Котормо. «Аннексия» – «Анекси»

 Атыргүл ЗАКИРОВА: «КӨЧМӨНДӨРДҮН КӨҢҮЛҮНӨ!. »

Кыргыздаштыруу иш аркетин мындан ары үзүрлүү улап кетүү үчүн талкууга «АННЕКСИЯ» деген терминди койдук. Урматтуу Достор, карап турбаңыздар, ар бирибиз ынтаа койуу менен жогорудагы кыргызчалоо, которуу иш чараларына тартынбай өз салымыбызды кошолук, анткени эртеңки күнү бул сөздөрдү өз тилибизде коркпой-үркпөй сүйлөп, колдоно ала тургандай болушубуз керек!.
Кеттик анда эмесе!..

7 мая в 22:31 возле Бишкек

  • Мирлан Мазеков Аннексия – күч менен өзүнө кошуп алуу, катуурак айтканда (басып алуу)
  • Асыран Айдаралиев “Баскын” – деген сунуш айтылды эле мындан мурун. Сейдаке айтса керек эле. Ушул термин көбүрөөк жакындагансып жатат мага..
  • Мирлан Мазеков Бир мамлекет, бөлөк мамлекеттин жерин уруксаты жок кошуп алыуусу же каткурак айтканда “БАСЫП “алуусу бул Аннексия деп айтылат экен дүнүйөлүк политикада.Ал эми
    Латын тилинде болсо annexio- кошуп алуу деген жумшак маанини берет. АННЕКСИЯ , Агрессивный айтылгандыктан “БАСКЫН ” дегенге туура келет экен.
  • Болот Жүсүп Ооба, “баскын” жакшы сөз, бирок ал “оккупация” деген терминге туура келип аткандай. Ошого дагы изденели.
  • Болот Жүсүп Бул терминдер тууралуу уикипедиянын ойу: Анне́ксия (лат. ad nectere — присоединять) — официальное присоединение государством всей или части территории другого государства в одностороннем порядке. По международному праву аннексия — один из видов агрессии и в настоящее время влечёт международно-правовую ответственность.
  • Болот Жүсүп Оккупа́ция (от лат. occupatio — «захват, занятие») в общем случае — занятие вооружёнными силами государства (оккупационной армией и флотом) не принадлежащей ему территории, не сопровождающееся обретением суверенитета над ней, обычно временное. Оккупацию следует отличать от аннексии, акта присоединения государством всей или части чужой территории в одностороннем порядке.
  • Атыргүл Закирова Мен кошуп алууну туура көрдүм…
  • Кош сөз менен бербөөгө аракеттениш керек…
  • Болот Жүсүп Менимче, мааниси бойунча “кошуп алуу” деген туура келип атат, жалпак тил менен айтканда. А бирок терминге окшобойт.
  • Болот Жүсүп Терминдин создөн өзгөчөлүгү – чоң бир түшүнүктү бир сөз менен жеткирүү да.
  • Болот Жүсүп Аннексия бул “кошуп алуу” же “жутуп алуу”, “бириктирип алуу” экени айдан ачык көрүнүп турат. Бирок, кайсыл термин чак келет? Дагы идея барбы? Же ынгайлаштырабызбы?
  • Мирлан Мазеков Мен да карап көрдүм көп жерден “БАСКЫН “басып алуу көбүн эсе “Оккупация “дегенге көбүрөк жакындашат экен, бизге ыңайлуусу Аннексиянын -“Кошуп алуу “туура болчудай болуп атат, мен башынан эле ошол негизди карманып атам,жеке пикирим дагы ойлор чыгаар?
  • Болот Жүсүп Ооба,”кошуп алуу” дегенибиз туура. Бирок, термин керек болуп атат. кантебз? же ушу сөздү терминге трансформация кылалы, же аннексиянын өзүн эле ынгайлаштыралы…
  • Болот Жүсүп Өздөштүрүү жагынан да биз эң артта калыппыз. Жадакалса мына оруска тили эң жакын болгон беларус (анэксія) менен украиндер (анексія) да өзгөртүп алышыптыр. Биз эле ушул убака чейин “аннексия” деп орус кандай айтса, ошентип айтып жазып келатабыз. Эгер тек гана адаптация кылалы десек, анда ушул жагын эске алалы.
  • Сейдалы Мырзакматов Аннексия – так мааниси кошуп алуу, аны мен башында эле айткам, бирок бир сөз менен билдирүү үчүн “баскын” же башка сөз издеп көрүүбүз керек, оккупация деген такыр башка нерсе, анда сөз убактылуу басып алуу жөнүндө болуп жатат, эң биринчи суроо коюлган күндөн берки варианттарды карап көрсөңөр, эмне деген гана, таптакыр жакындашпаган сунуштардан кийин гана, азыркы эки варианты бардык жагынан жакындашкансып турат, котормонун негизги талабы бирөө эле, ал ошол которулуп жаткан сөздүн так маанисин билдирүү, андай талапка жооп бере албаса, анда оригиналында эле колдонгон жакшы,
  • Болот Жүсүп Өзүн эле калтыралы. Балким, жазылышын бир аз өзгөртөбүз…
  • Сейдалы Мырзакматов Жазылышын өзгөрткөн болбой калат го, кылымдын башында, элдин баары кат тааный электе, жана орустарга көп аралаша электе, жана да падышалык администрациянын убагында көп сөздөр, мисалы үчүн: старчын, болуш, оез деп эле кыргызча айтылышына карап элге сиңип кеткен, ал эми ошол учурдагы өтө так которулган термин деп генерал-губернаторду айтса болот, аны кыргызча жарымпаша дешкен экен, чынында эле генерал-губернатордун укуктары, бийлиги өзү башкарган аймакта чынында өтө чоң болгон. Ал эми кийин орусчасын эле кыргызча кылып айткан сөздөр деп мисалга буларды алсак болот, үстөл, гезит ж.б.у.с. , бирок буларды котормо деген деле туура эмес го, азыр биз кириллицаны колдонуп жаткандан кийин, мындай кыргызчалаштурууну жаштар кабыл албайт, башка алфавитке өтүп калсак, анда мүмкүн мааниге ээ болор.
  • Болот Жүсүп Туура. Биздин максат азыр бир гана которуу эмес адаптация кылуу да болуп атбайбы. Ошондон улам айтылган кеп.
  • Дайыр Арунов Аннекция -Тартып алуу. Же анексия деп онойлоштуруу.
    Оккупация – Басып алуу.
  • Атыргүл Закирова Анексия-кыргызчаланган вариантыбы? Бир Н тамгасын таштап коюуу менен чечип коелубу бул терминдин тагдырын..))
  • Дайыр Арунов Меники бир гана вариант.
  • Асыран Айдаралиев …………………………………………
    Мынакей “АННЕКСИЯ”..
    КЕЛИҢИЗДЕР УШУЛ БУТАКТЫ ТАЛКУУЛАП БҮТҮРӨЛҮ, БААРЫЛАП!.
  • Асыран Айдаралиев Мындай кылалык. Эгер ушул талкуу бутака “АННЕКСИЯДАН” башка терминдер же ой-пикир кирип кетсе биз дароо өчүрүп туралык. Алдын-ала эскерте кетейин,
    ТААРЫНМАЙ ЖОК!..
  • Асыран Айдаралиев Ушу “АННЕКСИЯНЫН” “кара чычканы” бар окшойт!.
  • Болот Жүсүп Википедиядан бул сөздүн текстте колдонулушуна байланыштуу мисалдар: 1552 — Царство Русское аннексировало Казанское ханство.
    1581 — 1607 — Царство Русское проводило процесс аннексии Сибирского ханства
    1783 — Российская империя аннексировала Крымское ханство.
    1820 — 1821 — аннексия Судана Египтом.
    1833 — Великобритания аннексировала Фолклендские острова.
    1845 — США аннексировали (англ.)русск. Республику Техас.
    1848 — Франция аннексировала Алжир.
    1861 — Испания аннексировала Доминиканскую Республику.
    1898 — США аннексировали Гавайские острова.
  • Болот Жүсүп Мунун кыргызча аналогун таппай окшойбуз. Эми “кыргыздаштырыш” жагын карайлы.
  • Асыран Айдаралиев Эми ошондо тияк-биягын кыркып, кыскартып, кыргызга ыңгайлаштырып келсек “Баскын” болуп эле жатып калды го? Башка сөз табыш кыйын экен. Мен азыртан баштап “аннексияны” алып ыргытып “баскын” деп баштайм го?.
  • Болот Жүсүп “Энэкси” десек кандай болот? кыргыз тил фонетикасына туура келеби?
  • Болот Жүсүп “к”- “с” – “и” тыбыштары катар келеби бизде?
  • Асыран Айдаралиев Фонетиканы түшүнгөндөр барбы? Жыргалбек кайда кеткен, жылаан сыйпагандай эле болду го?.
  • Болот Жүсүп Асыран аке, башкалар келгиче өзүбүз деле аракет кылып көөлүчү. тиги тыбыштар катар келген сөздөрдү эстешке аракет кылалы.
  • Болот Жүсүп Чынында, фонетикалык жактан туура же туура эместигин текшерүүгө менде бир эл критерий турат, хотя күлкүлүү болуп угулушу мүмкүн. Бирок, эң эффективдүү текшерүү ыкмасы: кыргызчадан башка тил билбеген, айрыкча орус тилине суугарылбаган, накта кыргыз маданий чөйрөсүндө чоңойгон, арасында жүргөн жашы чоңураак адамдар биз кыргыздаштырган сөздү тилин сындырбай так айта алса, демек биз туура алган болобуз.
  • Асыран Айдаралиев Энэксини кайдан алдың, же жаңы сөзбү?.
  • Болот Жүсүп Эгер фонетиканы жакшы билгендер болсо, андан да жакшы болот. Убара болбойбуз.
  • Болот Жүсүп Азыр маселе – тигил тыбыштар катар келеби жокбу, ошондо болуп атат. Асыран аке, википедияга кирип аннексиянын башка тилдердеги варианттарын көрсөнүз. укмуш, ар түрдүүсү бар экен. Биз деле ошондой өзүбүзгө ынгайлаталы. Кандай дейсиз?
  • Асыран Айдаралиев Ошону айтам да. Жыргал фонетика менен шугулданып жүргөнүн айтып атты эле Атыр. Ооба, жеңил болмок..
  • Болот Жүсүп Менин айтайын дегеним, кыргыз тилине жыңылыктарды киргизүүдө биз орус тилинин призмасы аркылуу карабайлы. Себеби, теги бойунча орус тили такыр башка да. Анын өзүнүн мыйзамы башка го. Коркпой эле өзгөртө берели
  • Асыран Айдаралиев Тел. Википедияга кире албайм го ушу, жазганды жаңы үйрөнүп атам..
  • Асыран Айдаралиев Ооба, туптуура айтасың. Орустар менен кыргызча сүйлөшүп кыйратып атсак да не болуптур…
  • Атыргүл Закирова Энекси-англисче болуп кетти го..) мүчөнү кандай улайбыз ошондо..+ лөө, энексилөө, энекси жасоо, кылуу.. же…
  • Асыран Айдаралиев “Анекси” деп эле койсокчу?.
  • Дайыр Арунов Милийса деген сыяктуу. Анекса, анексалоо, анексалап алуу.
  • Болот Жүсүп Анекси деле, анекса деле, “аннексия” деп тилди сындыргандан көрө алда канча угумдуу болуп атат. Карасаңар, мынтип өзү эле чыга баштады. Келгиле, көчмөндөр, эми ушул нукта ишти уланталы.
  • Болот Жүсүп Милийса десе, кийно, уелеспед же жаш балдар айтмакчы “маласпед” деген сөздөр эске келип кетти
  • Болот Жүсүп “Аныкса” , аныксалоо, аныкса болуу деген вариантка кандай карайсыздар?
  • Болот Жүсүп Бизде орусча сүйлөп, угуп жүрүп көнүп калганбыз. Мисалы, кытайлык кыргыздарга “оборудование” деген сөздү орусчадагыдай кылып айтыш өзүнчө эле чоң проблема экен. обородоуания деп. Ошонүчүн биздин максат – биз кыргыздаштырган сөзгө ар бир кыргыз, кары жашы дебей, тоо-түздөгүсү дебей, баары текши тили келгидей болуш керек. Мына ушул биз үчүн критерий, стандарт.
  • Асыран Айдаралиев “Уелеспед” деп велосипедди айттыңбы Боке? Бизде “элесепед” деп айтчубуз..
  • Болот Жүсүп Ооба, “велосипедди” айттым.
  • Куба Нурмамбетов Биз “сепелек” деп койчулек “Уелесепедти” :)) ошо ошол болуп сепелек бойдон калды :)))
  • Болот Жүсүп Мен бала кезде биздин айылда жашы жетимиштен өткөн кошуна аксакал “складды” “искалад” деп айтчу. Көрсө, “с” “к” “л” тыбыштары катар келбейт экен кыргыз тилинде.
  • Болот Жүсүп Мисалы, эмнеге “студент”, “стол”, “стакан” деген сөздөргө алдына бир үндүүнү кошуп айтабыз. устудент, устол/үстөл, ыстакан (ыстаканда кантым бар деген баарына маалым болуш керек) деп. Себеби, кыргызда сөздүн башында “с” менен “т” катар келе албайт тура.
  • Асыран Айдаралиев Эмнеси бар экен, фонетиканы чаккандар анан кийин оңдоп- түздөшөөр.. Маселен мобу “аннексияга” аналог табылчуу түрү жок экен. Башкалар деле казып көрүшөөр, бирок бир аз окшошуп, жакындап келе жатпайбы, жакшы го..
  • Болот Жүсүп Ушундай эрежелер көзгө майда көрүнгөнү менен тидин фонетикалык негизи. Ар кимибиз өзүбүздүн жашоодогу жеке баамдоо, байкоолорубузду ортого сала берели. Бул биздин лингвистикалык таануубузду да кенейтет.
  • Куба Нурмамбетов А “фонетика” “лингвистика” дегени кандайча болот? же бул сөздөрдүн кыргызчасы жокбу?
  • Болот Жүсүп Биздин “баш оору” болгон “аннексия” башка тилдерде: Индонез – aneksasi, албанча – aneksim, африкаанс – anneksasie, белорусча – анэксія, бенгал – annexation, болгар – анексия, боснийский – aneksija, голландча – annexatie, датский – annektering, испан – anexión, италия -annessione, македон – анексија, немис – Annexion, польск – aneksja, румын – anexare, словактар – anexia, украин – анексія, франсуз -annexion, чехтер – anexe, эсперанто – anekso, эстон – anneksioon.
  • Болот Жүсүп Достор, жогорудагы салыштырма-которуудан өзүңүздөр байкагандай, бул теги латын тилинен болгон “annexo” деген терминди ар бир эл өзүнө ынгайлаштырып, түрдүү түрдүү жолдор менен алышыптыр. Жада калса мына бул орус тилине эң жакын болуп эсептелинген чыгыш славян тилдери (белорусча – анэксія, украин – анексія) да орустар сыяктуу кылып албаптыр. Аз да болсо озгөртүү киргизишиптир.
  • Мирлан Мазеков Баардык эле тилдерде өзүлөрүнүн тилине “фонетикасына “тууралап эле алышыптыр, биз деле Анексия деп эле бир ашык болуп аткан “Н” тамнаны алып салыш керек .
  • Болот Жүсүп Эми биз да өзүбүздүкү кылалы, орусчадагы “аннексия” деген аталышынан айырмасы көп болуп калса деле коркбойлу. Кыргыз тилнин кызыкчылыгын биринчи орунга койуп, орус тилинин призмасын ыргыталы.
  • Болот Жүсүп Азырынча менин вариантым, “АНЫКСА”, каткалаң к менен айтылат. Аннексировать – аныксалоо. Эгер башка жакшы вариант чыкса, “айныганга” дайармын.
  • Болот Жүсүп Түрктөр кантип которушту экен… Билгендер барбы?
  • Асыран Айдаралиев Эуу-уу Канат, түрк досторуңан сурасаң?. Алардыкы деле ушунун тегерегинде болсо керек..
  • Болот Жүсүп Ошолордукун да билеличи. Кандай болсо да булар азыр түрк тилдүү элдердин арасында эң алдыда го
  • Атыргүл Закирова Inash Azim аке..??? Бул жака өтө калың! Бизге керек болуп жатасыз!)
  • Inash Azim annexation ilhak
    annexation bir menkulün diğer bir menkul veya gayrimenkule teferruat olarak rapt veya tahsisi 
    annexation ekleme 
    annexation ilave 
    annexation izafe 
    annexation katma 
    annexation de facto fiilen ilhak 
    annexation by reference bir belgenin suretini başka bir belgeye ekleyerek
  • Inash Azim İlhak-Esas itibariyle uluslararası hukukta kullanılan bir terim olup, bir devletin daha önce egemenliği altında bulunmayan bir bölgeyi/toprak parçasını ele geçirmesini, kazanmasını, topraklarına katmasını ifade etmektedir. İlhak, bütün kullanma, hariç tutma (exclusion), ferağ, temlik ve kamu mülkiyeti haklarını ve diğer hakları ilhakı yapan devlete kazandırır.

    İlhak edilen bölgenin sakinlerinin sadakatinin otomatik olarak ilhak eden devlet tarafından kazanıldığı varsayılır. İlhak edilen yerde varolan hukuk sistemi ve mahalli yönetim organizasyonu mevcudiyetini koruyabilir, ancak buna bunlar ilhak eden devletin çıkarlarıyla çatışmadığı sürece müsaade edilir. Bundan dolayı, ilhakın hamilikten (protectorate) veya askeri işgalden ayırılması gerekir.

    Bunlar hakim devlet açısından bir egemenlik temditi (genişlemesi-uzatılması) sağlar fakat tam bir egemenlik vermez. İlhak aynı zamanda sömürgeleştirmekten de (colonization) ayrılmalıdır. İlhakta, ilhak eden devletin veya onun vatandaşlarının fiili işgali gerekli değildir.

    Uluslararası hukuk çerçevesinde, ilhak, bölgesi tümüyle veya kısmen ilhak edilen devletin rızasıyla veya (daha önceden başka bir devletin elinde bulunmayan bir bölgenin durumunda olduğu gibi) uluslararası toplum tarafından rıza gösterilmesi halinde geçerlilik kazanabilir. İlhak bölgesindeki eski devletin rızası, zorlama altında, sessizce (zımni olarak) ve bir anlaşma biçiminde verilebilir.

    Her iki durumda da ilhak edilen bölgenin sakinleri self-determination haklarından mahrumdur. Orijinal olarak ilhak, keşfedilen yeni toprakların keşfi yapan devlete verilebilmesi mekanizması olarak düşünülmüştür; şimdi ise, basitçe, büyük güçlerin küçük güçlerin bölgelerini kendi coğrafyasına katmasının çok sayıdaki yollarından biridir.
  • Inash Azim Kyskasy arapcha soz koldonushuptur…
  • Асыран Айдаралиев Ой бул кайсы тилде жазылган Инаш мырза? Эчтеме түшүнө албай койдум..
  • Асыран Айдаралиев Кыскасы “Аннексия” деген сөздү түрктөр 8 вариант менен которушуптур да.. Ушундайбы?.
  • Болот Жүсүп Инаш мырзага чоң ыракмат! Жакшы маалымат берди.
  • Inash Azim ooba…men negizi internetten karadym…ozum kotorboddum..
  • Inash Azim annexation ilhak -koshuu
    annexation bir menkulün diğer bir menkul veya gayrimenkule teferruat olarak rapt veya tahsisi -bir kyimylsyz mulktun bashka kyimylsyz mulkko iyne jibine cheyin bolunushu
    annexation ekleme -koshuu,koshup aluu
    annexation ilave -koshumcha
    annexation izafe -koshumcha,tirkeme
    annexation katma -arttyruu,koshuu
    annexation de facto fiilen ilhak -chyndap koshuu,
    annexation by reference bir belgenin suretini başka bir belgeye ekleyerek-bir dokumenttin kochurmosun bashka bir dokumentke koshuu jolu menen
  • Inash Azim oshondo kyrgyzchaga “koshup aluu” dep kotorsok bolchuday
  • Атыргүл Закирова Тынчтык Бек мырза, Сизден да пикир күтөлү???
  • Болот Жүсүп Достор, бөтөн сөздөрдү өздөштүрүүдө кээ бир жагдайларга көңүл бурсак. Айтайын дегеним, кыргыз тилинде үндүүлөрдүн ээрчишүү мыйзамы бар. Бул эреже аябай катуу сакталат. Мисалы, [ө] тыбышынын артында [ү] же кайра эле [ө] келет, [о] же [у] тыбыштары келе албайт. Төө, өмүр, өрүк дегендей. [А] дан кийин [о] [у] [и] [ы] тыбыштары келет. Ал эми казак тилинде бул мыйзам жок. Тао, түе дегендей. Ошон үчүн, көчмөндөр, байкап көрөлү, “анекса” же “анекси” деген туура келеби жокбу. А менин сунуш “АНЫКСА”. Себеби, а ы а тыбыштары үнсүздөр аркылуу катар биринин артынан бири келе алат. Мисалдар: АнЫктА, АчЫктА, АчЫшсА, АлЫстА жана бшкалар. менин биринчи вариантым “энэкси” да ушул мыйзамды эске алуудан улам келип чыккан. э+э+и же э+и+э формуласы да тил мыйзамына ылайык. Энеке, элесте, белесте же эшике, эмилге, эмгиче дегендей. Айта кетчү нерсе, биз бул ыкманы колдонуп атканда бир гана фонетиканын мыйзамдарын анализдешибиз керек. Себеби биздин эң негизги максат – бул “илибой” кыргыздын тили келе турган сөз жаратуу. Ошого байланыштуу, мен жогоруданы “анекса” менен “анекси” вариантын сунуш кылган катышуучуларды ушундай жол менен аргументтеп берүүңүздөрдү өтүнөм. Жүйөлүү аргумент болсо, мен колдооого дайармын.
  • Болот Жүсүп Ким бар? Жазгылачы бул жака
  • Болот Жүсүп Аннексия бойунча бир логикалык жыйынтык чыгаралы
  • Асыран Айдаралиев Боке, жаңы сөз, ойлоп табуунун өзү да бир өтө чоң машакат, изденүүнү талап кылаары бышык. Биз аны аздап башыбыздан өткөрүп жатабыз, анткен менен эң туура жолго түшүп жатканыбызды белгилей кетейин. Эми “Аннексия” бойунча:
    Жогоруда Боке, сен бир топ далилдүү аргументтер менен жакшы эле чечмеледиң окшойт. “Энекси” эмнегедир кулака башкача угулуп кетет экен, билсеңер керек аны, бул эми менин жеке пикирим болгону. А “анекси”, “анекса”, “аныксаны” алсак акыркы вариант туура эле боло тургандай. Себеби сенин келтирген аргументтериңде жүйөө бар, биз дал ошондой майда-чүйдөлөрүнөн бери тыкыр карап, эсепке алышыбыз керек. Дагы айтышаар, “АНЫКСА” бойунча, тартынбай пикир таштагыла Достор!
  • Болот Жүсүп Ооба, сизди түшүндүм. Сиз да кагаз ороп айттыңыз. Азылкечираактарга туш болсо, айтат ачык эле. Мунун мынага окшоп калды, болбойт деп)
  • Эмилбек Каптагаев аннексия – анекси, аннексировать-анексилөө, анексилеп алуу,
  • Болот Жүсүп Азыр биз коркпой чоң-чоң жаңылыктарды киргизе берели. Көбү тигил биз теги катары карап аткан орусча “АННЕКСИЯ”га байланып, андан алыс чыгууга ички бир психологиялык бөгөт жол бербей атат. Бирок, коркпой эле ачык, кең-кесири ойлонолу. Мен жогору жакта башка тилдердеги салыштырмана ошон үчүн атайын илип койдум.
  • Эмилбек Каптагаев аннексированные земли – анексиленген жерлер, анексилеп алынган жерлер
  • Эмилбек Каптагаев менин оюмча Болот мырза туура айтат, тилде сингармонизм деген бар, анан дагы айтууга жатык болушу керек, тил чайналып, сынбай тургандай болгону дурус
  • Болот Жүсүп Эмил аганын колдонуу мисалдары менен берген варианты да жакшы угулуп атат. Эми акыры кайсынысына токтолобуз, аны убакыт көрозөт, бирок, эн башкысы- багытты, принсиптерди белгилеп алдык. Азырынча, ушул чоң жетишкендик.
  • Болот Жүсүп Сингармонизм! Туура айтылды. Ушуну эстей албай аттым эле.
  • Болот Жүсүп Дагы бир кайталап өтсөм көптүк кылбас. Дегеним, биз өздөштүргөн терминге сексен токсонго чыккан кыргызчадан башка тилден кабары жок карыялардын тили келсе, кыйналбай айта алса, демек биз туура которгон болобуз. Ал эми жаш балдардын тили жумшак болот, алар айта алыша илибой сөздү.
  • Болот Жүсүп Терминдерди которуп чыккан соң, эл арасына чыгып (ФБдан чыгып) ушундай сурамжылоо сыяктуу иликтөө (полевые исследования) жүргүзсөк деле болот. Анан ошого жараша алган алып, кошконун кошуп, биротоло жыйынтык чыгарсак деле болот да. туурабы? эч ким кой дебестир….
  • Тынчтык Бек Бул терминдин кандай которулушуна ананыраак токтолоюн. Негизи биз эл аралык терминдерди орус тили аркылуу кабыл алып жаман үйрөтүппүз. Башка талкууларда да көп айтып келем, бу качан орус фильтрсиз дүйнөнү тааныганга өтөбүз деп. Негизи илимдеги терминдердин көпчүлүгүнүн өзөгү латын тилинен алынат эмеспи. Биздин тилдин үндөшүү мыйзамы орус тилине караганда латын тилине бираз жакындашып кетет. Салыштырмалуу дегеним.
  • Тынчтык Бек Мисалы, Япония дебей, Жапан десек өзүбүздүн тилге да тааныш, эл аралык айтымга да окшош болот дегендей…
  • Тынчтык Бек Ал эми жогорудагы терминди “анекси” десе кандай болот?
  • Болот Жүсүп Тынчтык, “анекси” деген вариантты жогоруда айтып өтүштү. Бирок, ошондой формула бар бекен кыргызчада… е+к+с+и
  • Болот Жүсүп Анан, Тынчтык, аябай туура айттың кыргыз орус тилдеринин үндөө мыйзамынын айырмасы бойунча.
  • Болот Жүсүп А монголдор кантип которушуптур бул сөздү… карап көрөсүнбү
  • Тынчтык Бек Монголдор “хавсарган нэгтгех”, “хавсарган нэгтгэгдсэн газар нутаг” деп которгон. Мааниси:
  • Тынчтык Бек Каратып алуу, басып алуу, бириктирип алуу дегендей маани чыгып атат. Мен ошондой түшүндүм Болот аке. Бирок монгол тилин өтө эле жакшы билип кете элекмин. АННЕКСИЯга кыргызча бир сүйлөм түзүп көрбөйсүздөрбү? Балким кыргыз тилинде эквиваленти бар чыгар?
  • Болот Жүсүп Ыракмат. Тынчтык, ошончолук билгенин деле жетиштүү аналз кылганга.
  • Болот Жүсүп Эквивалентин издеп таба албадык. Болсо – жазышсын.
  • Тынчтык Бек Ушул терминди орусча эле жазып, бирок ушул терминге узунураак сүйлөп жазып бере аласызбы? Мисалга дегеним. Ошондо табаар белек дейм да.
  • Болот Жүсүп Жогоруга чыгып, мурунку комменттерди окуп көрсөң, мен көп мисал жазгамын орусча.
  • Асыран Айдаралиев Ооба, бутак узарып кетти. Абдан көп ой-пикир, сунуштар, далилдер айтылган Тынчтык. Башынан бир сыйра көз жүгүртүп чыксаң балким жеңилирээк болот, керектүү маалымат чыгып калабы дегеним..
  • Болот Жүсүп Азырынча менин акыркы вариантым “аныкса” болуп турат. Эгер кимге жакпаса, өзүнүн сунушун айтсын, аргумент менен.
  • Болот Жүсүп Анан, Асыран аке, кезектеги кийинки терминди ортого салсаңыз кандай болот?
  • Болот Жүсүп Баарын бирдей талкуулай беребиз.
  • Тынчтык Бек Кечиресиздер, менде жарымынан ылдыйындагы башка сөздөргө кайрылган билдирүүңүздөр көрүнүп, ошого жараша гана пикир билдирген экемин. Мен “каратуу” дегенге токтолуп турам.
  • Куба Нурмамбетов Болот мырза ошондо, аннексияны кыргызчалабай эле, өз атынан бираз өзгөртүп “аныкса” деген туурараак дегени турасызда ээ, менин түшүнүгүм боюнча ушундай болуп жатабы????
  • Тынчтык Бек Болот аке, кезектеги терминди сунуштап койдум. Азыр ушуну жыйынтыктайлы, анан Атыргүл айым тастыктайт
  • Болот Жүсүп Ооба, Куба мырза, бул сөз эмес тыбыш которуу. Туура түшүндүңүз.
  • Асыран Айдаралиев “Аннексияны” бүтүрүп койсок жакшы болот эле, анан чала бойдон калып калат.. Кандай дейсиздер?.
  • Куба Нурмамбетов Аха Боке түшүнүктүү, андай болсо ушул “аныкса”га токтолобузбу же кандай? Кимде кандай ойлор бар, мага туурале келип тургансыйт…
  • Сейдалы Мырзакматов Мен бул сөз талкууга коюлганда эле, кошуп алуу, же аннексия боюнса калтырууну сунуштадым эле, башында көбү макул боуп келишип, анан башка варианттар пайда болду, аннексия – орус тилинде деле, мааниси тшүндүрмө сөздөр менен коштолот “насильственное присоединение”,
  • Болот Жүсүп “Аныкса” к – каткалаң к. Жумшак эмес. Хотя бир караганда абсурд болуп көрүнгөнү менен туура эле деп эсептейм.
  • Куба Нурмамбетов менин коментим кайда учуп кетти ия?
  • Атыргүл Закирова Кайсы коммент, биз эч кимдин пикирине тийбей элебиз Кубан байке, жогору кетип калгандыр..
  • Болот Жүсүп Сейдалы мырза, бир эле бул сөз эмес, дагы башка көптөгөн сөздөрдү которо албайбыз, ынгайлаштырабыз гана мүмкүн. Ал эми аннексия деген терминдин мааниси, сиз айткан кошуп алуу, ал баарына эле маалым. Биз азыр терминди чечмелөө эмес, фонетикалык жактан туура алууна талкуулап атабыз. Комменттерди башынан баштап окуп чыгып кайра жазгыла. Тут не все так просто орустар айтмакчы. Анан түптүз эле “аннексия” деп да калтыра албайбыз. Бул туура эмес. Же эки “н” катар келген кыргызча сөз болсо, мисал келтирип бергиле.
  • Куба Нурмамбетов Жоок жогору кетпейле, азыр эле сен лайктабадың беле Атырка, мен тиги Бокенин сунушун колдойлубу дегендей жазбадым беле?
  • Куба Нурмамбетов Асыкем менен Сейдалы мырзанын коментинин ортосунда болчу, шуу койгонго чамасында :)))
  • Атыргүл Закирова турат ооой жарыктык, турат ордунда эле..
  • Болот Жүсүп Куба, кам санаба, ордунда эле
  • Куба Нурмамбетов Аа, чын айтам мага көрүнбөй жатат…
  • Куба Нурмамбетов “аныксага” токдодукпу?
  • Куба Нурмамбетов Таяк жегенче унчукпай отурайын анда кокууй, таяк ых ых :))))
  • Сейдалы Мырзакматов Болот мырза, комменттерди эң башынан бери карап чыксаңыз, аннексия деген терминдин мааниси баарына эле түшүнүктүү эмес экенине өзүңүз күбө болосуз, кошуп алуу деген эч кандай чечмелөө эмес, бул котормо, макулмун, бир сөз менен берилбей жатат, а фонетикалык жагынан алып эле , кыргызча угулушу боюнча жазып койгондун эмнеси котормо, менин комменттеримди башынан бери дагы бир карап көрсөңүз; азыркы замандын талаптарына көп туура келбейт, мисал катары: болуш, ыстарчын, ойоз, устөл, гезит сөздөрүн келтирдим эле, бирок ал учурда, элдин сабаттуулугу жоюлган учур эмес болчу, кириллицаны колдонуп жаткандан кийин, жөн эле кыргызча угулушу боюнча жазып койгон азыркы жаштар тарабынан кабыл алынбайт, ал эми кат тааныбаган адамдар калбай деле калган болуш керек,
  • Асыран Айдаралиев Ээ Куке, турат го коментиң ордунда эле, “кычырап”..
  • Куба Нурмамбетов Ооба туруптур Асыке, бирок мага көрүнбөй жатат ишенесизби :)))
  • Куба Нурмамбетов Анда “аныкса” же “кошулуу” дегендин бирөөсүн тандап туруп, анан кийинкисине өтө бербейлиби кандай дейсиздер, эүүүүү эл жууурт….
  • Сейдалы Мырзакматов Куба, “аныкса” дегенден көрө бул сөздүн бар экенин унутуп эле койолу, сен өзүң ушинтип колдоно аласыңбы, мисалы үчүн соңку жаңы тарыхта эң акыркы , аннексия термини колдонулган тарыхый окуя, Израилдин Сириянын Голан дөңсөөлөрүн кошуп алуусу, же тартып алуусу, ушул окуяны,”Израиль Голан дөңсөөлөрүн аныкса кылып алды” деп айткандан көрө, тартып алды, же кошуп алды, же аннексия кылды деген туурараак го, эми баары макул болсо, мен деле макул болом, бирок жалпы эл кабыл алабы,
  • Куба Нурмамбетов Сейдалы ага, менделе башында ошо “кошулуу”ну колдогом, анан карасам эле сунуштар көп болуп кетиптир, байкай койсом “аныкса”га жакыныраак болуп кеткенинен, эми муну жыйынтыктайлы деген ойду келтирип жаттым эле…
  • Мирлан Мазеков Аннексия – в переводе с латинского означает что-то присоединенное. Другими словами это захват или присоединение территории чужого народа или государства насилием. Раньше при помощи войн, в феодальную и рабовладельческую эпохи, завоевывали земли, но в эпоху капитализма на смену пришла аннексия, как основной способ незаконного расширения владений за счет территорий других народностей. Многие не знают, что такое аннексия, хотя она и присутствовала во многих случаях некоторых видов колониальных захватов. Разновидностью ее было поддельное создание новых государств, в которых был введен марионеточный режим.
    Эң негизгиси Аннексиянын -мааниси түшүнүктүү болду “Аныкса ” деген бираз мага ыңайсыз болууда “Аннексия” дебей эле “Анекси” деп койсо айтууга да угууга да ыңайлуулай сезилип атат мага, жеке пикирим таңуулабайм!
  • Сейдалы Мырзакматов А. П. Чеховдун 1884 жылы жазылган ” Экзамен на чин ” деген аңгемеси бар, ошондон бир аз үзүндүлөр тамаша иретинде, бир аз жылмайбасак болбой калды окшойт: …, ” Пивомедов поднялся, кашлянул и начал диктовать густым, пронзительным басом, стараясь уловить экзаменующегося на словах, которые пишутся не так, как выговариваются: ” Хараша халадная вада, кагда хочица пить” и проч.
    Но как ни изощрялся хитроумный Пивомедов, диктант удался. Будущий коллежский регистратор сделал немного ошибок, хотя и напирал больше на красоту букв, чем на грамматику. В слове “чрезвычайно” он написал два “н”, слово “лучше” написал “лутше”, а словами “новое поприще” вызвал на лице инспектора улыбку, так как написал “новое подприще”, но ведь все это не грубые ошибки.” Ушуга окшоп, биз да көбүнчө так котормосуна көбүрөөк басым жасасак, кандай угулат, же кыргызча кандай жазылат дегендин ордуна,
  • Мирлан Мазеков Мааңызы туура которулса элге уканга,жазганга да жеңил болуп, бат сиңип өз ордун тапмак!
  • Куба Нурмамбетов Анда “аннексиялоо” же “аннексийелөө” деп койсокчу
  • Асыран Айдаралиев Жок эй Куке, -лоо, -лөө лөрү жок эле болуш керек..
    Мен мындай сунуш кылайын, жакшы эле эзмеледик го айымдар жана мырзалар!.

    “Аныкса” менен “Анекси” көбүрөөк айтылып, ушул эки термин жакындагансып турат. ошондуктан ушул экөөнүн бирин тандайбыз го? Алгач ушу талкууга катышкандар тандап добуш беришсин, Андан соң курамы алты адамдан турган Талдоо Кеңешке берели. Ошол Кеңеш акыркы сөзүн айтып, чечим чыгарып берсин. Анан андан аркы багытты уласак болот, жалпыга салып дегендей? 
    Кандай дейсиздер?
  • Куба Нурмамбетов Туура Асыке, Аннексияга жакыныраак “Анекси” дегени туура болчудай…
  • Сейдалы Мырзакматов “Аныкса” жана “анекси”, мүмкүн жарайттыр, бирок аны котормо деп айтпай эле койолу да, бирок ушундай аталыш менен кыргыз тилинде колдонгон туура, же болот деп бүтүм чыгарганга макулмун, мындайча айтканда жогоруда айтылган комментердин биринде жүргөн, котормо эмес, кыргызчага ыңгайлаштырылганы деп, туурасы – ыңгайлаштырылды, же андан да жөнөкөйлөтүп айтсак, кыргызча угулушу боюнча жазып колдонсок деген болуп жатат да, биз жазма варианты боюнча гана сөз кылышыбыз керек, иш жүзүндө ким, кандай айтып колдонот, аны аныктоого эч мүмкүн эмес, биз ушул нерсени унутпасак, кандай жазылышы керек, ушул нерсе гана эң маанилүү, андан да тагыраак жана дагы бир жолу тактап алсак; кандай же кантип жазылуусу туура, айтылыш вариантын биз эч качан эреже катары эч кимге таңуулай албайбыз жана текшерүү да мүмкүн эмес, жок эле дегенде интонация боюнча деле вариация боло берет. Мисал катары , он бир жыл бою жалаң гана кыргызча мектепте окуган, бирок кириллица алфавитин колдонуп гана билим алган жаштар, эч убакта столду – үстөл деп айтышпайт, сабаты жоктор сөзсүз айтмак, бирок андайларды кайдан табабыз, ишенбесеңер өзүңөрдүн эле, мектеп жашындагы балдарыңар бар болсо, ушундай сөздөрдү сурап көргүлө.Башка кеп, эгер латын алфавитине өтүп калсак, бирок жок нерсени азырынча койо турсак, ал келечектин иши,
  • Сейдалы Мырзакматов САЛИЖАН ЖИГИТОВДОН :
    ЫР КОТОРУУ УБАРАСЫ
    Башкырттын турпагында турган эле
    басылып ак гүлдөрдүн туманына
    барпагай моюлдардын калың багы.
    Ажайып чечек аткан а моюлдар
    Айтылуу Мустай Карим ырлары эле.

    Арбалып ак бадырак гүлдөрүнө,
    Аптыга маашырланып шаанисине
    Мустайдын моюлдарын биздин жерге
    муңдурбай көчүрсөм деп шымаландым.

    Абайсыз доо кетирип албайын деп
    түптөрүн терең көөлөп, кенен казып,
    түшүрбөй тутумдашкан турпактарын,
    тирүүлөй тамырларын сууруп алып,
    көбүктөр ташыгансып этияттап
    көтөрүп гүлгө тунган моюлдарды
    кыргыздын кыртышына алып өтүп,
    кызылдай кыйноо тартып кайра тиктим.

    Көчүрүп көчүрөрүн, күмөнсүдүм:
    “Турганда гүлдөп-бүрдөп жер которду,
    Мустайдын моюлдары кантер экен?
    Өксүбөй өнүп-өсүп кетер бекен?
    Түмөндөп көркү түлөп түшөр бекен?”

    Кайриет, кайтты мээнет акыбети:
    булуттун курактарын кучак-кучак
    кондуруп койгон өңдүү казыктарга
    моюлдар көбүктөнүп жаңы журтта
    алоолоп ак жалындай жанып турду.

    Акыным! Акак таштай ыр тунугун
    өксүтпөй өртүнөн да, көркүнөн да
    Шаңшытып шаңгыратыш башка тилде
    көчүрүп гүлдөп турган бак-даракты
    көктөтүп жибергенге барабар иш.
  • Болот Жүсүп Сейдалы мырза, сиз комменттердин баарын окуп чыгып анан жыйынтык чыгарсаңыз туура болот. Илгери геноцидди талкуулап атканда биз кыргызчалоо ыкмаларын караганбыз. Канткенде которулду болот, канткенде кыргыздаштырылды болушун төкпөй чачпай талкуулаганбыз. Ошондо эле сунуш түшкөн которуу дебей кыргызчалоо, кыргыздаштыруу деген сөздөрдү колдонолу деп. Себеби терминдердин баарын которо албайсын накта кыргызчага, ошого байланыштуу жөн гана өздөштүрүү, ынгайлаштыруу маселелри келип чыкты. Ынгайлаштырам десең, мына фонетикага келип такаласың. Кесипкөй тилчилер жок арабызда, ар ким өзүбүздүн эмпирикалык опутубузда ортого салып атабыз. Бирок, азыр бир нерсени так айта алабыз, аннексия деп орус кандай айтса ошондой айтуу туура эмес. Буга баары макул.Эгер каршыңар болсо, анда анда далилдегиле, эки н тыбыш/тамгасы катар келген, аягы я менен бүткөн нукура кыргызча сөздөрдөн бирөөсүн эле айткылачы. Жок, табаалбайсыңар. Демек, башка вариант керек. Келгиле, сунуш кылгалы.
  • Дайыр Арунов Анекси вариантын алып салууну сунуштайм. Кыргыз с8зд8рvнд8 “а” бар жерде “и” жокко эсе. Аныкса же анекса.
    Анекса менин вариантым деп эле сунуштап жатат деп ойлобогула.
  • Болот Жүсүп Дайыр сингармонизм маселесин туура козгоду.
  • Болот Жүсүп Бир олуттуу маселе: анекса дегенде к жумшак айтылып атат, аныкса десең каткалаң айтыла. Ушуну да эске алалы.
  • Сейдалы Мырзакматов Мен сизге дагы бир жолу өзүмдүн сунушумду айтып койсом, биз айтылыш вариантын кандай туура деп, баарыбыз макул болгон күндө да, ал эрежеге кирбейт, эч ким сиз айткандай же мен айткандай колдонбойт, биздин максат, чындап эле бир жыйынтык же майнап деп койолубу, болсун десек, биринчи кезекте кандай тартипте, же кайсы аталыш боюнча – жазуу түрүндөгү вариантын кабыл алганыбыз туура болот, кеп ошол жөнүндө гана, ар бирибиздин (ушул талкууга катышып жаткандардын) же мугалим, же журналист болуп иштеген жеке тааныштары бар деп ойлойм. Ошолор – анексия деп жазып же колдонуп башташабы, же баары бир эле аннексия деп жазышабы, биз ушул гана вариантын карасак, анан бир чечимге келип, ушул туура болот деп ойлоп жатабыз деп, башка аудиторияларга сунуш кыла гана алабыз, башка эч кандай талаш маселе жок, кыргызча эки нн кеткен сөз жок болсо эле, андай сөздөрдүн баарын бир тамгасын түшүрүп жазып койолу деген деле, чынында талаш эле пикир.
  • Болот Жүсүп Менин ойумча, бул иште биздин эң чоң кемчилигибиз биз кыргыз тилинин маселелрин талкуулоодо орус тилинин же орус маданиятынын ырамкасынан чыга албай атабыз. Орус тили менен кыргыз тилинин теги такыр башка экенин эске алып, ушул илдеттен арылууга аракет кылсак. Мен орусту жек көргөнүмөн айтып аткан жокумун, негизи оруска көзүм түз, бул менин тааныштарымын баарына белгилүү. Болгону, тил маселесинде принсиптерим катуу.
  • Дайыр Арунов Анекса дегенде деле аныкса деп угулат экен. Аныкса туура болот окшойт.
  • Болот Жүсүп Кептин баары ошондо. Кыргыз тилинин табиятына туура келген сөздөрдү гана кабыл алышыбыз керек. Эгерде нарагынан (табиятынан) эки н катар келбей атса, биз аны келтирип койсок, бул биздин эң чоң катачылыгыбыз.
  • Болот Жүсүп “Цирк” дегенге тили келбей “сирк” деп эле жүрөбүз. Тушүнүгү тарлар муну шылдыңдап атышат. Арстанбек Алайдын оттото дегенине баары күлүштү. Кыргызчада в жок болуп, ага тили келбей атса анан кантсин ал байкуш. А биз болбой эле в ны “впихать” этип атабыз.
  • Асыран Айдаралиев Сейдаке, сиз ток этээр жерин айтсаңыз?. “Аныкса” менен “Анексага” токтололу. “Анексини” мейли, алып салалы..
  • Сейдалы Мырзакматов эч кандай кемчилик жок, суроо башында ошондой коюлган, орус тили аркылуу кирген сөздөрдү кандайча кыргызчага которуп же ыңгайлаштыруу деген, биз ошол рамканын чегинде гана болуп жатабыз азырынча, кандай деп айтканыбыз менен, азыркы мезгилде информациянын дээрлик бардыгы орус тилдүү булактардан алынып жатат, башка тилдерден, талкууга коюлуп жаткан сөздөрдүн оригиналынан алып которуу жөнүндө сөз болгон жок, цирк дегенге тили келет баарынын эле, “сирк” деп угулушу да, айтылышы да мүмкүн, бирок”сирк” деп эч ким жазбайт, мен алигиче бир да андайды жолуктурган эмесмин,
  • Болот Жүсүп Орус “цирк” деп жазат [тсырк] деп айтат. Кыргыз орустун артынан “цирк” деп жазат, бирок [сирк] деп айтат. Айырмасын бакаса болот.
  • Болот Жүсүп орус цигун деп жазып, тсыгун деп айтканын, кыргыз да цигун деп жазып, анан айтканга келгенде тили келбей, сигун дегени кызык угулат. Ал негизи кытайчасын чигуң эле. Ошон үчүн кыргыз чигуң деп эле жаза берсе ким ага тыйуу салат. Баари бир оригиналы башкыча болуп атбайбы. Бул аннексияга тиешеси жок мисалдарды, мен түшүндүрүш үчүн жаздым. Темадан четтеп кеттиңдеп урушбаңыздар..
  • Асыран Айдаралиев Ошону айтам, четтебесек дурус болот эле. Ал сөздөргө ар бирине кайрылып, талдай турган убакыт келээр, буйурса дейлик..
  • Куба Нурмамбетов Оо Агалар Инилер, өзү негизи чечилип эле калгансыды окшойт, бул талкууга чекит койсок кандай болот? Жумшагыраак болсун десек “Анексага” токтойлу.
  • Сейдалы Мырзакматов Асыке, мейли ошондой эле болсун, бирок…, мисалы сиз журналистикадан четтеп кеткен жоксуз азырынча, жазып эле жатасыз, кызыкчылык үчүн, бир макала же публицистика же эссе жанрында бир нерсе чиймелеп, Фбга эмес, өзүңүз жарыялап, кызматташып жүргөн басылмаларга же сайттарга жарыялап көрүңүзчү, сөзсүз түрдө, эксперимент катарында “аныкса”, “анекси”, “сирк, “чигуң” сөздөрүн колдонуп, окурман журту кандай кабыл алар экен, жок эле дегенде корректор оңдоп таштабас бекен…, пайдалансын, кабыл алсын жалпы көпчүлүк деп, аракет кылып, билгенибизди жазып жатпайбызбы. Дагы бир нерсе, бул термин саамалык катарында гана талкууга коюлуп кады да, негизи көп деле колдонула бербеген эле термин, бирок ушундай белгисизирээгинен баштаганыбыз деле жакшы болду окшойт, себеби, тил илиминин бардык составдык жактарын камтып талкууга алдык,
  • Эмилбек Каптагаев АНЕКСИА – деп деле колдонсок болчудай, түп нускадан көп алыстабай. Анексиалап алды, анексиаланган жер, анексиа саясаты ж.б.д.у.с. мисалдар жатык эле болуп турат
  • Асыран Айдаралиев Аны мен башында эки ирет айтып кеттим Сейдаке. Биз ушул беш терминди алып чыгып, талкууга койуп алдык. Анан таштап салбай бир жыйынтык чыгарганга аракет кылалы деген сунуш кетти. Эми ошол ишибиздин аягына чыгуу аракети көрүлүп жатат. Жакшы эле го менимче..
  • Сейдалы Мырзакматов Эмилбек агайдын варианты туура болуп турат, бирок анексия десек, анексиялап алды, анексияланды ж.б.у.с., ушул компромисс вариант го азырынча,
  • Болот Жүсүп Байкашымча, бизде бир аз дух жетпей атат чон кадам таштаганга. Менин ойумча, биз принсипиалдуу түптамыры менен азыркыдан айырмаланган жаңылыктарды киргизүүдөн коркпошубуз керек, мамлекеттик орган эмеспиз го. Коркпой эле чоң чоң өзгөртүүлөрдү кыла берели. Биз эркинбиз, эч кимге эч нерсе карыз эмеспиз.
  • Болот Жүсүп негизги мыйзам – кыргыз тилинин табиятынын мыйзамдары. Ошону кармансак болду го. анан тиги китептеги эрежеге туура келбейт, буга туура келбейт дей берсек, эч майнап чыкпайт. Ал китептерди деле бизге окшогон бирөөлөр жазды го акыры.
  • Улан Кошалиев “Анексиа” деп калтырып туралычы. башка сөздөн баштайлычы, көбүрөөк колдонулган. Мен аннекция дегенди биринчи жолу уктум окшойт)
    тексте “аннекция” деген сөз болуп калса, “өзүнө каратып алган” деп которудуп кете берет да кыргызча…
  • Эмилбек Каптагаев Владимир Даль өзүнүн сөздүгүнүн Баш сөзүндө ушул биз талашып жаткан маселеге байланыштуу абдан жакшы ой айткан эле….тилекке каршы азыр жанымда жок, цитата берет элем, карап көргүлөчү…. Кеп жаңы сөз жаратууда эмес, кеп ошол сөз оозго алынып, элге сиңип, колдонулуп кетеби, мына ошондо
  • Куба Нурмамбетов Асыке, кийинки талкууну ортого салбайсызбы, биягы чечилип эле калды окшойт.
  • Асыран Айдаралиев Анда бул термин ара жолдо калып калат го?. “Тукумкурут” дегенибиз бери дегенде туура жыйынтыкталып калгандай болду. Ошондой кылсакпы деп жатам. Башкалар кайрылаар, а биз кайра-кайра башынан кирбейлик деген ой болуп жатат..
  • Асыран Айдаралиев Чектеп, токтотуп тыймай жок, албетте эркин бололу. Бирок, убакыт-мөөнттү да эске албасак кете беребиз го, чубалжытып.. Жыйынтыктап койгонубуз туура болот го? Боке, Жаке, Сейдаке, Сайраш, Баке, Жыргалбектер, сөз Сиздерде. Кана?.
  • Асыран Айдаралиев Бул жерде Эмилбек мырза дагы далилдүү калыс пикирин кошуп кетти, жаман деле болгон жок бул бойунча талаш-талкуубус..
  • Аннексия – өтө көп колдонуп кетчү деле сөз эмес.
    Бирок ушул түрүндөгү сөздөрдү калыпка келтириш үчүн, 
    мисалы, “-сия” мүчөлүү сөздөрдү биерде айтылгандай
    “-сиа” деп берели дегенге макулмун жана 
    айтылышына карай коштамгаларды 
    биртамга кылышка да каршы эмесмин.
  • Мисалы, “-ция” деген мүчө-суффикстерди да “-сиа” деп салыш керекпи дейм:
    ✔ революция –► revolution –► револусиа;
    ✔ эволюция –► evolution –► эволусиа…
    Ошондо биз биерде орустук йоттошкон “йу”, “йа” дегендерден кутулат белек дейм да…
  • Эмилбек Каптагаев Жаныбек мырза туура айтат, мисалы кыргыздар КОМИСИА келиптир деп эле айтышат, бирок Ц келген жертде ТС деп колдонгон туура болот го, РЕВОЛУТСИА, ЭВОЛУТСИА, болбосо ЭВОЛУСИА деп айтканда тили келбей чулдураган адамдай болуп калат экен, ал эми Ц сөз башына келсе С тамгасы менен эле бериш керек, мисалы СЕМЕНТ, СИСТЕРНА, СИРОЗ, СИНК…
  • Батыш орфографиясында коштамга, мисалы, немис тилинде, үндүүнү созбой айтыш үчүн берилет…
  • Болот Жүсүп Kyrgyz tilinin taryhyn karasak, bizdin ata-babalar ar doordo ar bashka elderden sozdordu, airykcha terminderdi, ozdoshturup alyshyptyr. Negizinen pers, arap, anan orus tilinen. Baiyrky zamanda kytai tilinen kirgen sozdor bir ele kyrgyzchada emes, bashka turk tilderinde da kezdeshet ushu kungo cheiin, sany az bolso da. Birok, sozdordu kimden albasyn, ata-babalar al sozdordu tup-tamyrynan beri kyrgyzchalashkan, kyrgyzdyky kylyshkan. Zhada kalsa anyn tegi bashka ekeni kumon da zharatbait. Emnege, sebebi al kezderde sozdor tabigyi zhol menen tilge kirgen. Oshodon ulam kuyulushup, zhuurulushup ketken. Al emi orus tilinen kelgen sozdor, zhogoruda basa belgilep ketishkendei, revolyutsiaga cheinkileri ozdoshturulgon, andan kijinkileri mankurtchuluka duushar bolup, tuzmo-tuz oruschadan alyngan. Eger orus tili menen kyrgyz tilinin tegi takyr bashka ekenin eske alsak, myndai “sokur tuuramchylyk” chong zhangylyshtyk bolot dep esepteim. Al emi eptep ele orustun taasirinen kutuluu uchun, fonetikany eske albai turup, bir tamgany ala koyup, biroonu kosho koigondun ozu dele tuura emes. Zhe kyrgyzchalaily, zhe osho boidon kaltyraly. Chong ozgortuulordu sunushtagandan korkposok zhakshy bolmok. Antpesek, biz sunushtagan sozdordun kychygyn daroo ele tabyshat lingvister. Chyn ele keede bizge konumush ugulgan menen, kata alyngan sozdor toltura azyrky bizdin yrasmij kyrgyz tilibizde. Misaly, myna kund koldonup zhurgon “respublika” degen soz. Oruscha respublika bolso ele oshogo karap respublika dep alganbyz. A eger kongul koyup ushul sozdu taldasak bashka varianty kelip chygat. Degenim, birinchiden, sozdun bashyn karaily, “r” tamgasynan/tybyshynan bashtalyp atat. A “nukura” kyrgyz tilnde bir dagy soz r menen bashtala albait. Bul tildin myizamy. Bolboso, emne uchun Rustamdy U’ru’sto’m dep alganbyz, emne uchun rustu orus dep, zhe orozo, oromol (zhooluk) deibiz, salyshtyrma katary, misaly ozbekter rus, roza, romal dep aitkanyn belgilei keteijn, sebebi alarga yngailuu, a bizge – zhok. Oshun uchun “ubara bolup” aldyna dagy bir bashka unduunu kata salganbyz. Bul bir. Ekinchiden kyrgyz tilinde a tybyshynyn aldynda turgan k tybyshy zhumshak bolup ech kachan okulbait, dostor. Katkalang gana bolo alat, demek, respublika degen sozdun ayagynda koldonulgan ka tuura emes, al [-qa] gana bolup ulana alat. Emi ushul erezheni koldonup aityp korolu, respubliqa dep, til kelebi kelbeibi, ech kimdin tili burulbait. Demek bul mucho kata. Emne kylabyz, bashka zholun karaibyz, misaly “ыреспублик’. “Кыргыз республиги”. Bul variant kyrgyz tilinin bardyk tabigyi myizamdaryna zhoop beret. Al emi ыреспублиги “k” nyn “g” ga ozgorulushu myizamduu korunush. Sebebi, k tybyshy eki unduunun arasynda g bolup aitylat. Misaldar, agysh, agyn – ak. ko’gush – ko’k. chegara – chek arasy.
  • Болот Жүсүп Myncha zhazyp, anneksiaga bailanyshy zhok sozdordu aittym, maksatym – misaldar arkyluu oiumdu zhetkirish. Basa, bul “respublika” degendin katalygy boiuncha bashka tilchilerdin da pikirleri maga belgiluu. Misaly, men bilgenden, Seitek Qachqynbaj aityp zhurot.
  • Болот Жүсүп Emi anneksia tuuraluu oiumdu ortogo salayin. Menimche, ech ele bolbodu degende, zhogoru zhakta aitylgan “aneksi” variantyn kabyl alyshybyz kerek. Meinimche, ushul tuura. Men oshogo toktodum.
  • Асыран Айдаралиев Эринбей жазыптырсың Боке, бирок орундуу, жакшы маалыматтар экен.. Ыракмат!.
  • Асыран Айдаралиев Кеңеш курамынан Болот мырза өзүнүн акыркы өз сөзүн айтты. Жыйынтыгында “Анекси” алгачкы добушка ээ болду.
  • Дайыр Арунов Кыргызча жаз деп эскертип койбойсузбу? Же бул жактын мыйзамына мен эле баш ийишим керекпи?
  • Атыргүл Закирова Дайыр, коркуткан аябай жагат окшойт Силерге..кыргыз тамгалары менен эле жазып жатпадыбы канчадан бери…азыр жумушта болсо керек..мыйзам баарына бирдей!
  • Асыран Айдаралиев Ай Дайыыр.. Бирок туптуура айттың, Бокенин кемчилигин.. ӨҢҮ_ңөрдөн тайбагыла ээй Достор! Эрежени бузбагыла, өтүнүч баарыңыздарга!!!..
  • Дайыр Арунов Бир с8з бар го. Талашта далилиh жок, утулуп баратсаh, орфографиясына асыл. Мага деле убагында ушундай асылышкан, с8з т8ркvнvн карашпай. Бул коркутуу эмес. Латын тамгаларына 8т8 элекпиз, аннекцияны азыркы шарттар менен которолуу деп жатасыhарбы. Анан жумушта экен деген шылтоо деле, менин телефонума орнотулбайт деген менен бирдей эле. Айырмасы анда 8зvм актангам. Азыр силер Болот мырзанын оордуна актанып жатасыhар. Эки тараптуу стандарт болуп жатат. С8з атасы 8л8 электе айтып коёлу. Эреже койгондон кийин, теh салмактуулук сакталса деген тилек.
  • Асыран Айдаралиев Ай Дайыр, бөйрөктөн шыйрак чыгарганыңды токтотчу, бай болгур, макулбу?. Сага эч ким асылган эмес, дагы кайталайм. Сен жаңы келгениң үчүн эскертип жаттык. А Болоттукун карап көр жазмасынын баарын, кыпкыргызча эле жазып, ӨҢҮ_ менен эле жүрөт. Сен кыргызча жазып, сүйлөсөң өзүң үчүн кылган болосуң, мага же “Кыргыз Көчү” үчүн эмес. Аныңды кадыр колко кылганың жарабайт баатыр.. Биз катуу эскертүү берип, урушуп, ал эмес “Чыйкан тактага” чыгарганбыз кай бир мүчөлөрүбүздү.. Кыргыз кызыкчылыгы үчүн деп.. Эрежени баары эле дароо билип түшүнө бербейт башында, ошон үчүн эскенртип, айтып турабыз, ал асылгандыкка жатпайт.. Бүттү, токтоттук, бул бутактагы маселе менен иштейли, багытты башка жака бурбай..
  • Асыке, калпыстыкты иштин жүрүшүндө айтканыбыз жөндүр, кандай дейсиң?
    ӨҢҮ_жазыш – тайпанын НЕГИЗГИ маселеси.
    Баса, Болоттун мына мунусу да жакпай калды:
    ►Болот Жүсүп Myncha zhazyp…◄
    Эмне үчүн ал “Жж” тамгасын “zh” коштамгасы менен берип жатат?
    Бу тууралуу мен эчен жолу кайрылдым ааламтордон да, гезиттерден да:
    кыргыз паспортуна четэлге кетчүлөргө, азыр болсо кадимки эле паспорт болумушка да кыргыз “Жж” тамгасын латынча “Zh_zh” менен берип жатышат. 
    Биерде кириллица жана бир жолу басынтып жаткандагысы кыргызды – орус транслитин бизге тикелей таңуулап жатышат, эй!
    Токтотуш керек мындайды.
    Кыргыз “Жж” тамгасы сөз башында бери дегенде 3000 жолу келет – сөз ортосундагысын айтпай_ак койолу.
    Ал эми орус сөздүгүндө “Жж” тамгасы болгону 300 жолу кездешет – бери дегенде 10 эсе көптүк кылган тамгабыз эми коштамга менен берилип калабы?!
    “Жж” тамгасынын фонетикалык айтылышы англистин “Jj” тамгасынын дээрлик түгөйү болсо, эмне үчүн биз биерден да оруска багынып беришибиз керек экен?
    Биз кИргИз Куловдун шериги, паспорт кожойун Алиев мырзага бу калпыстыкты атайын кат жолдоп көрсөтүшүбүз керек “Кыргыз Көчүнүн” атынан.

    Дагы бир сөз:
    кезинде Дайырды тыйганыбыздай эле, Болотту да кыргыз тамгасын туура пайдалануу бойунча бираз тагыраак болушуна чакырганыбыз оңдур, кандай дейсиздер?
  • Дайыр Арунов Асыран мырза. Катаhарды мойнуhарга алганды билесиhерби деги? Меники кадыр колкоо эмес. Эчтекени айтпай эле, атырылып бир тийип, ал эмес алып салалы сайттан деп чыккансыhар. Акырын эле эрежелер ж8нvнд8 айтып койсоhор деле болмок да. З тамганы кошпой жазсам мен кыргыз болбой калбайм. З тамганы жазсаhар силер кыйын кыргыз болуп кетпейсиhер. Адамгерчилик болуш керек. Тил vчvн кvйг8н жалгыз эле силер эмессиhер. Оройлук менен тил 8нvкп8йт. Ошол “тукум” баракчасын кайра бир сыйра окуп чыгыhыз.
  • Болот Жүсүп Men azyr zhumushta bashka komputerden zhazyp atam, notbuk zhanymda zhok. A zhumushtagy kompyuterge kyrgyzcha ornoto albaim, sebebi menden bashkalar da koldonushat. (Men Orusyada turganymy esingizderge sala keteiyn). Aga kapa bolbogula. A Zhanyzak myrzaga zhoobum myndai. Men latin tamgasy menen kyrgyzcha zhazuu erezhesin bilbeim, any men koldonboim, maga keregi da zhok. Men kypkyrgyzcha ele zhazam kirildi koldonup, ONGUn koshup. Ko’p taarynbagyla.
  • Болот Жүсүп Zh tamgasy bolobu, bashka bolobu, ushul asyl oilordu “Zhazuu erezhelerine” arnalgan barakchaga sunushtagyla. Oshol zherden shashbai talkuulaily.
  • Дайыр Арунов Болот мырза, www.translit.kerben.org деген сайтка кирип жазсаhар, 3 тамга бар. Башканын компютери деген деле шылтоо эмес. Азыр муну айтпай эле, атырылып бир тийсем жакшы болмок эмес. Ошону эске албай, атырылып бир тийгендер болгон. Ал сайттан жазып, кайра бул жакка к8чvрvп коюhуз.
  • Асыран Айдаралиев …………………………..
    ►Асыран Айдаралиев. Ай Дайыыр.. Бирок туптуура айттың, Бокенин кемчилигин.. ӨҢҮ_ңөрдөн тайбагыла ээй Достор! Эрежени бузбагыла, өтүнүч баарыңыздарга!!!..◄
    Менимче муну деле мойунга алгандык деп эле айтат Дайыр иним.. 
    Ушундан кийин токтоп калышың керек эле, кайра баштан баштабай.  
    Эзилме жигит экенсиң да, эс оодарган, кой эми, эзилгенди токтотолу да, элдешели..  
    Элдин баарын каратпай, кандай дейсиң?..
  • Болот Жүсүп Дайыр, шилтеме бергениңе ыракмат. Таанышып чыгам сөзсүз!
  • Мирлан Мазеков Кечирип койуңуздар темадан бираз алыстап кеткениме, силерден бул шилтемени көрүп койуңуздарды өтүнөмүн.
  • Эмилбек Каптагаев Асыран мызра, АНЕКСИА дегенге азырынча токтоп, бул талкууну жаппайсыңарбы. Ошондой эле талкуунун кыскача жыйынтыгын (резюме) да чыгаруу керек, аны өзүнчө жарыя кылып койсоңар максатка ылайыктуу бочудай. Анткени, башка сөздөрдү да талкуулоодо бул жерде айтылган жалпы теориалык маселелер кайра-кайра кайталанбасын, убакыт кетет ага да…
  • Асыран Айдаралиев Жарайт Эмилбек мырза!. Ошондой кылат окшойбуз. Туура белгиледиңиз. Антпесек айлана бергидейбиз..
  • Эмилбек Каптагаев “В чужихъ словахъ мы не должны принимать правописания иноземнаго, а должны писать слово, какъ оно произносится рускимъ, незнающимъ чужихъ языковъ…” В.Даль
  • Дайыр Арунов Ушунча талаштан кийин “Анексиага” токтодуhарбы? Анда бул жерде чоh маселе жаралат го. -ция мvч8л8рvн -сиа деп эле алып, иштин оhоюна качып жаткандай. Лекция-лексиа. Инагурация-инагурасиа. Авиация-авиасиа. Администрация- администрасиа. Акция-аксиа. Чала орустун чулдурап жатканындай болуп калат экен. -ция мvч8сv мындай болсо, -ия мvч8сv -иа эле болуп калабы? Автономия-автономиа. Амфибия-амфибиа. Анархия-анархиа. Империя-империа. Бул -ия мучосун -иа деп оhоюна качсак окшошкудай.
  • Асыран Айдаралиев “Анексиа” эмес, “Анекси”..
  • Kanat Murzakul Мен ойумду “Анексиге” бердим
  • Куба Нурмамбетов Ой Канатбай ой элеби, а добушуңду качан бересиң? :))))
  • Kanat Murzakul Добушумду да бердим, таңгөрү мынакей :))
  • Сейдалы Мырзакматов Мейли ошондой болсун, бир сөзгө макул болушубуз керек окшойт, бирок мен бир нерсени дагы бир жолу айтып койсом: жөн эле кыргызча угулушу боюнча жазып койгонубуз, фонетикага таянып эле, баары бир азыркы окурмандар тарабынан кабыл алынбайт, тар чөйрөдө, илимий талаштар сыяктуу маселелерде гана кызыкчылык жаратышы мүмкүн. Себеби бирөө эле, албетте негизгиси: кириллица алфавитин пайдаланып жана иштеп жатабыз, мектептерде жана бардык окуу жайларда ошол эреже менен окутулуп жатат, анан ошондой билим алгандар, биз жазгандай варианттарды окуп алышып, жөн эле техникалык ката менен жазылыптыр деп ойлошот, жок дегенде орфографиялык ката деп да ойлошпойт. Мисалы мен, бүгүн атайын зерикпей, Фбда отурбагандарды таап, бирок жогорку билимдүү, окурман, азыркы саясат менен да, адабият менен деле тааныштыгы бар, бирок башка кесиптин ээлери болгон дос-тааныштарым менен бул маселе жөнүндө баарлашып көрдүм. Албетте бул талкууну айтпай туруп, мында сунуш кылынып жаткан бир нече вариантты көргөзүп көрдүм, алар таң калып жана жылмайып гана коюшту, уккан боюнча эле жаза берелиби деп. Биздин талкууларда жаралган бардык ойлордун эч бир деле зыяны жок, бирок практикалык пайдасы жок го деп ойлойм азыркы күндө, латын алфавитине өтсөк, балким, бул варианттар туура болор, бирок мен, каршы чыкпайм, себеби ушунча талаш-тартыштан кийин, баары эле макул болуп жатышса, демек бул ойдун да орду бар.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *