«Кызыл бурч»

Дүйнөнүн чар тарабына чачырап кеткен кыргыздар чачтан көп. Окуганы, иштегени, ар кандай себептер менен айласыз жер которгондору, мыйзамдуу-мыйзамсыз жолдор менен четке чыгып кеткендери, жөн эле турист катары барып жашап калгандары да бар. Кыскасы бүгүнкү күндө Ааламдын алты Материгинде тең кыргыздар жашайт. Алардын арасында көптөгөн кыздарыбыз чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, чет элдиктердин келини болуп жашап калгандары азыр кадыресе көрүнүш. Мен ушул «Кыргыз Көчү» айылымдагы «Кызыл бурч» рубрикасына дал ошондой кыздарыбыздын түрдүү тагдырлары, кызыктуу турмуштары тууралуу маектеримди жарыйалап келем. Эсиңиздерде болсо керек, буга чейин Маскөө шаарында жашаган Уулкан Амираева, Прага шаарында жашаган Карамат Токтобаева, Кабул шаарында жашаган Венера Мовлян жана алыскы Австралия өлкөсүндөгү ТомПрайс шаарында жашаган Венера Расстардын кеңири маектери тартууланган. Тагыраак айтканда андагы маектердин башкы каармандары кыздарыбыз болгон эле, жана алар өздөрүнүн жашоо турмуштары, кызыктуу тагдырлары тууралуу кенен айтып беришкен. Ал эми бул жолку маегибизде «Кызыл бурчтун» башкы каарманы кыргыздын күйөө баласы, болгону эки жыл Кыргыз жергесинде жашап, кыргыз тилин суудай сүйлөп үйрөнүүгө жетишкен, ал эмес түшүн жоруган, азыркы тапта АКШ нын Колорадо штатындагы Денвер шаарында жашаган америкен жигит Девид Галлагер болмокчу.

Жубайлар Девид жана Гүлжан уулдары Линкольн Исраил, Билим Жан менен.
Денвер шаары, 2013-жыл.

Девид ГАЛЛАГЕР:
«МЕН ИЙРИ
-МУЙРУ ЖОЛДОР АРКЫЛУУ ИЗДЕП ЖҮРҮП ЖАНШЕРИГИМ ГҮЛЖАНДЫ АКЫРЫ ТАПТЫМ»

– Девид, айтсаң, кантип, кандай жол менен Кыргыз жергесине барып калдың эле?
– Оо, бул жагдайымды айта баштасам айабай эле чубалжыган узун тарых. Мен Кыргыз жергесине эле эмес, кыргыз кызы, Жаншеригим Гүлжанга өтө узак, ийру-муйру жолдор менен жүрүп отуруп анан акыры жеттим.
– Ошол узун тарыхтын учугун чубап, кыргыз окурмандарына, тагыраак айтканда кайын журтуңа катары менен тизмектеп айтып, кеңири маалымат берип кетпейсиңби? Эгер мүмкүн болсо, албетте? Мен кыргыз окурмандары үчүн абдан эле кызыктуу болсо керек деп ойлойм.
– Жакшы болот, айтып берейин. Алгач өзүм испан тили боюнча университетти бүтүрүп, Тынчтык Корпусуна катталдым. Ушул тилде эркин сүйлөгөндүктөн Түштүк Америкага дайындалаарымды күткөм, бирок ал жакта орун жок калыптыр. Сени кабыл алсак Африкага барасың дешкен, бирок бир айдан өтүп кетсе да Тынчтык Корпусунан кабар болбоду. Анан Вашингтонго чалып сурасам, менин арызым бир текченин түбүндө калып, көрүнбөй, унутуп калышыптыр. Анан алар айтышты, Африкага баруу үчүн да кечигип калдың, Борбор Азияга барасың, бүрсүгүнү пошто аркылуу расмий чакыруу аласың, каякка жана качан жөнөөрүңдү ошол катта түшүндүрөт дешти. Чынында Борбор Азия эмне экенин так деле билчү эмесмин. «Каякка дейт?» деп атам экөөбүз картаны карай баштадык. Индустан же Пакистан деп ойлогом, көрсө алардан башка дагы беш «Cтан» бар экенда! Көп жылдардан бери картадан дыккаттык менен Азия өлкөлөрү жак
ка көз сала элек экенмин. Мурда жөн гана «USSR» (СССР) деп ал жакта жазылып турчу. Ошол беш «Станды» карасак, англисче айтууга эң кыйыны Кыргызстан болгондуктан, атам экөөбүз «сөзсүз бул тилибиз келбеген өлкөгө барыш керекпиз» деп тамашалап болжолдоп койдук. Ошону менен бүттү, «Кыргызстанга барам» деп, акыркы чечимимди кабыл алып салдым. Себеби, мен өзүмдөн кескин айырмаланган эл менен таанышып, алар менен жалпы адамдык мамилебизди таап, чогуу иштейли деген максат менен Тынчтык Корпусуна катталган болчумун. «Кыргыз» деген эл бар экендигин билип-билбей эле, анча тааныбаган элүүгө жакын ыктыярчылар менен 1999-жылдын ийунунда Чикаго шаарында жолугуп, Кыргыз жергесин көздөй учуп кеттик.
– Кыргыз жергесиндеги алгачкы маанай, кандай сезимдер пайда болду, кандай кабыл алды, алгач оор эле болсо керек? Ата-жоотоң таанып, көрүп, ал эмес укпаган эл-журт дегендей..
– Кыргыз жергесиндеги Тынчтык Корпусу биринчи эле келгенибизде бизге эң негизги кыргыз сөздөрүн сонун үйрөттү. Бир жума Кантта, мейманканада сааттын айырмасына көнүп, эң керектүү салттарды үйрөнүп (оң кол менен тамак алып жеш керек, кээ бир америкалык сөздөр кыргызча айабай уят экен, аңглисче сүйлөөдө абайлаш керек, кол менен жаңсаган америкалыктардын кээ бир белгилери бул жакта айабай башкача, ызалуу маани берет экен, жерге дароо отурбай, кагаздын үстүнө отургула, бөлмөгө киргенде эркек ар кайсы эркек менен колдон келешинче кол сунуп учурашыш керек, үйгө киргенде бут кийимди чечиш керек деген сыяктуу) анан бизди ошол Канттын тегерегиндеги айылдарга бөлүп, кыргыз үй-бүлөлөргө жайгаштырышты. Мен жана башка он ыктыярчы Туз деген айылда үч ай жашап, кыргызча үйрөнүп баштадык. Эртең менен дайыма Тынчтык Корпусундагы Нарындык мугалим бизге кыргыз тил сабагын өтчү, түштөн кийин биз билим берүү боюнча сабак окуп, а кечкисин болсо өзүбүз жашаган үй-бүлөбүз менен жалгыз калып, эптеп колдон келишинче кыргызча баарлашчубуз. 
– Кантип, эмнелер жөнүндө баарлашат элеңер, дароо эле бир-бириңерди жакшы түшүнүү кыйын болду го? Ыңгайсыз абалдар, кыйналган учурлар көп эле болгондур?
– Болбой анан. Азыр деле бир окуя көз алдымда. Менин кыргыз апам тамак жасап берип жатат. Мага «же, жей гой» десе, мен англисче тактап «Eat?» деп сурадым. Аны апам «ит» деп түшүнүп, англисче «же» деген сөз экенин билбегендиктен мени «бул эт иттин эти экен деп күнөлөп жатат» деп таарынып калыптыр. Адегенде мен эмне үчүн таарынганын түшүнгөн деле эмесмин. Андан кийин сөз менен өз оюмду айталбай кыйналып, шорпосу менен эле тамшанып ичип-жеп салдым. Эртеси Нарындык агайды үйгө эрчитип келип, апага ортобузда эмне түшүнбөстүк болгонун котортуп, кечирим сурадым!  Ошондо ал Апа агайдын сөзүн угуп алып кечке чейин боору эзилип каткырган. Мен да жыргап калгам. Дагы бир жолу ошол Апа экөөбүз жалгыз тамак жеп жатканбыз. Анан апа мага макарон сунуп, «кесме» деди. Мен аны «Kiss me (өп мени)» деп айтты деп түшүнүп, чалкамдан кулап кала жаздадым. Анан апанын күйөөсү тамакка келгенде кызарып, айабай уйалып кеттим. Экөөсү мени карап, санааркагандай шыбырашып калышты. Айткандарын түшүнгөн деле жокмун, бирок «Америкалык ооруп калды, бети кызарып атат» дешти деп божомолдоп койдум. Албетте ал түшүнбөстүк үчүн агайды үйгө ээрчитип келген жокмун!
– Ошол үйдө эле жүрө бердиңби анан, же башка жактарда дагы болдуңбу? Канттан башка шаарларга, айылдарды, обулустарды кыдырып дегеним?
– Тынчтык Корпусунун жайкы машыктыруу мөөнөтү бүтүп, эң негизги кыргыз сөздөрдү жана грамматикасын билип калганда Алайга, Гүлчөгө көчтүм. Негизги кыргыз тилинин чет элдиктер үчүн жакшы касиети – грамматикасы татаал болсо да, эрежелерден тышкаркы нерселери аз экен. Үндүүлөр ыргагы (а-ы, и-е, о-у, ө-ү) үчүн сөздөрдүн жазылышы жеңил эле. Андан да жакшы касиети бар, кээ бир жардамчы этишти колдонуп, ар түрдүү мааниси бар сүйлөмдөрдү түзсө болот экен (койуу, берүү, алуу, кетүү, салуу жана башка ушу сыяктуу). Мен кыргызчаны үйрөнүү жолуна бет алганда ар түрдүү кишилер менен сүйлөшүп, көптөгөн каталар менен сүйлөп, макоо көрүнүүдөн эч тартынган эмесмин.  Ошентип
анан машыгып үйрөнөсүң да.  Гүлчөгө барганда үч жүзгө жакын эле сөздү билсем да, грамматика эрежелерди терең түшүнүп, ойлорумду чала-була айтып калгам.  Ошол Гүлчөдө мен бир абдан шайыр байкенин (аке) үй-бүлөсү менен жашап калдым. Анын жаңы алган аялы жана жетимиш жаштан ашкан бирок аябай жигердүү, тың апасы менен чогуу жашап баштадык эле. Тилекке каршы алар менен эки эле жума туруп калдым, мектепте да сабак бербей калдым. Баткенге Вахабиттер келген кез болчу, Алайда да, Ошто да элдин баарынын тынчы кетип, Тынчтык Корпусу Ош обулусундагы (ал кезде Баткен обулусу Оштун бир бөлүгү болчу) ыктыярчыларды Бишкекке алып кетишкен. Мен үчүн абдан өкүнүчтүү эле болгон, бирок мен ошондо ал жакта калып калсам Жаншеригим Гүлжан менен таанышпай калмак экенмин..

Мектеп окуучулары менен түшкөн сүрөттөр.
Кочкор району, Ак-Учук айылы, 2000-жыл.

–   Аа, анан кайра Кантка көчүп келдиңерби?
– Ооба, кайра келип эки жума Кантта жашагандан кийин мени Кочкор районунун Ак-Учук деп аталган айылына жөнөтүштү. Ак-Учукта (1999-2000) мектепте сабак берип, Молдогазиева Жумакан дегендердин үй-бүлөсү менен бир жыл чогуу жашадым. Жумакан апа менен дароо эле дос болдум.  Нарындын өтө суук кышы сентябрдын акыркы жумасында эле сезиле баштаса, биз үйдөн чыкпай кечке көңүл ачып башыбыздан өткөндөрдү айтып отура берчүбүз. Апага, «Сиз мага тамак даярдайсыз, кийимимди жууп берип жатасыз, башканын баарын мен үчүн кылып жатасыз. Мен өзүмдүн киримди өзүм жууйунчу, Сизди убара кылбай» десем, мени укчу эмес. «Жо-ок айланайын, 
сен жалгызсың, алыскы, чоочун жерге келдиң. Башка да маселелериң бар да» деп. «Менден мындайча жол менен гана кутуласың, Американы, Америкадагы үй-бүлөңдү жана өзүңдү мага кыш бою тааныштырып, сүрөттөп бересиң» дей берчү. Ошентип Жумакан апа менен тынбай, чер жазыша сүйлөшүп жатып кыргызчаны минтип эркин сүйлөп калдым.
– Байкашымча кыргыз тили анча деле кыйын эмес, оңой эле өздөштүрүп кеткен турбайсыңбы? Ошондойбу?
– Мен мурун негизги кыргыз тилин үйрөнүү жеңил эле деп айтканыма кайра бир аз токтоло кетейинчи. Ооба, негизги кыргыз тили жеңил эле бирок ал күнүмдүк турмуш үчүн эле колдонулат.  Адабий, маданий
жаатында кыргызча сүйлөш абдан оор чет элдик үчүн. Мен канчалык өздөштүрө баштаган сайын, ошончолук өздөштүрө албаганымды билдим. Окшош мааниси бар сөздөр түгөнгүс жана өткөн чак, этиштери аябай татаал экен. «Барчу, барган, барыптыр, барды, бардыдыр» жана башка ошол сыяктуу сөздөрдү бүгүнгө чейин аралаштырып жүрөм. Ал эми -ып жатам/турам/жүрөм андан түшүнбөс табышмак боло берет мага. Бирок кыйын тил болсо да кыргыз тили мага жагат, угулушу, грамматикасы жана симболизм аркылуу маңыз бергени. Бир «көз» деген сөз менен канча ар кыл тема тууралуу сүйлөсө болот, көз карандысыздык, көздөй, көз ирмемде, көзүмдүн карегиндей сактоо, көзү ачык, көз жумду, көз караш, ач көз, элдин көзүнчө, ушундай чексиз, мен биле элек жана башкалар. Анын үстүнө бир эле сөз менен бир узун сүйлөмдү айтуусу мага айабай жагат. Мисалы, «Убадалашкандардансыздарбы?» дегенди аңглисче тил менен айтууга канча сөз керек? «Are you one of the people who made the mutual agreement?..»
–  Жакшы Девид. Тил жагынан кыйналуу анча болбоптур, жагып, бат үйрөнүп алыптырсың. А башка кандай кыйынчылыктар, жакпаган жактары болду? Же баары эле мыкты бекен бизде?
Жо-ок, андай деле эмес. Мен кыргыз тилин башынан тартып эле жакшы көрсөм да, салты боюнча ой-пикирим убакыт менен өзгөрүп келатат. Ошон үчүн азыр мен өмүр баянымдан бир саам четке чыгып, тартынбай кыргыз салтын бир аз сынга алганым туура деп ойлойм. Мен жаш ыктыярчы болуп жүргөн кезимде Американын салты менен Кыргыз салты өтө айырмаланат, бир-бири менен  кесилешпейт деп ойлочумун. Бирок кичине көнүп, «чоңойгондон» кийин, кыргыз тилин кененирээк түшүнгөндөн кийин жана кыргыз кызын алгандан кийин, жалпы адамдыгыбиз бирдей эле, айырмаларыбыз аз жана ошол айырмалар биздин бекем эл аралык достугубузга тоскоолдук кылышы мүмкүн эмес деп ишенип калдым. 
Менин көргөнүм боюнча, кыргыз салтынын эң жакшы жактары жана алсыздыгы медалдын эки бетиндей эле деп ойлойм. Кыргыз салтынын эң күчтүү жагы, үй-бүлөнүн (туугандардын) ортосундагы жылуу мамилелери жана улуулата сыйлоо эрежеси. Мен эч качан кыргыздын ата-энесин, үй-бүлөсүн же башка туугандарын жаман деп айтканын көрө элекмин. Ооба, кыргыз балдар америкалык балдардай анда-санда ата-энесине нааразы болуп, алар менен айтышышат. Бирок ошондой чатактар үйдөн сыртка чыкпайт. Кыргыздар үй-бүлөсүнүн баркын коргоп, кошунасына же досторуна чуркап, даттанып, «обого» чыгарышпайт. Уйат. Төрөлгөндөн баштап, «улууларды сыйлап, чоңдор менен учурашыш керек, ата-бабалар ыйык» деп тарбийаланышат. Анын үстүнө, кыргызда улуулата сыйлоо эрежеси баарына анык. Көп кайын-журтумдун аттарын билбейм, бирок ордун билем, жезде, байке, балдыз, эже, бажа, эне жана ошондой эле башкалар. Ар ким өз үй-бүлөдөгү ордун билсе, башкаларга кандай мамиле кылыш керек экендигин туйушат. Ошондо түшүнбөстүктөн уруштун пайда болушунун мүмкүнчүлүгү аз болот. Бала ата-эненин тилин алса, тажрыйбалуу уулдардын кеңешин укса, өмүр жолу туура болот. Улуулата сыйлоо эрежесин бузбаган үй-бүлө күчтүү болот, максаттарына тез жетет.
Алсыз жактарыбыз, кемчилигибиз жоктой эле сыпаттап, кайын журтуңду ашкере көклөтө мактап жаткан жоксуңбу Девид?
– Бул жакшы касиетинин алсыздыгы –ала качууда болушу мүмкүн. Эмнеге? Ал ой-пикиримди түшүндүрүү үчүн кичине Америка тууралуу айтышым керек. Америкада улуулата сыйлоо эрежеси анык эмес. Ооба, ата-эне
ни сыйлаш керек, бирок сый деген эмне? Аларга ойлорун ачык айтыппы же унчукпай баш ийиппи? Бул суроого ар кайсы Америкалык үй-бүлөдө ар кандай башкача жооп узатмак. Биз өз алдынчалыкты (individualism) өтө бийик ой деп эсептейбиз. Американы негиздеген аталардын (Вашингтон, Жефферсон, Франклин жана башка) ата-бабалары Европадагы адамдын мүмкүнчүлүгүн чектеген коомдук эрежелеринен качып, эркиндик издеп Америкага келишкен да. «Эч бир падыша же бай менин үй-бүлөмдү жакшы билбейт» дегендей. Ошол качып келгендердин үч жүз жылдан кийин азыркы муунга берген мурасы, Америкалык кыздар (жана жигиттер) ар түрлүү тарбияланганы. Америкалык жигит кызды ала качса, келини кантип ата-энесин сыйлайт экендиги, үй-бүлөдөгү өз орду тууралуу кандай ой бар экендиги, ким тамак бышырат, ким бала багат деген нерселер боюнча ойлору белгисиз болмок. Келин болсо бир эле көз караш менен жигиттин үй-бүлөсүнүн абалы кандай экенигин даана биле албайт. Ошон үчүн биз үйлөнгөнгө чейин жок дегенде бир жыл бирибирибизди сынап сүйлөшөбүз. Кыргызстанда болсо ала качкан келин жана жолдошу салтты, анык улуулата сыйлоо эрежесин сыйлашса, экөөнүн ортосунда майда-чүйдө жекече мүнөзгө байланышкан маселелер эле болот деп ойлойм. Улуулата сыйлоо эрежеси кээде кызыктай шартка жеткизет. Кээ бир мурдагы окуучуларым Гүлжандан улуу. Алар окуучум болгон кезинде мага сиз деп айтчу. Азыр баары тескерисинче , алар менден кичүү болсо да, мен аларды «сиз, кайынэже, кайнага жана жеңе» деп аларды сыйлап айтышым керек. Жакшы окугандар мага «агай, мурункудай эле мени сен деп айта бериңиз» деп айтышат, бирок үч алган балдар өчүн алып, мени Сиз деп айтууга мажбурлайт! 
Ушул улуулата сыйлоодо, урматтодо кемчилик, туура эмес жактар бар деп ойлойсуңбу?
– Улуулата сыйлоо эрежесинин дагы бир чоң алсыздыгы бар, ал маселелүү ата-энелер. Бала тажрыйбасы көп ата-энесинин кеңешин укса, өмүр жолу туура болот деп айтпадым беле. Бирок бардык эле ата-энелер кемчиликсиз эмес. Алар жашоо шарттарды туура эмес түшүнүшсө, балдарына жакшы кеп-кеңеш бере албашы мүмкүн. Мисалы, аракеч, ачуулуу же өзүн-өзү баалабаган ата-энелер болсо, балдардын өмүрүнө көп зыян келтириши мүмкүн. Кыргыз адабиятында канчалаган жаман энелер тууралуу шордуу аңгемелер бар экен…
Кыргыз салтынын экинчи күчтүү жагы, жылуу меймандостугу. Ал теманын укмуштугу тууралуу көп сөз болгон, аларды кайталабай эле койойун. Жакшы жагы тууралуу бир эле нерсе айтайын. Мен чет элдик адам катары эч качан кыргыз айылында өз өмүрүм үчүн коркуп көрө элекмин. Коркпойм дагы. Көп өлкөлөрдө чет элдиктер жалгыз жүрбөш керек. Мен деле Америкада жол тоспойм, айабай коркунучтуу экен. Бирок Кыргызстанда эч ким мага зыян келтербесине ишенип, жүздөгөн жолу жол тостум. Таксинин ичиндегилер мага жылуу мамиле кылат же жок дегенде мага тийишпейт деп билдим. Тескерисинче, мен башка ишке шашканыма карабай, кээ бирөөлөрү мени үйүнө жеткизип, чай берди. Шашып жатканым үчүн ошого кичине капа болсом да, кантейин, меймандос кишинин чакыруусу жакшы экен да.

Девид кайниси Таалай менен кой сойушуп жатат.
Тоң району, Тогуз-Булак айылы, 2010-жыл.

–  Ооба, кыргыздар меймандос келебиз, чоочун деп кодулабай кайра колдон келишинче сый урмат  көргөзүүгө көп аракет кылышат. Кой сойуп конок кылууга, болгонун жайууга аракет кылган жактары бар. Муну чет элдиктердин көз карашында “ашкере ысырап кылуу” деген тейде жактырбашы деле мүмкүн. Ушуга кандай карайсың?
– Бул меймандостуктун алсыздыгы жөнүндө да көп сөз айтылган. Кыскасы
, кээ бирөө бири-биринин меймандостугун колдонот. Анын үстүнө кой деген байлык да, анын курулай чыгым, ысырап болуусунун кереги жок. Мен тойлорго барган сайын үй ээси үчүн боорум айабай ооручу. Бир эле кеч үчүн канча убара болуп, канча акча коротуп, канча күн бою уктаган жок? Ошончолук кыйынчылыктын пайдасы эмне? Мен ыктыярчы болуп кыргыз тойго барганды жаман көрчүмүн. Маанилүү деле киши эмесмин жана негизинен уялчаакмын. Узак убакыт бойу төрдө отуруп, эне тилимде эмес кыйыналып сүйлөп, элдин баары мага Американын «байлыгы» тууралуу көп суроо сурап мени абдан чарчатчу. «Той» деген сөздү уккан сайын «ичим ооруйт, бара албайм» деп анткорлонуп, шылтоо таап, кашчумун. Мен «чын эле конокту сыйласа, менин каалаганымды угуп мени анчалык кыйнамак эмес» деп ойлочумун. Бирок күйөө бала катары тойго баруу таптакыр башкача, бул уялчаак адам үчүн абдан жакшыраак жана жагымдуу. Төрдө отурбайсың, эшикке эркин чыгып турсам болот. Жана күйөө бала болгондо мен бекер эле отурбайм, колумдан келишинче жардам берип, өзүмдү намыстуу сезсем болот.
Анан тойдо сөз сүйлөгөндөн аябай уялдым. Америкада узун тосту айтууга шыкты сыйлабайбыз, тескерисинче өзүнүн ойун кыскартып, жыйынтыктап айтууга жөндөмдүү кишини акылдуу деп ойлойбуз. Бирок тойдо дайыма менден акылдуу эл аралык достук тууралуу сөз күтүлчү. Мен кызарып, эптеп эле төмөнкү тосту айтып кутулчумун: «Достугубуз Ала-Тоодой чоң болсун.  Кыргызстан гүлдөй берсин. Ден соолугуңар Ысык-Көлдөй таза болсун. Малыңардын жана айалдарыңардын бойунда болсун». Эркектер жыргап күлүп калышчу, а кыз-келиндер мага уялгандай тиктешчү. Ал тосту акылдуулук эмес деп түшүнсөм да, эми эч качан айтпаш керек деп өзүмө убада берип, бирок кийинки тойдо деле жалгыз Америкалык болуп, уйалып, оозумдан кайра эле чыгып кетчү.
–  Кыргыз жергесинде жүргөнүңдө туугандарың, ата энең же башкалар сага келип кетишчү беле? Туугандарыңды сагынып, же алар деле кызыгып, биз да барып, көрүп кетели дешкендир?
–  Ак-Учукта жашап жүргөнүмдө бир тууган иним бир жумага Америкадан келип кетти. Чоң той болуп, инимди төргө отургузушту. Бир байке инимдин сапсары чачын көрүп, мындай сөз айткан эле: «Советтер Сойузунун учурунда мен армияда болгом, мени Берлинге жиберишкен. Берлиндеги дубалдын ары жагында сендей сапсары балдарга мылтыктарыбызды кадимкидей мээлечүбүз. Силерди душман дечүбүз» деп анан ошол байке ыйлап жиберип, «Кечирчи бизди, азыр биз ушинтип чогуу бир дасторкондон тамак жеп калабыз деп таптакыр ойума келип, элестетчү эмесмин. Кечирчи мени брат!» дегенде иним да эч бир сөзүнө түшүнбөгөнүнө карабай эле ыйлап жиберген. Экөөсү анан кечке кучакташып, эзилишип, бир идиштен тамак жеп көпкө чогуу отурушкан эле. 
Мен, кийин, азыр кыргыз тойунун ошончолук маанилүү болуп кеткен себебин бир аз түшүнүп калдым. Үй ээси тойду конок үчүн эле өткөрбөйт, өзүнүн намысы, коом жана барк үчүн деп өткөрөт.  Андан да кыргыздын үчүнчү күчтүү касиетинине келдим, ал баркты сактоосу. Кыргызстандын аянты кичиникей, калкы аз жана тегерегинде күчтүү улуттар көп. Менимче баркты сактоосу, кыргыз салтын сыйлаганы, жакшы адам болуу менен барабар. Элдин көзүнчө, үй-бүлөнүн баркы үчүн жети атасын билип, үй-бүлөнү уйат кылбаш керек. Намыстуу адам болуш керек.
–  Намыс, салт деп жатасың, аны кандай түшүнөсүң дегеле? Маселен, намыстуу болуш үчүн эмне кылыш керек башка дагы?
–  Чыңгыз Айтматов «Адам үчүн эң кыйын иш, күн сайын адам болуу» дебеди беле? Баркты сактоону өтө эле бийик деп койуп, бир киши бир эле күн алсыз болуп, баркын, намысын сактабаса, эл аны эч качан унутпайт. Ал алсыздыктын жыйынтыгы ушак, ичи тарлык жана көз тийбесин дегени. Менимче кыргыздар элдин сөзүнө өтө эле көңүл буруп, бири-биринин кылык-жоругун өтө көп сындашат. Мисалы, жубайым бир жолу жайында, июнь айында чет өлкөлүк бир илимпоздун котормочусу болуп, Караколго ал киши менен барып келди. Бишкекке кайра кайтып келе жатканда илимпоз Чолпон-Атада түнөөнү өтүнүп, бир мейманканадан эки бөлмө суранышыптыр. Ошондо мейманкананын ээси, «жашырбай эле бир бөлмө алып эле эс ала бергиле» десе жубайымдын жүрөгү айабай түшүптүр. Жубайымдын көлдүк туугандары толтура да Чолпон Атада. Белгисиз бирөө ошол кишинин сөзүн угуп жалган ушак таратса, апасынын ден соолугуна сөзсүз катуу зыян келтирмек. Ээсин аябай урушуп «мен котормочусумун, эки бөлмө бериңиз, билбей туруп эле экинчи антип сүйлөбөй жүрүңүз» деп катуу айтыптыр.
Мен барк жана ушак тууралуу күлкүмүштүү бир окуйа айтып берейинчи. Жаш кезимде анда-санда стресс болгондо тамеки тартчумун. Бир жолу мектепте маселелер көп болуп, кечинде үйдөн жарым саат сайын  жашырынып, тыштагы дааратканабызга барып тартып келип жаттым.  Эртеси айылдын башкажагындагы агай мектептен, «Ич жакшыбы?  Кечинде дааратканага бат-баттан эле барып жатканыңды уктум» деген эле мага санааркагандай суроо берип…
Дагы бир жолу сейилдеп, айылга жакынкы адырга чыктым. Бир эңкейиштен түшүп, талаасын сугарууга келген чоочун келинге кезигип калдым. Беш мүнөт чогуу басып баратып майда-чүйдөлөр тууралуу баарлаштык. Кокусунан келин, бети кызарып, башка жолго бурулуп кетип «мени ээрчибе» деп шыбырды. Өйдө жакты карасам бир жигиттин карааны жакындап келатат. Башкалар мени келин менен адырда жүргөн киши экен деп ойлошпосун деп аябай уялдым. 
Ак-Учукта жашап жүргөнүмдө эмнегедир кыргыз салтынын алсыздыктарына эле көп көңүл бурчумун. Кыргыз салтын жаман деп эсептебейм, бирок мен үчүн ыңгайсыз деп ойлочумун. Анан кичиникей айылда жашагым келбей, Тынчтык Корпусуна мени Кочкордой шаарчага жибергиле деп арыздандым. Тынчтык Корпусу менин арызымды кабыл алып, Тоң райондун Тогуз-Булак деген айылга которушту. Бирок ал айыл деле ойлогонумдай чоң эмес Ак-Учуктай эле кичиникей айыл экен.  Азыр, он үч жылдан кийин, ал арыздаганымды эстесем, кызарып кетем. Ак -Учуктагылар «чанып кеттиң» деп мага таарынышканы негиздүү эле болчу. Бирок, Кудайга шүгүр, Ак-Учуктагы үй-бүлөм, коллегаларым кечиримдүү эл экен. 2010
жылы Ак-Учука барсам кадимкидей жылуу кабыл алышты.
–  Ак-Учуктан эмнеге кетип калды
ң эле, жакпай калган жагдайлар блдубу?
–  Ак-Учуктан эмнеге чыдабай кеткенимди түшүндүрүү үчүн 1999-2000жылдарыдагы абалымды сүрөттөшүм керек. Мен ал учурда 24 гана жашта, биринчи жолу ата-энемден алыс жашагам.  Кыргыз жергесинде телефон тармактары көбөйө элек, ал эмес Бишкекте бир эле интернет кафе бар болчу.  Америкадагы жакындарым менен андасанда эле кат аркылуу байланышып турчумун. Үйүмдү аябай сагынып, кыйынчылыктарды араң эле көтөрчүмүн. Кыргыз тилин жакшы эле сүйлөсөм да, кыргыз салтынын достукка тоскоол кылуучу чоң айырмасы жок экендигин бекем түшүнө элек болчумун.  Тынчтык Корпусу мени кайра эле башка айылга которгону ырас болуптур. Мен эгер  шаар же чакан шаарчада жашап калсам, башка ыктыярчылар менен кошулуп алып, кыргыз тилин үйрөнгөнүмдү дароо токтотмокмун. Же балким тагдырым үчүн Тогуз-Булакка көчкөндүрмүн.

Жалпы үй -бүлө, туугандары менен чогуу түшкөн сүрөт. Ысык-Көлдө, Тоң району. 2010-жыл.

–   Тагдырым, Тогуз Булак деп калдың, кенентрээк кеп салып бер эми Девид күйөө бала?
–  2000-жылдын август айында мен Тогуз-Булакка көчүп, жаңы үй-бүлөм (ыраматылык кайнатам Кудабаев Исраилдин үй-бүлөсү) менен жашап баштадым. Алардын короосундагы үч баласы мени жылуу маанайда тосуп алышты. Улуусу аябай жылдыздуу, өзгөчөлөнгөн кыз экен. Көзүмө тиктеп «Good afternoon» деп тартынбай эле айтты. Алгачкы көрүштө эле өмүрүмдө биринчи жолу башкача бир сезим менен туйуп сезгенимди байкагам. Ал үйдөгү жаңы ата-энем менен таанышып, чай ичип жатканда, апа үйдөгүлөр тууралуу кенен айтып берди. Ал кызынын он беш жашта эле экенин, тогузунчу класста окуурун угуп жүрөгүм түшүп кетти. Анан ичимден өзүмдү, «эмне болуп жатасың,  ал кыз сенин карандашың эмеспи!» деп жанагы башкача сезимимди мээмден өчүрүп салдым.  Ошентип, бир жыл бойу Тоңдо жашап калдым. Ал үйдүн ээси, Көлдүк атам менен дароо эле жакын дос болуп калдым. Ал киши айабай тамашакөй, мээримдүү жан эле.  Мага «Капиталист» деп тийишип,  кансыз согуш мезгилди шылдыңдагандай Советтер Сойузун мактачу. Бир жолу кошуна байке менден, «Дэвид, чыныңды айтчы, сен шпионсуңбу?» деп сурап, анан бир саамдан кийин, «качан менин үйүмө келесиң?» деп мени чакырса атам ыраматылык, «Шпионду да үйүңө чакырасыңбы, койлоруңду санап, Вашингтонго айтып салат» деп бизди айабай күлдүргөн. Байкуш атам кант диабети менен ооругандыктан апам ага таттуу көп жегенге тыйуу салчу. Мен Бишкекке барган сайын «эркекче» эки-үч бөтөлкө «Сиберская Корона» деген сырадан жашырып атага алып келип берчүмүн. Атам экөөбүз кошуна досубузду чакырып алып, ошол сыраларга каймак салып ыракаттанып, шашпай баарлашып отуруп жыргап ишчүбүз. Анан апа ичкенибизди көрүп калса бизди мээрими менен урушчу. «Мындан кийин сыра ичпейсиңер, диабетке зыян деп калаар эле. Анан кайра бат эле «Гүлжан, балдарга тезирээк картөшкө кууруп жиберчи» деп безилдеп турат эле.

– Айтсаң, Гүлжан мектепте эле окуган кичинекей, секелек кыз болсо, анан кантип мамиле түзүп, сүйлөшүп, жакындап кеттиңер?

– Гүлжан менен башында байке-карандаш катары эле бекем достук курганбыз. Анан мен он жылдан кийин аны менен никеге туруп калаарымды ал учурдада таптакыр ойлогон эмесмин. Түшүмө да кирген эмес. Мен өз колуктумду мактасам туура эмес го. Жөн эле Гүлжандын ар кайсы жактан (окуусунда, эл менен аралашканда жана үй оокатын кылганда) тың экендигин жакындан байкаганымды гана айтсам болот. Апасы Гүлжанды мени менен англисче гана сүйлөшүүгө мажбур кылчу. Ал менин котормочум болуп калып, көп учурда мурда түшүнбөгөн көп нерселерди эне тилимче түшүндүрүп берчү. Кыргыздын салты тууралуу аңглисче уксам, кандайдыр менин жүрөгүмө жакынараак сезиле баштаган. Ошондо гана ал салттын алсыздыгын эле эмес, күчтүү жактарын да туйуп, сезе баштадым. Анын үстүнө ошол жылдары биздин үйүбүздө жана башка мугалимдердин үйлөрүндө той-аш айабай көп болду. Ар кандай элдер менен баарлашып, кыргыз тилинде андан дагы кененирээк сүйлөп көнүп алдым. Ошол жылдары кыргызчам катуу бышып калган деп айтсам туура эле болот. Гезиттерди жана жөнөкөй романдарды окуп баштап, ар түрдүү тема тууралуу эркин сүйлөшө алчумун. Ишенесизби, азыр ошондогудай соонун сүйлөгүм келет кайра
-кайра!.. 
– Жакшы Девид күйөө бала, азыр анда Көлдү, ошол жылдарыңарды сагынып жаткан чыгаарсыңар? Айылдагылар орус деп эле кабылдашса керек. Америкалык экениңди баары эле кайдан билишсин, же билишчүү беле?
– Сагынганды айтпаңыз. Тогуз-Булак Ысык Көлдүн тескей жагында, бирок чоң жолдон алыс, «үстүнкү өрөөндө» жайгашкан. Күндө бир жолу Балыкчыдан ага сары автобуз каттайт. Ал автобустун шартын сүрөттөбөйм, бирок ага бир түшкөндө адамды он жылга карытат. Орус демекчи, бир жолу Бишкектен келе жатып, ага үлгүрбөй калып, Караколго кеткен автобуска түшүп калдым. Тогуз-Булакка бурулган жерге жеткенде (Кескен-Бел) мен жылчыгы жок автобустун артынан «токтоткула» деп кыйкырдым. Мени тааныбаган жүргөнчүлөрдүн баары «ким бияктан түшмөк эле» дешип суроолуу кебетелери менен мени жабыла карашып, кыргызча сүйлөгөн орус экениме ооздору ачылып, аңырайып, таң калып калышкан. Анан мага орусча, «Жок, болбойт, али Кажы-Сайга жете элекпиз» деп кашайып түшүрбөй койушкан. «Ээй туугандар, түшүнбөй жатасыңар» деп баарын кыргызча, ким экендигимди жана абалымды элүүдөн ашык  чоочун жүргүнчүгө түшүндүрүп бергенден кийин гана араң токтоп түшүрүп койушкан. Айылда ээн-эркин жүргөн, кыргызча билген Америкалык аз болчу. 2001-жылдын жайында америкадагы карандашым Кыргыз жергесине келип кетти. Экөөбүз Көлдү айланып кыдырып чыктык. Алыскы жайлоолорго барсак, ал жактагы чабандар менден автограф сурашты.  Карандашым ошондо мени аябай урушту. «Автографпы, сен кимсиң?” деп. «Мен Дэвидмин» деп  мостойуп туруп жооп узатып койсом ачуусу айабай келди. «Дэвид деген ким, Америкада биз эч ким эмеспиз!». «А бирок мен Дэвидмин. Мен кыргызча билген Дэвидмин» деп айтсам, «аның эмне, алар деле кыргызча сүйлөшөт да, анда сен да  алардан автограф сурабайсыңбы?» деп боорду эзген. Андан эки күн өткөндөн кийин Түптүк досумдун үйүнө барып карандашым экөөбүз өзүбүзчө англисче сүйлөшүп жатсак бир эже, «ами-мии, силерди көрүп, кадимки кино көрүп жаткандай болуп атам» деп атпайбы. Мен анан ал сөздү карандашымдын жининен коркуп, которуп бербей койгом!
Жалаң кыргыздын арасында жалгыз америкалык өзүнчө эле «жылдыз» болуп жүргөн турбайбы анда? Албетте тамаша, бирок карапайым эл чет элдиктерге айабай эле тұз, жылуу көз карашта экенинин белгиси болсо керек. А карындашыңызга ал айабай өөн учураган экен да, туурабы?
– Анан дагы бир күндөн кийин, Кара-Колдун зоопаркына барып калдык. Үч, сегиз жаштын тегерегиндеги жаш балдар маймылга айабай кызыгып карап жатышкан экен. Артынан карандашым экөөбүз англисче бапылдап сүйлөп аларга жакындап келгенибизде балдар маймалды унутуп, бурулуп алышып, баары тең бизди тиктеп калышты. Айттым карандашыма, «көрдүңбү, биз маймылдан да кызыктуубуз. Ушундай белгилүү жана өзгөчө болгонго мен көнүп калгам» десем карындашым, «ошон үчүн сен бузулуп, көөп кете электе үйгө келишиң керек» деп таарынган.

(Уландысы бар.)

Ааламтор аркылуу маек курган
Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Эркин журналист,  Келсинки-Денвер.
май, 2013.

 

6 thoughts on “«Кызыл бурч»

  1. Мына, Девид күйөө баланын курған аңгемесинен улам, биз қырғыздар; өзүбүз тууралуу өзүбүздүн жана өзүбүздүн тилибиз бойунча өзүбүздүн пикирибиз (самооценка) өтө төмөн экендигине дағы бир ирэт ынансақ болот. Байқап көрөлү эле. Қапқайдан қандай үлкөн өлкөлөрдөн бизди (қырғыздарды) адам, улут қатары санап тилибизди үйрөнүшүп, салтыбызды қабыл алышып қызығышат. А биз болсо ошол тилибизде сүйлөөдөн өзүбүз уйалабыз, тартынабыз, орус тилдүүлөргө қарап қысынып қылчақтайбыз жөндөн жөн эле. Президентибизден баштап. Башқа улуттан бирөө жарым биздин тилде сүйлөсө аңырайып оозубуз ачылат. Ошол Америкен Англичан Япон Немис Қытайлар үчүн биздин (ҝырғыздардын) тилибиз, ошолордун тилиндей эле бир эгемен Өлкөнүн Мамлекеттик Тили. Биздин (қырғыздардын) өз Мекенибизде өз ара, өз МамТилде эмес, башқа мамлекеттин тилинде сүйлөшкөнүбүз, ошондой өнүккөн (Америка Англия Япон Қытай ж.б. сыяқтуу) өлкөлөрдүн жарандары үчүн, өз МамТилине чыққынчылық сыяқтуу осол көрүнүш экендигине биздин орус тилдүү улутташтарыбыздын қачан баамы жетээр экен?

  2. Досум азаматсың, бул макалаң мага абдан жакты. Эң өкүнүчтүүсү Гүлчөдө абдан аз эле болгонсуң. Эчтеке эмес, баары алдыда, эрикпей баарын окуп чыктым, көп маалыматтуу болдум..

  3. Дэвид жезде рахмат сизге бат бат Кыргызстанга конок болуп келип турунуз!=)) уландысын соссуз кутобуз!!!!!!!

  4. Чет элдиктер бизге суктанат, биз аларга суктанабыз! Эң негизгиси-биз өзүбүздү-өзүбүз баалабайбыз! Жүрөгүңдү тыңша-анан ааламды билесиң деген чын сөз, өз жүрөгүбүздү тыңшасак, башкалардын деле биздей эле адамдар экенин билебиз. Алар деле биздей жөнөкөй пенделер, адамдар сыртынан эле ар башка, ички заты баарыныкы окшош экенин кулк-мүнөз, мамилеси, аракетинен эле көрүнүп турат. Андыктан:
    “Өзүн кемсинткен – байкуш, өтө өйдө сезген арсыз”,-деп бекер айтылган эмес. Теңир баарыбызды тең жараткандан кийин, башкаларды да өзүбүздөй ойлоп, өзүбүздү да башкалардай ойлош керектигибизди түшүнөөр мезгил келдиго. Девид менен Асырандын сонун аңгемелешүүсүнө Ракмат! Жөнөкөй илим-билим адамдары кайда болсо да, каяктан болсо да-мыкты адамдар! Бар болгула! Ийгилик, ден-соолук, амандык болсун!

  5. Асыран байке аңгемеңиз өтө кызыктуу экен. Бул аңгеменин тарбиялык мааниси зор де санайым. Себеби биз эгемендүүлүктү алган менен азырга чейин биз “киргиз жана киргизкалардан” арыла албай келе жатпайбызбы. Ал эми сиздин каарманыңыз кыргыз тилинин абройун андан да жогору көтөрүп койду. Мен озум ошол Дэвиддин тилин (англис) билгенден кийин салыштырып айта аламын алар учун биздин тилди уйронуу өтө кыйын, себеби кыргыз тилинин грамматикасы татаал.

  6. Ыракмат жылуу пикириңизге. Урматтуу Гүлипа, эгер Сиздин мүмкүнчүлүгүңүз болсо мени менен байланышсаңыз, англис тилин жакшы билсеңиз сүйлөшө турган маселе бар эле..

Leave a Reply to Бектурсун Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *