Аракет..

МОСКВАЛЫК КЫРГЫЗ ЖЕТКИНЧЕКТЕР КЫРГЫЗ ТЕГИН УНУТУШПАЙТ.

«Алыс калып туулуп өскөн Мекенден,
Айыга албай жүргөн кезде кеселден.
Өгөйлөбөй өз койнуңа батырдың,
Өмүр бою сага таазим этем мен!..» сыпатындагы ыр саптарым менен Москвага карата жылуу оюмду ортого салдым эле, бир канча жыл илгери. Ырасында эле ошондой. Мекенден четте жүргөн мен сыяктуу кыргыз боордошторумун бир даарын өз койнуна батырып, өтөлгөлүү өмүр күндөрүн кечирүүгө зор өбөлгө түзүп келе жаткандыгы жашыруун эмес. Андыктан, Москвада өкүм сүргөн ар бир окуя көңүл элегимен сыртта калбастыгы айдан ачык. Маселен, үстүбүздөгү жылдын 17-февраль күнү Москва шаарындагы «Зирек Club» тарабынан уюштурулган «Жекшемби күнкү мектеп» долбоорунун жүзөгө ашырылышы сезим толкутарлык. Долбоор Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Б. Жунусов жана элчинин биринчи катчысы А. Асанбаевдин көмөк көрсөтүүсү менен жүзөгө ашты. Сабак өтүүчү жай Бүткүл Россиялык Кыргыз Конгрессинин Президенти Кожоев К.Ш. тарабынан акысыз берилүүдө. Долбоордун уюштуруучулары Э. Акматалиева, М. Камбаралиева жана А. Досмуратов чыгымдарды толугу менен өз тарабынан каржылап сабактарды акысыз өтүүдө. Уюштуруучулардын айтымына таянсак, долбоордун негизги максаты Москвада жашаган мекендештерибиздин балдарына кыргыз маданиятын таанытуу жана кыргыз тилин үйрөтүү. Сабактар мектеп жашындагы жана бакча жашындагы балдарга багытталган. Сабактарда музыка, сүрөт тартуу, баарлашуу аркылуу кыргыз тили жана маданияты таанытылмакчы. Долбоордо орус тилин билбеген окуучу балдарга да орус тилинен акысыз сабактарды өтүү пландаштырылган. Ушул жерден эске сала кетчү бир жагдай, уюштуруучулар өздөрү да бөлөк жумуштарда эмгектенишкендиктен, сабактарды жекшемби күнгө коюшкан.
Сабактар ар жекшемби күнү саат 11.00ден саат 14.00кө чейин өтүлөт.
11.00-12.00 – бакча жаштагы балдарга; 12.30-14.00 – мектеп жаштагы балдарга;
Сабактар ВВЦда (Жалпы Россиялык Көргөзмө Борборунда – Всероссийский Выставочный Центр) жайгашкан, №4 «Кыргызстан» Соода Үйүндө, 202 кабинетте өтүлөт (м.ВДНХ). Сабакка келчү окуучулардын катары көбөйүп, Мекенден сыртта жүргөн кыргыз жеткинчектерибиз кыргыз тилин, кыргыз тегин унутушпаса экен деген ойдо чыныгы Мекенчилдик аракетин, ой максатын жүзөгө ашырып жаткан долбоордун уюштуруучуларына ак дилден алкыш айтар элем…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *