Балалык..

АТА-ЭНЕ БАРДА БАЛАЛЫК КОШТОШПОЙТ.

Ата-энеси бар адамдар, эч качан картайышпайт. Эне мээриминин, ата кудуретинин касиети ошондо. Кандай шартта, кайсы убакта, кандай абалда, канча жылдан кийин келсең да эне канатына калкалап, ата баарын ичине салып сыртынан сыр алдырбаган менен, ичиндеги кубанчы калдаңдаган караанынан билинип жалгыз улагын садага чаап, сакалы дирилдеп, көзү жашылданып күтүп алууга даяр. Канчалык жогорку кызматта иштебе, канча баланын ата-энеси болбо, бул касиеттүү адамдар жашооңон кетмейинче алар үчүн сен баласың. Анткени, балалыгыңдын түгөнгүс уюткусу эненин мээрман жүрөгүндө, атанын айкөл дилинде. Ата-эне барда ошон үчүн картайбайсың. Ата-эненин касиетүүлүгү ушунчалык, алардын жанына барбай эле алар тууралуу сөз кылганда, өзүңдү балалыктын булут кечкен айдыңына кайра кайрылып баргандай дил жымыраткан сезим келет. Бала кездегидей эненин сүт жыттанган көкүрөгүнө башыңды катып дартыңды айтып, же, ата менен кеңешип алгандай көкүрөгүң бөксөрөт.

БАЛАЛЫГЫМ.

Эсимде, ошол кезде тоо боорундагы чакан айылда үстүнө чырпык коюлуп, камыш төшөлүп, анан топурак төгүлгөн жалпак тамдар болоор эле. Кышында калың кардан созолонгон түтүндөр гана көрүнүп, кыш суук болуп, узакка созулчу, бирок адамдардын пейилинин кенендигинен, боорукерлигинен, кайрымдуулугунан кыштын суугу деле байкалчу эмес. Ошондой кыштын суугунда апам бизди көчөгө чыгарбаш үчүн жомок айтып берчү. Тууурулган мээнеткеч колдору менен шыпылдатып камыр жайып жаткан апамдын коңгуроодой муңайым үнү али да кулагымда. Аябай эсимде калган жомок Андерсендин «Кар ханышасы» болчу. Бул кереметтүү жомок эсимде эле калбай, бүт кыялымды ээлеп алган, азыр да күнү бүгүнкүдөй апамдын үнү менен кулагыма жаңырат. Ошондо сыртка чана тепкени чыккан сайын иним Акылдын тумагын улам ылдый түшүрүп көзүн жаап, мүнөзү ак көңүл, элпек иним жудөп, болтойгон, суукка жарылып капкара болгон кичинекей колдору менен тумагын улам жогору түртө берчү, мен түшүрө берчүмүн. Кыялымда инимдин көзүнө каардуу ханышанын сыйкырдуу муз бүртүгү түшүп кетип, инимдин жүрөгү муз болуп калуусунан коркчумун. Ал кезде сыйкырдуу муз бүртүгү эмес, турмуш ташбоор кылаарын кайдан билдим.

АЛЫСКЫ ТООДОГУ ДҮЙШӨНДҮН МЕКТЕБИ.

Ошол тоо боорундагы жалпак тамдуу чакан, жупуну айылдын чок ортосунда балык жон болуп камыш менен жабылган, башка тамдардан өзгөчөлөнүп аппак болуп акиленген, бел курчоосуна чейин кыпкызыл жошо менен боёлгон далиси жок узун там тураар эле. Бул там мектеп деп аталчу. Андагы биздин көзүбүз менен караганда дуйнөдөгү эң кооз имараттай сезилген балык жон, үч бөлмөлүү апакай мектепке топтошкон кичинекей балдар – ошондогу биз айыдын так ортосундагы жыландай ийрелеңдеген чыйыр жол менен ашыгып сабакка келчүбүз. Алгачкы арипти ушул жерден тааныдым, биринчи жолу ушул жерде атам талаадан балаты алып келип кичинекей бөлмөнүн тең жарымын ээлетип орнотуп, апам жылтылдаган түркүн түстүү шише оюнчуктарды илип кооздогонун көрдүм, Аяз Ата менен ушерден тааныштым. Көзү гана жылтыраган, сакал муруту аппак, чоң энемдин саймалуу кооз куржунуна куюп койгондой окшош куржун көтөргөн Аяз Ата апам айткандай, тээ жердин бүткөн жери Сибирден келген Аяз Ата эмес эле, атамдын бир тууган иниси Эркин акем экенин кийин чоңойгондо билдим. Билгенде негедир аябай ыйлагым келди. Кызык, ошондо ар бир жаңы жыл сайын эле апам менен атам балатынын оюнчуктарын майрамга келген элге таратып жиберчү. Алар кызыл жашыл болгон шише оюнчуктарга абдан ыраазы болуп, чоң кичине дебей кубанып көтөрүп кетээр эле.

Ушул жерден ааламды Алыкулдун көзү менен карадым, ушул жерде дүйнөдө эң узун Амазонка деген дарыя бар экенин менин биринчи эжейим – апам баарыбызга кыштын суук күндөрүндө айтып берген. Анда «Кантип эле Амазонка биздин Кашка-Суунун дарыясынан да узун болсун?» деп ойлочумун. Анткени, мен үчүн эң кооз, суусу эң тунук, эң узун, эң таттуу, тоолору эң бийик жер Кичи-Алай өрөөнү болчу. Кийин бизден жети чакырым алыс Кызыл-Шорого сегиз жылдык мектепке келип, 5-класста ошол жердеги китепканадан Чыңгыздын «Биринчи мугалим», «Эрте келген турналар» повесттерин окудум. Окудум да, Чыңгыз ага биздин мектеп, менин биринчи мугалимдерим, ыйык адамдарым – атам, апам тууралуу, кең пейил айылдаштарым жөнүндө жазгандай өрөпкүдүм. Кээде атам кар калың түшүп катуу суук болсо, «Караган-Сайда тоңуп каласың» деп сабакка жибербей койчу да, өзү борошологон карда таң атпай баягы биз башталгыч класста окуган, балык жон болуп жабылган тамбашы араң көрүнгөн апакай мектепке от жакчу, балдарга жол ачып карын күрөчү. Борошолоп уңулдаган шамалдан тонунун жакасы менен жүзүн калкалай калдастап отун даярдап, мектепти жылытканга шашып, улам колдорун күрмөөгө келбей калган оозуна алып барып үйлөп коюп оор жыгач күрөк менен кар күрөп жүргөн атамды көрүп Дүйшөндү элестетсем, башталгыч класста окуп жүргөндөгү менин бала карегимде калып калган апамдын терезеден кар баскан тоолорду карап коюп, калың жоолук, пальто кийип алып кыш болбогон ажайып жерлер, кооз шаарлар тууралуу айтып берип жатканда көгүлтүр бакыраң көздөрү жоодурап, ак жүзүн карагаттай мөлтүрөгөн меңдери көрктөгөн, капкара каш-кирпиктүү элесин Иңкамал апайга салыштырчумун. «Апам өзү шаардын кызы болуп туруп, кантип ушул улар түнөгөн улуу тоолорго келин болду экен? Шаар жакшы да» деп ойлой берчүмүн балалык кыялымда. Азыр өзүм ошол улуу тоолорго кетким келет, бирок, ал жерде менин ордум жоктой дилим түпөйүл. Тоолор мени кабыл алаар бекен?

КЕЧЭЭГИ ӨТМҮШ – БҮГҮНКҮ ЖОМОК.

Бул айылды Кашка-Суу дешет. Мөңгүдөн башат алып, сүт көбүк чертип ашыгып айылды тең бөлүп аккан мөлтүр кашка суусу үчүн ушинтип атап коюшкан го, сыягы. Кичи-Алай өрөөнү боюнча биринчилерден болуп атам, бизден эки айыл ылдый Кызыл-Шородон раматылык Тургунбай Осмонов агай мугалимдикке окуган Кичи-Алай десең эле «Гүлчөбү» дей беришет. Кантип ушул ажайып жаратылышы, аска тиреген тоолору бар менин кичи мекенимди билбей, Гүлчөгө алмаштыра беришээрине бала кезде акылым жетпей, «Кантип Кичи-Алайды, Кашка-Сууну билишпейт» деп көңүлүм чөкчү. Көрсө, туулган жерди даңкташ керек тура. Мына бүгүн мен сени тилимдин жетишинче даңктоону чечтим киндик кан тамган Кичи-Алай! Билем, менин бул дактоом сенин Кашка-Сууңдун бир тамчысына арзыбайт.

Чоң-Алай менен Алай кырка тоолору аркылуу чектешкен бул кең өрөөндү Чоң-Алайдын кичүүсү катары санап, ошондон улам Кичи-Алай деп аташса керек.. Чоң-Алайдын Кашка-Суусунан ашсаң., биздин Кашка-Сууга, Чоң-Алайдын Сары-Моголунан ашсаң, биздин Сары-Моголго, Чоң-Алайдын Торпусунан ашсаң, биздин Торпуга түшөт деп калчу раматылык чоң энем

Дал ушул улуу тоолуу ажайып өрөөндөн биринчилерден болуп атам окуган дебедимби. Атам азыр да окууга атасы жибербей, чоң энем чоң атаман жашырып бир күрпөң козу сатып, анан окууга качып кеткенин эргүү менен эскерет. Ошондон улам да атам ошол айылдын Дүйшөнү деп сыймык менен айтаар элем. Атам окуусун бүткөндө айылга бакырайган көгүлтүр көздүү, ак жүздүү, чыйрак, мээнеткеч шаардык кызды алып келгенин да айылдагылар жомок кылып айтышат. Апам «мен келин болуп келгенде электр жарыгы да, машине жол да, ал тургай тамакка кошоюн десең пияз да жок болчу» деп айтып калат. Андайда атам, «пияздын ордуна талаада айдап койгондой көбүргөн өсүп турса, пияздын эмне кереги бар. Биз этти гана билчүбүз. апаң чөлдүн кызы да» деп чычалап кетээр эле. Андан да атам Кызыл-Шородогу мектеп-интернатта директор болуп иштеген кезде айылдын баарынын эшегин чогултуп алып тээ жыйырма км алыс, машине жол бүткөн Ак-Талаадан интернатка келген тамак-аш, кийим-кечени ташыганын, элден чогулткан аманат эшектер жардан учуп, аны атам өзү төлөгөнүн кимдир бирөөгө нараазы болуп эмес ыраазы болуп, кейип эмес, сыймыгы көөдөнүнө сыйбай, кайталангыс күндөрүн эскерип жаткандай кыялданып айтып берчү. Азыр ойлосом атам кылган ишинен кубат алып, жан-дилин төшөп жасачу тура. Ошон үчүн кейичү эмес экен да. Мунун баары азыр бизге жомоктой сезилет.

МЕН АЛАР ҮЧҮН АЛИГҮНЧӨ БАЛАМЫН.

Айылга барсам атам дагы эле «ананайын сарым, сарым» деп жалынат, апам бар тамагын белендеп катканын алып чыгат. Таң менен кошо ойгонгон экөө мени ойгонуп кетпесин деп шыбырашып сүйлөшүп, чайын шоркурата ойлуу уурттаган атам, «арыктап кетиптир, жумушу жакшы эле бекен?» десе апам, «Тамак ичпейт да байкушум. Жумушу оор го» деп акырын жумшак кобурашат. Ушул кобурашууну угуудан артык эс алуу жок дүйнөдө. Мага ийини түшүп, далысы бир аз чыккан, чачын ак бубак баскан карыя менен буурул чачтуу, жүзүн менин, ини-сиңдилеримдин түйшүгү желелеген байбиче эмес, бир кездеги тармал чачтуу, кең маңдайына бүркүт кабагы жарашкан кең далылуу, карылуу жигит менен бакырайган көгүлтүр көздүү, каш-кирпиги төгүлгөн, ак жүздүү, коңгуроо үндүү сулуу келин улам ачынып алган тентек сары кызын жаап коюп чай ичип отургандай сезилет. Качан өзүмдүн чачымды буурул аралайын деп калганын ойлогондо мезгилдин таш боорлугуна каңырыгым түтүп, жаздыкка жүзүмдү катам. «Кудайга шүгүр силер бар, мен дагы эле баламын. Ата-энеси бар адам картайчу беле». Өзүмдү ушинтип сооротом.

ДҮЙШӨНДҮН АЗЫРКЫ МЕКТЕБИ.

Бул мектеп дагы эле бар. Азыр чатырланган үйлөрдүн жанында жепирейип, бир кездеги бел курчоосуна чейин жошо менен боёлгон апакай дубалдары көчүп, тамчы өтпөсүн дешкенби жарымын эски-уску шиферлер менен жаап коюшкан. Жаңы мектеп мурдагыдай айылдын ортосунда эмес, суунун аркы өйүзүндө, чоң жолдун боюнда. Азыр бул айылга машине жол келген, электр жарыгы ар бир үйдүн сарайларынан бери жаркырайт. Баягы калың кардан мору араң көрүнгөн жалпак тамдардын баары заманбап чатыр жабылган кооз үйлөр менен алмашкан. Ар бир үйдө машине болгонгобу, негедир мага айылда баягы атам Ак-Талаадан жүк ташыган, биз кадам бассак минип алган эшектер азайып кеткендей сезилет. Окуучу балдар Амазонка деген эң узун дарыяны эле эмес, ар бир өлкөнүн президенти ким, биздин депутаттар эмне иш кылып жатат, ааламда эмне жаңылык бар, баарын билишет. Айылдын адамдары гана баягыдай кең пейил, ак көңүл, меймандостугунан өзгөргөн эмес. Атам менен апам дагы эле мектепке балдарды окутканы барат, аларга айылдын чачын ак аралаган улуусунан, мотурайган кичүүсүнө чейин «агай, эжеке» деп кайрылышат. Анткени, бир кездеги айылдын чок ортосундагы чыйыр жол менен балык жон болуп камыш менен жабылган, башка тамдардан өзгөчөлөнүп аппак болуп акиленген, бел курчоосуна чейин кыпкызыл жошо менен боёлгон далиси жок узун там – мектепке келген наристелердин алды азыр чоң ата, чоң эне болуп, алардын неберелери да менин атам менен апамдын колунда окушат. Ал тургай кээде салабаттуу байбичелер, «эжеке, менин неберемди өзүңүз окутуңуз» деп небересин жетелеп апама келишет. Атамды айылдын эң урматтуу, улуу байбичелери «директор уул» деп тергешет.

Айжаркын ЭРГЕШОВА. Акын, А. ОСМОНОВ атындагы сыйлыктын ээси.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *