Котормо. «Геноцид» – «Тукумкурут»

КОТОРМОГО КЕЛГИЛЕ,
СӨЗ КОТОРО БЕРГИЛЕ!.. 

КАДЫРЛУУ «КӨЧМӨНДӨР!»

Кыргыз тилине кээ бир терминдерди, сөздөрдү өз алдыбызча которолу деген идеяны көтөргөндөрүбүз эсиңиздерде болсо керек, «Кыргыз Көчү» тобунун мүчөлөрү?! Анда эмесе ар бириңиздер ой-пикир таштоодон, тилге аз болсо да салым кошуудан алыстабай, тил боюнча билгенибизди бөлүшчүү кезек келди. Кыргыз Көчү тобунун мүчөлөрү бир гана Кыргыз жергесинде жашаган кыргыз атуулдары эмес, дүйнөнүн төрт бурчун убактылуу же биротоло мекендеген кыргыз боордоштор болгондуктан тил маселеси бүгүнкү күнү ар бирибиздин билимизге, салымыбызга, аракетибизге муктаж. Сөзсүз түрдө эки, же болбосо андан көп тилде эркин сүйлөгөн боордошторубуз четтен табылаары бештен белгилүү эмеспи. Демек, баарыбыз жеңди түрүнүп бүгүнкү күндүн көйгөйү болгон терминдерди которууга кириштик! Ар бир адам өз кесибин баалайт, ар бир адамга өз кесиби кымбат жана жакын, ошондуктан мен да админстартордук укугумдан пайдаланып, “а” деп ооз ачканда эле дипломаттык, эл аралык мамилелер тармагында көп кездешүүчү терминдерди талкуулоону ортого салайын.:))
1. Агрессия,
2. Аннексия,
3. Апартеид ,
4. Геноцид,
5. Вотум доверия,
6. Геополитика.
Кеттик анда эмесе, «Булуттуу көктүн асты менен, буралган чөптүн үстү менен» дейлик да, тилге кошкон салымыбыз, ылайым алдыга койгон иш-аракет максатыбыз ИЙГИЛИКТҮҮ болсун!.  26.04.2013.

Сиздерди терең урматтап Атыргүл ЗАКИРОВА!. 

  • Асыран Айдаралиев “Геноцид” – “тукум курут”, “Агрессияны” – “күчкө салуу”, “каардуу” деп божомолдоп койдум..
  • Мэра Мухитдинова геноцид-жок болуп кетүү,агрессия-каардуу,жинденүү..деп койдум.
  • Калмамат Турдубаев Эми сөздүн баарын которуш оңой эмес. Маселен француз сөзү костюм, кыргыз тилине жаңы сөз катары тил байлыгыбызды байытты.Агрессия эле десек түшүнүктүү го. Буга тил байлыгыбыз деле өсөт.А геноцит боюнча пикириңерге кошулам.
  • Жыргалбек Касаболотов Агрессия – ызырынуу, аннекция эмес, аннексия – баскынчылык, апертеид – расалык эзүү, геноцид – кыргын, вотум доверия – ишеним көрсөтүү, геополитика – геосаясат.
  • Калмамат Турдубаев Жакшы оюңар.Геноцит-кыргын ,- деп Жыргалбек аябай жакшы айтты. А бирок агрессияны тактай албай атабыз .
  • Асыран Айдаралиев Агрессия-ызырынуу деле туура го, бирок ызырынганда адам ичинен тиштенип билгизбей ызырынат да, жабык. А “агрессивный” ачык каарын көрсөтүү, жинденүү дегендей чечмеледим..
  • Атыргүл Закирова Жыргалбек ага, ооба, туура аннексия деген, үзүр, каталарын оңдогондой болдум эле түзүк эле.))
  • ►Zhyrgalbek Kasabolotov 
    Агрессия – ызырынуу, аннекция эмес, аннексия – баскынчылык◄
    “-чылык” мүчөсү узакка созулчу процесс, түгөнбөйт…
    Аннекция – бир жолку акция.
    Ошого сөз табыш керек.
  • https://ru.wikipedia.org/wiki/%D0%90%D0%BD%D0%BD%D0%B5%D0%BA%D1%81%D0%B8%D1%8F

    ru.wikipedia.org

    Анне́ксия (лат. ad nectere — присоединять) — официальное присоединение государст…Еще
  • Асыран Айдаралиев Демек, “аннекция” деген сөз бар, которуу керек. А аннексияны-баскынчылык деп койсок жарашат экен..
  • Жарашпайт, Асыке.
    “Баскынчылык” – узакка созулчу, тынымсыз аракет. Бүгүн да, эртең да…
    “аннекция” – бир жолку аракет. 
    Каратып алды – болду.
    Аннекцияланган өлкө кийин башка бир аракети менен ошол бир жолку аракетти жокко чыгарышы мүмкүн.
  • Жыргалбек Касаболотов Аннекция деген сөз жок менимче. Аннексия деген сөз бар.
  • Сейдалы Мырзакматов Бул сөздөрдүн баарын эле мааниси боюнча которсо болот, ар кандай сөз аталыштары боюнча бере берсе деле туура боло берет, бирок булар көбүнчө саясий терминдер экен, котормосунун деле кереги жок, геосаясаттан башкасын, геополитика орус тилинде деле салыштырмалуу жаңы сөз болуп эсептелет.Аннексия деген туура аталышы, бирок Жыргал ал сөздү оңдоп жатып, апартеидди апертеид деп, Жаке аннекция деп салыптыр, бирок бул техникалык каталар, мындайларды баса белгилеп, көрсөтүп деле кереги жок, кээде Высоцкийди – Высоцский деп техникалык ката кетирип калган деле учурлар болот. Аннексия так мааниси боюнча, баскынчылык жолу менен башка өлкөнү, же анын бир бөлүгүн өзүнө кошуп алуу, аннексия демек бир жолку аракет да, же болбосо көпкө созулган процесстин жыйынтыгы да болушу мүмкүн, ал эми агрессия көбүнчө бул эл аралык маселелердеги юридикалык термин, бирок анын турмуштук сөздөрдө да колдонулушу бар да, биринчи кайсы маанисинде которууну такташ керек, бул жерде сөз саясий терминдер катары го,
  • Raila Osmonova аннексия – annexation – захват, насильственное присоединение -зордук менен басып алуу, басып алуу – , баскынчылык деген аябай чак келет деп ойлойм. Баскынчылык мен үчүн абдан туура
  • Атыргүл Закирова Жыйынтык чыгаралыбы? Кандай котормого токтолдук ошондо? Ар бир терминди бир сөз менен маани-маңызын берүүгө болобу, толковый словарь сыяктуу түшүндүрмөсүн эмес…
  • Сейдалы Мырзакматов Бул сөздөрдү бир сөз менен так маанисин берүү кыйын болот, ушул боюнча эле кабыл алуу керек, башка кеп, саясий терминдердин түшүндүрмөсү катары, өзүнчө, мааниси боюнча, колдонуучулар үчүн которуп берсе, мисалы үчүн баскынчылык, туура эле көрүнгөнү менен, бул жерде так болбой калат, себеби, аннексия – мамлекетти же анын бир бөлүгүн зордук менен же башка жолдор менен кошуп алуу, бирок баскынчылыктын кыргыз тилинде канча башка түрлөрү жана маанилери бар,
  • Калмамат Турдубаев Өзүбүз СӨЗДҮК ТҮЗӨЛҮ. ЖАЗАЛЫ СӨЗДҮКӨ.
  • Raila Osmonova Бүт тилдерде бар бир сөз коп маани берет, ал нормалдуу эле көрүнүш. Аңлис тилинде бир сөз 10 ашык мааниси бар, сөздү түпкү маанисине карап котороо берүү керек , майда сөз болбой. Жыргалбек жакшы билет экен, жакты которгоңун.
  • Асыран Айдаралиев Туура Сейдаке, бирок изденип, изилдеп, аракеттенип бир маанилүү жагын таап, кыргызчасын алып чыгыш керек го акыры, окшошпосо жаңысын киргизип, жаңы сөздүк түзүп салганга эмнеге болбосун, Калмакем айткандай..
  • Сейдалы Мырзакматов Албетте, которуу керек, бул эми мисал катары эле берилген сөздөр да, көп деле колдонулбайт, белгилүү чөйрөнүн, же профессионалдык сөздөр деп койсок да болот, геноцидди туура жана так котормолоп көрсөк болот, себеби кыргыз эли көп эле жолу геноцид абалына же ошого жакын учурларга туш болгон, алыс барбай эле, калмак чапкындарын, Кененсары хандын жүрүштөрү, Аблай хандын уюштурган кыргындарын, анан эң коркунучтуу жана трагедиялуу 16 жылкы үркүн, ушул тараптан алып карасак, геноцид сөзү көп колдонулат болуш керек кыргыз тарых илиминде,жана башка булактарда. негизи, биз үчүн, кыргыз тилинин алып жүрүүчүлөрү үчүн, башка маселе маанилүү, бул өзүбүздүн нукура кыргыз тилин, жана анын бай лексикасын сактап калсак, жана аны азыркы жаштарга колдон келишинче, жоготпой өткөрүп беришибизде жана алардын кыргыз тилин колдонушу, толук кандуу түрдө, бул тепкичтен өтө алсак, калган, башка тилден кирген, бирок азырынча котормосу жок деле колдонуп, түшүнүп турган сөздөрдү так которуп жана пайдалана турган да күндөр келет.
  • Атыргүл Закирова Которбой эле колдонсок дейсизби жогорудагы терминдерди…
  • Сейдалы Мырзакматов Анан да, агрессия- бул эл аралык укуктук жактан алып караганда, бир мамлекеттин башка мамлекетке карата мыйзамсыз күч колдонушу, суверинетитине, территориялык жана саясий бүтүндүгүнө каршы, а ызырынуу жана башка сөздөр, агрессивность деген, таптакыр башка сөзгө көбүрөөк туура келет,
  • Raila Osmonova Которбой колдонгон деле туура кээ бирлерин, бирок ал үчүн бизде кыргызча талкулоо сөздүк керек. Ар бир эле тилде бар андай.
  • Сейдалы Мырзакматов Эгер эле так маанисин билгибиз келсек: агрессия – законсуз күч колдонуу, аннексия- зордук менен кошуп алуу, апартеид – жергиликтүү элдин укуктарын чектөө жана бардык чөйрөдө обочо кармоо,ж.у.с., бул терминдерди, түшүндүрмө сөздүктө гана так маанисин берсе болот, болбосо, жанагыдай, ызырынуу, каардуу деп кете беребиз, жакшысы кандай болсо ошондой колдонуу,
  • Асыран Айдаралиев Анда эми кандай жыйынтык чыгарсак болот достор?.
    Береги которулгандарды тактап туруп, тизмектеп чогулта берсек болобу, сөздүк катары топтоп..
    Улам алыбызга жараша 5-10 дон сөз которо берсек жаман болбойт го дейм..
  • Атыргүл Закирова Ооба, жыйынтык чыгарып туруп, дагы 5-10 термин талкууга коелу..
  • Сейдалы Мырзакматов Негизи туура идея, колдоо керек, башка маанисиз постторго деле убакыт бөлүп жатпайбызбы, бирок, биз саясий, профессионалдык терминдерге караганда, турмуштук, адабий жана журналисттик чөйрөдө колдонулган сөздөрдү которуп көргөнгө аракет кылсак жакшы болот го деген ойдомун, мисалы конституцияда “светский” деген сөз бар, мына ушуну которсо абдан жакшы болмок, себеби конституция башкы мыйзам, анан кыргызча текстинде ушул сөз которулбай турат, мүмкүн кийинки редакциясында которулгандыр, так билбейм, мендеги бир вариантында “светтик мамлекет” деп эле турат,
  • Асыран Айдаралиев Туптуура Сейдаке, мен кошулам пикириңизге. Ортого салып, көпчүлүк менен бөлүшкөнүбүз албетте көбүрөөк жыйынтык берет эмеспи. Бир сөз болсо да так-даана котрулганы жакшы, өзүңүз айтмакчы жөн эле убакыт короткон учурларды пайдалана билсек..
  • Абай Алымкулов aggress, regress, progress деген сөздөрдөн тамырын чыгарып анан которсо болот.
  • Абай Алымкулов атайын сөздүктөр бар. Мисалы: ag-gres-sor, re-gress анан pro-gress болуп бөлүнөт. Түбү – кыймыл, жылыш деген түшүнүктү билдирет. Латын тилинен кирген.
  • Мирлан Мазеков Баш мыйзамда “светский ” деп баса белгиленип турат, бирок сөзмө -сөз маанисин кандай берет билбейм, СВЕТСКИЙ мамлекет дегендин мааниси, динге негизделбеген өлкө дегенди түшүндүрөт, көп улуттуу өлкө болгондон кийин ар ким каалаган динин тутунга эркин деп белгиленген.
  • Raila Osmonova светский
    мирской
    вековой
    вечный
    живущий в миру
    происходящий раз в сто лет
    мирянин
    принадлежащий к белому духовенству
    ….языческий …. Мирлан бул сөздүн мааниси көп
  • Тынчтыкбек Чоротегин Ушул сүрөттөгү татынакай “дил” сөзүнө каршы чыккандар болду, ой то-обо! Ал эми “светский” сөзүн “төрөндүк”, “секулярдык” деп которуу керек.
  • ►Raila Osmonova аннексия – annexation – захват, насильственное присоединение -зордук менен басып алуу, басып алуу – , баскынчылык деген аябай чак келет деп ойлойм. Баскынчылык мен үчүн абдан туура◄
    Аннексия – бир жолку жасалчу нерсе.
    “-чылык” мүчөсү көп жолу кайталанчу маани берет.
    “Баскынчылык” “аннексия” болалбайт.
  • Raila Osmonova Тынчтык ага, secular – секуляр, ал эми тиги төрөндук деген вечный дегенди билдериби? Деги бизге талкулоо сөздүк керек экен. Кыргызча талкулоо сөздүгү барбы деги? Латын тилин ким билет, ошолор жакшы которо алат болсо керек.
  • Сейдалы Мырзакматов Аннексия – бир жолку же көп жолу жасалган аракеттердин жыйынтыгында бир мамлекетти же анын бир бөлүгүн зордук менен башка мамлекеттин составына кошуп алуу, мааниси негизинен түшүнүктүү эле, сөз башкада болуп жатат го дейм, кантип бир сөз менен кыргыз тилинде так маанисин берүү, кыйын го, себеби орус тилине да бул термин башка тилден кирген, негизинде юридикалык терминдерди түшүндүрмө сөздүк катары гана которуу мүмкүн, албетте, кээ бирлерин гана. Мисалы, “вотум доверия”, биз үчүн, талкууга катышып жаткандар үчүн түшүнүктүү эле, бирок баарыбыз эле жогорку билимдүү эмеспиз, болгондо деле, юридика сабагын өтпөгөн да болушубуз мүмкүн да, жөн эле “ишеним көрсөтүү” деп которгон туура эмес да, вотум деген сөз түшүп калып жатпайбы, анын мааниси – добуш берүү аркылуу ишеним берүү да, болбосо,”оказать доверие” деген жөн эле турмуштук сөздүн маанисин билдирип калат да, бирок, бир нерсе биз үчүн талашсыз болушу керек, бул талкууга катышуу, кимдин туура же туура эмес экенин далилдөө эмес, жөн гана берилген суроого жооп берүү аракетибиз.Чынында, которулбагн сөз болбойт, бирок кээ бир учурларда, баарын эле которо бериштин деле кажети жок.
  • Асыран Айдаралиев Каршы чыкпаган, кыйкым таап, асылып, тепкиге албаган эч нерсе деле калбады го, “сууалгычтардын”..
  • Сейдалы Мырзакматов Ошон үчүн, Асыке, эң жөнөкөй сезилген сөздөр да которо келгенде эң бир кыйын иштердин бири, кыйкым таап, кайра-кайра тактабаса, которуп убара болуп да кереги жок, бирок маселе туура жана ар тараптан колдоого арзыйт, жеке маселе болбогондон кийин, дагы эле так маанисине жеткенге чейин аракеттене берүү керек, анын зыяны жок.
  • Асыран Айдаралиев Жарайт Сейдаке, каршылык жок, ошондой кылалык..
    Мен кошулам пикириңизге..
  • ►Атыргүл Закирова
    2. Аннексия-1. баскынчылык 
    2. зордук менен кошуп алуу◄
    “Аннексия” дегениң “баскынчылык” болалбайт.
    Мейли анда, орусча түшүндүрөйүн – кыргызга орусча айтпасаң баары бир түшүнбөйт дегенибиз туура сыйактуу:
    Аннексия – действие однократное, имеющее конкретный итог.
    “-чылык” – обозначение многократно повторяемого действия, обозначение абстрактных, широкоохватных понятий.
    Эми-ии, дубалга тигилген алигидей болбогула, эй шумдуктар.
  • Raila Osmonova vote – вотум – голосование, голос, права голоса. Сөзмө-сөз которгондо : ишеним үнү болуп калабы ?
  • Атыргүл Закирова Ооба, термин болгондон кийин кыргызча бир же бир канча маанисин так берүү бир сөз менен, бирок, ошондой эквивалентин таба алабызбы…
  • Асыран Айдаралиев Ошонун кандай которулушун табалы Жаке, изделип жатпайбы, эптеп табалы бир айласын баарылап..
  • Бир эле сөздү он жолу түшүндүрүп жатса баары бир байагы сөзгө жабышып алсак, эквивалентти табыш кыйын го дейм…
  • Асыке, “-чылык” деген мүчөнү түшүнбөгөндөн кийин, суу куйа беребиз, миң какшыктасаң да.
  • Юдахин сөздүгүндө “-чылык” мүчөсү 300дөн бираз көбүрөөк кездешет, бирок ошо сөздөрдүн бири да бир жолку аракетти же түшүнүктү бербейт.
  • “Баскынчылык” деген сөз – бесконечное действие.
    Ушуну түшүнбөгөндөн кийин сөз которуу жагын жыйыштырып эле койуш керек, менимче.
  • “Аннексия” дегенге конкреттүү мисал:
    Anschluß
  • Асыран Айдаралиев Сиз өзүңүздүкүн айтыңыз да чечүүчү жыйынтыкты чыгарсаңыз болот да, ким каршы болуп атат.. Жыйыштырбай эле аракет кыла берели Жаке..
  • Анда какшыктан айланабызбы, Асыке?
  • Атыргүл Закирова Акырын, акырын агатай! :)) мен элдин жазганын жыйынтыктоо үчүн жаздым ар бир пикирди эске алып топтоп…Ал талкууга катышкандардын баарынын котормосунун топтому…
  • Сейдалы Мырзакматов Жаке! аннексия – көп же бир жолу болгон аракеттердин жыйынтыгы, баскынчылык аркылуу, бирок бүткөн ишти билдирет го, сиз ушуну айтайын деп жатасыз, баскынчылык туура эмес чынында, бирок ошол аракет аркылуу аннексия болот,
  • Асыран Айдаралиев Кай жерден какшыкты көрө калдыңыз ой-бай Жакебай?..
  • ►Asyran Aidaraliev Каршы чыкпаган, кыйкым таап, асылып, тепкиге албаган эч нерсе деле калбады го, “сууалгычтардын”..◄
    Кана, Асыке, жогорудагы сөз талкууда менден башка дагы ким кайсы сөздөн кыйкым таап, асылып, тепкиге алганын мисал менен келтирчи.
    Мен тепкиге алган сөздүн мен берген түшүндүрмөсү калпыс экенин далилдеп көрчү.
  • Атыргүл Закирова :))))) жашырынганга жер да таапай калдык тообооо..
  • ►Seidaly Myrzakmatov:
    бирок ошол аракет аркылуу аннексия болот◄
    Аннексия – бир жолку бүткөн иш.
    Бир нече жолу болушу мүмкүн бир кылымда, бир жылда, бирок БҮТКӨН ИШ,
    Аракет эмес.
  • ►Атыргүл Закирова :))))) жашырынганга жер да таапай калдык тообооо..◄
    Так ушундай кайдыгерликтен жана тоотпостуктан бүгүн биз 
    “сотовый телефон” дегенди “уйулдук…” деп которуп калдык.
    “Реклама” дегенди КТРК алигиче “жарнак” деп тантырап жүрөт.
  • Атыргүл Закирова анда мен да анда мен да вариант айтайын: аннексия-кошуп алуу, бириктирүү деп терминкомдо бериптир..
  • Сейдалы Мырзакматов Туура, бүткөн иш, жыйынтык, ошол жыйынтык зордук жолу менен ишке ашырылганын билдирет,
  • Зордук менен, албетте, бирок “баскынчылык” эмес да, эй шумдуктар…
  • Асыран Айдаралиев……………………………………
    ►Тынчтыкбек Чоротегин. Ушул сүрөттөгү татынакай “дил” сөзүнө каршы чыккандар болду, ой то-обо! Ал эми “светский” сөзүн “төрөндүк”, “секулярдык” деп которуу керек.◄

    Оой Жакебай, эмне болуп кетти деп атпайымбы кокуй. Мен ал сөздү мобу Тынчтык мырзанын пикирине дароо жазгыча далай пикир айтылып кетпедиби ортодо, болгону ушул пикирге гана айтылган ойум болчу ал. Жөн эле жерден сизди какшыктап жинди болуптурмунбу, койуңуз эй, антпеңиз Жакебай мырза!.
  • Сейдалы Мырзакматов Эми бир аз тамаша, аны кошпосо, белгилүү тамашакөй Жаке, дагы бир “жарнак” деген сыяктуу сөздү мисал келтирип, туура эмес котормолорду айтып, бизди күлдүрөт, бир кезде “сыналгы”,”үналгы” деп которуп башташты эле, ал деле туура эле көрүнгөнү менен, фотоаппарат, видеокамера, диктофон, керек болсо микрофон деле ошолордун катарына кире берет да, же болбосо атактуу жазуучу атабыз Т.Сыдыкбеков столду – үстөл деп деле айта берчү, К.Юдахин деле “мандаш токунуп отуруу” дегенди -“сидеть по способу мандаш” деп которуп салган, бул эми эч деле өөнү жок нерселер, бирок юридикалык, саясий терминдерде мындай болбойт,
  • Так ошол себептүү “аннексия” эч качан “баскынчылык” болалбайт, себеби кийинки сөз бүткөн бир ишти түшүндүрбөйт.
  • Асыкем мени какшыктап кирген экен деп атпайымбы жанатан бери…
  • Асыке, сен мисал келтирген сөздөр бойунча:
    “-дүк”, “-дык” деген таанык мүчөлөрсүз эле
    “төрөн”, “секуляр” деш керек.
    “Кыргызский язык” дегенде, мисалы, “кыргыздык тил” дебейбиз да, эмне үчүн анда “светское гос-во” дегенди сөзсүз “төрөндүк мам-кет” дешибиз керек?!
    Төрөн мамлекет…
    Секуляр мамлекет…
    Мисалы,
    эгемен мамлекет – суверенное гос-во.
    эгемендик мамлекет эмес да…
  • Болот Жүсүп Чынында, бул терминдерди которуу зарылчылыгы жок деп ойлойм. Болгону кыргыз тилинин фонетикалык мыйзам-ченемине ылайыкташтырып койуш керек. Ошол эле.
  • Болот Жүсүп Эгерде бул терминдерди өгөйлөй турган болсок, анда арап, перс тилдеринен кирген сөздөрдү кантебиз?!
  • Атыргүл Закирова Кантип? тамгаларын гана өзгөртүү аркылуу үстөл дегендейби…
  • Болот Жүсүп Ооба. Арапчадан келген сөздөр/терминдерди ошентип эле албадыкбы
  • Атыргүл Закирова тартип, мектеп, дептер, калем, тажрыйба, насыйкат, мүмкүн, маслет, мүдүр, расмий, аалам, илим, сооп, момун, береке – бул сөздөр алда качан эл арасына сиңип бүткөн да..
  • Болот Жүсүп Өткөндө радиодо (адашпасам азаттык болуш керек) аттуу-баштуу журналисттер катышкан тил тууралуу талкууну угуп калдым. Бирөөсү өзүнчө эле кыжаалат. Азыр кыргыз журналисттери “ц” тыбышын жакшы айта алышбайт дейт. “ц” тыбышы кыргызчада жок болсо анан кантип аны туура айтабыз. Тсирк деп кыналгандан көрө “сирк” деп айткан ынгайлуу болуп атпайбы. Бул табияттын мыйзамы. Ага каршы чыга албайсын. Же жаагың талыйт ар бир бөтөн тыбышты айтам деп жүрүп)))
  • Болот Жүсүп Туура, ал сөздөр эл арасына сиңди. Жада калса теги башка экени да билинбейт. Себеби кыргыздаштараылган. Кеп ошондо. Азыркы жаңы сөздөрдү да кыргыздаштырышыбыз керек.
  • Асыран Айдаралиев Кыргыздаштырышыбыз керек, эң туура.. “Көп түкүрсө көл болот”, “талаштан тактык жаралат”..
  • Болот Жүсүп Урматтуу администратор, менин сунушум мындай. Сиз ушул администраторлук укугуңузду колдонуп, бул маселени башка нукка бурсаңыз кандай болот. Айтаын дегеним, кантип которобуз дегендин ордуна, кантип “кыргыздаштырабыз” деген суроону көпчүлүкө салсаңыз.
  • Атыргүл Закирова Хоп, жарайт! Шеп да баш болуп макул болуп колдоп жатат!:))
  • Болот Жүсүп Сонун болду)) Ыракмат сизге!
  • Атыргүл Закирова Кош келипсиз биздин арабызга Болот мырза! Же бар белеңиз..:))
  • Асыран Айдаралиев Болот мырзанын келгенине далай убакыт болду, талуу маселеге азыр батын ып киршип жатканы жакшы жаңылык, рахмат Болот мырза!.
  • Болот Жүсүп Ооба, келгениме далай эле болуп калды…
  • Болот Жүсүп Мени дайыма ойго салып жүргөн маселе көтөрүлүп калган экен… ой-пикирими бөлүшө кетейин деген кербезим.
  • Jyrgalbek Ajimat “Кыргыздаштырабыз…” Жагат да ушул сөз мага аябай. Максатым да ушул болуп келген. Илгери эле жасаш керек болчу бул жараянды, эч болбогондон кеч болгон ийги, ийгилик баарына!
    Эми чогуу чаран кыргыздарды кыргыз экенине сыймыктандырабыз. Кыргызсынгандарды нукура кыргыз кылабыз. Кыргызчалайбыз, кыргыздаштырабыз, кыргыз(ча) эместерди кыргыздануусуна кызыктырабыз…
  • Атыргүл Закирова :)) ЖАРАЯНды да талкууласак болчуудай…процесс-дегенди толук кандуу бере алабы…

Асыран Айдаралиев

«КЫРГЫЗДАШТЫРАБЫЗ!..»  29.04.2013-Ж.

“Котормого келгиле, сөз которо бергиле!.

Терминдерди кыргыздаштыруу улантылат. Бул акыркы жыйынтык эмес, дагы тактап, шашпай талкуулап, майын чыгара которуп алгандан кийин анан жалпылап, чогуу жыйынтык чыгаралы. А бул тизмедегилер талкууга катышкандардын айткан сунуштары гана болгону. Бул бутак баштапкы талкуунун УЛАНДЫСЫ, ал бутак өтө чубалжып кеткендигине байланыштуу оңой болсун деп жаңы бутак кылып ачып койдук.

«КЫРГЫЗ КӨЧҮ» КЫРГЫЗДАШТЫРУУГА ЧАКЫРАТ!!!

1. Агрессия:
1 – күчкө салуу, 2 – каардуу, 3 – жинденүү,
4 – ызырынуу, 5 – мыйзамсыз күч колдонуу.
2. Аннексия:
1 – Баскынчылык, 2 – Зордук менен кошуп алуу.
3. Апартеид:
1 – Расалык эзүү, 2 – Жергиликтүү элдин укуктарын чектөө,
3 – Обочо кармоо.
4. Вотум доверия:
1 – Ишеним көрсөтүү.
5. Геополитика:
1 – Геосаясат.
6. Геноцид:
1 – Тукум курут, 2 – Жок болуп кетуу, 3 – Кыргын.
7. Светский:
1 – Төрөн, 2 – Секуляр.

Динар ИманНазгул АбдуллаеваКызжибек Мира и 19 другим это нравится.

  • Атыргүл Закирова :)) Асыран байке, Процесс деген термин – Жараянды да кошуп койсок жакшы болот го..
  • Асыран Айдаралиев Айзат Калыбекова 29 апреля г. 11:55
    Эже, бирок, Х.Карасаевдин 1966-жылы чыккан “Кыргыз тилинин орфографиялык создугу” деген эмгегинен “жараян” деген созду таба албадым.
  • Raila Osmonova Агрессия – мыйзамсыз күч колдонуу; Апартеид – Жергиликтүү элдин укуктарын чектөө; Геноцид – Жок болуп кетуу -, ушул варианттар мага жаккан жок.
  • Асыран Айдаралиев ………………………………………..
    Агрессия – Ызырынуу,
    Апартеид – Расалык эзүү,
    Геноцид – Кыргын же Тукум курут,
    Вотум доверия – Ишеним көрсөтүү,
    Геополитика – Геосаясат,
    Светский – Төрөн, Секуляр. 
    Мына ушу тандалмалардын тегеринде ой жүгүртөбүз го, же башкача табылгалар да барбы, болсо кошуңуздар..
  • Асыран Айдаралиев Аннексияны которбой эле калтырсак кандай болот, кандай дейсиздер?.
  • Атыргүл Закирова Эми бул терминдердин менде болгон вариантын жазайын:
    1. Аннексия – баскынчылык
    2. Агрессия – бириктирүү, кошуп алуу
    3. Апартеид – жарандыгы жоктор
    4. Вотум дверия – ишеним вотуму
    5. Геноцид – тукум курут
    6. Геополитика – геосаясат
    Алдын ала айта кетейин, бул котормо менин жеке пикирим эмес, тил менен алектенген мекемелер сунуштаган вариант. Процесс менен светский деген сөздөрдүн котормосу менде азырынча жок, бирок, айта кетчүү нерсе, төрөндүк дегендин маанисин аз да болсо түшүнгөндөй болдум, а ЖАРАЯН-эмне сөз, кайдан келген, кандай түшүнсө болот…мен үчүн азырынча туңгуюк…чечмелеген жан барбы?
  • Атыргүл Закирова Баскынчылыкты жазам деп Жаке агабыздан дагы тил угам эми балээ басып..:)) ошентсе да котормочунун ушул вариантын термин кабыл алуу боюнча комиссия жактырышканын айта кетейин..
  • Айзат Калыбекова “Жараян” деген создун тушундурмосун бугун сабака барганда тилчи,котормочу агай-эжейлеримден сурап коройун.
  • Jyrgalbek Ajimat Жараян – кампанияга туура келет. Кээ бирлерин кыстап, мажбур которуп деле кереги жок деп ойлойм. Латынчасынан качып фарсча же арапчага барып такалып калып жатабыз кээде.
  • Jyrgalbek Ajimat Орустар сөз байысын дейби, же которуп талдоодон зеригеби, болгонун болгондой ала беришет кээде өз тилинде теңдештери (эквиваленттери) бар болсо деле, 70-80% европа сөздөрү. Ал эми чет тилдеринен кабары жок айрым карапайым калк үчүн кыргызга жат сөздүн баары эле “орусча”…

    А бизде акыркы 20 жылда кыргызчалаштыруу жакшы жолго түшүп, кыраан мекенчилдер, тилчилер жана кызыккандардын арекетинен улам бир топ эле сөздөрүбуз сопсонун кыргызча түс берилип, көбү кайра тирилип, турмушка да аралашып эл да колдонуп калды. Дагы көптөгөн сөздөрүбуз колдоно элекпиз, унутта калып бараткан сөздөрүбүздү жаңыча заманбап ыкмада, мааниде колдонуп, кайрадан аларга “жан берип турсак” сөздүк корубуз да кенен болот. Кыргызчалатууда үн кошуп, салым кошуп жаткандардын баарына үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалайм. Бул каалоом тилге кайдыгер эмес баарыңыздарга тиешелүү. Бир сөз болсо да чооң жаңылык, чоң жеңиш.
  • Мирбек Медетбек Уулу Asyran agai, men kancha jolu “Kypkyrgyzcha” jana “Kyrgyz köchy” gruppalaryna kirsem da silerdin ishinerge oluttuu maani berbegenime uyalam. Ishinizderge yigilik kaalaim.
  • Расул Салайдинов Сөздөрдү которгондо мисал катарында ошол которулган сөз катышкан сүйлөмдөрдөн жаза кетсеңиздер.
  • Расул Салайдинов Силер сөздөрдү кыргызча которсоңор мен орусча үйрөнүп атам :))
    кампадагы чычкандарды “геноцид” кылуу үчүн мышыгыма “вотум доверия” көрсөтүп, “агрессивный” болууга үндөдүм :))
  • Атыргүл Закирова :)) Мирбек, маани бериш керек, маани бербей кайдыгер болгон болбойт..анткени бул тайпанын максаты сүйлөп-сүйлөп калуу эмес, аз да болсо ушул жерде талкууланган иш-чараны иш жүзүнө ашыруу..аз да болсо Кыргызга пайдасы тийчүү аракетти жасоо..ал үчүн биригишибиз керек, ал үчүн ар бирибиз өз салымыбызды кошушубуз керек..Бизди курчап турган айлана-чөйрөдөгү жашоо көйгөйлөрү ар бирибиздин оюбузга муктаж, ар бир пикир баалуу..четте сынап карап туруу баарынын колунан келет, а аракет кылып кичине болсо да менден бир пайда чыксын,- деш абдан жакшы изги максат-тилек, мактоого татырлык кадам…Жыргалбек, туура айтканың, орустар да алгач которууга бел байлап, бирок, башка тилден келген сөздөрдү ошол бойдон калтырууну эп көргөн экен…Расул ага, пикирди эске алабыз…Рахмат баарыңыздарга! Кеттик андан ары…:))
  • Jyrgalbek Ajimat Расул, мага “реальныйлыгың” жагат да
  • Мирбек Медетбек Уулу Tuura aitasyz Atirgyl eje, men dele salymymdy koshkum kelet koluman kelishinche, birok algach özym jakshy yironyp alishim kerek okshoit sizderden. Sözdyn Aitmatovdun chygarmalaryn bardygyn kairadan krgyz tilinde okup chykmai boldum. KG ge barganda ele kirishem.
  • Улан Кошалиев ar bir s8zdv 8z 8zvn48 jazsak kandai bolot?..
  • Асыран Айдаралиев Ар бир сөздү бөлүп, өзүнчө пост кылып дейсиңби Улан? Же кандай?..
  • Улан Кошалиев ii..owentip. yngailuu bolobu deim da.
  • Асыран Айдаралиев Ошентет окшойбуз чындап эле, ар бир сөзгө олуттуураак мамиле жасап дегендей.. Туура айтасың Уланчик!.
  • Муратбек Сагынбаев Асыран байке ушул сөздөрдү которгонго мамлекеттик котормочулар жокпу?
  • Jyrgalbek Ajimat “мамлекеттик котормочулар” жакшы сөз экен, биринчи угушум ушундай атоону (терминди)  жакты чындап.
  • Муратбек Сагынбаев мен озү жаңыдан КЫРГЫЗ болуп келе жаткан “киргизмин” ага дагы Асыран байкеге ыразычылыгымды билдирем!
  • Муратбек Сагынбаев байке Италияга келип ӨҢҮмдү оңдоп кетпесе ошондой эле жүрөт белем ким билет)))
  • Айзат Калыбекова Агай -эжейлеримен сурасам “ЖАРАЯН” деп “соттун жyрyшy” аталат экен. Процесстин -жараян болуп таржымаланышын туура деп билдиришти.
  • Асыран Айдаралиев Мамлекеттик котормочулар бар жок экенин ким билсин, а биз тилибизди кемсинтпей кырды көздөй кыбырай берели, колдон келгенин жасап, жапа тырмак жардамыңарды айабагыла баарыңар, ар бирибиз жоопкерчилик алалы тил тагдырына, ушундай ДОСТОР!..
  • Асыран Айдаралиев Сен ЖИГИТ экенсиң Муратбек, менин бир гана айткан сынымды угуп, дароо телефонуңа да, ноутбугуңа кыргыз ӨҢҮ_н орното салдың. Баардык боордошторубуз тилибизге ушундай мамиле жасаса кана та-аңгөрүнүкү десе..
    Киргиз эмессиң, сен Азамат КЫРГЫЗСЫҢ МУРАТБЕК!..
  • Азирет Келдибаев Геноцид -тукум курут деген туураго дейм
  • Азирет Келдибаев Геополитика-жергиликтуу башкаруу.же болбосо жергиликтуу саясат болсо нака кыргызча болмок.
  • Асыран Айдаралиев Мен да “тукум курутту” көбүрөөк колдойт элем..
  • Сейдалы Мырзакматов Геополитика – бул эл аралык саясатта, болгондо да ири державалардын же блоктордун өз таасирин күчөтүү максатында колдонгон саясатын билдирген термин, ошон үчүн жергиликтүү саясатка эч кандай тиешеси жок, котормосу бирөө эле болушу мүмкүн – геосаясат; Апартеид – жарандыгы жок деп которулушу да туура эмес, жергиликтүү элдин , же жарандардын укуктарынын чектелиши жана саясаттан тышкары кармоо жөнүндө түшүнүк, туурасы – апартеид эле боюнча калганы, вотум доверия – ишеним вотуму, геноцид – тукум курут, аннексия – басып алуу, же кошуп алуу; агрессия – кол салуу; Атыргүл көрсөткөн вариантта агрессия менен аннексиянын орду алмашып кетиптир, техникалык ката го,
  • Муратбек Сагынбаев *Геноцид*(грек . genos – уруу , урук жана лат . сaedo – кырам) – калктын айрым тобун расалык, улуттук же диний ишенимине карап кырган адамзатка каршы оор кылмыштын бири.
  • Муратбек Сагынбаев жеке эле калк, же тукум эмес динге да байланышы бар экен деп айтканым
  • Асыран Айдаралиев Ал түшүнүктүү го, ошону бир ооз сөз менен так кыргызчасын табалы, “тукум курут” кашкайа дал келип жатат го, кандай дейсиңер?.
    Азыр ушу “Геноцид” – Тукум курут- деп которулсун дегендер добуш берип койбойлубу? Акырындап бирден жыйынтыктай берсекпи дейм..
  • Jyrgalbek Ajimat “Тукум курут” – туура келет деп ойлойм. Менин сунушум, “геноциддин” кыргызча теңдеши ушул болуп калсын. Таптакыр жер бетинен жок кылып жибербесе да, кайсы бир улутту бир топ кыргынга учураткан болуп эсептелет. Албетте адамзатка каршы оор кылмыш. Түпкү максаты да – бир элдин тукумун курут кылуу болуп турат.
  • Анара Турабаевна булардын баарын кантип эсиңерге тутасыңар,билбейм.
  • Jyrgalbek Ajimat Мен ушул кезге чейин башка макалаларымда тукум курут деп эле колдонуп келгем. Таңуулоо максатында эмес, ынгайлуусу ушул болгону үчун.
  • Анара Турабаевна Бишкекке барсаң жашынын баштап карысына чейин орусча суйлөшөт анан ким кыргызча сүйлөйт.
  • Асыран Айдаралиев Эми сүйлөй башташат Анара, аябай сүйлөшөт, быдылдап..
    Мыйзам кабыл алынды, чоңдорубузда анча-мынча саясый эрк пайда болду дегендей.. Калганы ар бир кыргыздын эне тилге жасаган мамилесине жараша..
  • Анара Турабаевна Мектептерчи эми кыргыз тилине өтөбү,окуучулар кантет
  • Jyrgalbek Ajimat Окуучу балдар – катый элек бетон сыяктуу, бетине кандай из түшсө ошол бойдон катып калат. Баары чөйрөгө байланыштуу, мектепте мугалими, үйүндө ата-энеси кыргызча сүйлөп турса, албетте окуучулар да кыргызча сүйлөйт.
  • Jyrgalbek Ajimat Билим берүү министрлиги – бүгүнкүдөй кайдыгерликти, коррупцияны, “заманга жараша бөрү” болууну жыйыштырып туруп, чын дилден шымаланып киришсе зор иштер жасалат жеткинчектер үчүн.
    “Мамлекеттик котормочулар” үчүн атайын кызыктыруучу сыйлыктарды уюштуруп, баарын котортуу керек.
    Жадагалса кыргызча тейлеген кафедеги тейлөөчүлөрдү да, дүкөндөрдөгү сатуучуларды да кыргызча сүйлөсө 2 эсе көп төлөнөт сыяктуу акция, ж.б. уюштуруу керек.
    Окуучу балдар эч качан таштай албай турган компьютер оюндарын да жаңысы чыгышы менен дароо кыргызчалап салуу керек оюндарды да. Башка тилдердегисине тыюу салып салуу зарыл. (Ансыз да англисче ойноп атышат, жаттап да алышкан көбүн) Айла жок кыргызчасын ойнойт, башында кыйналат бирок кийин өз жолуна түшүп калат ж.б. мисал көп.
    Баарын эле өзүм жасагым келет, “керек, керек” дей бергендерди жактыра бербейм өзүм. Бирок, баарына убактым, күчүм да жетпей жатат да… Идеалар ашып ташып атат. Көңүлүм сууй электе, колуман келишинче күчүм жеткендерин жасап келатам.
  • Муратбек Сагынбаев Анда мен дагы добушумду Тукум курут дегенге берем
  • Айзат Калыбекова Мен да добушумду “тукум
    курут” дегенге беремин.
  • Атыргүл Закирова Сейдалы ага, туура баамдапсыз..алмаштырып алыпмын..агрессия менен аннексияны …балээ болду го соо отуруп эле алмаштырып, чалмаштырып..:))
  • Сейдалы Мырзакматов Ошондой болуп жатат, көбүбүз комменттерди окубай эле, кайра- кайра эле ойго келген нерселерди жазып да жатабыз, кээ бирөөлөрүбүз, бул терминдердин эмнени түшүндүрөөрүнөн бери ликбез окуп жиберип да жатабыз, суроо башкача коюлган да, кантип кыргызча котормосун, кыскача сөз менен билдиребиз деген, анан эле, светский деген сөздү -төрөндүк, секулярдык деп, төрөндүк мүмкүн туура, а секулярдык- бул кандайча болуп калат, орусчадан орусчага которгонбу?, бул эми тамаша кеп, бирок кыргызчасын таппасак, кайра эле чет тилдеги башка синонумубу же мааниси бир сөздү айтуу да туура эместей сезилет, албетте, ар кимдин өз аргументтери бар, ар кандай ой-пикирлер айтылбай калгандан көрө, айтылганы жакшы деп эсептейм.
  • Атыргүл Закирова Жогоруда биз добушка койгон терминдердин акыркы варианты төмөндөгүлөр:
    1. Аннексия – басып алуу, кошуп алуу
    2. Агрессия – кол салуу
    3. Апартеид – апартеид
    4. Вотум доверия – ишеним вотуму
    5. Геноцид – тукум курут
    6. Геополитика – геосаясат 
    7. Процесс – жараян 
    8. Светский – төрөн
    Сөздүгүбүздүн биринчи беттеринен орун алчуу терминдер даяр болду окшойт..
  • Айзат Калыбекова Эже,вотум ошол бойдон эле калабы?
  • Анара Турабаевна Эми бул терминдерди жатташ керек экен,мектепке барат окшойм.
  • Jyrgalbek Ajimat “төрөн” кызыктуу экен, буга чейин уккан да, окуган да эмес экем. Ким сунуш кылган жана чын эле “секуляр” маанисинде экенин кантип чечмелеп берет болду экен?
  • Атыргүл Закирова Во́тум (лат. votum — желание, воля) — мнение, выраженное путём голосования. бул орус тилиндеги котормосу..кыргызчага которсок чубалжып кетет го..
  • Улан Кошалиев агрессия кол салуу болбойт го?.
  • Raila Osmonova ооба агресия физикалык тушунук эмес.
  • Асыран Айдаралиев “Төрөн” менен “секулярды” окумуштуу илимпоз Тынчтыкбек Чоротегин сунуштаган. Менимче ал киши илимий көз караштары менен чечмелеп, далилдеп бере алат болуш керек..
  • Daniiar Murzagaliev светский( современный) – заманбаб?
  • Jyrgalbek Ajimat Светский – свет, жарык, ушул дүйнөгө таандык (гана) болгондуктан – светский деп турат, улуу муундар айтып калчу, “катыгүн жарыктык ай”, “Жарыкчылыкта жашаган иштери…” жөн гана (сын атооч болгондуктан) жарыктык, жарыкчылык десек да болсо керек, кайсы бир талашууда да ушуларды бирөө сунуш кылган экен. Татаалдаштырбай жөнөкөйлөштүрсөк. Балким төрөн деге да туурадыр, ар ким ой кошсун.
  • Болот Жүсүп Мен “геноцид” деген сөзгө токтоло кетейин. Кыргызда “мисмилдирик” деген сөз бар. Менимче ошол сөздү термин катар ы “геноциддин” ордуна иштетсек болчудай. Юдахиндин сөздүгүнөн үзүнду: мисмилдирик то же что миспилдирик
    ~: миспилдирик бол- исчезнуть бесследно;
    миспилдирик кыл- уничтожить. А “Мисмилдирик” деген чыгарманы баарыңыздар жакшы билсеңиздер керек. Ошол жерде ушул сөз кудум биз азыр айтып аткан “геноцидди” туйундурат. Чыгарманы bizdin.kg сайтынан табасыздар. Менин сунушум ушул.
  • Асыран Айдаралиев Мисмилдирик атып, ыргыштап, секирип дегендей маанини берет го дейм бул сөз, ушинтип көп сүйлөшчү эле бизде..
  • Болот Жүсүп Ааа ошондой деңиз… билбейт экемин. Ачыгы, мен бул сөз бир гана “Мисмилдирик” романынан кезиктирдим. Ага чейин колдонмок турсун, уккан да эмес элем. Бирок, романдагы колдонулган контекстти “геноцидке” дал келет.
  • Болот Жүсүп Бирок, “геноцид” деген ТЕЕРМИНди “тукум курут” деп эки сөз менен которуу туура эмес го дейм. Термин болушунча кыска, бирок нуска болуш керек. Ал бир эмес, бир канча түшүнүктү өзүнө камтыйт, ошонусу менен сөздөн айырмаланып турат. Эгер сөз көбөйүп кетсе, ыңгайсыз болуп калат. Ал элге сиңбейт.
  • Атыргүл Закирова Биринчи угушум мисмилдирик дегенди..:))
  • Болот Жүсүп Менимче, терминдерди кыргызчалоодо бизде 2 ыкма бар. Биринчиси жана эң оңойу – башка тилден келген сөздөрдү кыргыз тилинин фонетикалык мыйзам-ченемдүүлүктөрүн эске алып, адаптация кылуу. Мисалы, директор – деректир, велосипед – wелеспед, фуфайка – купайка, республика – ыреспублика ж.б.у.с. Бул ыкманы бардык элдер колдонушат. Мындайча айтканда, дүйнөлүк тажрыйба. Эгер бул ыкманы тандасак, орус тилинен кирген ц, в, ф, щ жана башка тамгалардан баш тартабыз. Анан кыргыз тилинин жакшылап изилдөөгдө да киришебиз. Себеби, эне тилибиздин өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар: “Р” тыбышы сөздүн башында келбейт, “в” жана “ф” катышкан бир кыргызча сөз жок. Бул өзүнчө талкуулай турган тема. Башка күнү токтолобуз буга.
  • Болот Жүсүп Экинчи ыкма – терминдерди которууда негизинен кыргызча эквиваленттерди издөө. Демек, кыргыз тилинин лексикасын жакшы билишибиз керек. Мында которуу көбүнчө архаикалык, көөнө, эстен чыккан сөздөрдү кайра жандандыруу менен коштолушу мүмкүн. Эгерде тилдин казынасы жетиштүү болсо, мисалы, арап, кытай тилдери сыяктуу (алар негизинен жаңы сөздөрдү өздөрүнүн ресурстарын колдонуп жаратышат, бирок, баары бир кээде түз алууга мажбур болушат) тил бай болсо, бул вариант эң жакшы. А бирок, биз бир аз жүдөп калабыз бекен… Деген менен, мында деле бир жол бар: сөздөрдү бириктирип жазуу аркылуу термин жаратуу. Мисалы, геноцид – тукумкурут дегендей.
  • Болот Жүсүп Биринчи ыкмада негизинен тилдин фонетикалык жагдайы эске алынса, ал эми экинчиде – лексикалык (тил казынасы) эске алынат.
  • Jyrgalbek Ajimat Кошулам, “тукум курут” деп эмес, “тукумкурут” сыяктуу бир сөз (атоо) жаратууга. Андан башка кичинекей маселе; мен дайыма эрежеге баш ийип, коюу, тиеин, көйнөк киейин деп жазып келем. Кээде кадимкидей ойлонуп калам, кайсынысы туура деп. Йоттошкон тамгаларды Й+а… кылып көп эле адамдар, гезитте. сайттарда жазып атышат. Мен да ошого өтөйүн десем, эреже турат. Ушул йоттошкондорду бир жаңсыл кылып алганыбызда зор бир иш болмок да. Же сүЙӨм, КаЙЫп, күЙҮдө дегендерге да биротоло жаңы йоттошкон арип ойлоп табалы, жарымын бир тамга , жарымын й+и (ү, ы) кылып жазбай… же биротоло я, ю, ё-ну жойолу.
    “Таяк” деген сөздө 4 тамга, 5 тыбыш бар дедиртпей…
  • олот Жүсүп Арслан Койчиевдин “Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)” романына шилтеме:http://bizdin.kg/ru/component/content/article/3-newsflash/69-2012-04-03-13-00-48

    bizdin.kg
    Арслан Койчиевдин Мисмилдирик тарыхый романын эми эркин жүктөп алсаңыздар болот (pdf)

  • Асыран Айдаралиев Мен дагы бириктирип жазганга кошулам, “Геноцид” – “Тукумкурут”, туура табылга болду..
  • Болот Жүсүп Жакшы пикир! Йттошкон тамгаларды да бир жаңысыл кылыш керек. Жазуу эрежесине тиешелеүү көп маселелер бар. Чечиш керек. Болбосо – чалкештик жаралып атат же жаралат
  • Болот Жүсүп “ЖАЗУУ ЭРЕЖЕСИ” бойунча жаңы тема ачылса, ошол жака жазалы бул тууралуу ой-пикирлерди.
  • Jyrgalbek Ajimat Кыргыздын байыркы эл экенин, бир муундан турган (кал, кол, ас, же, бил, көр ж.б.) сөздөрүнө бай экенинен билсе болот, улам кылым өткөн сайын, маалымат көбөйгөн сайын, 3,4 кээде 5 муундан турган сөздөр да жаралып кеткен. Атоолор (терминдер) баары бир мүмкүн болушунча бир же эки муун, 1 сөздөн турушуна мен кошулам. Бирок жазуу эрежелери боюнча өзүнчө тема ачылганы дурус деп ойлойм.
  • Jyrgalbek Ajimat  менден мурда Болот Жүсүп да жазыптыр ..
  • Jyrgalbek Ajimat Жазуу эрежелери боюнча админдер жаңы багыттама ачсындар
  • Асыран Айдаралиев Жарайт!. Эртең өзүнчө бутак ачып койобуз, эң туура, колдой турган сунуш!..
  • Jyrgalbek Ajimat Болду мен ушул мүнөттөн баштап, Й+А кылып жазамын. (Жазуу табиятымды зордогум келбей жатат, сиңбей жатат баары бир)
  • Jyrgalbek Ajimat Адашпасам, Бурйатчада “Е” тамгасы ЙЕни гана түшүндүрөт. Ал эми мерген сөзү МЭРГЭН деп жазылганын көрдүм элэ.
  • Jyrgalbek Ajimat Жыргалбей эмес Жыргалбай дегиле
  • Сейдалы Мырзакматов Аннексия – дегенди башкача вариант менен да атаса болгудай, атактуу жазуучу Т. Касымбековдун “Баскын” деген аталыштагы романы бар, баскын деген вариантты да карап көрсөк,
  • Улан Кошалиев “Кыргыздаштырабыз” деген сөзүбүз өзү туурабы я?
    Кыргыздаштырабыз дегенде – кыргыздыкы кылабыз дегендей маани берип калабы дейм?…
    сөздөрдү кыргыздыкы кылбай эле, кыргызча эле кылабыз да.
    “кыргызчалайбыз” деген туура окшойт. мага ушундай сезилип атат ….
  • Болот Жүсүп Улан, терминдерди “кыргыздаштыруу” дегенди мен мындай түшүнөм: башка тилдердеги терминдерди, дегеле сөздөрдү алууда дүйнөлүк тажрыйбада мен билгенден эки жолду иштетишет, бир жолу – адаптация кылуу, өзүнө ынгайлаштыруу (биз үчүн “кыргыздаштыруу” болот). Экинчи жолу – которуу. Которууда нукура өзүнүнүн тилинин ресурстары пайдаланылат. Мисалы, “поезд” деген сөздү “пойэз”, директор – деректир дей турган болсок, демек биз бул сөздөрдү “кыргыздаштырдык”. Ал эми “поездди” – “от араба” же “отараба”, “директорду” – “башчы” же “жетекчи” ж.б.у.с. сөздөрдү колдонуп, кыргыз тилинин ресурсун колдонсок, анда которгон болобуз. Эки ыкманын айырмасын байкаса болот.
  • Болот Жүсүп “Кыргызчалоо” деген да кулака жагымдуу угулуп атат. Анан дагы байкашымча бул сөз жогорудагы эки түшүнүктү тең өзүнө камтып тургансыйт. Дегеним, “пойэз” болобу же “отараба” болобу, экөө тең кыргызчаланды да, мындайча айтканда. Бирок, форумда “кыргыздаштыруу” деп Кыргыз өңүн баса белгилеп, ушул сөздү колдонгонубуз жакшы болот. Кызыгыраак болот))
  • Асыран Айдаралиев Биз эми эки жолу менен тең кете берсек болот го, ыңгайына жараша. Кыргыздаштырып анан кыргызчага которуп. Бул эми биздин аракетибизге анча деле тоскоолдук кылбаса керек деп ойлойм..
  • Болот Жүсүп Туура айтасыз! Албетте, эки ыкманы тең колдонобуз.
  • Асыран Айдаралиев Болот мырза, өткөндөгү талкууга алып которгон терминдерибизди Талдоо Кеңеши карап көрүп, өзүңүздөр жыйынтыктап, чечим чыгарып бербейсиздерби. Ал талкууга чекит койолу да жеңилирээк, күнүмдүк колдонууга талап кылынып жаткан терминдерден алып чыгып ишибизди уланта берсек, кандай дейсиздер?.
  • Болот Жүсүп Асыран аке, жогоруда ар бир сөздү өзүнчө талдайлы деп сунуш кылышты эле. Ошентиш керек болуп атат ар бирине жекече мамиле кылып. Биз бир жумада 1 терминди талкуулап, дал келген сөздү таап, ийгиликтүү которуп алсак деле чоң иш болмок чынында.
  • Асыран Айдаралиев А мейли, каршылык жок. Чала-була, чийки болуп калбашы керек да, ийлеп, ийине келтирип дегендей.. Ошо жогорудагы терминдерди бирден жыйынтыктап, айагына чыгалык анда. Колдойм..
  • Болот Жүсүп Менин сунушум: ар биз терминге жекече мамиле кылалы, анан болушунча илимий жолго салалы. Мисалы, ар ким өзү билген четтилдерде тигил же бул талкууга алынып аткан термин кантип которулду, кандай ыкмалар, принциптер колдонулду деген сыяктуу суроолорго жооп издеш керек. Өзгөчө алтай тилдеринде сүйлөгөн элдер кандай кылып атышат. Ошол бизге кызыктуу. Кытайлык кыргыздар менен тажрыйба алмашалй.
  • Асыран Айдаралиев “Геноцидге” – токтолсок, “Тукумкурутка” келип токтогондой болду го менимче, дээрлик көпчүлүк кабыл алгансып калды. Ушул термиге токтолуп, бүтүрүп бересиздер го алгачкысы катары..
  • Болот Жүсүп Мейли, “тукумкурут” деп азырынча кабыл алганга мен макулмун. Бирок, кийинчерээк эгерде мындан да чак келген сөз вариант табылса, кайра карайлы. Кандай дейсиз?
  • Асыран Айдаралиев Ошондой кылалы, жарайт! Биз эми Сиздерди, бешөөңүздөрдү ушул маанилүү маселелердин башында туруп, туура, так, чечкиндүү, далилдүү чечим чыгарып берет деген ишеним менен Сиздерге колдоо көргөзүп турабыз. Албетте, Кеңеш кандай сунуш айтып, чечим чыгарса биз жактырабыз…
    Биз дегеним талкууга, кыргыздаштырууга, кыргызчалоого катышкан “Көчмөндөрдүн” жамаатын айтам..
  • Куба Нурмамбетов Оо менин буга тишим өтпөйт экен, андан көрө колдоп коштоп турайын, акыры агада бир адам керекда :))))
  • Болот Жүсүп Аракет кылалы, мүмкүнчүлүкө жараша. А көргөзгөн ишенимиңиздерге чоң ыракмат!
  •  Kanat Murzakul Тукумкурутка караганда мага “Кыргын” деген жагып атат..
  • Болот Жүсүп Агай, анда “аннексияны” кайрадан талкууга салалы. жалгыз өзүн. Пикирлер көп болуп атат. Кандай дейсиздер?
  • Асыран Айдаралиев Кой эй Куба, тишим өтпөйт эмес, изденсек, аракет кылсак табылгалар деген толтура да, жапырт кошулуп аралашкыла, “көп түкүрсө көл болот” эмеспи..
  • Асыран Айдаралиев Анда мен биринчи Геноцидди алып чыгайын биринчи, өзүнчө бутак ачып, азыр эле..
  • Болот Жүсүп Эгер “аннекцияны” басып алуу же кошуп алуу десек, анда “оккупацияны” эмне деп которобуз деген сыяктуу суроолор калып атат. Башка нюанстар да көп. Ошонүчүн, кайра карасак дейм. Шашбай талкуулайбыз…
  • Асыран Айдаралиев Кайсы терминди алып чыгайын, өзүнчө? “Аннекцияныбы”..
  • Болот Жүсүп Мейли, анда биринчи “геноцидди” алып чыгалы…
  • Асыран Айдаралиев Жарайт! Мен азыр жаңы бутак ачып койойун да ошол жерден талкуулап баштайлы. Ал жерде бир гана Геноцид жөнүндө сөз болсун..
  • Куба Нурмамбетов 1. 1. Агрессия..
    1-ачуулануу, 2-каардануу.
    2. 2. Аннексия..
    1-допузалоо, 2-күчкө салуу.
    3. 3. Апартеид..
    1-жекирүү, 2-бөтөндөө.
    4. 4. Вотум доверия..
    1-ишеничте болуу, 2-кам санабоо.
    5. 5. Геополитика..
    1-сазсаясат.
    6. 6. Геноцид..
    1-кыйратуу, 2-жексендөө ( жер менен жексен кылуу ).
    7. 7. Светский..
    1-мунун “Төрөн” болгону эле туура окшойт.
  • Куба Нурмамбетов Татаалдаштырып салган жокмунбу Асыке :))))
  • Атыргүл Закирова “Аннексия-Баскын” деген вариантты айтпадыбы Сейдалы ага, Баскын-чылык эмес БАСКЫН бул маанисин да карап ойлонуштуралы..
  • Болот Жүсүп “Аннекцияны” “баскын” десек, анда “оккупацияны” эмне деп которобуз? Менимче “баскын” деген сөз оккупацияга туура келет го.
  • Атыргүл Закирова Мага койсо, аннексия-кошуп алуу дегени туура чынында…оккупация-курчоо, курчап алуу го дейм..
  • Асыран Айдаралиев Мындай кылбайлыбы Атыр, Боке, жогорудагы “Геноцидге” чекит койбойсуздарбы?. Улам бир сөздү чукулап отурбай бирден бүтүргөнүбүз оң болот го?.
  • Атыргүл Закирова :))) Хоп болот шеп, аннексия дегенди жазып калышкан экен акырында..кошула калдым да..))
  • Сейдалы Мырзакматов Бир сөздү гана бүтүрүп, анан башкасына өтөлү деген эң туура сунуш. Башка жолу жок, болбосо, кээ бирөөлөр башынан бери талкууланып, дээрлик бир пикирге жакындап калган сөздөрдү деле кайра башынан башташып, кайра эле керексиз, мааниси жок талкууга түртүп…Еще
  • Атыргүл Закирова Сейдалы ага, Жаныбек ага, Жыргал ага, Болот мырза Талдоо кеңештин мүчөлөрү, акыркы вариантыңыздарды айтып, бир жыйынтык чыгарсак Геноцид термини боюнча…Сайрагүл эже го интернетте пайда болбой жатат азыр..

    Асыран АЙДАРАЛИЕВ. 6.05.2013-жыл.
    «КЕЛГИЛЕ КЫРГЫЗДАШТЫРАБЫЗ?..»
    «ГЕНОЦИД» – деген терминди кыргыздаштырып, которууну айагына
    чыгаралы ДОСТОР! Сунуш, пикир кошумчаңыздарды аябаңыздар!..

    • Асыран Айдаралиев Бул термин бойунча айтылган сунуштардан “тукумкурут”, анан “кыргын” көбүрөөк айтылып, жактырылып калгандай болду. Ошентсе да акыркы чечим, бир жыйынтыка токтоло элекпиз..
    • Куба Нурмамбетов “Кыргын” деген сөз көбүрөөк жакындашатко дейм…
      Салмон Найманов Тукум курутуу же урууну жок кылуу
    • Venera Rast Менимче тукум курут деген жакыныраак. Геноцид деген башка улутту, элди, тукумду,клан, сабкланды кыруу дегенди билдирет деп тушунөм.
    • Kanat Murzakul Мага “Кыргын” деген көбүрөөк жагып атат..
    • Tabyldy Murat Uulu Эми, терең изилдеген, тил жаатта мыкты адамдар да үн катар… Менин жеке пикирим “тукум курут” дегенге жакын болуп атат…
    • Бакыт Шукуралиев Кыргын болбойт. Кызыл кыргын деп Манаста айтылган. Бул салгылашууну билгизет.
      Геноцидтин уңгусу – ГЕН. Ген деген бул ТЕК. Текти улаган бул тукум. Тукуму куруса теги жоголот. Андыктан “Тукумкурут” дегенибиз эле оң.
    • Inash Azim ooba tukumkurut
    • Бакыт Дыйканов Тукум курут – эң туура которулушу деп ойлойм
    • Асыран Айдаралиев Бакем туура айтат. Кызыл кыргын, сары сүргүн болуп, кырылышып чабышкан, салгылашуунун жыйынтыгы. Кыргындан кырылып. Тукумкурут – тукумун курут кылып, түп тамыры менен жок кылуу. Ушуга токтолобуз го сыйагы.. Гитлердин эврей улутун тукум курут кылып жибере жаздаганын да эске алып койолу..
    • Jyrgalbek Ajimat “Тукум курут”, тагыраагы “тукумкурут” сөзүнө көбү макул болуп турат. Демек, кабыл алынууга мезгили келди окшойт.
    • Болот Жүсүп Эми колдонулушу тууралуу бир-эки мисалдарды айта кетеличи анда. “Геноцид армян” дегенди “армяндардын тукумкурут болушу” дейбизби же “армян тукумкурутубу”? же “армян кыргыныбы”? Кандай болуп калат?
    • Jyrgalbek Ajimat туура, бир айтылганда арсар ойду, экиленүүнү пайда кылбагандай колдонуубуз зарыл.
    • Салмон Найманов Армиян тукумунун куруп кала жаздоосу
    • Kanat Murzakul Сөзмө-сөз которгондо туура дегилечи ”тукумкурут” деген котормо, ”кыргын” бир аз уккулуктуу да келет экен анан менимче ошол эле маанини билдирет ко дейм. Мисалы, ”Армяндардын кыргынга учурашы”..
    • Kanat Murzakul Байкап көрсөм көпчүлүккө ”тукумкурут” деген котормо жагыптыр, анда ушул котормодо токтололу кандай дейсиңер достор?
    • Салмон Найманов Кайда болсо аман бол эне-тилинден айнанайын Кыргызым!
    • Асыран Айдаралиев Кыргын, кырылганда кандайдыр бир жаратылыш кырсыгынан деле кыргынга учурашы мүмкүн да. Жер титирөөдө, сел ж. б. дегендей. Анда бүтүндөй бир улут же калк жок болуп кетпейт да.. Ошол аймактагылар гана кыргынга учурашы мүмкүн..
    • Болот Жүсүп “Тукумкурут” деп которуп, кийинки терминди талкууга алалы анда. А бирок, бул тема бойунча сунуштар болсо жаза беришсин улантып. Каршылык жок го.
    • Асыран Айдаралиев Ошондой кылабыз го Боке! Биз эми алгачкы котормобузду, Геноцидди, кыргыздаштыруубузду курамы “Көчмөндөрдүн” беш мүчөсүнөн түзүлгөн Талдоо Кеңешине тапшыралы. Кеңеш өздөрүнүн жыйынтыктоочу сөзүн айтып чечим кабыл алып бериңиздер, же балким башка бир сунуштарыңыздарды айтасыздар.
      Урматтуу Кеңеш курамы:
      Жаныбек ЖАНЫЗАК мырза,
      Сейдалы МЫРЗАКМАТОВ мырза,
      Сайрагүл МАТИКЕЕВА айым,
      Болот ЖҮСҮП мырза,
      Жыргалбек АЖЫМАТ мырза, кеп кезеги Сиздерде!..
    • Jumaly Karagulov Жыйынга кечигип келгеним үчүн кечирим сурайм. Тукумкурут деген сөз да кыргынга жакындашып кетет го. Геноцид деген бул Урукту үзүү болуп саналат. Геноцидке кабылгандардын урунгу эч качан кийинкиге уланбайт, таптакыр үзүлөт деген ойдомун.
    • Куба Нурмамбетов ГЕНОЦИД (гр. genos – уруу, тукум жана лат. caedere – өлтүрүү, сөзмөсөз – тукум курут) – өлтүрүү, денсоолугуна оор залал келтирүү, таптакыр жок кылуу максатында тукум улоосуна зомбулук менен тоскоолдук кылуу, балдарды мажбурлоо менен ажыратуу, жердеген жеринен күчкө салып көчүрүү жолу аркылуу улуттук, этностук, расалык же диний топторду толук же жарым-жартылай жок кылууга багытталган аргандай аракеттер. КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган тынчтыкта жашоого, коопсуздукка, адамзатка каршы жасалган кылмыш. Г. эларалык кылмыш деп да таанылган.
      “Тукумкурут” дегени туурараак окшойт…
    • Асыран Айдаралиев Туура Куке, “Тукумкурутка” жетиштүү эле далилдер айтылды, жана көпчүлүк колдоду деп билели. Эми Шаршенче эле кайра башынан кире бербей кийинки терминге өтөлүк. Атыр, “Анексияны” өзүнчө бутака алып чыгып койо бербейсиңби, ошол терминди жалпылап колдон келишинче ийлегенге өтөлү..
    • Kanat Murzakul Куба, эч шек калбай тургандай кылып сонун ачыктама бердиң, баракелде!
    • Куба Нурмамбетов Ооба Канатбай, чекит койуп койойун дедимда :))))
    • Атыргүл Закирова Сейдалы Мырзакматов Бир сөздү гана бүтүрүп, анан башкасына өтөлү деген эң туура сунуш. Башка жолу жок, болбосо, кээ бирөөлөр башынан бери талкууланып, дээрлик бир пикирге жакындап калган сөздөрдү деле кайра башынан башташып, кайра эле керексиз, мааниси жок талкууга түртүп жатышат. Менин вариантым: геоцид – тукум курут, же кыргын; кыйратуу, жексендөө – мааниси туура болгон менен, котормо эрежелерине туура келбейт, геноцид сөзүн биз орус тилинен кирген мааниси боюнча которуп жатпайбызбы, орусча сөз болбосо да, а орус тилинде бул сөз мужского рода, ошон үчүн, кыйратуу сыяктуу которуулар туура келбейт, ал түшүндүрмө сөздүктө (толкование) туура болот, Бул Сейдалы аганын жыйынтыктоочу пикири..
    • Атыргүл Закирова Ошондо ГЕНОЦИД бир добуштан “ТУКУМКУРУТ” деген мааниде кыргыз тилине киргизилди.
    • Асыран Айдаралиев ………………………………..
      ЖЫЙЫНТЫК:
      Сейдалы Мырзакматов. 
      ►Бир сөздү гана бүтүрүп, анан башкасына өтөлү деген эң туура сунуш. Менин вариантым: геоцид – “тукум курут”.◄
      ►Болот Жүсүп.
      “Тукумкурут” деп которуп, кийинки терминди талкууга алалы анда. А бирок, бул тема бойунча сунуштар болсо жаза беришсин улантып. Каршылык жок го.◄ 

      ►Jyrgalbek Ajimat. 
      “Тукум курут”, тагыраагы “тукумкурут” сөзүнө көбү макул болуп турат. Демек, кабыл алынууга мезгили келди окшойт.◄

      ►Атыргүл Закирова. Ошентип “ГЕНОЦИД” бир добуштан “ТУКУМКУРУТ” деген мааниде кыргыз сөздүгүнө киргизилди.◄

      Бул бойунча Жаныбек мырза менен Сайрагүл айым буйурса бүгүн эртең жыйынтыктоочу пикирлерин айтышаар..
    • Болот Жүсүп Жыйынтык чыгарганыбыз жакшы болду. Бирок, урматтуу котормочулар, “бүтүрөйлү”, “жабайлы” деп эле элдердин ой-пикирлерине чекит койгонубуз туура эмес деп эсептейм. Бул баракча эркин аянтчага айланганы жакшы. Каалаган учурда, ким болсо да, эгер илхам келип, идея чыга калса, жазчудай болсун. Бул биринчи сунушум.
    • Болот Жүсүп Экинчи сунушум: бир эле учурда бир канча сөздөрдү параллеллдүү которо бергенибиз максатка ылайык. Себеби, бир сөз экинчи сөзгө тоскоол болбойт да. Ошонүчүн которулуш керек болгон сөздөрдөн беш алтоону дароо эле өз-өзүнчө бутак кылып алып чыгалы. Кимде кайсы термин бойунча идея болсо, жаза берет, күтүп отрубайт.
    • Болот Жүсүп Себеби ФБда ачык талкуулаганыбыздын башкы максаты – көпчүлүктүн ой-пикирин билүү, анализдөө болуп атбайбы. Тыйбайлы. Жаза берисин, каалаган кезде.
    • Мен бираз “кыргын” дегенге ооп бараттым эле. Эки муун, толук маани.
      Бирок “тукумкурут” таамай айтылыптыр.
      Жанагы армян бойунча:
      “армян тукумкуруту” дей бериш керекпи деп калдым.
    • Kanat Murzakul Ойдон ой кетет эмеспи, эми ынандым. “Тукумуң кургур” деген сөз бар эмеспи баса
    • Асыран Айдаралиев Биз жаңы эле “Геноцид” деген терминди катуу талкууга алып, “Тукумкурут” дегенге бекер токтолбосок керек. Бул кыргыздын каргыш сөзү. “Тукумуң кургур”, “соолгур” дейт.. Демек түпкү мааниси өтө терең, маанилүү, накай кыргыча термин пайда болду десек жаңылышкан болбойбуз..
    • Kanat Murzakul Ырас Асыран байке, “Урук-тукуму менен жок болду
    • Kanat Murzakul деп да айтылат эмеспи мисалы..
    • Асыран Айдаралиев Канат, жаңылып басып алганда ошол эле жерден кайра оңдоп жазсаң болот. Бурчундагы “x” ти бассаң “редактировать” жанан “удалить” деген чыгат. Каалагандай оңдоп-түздөп кайра басып койосуң.. Жеңил болот дегеним..
    • Болот Жүсүп “Геноцидди” башка элдер кантип которушту экен деп кызыгып көрдүм. Бир монголист досубуздан муну билдим: “аймаглан устгах – аймагы менен кыруу дегендей, айыл аймагы менен күлүн көккө сапыруу болот мааниси…
      хүйс тэмтрэх. (хүйс – киндик деп которулат…) киндигин кыркуу дегендей… кыскасы ичер суусун түгөтүү экен да”. Кытайлар 种族灭绝 [zhongzu miejiue] – биринчи мууну: племя, семья; род; происхождение. экинчи мууну: истребить; полностью уничтожить; истребление. дегенди тушүндүрөт. А корейлер: 집단 학살 [чиптань хаксал] деп алышыптыр. Мында биринчи мууну “группа, группировка, клика; фракция; объединение,” . экинчи мууну: истребить; полностью уничтожить; истребление. дегенге барабар. Корейлер бул терминде колдонгон сөздөр кытай тилинен алынган. Бирок, мындан сырткары англисчеден да алышыптыр “чжэносаиды” деп.
    • Kanat Murzakul Күндүн табы башка уруп атат азыр Стамбулга жай кклип ошого карабастан оригиналдуу ойлор келип аткан кербези  Чөнтөк телефонумдун эсепкери кичине болуп улам “жөнөткөн” басылып кетип атат ..
    • Болот Жүсүп Муну эми мен лингвистикалык салыштырма катары көргөздүм. Буларга караганда биздин “тукумкурут” геноцидке кыйла жакын туйулуп атат. Менимче, туура котордук.
    • Асыран Айдаралиев Аа, ал жагы бар Канат, мен дагы мындан 4 саат мурун туура эмес басып алып, өчүрө албай койдум.. Баса, аны эми өчүрүп салышым керек азыр…
    • Kanat Murzakul Асыран агай, соткеден кирип атам “өңдө” деген көрүнбөй атат
    • Эрлан Жумагазиев Тукумкурут туура
    • Атыргүл Закирова хүйс тэмтрэх. (хүйс – киндик деп которулат…) киндигин кыркуу дегендей…кызык, киндик кыркылганда адам өз жашооcун баштайт эмеспи тескерисинче..
    • Асыран Айдаралиев Киндикти кыркканда адам баласы жарык дүйнөгө жаңы келип, чыныгы жашоосун уланта баштайт. Киндиги кыркылаары менен ымыркай энесинин жатынындагы алгачкы, түйүлдүк жашоосунан ажырайт..

2 thoughts on “Котормо. «Геноцид» – «Тукумкурут»

  1. Абдан кулкунучтуу экен. латын менен байыркы грек тилинен кирген терминдерди которобуз деп убара болбогула. ал акылсыздык. кыйын болсонор орус паразит создорун которуп алгыла. чилистендер.

  2. интернационализмдер деген тушунук бар, аларды которгондун деле кажети жок. кытай, монгол, корейлерди крабай эле койгула. биздин дуйнотаанымыбыз, ой жугуртуубуз, менталитет башка. чала молдолор!

Leave a Reply to алтынбек самсалиев Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *