Apr 27

“Ашан”

ӨМҮР ДАЙРА, А БИЗ АНДА БАЛЫКПЫЗ…

Андыктан өмүр дайрасында балыктай сүзүп жүрүп, ушул жашка чыккычакты ар кайсыл иштин башын бир кармап атып, кечээ жакында эле апрелдин орто ченинде “АШАН” гипер маркетинин “Балык жана деңиз азык-түлүгү” бөлүмүнө сатуучу-кеңешчи болуп орноштум. “АШАН”дын тарыхына учкай токтолсом, 1961-жылы 6-июлда Жерар Мюлье деген ишкер өзүнүн 30дай кызматкерлери менен Франциянын түндүк тарабындагы Рубэ шаарында ачып, бийик дөңсөөдө жайгашкандыгынан улам дүкөнгө “АШАН” деген ат ыйгарган. (Французча бийик дөңсөө “О Шан” деп аталат). Башка маркеттерге салыштырмалуу “АШАН”дын буюмдары болуп көрбөгөндөй арзан жана сапаттуу. Ушундан улам тез арада эле “АШАН”дын ташы өргө кулап, кулачын жер шарынын ар кайсыл шаарларына жаят. Ал эми Орусияга 2002-жылы ачылат. Учурда Орусияда “АШАН”дын 35 гипермаркети иштеп атыр. Бул тууралуу “АШАН”га орношкон алгачкы күндөрү үч күндүк окуу-тренингде окутуучулар маалымдашты. Жакшы жери, окуган күндөрүбүз да иш сааты катары эсептелип, маяна эсебине жазылат. Бу да болсо француздардын иш билгилик ыкмасы экенине баа бербей кое албайсың. А болбосо көптөгөн орус мекемесинде алгачкы үч күндү бекер иштеп, эшек сымал сүтү арам, күчү адал немеге айланарың аштан бышык го. Айта кетүүчү дагы бир нерсе, “АШАН”да иш графигиңди менеджерлер менен кеңешип-таңашып тактасаң болот. Биздин бөлүмдүн кызматкерлери 2 сменада тактап айтканда, 1- смена таңкы 6:30дан тартып, 15:30га дейре, ал эми 2-смена күндүзгү 14:00дөн тартып, 22:30га дейре иштешет экен. Өз каалоом менен 2-сменаны тандадым. Себеби, мен үчүн таңда уйкудан ойгонуш тозокко тете. Анүстүнө, көпчүлүк менен чогуу турган Орусиядагы батирде түн ичи эртерээк укташ да азап. Бири балчылдата сагыз чайнап, бири дүңкө-даңк музыка тыңдап, бири телевизордон Голливуддун курч окуялуу тасмасын тиктеп, бири шалпылдата тамак жеп, бири уюлдук телефондо ким бирөө менен үнүн бек чыгара бакылдап аткан жагдайда, түн бир оокумга дейре уктай албай, башыңды жаздыкка катып, төшөгүңдө суудан кумга ыргытылган балыктай чабалактамагың турулуу иш. Эптеп көзүң илинип кеткен чакта, сааттын ачуу чаңылдагы түшүңөн чоочутат. Ойгонсоң саат жебеси 05:00дү көрсөтүп, таң сөгүлүп келаткан болот. Уйкулуу көзүңдү ушалап, шишип-көөп жумушка жөнөйсүң. Эки-үч сааттык уйкуда толук эс албай, өзүңө келалбай чарчап-арыган денеңди сүйрөп, таңдан-кечке иштеш да оңой эмес. Эми болсо жыргап эле калбадымбы, 2-сменада иштеп. Айына 21 күн гана иштейм. Маянам деле Кудайга даттанбагыдай.

Баарынан да балдарымын апасына жыргал болду. Жапон ресторанындагы ашпозчулук жумушуман бошоп, дээрлик 2.5 айдай колоктоп бош жүрүп, жаңыдан жумушка орношконума, кадыресе ичи жылыгандай. Өткөндө маяна алган экен. “Садовод” базарына барып, бир сыйра жазгы кийимдерди сатып берди, мага. Үйлөнгөнүмө 10 жыл толот, быйыл. Ошондон бери биринчи жолу аялым кийим сатып бериши. Биресе, жагымдуу эле болот экен. Ыраматылык апам эсиме түштү. Балапан кезимде апам ээрчитип барып, кийим-кече сатып берген күндөр. Дал ошого окшоп, аялым да мага кийимдерди сатып берип, денеме жарашкан кийимдерди көрүп, кадимкидей кубанып, кадимкидей мээрим төгүп турду, кадимки апама түспөлдөшүп. Жаш өйдөлөгөн сайын аялың деле аялдай эмес, апаңдай болуп калат тура. Базардан кайтып, түз эле үйгө келбей, жолдон “БУМ” деген супер-маркеттин 2-кабатына көтөрүлүп, коомдук тамактануучу жайлардын биринен бир кружкадан сыра ичип, ачуу даамданган тооктун канатын жеп, аркы-теркини сүйлөшүп олтурдук. Кайран аялым! Учарыма канатым го. Акылынан айланайын. Менин адам болушумду гана каалаган, ысык-суугумду тең бөлүшкөн, эч убакта сатпаган, жашоодогу эң кымбат, кыйышпас жароокер өмүр шеригим го. Мындан ары эч убакта көңүлүнө көлөкө түшүрбөөгө сөз бердим, ичимен. Муңайыңкы тагдырымда бир апаман жана да бир аялыман башка ыйыктыгын жүрөгүмө мөөрдөй баскан бир да бир аялзаты жок экенине көзүм жетти.

“АШАН”дын башка бөлүмдөрү кандай экенин билбейм, мен иштеген “Балык жана деңиз азык-түлүгү” бөлүмүндө иштөө өтө кызыктуу. Шумдугуң кургур, балыктын түрүнөн баш адашат. Өмүрү атын укпаган түркүн түстөгү балыктарды кармалап көрүп, кардарларга таразага тартып, баасын бычып, билбегендерге кеңеш берип атып, иш саатыңын кантип аяктаганын сезбей каласың. Анан да бу орустарың балык дегенде эт-бетинен кеткен улут окшобойбу. Маяналарынын басымдуу бөлүгүн балык сатып алууга жумшашса керек. Баарынан да “Дорада” деген балыкка болгон талап жогору экен. Сөөк-сааксыз, кылкансыз ушуреки балыкты унга булап эле, майга куура берсең жарашат. Асыресе, коон тилиминдей бир кесими эле 1200 рублдан жогорку бааны чапчыган норвегиялык “Треска” деген балыктын жалаң сулп эттүү стейкин (коон тилиминдей кесими) көрүп, таңгалганым, ай! “Тресканын” 5 стейкин бир сатып алгандар да бар. Мындайча айтканда 5 стейктин баасы 6000 рубль. Кыргыз валютасына которгондо 9000 сом. Кыкеңдер бул суммага балык эмес, куйруктуу кой сатып алат эмеспи.

Балык сатып алууга турган, уп-узун, жыландай чубалжыган кезекти тиктеп, кээде балык туурасында айтылган накылдар, ырым-жырымдар, окуялар ойго келет. “Балык жесең түшүң оңолот”, “Балык жеген бала акылдуу болот”, “Балык түшүңө кирсе, байлыгың арбыйт”. Балык – тазалыктын символу. Окус наристелер эрте жашында чарчап калса, аларды каза болду дебестен балык болуп сүзүп кетти деген да сөз бар. Анткени, али кыянаттык кылуу, уурулук жасоо, ушак айтуу не экенин билбеген наристелер таза, күнөөсүз немелер го. Ушинтип, эрте жашында ичер суусу түгөнүп, балык болуп сүзүп кеткен наристелер Кудайдын мээрими түшүп, түз эле бейиш багын аралашы айдан ачыктыр. Бирок да “Балык башынан сасыйт” деген сөз анчейин жага бербейт. Башынан сасыйбы, башка жагынан сасыйбы, өлгөн соң кай жандык болбосун, баары бир сасыйт эмеспи. Менимче, ушул сөз, орой айтылгандай туюла берет.

Бала кезден эле негедир, балык этин аябай жакшы көрөм. Мындан алты жыл илгери, Екатеринбургда, беш жылдыздуу мейманканада тазалык сектору болуп иштеп жүргөнүмдө ар шаршембиде түшкү тамакка балык этин берер эле. А мага болсо кара басып, ошол күнү дем алыш эле. Анан шаршембиде иштеген Кара-Суулук Хусейин деген шеригим менен кеңешип, графигимди алмаштырып, шаршембиде иштегенге өткөм. Анткени, шеригим балык этин жек көргөндүктөн, (айтымына караганда Санкт-Петербургда балык складында иштеп жүрүп, балыктан көңүлү үч көчкөн журттай калган имиш) шаршембиде ишке келгени менен балык этинен даярдалган тамактарды жей албай, азаптанып, ачка да калчу экен. Ошентип, менин балык этин жакшы көргөнүм, биресе, ага да оңдой берди болду бейм.

Балык тууралуу дагы бир окуя. Окуучу кезим. Бир ирет шаардан айылга барып калдым, эс алганы. Үч айлык эс алуу күндөрүмүн биринде Абдипатта деген аяш атам түн ичинде мени балык уулаганы дарыяга ээрчитип алды. Айдын жарыгында шоокуму күнчөлүк жерге угулган, күрпүлдөп аккан дарыянын агымына каршы төмөн жактан аяш атам тор салып, а мен болсо жогортон төмөн карай балыктын баарын үркүтүп, айгай сала агып, анан үрккөн балыктар топ-тобу менен аяш атамын торуна түшүп, Үркөр жылдызы көк бетинен өчкөнчө эки каптай балык кармаганбыз. Аяш атамын ченеши боюнча, бир жарым карыштан кичинелерин кайра сууга ыргытып, жалаң чоң балыктарды бир капка толтуруп, үйгө кайтканбыз. Үйгө жеткенде аяш атам “Уулум, мен бул балыктарды балык уулагандын кумары үчүн гана кармадым. Жегенден деле тажагандай болгом. Кийин-соңу “Аяш атам менен бирге балык уулаганы бардым эле” деп эстей жүргөнүңө жакшы. Ошого атайын сени ээрчитип албадымбы, Акылтайым” деп башыман сылап, өзүнө он чакты балыкты алып, калганын мага карматты. Ыракматымды кайра-кайра айтып, аяш атам менен жылуу коштошуп, корообуздун босогосун аттадым. Үйдөгүлөр менен ошол балыктарды бир апта кууруп да, шорпо жасап да, ичип-жегенибиз, азырга чейин эстен кетпейт.

Ал убакта бойдок элем. Аксылык акын агам Нурлан Калыбековдун жетегинде кыргыздын көз мончогу Сары-Челекке барганымчы! “Улуу көк менен бүткөндөй, улуу көк жерге түшкөндөй” деп кайран Нукем ырга салгандай чынында эле Сары-Челек көлүнүн көркү көз кубантарлык. Балыктары суу бетин бербей калкып жүрүшкөнүн көрүп, толкундабай тура албайсың. Кайырмак салып, кайыкка түшкөн чак. Кандай гана керемет! Токойчулар менен бирге чатырча тигип, дээрлик бир жумадай жаткам, көл жээгинде. Күнүгө балык жеп, оңуп эле калгам. Ал тургай токойчунун бир агала ую бир казан балыкты жеп атканына да күбө болгом. Кийин ушул тууралуу шаардагы досторума айтсам “Койсоңчу, ай, уй дагы балык жейт бекен, калп айтпачы!? Балким, уй эмей эле ак аю жеген болбосун” деп ишенишпей керкакшык узатышат. Мага эмне, ишенсе-ишенбесе өз эрки да, алардын, көзүм көргөн чындыкты гана айттым да.

Кайра-кайра гастролго чыгып, айлап-жумалап, үй бетин көрбөй, концерт коюп, жер кезген артисттердин жашоосун дөңгөлөк үстүндөгү өмүр деп коебуз го. Анын сыңарындай менин жашоом деле артисттердикинен ныпым айырмасыздай. Кыргызстанда экенимде журналисттик кесипти аркалап, иш сапарым менен жети дубанды эң кеминде жети-сегиз ирет түрө кыдырдым шекилдүү. Өмүрү айылынан алыс узабаган кайсыл бир аксакал айткандай “Саарда күн биздин айылдын башынан чыгып, кечинде кайрадан биздин айылдын этегинен батат” дегенчелик тейде караңгы бойдон калбастан, эл-жер кыдырып, жолдо жүрүп, жолдо эс алганга не жетсин. Буюккан чериң жазылып, муң-кайгың кайдадыр житет. Антсе дагы, көңүлүмө Бишкектен чыгып, жеңил машине менен түштүктү карай кеткен жолдогу “Чычкан” капчыгайында өргүгөн көбүрөөк ыначу. Анткени, аты аталган капчыгайда мөңкүп аккан тоо суусунда агымга каршы сүзгөн балыктарды кууруп сатчу. Андагы балыктын даамы ай! Вах-вах, эй! Сонундугун сөз менен сүрөттөп бере албасмын. Ошондонбу, ар бир ирет түштүктү көздөй сапарга аттанарда энем эркек төрөгөндөй, жоголгон буюмум табылгандай кубанар элем, ачыгында.

Мурдакы жылы Москвада “Айкөл Манастын” айкели тургузулуп, ачылыш аземине күнөстүү Кыргызстандан ат арытып, жол карытып, ажобуз Алмаз Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы келгени көпчүлүккө маалым. Ошол топтун катарында манасчы агам Рыспай Исаков да келип, канчалаган кыргыз кандаштарынын канын дүргүтүп, жүрөгүнө жылуу сезим тартуулап, өтө берилүү менен манас айтты. Аземдин эртеси күнү Рыспай агама кезигип, Кыргыз Элчилигинин имаратында жайгашкан мейманканада сүйлөшүп олтурдук. Анан Ракем “Акылбек, Москвага келип куру кол кетпейин, үйдөкүлөргө белек-бечек алайын” дегенинен дүкөн да кыдырдык. Ар түркүн белек-бечектер менен кошо ЭлТРдин директору Шайырбек Абдырахман уулуна атап бир банка “Сельд” балыгын сатып алды. Көрсө, “Сельд” балыгын аябай жакшы көргөн Шакем “Ээ, Рыспай, Москвага баратасың, кайтарыңда сөзсүз балык ала келчи” деп атайын дайындаган экен. Ошондо алыскы Москвадан балык алдырып жегиси келген Шакеме жана да досунун бир ооз сөзүн кыялбай атайын балык сатып алган Ракемин убадага бек турган чыныгы жигиттик ариетине суктангам, ак пейилден.

Баарынан да аквариумдагы кызыл-тазыл, балатынын кооз оюнчуктарына окшогон майда балыктарга көз тигилткенди жаныман артык көрөм. Айрыкча, аккардеон коштогон Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Жолдошбек Мамажановдордун музыкасын тыңдаганча, аквариумду тиктеп отурсаң, оюң оболойт. Асыресе, адам болуп жаралганыңа астейдил кубанасың, ушунакай укмуш жарыкчылыкта узак-узак жашагың келет. Балык болуп сүзгүң келет, өмүр дайрада. Тилегеним, өмүр дайрабыз соолбосун. Толкуп-ташыган калыбынан жазбай ага берсе. Айда-десеңчи, Пушкиндин “Алтын балыгы”! Ушул каалоому орундата көрсөңчү. Болгону бир гана каалоом бар. Өмүр дайрабыз эч-эч убак соолбосунчу…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары, м. Крылатское. 23.04.13.

Apr 20

Кыргыз «борум».

*****************************************************************************************************************

САГЫНЫЧТЫ ЖАЗДЫҢ СЕН, САН-МАРИНО..

Бүтүндөй аймагын тегерете Италия өлкөсү курчап турган дүйнөдөгү эң кооз жана тепкедей чакан өлкөгө чогулуптурбуз. Калкынын саны болгону 32 миңдин тегереги дешти. Тээ атам замандан бери эле эгемен өлкө болуп эсептелип алышыптыр. Эң кызыгы элин башкарууга эки гана капитан-регент шайланып, болгону алты ай иштеп, анан башкаларга өткөрүп берип турушат экен. 60 депутатын ар беш жыл сайын алмаштырышат. Бир эле Монте-Титано тоосунун (деңиз деңгээлинен 738 метр жогору турат) чокусуна чейин мизилдете жол салып, кереметтүү, кооз шаар куруп алган байгер эл тура.

Сан-Марино. Монте-Титано тоосунун туу чокусундагы бүт аймакты көрсөтө турган аянтча. Сүрөттө солдон оңго: Венера Жуматаева, Айнагүл Мамырбаева, Рыскүл Тогомбаева жана журналистер Пит Баумгартнер, Асыран Айдаралиев Кайрат Биримкулов.

Салык төлөм дегенди билишпейт. Баалары Италияга салыштырмалуу кыйла арзан. Тилдери италиялыктардыкы, бирок эч кимдин көзүн карап, башкаларга таптакыр баш ийишпейт. Так ушундай жомок сыяктуу өлкөнүн суусун ичип, туз-даамын татып, бапырап чогулуп, туптуура үч күн жашадык, ар өлкөдөн агылып, 2-кыргыз форумга келген кыргыздар.

2 – Кыргыз форумдун салтанаттуу ачылышы.

Чогулуштун башкы максаты бүтүндөй дүйнөдөгү кыргыздардын башын бириктирүү, кыйналып кысталгандарга жакындан жардам көрсөтүү, ар өлкөлөрдөгү диаспоралардын алака байланыштарын күчөтүүнү көздөшүптүр. Башталып-башталбай жатканда эле ар кандай сынга кабылган кыргыздардын жыйналышына катышкан адам катары өзүмдүн жеке ой-пикиримди ортого жая салып, айтып-деп кетпесем болбос. Түрдүү кыйынчылыктарга карабай жыйналыш өтө турган жайды абдан жакшы жерден тандашыптыр. Ошол жердеги эң негизги жүктү, уюштуруу маселелерин аркалаган жаш жигит Жанатбек Шаршеев баш болгон уюштуруучуларынын тызылдап чуркап жүрүшкөнү астейдил ичибизди жылытты. Ал азаматтарга өзүмдүн жана үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем! Албетте, оош-кыйыштары, кеткен кемчиликтери да болбой койгон жок, ансыз кайдан? Иш аракет жасалган жерде гана кемчилик болот эмеспи..

Рим шаарындагы “Fiumicino” аэропорту. 7-апрель, 2013-жыл.

Кыргыз форумга кандайча барып калдык? Жеке өзүм эки-үч ай бою «кекиртекти кысып», үй-бүлөлүк каражатты  үнөмдүү жолго салып жатып, тыйын-тыпыр чогултуп, аталган кыргыз жыйналышка атайын эле алтындай убактымды коротуп үч максат менен бардым. А бирок туптуура эле кылыптырмын..

Биринчиси,
кыргыз боордошторум менен жолугуп, сагыныч-букту жазып, жүз көрүшүп баарлашып, бир бажакташып келели дедим. Үч жылдан ашты, кыргыздар менен бир жерге чогулуп, кең-кесир баарлашпаганыбызга, көп кыргыз көрбөгөнүбүзгө. Европа айдыңындагы өлкөлөрдүн ар биринде жок эле дегенинде жүз ашык кыргыз бар экен, азырынча «апендицитке» айланып, оолагыраак, кыргыз барбай четте турган өлкө жалгыз эле ушул Финляндия экен. Тааңгөрү, өзүңдүн эле эл-журтуңа, тоолук кыргызыңа не жетсин, аз күн болсо да сагыныч-чер жазыла түштү, кулач жая кучакташып-жытташып атып кадимкидей кыргыз жыттанып эле калдык, буркурап..

Экинчиси,
«Кыргыз Форумга» катышып, байкоочу катары барып, баам салып, колумдан келе турган иштери болсо кол кабыш кылсакпы деген дагы ой болду. Кандай болгон күндө да чет эл, чет жер деген ченебей эле четтик кылат эмеспи, ар кандай жардамга муктаж боордошторубуз андан бетер көп демекчи.

А үчүнчүдөн болсо жөн гана италиялык улуу сүрөткер, бедизчи жана архитектор Леонардо да Винчи төрөлгөн өлкөнү көрүп, анча-мынча саякаттап, «күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет» дегендей дүрбөп, Италия менен «ооруп», обу жок ээлигип алганыбыз да чын. Жыйынтыгында Рим, Неаполь, Касерта, Болонья, Римини, Сан-Марино жана Милан шаарларынын мерчемдүү көчө-жайларын аралай басып көрүп, көңүлүбүз ой-даа көтөрүлүп кайттык. Ал саякатыбыз тууралуу «Италия кайрыктары» аттуу жол дептерим менен кийинчерээк тааныштырам, чыдай туруңуздар?

Мен эле эмес форумга келгендердин баары эле кандайдыр бир иштиктүү, жакшы ой-максат менен келишкен мекенчилдердин тобу болуптур. Ушундай мекенчилдикти бир гана нерсе тузун кемитип, азгантай супсак кылып, анча-мынча көңүлдү чөгөрүп койгону болбосо калганы жакшы. Ал жөнүндө аягында айта кетээрмин. Форумга катышуучулар өз Ата-Мекенибизден, АКШ, Оруссия, Түркия, Эмират, Германия, Чехия, Швеция, ал гана эмес алыскы күн чыгыш өлкөсү аталган Япониядан да эки кызыбыз келиптир. Албетте, анан Италия.

Сан-Марино шаарындагы дүйнөлүк 2-Кыргыз Форумга келишкен делегаттар. 

Ошентип 11-апрель күнү каш карайып калган маалда Сан-Марино шаарындагы заңгыраган мейманканадан жай алып жатып калдык. Чектеш жайгашкан Италиянын Римини деген шаарынан Улук деген жигит менен Назгүл аттуу татынакай карындашыбыз жылуу жумшак тосуп алышты. Жүргөнү билинбей зыпылдап учкан кычыраган таптаза «тез жүрүүчү поезд» менен келсек деле эсибиз ооп калган экен, орун алаарыбыз менен «оңкодон» түшүп уйкуга кетиптирбиз.

“Замандаш” Ассоцациясынан келген өкүл Азамат Айтбаев менен.

“Вечерний Бишкектин” кабарчысы, кесиптеш иним Азамат менен.

Эртеси таң атпай туруп, жазанып-түзөнүп алып кыргыз жыйынга катышып отуруп калдык, койкойуп. Кыргыз жергесинен келген аттуу-баштуулардан «Шоро» компаниясынын анабашы Табылды Эгембердиев, КР Германиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, КТРК кызматкерлери Элмира Тезекбаева менен оператор Алмазбек Абдраимов, «Вечерний Бишкектеги» кесиптеш иним Азамат Касыбеков, «Замандаш» ассоцациясынан дагы бир Азамат Айтбаев деген иним келиптир. Азамат жөн келбей «Замандаш» журналынын жаңы жылдык санынан бирди атайын көтөрө келип, расмий колумду кысып тапшырганы мага абдан жагымдуу болду деп койсом болот. Анткени ал журнал өткөн жыл жыйынтыгында мени «Замандаштын» «Жылдын мыктылары» аттуу сыйлыгынын «Ала-Тоолук Азамат» деген аталыштагы «Алыстагы сыймыктануучу инсаны» номинациясынын жеңүүчүсү деп таап, атайын статуэтка менен диплом ыйгарышкан. Ошондогу сый-урматтан азырынча ушул журнал гана колума тийип, кудуңдап, жетиналбай жаткандагым да. Андан тышкары алыстан келген Табыкенин Шоросу менен Танынан да ооз тийип, даамын чала-була татып калдык.

Жыйын жалпылап айтканда жакшы өттү. Көйгөйлүү көптөгөн маселелер айтылды. Ал тууралуу «Азаттык» үналгысынын Прагадагы жетекчиси Венера Сагындык кызы чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүнүн урунттуу учурларын сыясын кургатпай туруп жарыялап жатты. Анын баарын кайталап отуруунун кажети жок деп ойлойм, ошондуктан каалоочулар ушул шилтеме менен барып кененирээк таанышып алсаңыздар болот..
http://www.azattyk.org/contentlive/kyrgyz_diasporas_forum_san_marino_apr_2013/24955800.html

“Азаттык” радиосунун Прага бөлүмүнүн жетекчиси Венера Жуматаева иш үстүндө.

Чет жерде жашаган боордошторубуз кадам сайын кабылып турган кандай гана көптөгөн көйгөйлөрү бар экенин укканда кейип деле кетет экенсиң. Ушулардын баары айтылды. Айтып-деп койуш албетте оңой, а иш жүзүндө кандай, иш жүзүнө ашабы деги, мына маселенин мааниси ушул жакта калды, көмүскөдө көрүнбөй. Өткөн жылдагы Форум жыйынынын кабыл алган маселелеринин бири да аткарылбаптыр, тилеке каршы. Ар өлкөнүн ар башкача мыйзамы, талабы бар экени талашсыз, бирок анча-мынча маселерди четинен чечип бере турган элчилик, консулдук бөлүмдөрдүн жоктугу абдан чатак болуп турат. Ошол Форумду уюштурган италиялыктардын өзүндө эле чачтан көп маселелер бар экени кайра-кайра айтылып жатты. Андан да ал өлкөдө жашаган кыргыздардын саны оголе көп дешти, тагыраак айткан адам болгон жок, бери дегенде эле төрт-беш миң чамалап барат го сыягы. Тээ түштүгүндөгү Касерта деген чакан шаарчасында эле 200 ашык кыргыз бар экенине ишенип, айрымдарына жолугуп, баарлашып да калдым. Пицага чакырышат экен түз эле кимиси болбосун, биздин таптамага окшогон табактай камыр нанды италиялыктар өтө сыйлуу тамак дешет тура көрсө.

КР Германиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев.

«Италиядагы кыргыздарды коңшулаш жайгашкан Швецариядагы элчилик көзөмөлдөшү керек эле, мен аны ачык эле айтып койойун, каражатынын чектелүү болгонуна байланыштуу ал элчибиз келалбай калды» деди Болот Отунбаев. Анан чөнтөгүндө өзүнө жеткидей ашыкча акчасы жок жүргөн элчи канткенде кыргыздарга жардам берип, канча кыргызды канатына калкаламак эле? Ооба, көптөгөн көйгөйлөрдүн чечилиши ошол эле каражатка барып такалып, көз каранды болуп, айтылганы менен аткарылбай калып жатканы баарыбызга эле түшүнүктүү болду. Ошондой болсо дагы Болот мырзанын «бул жактагыларга түздөн-түз тиешем болбогон менен азыркы айтылып жаткан маселелердин чечилишине жардам кылууга, расмий бийлик өкүлү катары Кыргыз бийлигине кабардар кылып, жеткирүүгө колумдан келишинче аракет кылам» дегенине ыраазы болуп олтурдук.

“Шоронун” кожойуну, айтылуу ишкер Таабалды Эгембердиев менен.

Жарма жасоонун жаңы ыкмасы менен ишкерликти баштап, карандай таман акы, маңдай тери менен байыган карапайым «бизнесмен» Табылды байке Эгембердиев кыргыздардын Европага, анан калса ушундай жерди таап алып чогулуп жатканына таң калганын жашырган жок. Ыраазы болуп отурду. Себеби дейт «башкы шорочу», тээ 20 жыл илгери кыргыздар бүткүл дүйнөлүк кыргыздарды кыргыз жергесине чогултуп, кыргыздардын курултайын өткөргөн, ошондо чет өлкөдөн болгону 2-3 эле кыргыз келген, башка жактарда саналуу эле кыргыз жашачу, азыр кыргыз барып жашабаган өлкө калбаптыр, ал гана эмес эми минтип өз киндиктерин өздөрү кесип, чогулуп алып маселе чече баштагандары мага аябай жакты» деп агынан жарылып берди. Ал эмес ал кишинин жубайы да чечүүчү маселелерге чечкиндүү катышып, так, даана ой-пикирлерин ортого сала тажабай  айтып, аралашып, өзүнүн боордошторуна чындап күйгөнүн ачык көргөзүп жатканына күбө болдук. Табыке байке биз жашаган финдердин өлкөсүнө да кызыгуусу күч экенин, жактырып  жатканын да жашырбай айтып алды. Буйурса жай айларында сөзсүз келип кетээрин, келээри менен экөөбүз ээрчишип алып кыялга бата деңиз жээктей кыдырып, балык ууламайды да унуткан жокпуз.

«Кыргыз Конгресс» Коомдук уйумунун  Президенти Кубанычбек Кожоев менен.

Канткен менен башталышы «жакшы болду» деп туралы. Албетте көч бара-бара түзөлөт эмеспи. Кыргыз жыйналыштын эмдиги жылкы чогулушу эң көп кыргыз мигранттардан турган, орус жергесинде жашагандар, Маскөө шаарында өткөрмөй болушту. Азырынча ал маселе Маскөөдөн келген «Кыргыз Конгресс» коомдук уюмунун президенти Кубанычбек Кожоевге тапшырылды. Ал эми азыркы форумда айтылып, кабыл алынган резолюциянын канчасы аткарылып, канчасы унут калат баарын убакыт көргөзөт. Алакандай нерсенин деле аржак бержагын карап, мээнет төгүп, акыл-күч жумшап, тызылдап чуркап уюштуруу, кабырганы сындырган каражат маселесин чечүү, майда-чүйдө маселелердин баарын баптап-таптап туруштун өзү эле мүшкүл иш билинбегени менен, чоң жоопкерчилик. Андай нерсени жасап, эңкейип куурай сындырбай туруп алып эле сынтаккандан оңой жумуш жок. Андайга да абдан жөндөмдүүлөр четтен табылып турат. Форум жүрүшү башталаары менен ал жердеги маалымат «Азаттык» аркылуу ааламга тегиз тарай баштабадыбы. Көрүп-билбей эле, толук маалымат албай туруп эле көрдөн алып жерге, жерден көргө ыргыткан пикирлер козу карындай жайнап, кыргыз жолугушуубузду жөн гана ичип-жеп жыргаш үчүн жыйналгандардын тобу, колдорунан кокон да келбейт деген тейде ээ-жаа бербей, ээликкендер да болуптур. Эмне демек элек, ичип-жейбиз да, өз чөнтөктөрүбүздөн чыккан тыйынга ичип-жемиш болгонсудук, курсак курулдаган сайын. Андай учурда айта беришсин, «бир ит көрүп үрөт, экинчиси көрбөй үрөт» деген макалдын маанисине такап койуп,  «кылчуу ишиңерди аздап кылдырата бергиле» деген кеңешимди кошумчалап коймокмун.

Ошентимиш болуп келип эле аягында Форум жыйналышындагы өзүмө анча жага бербеген оркойгон бир кемчиликтин көч башына чыгып кеткенине ичим чыкпай, анда болбосо да азыркы макалам аркылуу акырын кыстара кетүүнү туура деп таптым. Айттым бир ооз, «жалаң кыргыздар чогулган соң кыргызча эле сүйлөшпөйлүбү» деп. Угушкан жок, аракет кылабыз деген тейде андан да катуу күчөп сүйлөп калышты. Бул бир айыкпас оору болду, оорудан арылалбай азапты аштай тартып деле жатабыз мүңкүрөп. Кыргыздар ушуну анча түшүнө бербей койушту эмнегедир. Өз эне тилибизге болгон текеберчилик, карандай кайдыгерлик жаман экен. Кайака барба кыргыздын ушул кылыгы калбады. Кыргызча сайрап турса да кай бир учурда сүйлөгүлөрү келбейт экен, эмнеге экенин түшүнүш кыйын. Ачыгы, жыйынга бир дагы башка улут өкүлү катышкан деле жок. Жалаң «каракезек» кыргыздар келген экенбиз, бирок даярдалган кагаз-кугазы, анысы-мунусу, жыйындын ишин алып баруу жагы аягына чейин орус тилде өттү. Менин башында ойлоп отурганым туура чыкпады, кыргызча түшүнбөгөн, башка тилде сүйлөгөн коноктор бар го, ошон үчүн орусча даярдап койушкан го десем андай деле эмес экен. Бүт баары кыргыз, кып-кыргызча эле сайраган кыз-жигиттер келиптир. Анан эле опурулуп орусча сүйлөгөндөрү чекилик болуп калды. Азыр эми мейли, мындан ары да ушундай улана турган болсо анда мындай көрүнүш алдыларына абдан бийик максат койгон чет жердеги кыргыз форумчуларга эч кандай аброй алып келбейт. Мен буга бөркүмдөй ишенем, анткени азыркы тапта  бүт баардык боло турган иш-чаралар, жыйын-чогулуштар кыргызча өтүшү керек, мамлекеттик деңгээлге чейин көтөрүлүп жаткан маселени ураалап колдоп чыккандын ордуна кайра каршы чыгып, эне тилди чануу-тануу туура эмес, жарабаган жумуш. Жарылдап, «Кыргыз Көчүнүн» жасаган иштерин жарнамалап, кыргызча сүйлөгүлө, кыргыз ӨҢҮ_ңөргө өткүлө деп өкүрүп-бакырып чыксам деле жарашмак мага, атайын барган соң. Антпедим. Жакшы маанай менен келип, жакшы маанай менен кетели, жасалып жаткан жакшы окуянын аягында ысык суу чачып ийгендей болуп, боордошторумдун кыжырына тийип алгым келбеди. Ким билет, балким баарына жагат беле, андагы айтылбаган буктун баарын эми кийинки чогулушка калтыралы. Аманчылык болсо бир жыл деген ачып көздү жумгуча эле келип калат эмеспи.

Сахнадагылар солдон оңго: Тимур Бектурган, Саламат Садыкова, Нури Садыгаалы жана Чынара Капарова.

Маанайыбызды Кыргыз эл артисти Саламат Садыкова, Германияда жашаган таланттуу кыргыз музыканттары Нури Садыгаалы менен Тимур Бектургандын атайын форумчуларга деп даярдаган концерти ого бетер асманга учурду. Шатыра-шатман алакан чаап жыргап уктук. Аягында буулугуп калышкандар тапырата танцыга чыгып, тээ бир далайга дейре шалака-шулак тер чачып, араң-зорго барып басылышты. Негизи немис жергесинен келгендер элчи мырзасы баш, ырчы-чоорчулары төш, доктур, бийчилери биригип алып атайын маршрутка минип келишкендерин, шайыр-күлкү коштогон ынтымактарын көрүп ыраазы бллдук.

Таракандай чачырап, ар ким ар жака тарап, четибизден «оюлуп» кетип жаткан маалда Швецарияда жашаган журналист Кайрат Биримкуловдун үй-бүлөсү менен келип калышы бири-бирибизди кыйып, коштошо албай убара болуп отурган бир тобубузду катуу жандантып жиберди. Мына сага анан, түн бир оокумга чейин «түтөдүк», чеке жарылганча чечиле сырдашып, кыргыз ырларынын, оо, бир далайын созолонтподукпу. Венерага (Жуматаева) рахмат, билбеген ыры деле жок экен, кыскасы алдына адам салган жок, аябай жакшы ырдап да, жыргап да отурдук. Эртеси күнү эки машинеге бөлүнүп түштүк да үч журналист үй-бүлөбүз менен зуулдаган бойдон Милан шаарын көздөй бет алдык..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Финляндия. 19.04.13.

Кыргыз жыйында тартылган көз ирмемдерден «КӨЧ КӨРГӨЗМӨ».

Залкар акын Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлзана эже жана италиялык жездекебиз менен.