Mar 10

Көйгөй..

“КЫРГЫЗ КӨЧҮ” айылына (сайт) Бектурсун АЛИБЕКОВ аттуу мекенчил жараныбыз ар бирибизди кайдыгер калтырбай ойлонто тургандай олуттуу маселенин башын козгогон макаласын жарыялаптыр. Бирок Бектурсун агабыз айтып жазган омоктуу ойун жөн гана пикир катары калтырып койуптур. Ошондуктан мен бул пикирдин эч бир жерине өзгөртүү, толуктоо, алымча кылбай туруп, турган турпаты менен макала катары ушул эле айылыбыздын “Эне тилим” деген жаңы гана ачылган рубрикасына жайгаштырып койууну туура деп таптым. Тилибиздин бүгүнкү, эртеңки келечегине кайдыгер карабаган жарандарыбыз өз ой-сунуш пикирлерин, алымча кошумчаларын тартынбай айтышат деген ишенм чоң.. 

Бектурсун АЛИБЕКОВ.

УРМАТТУУ ҚЫРҒЫЗСТАНДЫҚ МЕКНДЕШТЕР!.

Мен Қырғызстан жараны болуу менен, мекеним Қырғызстандын, демек; Қырғызстандық баардық улуттағы Мекендештеримдин; “Мамлекеттик Тили” жөнүндө сөз қылууда, (“Мамлекеттик тил” деп аталған тил, аталған Мамлекетти мекендеген баардық улуттағы жарандарынын, Мамлекетинин Тили экедигин эсте тутуу абзел.) Мамлекеттик Тилибизде жазылчу бул менин ой пикирлеримди, менин; парсы тилдүү, словян тилдүү, түрк тилдүү мекендештериме да оқуу жеңил болсун деген мақсатта; “Қ(қы)” жана “Ғ(ғы)” ариптерин пайдалануу менен жазамын. (Себеби; Ушул кезге чейин, биздин Мамлекттик тилибизди оқуу эрежелерин, биздин қырғыз эмес улуттағы мекендештерибизге мектепте эч ким оқутуу аракетин жасаған эмес, алар өздөрү өз ықтыярлары менен жэ мажбур оқуп үйрөнүүгө муқтаждық болғон эмес. Ошондуқтан; “Қ” жана “Ғ” тамғасыз жазылған биздин “МАМЛЕКЕТТИК” ТИЛдеги тексттерди туура эмес фонетика менен оқуп алышып, биринчиден тилибиздин фонетикасын бузушса, экинчиден өздөрү түшүнүшпөй қалууда) Ушундан улам, менин улутташ Мекендештеримден, маға қыжырданбай турушуңуздарды көптөн көп өтүнүп суранам?

Толугу менен

Mar 07

«АЛКЫШ»

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил бойунча Улуттук комиссиясы «КЫРГЫЗ КӨЧҮ» тобуна атайын «АЛКЫШ» жарыялаптыр. «Малекеттик тилди өнүктүрүүгө жана анын кадыр-баркын көтөрүүгө кошкон салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдиребиз»” дешет «АЛКЫШ» ээлери. Бу да болсо биздин алгачкы ийгилигибиз, бу да болсо биздин кыргыз тилинин өнүгүп-өсүшүнө кошкон азгантай салымыбыз!
АЛКООЛОРУБУЗ арбый берсин урматтуу «КӨЧМӨНДӨР!»..

«КЫРГЫЗ КӨЧҮ» тобуна арналган «АЛКЫШ» баракчасы.

 

 

Mar 05

Ак калпак күнү..

АК КАЛПАК КҮНҮҢӨР МЕНЕН КЫРГЫЗДАР!..

КЫРГЫЗ БОЛСОК КЫРГЫЗ ӨҢҮ_Н СЫЙЛАЙЛЫ!..

Кыргыздар, кыргыз экенибиз чын болсо, кыргызбыз деп өзүбүздү-өзүбүз сыйласак анда Ааламтор (Интернет) айдыңында кыргыз ӨҢҮ_менен жазууга өтөлү! Ал мага, сага жана жамы кыргызга керек. Кыргыз тилинин өркүндөп-өнүгүшүнө, күн санап өсүшүнө ар бирибиз өз салымыбызды кошкубуз келсе анда кылчактабай кыргыздын ӨҢҮ_тамгалары менен жазууга тайманбай киришели! Мына ошондо гана тилибиздин да, дилибиздин да кеңири кулач жайып өнүгөөрүнө өтө сонун өбөлгө түзүлөт!. Кыргыз ӨҢҮ_тамгаларын жайгаштырып жазуунун эң жөнөкөй жолу мынакей. Азыраак убакыт жана аракет керек болгону:   http://janyzak.kg/jankg_ky/jankg_ky.exe  Ийгилик каалайм!.