Mar 29

Арабөк.

Дарбазаны ачкан аялды караган бойдон жалдыраган жигит, анын, “келгиле, кир кире гой” деген үнүнөн эсине келе түшкөндөй шаша баш ийкеп, үй ээси менен кошо басты. Бейтааныш жигиттин алда неге көңүлү дүрбөлөң түшүп калганын сезди кыраакы аял дили. Тамак үстүндө да уста жигиттин көздөрү келинди тымызын кусалуу тепчий тиктеп, анын жүзүнөн дилине жакын бирдемени издеп жаткандай. Түшкү чайды деле жарытып ичпей, негедир тез эле чыгып кетти, оңбогон бала. Күн бою жанын таштап, алда не көкүрөгүн өйүп жаткандай өжөрлөнүп иштеди. Кечки тамакка да чакыртып атып көптө келди.
– Атың ким эле иним, атыңды унутуп калганымды карачы – деди үй ээси тамак астыга келип жайгашкан кезде акырын кепке тартып.
– Жыргалбек.
– Жакшы ысмың бар экен. Менин атым Жайнагүл. Жыргалбек, алда не көңүлүңө жакпай калгандай түпөйүл болуп турасын. Иним менен баалашып, иним алып келген үчүн кантип сүйлөштүңөр, канчага келиштиңер, менин кабарым жок, бирок сенин алда неге канааттанбаганыңды кабагыңдан көрүп турам. Баа келишпей калса ачык айт, садага, жакшы ниет, илгери үмүт менен баштаган ишти ыраазы болуп жасагандай бол.
– Антип ойлобоңуз эже, акча жерге кирсин.
– Анда неге кыжаалатсың?
Жигит саамга ушу азыр да көңүл кырында турган өйүткү оюн айтсамбы, айтпасамбы дегендей ыргылжың боло жер тиктеп ойлуу тунжурады.
– Мен сизди көргөндө элеси эсимен чыгып бараткан бир адамды кайра көргөндөй болдум, ал тургай ошол адамдын үнүн уккансып кеттим.
– Ким эле ал адам?
– Менин асыранды апам болчу. Ал кишини алты айдай апа деп калдым.
– Азыр барбы ал киши?
– Бар болуу керек?
– Кайда экенин билбейсиңби?
– Билгенде эмне, мурдагы эле жашаган жеринде болуу керек, көчүп эле кетишпесе.
– Ата – энеңчи?
– Мен кичине кезде эле атам менен апам ажырашып, апам мени таенеме таштап башка турмуш куруп кетиптир. Мен апамды да, атамды да билбей калдым. Эс тартканы апамдын биздин үйгө келгени эсимде жок. Таенемдин көзү өткөндө гана келди да, кеткенче шашты. Капкара болуп күнгө күйгөн, баарынан кийин келип, мурун кеткен ошол жүдөңкү аял апам экенин ал кеткенден кийин таякемдер айтышты. Менин эсимде аялдын өзөк сыздаткан армандуу кошогу менен дирилдеген күйүттүү үнү анан, мени бир эки курдай коруна карап алган жалтаң көз карашы гана калды. Таенем өлгөндөн кийин тили заар, колу тар таажеңем мени батырбай, таякемдин көзү мындай болсо эле зырылдатып ура бергени жаныма батып, кыштын кычыраган суугунда үйдөн качып кеттим. Андагы мен көргөн күндү ээси кууп чыккан ууру ит да көрбөсө керек. Кайда барып баш катаарымды билбей көчө балдарына кошулуп кеттим. Бутумдагы батинкемди балдардын тыңыраагы дароо эле тартып алып, резинка тапичкечен калдым. Үстүмдөгү жалаң көйнөктүн сыртынан ар кайсы жерден таап алган эски-уску кийимдерди кийип алсам деле калчылдап үшүйм. Курсагы ач адам да үшүй берет экен. Жаныбызда самсасынын жыты буркураган чайкана бар. Самса жапкан єөбек киши кардарлар жебей калтырган самсанын калдыгын да алдырбай кууйт. Кууса деле самсанын жыты азгырып бара беребиз, анткени кээ бир боорукер адамдар ашкан нанын, кээде тамагын бере коюшчу. Ошондой күндөрдүн биринде чайкананын жанында турсам самса жеп жаткан бир киши көзүн кысып эркелете карап:
– Мага бала болосуңбу? – деди.
– Болом! – дедим токтоосуз.
– Азамат бала тура, – деди жанындагы аялга күлө карап.

Толугу менен

Mar 29

“Кыргыз Көчү” 1 жашта!.

 

 “КӨЧ – КӨЧМӨНДӨРДҮН УЛУУ МАЙРАМЫ..”

Мына, таң кылайып атты. Мөңгүлүү аска-тоолорду али көрүнө элек күн нуру чайып, сай-сайлардын шоокумуна тунган өрөөндөр көк күүгүм түстө тунжурап, көк жайык конуштагы айыл ойгоно баштады. Бүгүн бул айыл алыскы жайыттуу жайлоого журт которот. Боз үйлөрдөн түтүн булап, адаттагыдан эрте тамак-аш даярдалууда. Эр бүлөлөр кечээ жайыттан түшүрүлүп, тизилген төөлөрдү комдогонго киришти. Төрлөрдөгү жылкыларды айдап келүүгө жылга бойлоп атчандар кетти. Күн жарыктык да балбылдап чыга келди. Үзүктөр сыйрылып, бөбөктөр али уйкуда… Анан көп өтпөй Көч башталды. Кыргыздын байыртан келаткан улуу Көчү. Адегенде «чой-чойлогон» койчулар, тайтулакчан балдар жарыша аларга кошулуп, майда жандык менен бирге уйлар айдалат. Артынан калпактарын алчыланта укуруктарын сүйрөтүп, айгырларын азыната жылкычылар түшөт жылкыларын күтүрөтүп.. Анан гана уук, керегелер кайкалата жүктөлгөн нарлар жетекте жолго чыгат.
Ооба, дал ошол жолго чыгаардын алдында эски журттагы акыр-чикирлер жыйналып, кемегеге көмүлөт да, кол чаначтагы бал кымыз кыдырата сунулат. Соңунда дуба окулуп, жашоонун күрдөөлдүү күндөрү жылт этип өткөн касиеттүү конуш менен коштошуу, жаңы сапарга жакшылык тилек айтылат.

Ошентип Көч жолго чыкты. Көч – көчмөндөрдүн улуу майрамы. Болгон жаңысын, тазасын кийинген эл көчүп баратат. Адамзат табияттын ыргагына термелип, ушунда бир жарашат. Шатыра шатман, куунак көңүл, эч бир көөнөрбөчүдөй өмүр. Жолдогата тааныган да, тааныбаган да айылдардан нан, каймак, кымызын сунган мээримдүү жандар узатып, каалоо-тилегин жаадырышып, кол булгалап кала беришет. Бул ыйык салт. Ата-бабанын айныксыз жашоо эрежеси. А көч болсо кетибатат калыбынан, улуу асыл наркынан жазбай…
Асанбек Кыдырназаровдун «Кыргыз Көчү» күүсүн угуп атканда ушундай турмуш элесине тунам. Кайран күү, кайран комузчу. Акыйкатта бу киши өмүрүндө жыйырмадай күү чыгарыптыр. Бирок жалгыз перзенттей жаралган «Кыргыз Көчүнө» неси тең келмек? Дегеле, «Кыргыз Көчү» күүчүлөрдүн соңку залкары Асанбек абанын эле эмес, бүткүл улуу комузчулардын керээзиндей сезилет мага. Аттиң, урпактарыбыз тыңдаар бекен, бизче кусага батып, кубанычка балкыр бекен?..

Мен бу залкарга 1991-жылы борборго алгач ишке келгенимде оро-пара кездешип калдым. «Ысык-Көл» гастрономунун маңдайында жол боюнда ойлонуп турган экен, салам айтсам алик алып, аты жөнүмдү сурап жиберди. Апасы биздин айылдык экен. Тимеле таятасы Молдосары тирилип келгендей колумдан жетелеп эле үйүнө алып жөнөдү. Үйүндө өзүнө окшош калбаат, жайдары байбичеси жана дагы бир өтүкчөн зор киши тосуп алышты. Өтүкчөн адам Асанбек абанын айылдан келген курбусу экен кучакташып көрүштү. Тамак-ашы даяр үстөлгө отура баштадык. Мен кичүүлүк милдет менен эже тарапка жайгашсам, Асанбек аба айтып атпайбы: «Ай, бала, сен жогору өт. Биринчиден, таякесиң, жолуң улук. Экинчиден, азыр кээ бирлер үстөл алдында бут менен сүйлөшүп жиберишет. Мен ошон үчүн дайыма аялым жакка отурам» деп.
Асанбек Кыдырназаров мыкты актер болгон. Кезинде Москвадагы айтылуу А.В.Луначарский атындагы театр институтунан билим алган. Кыргыз театр өнөрүнүн классиги М.Рыскуловдун «мага Асанбек гана дублер боло алат» дегени эле эмнени айтып турат. Бирок анын эч кимге көшөкөрлөнбөгөн, бетке чабар мүнөзү далай өзүнө төп ролдордон жана сый ургалдан куру калтырды. Ошондой. Таланттуу адам дымактуу болот, убактылуу жыргалы үчүн эч кимге жөнү жок шыйпаңдабайт да, таазим этпейт.
Туурасын айтсам, Асанбек Кыдырназаров жана атасы Кыдырназар Ботогур уулу жөнүндө бир далай саймедирейин дедим эле. Ойлоп көрсөм, сөз тамам. Залкардын «Кыргыз Көчү» эле асыл эмеспи. Асылга айла жок деген ошол…

Дүйшөн КЕРИМОВ, журналист.

Mar 24

“Чыйкан такта”

«ЭКИ ЧЫЙКАН»

Мынакей, ичибизден иритип, бөлүп-жарганды жакшы көргөн накта «Чыйкандар». КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясын «Кыргыз-орус тили бойунча улуттук комиссия» кылып өзгөртпөсө болбойт деп өкүрүп чыгышыптыр береги эки берен. Таппасаң гана сыйпалап калгырлар, ушундай табышкерлер, ушундай акылмандар чыкчуу болду, анык эле «аллергия» карматкандар капырай, таза эле кара шумдуктар!

Марина Зенько, Станислав Епифанцев, Светлана Борцова, Владимир Гатченко дегендерге го айла жок дейли, алар орустар, а мобу Бекбосун Бөрүбашев менен Мурат Сүйүнбаев деген «чыйкандарга» эмне жок десеңер?!.. Бул ааламда адамдар гана эмес ар бир айбан аттуунун баары тең эле Эне тилинде сүйлөп, өз тилдерин эч качан өгөйлөшпөйт экен. Бөтөнчө маймылдар андайларга «аллергиясы» кармап, ал гана эмес андай тилин чангандарды угуп калса бир жерине «чыйкан» чыгып кетет экен дегендер да бар..

Mar 23

Туулган күн..

ТУУЛБАЙ ТУНА ЧӨКСӨМЧҮ..

Жаратылышыман шаан-шөкөттү анчейин эңсебейм деле. Чөнтөк толо акча, күндө той-топур, сауна, концерт өңдөнгөн нерселер көңүлгө жат нерсе. Көбүнесе, жалгыздыкты жактырам, табигат койнунда эс алгым келет. Шар аккан суунун жээгин бойлой ар түркүн кыялга батууга кызыгам. Ошондонбу, бир жылда бир келчү туулган күнүмдү деле оңчулуктуу белгилей элекмин, ушул кезге дейре. Кээ бирөөлөр бар го, туулган күнүн дүңгүрөтө белгилеп, жоро-жолдошторунун мактоо сөздөрүн тыңдап, туулганына катуу толкундаган. А мен антүүдөн караманча алысмын. Ар жыл сайын туулган күнүмдө таңдан кечке дейре ой ааламына сүңгүйм. «Канча жашка келдим, дагы канча жылдык өмүр күтөт, алдыда, не иш бүтөрдүм, маңыздуу жашап жатамбы, элге берээр эмгек жарата алдымбы, эгерде жарата элек болсом, эми жарата аламбы, дегеле бул жарыкчылыктагы максатым эмне, жеп-ичип эле, кийинип, ың-жыңсыз белгисиздикке сиңип кетемби, кези келгенде?..» деген соболдор мээ чөйчөгүмө толо түшөт. Ошентип, ойлор менен алпурушуп атып, өткөрөм, ал күндү. Эсимде, калп айтпасам, бир ирет белгилеген экем, туулган күнүмү. Студент элем. Өзбекстандан келген тайпалаш досум музыкалык мектепте кароолчу болуп иштечү. Кечинде досторум менен кыздарды ээрчитип алып, ошол достун мектебине бардык. Үстөлдө арак-шарап. Жеп-ичтик. Ар кандай каалоолор айтылды, дарегиме. Катардагы эле күнүгө көрүшкөн досторум, ал күнү, менден алтын сөздөрүн аяшпады. Айткандарына караганда алар үчүн мен ай, күн экем, эй. Кызык. Туулган күнүмдө гана аларга ушундай көрүнгөнүмө таңгалдым. Башка маалда жарытылуу саламга келбей, атаандаштык, көрө албастыктын торуна чалынып, бири-бирибизге бут тоскон достор, бир заматта, бирдиктүү күчкө айланганыбызга ашкере оозум ачылды. Ал ортодо музыка ыргагында бийлегенди да унутта калтырбадык. Айтор, ошентип, ал күндү да узаттык. Эртеси жатаканага келип, керебетимде шыпты тиктей күнү кечээ узаган туулган күнүм тууралуу ойлодум. Негедир, достордун арасында опурап-топурабай, жалгыз гана өткөрсөм болмок тура деген ойго жетелендим. Экинчи мындайга жол бербөөгө сөз бердим, өзүмө. Ошондон бери жалгыз өткөрүп келе жатам.

Толугу менен

Mar 16

Кызыл бурч..

ЭРИК РАСТ:  «КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫН ЖҮРӨГҮМ МЕНЕН ЖАКТЫРЫП КАЛГАМ»

ВЕНЕРА РАСТ: «БИРИ-БИРИБИЗДИ КӨЗ КАРАШЫБЫЗ МЕНЕН ЭЛЕ ТҮШҮНӨБҮЗ»

Кыргыздын күйөө баласы Эрик РАСТ менен Венера РАСТ.

«Кызыл бурч» рубрикабыздын бүгүнкү  меймандары алыскы Америка континентиндеги Канадалык немис жигит Эрик Растка турмушка чыккан көгүлтүр Көлдүн (Каракол) кызы Венера Раст болмокчу. Башында айтылгандай азыркы күндө Ааламдын алты Материгинде тең кыргыздар жашайт. Алардын арасында ошол чет өлкө жарандарына турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, чет элдиктердин келини болуп калган кыргыздын кыздары да күндөн күнгө көбөйүп баратканын дагы жакшы билебиз. Мен «КЫРГЫЗ КӨЧҮНӨ» дал ушундай кыздарыбыздын түрдүү тагдырлары, кызыктуу жашоо турмуштарын чагылдырып, алар менен маектешип туруу максатында «Кызыл бурч» аттуу рубрика ачкам, аны да жакшы билесиздер. Венера Раст ошол «Кызыл бурчка» мейман болуп келген кыздарыбыздын үчүнчүсү. Буга чейин Прага шаарында жашаган эркин журналист кызыбыз Карамат Токтобаева менен Кабул шаарында жашаган Венера Мовлян «Кызыл бурчубузга» кызыктуу маек куруп беришкен. Ал эми бүгүнкү маектештерибиз кыргыздын Канадалык күйөө баласы Эрик менен Венера аттуу Ысык-Көлдүк кызыбыз. Алар азыркы тапта айтылуу «Кеңгурунун мекени» аталган алыскы Австралия өлкөсүнүн Том-Прайс деген шаарында жашап жана эмгектенишет экен. Анда эмесе «австралиялыктар» менен болгон кызыктуу маегибиз Сиздердин назарыңыздарда.

Толугу менен

Mar 15

Элге жана эл башчыга..

Урматтуу “КӨЧМӨНДӨР!”, “Фейсбук” колдонуучулар жана Достор!

“КР мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө КР ЖК депутаты Урмат АМАНБАЕВАнын демилгесин кош колдоп колдоо ирээтинде биз, 500 дөн ашык мүчөсү бар «КЫРГЫЗ КӨЧҮ» тобу жана эркин жарандар КР Президенти Алмазбек АТАМБАЕВГЕ жана жалпы эле коомчулукка расмий Кайрылуу кат жолдоону туура деп таптык.

Толугу менен

Mar 14

УР-Р-ЭЭ!..

Кыргыз Өкмөт башчысы Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ
токулган токтомго койкойто колун койуп жаткан кербези.ӨКМӨТҮБҮЗ ӨЛ-ЛӨ МЫКТЫ КАДАМГА БАРДЫ..

ӨКМӨТҮБҮЗ ӨЛ-ЛӨ МЫКТЫ КАДАМГА БАРДЫ..

Кыргыз Өкмөтү мыкты жана күтүүсүз кадамга барды. Кыргыздар күнү кечээ орус тилинен расмий түрдө баш тартканы белгилүү болду. Башбаканыбыз Жантөрө Сатыбалдиев так ушундай токулган токтомго кол койуптур эй!. Ал токтомдо мындай деп айтылат. «КР Мамлекеттик тили» жөнүндөгү республикалык мыйзамга олуттуу өзгөртүүлөр киргизилди. Жаңы кабыл алынган документтин негизинде Кыргыз Республикасында расмий тил катары пайдаланылып келинген орус тили мындан ары андай күчүн жоготуп, негизги иш кагаздарды алып баруу жана пайдалануу толугу менен мамлекеттик тилде, кыргыз тилинде гана жүргүзүлөт». Кыскасы, үлкөн аткаминээрлерибиз баш, депутаттарыбыз төш болуп жакшы жана жагымдуу кадам шилтей баштады. Кадамыңар бузулбагай эле ылайым! Эне тилибиздин баркына эми жете турган болуп калдык.  Иши кылып эле көз тийбесин!..

Фейсбуктагы пикирлер

Mar 13

Таазим.

“КӨЧКӨ” КЕЛИП КӨЗҮМ АЧЫЛДЫ..

Мени бул Фейсбук тармагына алып келген Асыран АЙДАРАЛИЕВ агайга ыраазымын! Бул сайтты, “Кыргыз Көчүн” деле билчү эмес элем! Жада калса ӨҢҮ_мдү да ушул агай аркылуу таптым! Алакандай ырымды жактырып калып, аны “Көчкө” жарыялаптыр! Мага бул кабарды Сатыш акем айтып калды! Кызыга баштадым да, агайдын дарегин алдым. Агай менен көп нерсени талкуулап, акыры менден маек алды! Ошондон кийин мен Фейсбук сайтына бат-баттан кирип баштадым. Алгач, эч нерсесин түшүнбөйт болчумун! Чынын айтсам, жакпады деле! Асыкем мени көп урушчу. “Туура жаз, туура ойлон” деп.. Кээде таарынсам, кээде катамды сезип, ал адамга ичтен ыраазы болом! Азыр деле толук түшүнбөйм! Окуганды гана билем!

Толугу менен

Mar 11

Башталыш..

Жогорку Кеңештин депутаты Надира НАРМАТОВА.

АЗ-ЗАМАТ ЭЙ..

Кыргыз парламентиндеги “Ата-Журт” партиясынын депутаты Надира НАРМАТОВА бүгүн чет элдик өкүлдөр катышкан тегерек үстөл талкуусунда орусча сүйлөөдөн баш тартып, «биз кыргызбыз, Кыргызстанда жашайбыз, ошондуктан кыргыз тилинде гана сүйлөйм. А чет элдик меймандарга которуп беришет деп үмүттөнөм», – деп эле таккесе айтыптыр койуптур. Чет элдик өкүлдөрдүн арасында Улуу Британиядан, Словакиядан, Чехиядан, Казакстандан келген мыйзам чыгаруучулар бар экен. Азамат эй, эмнеси бар экен, тилге так ушундай мамиле жасоо керек, бул Надира айымдын башка тил билбегендиги, же болбосо сабатсыздыгы эмес, тескерисинче өз Эне тилин сыйлап, баалап, өз тилине кылган, жасаган жогорку маданияттуулугу. Үлгү ала турган, уланта турган кадам..

Фейсбуктагы пикирлер

Mar 11

Дөңгөч..

ЭСИҢЕР БАРДА ЭТЕГИҢЕРДИ ЖАПКЫЛА!. 

«Моралдык жактан жеке адам бузулса бузулат, эл эч качан бузулбайт».  (Ф. Фучик)

«Адам шордуунун көзү топурака гана тойот, өзү тойсо да көзү тойбойт» деген аныктама жалгыз ушу кыргыз төбөлдөрү үчүн жаралып калганбы деп калдым. Бийлик менен байлыкта эмне мынча өчү бар десеңер? Же буларга ата-жотолору «өлөөр-өлгүчө аттан түшө көрбө, эл байлыгын эсиң оогончо жеп-ич, анан эгерим мойнуңа алба, колуңан келсе карганып жатып өл» деген керээздерин айтып кетишкенби деген ойлор кылт эте түшөт экен кээде. Байкап, баам салган адамдын көзүнө 23 жылдан бери жалаң ушундай «кан соргучтар» кыргыз бийлигинин кырын кырдап, ырын ырдап, майкөл-сүткөл жашоо кечирип, чартаңбай тепкендер гана көрүнөт экен. Бүгүн, азыр деле. Тээ 90-жылдын башындагы улуу Союздун «соолуп» жок болушу менен ошол учурдагы 30-35 курактагы жогорудагы аныктамада таасын айтылган жалаң «эргулдар» менен издешпей табышкан мансаптын ышкыбоздору шагырашып, академик ажонун айланасына топтолуп алышып али күнгө чейин эл-журттун эсин оодарып, ичин «иритип» отурушат. Казы-карта, май-чучугуна оонап, обужок көпкөндөр ошолор эле. Малак курттай ичип-жеп, жалмаңдап соруп атышып Акаевичин аңга түртүп жиберип дароо Бакивдин башын сылаганга өтүштү. Аз өтпөй кыргызды кызыл-жайан канга чылап ал «жексуру» дагы куйругун түйдү. А байагылар байагы эле бойдон, орду-ордуларында эле отурушат, кузгундай куркулдашып. Кан булоонго, кызыл-жайанга тикелей тиешелери болбосо да «ап-балилеп» Бакиевин тымызын колдоп, айлалары түгөнүп, алакан ушалап турушканы жалган беле? Анан андан аз өтпөй эле ак карга болушуп, каркылдап чыга келишпедиби. «Эл үчүн азыр эле өлүүгө дайарбыз» дегендерин укканда башың тегеренип, мээң чайкалып кете жаздайт. Бакиевдерден эсепсиз кордук көрүп, ал кутурган «канкорду» ушул «бечералар» эле кубалап чыккандай түр көрсөтүшкөндө кантесиң? Андан да булардын сүйлөшүп алгандай сөздөрү да койондой окшош. Хор менен кыйкырышат жөн эле. Ушулар эле ажо болуп калганда кыргыз журтчулугунда эчак эле кой үстүнө торгой жумурткалап калмак имиш. «Башбакан, министр, депутат, губернатор, аким» болуш, оой, булар үчүн шылдың, уйат эмеспи кокуй. Ушундай. «Уйалбагандан өзүң уйал» болуп, эл караган бетибиз жер карап деле бүттү. Өкмөт башкарбай, депутат-министр болбой туруп эле, өтүк ултарып деле элине эбегейсиз зор пайда келтирсе болот, ээй, мите курттар! Ыймансыздар! Эсепсиз байлык деле, жетишээрлик бийлик деле турат колуңарда, болгону абийирден ажырап, нысапсыз калдыңар!..

Толугу менен