Абак..

Махабат ЖУРАЕВА.

ТЕМИР ТОР АРТЫНДА “ТЕРМЕЛГЕН” КЫРГЫЗДАР!..

Күн санап кыргыздардын Москвага агылганына ылайык, көйгөйлүү көрүнүштөр андан бетер өсүүдө. Турмуш деген турмуш тура. «Акча таап, жакшы жашайм» деген илгери үмүт артынып, таалай издеп келгендин баарына эле Москва берекесин төгө бербейт шекилдүү. Айрыкча, кылмыш ишине кириптер болгон кыргыз мекендештерибиздин көптүгүн угуп, каңырыгың түтөйт. Ушул жаатта Москвадагы «Лингивист» жеке котормо бюросунда иштеген Махабат ЖУРАЕВА айым менен баарлашканыбызда төмөндөгүлөргө токтолду:

Он бир жылдан бери Москвада иштейм, котормочу катары. Тажик, өзбек, кыргыз, орус тилдеринде эркин жазып, эркин сүйлөйм. Биздин бюрого тапшырма келет. Анан, ошого ылайык, айтылган даректерге барып, кылмыш жообуна тартылганы жаткан кыргыз мекендештерибизге котормо жаатында жардам берем. Бир боорлорубуздун бир даары тил маселесинде катуу кыйналышат.

Тил жагынан кыйналганы кандай, кеңири токтолсоңуз?
Көбү тил билишпейт. Натыйжада, жалган жалаанын жамгырына кабылышат. Тергөөчү суроо берет, ал жооп берет, тергөөчү ар бир сөзүнөн илинтик издейт, «Да и нет» деп эле болжолдуу түрдө жооп бере берет. Тергөөчүгө эмне баары бир эмеспи. Кол койдуруп алат. Эгерде өзү түшүнбөсө котормочу талап кылам десе болот го. Ар бир жообу, айланып келип эле өз башына муш болорун билишпей, кол койгон деген жерлерге түшүнүп түшүнбөстөн кол коюшат. Айтор, тил сабатсыздыгынан улам да, бейкүнөө жерден кесилип кеткендер сайдын кумундай чубурат. Анан да, тил эле эмес КР, РФ мыйзамын так билбегенден да камалышканы зээн кейитет. Аябай көп, түрмөлөргө батпай кетти, ата энесин, туугандарын, өздөрүн да кыйнашууда, жердештерибиз. Жүрөгүм ооруйт…
Көбүнесе кылмыштын кайсыл түрүн жасап, темир тор артына түшүшүүдө?

Ар кандай. Айтсак, РФ Кылмыш жана Жаза Кодексинин 216- статьясы менен сот жообуна тартылгандар көп кездешет. Бирөөнүн паспорту менен ишке киргендер, жасалма регистрациясы барлар, жасалма РФ паспорт жасап, колго түшкөндөр, зордуктоолор, майда уруулук жасагандар бар. 105-статья менен, адам өлтүрүп, камалгандар да аз эмес. Кылмыш жообуна тартылгандардын көбү адвокат жалдай алышпайт. Шарттары туура келбейт. Адвокат кызматынын баасы асманда. Москвадагы адвокаттар эң кеминде элүү миң рублдан кем эмес баага жалданышып, кардардын пайдасына ылайык чечим чыгарышат. Антсе дагы, кепилдик жок, адвокатка кайрылганда кагаз түрүндө келишим түзүп алуу абзел. Бирок, ушундай суммадагы акчаны таап, адвокат жалдоо деле оңойго турбайт, кыргыз боорлорубуз үчүн.
Соңку жылдары кылмыш ишине кириптер болгондор арбын, себеби неде?

Тагдыр, маңдайга жазылса, көрөт да. Андан сырткары ошого өздөрү күнөөлүүдөй. Москвага келерин келип алышып, колдоруна биртке акча тийгенден кийин, неге келгендеги максатын унутуп коюшкандай. Арак менен пивого берилишет. Жеңил жолго түшүшөт. Акыл эсин жоготушат. Тарбиясыз иштерге бой урушат. Ошонун баары келип келип эле кылмыш жасоого түртүп жатпайбы. Соттолгондордун көбү мас абалында колго түшкөндөр. Темтейишип, эчтеке билбеген тейде түшүшөт, колго. Соолукканда караса, тордо отурган болот, баары кеч, поюзу кетип калган болот. Ушунун өзү жан кейитерлик. Анан да, «подстава» болгондору бар. Айтор, себептер толтура. Кыргыздар кыргыздарды кордогон, сотко берген фактылар да арбын. Ушундан улам кыргыз бир боорлорума айтарым: «Кагылайындар! Жат эл, жат жерде жүрөсүңөр. Колдон келишинче бири бириңиздерди сыйласаңыздар. Арактан алыс болуңуздар. Мыйзам чегинде жашаңыздар. Жаман жолго баспаңыздар. Акча таап, тириликти тыңдап, эртерээк көздөн учкан Ата-Журтубузга Ал жакта бизди агайын-туугандарыбыз күтүүдө. Сагынычтын зардабына малынып. Ушуну унутпасак…»

Маектешкен Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары. 20.02.2013.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *