирок жанагы Чакыруусу жок эле, Апасынын Кыргызстандын Жараны деген Паспортунун негизинде эле, жашаган жерибиздеги Консульстволордон алгандай болуп. Жок дегенде 16-18 жашка чейин. Ошондой эле Биздин Кыргыз Кыздарыбыз бар, башка Өлкөнүн жарандары болуп катышкан, аларга деле ушундай процесс экен, бул Кыздарга деле ошондой жеңилдетилген процесс болсо жакшы болмок, Туулгандыгы Тууралуу Күбөлүгүнүн негизинде эле. Жамандык Жакшылык деген нерселер болот экен, убагында жете албай калгандар да болду, законубуздун татаалдыгынан, өзгөчө жакындары өтүп кеткенде.
    Биздин балдарга “Жашыл жол” берсе, Биздин маданиятыбызды, ТИЛИБИЗДИ, дилибизди башка Малекеттерде деле Өркүндөтүүгө шарт түзүлмөк, Миң уккандан бир Көр дегендей Балдарыбыз кенен кесири келип кетишип турса, башка Улуттар менен Ынтымак жана Достук дагы да бекемделмек.
    Урматым менен
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык сиңдим туура көгөй мен биринчи жолу ушундай көгөйлүү маселени угуп жатам бул боюнча мен иликтеп кандай эмне жолдору бар же мыйзам жагынан колдоо керекпи билип анан колдон келген жардамды жасаганга аракет кылайын .Саламатта бологой!!
  • Айжаркын ЭргешоваСаламатсызбы Урмат айым. Менин суроом тил өңүтүнөн бир аз башкачараак. Эсиңиздеби, Ысык-Атадагы Серафимовка карылар үйүнө барганда аларга жардам берүүнү убада кылган элеңиз. Ошол убада аткарылдыбы, аткарылса кандай? Деги эле эне, депутат катары кыргыз карыларынын ташталып жатканына идеологиялык жактан чара көрүүнү ойлодуңузбу?
  • Урмат АманбаеваАйжаркын эжеке мен унуткан жокмун тамак ашка болгон күндүк нормасын 130 -150 сомго чейин көтөргөнгө маселени көтөрүп жакында чечилет алла буйурса ,экинчиси карылар үйүнүн болушуна мен каршымын Кыргыз улутту эч качан таарыхта болгон эмес ата энесинкарылар үйүнө таштаганы …бул таш боордук кийин өз баласынан ошондой мамиле көрөт. Майыптар мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам керек ал коомдун мамлекеттин камсыздоосун жардамына муктаж. Рахмат .
  • Асыран АйдаралиевУрмат Абдилашимовна!
    Сизге терең ыраазычылык билдиребиз. Колдон келишинче, кыска, так далилдүү жооп бергенге аракет кылдыңыз. Эми ушул маселелердин артынан түшүп, ишке ашыруу үчүн бар күчүңүздү жумшайт деп ишенебиз.
    Эртеңки Байланышыбызга дагы ушундай деңгээлде жооп ала алабыз деген үмүтүбү бар. Ыракмат, жакшы эс алыңыз!.
  • Урмат АманбаеваЖалпы суроо узаткан туугандарга чоң чооң салам !!! Кайда болбогула тынч болгула аман болгула !!!
  • Асыран АйдаралиевУрматтуу Көчмөндөр!
    Эртең дал ушул маалда Урмат айым менен болгон “Көч Байланышыбыздын” уландысы болмокчу. Бүгүнкү суроосун бербей калгандардан сырткары суроо берем деген каалоочулар болсо жазыла берсеңиздер болот. Жазылуу ушул эле бутакта. Менин да суроом бар деген пикир калтырып койсоңуздар жетиштүү..
  • Расул СалайдиновУрмат айымга тил маселесинде эмес жеке өзүнө тийиштүү суроо берсек болобу?
  • Асыран АйдаралиевБерсең болот Расул. Сага уруксат берели, жеке өзүнө деген сурооң болсо бер…
  • Элбек БазаровЖакшы болуптур, “түз байланыш”. Эртең да ушул бутактан улантылабы? Мен эртең болбой калсам, азыр жазып калтырып кетсем болобу? Асыке!?.
  • Асыран АйдаралиевЖок эй Элбек, өзүңөр эле бергилечи суроону. Ушул эле жерге жазыла бергиле суроо бере тургандар. Эртеңки байланышка дагы аз калганда өзүнчө бутак ачып койом.
  • Элбек БазаровЭртең кеч келип, катыша албай каламбы деп атам да!
  • Асыран АйдаралиевСурооңду мыктап жазып мага калтырып кой анда, башка арга жок..
  • Venera RastМени да кошуп койунузчу?
  • Aida Ahmad JamalЖөнөкөй Жерде эле Баскан Депутаттарыбыз бар экенине сүйүндүм. Арыбаңыз Эжеке! Абдан кызыктуу болду, жоопторуңуз орду менен жана түшүнүктүү! Уюштурган Асыран байке, сизге чоооң Рахмат! Күч бирдикте, бирге Ынтымакта болсок, жогорудагы маселе көйгөйлөр чечилиши мүмкүн.

 

«КӨЧ БАЙЛАНЫШ»  УЛАНДЫСЫ..

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты АМАНБАЕВА Урмат Абдилашимовна айымга бүгүнкү «Көч Байланышта» суроо бере турган Көчмөндөрдүн ТИЗМЕСИ: Бишкек шаары, 30.06.2013. Саат 19-00.

 

  • Асыран Айдаралиев“Көч Байланыштын” башталаарына туура бир саат калды Достор!. Кечигип, унутуп калакей жок!..
  • Акылбек МамадалиевУраа, Көч байланышыбыз башталганы калды бейм, Асыке?
  • Акылбек МамадалиевЭртеден бери офистен кетпей отурам, Урмат айымга суроо белендеп…
  • Асыран Айдаралиев…………………………….
    Элбек БАЗАРОВ. Сүргүт шаарынан. Орусия.

    Саламатсызбы Урмат эже? Биринчиден ден-соолук, иштериңиз жакшыбы? Урмат эже сизге өзүмдүн атыман, жана жалпы эле “көчмөндөрдүн” атынан чооң ыраазычылык билдирем, “парламентте” айрым “эркек сөөрөй” депутаттардан, айым болсоңуз да айырмаланып, “Тил” маселесин көтөргөнүңүз, мактоого арзыйт!. Менин бере турган суроом, — Өткөндө “КӨЧ”тө ушул тема козголду эле! 1916- жыл, аны эми “Үркүн” деп айтып жүрөбүз, менимче “Улуттук Боштондук көтөрүлүш” десек туура болчудай !.2016- жылы 100 жыл болот.. Бул кандуу окуя, “Кыргыз” тарыхында эң чоң кайгылуу трагедия. Канча адам өлгөн, канчасы белгисиз жок болгон, ушул убакытка чейин, так маалымат жок! Арбак ыраазы болмойунча, тирүүнүн иши жүрүшпөйт, деген накыл сөз бар го. Эскерүү кечесин кылып, арбактарга куран окуп, же ал окуя жөнүндө документалдуу кино тартып, ушундай иш-чараларды кылсак болобу? Түшүнөм: барып келип каржы маселесине такалат, бирок ошондой демилге көтөрсөк, сыртта, колдойм, жардам берем деген “мекендештерибиз” толтура!. Сиз эгер кайдыгер карабасаңыз, “парламентте” ушул теманы көтөрө аласызбы?.Азыркы жаштардын, анча-мынчасынан, 1916- жыл эмне болгон деп сурасаң эч нерсе билбейт! Мектеп программасына “кошумча” окутуу кылып киргизсе болобу?. Өзүбүздүн ким экенибизди, эмне болгонун билбей туруп, Биз башкаларга “Үлгү” боло албайбыз! “Экономика” эмес, биздин руханий жан-дүйнөбүз жарды экенине кээде өкүнүп да кетесин! Сөздү көп узартпайын, алдын ала чооң рахмат, сизди урматтап сыйлаган, иниңиз Элбек.

  • Урмат АманбаеваСаламатчылык , рахмат кандай жашоо турмуш жакшыбы, туура мен колдойм бул сунуш менен иш алып барганга убада берейин .Колдогон жакшы жылуу пикирге рахмат.
  • Асыран Айдаралиев……………………………..
    Назгүл ТӨЛӨБАЕВА. Италия, Болонья шаары.

    Саламатсызбы! Менин суроом көбүрөөк, сунуш катары кабыл алсак болот го деген ой келет, анткени “Эне тилим – эне сүтүм” дегендей кыргыз тили так, көркөмдүү жана маданияттуу, сүттөй ак жана таза” болуш керек. “Маданияттуу” дегеним азыркы өсүп келе жаткан биздин келечектеги муундарыбыз, балдарыбыз “вульгардык” сөздөр менен сөйлөгөнүнөн баарыбыздын кабарыбыз бар. Ошондой терс көрүнүштөрдү азайтканга кандай чаралаар көрүлүүдө? Анткени кыргыз тилин билгенде гана эмес, аны жакшыртканга, көркөмдөгөнгө мындайча айтканда ” сулуулаганга” да милдеттүүбүз. Ыракмат!

  • Урмат АманбаеваСаламатчылык ,кыргыз тили жетимиш жылдан ашуун мезгилде башка тилдин басымында жүрүп силер айткандай жаштар эле эмес жалпы эле баарыбызда так таза кооз кыргыз тилинде сүйлөгөндөр жокко эсе ,бул кыргыз элинин эне тилине болгон мамиленин белгиси . Ушул сыйактуу жагдайларды эске алуу менен демилгечи депутаттар тобу сунуш кылган мыйзамда баардык кемчилик катачылыктар камтылган , буйурса мыйзам ишке кирип калса акырындап көп жылдык арта калган мезгилди басып өтүп тилибиздин баркын көтөрүү мезгили келет деген чоң үмүттө туралы .Рахмат.
  • Айтурган СатиеваСаламатсызбы Урмат Абдилашимовна. Менин суроом төмөндөгүдөй: Тилибизди өнүктүрүп эмес “тирүү” кармап калуу үчүн, зарылчылык жок, зарылчылык пайда кылуубуз керек деп жогоруда да айтып кетишти. Сурайын дегеним, дал ушул тил маселеси көтөрүлгөндө эле, баарыбыз корккон сыяктуу өзүбүздү тыйып мамиле кылабыз. Бизден айырмаланып, мисалга ошол эле орус улутундагы жарандарыбыз, дароо тиешелүү органдарга кайрылып, укуктары тебеленип жатканын жар салып чыгышат. Мисалы ошол эле теле рекламалардан баштап, кино театрларда кетип аткан тасмаларга чейин, сыналгыдагы тасмалар, берүүлөрдүн которулуу иштерин, көчө жарнактары, андан сырткары мектеп ЖОЖдагы адабияттардын жетишсиздиги…Ушунча жылдан бери жарытылып бир кыргыз тилинде окуу куралдары, программасы иштелип чыкпаганы, тескерисинче кыргыз тили сабактарынын кыскартылып жатышы? Мындай кайдыгерлик, коркоктук көрүнүнүштөр эмнеден улам жаралууда? СССРдин калдыгыбы же коомдуу тиешелүү деңгээлде ээрчитип кете албаган эл кызматкерлери болгон тиешелүү чиновниктердин күнөөсүбү?
  • Асыран АйдаралиевАзыр жооп чыгаары менен Акылбек Мамадалиев берет суроону..
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык , Айтурган сиңдим туура айтасын биз же креслосун кучактаган чоңдор күнөөлүү жана мамлекеттик башчыларда саясий эрк жоктугунда болуп жатат.Окуу программаларды кыргыз мамлекетинин эли үчүн балдары үчүн башынан иштеп чыгуу зарыл бул маселе менен билим берүү министири иш алып бармак турсун кайра артка кетип жатат , рахмат.
  • Акылбек МамадалиевКутмандуу кечиңиз менен урматтуу Урмат айым! Убагында СССР Эл Жазуучусу Расул Гамзатов “Эгер эне тилим эртең жок болору чын болсо, анда мен бүгүн өлүмгө даярмын” деген таасын, ташка тамга баскандай учкул сөзүн калтырды эле. Анын сыңарындай сиз да бир топтон бери кыргыз тили үчүн күйүп-бышып келесиз. Дегеним, дал ушундай мекенчилдик, ариеттик бийик кадамга барууңузга не себеп болду? Анан да бийлик бутагында сиздей адамдардын аз экени зээн кейитерлик. Бул жаатта кесиптештериңизге кандай кеп кеңештерди берер элеңиз? Дагы бир маселе, 7 жылдан бери Маскөөдөмүн. Көптөгөн мекемелерде орусча сүйлөбөй кыргыз тилинде сүйлөй койсоң 1000 рубль жаза пул төлөөгө туура келет. Ошонүчүн орусча үйрөнүүгө дилгирленишет бөлөк улуттагылар. Биздин Кыргызстанда деле ушундай мыйзам болсо, кыргыз тилибиздин келечегине жакшы камылга болор беле? Ушуга көз карашыңыз? Алдын ала ыраазычылыгым менен Акылбек МАМАДАЛИЕВ
  • Айтурган Сатиеварахмат жообуңузга Урмат Абдилашимовна
  • Урмат АманбаеваРахмат суроңузга туура кыргызстандан башка мамлекеттерде ошондой эле каттуу мамилени мамлекеттик тилине талап кылып баштагандарына жыйрма жылдан ашты , кошуна мамлекеттерди деле карап көрсөк тили өнүгүп жатат . Азыр глобалдашуу мезгилинде ар улут өз тилин жайылтуунун үстүндө итөөдө , бизде же кыргыз эгемен өлкөсүндө башкаруу бийлик төбөлдөрүбүз ушул маселени ойлоп да койбойбуз . Биз сунуш кылган мыйзам сиз сунуштаган айып пулду салсын эгерде мамлекеттик тил мыйзамынын беренелери бузулганда 1000сомдонбаштап 50000сомго чейин деген сунуш берген үчүн кайтып жатат . Рахмат .
  • Venera RastТом Прайс, Австралиядан
    Саламатсызбы Урмат айым. Биз баарыбыз эле билебиз Орусия үчүн Кыргызстанда кайсы тилде сүйлөйбүз баары бир, жана каршы болууга, кийлигишүүгө эч укуктары жок. Ошондой болсо дагы ушул кезге чейин тилибиздин багы ачылбай келе жатат. Бизге ким жолтоо болуп жатат, макул Карамушкина үчүн Кыргыз тилинин мааниси жок , ал эми Ширин Айтматова болсо “ аксентинен” уялып сүйлөбөйт экен. Ал эми калган саясатчылардын көпчүлүгү Кыргыздар эмеспи өз тили үчүн каршы чыкпайт эле. Эми ошол азчылык үчүн өз тилибизди канчадан бери өгөйлөтүп келе жатабыз. Менин сизге суроом мындай. Кээ бир саясатчылар мамлекеттик тилди билбесе кантип КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИНИН башында Кыргыз элин башкарып отурушат? Саясатчылардын арасында ким тилибизге каршы ким каршы эмес экенин эл кантип билет, жана эмне үчүн каршы экенин, же колдоорун эл алдына чыгып түшүндүрүп бере алабы? (Эгерде ошол депутатардын тилге каршы чыкканын билсе шайлоочулары кечирбейт эле, элсиз депутат депутат боло албайт эмеспи). Ушундай так имиш-имиш эмес маалыматтарды элге өз убагында жеткирген, эл менен чогу иштеген бир система түзүүгө болобу?
    Алдын ала рахмат.
  • Асыран АйдаралиевМындан кийинки кезек Жанара Суранбековада. Маскөөдөн.
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык,Кыргыз тилинин душманы башка улут өкүлдөрү эмес кыргыз улуттундагылар болуп жатышканында . Муктаждык зарылчылык жок. болсо кыргыз мамлекеттинде кыргыз тилине анда тилибиз кимге керек ? сунушталган мыйзамды депутаттардын сексе үчү колдоп берген кептин баары ажообузда болуп жатат. Кыргызстанда башчыбыз күлсө кошо күлүп кошомачылар атка минерлердин айынан ушул абал жаралууда. Он кыргыз туруп бир орус же башка улут өкүлү турса кыргыз ошолордун тилинде сүйлөшө баштайбыз…ушул жаман жоруктан арылсак анан тилибиз жогорулайт зоболосу !!!Рахмаат.
  • Venera RastРахмат, Урмат айым эмне учун ажобуз каршы чыгып жатат деп ойлойсуз?
  • Урмат АманбаеваСебеби ажообузга туура эмес маалыматтарды жамандоо каралоо менен жеткиришкен кошоматчылыры , креслодон ажырап калам деген киригиз жан жоокерлери эгер тил мыйзам иштеп калса деп ,рахмат.
  • Жанара СуранбековнаСаламатсызбы! Эже тили жок кантип тил эл улут,болсун. Андай болушу мүмкүн эмес. Биздин элибиздин, кыргыздын тарыхы кылым карыткан тарых экени жалганбы? Парламентте ушул маселени көтөрдүңүз, эми акыр аягына чейин туруп, тилибиз үчүн күрөшүңүз. Сизге эл ишенип турат. Ошол ишеничти аткарыңыз. Сизге ийгилик!
  • Асыран АйдаралиевКезек Гүлжан Кудабай Галлагерге келди. Азыркы жооптон кийин Сиз бересиз?. АКШ дан.
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык , сиңдим парламентте жакшы эле колдоо тапты тилеке каршы кашайып жогору жактан колдоо таппады , каршы пикир менен экспертмин деген филология илимдеринин докторлору да дежурный болушуп эрте эмне кылабыз кыргыз тили менен кайда барабыз деген сыйактуу маалыматтарды берип тилге каршы каралоо пикирди кээ бир теле радиолордо , бей өкүмөт уйумдары байма бай айтып турушту .Мен бир депутат тил элдин тили эл колдосо жыйнтык жакшы болот . Аракет кылам айагына чыгарганга алла жардам берип эл колдоп турса ,рахмат .
  • Guljan Kudabai-GallagherУрмат Абдилашимовна, саламатсызбы! Алыскы Америкадан жылуу салам жолдойм! Сизге кечээ жолдошум суроо берди эле, жаштарды кыргыз тилине кызыктыруу боюнча. Биздин оюбуз боюнча, жаштардын эне тилин сактап калуусунун маанилүү жолдорунун бири эне тилиндеги сапаттуу кинолор, поп-музыка (каалайбызбы-каалабайбызбы жаштар ошолорго көбүрөөк тартылабыз). Сиз айттыңыз алар маанилүү деле эмес, мекенчилдик маанилүү деп. Сиздин оюңузча мекенчилдик деген эмне? Ал мекенге болгон сүйүүдөн тышкары сый-урмат болсо, жаштарда аны кантип ойготуу керек? Анткени мекенге болгон сый-урмат жөнөкөй эле нерсе, жерге түкүрбөөдөн башталат эмеспи. Тилекке каршы, мисалы Бишкекте көчө-парктарда отургучтун үстүнө бутун коюп чыгып отуруп алып, чемичке чагып, түкүрүнгөн жаштар абдан көп… Маегиңизге чоң рахмат!
  • Асыран АйдаралиевКезек Кызжибек Мирада. Маскөөдөн.
  • Бахтияр Балтабаевбиз тизмеге кантип кошула алабыз
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык , туура мен кошулам бирок эгер сен кайсы бир тилди билип үйрөнөм десе ага эч кандай тоскоолдук таасир бербейт мен айтканым эне тилин кыргыз тилин билип кыргыз экенин кылымдарга тааныткысы келген кыргыз тилин жерибеген кыргыз жараны кино же поп музыканы азыр маалыматты интернеттен алса болот , жакшы жаштар кызыга турган кыргыз ырлары , эски кыргыз кинолорду кайра иштеп жаш муундарга жага тургандай кылып тартып жатышат ошондой эле музыка тармагында да көп жакшы жетишкендик бар .Атайын сайттардан жүктөп көрсө болот деген ойду айтмакчымын. Бишкекте көчөдө паркта түкүрүп жаткан жарандар мекенчил болушу ыктымал бирок маданиятуу жана тазалыкты барктабаганы анык… адамдын аң сезимин тарбиялап өзүнүн үстүнөн иштөө керек . Заманга жараша…Рахмат.
  • Асыран АйдаралиевТизмеге кеч болуп калды Бахтияр мырза, убакыт аз калды, а тизмеде суроо бере тургандар али көп бар.. Жетише албайбыз.. Кечирип койуңуздар!.
  • Кызжибек МираАрбаңыз Урмат Абдилашимовна! Ден-соолукуңуз, иштериңиз жакшыбы? Чарчабай иштеп жүрөсүзбү? Менин атым Кызжибек, Каракулжадан болом, сиздин сиңдиңиз Москвада иштеп жүрөм. Менин суроом: Мигранттардын маселеси жөнүндө. Бул жакта күндөн күнгө иштер кыйын болуп, ар бир ага- эжекенин, ини- сиңдинин проблемасы көбөйүүдө! Сиздин ойуңузду уккум келди: Качанкыга чейин миграция маселеси ушундай оор абалда болот? Ушул проблеммага сиздин өзүңүздүн кандай ой- максаттарыңыз бар? Мигранттар бүгүнкү күндөгү айлык акысы үчүн эле иштешет, ошого мамлекет тарабынан кийинки жашоосунда кантип кам көрө алат, пенсиясы жок же бир жардамы жок калып кете беришеби? Тил маселесине келсек: мен өзүм орус мектепте окуп, кыргыз тилдин нукура сөздөрүн кээде билбегенимен уялам! Бирок кыргыз мектепте кээ бирлер окуп деле кыйратып билишпейт! Биринчи мектептен башташса деген ойум бар! Сиз бул нерсеге көз карашыңыз кандай?
    Урмат эже сиздин кылган иштериңизди угуп сыймыктанам! Иштериңизге ийгилик жана үй- бүлөңүзгө тынчтык каалап Маскөөдөн Жибек.
  • Асыран АйдаралиевАзыркы кезек Улан Кошалиевде. Корейадан.
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык,рахмат мигранттар көгөйү бар мага тааныш, эмне кылуу керек дегенге мен айтат элем Кыргызстанда жумуш оорундар тузулуп биздин жарандар өз айылында жашап ар бир кыргыз жараны сырткары чыгып жатканда эмне кылам ал өлкөдө кантип жашайм иш барбы деп алдына ала өзүнө өзү план койсо керек Сала
  • Улан КошалиевСаламатсызбы, Урмат эже!
    Менин 1-2 суроом бар эле.

    Биринчиси, жалпы эле мекенибиздин азыркы абалы жөнүндө болмокчу.
    Эл өкүлү катары, деги эле Кыргызстандын жараны катары сиздин оюңузду билгим келет.
    Өлкөбүздүн азыркы саясий-экономикалык абалы, элибиздин жашоо-турмушунун деңгээли канааттандырарлык деп айтса болобу?
    Ачуу тилдер Кыргызстанды “мамлекеттүүлүн түптөй албаган” өлкөлөрдүн катарына киргизишүүдө. (Чынында эле бийликти эчким тоготпой, каалаган эле киши бир топ элди чогулта коюп оюндагысын кылып атышат. Башканы коюп, криминалдын өкүлдөрү бийликке акыл айтып турганы таптакыр акылга сыйбаган нерсе болду го..)
    Буга сиздин көз карашыңыз? Сиз Кыргызстандын өнүгүүсүн эмнеден көрүп турасыз, кандай жолдор менен өнүгө алабыз?

    Экинчиден,
    Ушундай батыл, кыйын ишти баштадыңыз Урмат эже, эми аягына чейин туруңуз, бул эл үчүн эң маанилүү маселе. Кесиптештериңизди дагы “ушундай элдик маселени колдоп, элге кызмат кылгыла, бизди ошон үчүн шайлашкан, элдин ишенич, үмүтүн актап берели” деген ачык чакырык ташташыңыз керек го дейм.

    Биз сизди колдойбуз, иштериңизге ийгилик!
    Терең урматтап, Улан.

  • Урмат АманбаеваКыргыз мамлекетти элди аз ойлоп калды ошол себептен миграция ички сыркы көбөйүдө . Айла жок чыдап иштеп салымды кошуп кыргызстандын туруктуу өсүшүнө салым кошуп турсак жакшы жакка жылыш болот. Айылдагы жолдорду оңдосок жаңы жетишкен технологиялар жетсе айыл менен шаардын айырмасы аз болгондо ички жана сырткы миграция азайып эл өз чарбасы менен алек болуп жер иштетип жашаганга умтулмак. Туура мектептен бир саясят болуш керек , ар бир жашаган жаран мамлекеттик тилди билсин деген .Аман бол !!!
  • Тынчтык БекТынчтыкбек Бекташ уулу, Кытайдын Ички Моңгол аймагынан.

    Кутман кечиңиз менен Урмат айым!
    1. Кыргызстанда бүгүнкү күндө мамлекеттик тилде билим берген канча балдар бакчасы, канча орто мектеп, канча атайын орто мектеп жана канча жогорку окуу жайы бар? Бөтөн тилде билим берген канча окуу жайы бар? Салыштырып, статистикасын чыгарып бере аласызбы?

    2. Азыркы учурда дагы бир жүрөктү өйүткөн кунарсыз көрүнүш – мейли шаарыбызда болсун, мейли айылда болсун (көбүнчө борбордо) илинип турган көрнөк-жарнактардагы ката жазуулар. Эми ушуларды көрүп киши көөнү айланат. Муну мамлекеттик тил комиссиясы көзөмөлдөш керекпи же? Сиз бул жаатта кандай иштерди алып бардыңыз? Эгерде жаштар бул көрүнүшкө каршы иш аракеттерди жасаса кандай колдоо көрсөтө аласыз?

    3. Эртең ушул Кыргыз көчүнүн кеңсеси менен китебинин ачылышына келип бере аласызбы? Алдын ала ырахмат!

    P.S. Фейсбуктагы жазмаларыңызда сөздөн кийин боштук коюп, анан тыныш белгисин колдонуп атасыз (тыныш белгиден кийин боштук болушу керек го). Анан, сүйлөм курууда да маселе бар. Сунушум: ушуну да караштырып койсоңуз, өзүңүз үлгү болуп, кечиресиз.

  • Урмат АманбаеваСаламатчылык, туура сунуш мен колдойм мен да орусташкан мезгилде табрбия алган совет доорунун тузун жеген кыргыз кызымын . Кечирим сурайм кээ бир сөздөрдү туура эмес жазып жатсам,айып пул салынсын деген мыйзамдагы берене силер айтып жаткан көрнөк -жанактага да көп тиешеси бар эле ката котормосу туура эмес жарнактарга көрнөктөргө айып пул салуу . Мыйзам колдоо тапса сиз айткан сунуштардын баары иштеп баштамак . Чооң рахмат!
  • Улан КошалиевУрмат эже менин суроомо жооп болобу?
  • Асыран АйдаралиевУлан мырзанын суроосуна жооп бере бериңиз Урмат айым?
  • Урмат АманбаеваУлан мырзанын берген суроосуна каалосуна рахмат , ийгилик жылоолоп жүрсүн. Кыргызстанда да жакшы жашоо болот беш он жылда буйурса . Жыйырма жылдан ашуун мезгилдеги жетип бүткөн системаны жолго салышка баардыгыбыз кайда жүрбөсөк да өз салымыбызды кошуп айтылган ар кандай маалыматты артка таштап келечектеги алдынкы өлкө болобуз деп ойлойм буйурса баары жакшы болот.
  • Асыран Айдаралиев………………………………..
    Нуржан АЛЫМКАНОВА, АКШ, штат Калифорния.

    Урмат эже, саламатсызбы! Конституциядан орус тилинин расмий тил экенин качан алып таштайбыз? Мындай жеткен кошоматчылык бир да славян өлкөлөрүндө жок, ар бир эл өз тилин биринчи орунга койот. Качан биз, жалпыбыз менен кыргызча сүйлөй баштаганыбызда гана башкалар да үйрөнүшмөк, татаал деген кытай тилин деле окуп жатышпайбы. Рахмат.

  • Урмат АманбаеваБаардыгыбыз жапа тырмак киришип экономиканы көтөрсөк , улуттук идеяны алдыга койуп , калп коорупция менен кармашпай системаны такыр башка кыргыз элине карап иштеп кете турган система менен баруу керек . Улан мырзанын суроосуна кошумча.
  • Асыран АйдаралиевКезек Нургүл Бообековнада, жооп чыгаары менен берсеңиз болот Нургүл айым..
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык , Нуржан айым абдан мага жаккан суроо экен рахмат суроого. Убактысы келсин баш мыйзамга койулган убактылуу чектөө убагы келсин . Ал убакытка чейин биз кыргыз тилине болгон мамилени жакшыртып өз өлкөсүндө жакшы жашаганга жардам берели .
  • Nurgul BoobekovnaСаламатсызбы эже, адабий тилибизге өзгөрүүлөр кирип, жаңыланып турабы, көп эле сөздөр адабий тилде жок деп талашып калып жатабыз?
  • Асыран Айдаралиев……………………………..
    Миргүл Өмүралиева. Италия, Рим шаарынан.

    Көр оокаттын айынан көп кыз-келиндерибиз чет жакка уй-бүлөөсүн таштап кетип атышат. Эне кетсе кут кетет. Эне – тилдин, дилдин, ырыскынын очогу. Кыргыз уйү бүлүнүп атат. Буга кандай карайсыз? 2-чи суроом: чет жакта турмуш курган кыздарыбыз кошжараандуулукка муктаж. Чет өлкөлук болуп үйго баргым келбейт, кыргыз жарааны бойдон калгым келет, дегендер көп. Бул маселе чечилеби? Эмне үчүн каршы болуп жатышат? Кытайларга жараандык бергендери кандай, же четтегилердин ордун толтуралы дегениби?

  • Урмат АманбаеваСаламатчылык , иш жүрүп жатат туура илипоздорубуз , кесипкөйлөр өз жумуштарын бул тармак боюнча иштеп жатышат болгону каржы жагы жакшы эмес ошол себептен элге маалымат аз жетпейт .
  • Асыран Айдаралиев………………………………
    Айзат КАЛЫБЕКОВА. Бишкек шаарынан.

    Сак саламатсызбы, Урмат эже? К8ч байланышка кош келипсиз. Сизге берчv суроом: 1. Тил vчvн канчалык далалат кылбайлык, баш мыйзамдагы орус тилинин “расмий тил” деп белгиленип келиши, ЭНЕ ТИЛибиздин алга жылышына кедергисин тийгизбей койбойт. Кандай деп ойлойсуз, ушуну расмий тилден алып салуу мезгили келип жеттиби?
    2. Мамлекеттик деhгелдеги,мамлекет 8зу карамагына алган, которуу иштери орус тилинен кыргыз тилине жvргvзvлvvчv “КОТОРМО БОРБОРУН” ачуу маселесин к8т8р8 аласызбы? Бул да болсо Эне тилибиздин алга жылышына чоh 8б8лг8 болсо керек. Рахмат.Урматым менен Айзат.

  • Урмат АманбаеваМиргүл айым турмуш оор нерсе экен ар бир адамдын ойлогонундай болбойт тура .Тиргилик жашоо деп кыздарыбыз энелерибиз балдарын багыш үчүн чет мамлекеттерге чыгууда , эгер жашоо турмуш жакшырып кыргызстанда да оңолуу жолуна түшсөк энелер жер кезип окат издебей калаар . Кош жарануулук боюнча мыйзамды иштеп чыгып азыр кабыл алууу жана талкуу жүрүп жатат буйурса чечилет маселе .Рахмат!
  • Асыран АйдаралиевАкыркы суроо, Айзат кызыбыздын суроосуна жооп берип койсоңуз ошну менен жыйынтыкталат урматтуу Урмат айым!
  • Урмат АманбаеваСаламатчылык Айзат сиңдим сен туура айтып жатасың ооба ошондой бул үчүн референдум жолу менен же саясий эрк менен чечсек болот .Чечүүчү жетекчилерде саясий эрк болбой жатат . Эл өкүлү катары маселени койуп мыйзамды демилгелеп чыктык …Рахмат чооң!!
  • Айзат КалыбековаЭжее, 2-суроомо жооп болбой калды…
  • Элбек БазаровЧооң рахмат, Урмат эже. Жакшы- суроо- жооптор болуптур.
  • Асыран АйдаралиевЖалпы Көчмөндөрдүн атынан Урмат Абдилашимовнага АЛКЫШ айтабыз! Аман болуңуз, иштериңизди ар дайым ийгилик жылоолоп турсун!. Бар болуңуз!
    Эми эртеңки Бет ачаар салтанатыбызга сөзсүз келип катышып, күбө болуп кетиңиз! Көчмөндөр сизди чыдамсыздык менен күтөт Урмат айым!
  • Venera RastУбакыттын тардыгын жана суроолордун көптүгүн карасаң. Дагы көптөгөн суроолорубуз бар эле. Мен киргиз Кыргыз деп бөлгүм келбейт алар өз тилин билбей калышы биздин ошол кездеги коомубуз күнөөлүү эле. Совет коому, Кыргыз тилин керектен чыгарып, эч нерсегЕще
  • Чынара СарбагышоваОшондон коркуп , тил мыйзамына бут тосуп жатышат да “киргиздер” . Аларга калктын келечеги эмес креслолору кымбат болууда .
  • Миргул ОмуралиеваЧынараныкы жакшы жооп болду, колдойм!
Jul 05

Кыргыз ӨҢҮ_Сүймөнкулдун ӨҢҮ_ндөй!

«ААЛАМТОР» АЛКАГЫНАН АЛЫНЫП, «ФЕЙСБУКЧУ» КӨЧМӨНДӨРДҮН ДЕМИЛГЕСИ
МЕНЕН ЭҢ АЛГАЧ ИРЕТ ДАЙАРДАЛЫП БАСМАДАН ЧЫККАН КИТЕП.

Бул китептин чыгуу тарыхы ойдо жок жерден эле Көчмөндөрдүн демилгеси, ошолордун чагылгандай тездиги, дароо, уйушкандык менен топтой салган каражатынын негизинде эле жарык көрүп калды.
Чыгарууга түрткү болгону Ааламтор алкагында алгачкылардан болуп «Кыргыз Көчү» тобу, тагыраагы менин демилгем менен Беткитептин бетинде «Көч Байланыш» уйуштуруп, ал байланышка Президенттин Этностор аралык байланыш бойунча мурунку кеңешчиси Эмилбек Каптагаевди чакырганыбызда дароо макулдугугн бергени, жана «Көч Байланышыбыз» ойубуздагыдай ийгиликтүү ишке ашып, ал эмес жогорку деңгээлде өткөрүп алгандан кийин эле чыгып кетти.
Ошол эки күнгө белгиленген алты саатык Байланыш жыйынтыкталып жатканда эле биздин “Көчтөгү” аксакалыбыз, “басмачы” байкебиз Жаныбек Жанызак «ушул көтөрүлгөн орчундуу маселелелер жана суроо-жооптор ушул жерде калып калабы, эл-журт деген бар, алар дагы окусун, чакан китеп кылып чыгарып койолу” деген сунушун айтып калды. Ал сунушту “Көчмөндөр” бир добуштан дароо колдоп кетишти да дүйнөнүн ар кайсы бурчунан өз каражаттарын салып жиберишти.. Анан мына, ушул китеп он беш күндүн айланасында эле жарык көрүп, чыгып кетти. Китеп “Жанызак басмадан” беш жүз нуска менен чыкты. Китепке ошол “Көч Байланышыбыз” толук кирди. Андан сырткары “Кыргыз Көчү” тайпасына жарыйаланган тил маселелери бойунча маанилүү Кайрылуулар, ой толгоолор, макалалар, “Кызыл Бурч” аттуу “Кыргыз Көчүндөгү” атайын ачылган рубрика менен чыгып жүргөн чет өлкө жарандарына турмушка чыккан кыздарыбыз менен болгон маектер кошулду. Китеп ойдо жок эле жерден чыгып калды, ошондуктан оош-кыйыш, кемчиликтери болушу толук мүмкүн. Көч бара-бара түзөлөөрүндө шек жок..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Келсинки шаары,
июль, 2013-жыл.

КИТЕПТИ БАСЫП ЧЫГАРУУГА ӨЗ САЛЫМДАРЫН КОШКОН
«КЫРГЫЗ КӨЧҮ» ТОБУНУН ДЕМӨӨРЧҮ АЗАМАТТАРЫ!.

 

КИТЕПТИН ЖАНА  «КЫРГЫЗ КӨЧҮ»  МЕКЕНЧИЛДЕР ТОБУНУН БИШКЕК ШААРЫНДАГЫ ЧАКАН КЕҢСЕСИН АЧУУ АЗЕМИНЕН АЛЫНГАН СҮРӨТ БАЙАНДАР.