Бук..

Айтурган САТИЕВА.

МЕН СЕНИ САГЫНДЫМ, АТА!..

Менин атам бул гүлдөрдү жакшы көрчү эле. 1-май, 9-май, 25-май… Бул майрамдарда зараңдын аңкыган жыттуу гүлүн кошуп, кооз жалбырактарга ороп укмуш кооз букет жасап берээр эле. “Апаңа бер”. Кооз букетти мага берип жатып ушинтип айтчу. Бардык майрамдарда апамды гүлсүз калтырчу эмес. Апам да апам, мугалимим да апам болгон үчүнбү же балалуу болгондо аталар ушинтип калабы, атам жасаган букеттерин менден берип жиберчү. Ошол күндөрдү эстегенде апам азыр да айтып калат “дүйнөдө күйөөсүнөн көп гүл алган мага теңдеш эч ким жок болуш керек” деп. Албетте, бул апамдын сезимдери деңизчи, бирок атам себепсиз деле гүл тартуулаганды жакшы көрчү. Өзү фантазиясында чек жок, сүрөтчү, скульптор, Омар Хаямдын рубаилеринин мыкты которуучусу болгону үчүнбү, гүлдөп турган алма-алчанын гүлүнөн, же баардык өсүмдүктөрдүн гүлү мөмөгө айланган күз айында деле, куурай, сары-кызыл жалбырактар менен керемет букет жасап койчу. Ал эми кызгалдакты эмнегедир өтө аяр мамиле кылып жакшы көрө турган.

– “Ата, мунун эмнесин жакшы көрөсүң? Жыты дээрлик жагымсыз, үлп эткен жел болсо желекчелиринен кош айта бер, чыдамсыз гүл го” -деп нааразы болсом, жылмайып мени көпкө үнсүз карап туруп;

Кызгалдактар.

– “Анын өңүн карачы, нукура өңдөр, жалбырактарынын өңүн карачы, желекчелеринин, жаңыдан ачылганы аткан түйүлдүктөрүнүн, сабагынын, бир тамырдан топтошуп чыгып даяр букет болуп турганын, булардын бири-бирине болгон айкалышын карачы… ал эми анын назиктигичи… кудум эле сага окшош кызым. Кудайым мени силердей 4 кызгалдакка ата кылганына чексиз ыраазымын, мен бул гулдөрдү көргөндө 18 жашым көз алдыма тартылат, жараткан мага жар кылып тартуулаган менин тоодой бактым апаң менен таанышкан, түбөлүк турмуш жолуна аттанган, андан кийин силер төрөлгөн күндөр сен жакшы көргөн “кызыл алма” тасмасындай көз алдыма тартылат кызым. Мүмкүн сен туура айтып аткандырсын, бул гүл деле адам өмүрү сымал барксыз нерседир, бирок мен үчүн, менин дүйнөм үчүн ыйык гүл, сулуу гүл, улуу гүл, акжолтой гүл” деп айтканы эсимде. Гүл болсо да чын дилден сүйгөн мамилени билет белем, биздин огороддо ого эле көп өсчү. Айдоо себээрде айла жок айдатып салганыбыз менен себилген жүгөрү, мөмө – жемиштин чет-жакасына жайнап, тээ атамдын бала кезиндеги пионер жагоосундай коңшулардыкынан биздин огородду өзгөчөлөнтүп турчу. Атам өзү да ушул кызгалдакка бай, май айында жарык дүйнөгө келген эле.

Ата, мен баягыда сенин жаткан жайыңа бардым го, өзүң каалагандай болуп, атайын бирөө келип сээп кеткендей болуп кыпкызыл кызгалдакка толуптур мүрзөңдүн үстү. Сени жаңы жерге бергенде агамдар “жакшы жерден болуптур жайы, элдин адамы эле, айылын жанынан артык көрчү, канча талаалап, канча жер кыдырып жүрдү, бирок айылын жадынан түк чыгарган жок, ошол айылдык жөнөкөйлүгү менен кетти чиркин” деп айткандары эсимде, бирок мен жаткан жайыңа айрылуунун уусуна буулугуп жүрүп көңүл бурбаптырмын. Эми абай салсам, чынында жакшы жерден жай алыптырсың. Өзүң сүйгөн айылың, алаканга салгандай көрүнүп турат экен. Адырдын өйдө жагында болуп, үстүнө толгон кызгалдактар менен, кудум сен сүрөт тартып аткандагы ойлуу образыңды берет экен…
А мен, сен сүйгөн кызгалдактан терип алып барган элем… Мен сени сагындым АТА…

Айтурган САТИЕВА. Бишкек шаары.

3 thoughts on “Бук..

  1. Айылда атам салган там калды эле,
    Мага болгон мээрими турат эсте….
    Аталар бар болушсун…

  2. Айтурган сенин атана жазган катын мени аябаай ойго салды. Мен атамдан 62 жашында айрылганбыз. Атамдан эрте калдык ,дагы бир топ жыл жашаса болмок деп кейиген экенбиз …. Корсо ошол 62 жаш деле жакшы жаш турбайбы деп мен эми тушунуп отурам….Уулум 22 жашында каза болуп….

    Иним 44 жашында каза болгондон кийин…

    Ата энеден баланы айрыбасын экен.. Ал эми ата -эне мурас……Коп кайгырба Алтыным !!!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *