Jun 28

Чын эле..

АЧУУЛАНГАНДА ЭМНЕ ҮЧҮН БАКЫРАБЫЗ?

Индиялык бир аалым окуучулары менен Ганг дайрасынын боюнда сейилдеп баратып, бири-бирине ачууланып бакырып аткан үй-бүлөнү көрүп калат.

Окуучуларына кайрылып: “адамдар неге бири-бирине ачууланып бакырат?” – деп сурайт.

Окуучулардын бирөөсү: “анткени тынчтыгыбызды жоготобуз” десе, анда аалым: “ачуубузду келтирген адам жаныбызда турса деле неге бакыра беребиз? Ошол кишиге айта турган сөздөрүбүздү бакырбай акырын айтсак деле болгонуна карабай неге бакырабыз?” – деп кайра сурайт.

Окуучулар ойлонуп унчукпай калганда түшүндүрө баштайт: “эки адам бири-бирине ачууланганда, жүрөктөрү бири-биринен алыстап кетет. Бул алыстыктан бири-бирине үнүн угузуу үчүн катуу бакырууга туура келет. Канчалык көп ачууланган сайын ортодогу аралык ого бетер алыстай бергендиктен, андан беш бетер катуу бакырууга туура келет.

Эки адам бири-бирин жакшы көргөндө эмне болот? Бири-бирине бакыргандын ордуна, тескерисинче, акырын сөйлөшүп калат, себеби алардын жүрөктөрү бири-бирине жакын, ортодогу алыс аралык жокко эсе, же такыр эле жок. Ал эми эки адам бир-бирин сүйүп калганда эмне болот? Алар сүйлөшпөйт, болгону кобурашат, анткени жүрөктөрү бир-бирине мурдагыдан да жакын болот. Бара-бара сүйлөшүүгө да кажет калбайт, бири-бири менен тиктешүү аларга жетет. Бирин-бири чындап сүйгөн эки адамдын мамилеси дал ушундай болот”.

Андан соң аалым окуучуларын карап мындай дейт: “андыктан бирөө менен тартышканда жүрөгүңөрдүн алысташына жол бербегиле. Мамилеңер бузулуп бири-бириңерден алыстай турган сөздөрдү айтуудан алыс болгула. Болбосо күндөрдүн биринде артка кайрылып бири-бириңерге жакындоонун жолун таба албай калышыңар мүмкүн”.

 

Которгон: Данил АСАН.

Jun 26

Таазим..

Акылбек МАМАДАЛИЕВ – 1980-жылы 19-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 2002-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин аяктаган. «Кусалык», «Махабат», «Аманат» поэтикалык жыйнактарынын автору. КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Т. Эргешов атындагы Республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты. РФнын Москва шаарында жашайт.

КУДАЙ.

Кайгырганда, түйшүк башка түшкөндө,
Кайрымы жок күндөн үмүт үзгөндө.
Сен эсиме келесиң го, оо, Кудай,
Себеп болуп ыр саптарын түзгөнгө.

Сүйүү кушу канат сермеп асманда,
Сүйүнүчтүн добулбасын какканда.
Сен эсиме келесиң го, оо, Кудай,
Себеп болуп ыр берметин тапканга.

Ана ошентип агымында өмүрдүн,
Алып орун так төрүнөн көңүлдүн.
Жадыман эч жуулбастан жашайсың,
Жалгыз сенин мээримиңе чөмүлдүм.

Муңайганда, оомат баштан кеткенде,
Кубанганда, төбөм көккө жеткенде.
Сен эсиме келесиң го, оо, анан,
Себелейсиң жаңы ыр болуп дептерге…

Кулдугум бар, арманымды ук, Кудай!..

Кулдугум бар, арманымды ук, Кудай,
Куш болсом ээ, көктө кайкып учкудай.
Көңүлдү эзет, эргүүсү жок күндөрүм,
Көнгүм келбейт тагдырыма ушундай.

Маанайым суз, сумсайыңкы жамалым,
Мааниси аз, шаң-күлкүдөн жададым.
Маңдайыма жазылганы ушул деп,
Майдаланып жашагым жок жашагым.

Кайран жашым отуз үчкө толгуча,
Канча айым агып кетти боштукка.
Алы-күчүн жумшабаса ырларга,
Акын үчүн айтып бүткүс кордук да.

Улабастан ыйык жолду, эх, демек,
Уялбастан жашаганга бет керек.
Каңгып көпкө жүргөнчөктү, жүдөбөй,
Каалгып көккө сиңгеним оң эртерээк.

Кулдугум бар, арманымды ук, Кудай,
Куш болсом ээ, көктө кайкып учкудай.
Көңүлдү эзет, эргүүсү жок күндөрүм,
Көнгүм келбейт тагдырыма ушундай.

Келчи Кудай, мээрим төгүп кубатта…

Келчи Кудай, мээрим төгүп кубатта,
Келдим окшойт оттой жанган куракка.
Эми менин элге тийбей жарыгым,
Элдир-селдир эзилгеним уят да.

Алыс жашап апаат, азап, ыйдан да,
Ажырабай абийир, атак, сыйдан да.
Кадырыма чок түшүрбөй өмүрдө,
Камчы чаппай жүрөйүнчү ыйманга.

Болбой күнүм көкүрөгүм зилдеген,
Болсун сүйүү жанга азык, дилге дем.
Көңүл балкып, эт-жүрөгүм жибисин,
Көөдөй ойлор жолобосун кирдеген.

Мейли аптап, мейли ызгаар аязда,
Мезгил бөлбөй жыгылайын намазга.
Жамынбастан текебердик терисин,
Жалаң жакшы ыр жазайын кагазга.

Келчи Кудай, мээрим төгүп кубатта,
Келдим окшойт оттой жанган куракка.
Эми менин элге тийбей жарыгым,
Элдир-селдир эзилгеним уят да…

Колдоп мени, кудуреттүү, Оо, Кудай…

Колдоп мени, кудуреттүү Оо, Кудай,
Көңүлүмө, жүрөгүмө, кон, Кудай!
Ыйман бергин, илим бергин өзүмө,
Ысымыма татыктуу жан болгудай.

Акысына көз артпастан бирөөнүн,
Акак мисал асыл өмүр сүрөйүн.
Жадыбалдай атың түйүп жүрөккө,
Жалгыз сага тобоо кылып жүрөйүн.

Анан дагы ала жипти аттабай,
Айылына арамдыктын каттабай.
Ак жашайын үй-бүлөмүн кашында,
Ар эмгегим арууланып пахтадай.

Ушул ойдун такыр жоктур катасы!
Уул-кызымын сыймыктанган атасы,
болсом экен, ар качандан бир качан,
Боордоштордун тийип мага батасы.

Уурулукка-кескиликке жолобой,
Убакытым текке, бекер коробой.
Уютулган алтын өңдүү салмактуу,
Улуу Көккө көтөрүлсүн зоболом!

Колдоп мени, кудуреттүү, Оо, Кудай,
Көңүлүмө, жүрөгүмө, кон, Кудай!
Ыйман бергин, илим бергин өзүмө,
Ысымыма татыктуу жан болгудай…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары.

Jun 26

«Жаргон»

ӨЛҮМДӨН САКТАП КАЛГАН ЭКИ ООЗ СӨЗ.

Туш тарапты түтүн каптап, көчөлөрдө кан агып жатты. Нацисттик жоокерлер жин ургандай кирип келген СССРдин аскерлерине туруштук бере албай калды. Жеңилгенине көзү жетип, айласы кеткен Гитлер 30-апрель күнү атынып өлүп жаны тынды. Ошону менен Берлин шаары комунисттердин талоонуна туш болду. Алдынан чыкканды өлтүрүп, колуна тийгенди жулуп алып, кыз-келиндерди зордуктап жатты жеңүүчүлөр. «Койгула , токтоткула» деп алдыларынан эч ким тосуп чыга алган жок. Ушул эле аз келгенсип, бир күнү орус аскер башчылары шаар элине жарлык кылды. Анда «бардык жайлар коммунист жоокерлери үчүн ачык турсун!» деген катуу буйрук бар болчу.

Ошентип, шаар элин калкалар үмүттүн акыркы шооласы да өчкөндөй болду. Кой дээр кожосу жок жоокерлер алдынан чыкканды ур-тепкиге алып, кенедей каршылык кылганды ит аткандай атып, кызарган нерсе көрсө жулуп алып жатты.

Тээ согуштан мурда эле Түркиянын Бакыркөйүнөн келип, Берлинге жайгашып калган түрк улутундагы Арам Пештемалжыян дагы, үй-бүлөсү менен калы-килем саткан дүкөнүн ачып коюп, келе турган апаатты айласыз күтүп отурат. Баарынын кабагы салыңкы. Жаш кыздары энесине бекем жабышып, көздөрүн алаңдатып ыйлап алган. Ким билет бул күн алардын жашоосундагы акыркы күндүр. Көр оокат деп ата-журтунан чыгып, бул жакка сапар аларда мындай апаат болуп кетет деп ким ойлоптур. Эми, эки дөө согушса, ортодо кара чымын кырылат деген ушу дегенсип, тагдырларына мойун сунуп отурушат. Канча жылдан бери созулган согуш кечээ өздөрү жашаган аймакка чейин кирип келип, көз алдыларында канчалаган адамдар өлүп кете берди. Мына, акыры ажалдын кезеги буларга да келген окшобойбу. Качаарга жайы жок, бекинерге тешиги жок байкуштар, көрө турганды бирге көрөлү, колдон келсе бири-бирибизди арачалап калалы дегенби, айтор баары топтолуп алып, дүкөнүн ачып коюп күтүп жатышты.

Мындайда убакыттын кандай өткөнү да билинбей калабы, же чын эле орустар ушунчалык жакын беле, ким билсин, бир маалда түшүнүксүз кыйкырып-өкүрүп эки жоокер кирди булардын дүкөнүнө. Тим эле жинди немедей буркулдаган экөөнү көргөндө эле бечара Пештемалжыяндардын үрөйү ого бетер учуп, бала-чака чурулдап ыйлап жиберди. Бирок тиги кутурган эки жигит булардын коркконун ойлоп да койгон жок. Бирөө түз эле жайылып турган килемдерге умтулуп, улам бирин аңтара тартып карай баштады. Экинчиси болсо түп-түз эле келип кыздардын бирөөнү билектен алса болобу. Дүкөндүн ээси жайылып турган килемдерин бүт алса дагы кыңк этпейт эле, бирок, кантсе да ата эмеспи, кара чечекей кызына көз көрүнөө сугун арткан немеге чыдай албай, тигинин колуна жабыша, ортого кире калды. Ансыз да кыжыры келгендей буркулдап жүргөн баскынчы, заар чачкан көзү менен аны жеп ийчүдөй бир карады дагы, тапанчасын кабынан сууруп чыгып чекесине такады. Иштин бүткөнү ушул деген ой мээсине зып эте калды бейм, айласы кетип, өңү куп-куу болуп кубарган Арам Пештемалжыян аялын саал кылчая бир карап:
  Шимди боку йедик («эми бокту жедик» – түрк элинде кеңири таралган жаргон) – деп кобуранды.
Жанатан өзүнө аңыраңдап аткан жоокер бул сөздү укканда негедир таң кала түшүп:
 
Не дедиң, не дедиң? – деп шашыла сурап жиберди.
Жанын оозуна тиштеп, коркконунан жүрөгү лакылдап согуп турган үй ээси, эмне кыларын билбей, араңдан зорго жанагы сөзүн дагы кайталады:
  
Шш – шимди боку йедик.
Ошону менен кум саатты кайра коңторуп ийгендей, баары тескерисинен кетти. Өлүм менен кайгыдан башка жакшылык кылбачудай көрүнгөн жоокердин, кутурган дөбөттөй кызаңдаган баскынчынын, колундагы тапанча ылдый түшүп, көзүнөн кубанычтын учкундары чагыла түштү кадимкидей. Жашоодон түңүлө баштаган Пештемалжыян дагы эле көз алдындагы кубулушка ишене албай, «бул шумдуктуу коммунисттер дагы эмнени баштады» дегендей чочуркап карап тура берди. Кызаңдап кыйкырып аткан баскынчы болсо, канчадан бери жоготуп таппай жүргөн тууганына жолуккандай сүйүнүп, тигини кайра-кайра кучактап, баркылдап каткырганга өттү. Баары дендароо болуп карап турду. Берки аскер дагы эле токтобой:
 
Биз кардашпыз. Мен сенин кардашыңмын,  – деп тигини эки ийинден кармап силкилдетип жатты. Советтер Союзуна кирип калган түрк элдеринин жигиттери кан күйгөн согушта катарлаша жүрүп, баарына түшүнүктүү, баарына орток түрк дүйнөсүнүн сөздөрүн көп эле үйрөнүп калышкан экен. Берки жигит дагы ошол, болгон-билген сөздөрүн автоматтан аткандай жаадырып, туугандыгын, жакындыгын билдирип атты.
Акыры дүкөн ээлери да аз-аздан эсин жыйды. Алаңдаган көздөр токтоп, аз да болсо үмүт шооласы тутана баштады. Жанатан мазарга айланып турган дүкөн ичине жан кирип, ары-бери чай даярдалды. Анан чай үстүндө кобурашып отурушту. Таанышышты. Тилдери аз-маз башка болгону менен дилдери бир, каада-салты бир, диндери бир элдерден экен, бири-бирине сый тартуулап, бири-бирин урматтап отурушту.

Ошондон кийин эки жоокер Пештемалжыяндын дүкөнүнөн узаган жок. Орус аскери талап-тоноосун токтоткуча эч жакка жылбай кароолго турушту. Каны бир, боордоштук деген ушу тура атаганат. Кылган ишин доомат кылбай, аткарганын артык көрбөй, араң түшүнүп калган бир сөзү үчүн жүзүнө күлкү аралап, «кан кардашпыз» деген сөздү баарынан улук көрүп, ошол туугандыкты туу туткан сезими менен, боордошун кыйын абалда калтырбай коргоого өзүн милдеткер сезди эки жоокер.
Арадан күндөр өттү. Канчалаган адамды зар какшаткан согуш да бүттү. Немис болобу, орус болобу, же таптакыр алыстан келген түрк болобу, айтор, өз эмгеги менен нан таап жеген карапайым калкка тынччылык эле жакшы тура. Анын сыңарындай, нечендеген алаамат күндөн аман-эсен чыккан Пештемалжыяндар үй-бүлөсү дагы көп ичинде оокатын кылдыратып, бүлгүндөн аман калган дүкөнүн иштетип  жашай беришти. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет дейт эмеспи. Акырындап соодасы жанданып, оокаттары тыңып, эл катарына кошулушту.

Бир күнү буларга Түркиядан атайы түрк ишкерлерди зыярат кылганы газетанын кабарчысы  келип калды. Алыскы мекенинен келген адамды жөн коюшабы, Пештемалжыяндар үйүнө чакырып конок кылышты. Баштарынан өткөн окуяларды эстеп отуруп, жанагы согуш убагындагы эки жоокер тууралуу тим эле кайра-кайра кайталап айтып беришти. Өзүлөрүн бүтүндөй апааттан сактап калган жанагы «сыйкырдуу жаргон» булар үчүн баа жеткис мааниге ээ экенин баса белгилешип, керек болсо Түркиядан бир чоң хаттат (эски Осман элинде диний сөздөрдү кооздоп, ар кандай ыкмага салып көркөмдөп жаза турган уста) таап, ушул сөздү жаздырып, дубалдарына илип алгысы келгенин да унутта калтырышкан жок. Булардын тилегин уккан кабарчы, Түркияга кайтарында хаттат табууга жардам берерин убада кылып жолуна түштү.

Айткандай эле, баягы кабарчы Түркияга келип, бат эле Эмин Барын аттуу хаттатты да тапты. Өмүрү андай ыплас сөздү көркөм чеберчилигине албаган хаттат, бир жумадай кыйылып жүрүп, акыры макулдугун берди. Арадан ай өтпөй, түрк элине кеңири таанылган «шимди боку йедик» деген сөзү алда немедей кооздолуп жазылып, сырты шөкөттөлүп Берлинге жиберилди.
Ал эми жанагы кабарчы иштеген газетада болсо, богоонок сөздүн кантип шөкөттөлгөнү тууралуу макала даярдалып, «Түрк үй-бүлөсүн кыргындан сактап калган эки кыргыз жоокери» тууралуу кеңири баяндама жазылды.

Наыпбек АСАНБАЕВ. Бишкек шаары.

Jun 25

Бук..

Айтурган САТИЕВА.

МЕН СЕНИ САГЫНДЫМ, АТА!..

Менин атам бул гүлдөрдү жакшы көрчү эле. 1-май, 9-май, 25-май… Бул майрамдарда зараңдын аңкыган жыттуу гүлүн кошуп, кооз жалбырактарга ороп укмуш кооз букет жасап берээр эле. “Апаңа бер”. Кооз букетти мага берип жатып ушинтип айтчу. Бардык майрамдарда апамды гүлсүз калтырчу эмес. Апам да апам, мугалимим да апам болгон үчүнбү же балалуу болгондо аталар ушинтип калабы, атам жасаган букеттерин менден берип жиберчү. Ошол күндөрдү эстегенде апам азыр да айтып калат “дүйнөдө күйөөсүнөн көп гүл алган мага теңдеш эч ким жок болуш керек” деп. Албетте, бул апамдын сезимдери деңизчи, бирок атам себепсиз деле гүл тартуулаганды жакшы көрчү. Өзү фантазиясында чек жок, сүрөтчү, скульптор, Омар Хаямдын рубаилеринин мыкты которуучусу болгону үчүнбү, гүлдөп турган алма-алчанын гүлүнөн, же баардык өсүмдүктөрдүн гүлү мөмөгө айланган күз айында деле, куурай, сары-кызыл жалбырактар менен керемет букет жасап койчу. Ал эми кызгалдакты эмнегедир өтө аяр мамиле кылып жакшы көрө турган.

– “Ата, мунун эмнесин жакшы көрөсүң? Жыты дээрлик жагымсыз, үлп эткен жел болсо желекчелиринен кош айта бер, чыдамсыз гүл го” -деп нааразы болсом, жылмайып мени көпкө үнсүз карап туруп;

Кызгалдактар.

– “Анын өңүн карачы, нукура өңдөр, жалбырактарынын өңүн карачы, желекчелеринин, жаңыдан ачылганы аткан түйүлдүктөрүнүн, сабагынын, бир тамырдан топтошуп чыгып даяр букет болуп турганын, булардын бири-бирине болгон айкалышын карачы… ал эми анын назиктигичи… кудум эле сага окшош кызым. Кудайым мени силердей 4 кызгалдакка ата кылганына чексиз ыраазымын, мен бул гулдөрдү көргөндө 18 жашым көз алдыма тартылат, жараткан мага жар кылып тартуулаган менин тоодой бактым апаң менен таанышкан, түбөлүк турмуш жолуна аттанган, андан кийин силер төрөлгөн күндөр сен жакшы көргөн “кызыл алма” тасмасындай көз алдыма тартылат кызым. Мүмкүн сен туура айтып аткандырсын, бул гүл деле адам өмүрү сымал барксыз нерседир, бирок мен үчүн, менин дүйнөм үчүн ыйык гүл, сулуу гүл, улуу гүл, акжолтой гүл” деп айтканы эсимде. Гүл болсо да чын дилден сүйгөн мамилени билет белем, биздин огороддо ого эле көп өсчү. Айдоо себээрде айла жок айдатып салганыбыз менен себилген жүгөрү, мөмө – жемиштин чет-жакасына жайнап, тээ атамдын бала кезиндеги пионер жагоосундай коңшулардыкынан биздин огородду өзгөчөлөнтүп турчу. Атам өзү да ушул кызгалдакка бай, май айында жарык дүйнөгө келген эле.

Ата, мен баягыда сенин жаткан жайыңа бардым го, өзүң каалагандай болуп, атайын бирөө келип сээп кеткендей болуп кыпкызыл кызгалдакка толуптур мүрзөңдүн үстү. Сени жаңы жерге бергенде агамдар “жакшы жерден болуптур жайы, элдин адамы эле, айылын жанынан артык көрчү, канча талаалап, канча жер кыдырып жүрдү, бирок айылын жадынан түк чыгарган жок, ошол айылдык жөнөкөйлүгү менен кетти чиркин” деп айткандары эсимде, бирок мен жаткан жайыңа айрылуунун уусуна буулугуп жүрүп көңүл бурбаптырмын. Эми абай салсам, чынында жакшы жерден жай алыптырсың. Өзүң сүйгөн айылың, алаканга салгандай көрүнүп турат экен. Адырдын өйдө жагында болуп, үстүнө толгон кызгалдактар менен, кудум сен сүрөт тартып аткандагы ойлуу образыңды берет экен…
А мен, сен сүйгөн кызгалдактан терип алып барган элем… Мен сени сагындым АТА…

Айтурган САТИЕВА. Бишкек шаары.

Jun 24

Жаңы жомок..

******************************************************************************************************************

Жоголуп кайра табылган айтылуу шакек.

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛУП, АЙЛАНЫП ЖҮРҮП КАЙРА ЭЭСИН ТАПКАН «АЛТЫН» ШАКЕК.

(Болгон окуйа)

Мындан бир канча жыл мурун илгерирээк Европа чордонунда жайгашкан өлкөнүн бириндеги ары абройлуу, ары дүйнөгө таанымал, эл аралык маалымат кызматтарын аткарган аттуу-баштуу эле мекемеде  иштеген эки башка өлкөдөн келген эки башка улуттун өкүлү бири-бирине болгон жакын мамилесинин, жан дүйнөлөрүнүн астейдил жактыруусунун негизинде келип чыккан жылуулуктанбы, айтор ошол жылуу мамилелери бирге түтүн булатууга, үй-бүлө куруп жашоого, эриш-аркак кол кармашууга шарт түзүп, баш кошуп бирге жашап калышат. Бири алыскы атагы таш жарган Америка жараны болсо, бири Борбор Азиядагы эркиндикке тынымсыз умтулган элдин, чакан өлкөнүн жараны экенине карабай издешпей табышып алышып, эл катары эле жупуну жашоо кечирип баштайт. Жубайлар өздөрүнүн бактылуу көз ирмемдеринин башталышын, «бал айынын» таттуу күндөрүн айтылуу Жер Ортолук деңизинин ажайып жээгине барып өткөрүүнү, жөн гана көпчүлүк катары эс алып келүүнү эп көрүшөт да, мындай чечимдерин дароо кабыл алышат да зуу койуп учуп кетишет. Кандай гана керемет көрүнүш: Ак чардактар, ачык асман, аптап бетине төгүлгөн ажайып чалкыган көпкөк деңиз, мээ кайнаткан күндүн ысыгы менен таман «күйкалаган» кумдун үстүндө мелжиген мунарыка суктана тиктей көз чаптырып, күнгө кактанып жатканга не жетсин, чиркин. Ошол жыргалды ыракаттана сезип, туйуп, кум үстүндө аркы-терки, оң-тетир күн табына кактанган айал менен эркеги, бала-чакасы менен кары-жашы аралаша башаламан оонаган чала жылаңач денелүү миңдеген эс алуучулар. Балыктай сууга чумкуп кирип, суудан «суурулуп» чыгып, кайра-кайра күнгө кактанып жаткан биздин каарманыбыз, ачыктап айтканда америкен жигитибиз капыстан эле манжасындагы «маанилүү» шакегин жоготуп, сыйпалап таппай калат. Эч эсинде жок, качан, кайда түшүп калганы. Же сууга түшүп калганы же кургактагы кумдун эле арасына түшүп калганы белгисиз. Көтөрүнкү көңүлдөрү чөгүп, маанайлары аздап бузула түшкөн жубайлар деңиз жээгин өйдө-төмөн бойлой басып, шакекти издеп бир далайга убара болушат, бирок эч натыйжа чыкпайт. «Балким сууга түшүп калгандыр» деген ойго да жетеленишет, бирок анткен менен ал  учу-кыйырына көз жетпей чалкыган деңизден кай жагынан издешмек эле? Оймоктой болгон шакекти ошондой түпсүз тереңдиктен таба калыштын өзү акылга сыйбаган оокат эмеспи, эмнеси болсо да дайын-дарексиз жоголду, дегеле үмүттөнүүнүн өзү мүмкүн эмес экенине түшүнгөн жубайлар акыры шакектен түңүлүшөт да, «мейли эми, башы-көзүбүздөн садага, андан көрө амандыгыбызды тилейли» деген тейде кол шилтеп, унутуп койууга аргасыз болушат да аз күндөн кийин келген өлкөсүнө кайтып учуп кете беришет.

Арадан айлар өтүп, жоголгон шакек таптакыр эстен чыгып, унутулуп калган учурда ал жигиттин түпкү кичи мекени аталган алыскы Американын Колорадо штатындагы өзү окуп бүтүргөн Университетинен ойдо жок жерден эле чындыкка эч окшобогон табышмактуу кат келип калат. Эмне болгон кат экенине анча маани деле бербеген жубайлар катты шашпай ачып окугандан кийин ооздору ачылып, эстери эки болуп, эс-мас болуп отуруп калышат. Ишенип-ишенбей дал болуп, бири-бирин жылмайа тиктеп, бир далайга отурушат да, кат ичинде белгиленип жазылган атайын дареке шаша-буша жооп кат жазып киришет. Ал кат Скандинавия өлкөлөрүнүн катарына кирген Финляндия республикасынын борбору Келсинки шаарына жолдонуп жазылат. Тагыраак айтканда азыркы мен жашап жаткан өлкөнүн жараны, кадимки финдердин чакан үй-бүлөсүнө чын көңүлдөн чыккан терең ыраазычылыгын билдиришип, өздөрүнүн жеке даректерин кошуп, толук жазып берип, мүмкүн болсо пошто аркылуу аталган буйумду салып жиберүүлөрүн өтүнүшөт. Көп убакыт өтпөй эле көптөн күткөн, кадимки табышмактуу жана  таңгалыштуу «буйуму» алыскы финдердин өлкөсүнөн келип калат. Бир чети таңгалып, бир чети сүйүнүчтөрүндө чек жок жубайлар сыйкырдуу, жомоко окшоп кеткен окуйага ишенип-ишенбей, бирок адам жашоосунда, турмушта тири шумдуктар боло берээрине чындап макул болушуп, өздөрү баштарынан өткөрүп, өз көздөрү менен көрүп жаткан окуйага абдан бекем ынанышат. Кандай болгон күндө да сейрек кездеше турган мындай окуйага түздөн-түз тийешеси бар, ортодо он миңдеген чакырым аралыктарга карабай, бири-бирин эзели тааныбаган, көрбөгөн башка өлкө жарандарынын мынчалык кайрымдуулугуна, боорукерлигине чек жок экенине миң мертебе ыраазы болгон жубайлар алар үчүн атайын белек дайардашып, аттарын атап туруп ыраазычылык ирээтинде жөнөтүп жиберишет. Ооба, мындай нерсе адамдардын арасындагы сейрек, бирок кездеше турган эң мыкты сапат экени талашсыз. Буга да шүгүр.

Американын түндүк тарабына жайгашкан тоолуу Колорадо деген штаты бар. Бул штат эмнегедир мага айабай жакын жана жагымдуу болуп бара жатат акыркы жылдары. Себеби, 2002-жылы улуу кызым мектепти бүтөөрү менен тагдырдын тамашасы дейбизби, же буйрук дейбизби, иши кылып дал ушул штатка окуганы учуп кетти. Айта келсем ал дагы бир өзүнчө узун тарых, жагымдуу, жакшынакай, эстей жүрө турган өтө маанилүү окуйа. Ал кызым дагы ошол штатта туура сегиз жыл жашап, атайын коллежди, андан кийин Больдер мамлекеттик университетинин сайасат таануу факультетин ийгиликтүү айактап келди. Кыскачасы ушул. Бул биринчиси деп койойун.

Эми кайра шакегин жоготкон жубайларга келейин. Ал жигит дагы дал ошол штатта төрөлүп чоңойгон жараны экен. Учурда эне-атасы, туугандары ал жакта эле жашашат. Өзү болсо ошол Колорадодогу Денвер мамлекеттик университетин бүтүрөт. Ал окуу жайдын «традициясына» айланган дагы бир орчундуу белгиси катары ар жыл сайын окуу жайы өз бүтүрүүчүлөрүнө диплом менен кошо бооруна окуу жайдын аты-жөнү, дареги толук чегилип түшүрүлгөн атайын өздүк шакектер тапшырылып турат экен. Диплом менен кошо колуна тийген шакек ошол эле саатта каарманыбыздын ортончу манжасынан орун алып, чыккыс болуп кийилет. Турмуш дөңгөлөгү ал жигитти да ары-бери түрткүлөп отуруп акыры Европа чордонундагы жогоруда айтылган өлкөгө, маалымдоо мекемесине айдап келип, туруктуу жаран катары жашап, иштеп калат. Бул экинчиси болсун.

Кечээ жакында эле дагы бир бейтааныш америкалык жигит менен «Фейсбук» аркылуу таанышып калдым. Өзүм жетектеген топко кабыл алып, анын кыргызча так сүйлөгөнүнө абдан катуу кызыга баштадым жана жакындан таанышууга өттүм. Мына сага дал келүү. Бул жигит да толгон штаттын арасынан дал ошол Колорадо штатында төрөлүп чоңойгон жигит болуп чыкты. Эки эсе таңгалыштуусу ал биздин, кадимки эле кыргыздын күйөө баласы экен. Ысык-Көлдүк карындашым Гүлжан Кудабайдын өмүрлүк жолдошу болуп чыга келди. Эзилишип эле жатып калдык. Аз өтпөй Девид күйөө балабыздан кызыктуу, көлөмдүү, көптөгөн окуйаларды камтыган өтө зор, маани-маңыздуу маек алганга жетиштим. Бул дагы бир дал келип калган окуйанын үчүнчүсү деп койойун.

Жер Ортолук деңизи.

Айланып отуруп эми кайра эле жоголгон шакектин тагдырына келели. Ошол Жер ортолук деңизгеби, же жээгинеби түшүп калып жоголгон айтылуу шакекти эбепке-себеп болуп дегендей эки жубай кеткенден кийин ал деңиздин жээгине эс алганы Финляндиянын борбору Келсинки шаарынан келишкен үй-бүлөнүн 7-8 жаштардагы баласы деңизге «водолаз» кийип алып чумкуп, кирип-чыгып сүзүп жүрүп кокустан суу түбүндө жылтырап жаткан шакекти таап алат. Аны ал бала ошол замат эле алып келип ата-энесине көргөзөт. Ата-энеси ал шакекти кылдат карап, окуп көрүшөт да, эмне болгон, кайдан келген шакек экенине дароо түшүнүшөт да баштыктарына салып катып койушат. Андан соң алардын  да эс алуу мөөнөтү айактап өз жергесине, Финляндияга кайтып келишет. Келгенден кийин алар Колорадодогу аталган Университетке болгон окуйаны болгондой кылып байандап, шакектин чоо-жайын түшүндүргөн кат жазышат.  Катты алышкан окуу жайдын кызматкерлери ошол замат ал шакектин кимге, кайсы жылы бүткөн бүтүрүүчүсүнө тийешелүү экенин аныктап, таап, тактап чыгышат да ошол эле штатта жашаган анын ата-энесине кат менен кайрылып, учурда алардын уулу кайсы өлкөдө, кандай даректе жашап жатканын сурашат. Алар уулунун кайда экенин билдирип, толук дарегин окуу жайга дароо жазып жөнөтүшөт. Ал эми ал окуу жайдын жетекчилиги өздөрүнүн бүтүрүүчүсүнө жана Финляндиягашакек ээсинин толук дарегин, деңизден табылган шакек дал ошол жигитке тийешелүү экенин бекемдеген расмий кат жолдоп жиберишет. Мына ошентип дайынсыз жоголгон шакек айланып жүрүп алты айдан кийин өзүнүн ээсин табат. Шакегин жоготкон жигит таптакыр түңүлүп, үмүтүн үзүп койгон «алтын» шакегин  олутту жылмайып отуруп ортончу манжасына кайрадан кийгизип койот.

Окуйа каармандары Пит БАУМГАРТНЕР менен Венера ЖУМАТАЕВА.

Башынан баштагандан айагына чейин ачык айтпай, бүдөмүктөтүп келе жаткан сыйкырдуу окуйадагы табышмактуу жубайлар ким дебейсиздерби? Айтайын. Алар кадимки эле, азыркы күндө Чехиянын борбору Прага шаарындагы «Азаттык» радиосунун кыргыз бөлүмүн жетектеп жаткан таланттуу журналист кызыбыз Венера ЖУМАТАЕВА менен ошол эле радиодогу бөлүмдүн англис тилдүү интернет сайтынын редактору кызматын аркалаган америкен күйөө балабыз Пит БАУМГАРТНЕР аттуу жигит болуп жатпайбы. Карабайсыздарбы? Бул айтылган окуйалардын каармандары негизинен бир эле аймактан болгону, андан да ошол шакекти учу кыйырына көз жеткиз чалкып жаткан айтылуу Жер Ортолук деңизине жүздөгөн өлкөлөрдөн агылып, эс алууга келишкен миңдеген, миллиондогон адамдардын арасынан так ушул азыр мен жашап жаткан өлкөнүн, шаардын жашоочулары таап алганы да өзүнчө бир башкача дал келүү, кызык окуйа болуп жатканын эмнеге, кантип жашырайын. Ушул кызыктуу аңгемени апрель айында Италиядагы Сан-Марино өлкөсүндө болуп өткөн бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын 2-форумуна катышканы барып, жердешим, кесиптешим Венера менен жана анын өмүрлүк жолдошу Пит күйөө бала менен жакындан таанышкандан кийин ортодо сөздөн-сөз чыгып отуруп, алардын башынан өткөргөн бирден-бир кызыктуу окуйасы катары айтып берген аңгемеси эле. Окуйалар көп эле болот негизи, бирок окуйанын ооз ачырганы, табышмак сыйактуу таң калтыра тургандары дагы болот экен. Ошондуктан Пит БАУМГАРТНЕР менен Венера ЖУМАТАЕВАНЫН окуйасын дал ошондой таңгала турган окуйа катары баалап, жеке өзүм эле эмес башка да көптөгөн окурмандардын кеңири аудиториясы дагы таанышып калсын деген тейде ушул чакан ой-толгоомду жазып койууну туура деп таптым..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист.
Финляндия, Келсинки шаары. 20.06.2013.

Jun 24

Жалгыздык.

 Жамгырчиев Бердибек Шейшенбекович.
1987-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. БГУнун филология факультетин 2010-жылы бүтүргөн. Кыргыз радиосу уйуштурган таланттар таймашы конкрусунун жеңүүчүсү, радио алып баруучу. “Журөктө калган бир ысым” аттуу ырлар жыйнактын автору. Акыркы үч жылдан бери “Белес” радиосунда алып баруучу кызматын аркалап келет. Бишкек шаарында жашайт.

 


ЖАЛГЫЗДЫК.

Жалгыздык ээлеп мени олтурам кусаланып,
Өзүмө эрким жетпей буулугуп, туталанып.
Көзүмдү туман каптап кароосуз куш сыяктуу,
Кай бирде канат байлап алыска уча калып.

Денемди толук бойдон тунгуюк каптагандай,
Ордунан жылалбаган түбөлүк аскалардай.
Жан дүйнөм музга айланып томсоруп турам азыр,
Эч нерсе кызыктырбай, эч нерсе жакпагандай.

Жүрөктү кайгы курчап жалгыздык жанга батты,
Тумандай түтүн басып күйүтүм андан ашты.
Көңүлүм ушунчалык жанчылып эзилчү эмес,
Аттиң ай менден неге мынчалык айла качты.

Алдыда үмүт жашайт кайгыга жеңдирбеген,
Комуздун кылдарындай сезимим чертилбеген.
Бир гана сураныч бар, башканын кереги жок,
Жалгыздык алыс кетчи, жашайын эрким менен.

КЕЧ КҮЗДӨГҮ САНАА.

Токтоосуздан тартылып күз кечине,
Өткөн күндөр чубалып түштү эсиме.
Жалгыз мени түшүнгөн табиятка,
Айткым келет сырымды бүт чечиле.

Айланада баардыгы ойлонушат,
Куру кыял бууланып ойдон учат.
Бир кездеги жапжашыл өмүр бүтүп,
Жалбырактар тепселип кор болушат.

Күүгүм тартып күз кечи баратканда,
Сезип турдум бир сырды дарактан да.
Шуулдаган үнү жок жансыз болуп,
Нааразыдай туюлат жаратканга.

Өмүр кыска болоорун ал ансайын,
Жалбырактар далилдейт кадам сайын.
Көмүскөдө биз дагы калаарбыз эх,
Тирүүлүктүн аз ичип жаман чайын.

Кеч күздөгү ээлеген туюк санаа.
Кала берди көңүлдө уюп гана.
Эч нерседен капарсыз жүргөн өңдүү,
Жылып барат көктөгү булут гана.

ӨЗҮМДҮ САГА ТАПШЫРДЫМ.

Күтүүсүздөн так төбөмө бак конуп,
Күн өтүүдө махабатка мас болуп.
Сүйлөмү жок сүйүү өрттөп денемди,
Сүйүнүчтөн турат көзгө жаш толуп.

Туйгансыдым зор сүйүүнү кылымдык,
Туйлап журок, от сезимге жылындык.
Туман жолду жарып чыккан бакытты,
Туюп сен да ушул кечте сырымды ук.

Бул кечте мен калптын тонун жамынбайм,
Болушунча алоолонуп жалындайм.
Ак чечимди жүрөк менен чыгарып,
Аруулугуң акыл менен кабылдайм.

Күндөн күнгө баратасың көрктөнүп,
А мен болсо түн уйкумду төрт бөлүп.
Акылымдан айнып сүйүп баратам,
Кайсы күнү кетээр экем өрттөнүп…?

Жандар элек махабаттан шаң күткөн,
Жаңылбасам ашыктыктан жан бүткөн.
Өзүмдү мен эми сага тапшырдым,
Өчүрчү да тутантчу да жалгыз сен!

КЕЧИРГИН.

Бийиктик кылып кечиргин мени кечиргин,
Билбестик менен бейкүнөө ката кетирдим.
Жашоомду көрктөп алыстан көзгө урунган,
Жарыгы сенсиң сыйкырлуу ушул кечимдин.

Кайгыга чөктүм, көтөрүп бирок турат жер,
Каарманым сенсиң бошотпой мени кубат бер.
Чымындай жанды сен үчүн аяп не кылам,
Чын дилге салып акылың менен сынап көр.

Канатын чаппа апакай үмүт, тилектин,
Адашпас болсо ашыктык баркын билет ким…?
Жаркырап таңда чыкканы менен нур чачып,
Жабыгып кээде жалынсыз деле тиет күн…

Кадамы түптүз жаңылбас болбойт эч кимдин,
Кайраттан алып азаптуу төргө жеткирдиң.
Махабат чогун жүрөккө салган баркыңды,
Машакат тартып, маң болуп барып кеч билдим.

Элге аз-аз таанылып калган жана жаңы кадам таштаган жазма акындардын мурундарын жаздым. Жазыла элек эже-агалардын, ини-карындаштардын да мурундары бар. Аларды Кудай буйурса эргүүнүн келүүсү менен жазып бүтүрөм..

АКЫН МУРУНДАР.

Жазма акындарга пародия.
(Исмаиловдун “мурундарын” жаңыртабыз)

Көйнөгү жок жармач тон этибизде,
Көрксүз мурун жалпайган бетибизде.
Ары качкан өлкөдө жашап жаткан,
Акындардын муруну эсибизде.

Көп ырлары турмуштун пайдасындай,
Көрөңгөсү Нарындын дайрасындай.
Чотурова эжемдин мурду жакшы,
Чоролордун ишенген найзасындай.

Жан дүйнөгө жаркыган үмүт тарап,
Жандуу саптар жүрөккө бүлүк салат.
Жангак мурду Жыпара эжекемдин,
Жаш мурундай дагы эле кылыктанат.

Бирде мурду ырларга толгон өңдүү,
Бир карасаң илгерки коргон өңдүү.
Калыбеков агамдын кайран мурду,
Селкилерге селкинчек болгон өңдүү.

Аруу ырлар көңүлдүн жазат черин,
А сулуулар өмүрдүн алат теңин.
Ажыматов агамдын чакан мурдун,
Аккан бойдон калтырды казак келин.

Көөдөн менен алыстан көрүп нурду,
Көнөктөтүп ырларын төгүп турду.
Манас айтса кошкуруп, мөңкүп кетет,
Рысбай деген агамдын чөмүч мурду.

Атаңгөрүү, шаар деген шаар экен да,
Алп таланттуу бир мурун бар экен да.
Армандашы бактысыз болгон менен,
Аруузатка чынында пар экен да.

Бул борборуң айрыкча тил безеген,
Булбулдардын мурдуна тар экен да.
Элмир байке, мурдуңдун кызыгы аай,
Светафордун көрк берген кызылындай.

Сайгак тийген мурундар ала качып,
Саясатка кетишти аралашып.
Элдар деген агамдын теке мурду,
Эчки болду ак үйгө кара басып…

Талант өспөйт уйкуну үч бөлбөсөк,
Таштан жасап “күзгүнү” бүткөн дешет.
Исмаилов агамдын ийне мурду,
Ичи кылкан “түрктөргө” түспөлдөшөт.

Эчен жолу эргитип сөзүн курду,
Эл апкаарып, далайга көңүл бурду.
Саяктардын түшүнө кирүүчүдөй,
Самыйкожо агамдын “көмүр” мурду.

Сөз баркына чеги жок жете билип,
Сөөлөтү да тургандай өтө күлүп.
Турсунбаев агамдын жылдыз мурду,
Турган сымал асманда көтөрүлүп.

Эргип жазып, жүрөктөн сырды чечип,
Эрлан агам баратат ырды кечип.
Суранбастан келгенде сасык тумоо,
Сумке мурду өлдү го быр быр этип.

Муңун укпай беттеги эрежеңдин,
Мурун бузат сулуусун кебетеңдин.
Теңирейип тургансыйт качан көрсөм,
Терек мурду Афина эжекемдин.

Жашап калчу тарыхта мин кылымдар,
Жазгүл эжем, Аалы акын “бир мурундар”.
Алмак салмак ырлардай куюлушуп,
Алгач түндө кантти экен бул мурундар…?

Ымыркайдай ырларын сүрөп келген,
Ыр окуса кыңкыстап жүрөктү эзген.
Кычкач мурду Алтынай эжекемдин,
Кызарууда табигый күнөс жерден.

Жерде туруп асманга канат кербе,
Жеткен мурун тепселип калат жерде…
Деген менен Айсулуу Эсен кызы,
Депкир мурдун берген дейт талапкерге.

Ар деле жок мурундун чоңдугунда,
Азап дагы көп болот чоң мурунда.
Кыял деген эжемдин дөбөт мурду,
Калат окшойт Гиннестин томдугунда.

Махабаттан кээ кезде нурду күтүп,
Венера эжем жүрчү эле ырды күтүп.
Чыккан бойдон турмушка кабары жок,
Нике түндө калган го мурду бүтүп…

Сан ырларын иштетип тегирмендей,
Сайра эжем келатат жемин бербей.
Гектар чыкчу жайкалган чоң бетине,
Голландский картошка эгилгендей.

Эрендер бар кошалбас үч сап ырды,
Элдер күтөт чийки эмес бышкан ырды.
Курчутууда бүт сөзүн ырчылардын,
Кундуз деген эжемдин мышка мурду.

Мурундан да жанат дейт учкун, жалын,
Мурундарды карачы туш кылганын.
Учак мурду Гүлзина эжекемдин,
Уй мурдуна конуптур Кутмырзанын.

Билинбеген сезимдер уяткарат,
Бир тоголок кар тийип, турат канап.
Байкап көрсөм мурдуңуз Нуриза эже,
Бат эричү балмуздак сыяктанат.

Ырды сүйгөн барбы деп ушу мендей,
Ыйынса да тартууга күчү келбей.
Жоон муруну Махабат эжекемдин,
Жолдо калып, таптакыр үшүгөндөй.

Көп кезикпейт ырында тамашалар,
Кеткен окшойт жүрөктөн жаракалар.
Өзгөчөлүү ыр жазган Каличанын,
Өзүнөн да мурду чоң, карасаңар…?

Шамал үйлөп, санаага думуктурду,
Шаардын жыты айылды унуттурду.
Деп муңканып кеткенсийт тоголонуп,
Демдуу акын Нуркыздын курут мурду.

Кеби бүтпөйт экен го бу жайыңдын,
Кереметин карачы Кудайымдын.
Чак түштө да илинбей калат көзгө,
Чай кашыктай муруну Гүлайымдын.

От ырлары дайранын кубатындай,
Оңой эмес ыр жазуу бул акындай.
Аба жетпес Сезимдин үтүк мурду,
Абдан назик чымчыктын уясындай,

Чоң акындай курч жазып түркүн ырды,
Чогулганда ортого күлкү курду.
Алыс жактан кыздардын жыты келсе,
Агып калат Умардын түлкү мурду.

Кылдат жазып, баракты сыя кылбай,
Кыял болбос Нурбектин кыялындай.
Мың мың этип оңураак ыр окутпай,
Мурду кыйнайт чебичтин туягындай.

Пейил күтүп ыр менен оңдонууга,
Периштенин канаты жол болууда.
Белес ашкан Акбардын байкуш мурду,
Безеткиден арылбай кор болууда.

Беттер болсо биз үчүн тар капчыгай,
Берет тура мурунду арнап кудай.
Танбайт муну Анарбек өзү деле.
Таноосуна он чымын жан бакчудай.

Илээштирбей жанына жансыз ырды,
Ийлей берип күнүгө сансыз ырды.
Жалаң эле камырдан бышкан өңдүү,
Жангазиев Максаттын самсы мурду.

Сынган кашык өңдөнүп сыны жоктой,
“Солдойгондон” бөлөк эч ыры жоктой.
Мырзабеков Канаттын мурду кантет,
Жер төлөөгө жабышкан грибоктой.

Эркти таштап турмуштун баткагына,
Эх мурундар, бейкүнөө акпагыла,
Султан болот муруну акындардын,
Суранаарым темирдей сактагыла.

АШЫНГАН МУУН.

Ким экенин түшүнүп эргибеген,
Китеп менен иши жок эңгиреген.
Сөңгөк жаштар сахнага толуп кетти,
Сөздүн баркын түшүнбөй делдиреген.

Уяты жок, кийиз бет ашынган муун,
Урмат сыйын жоготуп акындардын.
Арбактарын тепсешти сөз деп өлгөн,
Абдыкадыр, Баялы, Касымдардын.

Сөлтүк ырлар саат сайын кулак жарат,
Сөз бузарлар ушинтип уяткарат.
Уйпаланып сойкунун чачтарындай,
Улуу сөздүн жүрөгү турат канап.

Султан сөздү мууздаган согумчулар,
Супсак сөздү кайталап догурчулар.
Жаш куурайдын тамырын тиштеп алып,
Жалпак сөзгө маараган кой ырчылар.

Улут үчүн бир болуп, тең жүргүлө,
Улуу тилдин уругун өндүргүлө.
Эки сөздү эптүүрөөк кошпогон соң,
Ээнбаш болуп элирбей жөн жүргүлө.

Jun 23

«Кыл калем..»

Улан САТЫБАЕВ. Сүрөтчү. 1979-жылы 16-январда ордолуу Ош шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин көркөм сүрөт факультетин бүтүргөн. 1998-жылдан баштап ар кандай басмаканалар менен кызматташып, китептерди көркөмдөп-кооздоо, штаттан сырткаркы сүрөтчү-кооздоочу болуп эмгектенген. 1998 – 2000-жылдары археологиялык изилдөө жумуштары менен алектенген. Тартып, чиймелеген канча бир графикалык эмгектери Ош шаарынын 3000 миң жылдык мааракесинде атайын илимий негизде дайардалган китептерге басылган.2001-2004-жылдары Тургумбай Садыков атындагы КР Улуттук көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасында «Май сүрөт» адистиги бойунча окуган. 20052011-жылдары аталган Улуттук академиянын алдындагы көркөм сүрөт окуу жайынын деректиринин окуу тарбия иштери бойунча орун басары болуп иштеген. 2007-жылдан баштап Кыргыз Сүрөтчүлөр сойузунун мүчөсү.Көптөгөн республикалык жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Алган сыйлыктарынын чоңу, XIII-эл аралык «Шабыт» фестивалда III-орунга ээ болгон. Казакстан, Астана шаары 2010-жыл.

Учурда АКШ нын Чикаго шаарында жашайт.

 

Негизги чыгармалары:

Кечки тоодо. 2004 Холст, май. 80х120.

Сулайман Тоо. 2004 Холст, май. 80х120.Келсинки

Ысык-Көл. 2004 Холст, масло. 80х120.

Кошой-Коргон. 2007 Холст, май. 55х70.

Ак-Буура дарыйасы. 2007 Холст, май. 35х50.

Босого. 2007 Холст, май. 75х95.«»!.

 

Тандыр.


 

Күүгүм.

 

Таш-Рабат.

 

Байыш-Булак мазары. Токтогул.

 

Кошой-Коргон. Ат-Башыда.

 

пейзаж 1.

 

пейзаж.


Jun 22

Каңырык..

БЕТЕГЕ КЕТЕТ БЕЛ КАЛАТ..

Мына, дагы балээ болду. Москвада кара жанды карч уруп, кекиртекти бычактын мизине такап коюп иштеп жүргөн кыргызга дагы бир балээ кошулду. Домодедово аба майданы жарылыптыр… Ансыз да кыжыры кайнап, сырттан, айрыкча КМШ өлкөлөрүнөн келген келгиндерди көзүнүн төбөсү менен карап отурган жергиликтүү калк ого бетер кыжырданып калды. Кара жаны менен үй-бүлөсүн, ата – энесин багайын деп араң жүргөн кыргызга кошумча түйшүк болду бул. Кечээ бир орусту өлтүрүп коюшту деп дүңүнөн көтөрүлүп барып, жаалданып барып араң токтогон орус улуту, бүгүн тишин кычыратып араң эле тургансыйт. Бирок, биз кордукка чыдап көнгөнбүз да. Бул кеппи биздин калкка?
Бөлөк элдин эмес өзүбүздүн эле атка минерлер, кыргызды элим дебей, боорум дебей темселетип койгон соң кайда барат элек? Чыдайбыз да… Кечээки көтөрүлүштө сексен жигит шейит кетти деп отурабыз. А чынында ушул биздин бийликтин жеке куу башын ойлоп отурганынан 20 жылдан бери канча кыргыз шейит кетти, эсептеген киши болду бекен. Жоок. Аны биздин атка минерлер эсептебейт. Биздин чоңдор ошолордон түшкөн акчаны гана эсептейт. Миллиарддаган сомдор которулат деп санап отурушат го, Кыргызстанда, жылуу үйүнө жатып алып, элдин коюна чейин паспорт чыгарам деп ыңгыранып.
Канча жигитти ур тепкиге алып өлтүрдү? Канча кыргыз келин көрүнгөн улуттун дөгүрсүгөндөрүнө жетеленип, алданып, кор болуп жүрөт? Канча сакалын сүйрөгөн аталарыбыз, саамайын ак аралаган апаларыбыз орустун короосунда жүрөт шыпыргы-калагын көтөрүп? Эй, эл билермандары, силердин куу кекиртегиңер үчүн сексен жигит шейит болгон жок! Эсиңерге бекем түйүп койгула! Кыргызстанга мигранттардан жылына мынча миллион сом которулса, анын канчасы чөнтөгүмө түшөт деп эсептегендей эсептеп койгула. Силердин куураган курсагыңар үчүн мобул жерде миңдеген кыргыз шейит болуп жатат. Миңдеген кыргыз кор болуп жатат! Миңдеген кыргыз ден соолугунан ажырап, миңдеген кыргыз бактысыздыкка кабылып жатат!
Арданган кыргыз, кечээ жергиликтүү милициянын кордугуна чыдай албай Москвада пикетке чыкты деп күлкү болуп отурабыз. Кабарыңар барбы ошондон атка минерлер? Эмнеге чыкты ал байкуштар? Ойлондуңарбы? Жөнөкөй элдин кысымына, кошул-ташыл болуп, мамлекеттик бийлик тебелей баштаганынан чыкты ал байкуштар. Эмне кылсын? Дагы кандай кылсын? Биригип, бир жакадан баш көтөрүп чыксак, бизди уга турган бирөө болот бекен деп чыкты да. Болбосо, бул жердин кысымы күн санап күч алып баратат го. Жакпаса кетип калсын элине деп келекелеп отурат бул жактагылар. Туура да. Жактырбасаң кетип кал дейт да. Өзүбүздүн жакшыларыбыз деле ошону айткансып отурбайбы. Кыргызстанда иш таба албасаң, кетип кал дегенсип эшиктин баарын кенен ачып коюп отурат биздин чоңдор деле. Эртеңки элдин камын ойлочу адамдар, бийликке жетип жетпей биринен бири өтүп так талашып, акча талашып отурганы калппы? А биздей карапайым калкка эшик ачык. Алардын жыргаганына нааразы болсоң кетип кал Кыргызстандан. Бар, барып орустун заңдаган жерин тазалап, чаңдаган жерин жууп жаша. Ушул го биздин чыгаандардын түпкү ою. Болбосо оруска эмес, казакка кор болбогон кыргыз ушунча темселеп калат беле? Мал киндиктүү, бышыкчылыктуу жерибиз 5 миллион калкка жетмек тургай, ашып кетет эле го. Кыргыздын мээси иштебейт, кыргыз жалкоо дегендер жаңыласыңар. Кыргыздын мээси да иштейт, жалкоо дагы эмес. Аны ушул сыртка чыгып келгендер беш колундай билет. Кандай кысым, канчалык бут тосуу болгонуна карабай, жергиликтүү калк менен теңтайлаша иштеп, бүтүндөй калкты, ага кошуп соргок бийликти багып келет го. Улам бири сокур чычканча үйүп-жыйып жыйнап алып, качымыш болуп баса бергенине карабай, Кыргызстанды бутуна тургузуп келатканы калппы? Болгону биздин багыбызга жарытарлык бийлик келбей турбайбы. Сата алганын сатып, алы жеткенин тартып алып, эл алдында жүзүн жаркылдатып басып жүргөндөр гана бийликке келип жатат канча жылдан бери.
Шордуу кыргыз дагы канчаны көрөр экенсиң? Каар заман, тар заман, кор заман деп ырдап өткөн эле кечээ Жеңижок баштаган залкар агаларыбыз. Эми ал замандан бул заман тар болду окшойт. Токтогул убагында 5 каман деп ырдаса, кечээ апрелге чейин эле 25 каманды кубалап чыкты окшойт биздин эл. Дагы канчасы калды күпүйгөн күпүйгөн бойдон. Карга карганын көзүн чокуй албайт тура көрсө…
Мына бүгүн да кар жаап жатат. Шыбыргактап согуп жатат сыртта кар. Эми таң азандан, түн бир оокумга чейин какшанган суукта кар күрөйт биздин жигиттер шымаланып. Былчылдаган баткак буту менен балчайта басып, булгап кеткен жерлерди жууйт биздин кыз-келиндер, жеңелер, эжелер. Анан ошондон алган тыйынын Кыргызстанга салат жадырап жайнап, акча көктөн түшкөндөй маңдайы жарыла сүйүнүп. Кыбыңдаган көздөрүнүн нары жагында болсо нечен кайгы, нечен сыры катылуу алардын. Туурулган колдору нечен оорукчанга даба берип, нечен ачты тойгузган алардын. Тердеп-кургап тапкан ырыскысынын милиция жана көрүнгөн шылуунга алдатканынан калганы менен өзүн дагы, элин дагы, тойбогон бийлигин дагы багып келатат алар. Окууну бүтүп-бүтпөй келип, бүтүндөй үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөрүп, өзүнүн да келечегин түздөп жүргөн инилерибиз, карындаштарыбыз канча?
Бар болгула мекендештерим! Бар болгула жана ушул кайратыңардан жазбагыла. Бүгүнкү тарткан түйшүгүңөрдүн да эсеси кайтып, Кыргыздын башына да бир баатыр туулаар. Курама жыйып журт кылган, кулаалы таптап куш кылган баатыр туулгуча ушинтип темселеп оокат кылып, чокулап тыйын чогултуу биздин дастанда да жазылган эмеспи. Үмүтүңөрдү гана үзбөгүлө ага чейин. Биздин элге да бак айтылып, биздин Кыргызстан да өнүгүп кетээринен, баарыбыз уул-кызыбыз, ага-тууган, жек-жаатыбыз менен өз төрүбүздө отураарыбыздан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат дейт эмеспи. Азыркы куу кекиртегинен наркысын ойлой албаган бектер да кетет эртең.

Насыпбек АСАНБАЕВ.  Маскөө шаары, 2011-жыл, 6-февраль.

Jun 21

Кызыл бурч..

«ООГАН ЖӨНҮНДӨ ОЙ ТОЛГОО»

Бу сапар «Кызыл бурчтун» коногу Ооганстанда жашаган кыргыздын Венера аттуу кызы болду. Белгилүү себептерге байланыштуу Венера кызыбыз жеке өзү тууралуу толук маалымат бербей эле коюшумду өтүндү. А бирок Ооганстан жөнүндө ой-толгоосун аз болсо да айтып берди. Рахмат дейли!.

– Венера, Ооган жергесинде жашаганыңыздарга канча жыл болду? Алаамат согуштан башы чыкпаган ооган элинин жашоо турмушу тууралуу эмне айтып бере аласыз?
– Ooган жергесинде жашаганыбызга быйыл беш жыл болуп калды. Эми бул элдин жашоо турмушу жөнүндө айтсам абдан эле кыйын, дээрлик көпчүлүк өтө жакырчылыкта жашашат. Көчө кыдырып, кайыр сурагандардын саны миңдеп саналат, алардын баарына берип жеткире да албайсың. Карыган чалдар, паранжа жамынган аялдар, кемпирлер, кичинекей балдар толуп жүрүшөт. Ырымдап балдардын көпчүлүгүнө бергенге аракет кылабыз, бирок алардын баарына берип, түтүш албетте кыйын. Адатта бирөөсүнө эле сооп кылып карматтың дегиче 20-30 бала чуркап келип курчап алышат. Ал жерден чыгып кетүү кыйын болуп калат. Ошондуктан машинаны токтотпой кетип баратканда эле карматып кеткен жеңилирээк. Эмне кыласың, мончоктой болгон балдар, бооруң оорубай койбойт.
– Негизги жумушу, иштеп, оокат кылып жан баккандар эмне менен алектенишет? Жалпылап эле оогандыктар жөнүндө кандай маалымат бере аласыз?

– Дээрлик көпчүлүгү жашылча жер жемиш сатып оокат кылышат. Жакшысы бул жакта жер жемиштин бардык түрлөрү бар, толтура, ал эмес биз эзели көрбөгөн жашылча жемиштердин түрүн тапса болот. Эт болсо кымбат, көптөрүнүн акчасы ага жетпейт албетте, ошондуктан жер жемиш өтүмдүү. Мындан сырткары кымбат баалуу таштар да өтө көп. Түрдүү зергер буюмдарды жана кооз сувенирлерди жасап, ошолорду алып чыгып сатышат. Ал эми байлары жөнүндө айтсам алар өтө бай келишет. «Жемкорлук» булар үчүн мыйзамдуу эле көрүнүшкө барабар. Бардык жерде ачык эле жасай беришет, коркушпайт. Көпчүлүк байлары наркотик менен шугулданышат. Жашаган үйлөрү заңгыраган «особняктар». Булардын балдары комерциялык мектептерде окушат. Бул эми Кабул шаарындагы көрүнүш. Ал эми башка провинциаларында жашоо абдан кыйын. Көпчүлүк адамдардын жашай турган жайы, үйлөрү жок. Чатырдан жасалган үйлөрдө турушат. Дээрлик көптөгөн айылдарында телевизор эмне экенин билип, түшүнүшпөйт. Биздин мекемеде иштеген ашпозчу баладан алар жашаган айылы тууралуу көп сурайм. Светти күндүн жарыгынан алышат экен, ал болгону үйлөрүн жарык кылганга араң жетет. Муздаткыч, телевизор, үтүг ж.б.у. сыяктуу техникалык буюмдарды колдонушпайт, иштебейт, токтун күчү жетпейт. Кышкысын ашып кетсе эки же үч саат күйөт болгону, калган учурдун баары жарыгы жок отурушат. Көпчүлүк айылдарда жашагандар мектепте окушкан эмес, азыр деле окушпайт. Бир үй бүлөдө алты бир тууган болсо алтоо тең сабатсыз, мындай көрүнүш толтура. Ал жактагылар жадагалса үйлөнгөндө да өздөрүнө окшогон жарды, сабатсыз бүлөнүн балдарына, кыздарына үйлөнүп, турмуш курушат. Мектептеринде болсо балдар өзүнчө, кыздар өзүнчө бөлүнүп окушат. Провинциялардагы кыздар окуган мектептерди өрттөп же мина коюп кеткен учурлар көп. Быйыл 7-8 мектепте жалаң кыздар кадимки эле суудан «отравления» болушту. Жогорку окуу жайлары деле бар, андай жайларда бир гана колунда барлардын жана байлардын балдары окуйт. Кошумчалап кетчүү нерсе булар. Ооган жергесинде паштун, түркмөн, казак, хазар улутунун өкүлдөрү жашашат. Булардын ичинен билим жагынан көбүнчө хазарлар менен түркмөндөр күчтүү болушат, бирок улуту башка болгондуктан көтөрүлө алышпайт. 2009-2010-жылдары көптөгөн казактарды Казахстанга көчүрүп кетишти. Азыр 15-20 пайызга жетпеген эле казактар калды. Түркмөн улутундагылар төрт миллионго жетет, бир миллионго жакын өзбектер бар. Калкынын көпчүлүк катмарын түзгөн улут өкүлдөрү паштундар, тажиктер, хазарлар.
– Бешиктен бели чыга элек жатып эле оогандык балдар түрдүү куралды көтөрүп жүрүшөт, кадимкидей эле колдонуп, өздөштүрө билишет деп угуп калабыз. Канчалык деңгээлде чындыка жакын?

– Учурунда болгонун айтышат. Бирок азыр эл арасында андайлар жокко эсе, болсо дагы аз. Моджахеддердин убагында болуптур. Көбүнчө талибдердин колуна түшүп калган жаш балдар эле болбосо андайларды азыр кездештириш кыйын. Анткен менен азыр деле көптөгөн үйлөрдө курал жарактын канчалаган түрлөрү бар, катып пайдаланышат. Кечээ жакында эле паштундар менен хазарлардын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп кетип, эки улут кадимкидей эле согушуп кетишкен. Ондон ашыгы жарадар болуп, эки адам каза болуп калды. Мындай окуялар көп болот жана тез-тез эле кайталанып турат. А өкмөтү эл үчүн дегеле башын оорутпайт, иштебейт. Өз кызыкчылыктарын гана ойлошот, жеке көйгөйлөүнө көбүрөөк баш оорутуп, ошону менен алек.
– Каада-салт, үрп-адаттарында кандай өзгөчөлүктөр бар? Маселен, той-аш дегендерди аларда кандай өткөрүшөт?

– Үйлөнүү тою жөнүндө айтып берейин. Колунда бар, өзгөчө жетиштүү жашаган жарандардын үйлөнүшү үчүн бери дегенде эле 20-25 миң долларлык калың керек. Калыңдан сырткары тойду өткөрүүгө кеткен чыгымдары эле 10 миң долларды чаап барат. Ушул себепке байланыштуу оогандыктар 35-40 жашка чейин үйлөнүшпөйт. Колдон келишинче өздөрүнө жетишээрлик каражат, калың топтоп алып анан үйлөнүшөт. Түркмөндөрдө калың бир аз арзаныраак, 5 миңден 20 миң долларга чейин. Ал эми колунда жок, кедейбиз дегендери 3-5 миң долларга чейин беришет.
– «Жаңы кыргыз», «Жаңы орус» дегендей «Жаңы афган» дегендер чыкканбы, же андай түшүнүк жокпу? Баңги зат өстүрү жагынан алдына киши салбаган өлкө эмеспи, азыр кандай?

– «Жаңы афгандар» деле бар. Бирок алардын басымдуу көпчүлүгү чет өлкөлөрдө жашашат. Францияда, Германияда, Голландияда, Англияда жана Иранда көптөгөн «жаңы афгандар» жашайт. Бирок алар өз жерине, тууган уруктарына тез-тез келип, байма-бай каттап турушат. «Жаңы афгандын» өткөргөн үйлөнүү тоюна катышып, конок болуп калдык. Кадимки биздеги тойлордой эле өткөрүштү. Жоолук, паранжы кийбей эле, «вечерный» көйнөктөр менен, аял эркеги аралаш ырдап бийлеп эле шаан-шөкөт менен өткөрүштү. Мындай тойлор бардык эле ресторандарда дайыма болуп турат.
«Коррупция» деген бул жакта мыйзамдуу эле иштей ачык жасала берет. Баңги зат менен шугулдангандар абдан көп. Апийим айдаган атайын талаалар бар. Көп өстүрүшөт. Пакистан аркылуу алып чыгып Улуу Британияга, Америкага жана Европа өлкөлөрүнө жөнөтүп турушат. Калган майда чүйдө пайызы Орто Азия, Оруссияга кетет. Эки ай мурун биздин кыргызстандын үч жараны, эки өзбек, бир кыргыз бала баңги зат менен кармалып калышты. Мындай учурлар өтө көп.

Электрондук байланышка чыгып маек курган эркин журналист Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки-Кабул. 20.11.2012.

Jun 20

Жанмаанай..


АПАМА КАТ.

Апаке, апам менин!
Алгач ирет көзүмө жаш тегеренип, жүрөгүм миңге бөлүнүп, атыңызды ичимен миң кайрып, ушул баянымды жазууга кириштим. Колго калем кармап, ыр дүйнөсүнө аттангандан бери баш-аягы жыйырма жылдай убакыт учса да, буга дейре бир сапар да сиз туурасында жазбаганыма, көңүл жылытарлык жылуу пикирди газета беттеринде арнабаганыма кейип турам, ушу учурда. Буга балким, уяңдыгым себептир. Ырасында эле сиз тууралуу жазуу мен үчүн абдан оор экенин сезсеңиз кана, жөн салды эле отура калып чүргөй салчу жеңил иш эмес экенин билсеңиз кана. Антпегенде илхам дайрасы ташкындаган көз ирмемде кичинекей макала эмес, көлөмдүү китеп да жаза аларлыгым аштан бышык эле, апаке. Болгону уялам, апа, улуу атыңызга көлөкө түшүрүп алуудан чоочуйм, ички дараметимде али бышып-жетилелектей сезем, өзүмдү. А балким максатыма ылайык келечекки күндөрдүн эсебинен сизге арналчу чыгармам да жарык көрөөр, буюрса. Андыктан бүгүн сизге жөн эле кайрылуу баянын жолдоп, көңүлдөгү бугуп жүргөн армандарымды айтканча бир жеңилдеп алууну чечтим, апаке! Кудум бала кездегидей тизеңизге башым жөлөп эркелегенче, оюма келген пикирлерим менен ортоктош болушуңузду кааладым, апа!

Билесизби, апа? Мен эч качан чоңойгум келчү эмес, көзүңүздүн тирүүсүндө. Дамамат сизге эркелеп, таң эрте уйду саарыңыз менен мага сунган чыныдагы жылуу сүттү ичип, тандырдан үзгөн токочуңуздан керте тиштегенче, жаныңыздан такыр чыккым келбечү. Эркелеп демекчи, көкүрөк күчүгүңүз болгонум үчүнбү, мени башка балдарыңызга караганда көбүрөөк эркелетчү элеңиз. Антсе да мезгил баарын өз ордуна коёт тура. Капилеттен жашым он бирге таяганда атам экөөңүздөр удаа-удаа бул жалгандагы өмүр сапарыңыздарды карытып, чын дүйнөгө узап кеттиңиздер. Ошондон ушул күнгө чейин эч кимге эркелебей, үмүттүү күндөрдүн кучагындамын, сиздердин жок экениңиздерге ишенип-ишене албай. Мага сиздер алыс жакка айылчылап кетип, кайра бир күн жарк этип күлүмсүрөй кирип келчүдөй туюла бересиздер. Отуз бирдин суусун ичип жүргөн ушул чагымда да ушуреки ишенимден айрыла албай жашап келем. Балким, мен сыяктуу ата-энесинен көктөйүндө ажыраган балдардын баары эле дал ушундай ойлорду көкүрөгүнө түнөттүшөттүр. Өткөндө кайсыл бир басылмадан, казактын кайсыл бир ойчулунун «Апасы бар адамдар эч качан картайышпайт» дегенин окуп калдым да, эң калетсиз айтылган кеп экенине ынандым. Ырасында эле, апасы бар адамдарда арман деле болбосо керек. Ушул өңүттөн саресеп салганда менин өз жашыман бир топ эле улуу көрүнгөнүм айдан ачык.

Сиздерден айрылгандан кийинки көргөн күн курусун, апаке! «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» деген сыңары алдыда көрөр күнүң мол болсо, бешенеге кудурети күчтүү Кудай ушундай тагдыр буюруп койсо, албетте, ата-энең жаныңда болбосо да элдир-селдир өтө берет экен, жашоо. Бирок да, жалаң армандын жетегинде. Билсеңиз, мен сизди дайыма эстейм, апа. Каерде жүрбөйүн, кандай жумуштар менен алектенбейин, дайыма эс-көөнүмдүн төрүндөсүз. Жашоодогу ар бир урунттуу учурга кабылган сайын сизди эстеп, муун-жүүнүм бошошо ичтен сызып алам, жан адамга көргөзбөй. «Баланчанын баласы жаман окуптур» сыпатындагы жаман сөздөрдү сиздерге илештирбөө максатында кааласам-каалабасам да мектепти эң жакшы деген баалар менен аяктадым. Андан соң Университетте экенимде да алдыңкы студенттердин катарын толуктоого аракет жасадым. Университетти бүткөндөн соң газета чыгаруу жаатында эмгек этип жүрүп үйлөндүм, апа! Ошондо бир ыйладым, элдердин апасындай болуп, ак дасторкон үстүндө алакан жайып, келиниңиз экөөбүздү алкап, кубанычыңызга кубаныч кошулуп турса жарашпайт беле? Андан соң жыл айланбай кыздуу болдум, апа! Төрөт үйүнөн кызымды көрүп, сүйүнчүлөгөнү шаардагы агамдын үйүнө бараткан жолдо көзүмүн жашын он талаа кыла, өпкөм-өпкөмө батпай солуктап, ошондо бир ыйладым, апа. Кечээки эле көкүрөк күчүгүңүз эрезеге жетип, эми өзү ата болгонуна жетине албай турганын көрүп, небереңизди колго ала эркелетип, чоң энелик доорду баштан кечирсеңиз жарашпайт беле? Былтыры болсо Бишкектин чет жакасына там тургуздум, ошондо бир ыйладым апа, келиниңиздин ысык чайын ичкенче, чакан тамыбыздын берекесине береке кошуп, сөөлөттүү көлөкөңүздү көрсөтсөңүз жарашпайт беле? Албетте, жарашмак, аттиң десе! Ал жагын бир айтамбы же миң айтамбы?..

Апа, апакем, менин! Сиздер келбес сапарга кеткенден бери да жыйырма жылдай убакыт суудай агылыптыр. «Элүү жылда эл жаңы, жетимиш жылда жер жаңы» дегендей андагы сиз көргөн турмуш, тап-такыр бөлөк нугуна өзгөргөн. Кандайдыр бир деңгээлде элдин пейили тарып, бир тууган бир тууганы менен эсептешип калган капитализмдин желаргысы согууда. Өлкөбүзгө эгемендүүлүк орноп, эл билармандарыбыз эл тагдырын каалагандай калчап, карапайым калктын бир даары акча таап, үй-бүлөсүн багуу максатында башка өлкөлөргө тербип кеткен заман, азыр. Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң дечү беле? Андыктан алардын арасында албетте мен да бармын, апа. Тагыраагы капкалуу Москва калаасында жашап жүрөм, айына үйгө акча салып, тириликти тыңдап алуу ниетин көздөп. Москва демекчи, бул калаа мага биринчи көргөн күндөн тартып эле акыр-чикири аралашкан, зор океандын түспөлүндөгүдөй таасир берет. Анткени, башаламан жашоонун накта өзөгү дал ушул калаада бүчүр ачып, ыймандын куту качкандай. «Сүйүүнүн көзү сокур» накылыбызга төп келчү жосунсуз жоруктар кадам сайын кездешет. Кыл мурут коюп, жаңы эле өспүрүм курактан өткөн жигиттерибиз энесине тең чамалаш аялдар менен баш кошуп алышкан. Канчалаган наристелерибиз ата-эне жытын жыттабай айылда жүрүшөт, ичигишип. Ал эми алардын аталары, мындайча айтканда бизге үлгү көрсөтчү агаларыбыз айыл-апага бала-чакасын, жарын таштап коюшуп, никеси жок эле бөлөк аялдар менен таттуу мамилешүүгө ыкташкан. Айтор, бир бөлмөдө он-он бештен тыгылып алышып, өз билгендерин жасашууда. Анан дагы кырчындай кыздарыбыздын басымдуу бөлүгү бөлөк улуттун жигиттеринин колтугуна кире качышканы каңырыкты түтөтпөй койбойт. Бирдеме десең «Москвачылык» деп беттен алмай адатка көчүшкөн. Ушундай жагдайда тапкан акчабызда кайсыл береке болмок да, кандайча жаркын жашоого тез арада жетинмекпиз? Ириде руханий жактан азат боюбузду аруу тутканыбызда гана иштерибизди ийгилик коштосо керек эле деген ойго жетеленем.

Эх, апаке, эл тагдырын жазгым келет, жупкадай үч ыр жыйнагымы чыгарганыма карабастан кыргыз адабият айдыңында Чолпондой жангым келет. Эл тагдырын го, ар түркүн тематикада макалалаштырып газета бетине чагылдырып келатырым, колдон келишинче. Эл тагдырын го ушинетип жаза берет экем, а менин тагдырымы ким жазат, апа? Атам экөөңүздөрдөн айрылып, жетимдиктин запкысын тартканымды, өз Мекенимден туруктуу турмуш күтө албай, чоочун өлкөдө өнтөлөп, элдир-селдир жашап келатканымы, ар күн сайын Ала-Тоом көздөн учуп, сагынычтын сазына белчемен батканымы ким жазат, апа? Эх, апаке, апаке?…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Маскөө шаары.