Таазим.

“КӨЧКӨ” КЕЛИП КӨЗҮМ АЧЫЛДЫ..

Мени бул Фейсбук тармагына алып келген Асыран АЙДАРАЛИЕВ агайга ыраазымын! Бул сайтты, “Кыргыз Көчүн” деле билчү эмес элем! Жада калса ӨҢҮ_мдү да ушул агай аркылуу таптым! Алакандай ырымды жактырып калып, аны “Көчкө” жарыялаптыр! Мага бул кабарды Сатыш акем айтып калды! Кызыга баштадым да, агайдын дарегин алдым. Агай менен көп нерсени талкуулап, акыры менден маек алды! Ошондон кийин мен Фейсбук сайтына бат-баттан кирип баштадым. Алгач, эч нерсесин түшүнбөйт болчумун! Чынын айтсам, жакпады деле! Асыкем мени көп урушчу. “Туура жаз, туура ойлон” деп.. Кээде таарынсам, кээде катамды сезип, ал адамга ичтен ыраазы болом! Азыр деле толук түшүнбөйм! Окуганды гана билем!

Ыр жазсам, ӨҢҮ_ң менен жаз деп калчу. Алгач ал эмне деп да жүрдүм, бирок сурагандан уялдым. Сатыш акемден сурасам ал, сенин деле компьютериңде бар деп койду. Кийин Сатыкем колдонгон компто иштеп калдым. Анан ӨҢҮ_мдү издей баштадым, баарын басып көрдүм, чыкпайт, таппайм! Анан Шайырдан сурасам, мени үйүңө чакыр, өңдөп берем деп, тийишип калды! Ой телефондон эле айта берсең, таап алам деп жатып, сүйлөттүм! Көрсө, менде ӨҢҮ бар экен! Аны иштеткенди билбей жүрүпмүн! Бул жерде көптөгөн жакшы инсандар менен тааныштым! Көптөгөн маалыматтарга ээ болдум! Ой жүгүртүүм да бир аз өсүп, жашоонуну маңызын иликтеп калдым! Мен билбеген нерсенин баарын ушул “Кыргыз Көчтөн” таптым десем болот! Көптөн бери айталбай жүргөн алкышымды, бүгүн айтууну туура көрдүм! Талантыңызга, таалимиңизге таазим агай! Сиз эң жакшы адамсыз! Ушул жакшы сапатыңыздан жазбаңыз! Келечектеги муундарга үлгү болуп, тарыхта атыңыз калсын! “Кандай аял тууду экен, Лениндей уулду” – демекчи, сизди да зор эне төрөп, мыкты тарбия берген! Сизге ырахмат! Сиз жактырган ырды кыстыра кетейин:

Жашагым жок менин борбор калаада,
Үй салсам дейм, булак чыккан талаага.
Ал үйүмдү толтургум жок буйумга,
Толтурсам дейм, этек толгон балага..

Илгим келбейт килем, парда, гүл чырак,
Болсо болду бакыт, ырыс, ынтымак.
Илгим келет балдарымдын көйнөгүн,
Мына ушул менин бакыт өрнөгүм!..

Уулкан АМИРАЕВА. Москва шаары. 08.03.2013.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *