Түш..

 

Бул ыр мындан он жети жыл мурун жазылыптыр. “Капырай” дедим өзүмө-өзүм, “Жашабай жатып кыйынын” – ушинтип ошондогу кыялкеч сары кызды жемелеп алдым…
(Айжаркын ЭРГЕШОВА)

 

 

ЖОГОТУУ.

Жаз жакын.. Келет, аз калды.
Суу чуркап арык сайлардан.
Күз кетпес бирок көңүлдөн,
Жалгыз түп кайың саргайган…

Дарактар бүчүр жарышат,
Бул мыйзам эч бир өзгөрбөс.
Айрылдың эң зор бактыңдан,
Менчелик «Сизди» жан күтпөс.

Өрүктөр гүлдөйт кайра эле,
Апакай бүрү шаңданып.
Жаныңдан өтөм теңсинбей,
Сүйүүгө алсыз «Сиз» майып.

1996-ж. 11. 02.

БАЯГЫ МЕН.

Мен сенден күйөөрүмдү биле туруп,
Сүйгөнмүн үмүт артпай, тилек кылбай.
Качандыр бир кездерде көкүрөгүм,
Билгенмин бош калаарын аалам сыйбай

Канатым кыркылаарын кайсы бир күн,
Туйганмын карегиңди карап туруп.
А бирок уча бердим, учтум күн-түн…
Көз жеткис мунарыкка боюмду уруп.

Куладым анан ошол бийиктиктен,
Түбү жок туңгуюкка дүйнөм чөгүп
Жок дегем.., көрсө үмүт болгон экен,
Жөлөдү эң акыры ошол келип…

Бир тилек жүргөн экен тамыр байлап,
Ал дагы калкып чыкты кыял болуп,
Экөөлөп анан мени колдоп турду,
Дүйнөмдө аңтарылган кыян алып.

Асырап калды мени жоголуудан,
Тилегим, үмүттөрүм кыярбаган,
Дагы эле өзгөрбөдүм. Баягы мен..,
кете албас сен жашаган кыялдардан…

ТҮШ.

Кайрылгыс жомок кезди эске салып,.
Түшүмө кирдиң бүгүн, айсыз түндө.
ϴзөгүм күйөт.., бирок кете албайм,
Алыскы-ы биздин аалам, биздин күнгө…

Жашоом, жаным ошо түштө калып,
Боштукта аңылдаган кууруламын.
Карттанган жарам сыйрып жөн кирбедиң..,
а балким ушул түнү сен да ыйладың..

Чачыңдын жытын туйдум, демиң угуп,
Туйлаган кучагымда денең чындык.
Энтиккен таттуу шыбыр дале угулат,
Кусадар көкүрөккө жалын бүркүп…

Жашоого кайрыла албай турам азыр..,
сени жок окшош күндөр коштоп алган.
Сыягы башым менен кошо жатат.
Сен деген, сен, сен деген бүтпөс арман…

КУПУЯ ТЕРЕЗЕЛЕР. (мой мир, фейсбук)

Аркы бетте сенин аппак терезең,
Көркөм парда кош айнеги мен жакта,
Сыры көчкөн арзан парда терезем,
Пастан туруп бийик карайт сен жакка.

Терезелер үн-сөзү жок тиктешип,
Экөөбүздүн көзүбүздөй телмирет,
Мен ачканда сен толкуйсуң. Сен ачсан
Мен кубанам, “Кудайым ай, келди!” деп.

Ортобузда бизди бөлгөн бул жолдон,
Миң сан адам ары-бери агылаар.
Көңүлү бир, бирок үйү ар башка,
Арасынан биздей балким, табылаар…

Бүтөт жумуш, сен кетесиң, мен кетем.
Терезелер умсунушат баладай.
Күтөт үйдө эстүү жарың сыр бербей,
Басам жалгыз, карегимде сүзөт Ай…

Үчүнчү күн, бүгүн асман ыйлаган,
Үчүнчү күн, ачылбады терезең.
Үчүнчү күн кароол болуп жүрөгүм,
Үчүнчү күн.., аягы жок бүтпөгөн.

… ыйлап жатты, жашын шылтап жамгырга,
Миң үчүнчү күндү узатып терезем…

“ЖАНЫМ…”

Айтууга акым жоктур сени минтип,
А бирок, айткым келди коркпой туруп,
Анткени.., көөдөн бопбош,..
жаным тентийт мейкинге боюн уруп….
Тек гана муштумдай эт кан ташууда,
Тирүүлүккө кул сыңар кызмат кылып…

* * *

Дилиме келген жазым,
Жүрөктөн бүчүр жарып.
Көчкүсү көөдөнүмдүн,
Кусамды кеткен алып.

Садагам, садагасы,
Жалынам көңүл күйүп,
Унчукпай жашытасың,
сагынчым билип туруп.

Көзүңдөн кагылайын,
Каралдым кубанычым,
Сен көпкө көрүнбөсөң,
сезимим ыйлаары чын …

* * *

Унтулбады көз ирмемдик ошол жаз,
Жамгырын айт көктөм бою жүдөткөн,
Күн күлдүрү жүрөгүбүз, а сезим,
Асан-Үсөн көпүрө эле биз өткөн…

Эл шашса үйгө а экөөбүз далдаада,
Өбүшчүбүз жамгыр көзүн күйгүзүп.
Көчө баткак, гүл таажысы, дарак суу,
колдор муз-таш, а каректе күн күлүп.

Бизден кийин уйпаланган тулаң чөп,
Жаткан бойдон жаз, жай, күздү узатчу.
Булут төшөк орунушкан чокулар,
Таңда уйкулуу көзүн ачпай күн батчу.

Кайда ал жаз, кайда андагы боз улан..?
Ай бейтаалай унутпадың шол жазды.
Ойлойм минтип адам деген шордуунун,
Бар бактысы өмүрдөгү бир жазбы..?

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *