Өксүү.

Мырзабек САМАТОВ. 1987-жылы алыскы Баткен областына караштуу Лейлек районундагы Даркум айылында төрөлгөн. Жеке өзү тууралуу  мактана турган же болбосо кызыгаарлык деле эч нерсе жок экенин эскертет. Атасы математика мугалими болгондуктан Мырзаны да өзү сыяктуу кесипти аркалап, ата жолун жолдоп, математик болсо деп тилечү экен. Бирок кичинесинен эле чоң атасы менен чоң энесинин колунда өсүп калгандыктан чал-кемпирге каалашынча эркелеп, алардын тарбиясын менен чоңойгонуна бир эсе сыймыктанып алат. Билим алып эл үчүн кызмат кылсам деп, ак эткенден так эте тилек кылып жүрүп, бирок көр тириликтин көйгөйүнөн чыга албай кең Орусияга келе берген. Учурда эл катары эле Москва шаарында курулуш жаатында  «евро»  жасалгасы менен алектенип иштеп жүрөт. Бош убактыларында, кээде чымындары козголо калган маалда минтип аз болсо да ыр саптарын тизмектеп, интернет баракчаларына үзбөй жарыялап турат.

«ӨЗҮМДҮН ӨМҮР БАЯНЫМ»

Тамашага ширеп айтаар сөзүмдү,
тез-тез ачып бакырайтып көзүмдү.
Ыдыратпай жыйнап кесиптештердей,
ырлар менен тааныштырам өзүмдү.

Метиркемди карасам мен чынында,
мин тогуз жүз сексен жети жылында.
Тирүүлүктүн сайып жерге желегин,
төрөлүпмүн жыйырманчы кылымда.

Колго кармап ыр чөйрөнүн суулугун,
камыр кылып келип жүрөт жууругум.
Мектептеги математик мугалим,
мен Саматов Мустапанын уулумун.

Чаңга бөлөп кийген кийим этегин,
чаңкап жүрүп күндөп-түндөп жетемин.
Лимузиниң  жүралбаган жолунда,
Лейлек болот менин кичи мекеним.

Кармаганга тилек айтчу балыкмын,
кээге түнт, кээ бирөөгө  жарыкмын.
Эжелерим эттүү  тамак берсе да,
эбин таппай семирбедим арыкмын.

Айтып минтип өздүк өмүр баяным,
аз болсо да келет ишке жарагым.
Караңгыда издесен да таппаган,
кара тору кичинекей баламын.

Жыйырма беш мына азыр курагым,
жубай издеп чыркыраган убагым.
Кайнатамдын көздөрүнү  кашайтып,
келип жүрөт кыздын колун сурагым.

Издеп-издеп ушул болуп күткөнүм,
илгим келди ала куржун жүктөрүн.
Сан жигиттей чонойдум да мен деле,
сакал болуп, мурут  болуп  түктөрүм.

МЕН КЫРГЫЗМЫН! 

Миң жылдарды басып өткөн жарыкта,
мен кыргызмын тамыры бар тарыхта.
Менин элим деп көкүрөк койгулап,
мактанбастан бергим келет калыс баа.

Эр Манастын урпагымын эзелки,
эрме чөлдүн кыйноосуна тең эрки.
Атам кыргыз, бабам кыргыз, мен дагы,
атасымын кыргыз уулдун келээрки.

Алдей айтып арча бешик термеген,
ак мөңгүлүү Ала-Тоону жердеген.
Айкөл мүнөз мен кыргыздын уулумун,
ажал келсе ар-намысын бербеген.

Жандуу күүлөп колго кармап комузун,
желпип ырдап күндүн жети, тогузун.
Кылымдарга өчпөс кылып калтырган,
карт тарыхта кыргыз баскан жол узун.

Казыгына күлүк атын байлаган,
конок келсе күйүп бышып жайлаган.
Куттуу үйдөн чыгарбаган куру кол,
касиеттүү кыргызымдан айланам.

Кыйналганга чайын берип кайнаган,
катылганга кылыч мизин кайраган.
Кудай эгер өмүр берсе дагы бир,
кыргыз болуп жаралмакмын кайрадан.

«ФАНТАЗИЯ»  

Соолутпай сезимимди сүрөп жүрөм,
сени эстеп күн эмес, түн өксүгөм.
Суу буруп мүрөгүнөн махабаттын,
сен үчүн цементке да гүл өстүрөм.

Ай өтсө да жүрөктө бар элесиң,
азыр сен башка жанга жар, энесин.
Чын даамын чыгаралбай жүргөн чагым,
чаташтырып ак сүйүү вареньесин.

Миң издеп бассам дагы канча кыя,
мен үчүн сендей кызга жарды Азия.
Бул мага чын болсо да күмөнү жок,
билемин сага чындап фантазия.

Айланып жүргөн сени боз уланмын,
ашыктык боз жоргосун токуганмын.
Күн кызын башка жанга бергичекти,
кампасы өрттөнсө не кошунамдын.

«КӨК ТЕҢИРГЕ КАЙРЫЛУУ» 

Көк теңир кудуреттүү  жаратканым,
кыргыздын көрдүң  бекен ал-акбалын?
Амалың  акыйкаттан болсо эгер,
аткарчы алсыз жүрөк талаптарын.
Туш кылчы кайрадан кайран элге,
тамга баскан тарыхтын барактарын.

Көктөгү  жылдызды не каратпадың?
көкүрөктү  кырк жеринен канатпагын.
Артка тартып алып койсоң  болбойт беле?
ажолор жеген арам тамактарын.
Тың  чыккан ата уулун алып барып,
түшүнбөйм темир торго каматканың.

Кургур күн кайда алып баратканың?
кыргызга кут жашоону таратпадың.
Ак кызмат ата-журтка кылуу үчүн,
алса не ар бир адам сабактарын.
Түбөлүк калтырбай кыргыз үчүн,
түптүү  элдин рухун неге карактадың?

Кайышып учпай алга канаттарым,
кайгылуу жазылууда жамактарым.
Аллахым азыр деле бере көрчү,
Арстанбек, Женижоктун санаттарын.
Тең  келбес кыргыз үчүн эр Манасты,
теңир не өлбөс кылып жаратпадың?

Кыйылып кылымдык дарактарың,
күүлөнбөй калды темир канаттарың.
Артыңды салбаганың  ырас болсо,
ары кыл ичке сыйбас адаттарың.
Тик туруп кызмат кылган бир кездерде.
тирилтчи Раззаковду жаратканым!

«КАЙНАТАМДЫН КЫЗЫНА» 

Эске түштүң  ээлеп алып эркимди,
эрке сулуу эпсиз ыйга теңсиңби?
Эрме чөлдүн эңсөөсүнө  кабылып,
эсим кетти эптей албай энчимди.

Оролосуң  ойлорумда онтотуп,
ооруларым айыктырчы токтотуп.
Ортосунда сүйүүдөгү  бульвардын,
олтурамын оомат күтүп жол тосуп.

Көкүрөгүм  кабылбасын арманга,
кумар көзүм келе койчу жардамга.
Кезиксем деп күйүт  менен күн санап,
күтүп сени олтурамын ар танда.

Аптыксам  да сени сүйүп ченебей,
азгырасың  ашыктыгым кенебей.
Аян күтөм кудайымдан ар күнү,
арзууң  болсо айтчы мага кенедей?

Жүрчү  элем төштү  кагып мардайып,
жаным сыздап жабыркадым ал тайып.
Жете албай кайнатамдын кызына,
жүрөгүм  да бараткансыйт картайып.

«БИЗ КИМБИЗ?» 

Жаш болсом да көптү угуп көз көргөн,
токтоо тартып мүнөзүм да өзгөргөн.
Чаң чыгара чала угуп сүйлөгөн,
чарчап турам ушак айың сөздөрдөн!

Жамандасак чырактарга май тамгаң,
жан дүйнөбүз жарды сөзгө чайканган.
Туура сүйлөп, туура багыт бербестен,
төрөлдүкпү биз эмне жин, шайтандан?!

Койгун укса капа болот дебейбиз,
кубат болчу жылуу сөзгө кедейбиз.
Өзгө  жандын сый-урматын тебелеп,
өзүбүздү  ай жылдызга теңейбиз!!

Турмушта не оң багытка такшалбай,
тайраңдайбыз айткан сөздү аткарбай.
Тирүүлүктү түшүнсөк биз эгерде,
таза өтмөк жүрөктө  да так калбай.

Өзүбүздү ай жылдызга теңебей,
өчөшкөнсүп кайын сиңди, жеңедей.
Өтсөк эмне өзөгү жок өмүрдөн,
өтүмдүү иш жасап бир аз, кенедей.

Каршы турган батыш менен чыгыштай,
кыйты сүйлөп, көсөп койбой, кычышпай.
Келечекке бирге салып көпүрө,
күлүп өтсөк кызаңдабай, кызышпай!

«ӨКСҮҮ» 

Сен көпөлөк кайкып учкан көктөгү,
санаа тартып а мен болсо жердемин.
Кудай ыйман бере көр деп ый менен,
кыраатыны келтиремин келменин.

Турсам дагы жеңилдигиң түшүнүп,
таразанын ташын неге теңдедим?
Боздогонун калтырсам деп бирөөнүн,
боор ооруп жүргөн байкуш пендемин.

Миң зар какшап кайталадым а бирок,
мен эңсеген мамилени бербедиң.
Көөдөнүңдүн тазалыгы болбосо,
кереги бар сенден мага эмненин?

Буулукканда бура басып колдонгон,
болдум сенин буюм өңдүү эрмегиң.
Өксүп ыйлап өзөгүмө жеткенде,
өз бешигим өзүм араң термедим.

Тарпын тытып кеткен өңдүү кузгундар,
текке кетти түйшүк тарткан эмгегим.
Ызаланып тилдеп ичтен өзүмдү,
ырас болот бул да сага кем дедим!

Мырзабек САМАТОВ, Москва шаары.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *