Айжаркын Эргешова. “Жарыгым”

(аңгеме)

Мен сен жөнүндө көп нерсе жазам. Болгону сен аны окубайсың. Эмне үчүн билесиңби? Ал менин жүрөгүмдө жазылуу. Сен болсо менин жүрөгүмө кирүүгө негедир батынбай жүрөсүң. Билем, үй-бүлөңдү кыйбайсың. Ал үчүн сени күнөөлөбөйм алтыным. Ар бир ата, үй ээси өз очогун талкалоого эмес, аны калкалоого милдеттүү. Эгер азыркы ажырашкан ар бүлөнүн атасы сенчилеп балдарына кыйылса, алар үчүн өз сүйүүсүн курмандыкка чалса атасыз балдар, ажырашкан үй – бүлөлөр аз болмок, абдан аз болмок. Бирок, менчилеп асылын зарыгып күткөн бактысыз жалгыз аялдардын саны арбымак. Аттиң ай, кайда барсаң Мамайдын көрү деген ушул беле…

Сени менен алгач мамилелеш болгондо мынчалыкка барабыз деп ойлогон эмесмин. Чынын айтсам, эч нерсе ойлогум келген эмес. Актангым да, калп эле тазасынып курбусунун күйөөсүнө тийишпеген адам да болгум келген эмес. Сени жөн гана капыстан жолугуп, анан жагып калган жигит катары элестетким келген. Калганын көрө жатаарбыз дегем. Мага ошол керемет түн бүгүн азгырып, кызыктырып, эртең унутулчу оюндай сезилген. Мына эми мени менен тагдыр ойноп жатат. Ойнобой омурткам сынсачы…

Сенин керемет көздөрүң ошондон бери жинди кылганын койбойт. Кумарлуу көздөр, сулуу көздөр, мени акылдан адаштырып, адамгерчиликтин чегинен чыгарып, курбусунун башынан аттаткан көздөр. Жүрөгүмдү делбиреткен, ооруткан, санаага салган, кызганычка өрттөгөн көздөр. Эки дүйнө тең болуп, эртеңине кайдыгер каратып, намыска, кеп сөзгө макул кылган азгырык, жок, жок керемет көздөр.

Кандай кыл дейсиң. Кетсемби. Каякка кетем. Сенсиз жерде Айга окшоп жашоо жок. Баары кунарсыз, абасыз, куураган жансыз. Сен мага «Айсың, жарыгың ааламга жетет» деп СМС жазгансың эсиңдеби. Жан биргем, Айда жашоо жок деп мектепте мугалимдер окутканы эсиңде чыгаар, демек, менде сага жашоо жок. Мага болсо сенсиз жашоо жок.

Кудай күбө сенсиз жашаганга аракет кылып көрдүм. Биздин маилебиз тереңдеп баратканын сезгенде сага айтпай Жалал – Абадга кетип калдым да, сен чалган сайын кайдыгердей суз сүйлөп телефонду өчүрүп салып, же албай коюп коём. Ал тургай бир жолу телефондон катуу урушуп салдым. Тим эле заар сөздүн баарын таап, өчүм бардай уруштум. Не гана деген жокмун. «Сен эркектин сойкусусуң, акмаксың. Сени жек көрөм» дедим калчылдап. Бирок, ошондо дилим кандай канаганын билесиңби? Ошол күнү кечке аялуу буюмун жоготкон адамдай ичим эңшерилип жүрдүм. Улам сага чалгым келсе да, «ушинткен жакшы, сага да, мага да жакшы. Кечирип кой ардагым» деп ичимден сени менен сүйлөшүп, өзүмдү өзүм тынчтандырымыш болом. Кайдагы тынчтануу. Үч күндөй чалган жоксуң. Телефон чыр этсе ашыгып алып, бирок, сен эмес экениңди билген сайын жүрөгүм тегирменге салгандай миң жеринен кырчылды го ошол күндөрү. Үчүнчү күнү кечке маал сенин номериң телефонумдун экранын жаркытты. «Алоо» дедим ички толкундоодон өз үнүм өзүмө араң угулуп. Зарыктырган сенин үнүңдү эмес, аялыңдын үнүн укканда демим сууй түштү. Ал жай сурашкандан кийин, «Али кан кусуп ооруканага жатып калды. Үч күн үйгө келбей ичип кетти эле» деди кадимки жаңылыкты айтып жаткандай кайдыгер үн менен. «Кан кусуп?» деп кыйкырып жибергенимди билбей калдым. «Эмне анчалык чочуп кеттиң?» деди аялың шекшине. Ошондо өзүмө келе, «Кан кусуп десең анан… Азыр кандай жакшыбы?» дедим сөзүмдү жогото мукактанып. «Жакшы, жанында отурам, телефонду берейинби?» деди аялың суз. Апкаарый түштүм да, «мейли» дедим акырын. «Алоо» деди коңур үнүң. «Кандайсың?» дедим кадимкидей титиреп. «Жакшы, өзүң кандай?». Үнүң жумшак, бирок таарынган адамдай суз эле. Көп деле сүйлөшпөдүк. «Ооруба, жакшы болуп кет» дедим кыйылып турсам да, коштошууга шашып. Негедир сен аялыңдын алдында мага бирдеме деп жиберчүдөй сезилдиң. Балким, өзүмдөн корккондурмун.

Мен Бишкекке келгенде жаз болуп, жанга жакын, жүрөккө тааныш шаар көркүнө келип калган экен. Кетип атканда шаар али кыш чапанын таштай элек болчу. Бир боор болуп калган шаарды эки айдын ичинде кадимкидей сагынганымды сездим. Сен жүргөн, биз таанышкан шаар. Келген күнү эле жумушка бардым. Ооругандыгым тууралуу справка алып келген элем. Ырас, справка сатып алынган жасалма справка болчу, бирок мен чын эле оорудум. Болгону менин оорума менмин деген доктур да диагноз коюп, справка бере алмак эмес. Сен деген оору менен ооруп, бул улукмандын күчү жетпеген оорудан айыкмак тургай, оорум кайра күчөп, ошол оору мени жетелеп келгенин ким билмек эле. Мен келгенден эки күндөн кийин телефон чалдың. Кадимки тааныштардай суз сүйлөшкөнүм менен үнүм титирегенин жашыра албай койдум. Сенин да негедир толкунданып жатканыңды байкадым. Жолугууга чакырдың эле, «бош эмесмин» дедим өзүмдү зордоп. Сенин кайра кайра суранышыңды күткөм. Сен антпедиң, «макул анда» дедиң суз коштошуп. «Коё тур, мен макулмун» деп кыйкырып ийе жаздап араң кармандым.

Жарыгым, сен көпкө чейин чалбай койдуң, канчалык чалгым келбесин, көгүмө таянып мен да чалбадым. Ошондогу күндөрдүн муздактыгын эстесем азыр да жүрөгүм үшүйт. Жайдын аптабы күчүнө кирип келаткан. Жумушка жаңы эле келсем чалып калдың. Кубанганымды айтпа, ошентсе да билдирбедим. «Качан бошойсуң, сүйлөшө турган сөздөр бар» дедиң. Бул жолу үнүң негедир талап кылгандай өктөм чыкты. Азыр эле учуп чыгып жолуккум келсе да, «жумуштан кеч чыгам» дедим акырын. «Качан чыксаң да күтөм» дедиң ишенимдүү. Унчукпай коюп койдум да, ошол күнү кечке убакыт өтмөгү тозок болуп кыйналдым. Жумуштан кечки саат алтыда чыктым. Сени кетип калды бекен деген ойдун бурганагы дилимди сапырып, сен белгилеген жерге шашып келаттым. Күтүп отурупсуң. Жүзүм ысып, буттарым титиреп кетти. Токтоо учурашып, жүзүмөн сүйүп койдуң да,

– Бул сага-дедиң артыңа катып алган гүлдөрүңдү батына бербей сунуп. Кыпкызыл розалар күндүн табына соолуй түшкөн экен. Гүлдөр да зарыгып күтүп, ошол зарыгуудан соолуп, азыр мага кубанганынан ыктай түшкөндөй сезилди.

– Рахмат-дедим кубанганымды жашыра албай. Экөөбүз кафеге кирдик. Улам каректерибиз чагылышып, сулуу көздөрүңөн кусалык көрдүм. Кафеден чыкканда күүгүм кирип калган экен. «

– Кетесиңби?- дедиң кыйылып.

– Ооба, бирөө күтүп атты эле,-дедим. Неге анттим билбейм. Кыязы, сени үмүтү үзүлсүн дедим го. Көздөрүң капалуу көлөкөлөнө, кабагың кирдей түштү. Кете албай жүрө бердим. Сен да, «бирөө күтүп атат дебедиң беле» деген жоксуң. Балким, бирөөнүн күтүп атканын ойлогуң да келбеген чыгаар. Кетээрде бооруңа кыса кучактадың. Саамга аалам токтоп, бизди тыңшап калгандай калгандай сезилди. Ысык эриндериңден өпкүм, баарын унутуп, чакырган жагыңа ээрчип кетким келди. Бирок, сен менин курбумдун күйөөсүсүң. Ушул ой менен өзүмдү катыктырып, кетүүгө күч топтодум. Сени көргөнүмө шүгүр.

Үйгө барып көпкө уктай албай, жүрөгүмдүн кадимкидей онтогонун угуп жаттым. Жүрөк онтойт, ишенип кой. Ымыркай баланын ысытмага чыдабай өпкө кага алсыз онтогонун көргөн белең? Жүрөгүм куду ошентип, кусалыктан, дил өрттөгөн каалоону күч менен тыйган эрктин, акылдын зордугунан ысытмалап, өпкө кага онтоп жатты.

Арадан жума өтпөй кайра келдиң. Бул жолу да жолугуудан баш тарттым. Ошондон он күндөй өткөн. Жумуштан кеч чыгып, үйгө кетким келбей, бирок, айла жок аялдамага бараткам. Тааныш үн токтотту. «Али» деди менден мурда жүрөгүм. Жалт бурулсам сен жылмайып турупсуң. Чуркап барып мойнуңа асылгым келди, бирок, бир эбегейсиз зор, каардуу күч жаныңа жакындатпай кармап турду. Эгер ошол мени кармап турган күч анчалык каардуу, күчтүү болбосо, бизди токтото алмак эмес. Бул акыл күчү, эрк күчү эле. Кадимки тааныштардай кол берип учураштык.

– Кайдан?-дедим токтоо болууга тырышып. Буттарым эркиме баш ийбей титиреп, жыгылып кетпей жаныңда араң басып бараттым. «

– Ушундай эле келгем,-дедиң көздөрүңдү ала качып. Сени мага келгениңди, кечке күткөнүңдү көздөрүңөн көрүп кубанып да, кейип да кеттим. Аял катары күткөнүңө, келгениңе кубансам, адам катары кейидим. Мунун акыры жакшы эмес. Ушундайда токтотпосок, кийин мындан да жаман, мындан да оор болушу мүмкүн. Бул ойду айткым келсе да, айта албадым. Кайда баратканыбызды билбей эле бет келди басып кете бердик.

– Чай ичели, сен жумуштан чыктың да, ачкадырсың,-дедиң көп батына бербей.

– Макул,-минтип айтаарын айтып алып, өкүнүп калдым. Дайым кирген кафеге кирдик. Буттарыбыз өзү ушул жакка алып келди. Көзүңдү албай көпкө карадың. Сулуу көздөрүң кусалуу эле, кумарлуу эле.

– Кел, пиво ичебиз,-дедиң шоктоно.

– Кел,-дедим мен да тентегим кармап. Негедир ичким келди. Ичимде кайнаган ойду ичкиликке таянып айтпасам айта алчудай эмесмин. Бир кружкага жетпеген пивого мас болуп калдым. «Чачымды кырктырам» дедим сенин тыйганыңа болбой. Экөөбүз мен дайыма чач кырктырган салонго бардык. Жолдо бир кыз менен жигит негедир бизге жабышып алышты. Алардын эмнеге ээрчип алганын азыр да түшүнбөйм. Балким, сен жүр дедиңби, же биздин кызуу экенибизди көрүп пайдалгылары келдиби, билбейм. Салонго кирип эле сен экөөбүз урушуп кеттик. Бетиңе акчаны чачып, жаагыңа бир чапканымды билем.

– Сен “лох” экениңди билесиңби?- Ичим кызганычтан, сенин эч качан меники болбосуңду моюнга алгым келбеген алсыздыктан өрттөнүп турду. Демейде мындайымды билдирбеген акылым азыр мас болгон үчүн, өзүмдү тыйа алган жокмун. Бизди жанагы кыз жигит, салондогу менин мастерим ажыратып эле жатты. Эмне болгонун бирин билсем, бирин билбейм. Бир карасам эле, жанагы жигит, мен, сен болуп темир жолдун боюнда жүрөбүз. Өзүмө келе түштүм. Ошондо гана тиги баланын жигит эмес эле, балапан түгү түшө элек өспүрүм экенин баамдадым.

– Сен эмне жүрөсүң? – дедим бейтаанышка.

– Сиз жүр дебедиңизби.

– Жүр десе эле жүрө бересиңби, көрбөй турасыңбы мен жалгыз эмес экенимди. Бар барагой иним, кетип кал. Рахмат мени укканыңа – дедим акырын. Жигит сөрөй ордунан турду да, сени жалтаңдай карап, шаша басып кетти. Экөөбүз тең соолугуп, жини күбүлгөн бакшыдай унчугушпай, көпкө муздак рельстерде отура бердик.

– Эмнеге тиги баланы урушуп кууп жибербедиң? – дедим, жүзүңө тик карабай.

– Байкуштун көлөкөдөн айырмасы деле жок экен, сен кетпе десең кетпей ээрчип жүрө берди. Бир сабап салайын дедим, бирок, жаш балага теңелгим келбеди. Мейли өзүн кыз талашкан жигит сезип алсын дедим – дедиң муңайым, капалуу жылмайып. Жүрөгүмө ушундай бир оор кусалык, жан ооруткан кайгы толуп чыкты. Көкүрөгүңө башымды жөлөп алып, көптөн бери чогулган бугумду чыгара өксүп ыйладым. Үн катпай кучактап отура бердиң.

_ Кыйналып кеттим. Эмне кылабыз, эми эмне болот? – дедим буркурап.

– Өзүм да билбейм, мен кыйналбады дейсиңби. Сага өчөшүп баягыда үч күн досумдун үйүндө ичип, ошол жерге кыз ээрчитип да келдим. Негедир сен оюмдан кетпей койдуң. Качан кан кусуп калганда эсиме келдим. Мынчалыкка барабыз деп ойлобопмун – дедиң үнүң каргылданып. Баш көтөрүп карасам, сен да ыйлап жатыпсың. Кирпигиңе токтоп калган жаш ай нуруна күмүштүн күкүмүндөй чагылып жылтырап туруптур.

– Ыйлап жатасыңбы? – дедим жүзүңдү кош колдой сылап. Унчукпай бооруңа басып, чоло жеримди койбой тумчуктура аптыгып өпкүлөдүң. Темир жолдун боюндагы адам буту баспаган тулаң чөптө туйлап, бир бүтүнгө айланып бараттык.

– Үшүп кеттим – дедим көкүрүгүңө жүзүмдү катып.

– Үшүгөнүңөн сенин, азыр экөөбүз бир жерге барабыз – дедиң да, мени колдон  ала жетелеп жөнөдүң. Досуңдун үйүнө бардык. Оболу дубалды ашып өзүң кирип кеттиң да, бироокумда бир жаш келин чыкты.

– Айдай сенби – деди акырын. Үнсүз баш ийкедим. Ал мени тар короо менен кичинекей үйгө ээрчитип кирди. Дасторконго отурганга үлгүрүп калыпсыңар. Толмоч бир жигит менен ичип отурупсуң.

– Жарыгым менин, келдиңби? – мени күлүмсүрөй карадың да, анан – таанышып алгыла бул менин Айдайым – дедиң көздөрүң күлүп. Жүзүң жадырап башкача бактылуу элең.

– Азиз, бул менин келинчегим Толгонай – деди досуң жарык маанай менен. Таң атканча отурдук. Досуң дардаңдаган ак көңүл жан экен. Аялы жактырбаса жактырбаган чыгаар, бирок анысын зыңкыйып билдирбеди. Эрте менен эрте Толгонай жумушка кетти, мен уктап калыпмын. Ойгонсом дагы эле ичип отурупсуңар. Тургум келбей жата бердим. Сен уктамыш болуп жаткан мени акырын өөп, кумтулай жаап койдуң да:

– Карасаң Азиз, сулуу бекен? Баягыда үч күн ичпедим беле, ошондо Айдай мени телефондон урушуп, ошого ичим күйүп ичкем – дедиң акырын. Досуң тим гана коштой;

– Ии, сулуу экен – деди кайдыгер булдурай. Мен сен үчүн жанда жок сулуумун ардагым, башкаларга катардагы эле жылдыздуу кызмын. Экөөбүз досуңдун үйүнөн кеч чыктык. Жаш гвардияда көпкө басып жүрдүк да, сен үйүңө кыйылып жатып араң кеттиң. Кетпесең болбойт жарыгым, кет. Биз эми ушинтип жашынып жолукканга, эртеси кыйылып кыйналсак да, ажырагыбыз келбесе да ажыраганга аргасызбыз. Биз бул турмуш стандартына сыйбаган катаал тагдырды өзүбүзгө – ошол темир жолду бойлоп жүргөн керемет кадыр түндө тандап алдык.

Жарыгым, эсиңдеби, сенин туулган күнүңдө. Мен барганда сыртта кой союп жатыпсың. Мени көрүп сулуу көздөрүң жадырай жарк этип, негедир кызарып кеттиң. «Келиңиз» дедиң жайдары. Аялың менен учурашып, анан сени карап «туулган күнүң менен!» дедим үнүм дирилдей. «Рахмат» дедиң күлүмсүрөп. Сени өөп койгум келлди. Үнүм менен кошо жүрөгүм, бүт денем титиреп турса да өзүмдү карманып, «кел күйөө бала, өөп коёюн» дедим да, жооп күтпөй эле жүзүңөн сүйдүм. Тааныш жытың «бур» эте жүрөгүм бир башкача булкуп кетти. Бетиң ысык экен. Бул, балким, уяттан чыгаар. «Эмне жаңы туулган балага кой сойдуруп жатасыңар?» дедим аялыңа. «Эч нерсе болбойт» деди аялың кайдыгер. Мен аны тамашаны улай, сени бирдеме деп эркелетип коёт го деп күткөм. Кызыктай боло сөз үзүлүп калды. Аялың мени үйгө ээрчитип кирди. Үйдүн ичи өтө жупуну, бирок, таза экен. Дасторкон негедир майрамга эмес, кадимки эле кирип чыккан кошунага жасалгандай. Аялыңдын жакында эжеси дүйнөдөн өткөн болчу. Ошого куран окуп бата кылдык. Сени эркек, үйдүн ээси катары куран окуганга чакырат го десем негедир чакырбады. Өзүбүз эле окуп, бетке бата тарттык. Өлгөн адамга бата кылаарда, мүрзөдө өлүм эске түшүп, бул күнөөкөр дүйнөнүн убактылуу экенин,  жасаган иштериңе жооп берчү кез эртеби кечпи келээрин эскертет. Өлүм ошонусу менен улуу, коркунучтуу. Негедир дилим ооруп, маанайым чөгө түштү. Кайсы бир күнү сени сүйгөнүм үчүн, сени менен жолукканым үчүн жооп берчү күн келээрин ушундай бир дилим ооруп, коркуп эстедим, Эстедим десем аз болоор, жүрөгүм опкоолжуп, дилим муунуп жон терим менен сездим. Тар, караңгы, эч кандай мээрим жок муздак үйдөн чыкканча шаштым, Сыртка чыгып буулуга шуу үшкүрдүм. Мен ичеге жуудум, тыпыйган эстүү кызың суу куюп берип атты. Кудай ай, кандай жаман адаммын. Эч нерсе менен иши жок, менин суроолорума жан дилинен жооп берип жаткан ак жүздүү, коюу чачын эки бөлүп өрүп алган наристе кызыңды карап туруп өзүмдү ушундай жек көрдүм. Эч нерседен бейкапар, териси чочконун терисиндей калың, семиздигинен шымдарынын тигиши чычалана, салаңдаган албарсты эмчеги майкасынан көрүнгөн жоон аялың сен бузуп берген этти асты. Сен менин кирдей түшкөн кабагыма улам жалжылдай карап, каректериң тынсыздана дүрбөлөң түшүп жатты. Аялың карын төккөнү кетээри менен «эмне болду?» дедиң акырын. «Эч нерсе». «Азыр эт алып коём, эртең экөөбүз тоого чыгып кетебиз, макулбу» дедиң кумарлана карап. Күнөөкөр пендебиз да, сенин сүйүү, ышкы төгүлгөн көздөрүңө карап туруп, эми эле толгонткон ойлор эстен чыгып, бул көздүн эркине каршы чыга албасымды, айрыкча азыр ушу күндөрү, сенден кумарым тарай электе каршы чыга албасымды  түшүндүм. Балким, ушундай убактылуу кумардын кулу болгондугум үчүн ушинтип, сени менен абийири бар адам баргыс күнөөгө барып жүргөн чыгаармын. Дасторкон үстүндө аялың менен катарлаш мага бет маңдай отурдуң. Улам кумарга толгон көздөрүң көзүмө кадала чагылышып, эч кимди көзгө илбей карай бердиң. Биз бир топ кызып калганда Азиз, «адашып калдык» деп телефон чалды. «Жүр экөөбүз тосуп келебиз» дедиң мага кумарлуу карап. Аялыңа, «сен тамагыңды даярдай бер» дедиң өктөм. Негедир ал каршы болгон жок, бирок маанайы чөгө түштү. Адашып кеткен досуңду аялы менен тоскону чыктык. Экөөбүз досуңду издебей эле көл жээктеп басып кеттик. Бакалар ырдап, а биз болсо алардын ырына, сүйүүгө мас болуп тулаң чөпкө оронуп туйлап жаттык. Эрдиңдин даамы уятты унуткартып, сенин карылуу кучагыңа, ысык шыбырыңа баш ийип бердим. Керемет көздөрүң ай нуруна чагылышып башкача сулуу эле. Бул көздөрдө жөн гана эркектик кумар эмес, сөз менен айта алгыс ышкы, сагыныч, берилүү, чыныгы мээрим, анан тазалык бар болчу. Сен мени менен ушинтип күнөөгө батуу эмес, чын дилден мени менен болуу сага бакыт үчүн ушунча жыл жашаган аялыңды таштап чыгууга батынганыңды дилим туюп, өзүмдү күнөөкөр сезген кир сезим дароо жоголуп, сени менен тим гана өмүр бою ушинтип никесин жылдыздуу түн, акыл эсти алган махабат кыйган, жүрөгүң гана билип, суук көз, арам дил адамдар билбеген жашыруун аялың болуп жүрүүгө макул элем. Көкүрөгүңө баш коё «кетеличи күтүп калышты» дедим акырын. Унчукпай улутуна бекем өөп алдың да, ордуңдан турдуң. Эмнеге улутундуң билбейм. Ошол түнү негедир дилимди бирдеме ушундай оорутуп өйкөй берди. Барган сайын бул оору күчөп кыйналып, демим кысылып меймандарды калтырып сыртка чыктым. Артыман аялың чыкты. Көзүнө карай албай, баарын – сени кандай сүйөөрүмдү, сенден жакшы эле качып бирок түтпөгөнүмдү, сенин көктүк менен кайра кайра телефон чалганыңа, гүл көтөрүп барганыңа туруштук бере албаганымды, сени аны менен бөлүшүп жүргөнүмдү, мунун баары эрктен сыркары турган, намыска, акылга баш ийбеген нерсе экенин айтып, балалык кубаныч кайгыны, өрттүү жаштыкты бирге өткөргөн айылдагы кайталангыс керемет күндөрдүн атынан кечирим сурап ыйлагым келди. Анте албадым. Зардем жетпеди. Сен үйдөн чыктың да, үстүмө курткаңды жаап, аялыңды киргизип жибердиң. Эмнеге кирип кетти экен? Эмне бизге ишендиби, же сынадыбы? Кирип кетпей кошо баса эмне атаганат. Экөөбүз муздак суу ичтик. Сен кош колуңа сузуп ичирдиң. Мен өмүрүмдө мындай таттуу суу ичкен эмесмин. Анан көл бойлой бастык. Экөөбүз тең мас болчубуз. Ичкиликтен мурда бири бирибизге мас болчубуз. Бүткөн боюбуз чөп болуп, дилибиз ооруп да, алда неге тымызын делбиреп да түн оой үйгө келдик. Сенин жаныңа жаткым келди. Эртеси аялың экөөбүз очок боюнда сүйлөшүп отурдук. Мен анын бирдеме айта албай жатканын сезип апкаарып да, тымызын баарына өзүмдү даярдап да отурдум. Батынбады көрүнөт, унчукпады. Унчукпаганы катуу тийди, жарылса жеңил болмок. Узатаарда негедир «сен кала бер» дедим аялыңа. Анын кабагы кирдей түшкөндө ката кетиргенимди түшүнүп өкүндүм. Досуң, анын аялы төртөөбүз үнсүз катар басып келе жаттык. Сен мени акырын чыканагыман кармай четке тартып, «Сен кала берчи, анан узатып коём» дедиң кыя албай муңайым карап. Аялдамада туруп алып «силер кете бергиле, Жарыгымды өзүм узатам» дедиң карап турган адамдардан тартынбай эле бооруңа кыса кучактап. «Кантет, элдер карап турса», кучагыңан чыкканча шаштым. Сен ансайын бекем кучактай, «карай беришсин, бирөөнүкүн кучактап жатыпмынбы, өзүмдүн жаным го» дедиң мастыкка салып. Калгым келсе да калбадым. Ансыз деле күнөөм көп кагылайыным. Мени кыйнабачы макулбу.

Жарыгым, сен мени чакырдың. Баарына макул болуп, бирөөдөн акча алып сен белгилеген жерге, обьезнойго бардым. Бир сааттай кечигип барып, чалсам «сени күтүп, азыр эле кетип калдым эле» дедиң. Ишенип ыйлап жиберсем, шашып «артыңы кара» дедиң күлкү аралаш. Таарынып карабай койдум. Бир чети көз жашымды аарчып алайын деп ойлодум. Барып эле мойнуңа асылдым. Бооруңа кыса кучактап, көпкө жыттадың. «Жытыңан сенин, сагынып кеттим го» Чындап эле коңур үнүңдө  чексиз сагыныч бар болчу. Экөөбүз тиктешип отуруп алып шашлык, самса жедик. Тамактын таттуусун. Сөзүбүз түгөнсөчү. Биз жолукканда негедир жер   тандабайбыз. Чогуу болсок ошол жетет. Чөпкө оонай жыгылып, бири бирибизге тойбой чырмала көпкө үнсүз катарлаш жаттык. Анан бери келип сенин курткаңа мен отуруп, сен менин тиземе баш коё көктү карап жаттың. Саат мындайда тез өтөт. Жамгыр жаабаса, балким, караңгыга чейин отура берет белек ким билет. Ордуңан туруп жатып, «кетесиң ээ» дедиң улутунуп. Унчукпай ууртуңан, эрдиңден өптүм. Көпкө чейин кучактап тура бердиң да, анан «бар эми үшүп калба» дедиң, жүзүмдөн көз албай кумарлуу карап. Кыйбай араң турганыңды сулуу көздөрүңөн окудум. Кантели эми жарыгым, экөөбүзгө ушул жол буйруса. Сен мени маршруткага узатып кала бердиң. Жүрөгүмө толтура сагыныч, кубаныч, бакыт, куса жүктөп жалгыз келдим. Эсиңдеби, мен ошондо бариктери менин чачымдай шамалга сеңселе чачылып, жанындагы чоң даракка шамалдан корккондой ыктаган даракты көрсөтүп, «карасаң сага ыктаган мага окшош экен» десем, «сен эч кимге окшош эмессиң, сен баарынан башкачасың» дебедиң беле. Сен дагы өзгөчөсүң ардагым.

Жарыгым, сен келдиң да эки күн менин жанымда болдуң. Ошол эки күн бизге эки мүнөтчөлүк болгон жок. Улам сенин мойнуңа асылып, көздөрүңө тигилүүнүн өзү кандай чоң бакыт. Сен болсо унчукпай бекем кучактайсың да, бооруңа кыса абай менен акырын өөп коёсуң. Сулуу көздөрүң кумарга толо кылгырат.

Эрте менен үйдөн чыгып жатсак компьютер алам деп дайындап койгон таанышым чалып калды.

– Ким?-Көздөрүң кызганыч нурунан көлөкөлө түштү.

– Компьютер алам дебедим беле, эсиңдеби. Таанышыма дайындагам. Ошол чалып жатат.

Үйгө кетем деп аткансың. Анан эле мен да барам деп чыктың. Компьютер саткан жигитти күтүп жакыныраак кафеге кирип отуруп калдык. Кумарлана карап

–  Жеп коёюнбу?-дедиң көздөрүмө тигиле.

– Пивого закуска кылыппы?

– Жаным го, мен сени жакшы көрөм.

– Койчу, кантип эле мен эң жакшы закускамын

– Сендей закуска эч жерде жок. Сен көп нерсеге закускасың.

–  Мисалы, эмнелерге?.

– Мисалыбы, сагынычка, жүрөк ооруганга, дагы көп. Санаганга колум жетпейт

– Жүрөк оорунун, сагынычтын закускасы бар экенин биринчи угушум.

– Билгенден биле элегиң көп карындаш.

Биздин таттуу кайым айтышуубузду пиво көтөрүп келген официант кыз бузду. Экөөбүз көпкө отурдук. Качан Нурдин чалганда ордубуздун турдук. Сен чын эле Нурдиндин жөн эле тааныш экенине көзүң жеткенде кеттиң. Кызык, кетип баратып ушундай бир кыйылып, мен узап кеткенче карап турдуң. Кызганчаагым менин. Компьютерди алып, акчасын берип, «жеткирип бересиңер да» деп үйгө кеткем, жетип жете электе сен чалдың.

– Мына бул ырды уксаң,-дедиң үнүң делбиреп. Гүлжигит Сатыбековдун «Билген жоксуң» деген ыры экен.

– Уктуңбу?,

– Ооба,

– Мен азыр барам

– Кантет, эми эле кетпедиңби

– Эмне жаныңда бирөө барбы?-Үнүңдө кызганыч «дүрт» этти.

– Мейли, кел жарыгым.

Тез эле жетип келдиң. Бооруңа кыса кучактап;

– Сагынып кеттим, ырды укканда жүрөгүм толуп чыкты. Сенин кетип калганыңды элестетип алып жетип келдим,-Сен сүйлөп да, өөп да жаттың

– Жиндим десе, мен каякка кетмек элем. Кете албай калдым го,-Жүрөгүм негедир буулуга улутунуп алдым.

– Не үшкүрөсүң? Мага жолукканыңа өкүнүп жатасыңбы?

– Чынын айтайынбы?»

– Ооба-дедиң сулуу көздөрүң ынтызарлана.

– Абдан өкүнүп жатам. Акыры жакшы бүтсө го жакшы дечи. А кокус, жаман бүтсө экөөбүз тең бүт өмүр жарадар болобуз. Акылсыз экенимди сага жолукканда сездим

Унчукпай бооруңа кыстың. Ушинтип унчукпаганың мени тынчтандырмак түгүл жанымды кыйнап жиберет. Сенден эмне сөз күтөөрүмдү деле билбейм. Өзүм да билбеген сөздү күтө берем.

«Мен сени баарынан жакшы көрөм. Сүйөм! Эч  кимге бербейм».

Жарыгым, эсиңдеби, мен биринчи жолу жаңы компьютерге ушинтип сенин көзүңчө жазгам. Сен болсо адатыңча жумшак, табышмактуу жылмайып койгонсуң. Дайыма ошентесиң. Мен таарынсам да, шоктонсом да, эркелесем да табышмактуу, жумшак, ары таттуу жылмаясың. Ушул жылмаюуң мага бакыт, ошол эле убакта кусалык тартуулайт. Анткени, жылмаясың да, ошол жылмаюңду жүрөгүмө кусалыктын үрөнү кылып таштап кетесиң. Ал үрөн сен кетериң менен дароо өнүп чыгып, анан тез эле тамыр жаят. Анын тамыры ар бир кан тамырыма, ар бир клеткама тарап, жүрөгүм ар бир соккондо сен деп согуп, ар бир клеткам сен деп жашап калат. Анан кантип сени сагынбай коём асылым. Коркпогонуң, беттегеииңен кайтпаган өжөрлүгүң, жанда жок боорукерлигиң дилимди чыгалгыс кылып чынжырлап алганын билбейсиң жарыгым. Азыр эле кеттиң, а менин жүрөгүмдө болсо сен таштап кеткен кусалыктын үрөнү жан дүйнөмдү чырмап, дилимди муунтуп өнүп чыкты. Сен келгенче качан эми. Тез эле келчи ээ, макулбу. Абдан башым ооруп чыкты. Неге билбейм. Сени сагындым асылым…

Мен аялыңдын бир нерсесине таң калам. Неге билмексен болот? Ушунчалык сени сүйөбү? Кызганычтан өзөгүм өрттөнөт. Менин асылым, сени өзүмдөн башка эч кимге ыраа көрбөйм. Бир кезде дилиме бороон түшүргөн наристе тун сүйүү азыр жылдыздай алыс, муздак, тилектей кол жеткис, балалыктай кайрылгыс, а сен болсо жаныма жакын, өрттөй ысык, көп күтүп жеткен тилектей аялуу, кымбатсың. Ушунун баарын кантип туйбайт болду экен аялың?

Уктай албай жатып эми уктап бараткам, Телефондун үнүнөн ойгонуп кеттим. Саатты карасам түнкү саат төрт.

– Алоо –  дедим акырын.

– Айды көрүп жатасыңбы? – деди жанга жакын, тааныш жагымдуу үн.

– Сен эмне ай кайтарып жүрөсүңбү, уктабайсыңбы.

– Сени сагындым, уйкум келбей жатат.

– Мен да сагындым.

– Жаным го, жарыгым, айым менин.

– Эмне массыңбы, жалынып калыпсың.

– Мен сага дайым эле жалынам го.

Таарына түштүң. Телефондон демиңди угуп тура бердим. Дайыма ушинтесиң, мен коймоюнча койбойсуң трубканы.

– Эси жогум, укта жанымды бейпайга салбай.

Сен келдиң. Жакшы көргөн тамагыңды жегенден кийин

– Жүр он экинчи этажга чыгып келебиз – дедиң жетелей. Шаардын баары көрүнөт экен. Экөөбүз бир стулга отуруп алып шаарды карап көпкө отурдук. Сен мени кыса кучактап, желкемен жыттай унчукпай отура бердиң. Демейде көп сүйлөгөн мен да унчукпадым. Эмнени ойлондуң экен ошондо? Мени менен балдарыңдын ортосунда жанчылдың го ээ, ардагым.

– Эч ким жашабайбы бул кабатта?-дедиң бир оокумда. Үнсүз баш чайкадым.

– Жүр карап чыгабыз

Чын эле эч ким жок экен. Бир бөлмөгө киргенде бооруңа кыса кучактап;

– Кел экөөбүз ушерге жашайбыз,-Көздөрүң кумарлуу жайнап турду.

– Макул-дедим сага ыктай берип. Эрдимен, көзүмөн, мойнуман өпкүлөп, экөөбүз бир бүтүнгө айланып бараттык. Эки күн калдың. Кетээриңде кыйылганыңды, менин кыйналганымды эстесем күнүм күйөт. Кайдан да от менен ойнодум жарыгым, кайдан ойнодум.

Жарыгым, жумуштан чыгып келатсам аялың телефон чалды. Ар бир чалган сайын айыбым ачылып калчудай жүрөгүм селт эте апкаарып кетем. Уурунуну арты кууш деген ушул белем. «Көптөн бери чалбай койдуң го, эмне болду?» деди бейкапар. Чалды куйду бирдемелерди айткан болуп, ал абалын сураган болуп эле дабдырап жаттым. Качан трубканы койгондо шуу үшкүрүп алдым. Жанымда турган кыз менин шуу үшкүргөнүмө кайдыгер карап койду. Көздөрү нурдай таза, ойноок экен. Негедир бейтааныш кызга суктандым. Жаштык кандай жакшы, эч нерседен бейкапар, эртеңдер жомоктой кереметтүү туюлуп, жашоо кызыл тазыл. Ойго чөгө түшкөн мени телефонго келген smsтин үнү бузду. Карасам сенин аялыңдан. «Мен сенден муну күткөн эмесмин» деп жазыптыр. Жүрөгүм катуу булкуп алды. Мен корккон күн келген экен. Ичимде негедир бирдеме күйүп кеткендей денем ысып, ал ысык башыма чыкты. Уятыман саамга не деп жооп берээримди билбей шалдырап отуруп калдым. Көз ирмем убакыттын ичинде көз алдыма нелер келип кетпеди. Экөөңдүн урушуп жатканыңар, аялың мага келип, «адам эмес экенсиң, сага ишенбедим беле» деп бетиме түкүрөөрү элестеп ичиркене калтырап кеттим. Аялдамадан түшүп каякка басаарымды билбей саамга туруп калдым. Жан дүйнөм кыйсыпыр түшүп, өзүмдүн ашыкча экенимди, бирөөнүн бактысын көз көрүнөө талашып жатканымды мойнума алгым келбесе да дилим ооруп сездим. Ошол эле учурда негедир ичимден тажаал бирдеме ойгонуп, өзүмдөн өзүм «ал меники» дедим алсыз өжөрлүк менен. Дароо «Адамдан баарын күтсө болот, мен периште эмесмин» деп sms жазып жибердим. Канчалык эрсинбейин дил тереңинен коркуп эле турдум. Бироокумда өзүң телефон чалдың. Сага баарын айттым. «Канча айтсам да мага ишенбей жүргөн. Эми ишенип калды» дедиң акырын. Үнүң муңайым болчу. «Уруштуңарбы» дедим көңүлүм чөгүп. Ичимден бирдеме удургуй бук болуп чыктым. «Сенин ачык айтканыңа ыйлагым келип жатат» дедиң каргылдана. Ачык айтпаганга аргам кайсы эле. Күйө турган бет күйдү.

Сен келип эле бооруңа кыса кучактап өптүң да,

– Эмне өңүң купкуу?-дедиң жүзүмө сагыныч менен тигилип.

– Канчалык ойлонбойун десем да уятым кыйнап жатат. Аялың билбей эле койсо болмок-Көзүмө өзүнө өзү жаш айланып, аны жашыра ары бурулдум.

– Ал дагы эле шек санап, бирок ачыгын билбей жүрөт.

– Кантип билбейт, өзү мага sms жазбадыбы.

– Аны мен жазгам, ишенчээгим десе. Сенин чын эле мен үчүн баарына даяр экениңди билгим келген.

Сен бул сөздү тим эле эрдигин мактанган баладай бейкапар айттың. Жаактан ары бир чаап жибербей араң кармандым.

– Акмак, мен сен келбеген үч күндүн ичинде жинди болуп кала жаздадым го

Ыйлап да жатам, сүйлөп да жатам. Сен эмне кылып салганыңа эми акылың жеткендей суз тарттың. Ашыгап келгендеги делбирөөң баары күбүлүп түшүп, тунжурап отуруп калдың. Алдаганыңа ызаланган менен чынын айтсам, аялыңдын билбегенине кадимкидей жеңилдей түшкөнүмдү сездим. Күнөөкөр боло үнсүз бооруңа кыстың. Бекем кучактап өпкүлөй да, кечирим сурай да бердиң. Сени кечирдим асылым.

Билесиңби, сен алдабасаң көп нерсеге даярмын. Алдасаң деле макулмун. Мен сени менен эсептешип, «сен анткин, анан мен минтем» дегим келбейт. Анткени, сүйүүдө эсептешпейт, сүйүүдө жүрөк эмне десе ошону аткарат. А менин жүрөгүм болсо сен аман болсоң болду дейт. Анан да жанымда болчу.

Жарыгым, сени менен акыркы күндөрү көп урушчу болдум. Себебин билесиңби? Кайдан билмек элең таарынчаагым. Сен «урушасың» деп таарынышты эле билесиң. А эмнеге урушканыма түшүнбөйсүң, жүрөгүм кызганычтан күйгөнүн, түнү уйкум качып жинди болгонумду кайдан түшүнмөк элең. Менин күндө бирөөнүн жанында жатканымды элестете аласыңбы, жок. А мен элестетем. Андай башыңан өтпөсө кайдан түшүнмөк элең. Келинчегиң атайылаппы, же чындап эле ошончо ишенеби айтор, «мен сага ишенем, сен андайга барбайсың» дей берет. Мен эмне периште белем. Ырас, сени менен мындай мамилеге барбашым керек эле. Бирок, баары менин эркимен, акыл-эсимен сырткары болуп жатпайбы жарыгым.

Кечинде келдиң. «Келдиңби» деп чалсам, «машина бузулуп, жолдо калдым, бара албайм» дедиң. Ыйлагым келип, трубканы коюп койдум. Кайра чалдың эле албай  койсом балам алды. Учурашып, анан «мамаңа бер» деген коңур үнүңдү уктум. «Терезени карачы» дедиң трубканы алаарым менен. Карасам күлүп терезеге асылып турупсуң. Учуп чыктым. Бооруңа кыса кучактап «жиндим менин» дедиң элжирей өпкүлөп. Кубанчым койнума батпай турду. Эриндериңен, көзүңөн өпкүлөп жибердим. Эриндериң оттой ысык экен. Жүзүмөн күлкүм төгүлө сени ээрчитип кирдим. Тамак бышып калган. Тамак жедик, сен негедир сууп калгандай сезилдиң. Жок, мен сени урушуп атып суутуп алыпмын. Эми эч качан урушпайм жарыгым, сен жакшы сөздүн теңисиң. Сыртта басып жүрүп;

– Мага жолукпай коюуну ойлойсуңбу? десем,

– Ооба, бирок андан кийин жашоо жоктой сезилет-дедиң ойлуу. Мен да ошентем. Көрсө, экөөбүз бир эле нерсени туят экенбиз. Эки күн калдың. Бир мультик көрдүк. Суу менен оттун балдарынын сүйүүсү жөнүндөгү кызыктуу мультик экен.

– Экөөбүз жөнүндө экен,-сени карабай туруп акырын кобурадым. Муңайым жылмайып гана койдуң. Үчөөбүз кучакташып алып көрүп отурсак кызым;

– Бир үй-бүлөгө окшоп көрөлү ээ?-деп коёт. Сен мени жалт карадың.

– Бир үй-бүлөбүз да,-Ыйлагым келип каргылдана акырын сүйлөдүм.. Бала да кызым сүйүнүп калды, менин болсо жүрөгүм ооруду. Мультиктин акырында от менен суунун балдары сүйүнүн керемети менен бирге болушат экен.

– Көрдүңбү экөө биригишти,-Жанатан унчукпай отурган сен мени бооруңа кыса кучактап шуу үшкүрдүң. Чындап сүйүнгөнүңдү көзүңөн көрдүм.

– Эмне төлгө кылдың беле?-Баладай кебетеңе ичим элжиреди

-Ооба,-Мойнуман акырын жыттап койдуң. Ушинтип жыттай бересиң. Уктабай карап жаттым. Сен меникисиң. Мен ушинтип чечтим. Кудайдан улук сүйлөбөйүн, бирок сен меникисиң жарыгым. Анткени, сен менин сени аяганымды, уктасаң ойготпойун деп четтеп жатканымды, тиземе жатсаң, же жөлөнсөң буттарым уюп, талып кетсе да чыдап отура бергенимди туят экенсиң. Өзүң ушинтип айтпадыңбы. Демек, бири-бирибизди сезебиз. Бир кинодогу каармандын «сен мени сүйөөрүңө ишенен албайм, анткени, сүйсө туят, а мен эч нерсени туйбай жатам» дегенин уккан элем. Мен туюп турам, сен сүйөсүң. Сен да менин сезимимди туясың. Калганын кудайдан күтөлү ээ жарыгым. Эрте менен кыйылып атып араң кеттиң. Эмне мен кыйылбады дейсиңби? Жанымдын жарымын ала кеттиң жарыгым. Бар болчу, маңдайга жазганын көрөрбүз.

Сен жөнүндө жазбай койгондон бери бир топ күн өттү. Биз өтө олуттуу мамилеге өтүп кеттик. Ушул өтүп кетүүнүн ортосу мен үчүн кандай оор болгонун билесиңби? Канчалык өзүмдү алдабайын сенин аялыңды көргөн сайын дилим сыздайт. Канткенде да, адаммын го. Кантип жүрөгүм оорубасын.

Аялың кетип калганын айтканыңда негедир бирөөнүн аялуу буюмун сындырып койгондой денем муздап кетти. «Мен бир үй – бүлөнү буздум» деген ойдон аза боюм үркүп, көз алдыма кызыңдын акылдуу көздөрү, уулуңдун баягыда алгач көргөндө, негедир, жактырбай караган олуттуу жүзү келди. Аларга кантип жооп берем? Алардын эң жек көргөн адамы эми мен болом. Силердин алтын уяңарды мен талкаладым. Сен болсо «биз буга чейин эле көп урушучубуз, канча жолу ажырашып кайра жараштык, сен болгону себеп болуп калдың», дедиң жүрөгүмдү тилип. Мен жамандыкка себепкер эмес, сага сезим, болгондо да кайталангыс улуу сезим, жүрөк жарган ышкы болгум келген. Эч качан урушканга, ажырашканга себеп болгум келген эмес. Эч качан.

Аялыңдын менин катымды көтөрүп келгендеги абалымды айтып түшүндүрө албайм. Алдында күнөөкөр да болуп, ошол эле учурда өзүмдү кармап баарына даяр боло бекем турдум. Ал көпкө эч нерсе айта албай буулугуп, мени менен кечке бирге жүрдү, бир кафеге кирип чай ичтик. Ошол күнкү жамгырды айтпа. Бул мага жамгыр эмес, менин, жок биздин, эки адамга жазылган бир бакытты бөлүшө да албай, бирок кыйып да кете албай ыйлаган бактысыз эки аялдын жүрөгүнүн ыйындай сезилди. Аялың кетээрде араң жарылды.

– Чайыңа, анан мобу катыңа да рахмат,-Көздөрү курч бычактын мизиндей муздак, ызалуу жылт этти. Ушундай болоорун күтүп даярданып турсам да калтырап, өзүмдү жогото апкаарып калдым. Жер жарылып кетпеди, мен кирип кетпедим. Ал сөзүн суз улантты,-Сенден муну күткөн эмесмин. Сага абдан ишенгем-деди көзүмө тике карап. Анын баарынан да мага ушундай бир ишенимдүү туруп;

– Он эки жыл ысык суугуна чыдап, эки баланы төрөп берген менин кадырыма жетпеген, сенин кадырыңа жетет деп күтүп жатасыңбы. Ал мага «мен алсам экөөңдөн тең жашты алам» деди. Анын пейли мага белгилүү. Он эки жылда он эки пейлин үйрөндүм. Ал сенин сезимдериңди ойноп жатат. Ал сүйгөндү билбейт, сүйдүргөндү гана билет-деди шишенин сыныгындай муздак көздөрү менен жан-жүрөгүмдү аңтара карап. Бул көз караш, табалагандай менсинүү катуу тийди. Өзүмдү адам аттуунун эң акмагындай сездим. Үйгө ыйлап бардым. Сага таптакыр жолукпоону чечтим. Бул чечим мага абдан оор болчу. Ошентсе да, сенден кетким келди. Кеткенде да сага эч нерсе айтпай, эч нерсе дебей, сенин куру актанганыңды укпай кетейин дедим. Түнү менен уктабай ойлонуп чыктым. Сени кыя албай түйшөлүп, сенсиз жашоону, супсак, окшош кусалуу күндөрдү ойлогондо жанымды коёрго жер таппай жаным тогуз толгонуп чачылдым. Кантейин, өзүм ушуну тилеп алдым. От менен ойногондун акыры ушундай болоорун билсем болмок. Башында эмнеге уятым ушинтип кыйнабады экен. Аялыңды да ушундай жек көрдүм. Ишенесиңби, менде кимдир бирөөнү ушунчалык жек көрүүгө жеткен заар бар экенин өзүм билген эмесимин. Тим эле анын баардык, баардык нерсеси үчүн, сенин аялың болгондугу, кайра жолуккандыгы, мага сени – тим эле сени менен, сенин усталыгың менен мактангансып, күйөөлүү аял экендигин көрсөткүсү келгенсип мага жибергендиги үчүн муунтуп баса жыгылгым келди. Балким, чын эле мага ишенгендир, жардам бергиси келгендир. Өз оюма өзүм каршы чыгып ичимден, «Кудай ай, качан эле боорукер, ак көңүл болуп кетти эле. Ал мактангысы келди. Бир кездеги эч ким тоотпогон, байкабаган, катарга кошпогон кыздын азыр уул кыздын энеси болуп, жакшы күйөө менен бактылуу жашап жатканын мен аркылуу тааныштарга мактангысы келди» деп чаңырып, чаңырып жибердим. Үнүм чыккан жок. Ушунун баарына ал күнөөлүдөй дүйнөм аңтарылды. Бул, балким, күнөөмдү сезип, бирок, аны мойнума алгым келбеген алсыз актануу, аялдык ич күйдүлүк чыгаар.

Эрте менен шишип – көөп жумушка бардым.

– Эмне болду?-деди Айнагүл көзүмө тигиле карап. Буулугуп турган жаным баарын айттым. Айтып да жатам, ыйлап да жатам. Айтып алгангабы, же көз жаштын кудуретиби жеңилдей түштүм. Түшкө жакын сен чалдың. Үнүңдү угаарым менен сага жолукпай коё албасымды түшүндүм. Канчалык жашырып, билдирбөөгө тырышпайын сенден үнүмдөгү таарынчымды жашыра албадым. «Эмне болду?» дедиң үнүң дүрбөлөң түшүп. «Келсең угасың» Түштөн кийин келдиң. Үстүңдөгү ак көйнөгүң өзүңө куп жарашып сулуу да, ойлуу да элең, көздөрүң тоо көлүндөй дүрбөлөң түшө чочулап, бирок негедир ошол эле учурда өзүңө ишенимдүү да элең. Мага баарына даяр болуп келгендей сезилдиң. «Курсагың кандай, мен ачкамын» дедиң акырын. «Мен пиво ичем» дедим. Сулуу көздөрүң кандайдыр болчу чырды алдын ала сезген баладай чоңоё түштү. Баарын айттым. Аялыңдын ишенимдүү көздөрү элестей түшсө да, сенин анын сөздөрүн жалганга чыгарганыңа негедир аябай аябай ишенгим келди. Өзүмдү ушинтип алдагым, соороткум келди окшойт. Байкуш жүрөгүм ай, канчага чейин эч качан сатып берилбей турган оюнчуктан үмүткөр болгон баладай алданаар экенсиң. Балким, бул чын эле бакыттыр.

Ошол күнү сен атаң үйдө жалгыз калса да кеткен жоксуң. Эгер мени мынчалык жакшы көрбөсөң атаңды жалгыз калтырмак эмессиң. Ушунчалык өзүмчүлмүнбү, «кет, атаң жалгыз калат» дей албадым. Биз кайра биргебиз. Мага ушул эле керектей жан жүрөгүм ушундай бир тынчтанып калды. Бул канчага созулаарын ойлогум да келген жок.

Жарыгым кайра тез эле келдиң. Сырта жамгыр, а сенин кучагың ушундай бир ысык, ишенимдүү. Сен алдабайсың. Мурда алдап жүрсөң да, азыр алдабайсың. Ар бир келгениң мени тирүүлөй кыйноого салмай болду. Бул жолу кызыңдын каты жүрөгүмдү тилип тилип кетти. Кайра кайра «апа, ата урушпагыла, биз силерди сагындык» деп жазыптыр. Кызыңдын акылдуу, таптаза көздөрү элестей, сендеги сезимдерден күкүмдөп терип, түнү бою топтогон бактым чачылып, заманым куурулуп кетти.

Коё берчи мени Жарыгым, коё берчи. Жанымды кыйнаган мындай дартты унуткараар дары барбы? Дарысы эле сабыр, эң акыл эстүү чечим – сенден кетүү болуп жүрбөсүн. Антүүгө түтпөй жатпайбы, өзүмчүл жүрөгүм.

Айнагүл экөөбүз көпкө басып жүрдүк. Экөөбүз тең тайкы тагдырыбызга кейип, бирок бакыттан аял катары үмүт үзбөй өзүбүздү жооткото ар нерсени сүйлөгөн болобуз. Айнагүл «сенин өткөндөгү «ар бир жолуккан эркектен «балким, ушул биз издеген, эңсеген кыялдагы адам болуп жүрбөсүн» деп үмүткөрбүз» дегениң катуу тийип, чын эле деп жүрөгүм сыгылды» дейт муңайым. Тилиме тибиртке, бизге, биз эңсеген адам – ар бир эркектен үмүткөр кылбай эле жолугаарына ишенеличи курбум. Айнагүл сенин таптаза, күлкү уялаган көздөрүңдү карап туруп, «кантип ушунча турмуш соккусунан кийин ушундай ишенчээк, таптаза бойдон калды экен» деп ойлой берем. Жердей көтөрүмдүү, кенен пейлиңе кубанам. Ал Үмүтайдын, мен кызымдын кылык жоругун айтып түгөтө алсакчы. Бизге ушул эбегейсиз, эч нерсе менен ченегис белектин буйруганына миң мертебе шүгүр.

Сен чалдың. Жат номерден чыксаң да сен экениңди жүрөгүм сезди. Кайра чалганча шаштым.

-Каяктасың?-Сенин суз үнүңөн ушунча кеч көчөдө жүргөнүмө өзүмдү күнөөкөр сезе негедир коркуп кеттим. Чыны сени чалат деп күтүп отуруп жумуштан кеч чыккам. Сен чалбаган соң көңүлүм чөгүп, нары кызым да жок, жалгыздык күтүп турган үйгө келгим келбей Айнагүл менен жүрө бербедим беле. Неге коркуп кеттим билбейм. Эч кимден минтип корккон эмесмин.

– Үйдөмүн,-дедим шашып.

– Мен терезеңде турам го-Сөзүңө дилим толкуй  кубанып да, ишенип ишенбей да кеттим. Адатыңча сынап жаткандай сезилди. Айнагүлгө шашкалактай;

– Ал келиптир, кеттим,-дедим кубанганымды жашыра албай. Шашып келсем күтүп турупсуң. Көздөрүң негедир капалуу экен.

– Карасам өтүгүң жатат, экөө эки жакты карап, өзүң жок. Ашканадабы деп коём. Ушунча да күттүрөсүңбү?-Бооруңа кыса кучактап койдуң.

– Неге урушпайсың?-дедим күнөөкөр.

– Биринчисин кечирдим, мындан кийин токмок жейсиң-Эркелете жумшак жылмайдың. Биз бирге болгондо баары унутулат. Жан кыйнаган санаалуу ойлор, сен башканыкы экениң, айтор, баары баары унутулуп, эч нерсени эстебейбиз. Аялың жолугууну сунуш кылды. Даай албай турсам да баш тарта албадым

– Кыянаттык кылдың,-деди аялың үнүндөгү нараазылыкты, жек көрүүнү жашыра албай буулугуп. Унчукпадым, не дейин. Көп сөз айткым келсе да айта албадым. Өмүрүмдө эч кимди сенин аялыңдай жек көргөн эмесмин. Сыртка эч качан чыкпаган бул алсыз, бирок, күчтүү жек көрүү мени муунтуп, ошол эле убакта ушундай бир чарасыз абалга алып келип туюкка камайт. Билесиңби, мен кайсы убакта эмнени кааласам кылчумун. Азыр негедир анте албайм. Ушул чарасыз, туюк абал мени басынтат, абдан басынтат. Муунткум келип муунта албаганым, тыткылагым келип тыткылабаганым, ушундай бир жаман сөз менен урушкум келип, бирок, аялың менен жылмайып сүйлөшкөнүм мени ушундай бир бычаксыз мууздайт дейсиң, тим эле ааламды жаңыртып ачуу чаңыргым келип, бирок, чаңыра да албайм. Чаңыртпай бирдеме, жок бирдеме эмес, сени аялыңдын муздак шише көздөрү, жоон келбетине жарашпаган кагаздай жука, жылаандай заар, митайым жүзү, калп эле оозун басып жумшак күлгөн аксым күлкүсү, өз айыбын, болгондо да эч качан жууй алгыс айыбын мени ачып жибербесин деп гана кыя алгыс курбусунган, ишеним көрсөтүмүш болуп, бирок, чычкан аңдыган мышыктай кантээр экен деп менин акыркы чыдамымды аңдыган кыйды көз карашы чаңыртпай муунтуп турат. Айрыкча, ал макалдата алкынып токтобой, сөздүн заарын тандап, бир эле сөзү бир нече каймана маани берип, бирок, ошол сөздөрдү ушундай бир жумшак үн менен, ар бир сүйлөмүнө «баарын өзүмдөй көргөн ак көңүл жаным, менин ишенчээктигим, менин кенендигим, айкөлдүгүм,» деген сөздөрдү кошуп, айкөлдүгүн, ишенчээктигин баса белгилеп сүйлөгөндө жарылып кете жаздайм. «Сенин ак көңүлдүгүңөн эмес, мурдуна бок сүйкөсө билбеген макоолугуңан, менсинип өзүңдү теңдеши жок санаган куру чирендигиңен ушундай болду» деп айткым келип айта албайм. Андайда сенин аялыңды карап туруп, сенин ойлуу, «аялым сенин телефон номериңди тапканда тим эле ордунда отура албай жаш баладай секирип,  сен тууралуу өткөн-кеткендин баарын эскерип түгөтө албай аябай кубанган» дегениңди эстейм да өзүмдү чексиз күөөкөр сезем. Айтор, эки оттун ортосунда өрттөнөм. Тозок болсо ушунча болоор. Сен ушул азабымды туясыңбы? Кайдан туймак элең  каралдым. Сага менин таттуу кылыгым, назым, кумарлуу ысык кучагым болсо болду.

Жарыгым, сен мени үйүңө чакырдың. Барсам аялдамада күтүп отурупсуң. Акырын ууртуман өөп койдуң. Жетелеше катар бастык. Сенин кебетеңе күлкүм келди.

– Кимге окшоп калгансың?

– Аамат акеге, биз жакта ушундай адам бар,-Токтоо компоюп койдуң.

– Ал кандай киши?-дедим шоктоно

– Азыркы мага окшош,-Бүткөн боюңду карап мостойдуң. Кыйшайган шапкеңе, мык жыртып, кум, цемент жуккан чаң спорт шымыңа, ар жери жыртылып, буласы самсаалаган кенен курткаңа жүрөгүм элжиреди.

– Сен эч кимге окшобойсуң, сен меникисиң-Эркелей кучактап кыналдым

– Кучактаба чаңмын, азыр үйгө барып жуунайын, анан кучактай бересиң.

Үйгө барып алып жаш баладай өзүбүзчө эле кубанып жетине албай каякка бассак чогуу басып, мен тамак жасасам сен жанымда отуруп, айтор, сагынышкан балдардай бирдемелерди эле божурап сүйлөшө бердик. Мага кам көрүп, алдыма төшөк сала коюп, улам улам бооруңа кыса кучактаганың эле канча бакыт. Суук үйдө экөөбүз суукту деле сезген жокпуз. Түнү бою улам туруп мени кумтулап жаап жатканыңды сезип, жүрөгүм толкуп, бир башкача бактылуу уктадым. Шейшептериңдин кирине оболу жийиркенсем да, кайра эле сен баарын унуткардың. Үйдө аял болбосо ошол да.

– Жууп берейин-Чын дилден сунуш кылдым

– Жуубай эле кой үшүйсүң, анын үстүнө булар меники эмес, керек адам жууп алып кетет,-Чачыман ойлуу жыттай күрсүнүп алдың.

Биз бир күн да башка боло албай, бүгүн сен келдиң.

– Каяктасың?-дедиң телефондон.

– Үйдөмүн, сенчи?

– Мен да үйдө жалгызмын, жүрөгүм сыгылып жатат.

– Келе бер да,-дедим келериңе ишенип ишенбей. Ушуну эле күтүп тургандай сүйүнүп кеттиң. Тим эле келбе деп жиберчүдөй, «Мен азыр. Мына жөнөдүм» дедиң шашкалактап. Тез эле келип калдың.

– Кечээ эле келсем да, көп күн өткөндөй сагынып кеттим,-Кумарлуу каректериң эркелете кылгырып турду. Сенин көздөрүңдүн алдында дайым алсызмын жаным.

– Неге сени жакшы көрөм?-дедиң адатыңча кучактай берип.

– Анткени, мен сени жакшы көрөм,-дедим дайым жооп бергендей эле. Жаш балага окшоп сен ушинтип сурагандан, мен болсо бир эле жоопту бергенден тажабайбыз.

Жумуштан чыксам, күн ыйлаган көздөй кусалуу кылгырып, баткысы келбегендей алсыз тартып, акырын чарасына чөгүп баратыптыр. Негедир дилимде бир жан кыйнаган кусалык толуп, өйкөп чыкты. Ушул кусалыктан сага качып кетким келип, шашкалактап чалдым.

– Барайынбы?

– Келесиңби?-Үнүңдөн кубанычты туюп турдум.

–  Ооба барам.

– Келе бер, келип үйдө отуруп тургун, менин кичине жумушум калды, бүтүп эле учам,-Үнүң делбиреп шаша сүйлөп, шаша трубканы коюп койдуң. Шашып бардым. Үйдө эч ким жок экен. Атайын сыамакка сага чалып;

– Адашып кеттим,-дедим атайын.

–  Каяктасың, кандай жерде турасың?-дедиң шашкалактап.

– Билбейм,-деп, анан чыдабай күлүп жибердим,-Тамашаладым.

– Жинди,-жеңилдей, нары эркелете үшкүрүп жибердиң. Жүрөгүң элжиресе ушинтип коёсуң дайым. Идиш жуудум, бар болгон майда чүйдө нерседен тамак жасадым. Бир убакта шашып келаткан сенин кадамыңды уктум.

– Аамат аке келди-дедиң кирип келип, анан жаркырай жайдары күлүп бооруңа тарттың.

– Келиңиз Аамат аке, эмне мынча күттүрүп. Сизди ким күтүп жатканын билбедиңизби?-Калп эле кабак бүркөй ары караган мени, өзүңө каратып;

– Кечирип коюңуз, шашып келдим го сизди деп,-Сен ушинтип тамашаны улап кеттиң. Каткырып мойнуңа асылдым.

– Жинди десе, мен чаңмын. Сени күтүп калбасын деп шашып, даяр мончого жуунбай келдим. Сууң барбы? Бүгүнкүдөй үйгө шашып келген эмесмин. Ушундай бактылуу болуп, делдеңдеп эки жагымды карабай бир келатам дейсиң,-Сүйлөп да, жаш баладйап сууну чачыратып жуунуп да жаткан сени карап туруп ичим ысып, ошол эле учурда кейип да кеттим. Шашып келгениңен сенин. Мен да шашып келдим. Кудай ай, ушул шашып келүүлөрдүн өмүрү узун болсо экен. Бир күндүк бакыттын, миң күндүк кайгысы бар дейт.

Аялың менен дээрлик күн сайын сүйлөшөм. Дилимди катуу бирдеме өйкөп, сенин ушул күндөрү мени менен экениңди жашыруу абдан оор тийет. Болгону качандыр бир кезде экөөң кайра жашап калсаңар сенин тилиң кысык болбосун деп жашырам. А сүйлөшпөй коюу колумдан келбейт. Негедир аны да кыйбай, тээ түпкүрдө бирдеме кыйнап, аялың менен сүйлөшүп алсам жеңилдей түшөм. Башка бирөө укса аялың экөөбүздү «булар жинди, же ары жок байкуштар го» демек. Кандай экенин билбейм, бирок, бул жиндилик же ары жоктук эмес, кыйналган жан дүйнөгө тынчтык издөө. Бирок, биз тынчтык таба албай жатпайбызбы. Экөөбүз тең  бир чечимге келе албай жанчылабыз. Качандыр бир кезде аялың менен сүйлөшкөнүмдү билсең «ортодо сөз аңдып жүрүпсүң» дебес бекенсиң. Кудайчылыгы мен сөз аңдып, эки жүздүүлүк кылгандан алысмын. Бул эмне экенин өзүм да түшүнбөй койдум. Болгону аялың менен сүйлөшүп, сенин үйүңдөгүлөр тынч экенин, мен азырынча эч кандай жамандыктын себепкери болбой турганымды билсем кыйналган дүйнөм кадимкидей жеңилдей түшөт. Бирок, кайра эле жаным өгөөлөнүп чыгат. Балким, аялың да ушинтип жүргөн чыгаар. Ишенесиңби уктап жатып да дилимди бирдеме өйкөп кыжаалатмын. Күн сайын түшүмдө сен мени менен урушуп, же кимдир бирөө келип мени урушуп, кандайдыр бир нерсеге мени күнөөлөп жатканда коркуп ойгоном. Ойгонсом бүт боюмду тер басып, кайра уктай албай жанымда бейкапар баладай уктап жаткан сага көпкө карап отура берем. Сенин кайсы бир каргашалуу күнү ушинтип жанымда жатпай калаарыңды ойлосом ансайын жүрөгүм каарылат. Кудай каргаган адам да мынчалык кыйналбаса керек. Бала кезде Мар Байжиев деген драматургдун бир каарманынын «каракул койлорунун козусун туулары менен союп, терисин сыйрып алышат экен.  Ошол козусун соё берген койлордун өлгөндө боору чүрүшүп куурап калганын өз көзүм менен көргөм. Ар бир сезимимди ошол козулардай жок кыла берип боорум куурап бүтмөй болду» дегенин окуп түшүнгөн эмесмин. Жазылгандай айта албасам да мааниси ушундай болчу. Азыр ошол сөздөрдү эстедим. Менин да боорум куурап калмай болду. Азыр эң ишенгеним эле кичинекей тентегим. Ага сени көрсөтпөй койсом болчу экен. Сага ишенгем, азыр деле ишенем, бирок негедир күн өткөн сайын бул ишенимди өзүм зордоп жасап жаткансыйм.

Сен мага мас болуп алып, «мен азыр молдо алып барам, нике кыябыз. Эми экөөбүздү эч ким арам дей албайт», дедиң телефондон негедир жоо кууп, же бирөө мажбурлап айттырып жаткандай шашып. Даярданып алып кечке күттүм. Кошуна эжеге, «Азыр күйөө балаңыз келет экен, мечитке барабыз» дегенимди кантейин. Кечинде мас болуп, эч кандай молдосу жок эле келдиң да, «кечирип кой, молдо бошобой калды» дедиң көзүңдү ала качып, мени калп эле кучактап. Колумдан оюнчугун жулуп алган баладай томсоро туруп калдым. Калп эле көрүнгөн досуңа «күбө болуп берчи» деп, телефон чалып кирдиң. Досторуң эмне кылмак эле. Башкага жамынбай эле койчу, артистим менин. Сен молдо тапсаң тапкандырсың, бирок, мунун баарын эркиңден сыртары, тим эле эркектигиңди магабы, же, сени теңсинбей кетип калган аялыңабы далилдегиң келип жасап, бирок, ошого да эркиң, эркектик кудуретиң жетпегенин түшүндүм. Байкушум ай, колуңдан келбеген нерсеге неге өзүңдү басынттың. Андан көрө жөн эле келип, кетип жүрө бербейсиңби. Мен эмне сенден ушуну сурадымбы. Жарыгым ай, кандай гана мени, өзүңдү басынтканыңды билесиңби?

– Жүр мечитке экөөбүз эле бара беребиз,-дедим атайылап. Мастыгың тарай нестейе түшүп, анан;

– Ммасмын да-дедиң акырын.

– Эч нерсе эмес, жүр,-дедим өжөрлөнө. Мойнунан байлаган иттей араң эле мечитке басып бардың. Калп эле бирөөгө бардың да, кайра келип;

–  Молдосу жок экен-дедиң шөмтүрөй. Сени тиктеп туруп сага эмес, сени сүйгөн, сен үчүн курбусунун башынан аттаган өзүмдү жек көрдүм, жок жомокту жаратып алып, ошол жомогуна аяз атага ишенген жаш баладай ишенген өзүмдү аядым. Кайра келатып,

– Мени менен жашайсың-дедим атайылап.

– Неге жашайм, эмне зордоп жашатасыңбы?-Сен дароо соолуга түштүң. «

– Жөн эле жашайсың, анда неге келдиң?

– Балдарымчы?-Заматта байкуш болуп салбырадың. Ошол жерден чыдабай ыйлап жибердим.

– Эмнеге сага ишенип, сени ата тутуп алган менин баламды, сени жөлөк тутуп калган менин жалгыз, ишенчээк акылсыз жүрөгүмдү ойлободуң? Колуңдан келбесе неге аялыңа мамилебизди билдирдиң, неге кайра кайра тынчымды алып келдиң, неге жок молдого үмүткөр кылдың?

Сен менин бул суроолорумдун бирине да жооп бере албадың. Ыйдан башым ооруп чыкты. Ары жок жаным, кетейин десең да ушунун баарынан кийин сени кетирген жокмун. Неге? Сени менен бир түн бирге болуу үчүнбү? Же, эртең соолукканда меники болооруңи ишендимби? Чынын айтсам, билбейм. Болгону кетиргим келген жок.

Досуң менен тааныштырдың. Кубат токтоо, акылдуу жигит экен.

– Жакшылыгыңарды бүтүрүп алдыңарбы?-деди акырын.

– Кайсы жакшылык?-Эмнени сурап жатканын билсем да кайра сурап койдум.

– Досум кечинде нике кыйдырам деп кеткен эле го. Ал негедир ишенимсиз сүйлөдү.

– Кубат, мунун баары тим гана баланын оюнундай куру нерсе. Досуң эртең аялына, үй – бүлөсүнө кайтат. Мейли, азырынча өзүбүздү алдап туралы. Балким, алданган деле жакшыдыр-дедим, ичим ушундай бир күйүп турса да жылмайып. Кубат унчукпады. Унчукпаганы үчүн сыйлап калдым.

Аида экөөбүз тим эле жиндилик кылып, өзүбүздү өзүбүз алдаш үчүн ичтик. Билем, акыркы күндөрү абдан көп ичип жатам. Мындан төрт эле жыл мурун оозума ичкилик алчу эмес элем. Эмне болуп баратам, билбейм. Жакын, акылдуу досум «сен ичпе, ичкилик уялчаак, мокок, алсыз адамдар үчүн. Сен ичкилиги жок эле айтам сөзүңдү мейли падышага болсун айта аласың, беттегениңди  кандай болбосун жасайсың. Сен күчтүү жансың. Ичкилик сени болгону убактылуу алаксытып, анан байкушка, же жиндиге айланатат» деген эле. Ооба баарына эрким жетчү, жасайм дегенимди жасачумун. Азыр анте албай жатам. Мас болуп алып сага чалдым. «Каякта, ким менен ичип жатасың?» дедиң үнүң кызганычтуу дүрбөлөң түшүп. Сен ушинтип кызганычка ууланган сайын табам канат. Сенин жаныңдын күдүк ойдон, кызганычтан өгөөлөнгөнү мага жакшы. Куду ким жакшы кыйнап, кызганата алат деп мелдешке чыккандай, ал мелдеште жан үрөп чуркагандай, марага мына мына жетем деп жан талашкандай жүрөгүм туйлап өрөпкүп чыгат. Сен Кубаттын машинасы менен кир кийимиңди алмаштырбай жетип келдиң. Жумуштан чыгып эле, мага делбирей умтулган сени түртө, «Аида, бул менин көңүлдөшүм. Мен сага айттым го, билесиң да мен муну сүйбөйм» дедим, Сага ушул сөздү өзүмдү өзүм зордоп айтуудан улам үнүм дирилдеп чыкты. Минтип айтуу мага абдан оор болсо да, сага менден да оор болушу үчүн, катуу тийиши үчүн айттым. Дил ооруган, жан өгөөлөнгөн кандай болоорун билчи сен дагы. Кубат негедир машинасын тегеренип басып кетти. Сен болсо не кылаарыңды билбей сөгүнүп, Аида укмаксан боло «мени күтүп атышты эле» деп, ары жакта өзүн күтүп тургандарга мени менен коштошпой кетип калды. Сөгүнүп жаткан сени жакадан ала, «не сөгүнөсүң, кеттик үйгө» дедим өктөм. Сөгүнүп жатсаң да, негедир, жетегиме көндүң.  Көрсө, сени жетелеп жүрүп көндүрүшкөн тура. Муну кийин, качан аялың сени менин койнуман сууруп жетелеп кеткенде билдим. Ошол күнү канчалык ачуулансаң да, негедир кеткен жоксуң. Кубаттан кызгандыңбы?

Жарыгым, билесиңби мени башка нерсе эч жаныма тынчтык бербей кыйнайт.

Ушул азаптын акыры барбы? Ар бир жолуккан сайын «акыркы жолу» деп жолугабыз да, бул алсыз чеимди сагыныч, жанга тынчтык бербеген кусалык  тез эле жокко чыгарып, кайра эле жолу гуабыз. Көпкө, дээрлик он күнгө жоголуп, кечээ келдиң. Айнагүл экөөбүз редакцияда жүргөнбүз. Сен чалдың да «каяктасың» дедиң үнүң негедир дүрбөлөң түшө. «Айнагүл экөөбүз бир жакта жүрөбүз. Эмнеге?» «Ким жаныңдагы7» «Айнагүл анан дагы бир бейтааныш киши» дедим. Киши чын эле бейтааныш болчу. Айнагүл да аны сырттан эле чыгармачылык аркылуу тааныйт экен. «Сыртка чыксаң мен сыртта турам» Чын эле жөнөп калсам Айнагүл, «Бул жакка кайдан келмек эле. Жиндисиңби, чык десе эле чыга бересиңби» деп урушуп берди. Сен кайра чалып «үйдө күтүп турам кел, эмнеге терезе пардаңды чыгарып салдың» дедиң акырын. Чын эле терезе парданы чыгарып салгам. Келгениңе ошондо ишенип жүрөгүм булкуп алды. Кеткенче шаштым. Канчалык шашпайын антип минтип чыкканча бир топ болуп кетти. Келсем үшүп калыпсың. Негедир суз учураштык. Мен сага ооруганда да келбегениң үчүн таарынсам, а сен күттүргөнүм үчүн таарынып тургансың. Экөөбүз кирип кире электе «кетем» дедиң. Араң турган көз жашым чууруп кетти. «Макул» дедим тиштенип. Сен чыгып баратып «турчу» дедиң буулугуп. Көгөрүп отура бердим. Сен мен атайын сага деп алып, канча күндөн бери сени менен сүйлөшкөндөй сүйлөшкөн, кыялданган винону ачып, бирок ичпей кетип баратканыңа шагым сынып, ызама муунуп тургам. Ордуман зордоп эле тургузуп, бооруңа кыстың. Экөөбүз ыйлап да, бири бирибизди өөп да, сүйлөп да жаттык. Ачуу көз жаштын даамын сени өпкүлөп жатып сездим. Эмне сен да ыйладыңбы жарыгым, же менин сенин жүзүңдү жууган көз жашым беле. Канча күндүк буулугууну көз жаш менен чыгара өксөп – өксөп ыйладым. «Мен сени баарынан баарынан, абдан жакшы көрөм, бирок балдарымсыз жашай албайм. Эмне мен сени жакшы көргөнүмдү келинчегим туйбайт дейсиңби. Өткөндө сени каргап жатпайбы. Ичим ачышып кетти. Каргаба анда эмне күнөө, баарын кылган, артынан барган менмин десем ыйлайт. Ага деле кыйын болду, кантейин айтчы кантейин?». Кантериңди мен да билбей жатсам кантейин жарыгым. Сен көптөн бери бүгүн чечилдиң. Дилим күйүп турса да, сени узатканы чыктым. Кетпесең болбосун дилим сөгүлүп түшүндүм. Сыртка чыксак айлананы сүт төгүлгөндөй аппак кылып, балбалактаган тыбыт кар жаап жатыптыр.

– Карачы кар!-Сен жаш баладай сүйүнүп кеттиң. Экөөбүз тең карды жакшы көрөбүз. Көңүлүм көтөрүлүп, сенин бар экениңе, ушул азыр аппак нур жааган кечте азга болсо да бирге экениңе жетине албай, эми эле жүрөгүмдү чайнаган санаалар баары жоголуп, сенин ушинтип азга жанымда болушуң үчүн баарына баарына макул болгум келип толкуп кеттим.

– Сен меникисиң, эч кимге бербейм дечи, мен сени баарына макул болуп күтөйүн-Сени эми эле бирөө тартып кетчүдөй өрөпкүй сүйлөдүм. Сен бооруңа кыса кучактап;

–  Сен меникисиң, эч кимге, эч кимге бербейм-дедиң үнүң дирилдей, каректериң жалжылдап. Таксилер макул болбогон сайын сен капа болгондун ордуна кубанып;

– Маңдайга жазганын көрөбүз, кетпей эле коёюнчу, экөөбүз кадыр түн тособуз!-Жүзүң баладай жаркып турду

– Мага кетпегениң жакшы, бирок, эртеңчи жарыгым?

Сен менин сөзүмдү уккуң да келген жок. Аппак кар капкара чачтарыңа конуп, көздөрүң нурдана күлүңдөп өзгөчө сулуу, бактылуу элең. Биз баарын унутуп, жетелешип алып көчө бойлой калп эле таксилерди сураштырган болуп, чыныда сен кеткиң келбей, а мен болсо кетпей калышыңды тилеп, жетелешип алып болоор болбоско каткырып күлүп жүрө бердик. Акырында, эртең таң эрте ажаан аялың намыстанбай эле адатынча жетип келип, сени жетелеп кетээрине, болчу ызы чууга макул боло калып калдың. Экөөбүз шамдын жарыгында вино ичип отурдук.

– Мен сени жакшы көрөм, сүйөм, неге?-дедиң адатыңча.  Мен баягыдай эле «

– Анткени мен жакшы көрөм да-дедим көзүмдү көзүңөн албай.

Эшик тыкылдады. Экөөбүз тең селт эттик. Дилибизде бирдей «аялың келди» деген суук ой турду. Ачсам кошуна жигит. Бир аз кызуу. Ой боюбузга койбой үйүнө алып кетти. Сенин токтоо, өз кадырыңды, ордуңду билээриңди ушу бүгүн сездим. Орду менен сүйлөп отурдуң. Кичинекей Сагындык ыйлап калса, тим алып ийчүдөй болуп тынчсызданып жаттың. Бир оокумда кошуна жигит ыйлап сооронбой жаткан уулун алса сооронуп калды. Сен байкабай эле «менин кызым да ушинтчү» деп алдың да, кабагы кирдей түшкөн мени карап ыңгайсыздана күлүп бооруңа тарта, «кечирип койчу, таарынба байкабай сүйлөп алдым» дедиң эркелете. Таарынган жокмун жарыгым. Өзүмдү күнөөкөр сезип, эми эле толуп тургансыган бактым бөксөрө түштү. Сыртка чыкканда, сен мага «жүр кар кечип келебиз» дедиң, карегиң жарк эте эркелете карап. Ушинтип караганыңды жакшы көрөм. Экөөбүз кар кечип, жүзүбүздү жааган карга тосуп жетелешип басып жүрдүк. Жүзүмө кар чачтың. Күтпөгөнгө муздак кардан ичиркене селт эте түштүм да, сага да кар чачып жибердим. Үшүп көптө келдик да, үйгө кирип алып вальс бийледик, вино ичтик. Сен болсо бир шайыр комуз күүгө ат чапкандай болуп, тим эле көзүңдү жуумп алып бийледиң да, анан мени бекем кучактап «жаным го, эс алалычы, эртең эрте туруп кетиш керек» дедиң улутуна. Ооба, кетишиң керек. Кеткенде да ажаан катының келип сүйрөп кеткенче кетишиң керек Сен мени бекем кучактап уйкуга баш койдуң. Кучагыңан акырын суурулуп чыктым да дилиме келген саптарды компьютерге шашып терип кирдим.

**        **

Аппак кар  аппак үмүт, ак тилектей
Күмүш нур, жылдыз болуп себеленет.
А бирок, эртең ушул ак тилектер
Канчанын бут алдында тебеленет.

**                  **

Кечир..
Жол карап, жаш баладай күттүм кечир.
Баарына, сен суранбай түттүм кечир.
Канча ирет шам өңдөнүп өзүмдү өрттөп
Каралдым ошол өрткө түрттүм кечир..

**                  **

Ыйладым, күз жашымдан жараат алдың,
А бирок, абалыңды сурабадым.
Анткени, кусалыктан, кызганычтан
Мен азыр өзүм дагы жарадармын.

Эрте туруп кеттиң. Кетээрде бооруңа кыса көпкө кучактап, анан менин санаалуу көздөрүмдө көрбөйүн дедиңби, шарт чыгып кеттиң. Жарым сааттан кийин телефон чалдың.

– Мен сени сагындым. Ишенбесең керек, мейли өзүң бил, муну сага эмес өзүмө айтып жатам. Тез эле келем. Мен сени абдан-абдан жакшы көрөм. Сенчи?

– Мен жакшы көрөм, ошон үчүн сен жакшы көрөсүң

Билем, тез эле келесиң, бирок, мен келгениңен эмес, жан оорутуп кеткениңен чарчадым.

Уйку соодо эшик тыкылдады. Терезени карасам таң эми супа салган экен. «

– Ким?-дедим, таң атпай уйкумду бузушканына жиним келип.

– Мен, ач-Сенин тааныш үнүң. Ордуман учуп туруп, эшикти  ачып эле мойнуңа асылдым. Сен таза аба жыттанып, муздак экенсиң.

– Уйкучу, коё тур, мен муздакмын,-дедиң ууртуман өөп. Курткаңды шаша чечип, колдоруңду жылытуу үчүн ушалап жатып сагыныч толгон сулуу көздөрүң менен эркелете карап, жетине албай күлүп койдуң. Мен далыңан кучактай:

– Кайдан таң атпай? – дедим шектене.

– Үйдөн, кечинде барам деп айтпадым беле.

– Айткансың, бирок, мынчалык эрте келет деп күткөн эмесмин.

– Таң атканча уктай албай, биринчи маршрут менен жөнөдүм. Сагындым сени.

Бооруңа кыса кучактап, төгүлө өпкүлөдүң.

Жарыгым менин, сулуу көздөрүңдү ушундай бир сагындым. Кантип жашап, эмнени ойлоп жүрөт болдуң экен?! Айланайын каралдым ай, эмне кылып салдың мени. Же бир шарт басып кете албай, же ушинтип жанчылып жашоого көнө албай куурамай болдум мен шордуу. Көзүңөн, басканыңан садага болоюн. Таң атпай келип дил төгө эркелеткениңен сенин. Жайдарым, жароокерим, асылкечим менин. Узун түндө тилеген жакшы тилегим, эртеңки жашоого сүрөгөн, таптаган саяпкерим. Уктадыңбы кагылайын. Сен өзүң айткандай эле адатымча түн жарымда эң жакын досум, унчукпас сырдашым компьютер менен жалгыз отурам. Сенсиз каерде жашоо бар айтчы, ошол жакка кетейин. Эч кимге тоскоол болбой, эч кимдин бактысын талашпай, уккан көргөнгө жаман көрүнбөй, сөзгө калбай, аялыңдын көзүнө, дилине тикен болуп сайылбай кетейин. Сен кантесиң? Балким, сен да ушуну күтүп жүрсөңчү ардагым. Андай болсо мен кантем, эмнени эш кылам? Сенин сүйүүңөн башка эш тутаарым жок. Ар кимдин орду бар, сенин гана ордуң эч нерсе менен толбойт жарыгым.

Ушул күндү жазуу мага абдан оор. Ошол күнү менин кесиптик майрамым болчу. Сен таң эрте туруп бир жакка барууга камданып жаткансың. Аялың чалып, «жолугалы апам чалды, сөз бар» деди кыска. «Кайсы апаң?» дедиң чочулай. «Сенин апаң, менин апам беле» деди аялың заар бүркүп. Сен негедир менден көзүңдү ала качып;

– Барып келейинчи-дедиң акырын.

– Коё тур, ушул шымың менен бармак белең, жүр базарга кире кетели. Мен жолдон калып калам.

Экөөбүз базарга барып сага шым алдык. Сени жибергим келбей жүрөгүм сыйрылса да, ушул күнү сен эч качан меники болбосуңду дилим ооруп сездим. Сени ошол күнү биротоло узатыпмын. Ошол бойдон үч күндүн кийин таптакыр жат болуп келдиң. Сен келбеген үч күн бою жамгыр көнөктөп төктү. Бул жамгыр эмес, кызганычтан, айрылуудан ичи күйгөн менин көз жашым болчу. Үчүнчү күнү жамгыр менен кошо сен келдиң. Баягыдай эле бооруңа кыса кучактап;

– Сени сагындым-деген менен кандайдыр суз, муздак, жат элең.

Ошол күнү эле кечинде сени аялың келип алдына салып айдап кетти. Анын жүзүндөгү аябай сүрткөн боёгу, атайын жасанып, даярданып келгенин айтып турду.Ал ушундай бир дымак менен;

– Сен улам чалып Алини күтүп атканда, биз Али экөөбүз меманканада жыргап атканбыз,-деди шишедей көздөрү жан-дүйнөмдү үшүтө мыскылддуу муздак жылтылдап. Сен эч нерсе дей албай, алкынган аялыңды күңкүлдөй тыйып, менин көз алдымда баягы кудуреттүү, дымактуу, намыскөй Али эмес, бечара эркек сөрөй артын кароого алы жетпей кетип баратты. Эмнеге билбейм силерди сыртка чейин ээрчип чыгып, анан кечке жамгырды сезбей көчөлөп басып жүрө бердим.

Жарыгым, сен жөнүндө, сенин меники болбой калаарың жөнүндө ойлогондо жанымды коёрго жер таппай дилим чыркырап тегеренип-тегеренип кетем. Сенин көйнөгүңдү кучактап жатам. Анда сенин жытың калыптыр. Бир жума өтпөй кайра чалдың.

– Мен сенсиз жашай албайт экем. Сенден келгненден бери ичип жатам. Мени кечир, сени коргой албадым. Ошол жерде ызы-чуу болуп кетеби деп сени аядым-дедиң кырылдаган алсыз үн менен. Мас экениңди дароо сездим.

Жарыгым…

Ушинтип жазылган каттардын өмүрү узун болушун абдан, абдан каалагам, жок, тагыраак айтканда тилегем. Бирок, бул тилек ара төрөлгөн баладай жан дүйнөдөн сыртка чыкпай ойрон болду.

Жарыгым, сага ушинтип кат жазам деп үч уктасам түшүмө кирген эмес. Бул менин ушинтип жазган акыркы катым. Сенден сураарым көңүл коюп, акырына чейин окуп кой. Ким билет мындан ары кандай болот.

Жарыгым, сен үчүн жашыруун экинчиң болуп жашаганга, кубаныч кайгыңды бөлүшкөнгө, элдин кеп сөзүнө, айтор баарына макул элем. Көрсө, мунун баары өзүмчүлдүк экен. Мен сага мени ушинтип сүйдүргөнүң үчүн ыраазымын жарыгым. Ушунун баары үчүн рахмат сага. Анткени, чыныгы сүйүү гана адамды адамдыкка түртө алаарын сенден айрылып, сени чындап сүйөөрүмдү жан жүрөгүм менен сезгенде түшүндүм. Сенин келээриңе, баарын адамча түшүндүрүп кетээриңе жаш баладай ишендим. Сен мага кайра келүүң үчүн эмес, мен жөнүндө жаман ойдо калбас үчүн, адамча ажырашыш үчүн күттүм. Мен сени, деги эле өмүрүмдө эч кимди мынчалык күткөн эмесмин.

Болоору болду, сен мен үчүн эми «бүгүн кирээр бекен» деп зарыгып күтчү жакшы түш, жүрөк тилип, кусалыгы жан чыдатпай кыйнаган сагыныч, бир келип, анан кайрылбай кеткен улуу бакыт, түндөлөрү уктатпай саргайткан санаа, келбесиңди билсем да күттүргөн күтүү оорусу болуп калдың.

Мен сенден сени сүйгөндүгүм үчүн, баарынан да сенин ошол сүйүүгө татыктуу боло албаганың үчүн кетем. Сен мени кеткеним үчүн, күтүүгө түтө албаганым үчүн кечир. Эгер күтүүнүн акыры болсо түтмөкмүн. Бул күтүүнүн акыры жок. Акыры болсо да, ал абдан оор, кайгылуу бүтүшү мүмкүн. Оор, кайгылуу бүткөнчө кетип калайын. Мен  сенден кеттим. Сен бул катты алган кезде мен бул жерде жок болом.

«Ардагым, мен сага көптөн бери жанымды бейпайга салган нерселерди ачылып айта албай жанчылып жүрөм.  Мени анчалык жаман, жеңил ойлуу адам деп ойлобо. Мен болгону капкан чапкан өз бутун өзү жеген карышкырдын абалындамын. Бутумду жебейин десем, капкандан чыга албайм, жейин десем, жаным көзүмө көрүнүп ооруйт.

 Жан дүйнө оорусунан катуу оору жок экенин ушул күндөрү сездим. Каериң экенин билбейсиң, бирок жаның жай ала албай, бир жериң сыздаганы сыздаган. Бул каргыш тийген оорунун же дарысы болбосо, же дарыгери болбосо. Бир мүнөт тынчтык бербей башыңды жарган сан ойдон, санаадан тим эле көчөлөп кыйкырып, колуңа тийгенди, жолуңан чыкканды кыйратып, качан чарчап жыгылып калмайынча бет келди чуркап кете бергиң, кимдир бирөөдөн жардам, кеңеш сурагың келет. Бирок, каякка барып, кимден сурайсың? Аалам алакандай тар, жылаандай заар, муздай муздак, мезгилсиз келген өлүмдөй кайгылуу. Мен эмне, үчөөбүз отурган түнү аялыңдын айкөлдүгүнө айкөлдүк менен жооп берип, канчалык өрттөнүп турсам да сени кечип басып кетким келбеди дейсиңби? Башымды бийик көтөрүп, «мен деле ушинтип коё алам» дегим келбеди дейсиңби? Намысым, акылым канчалык муунтуп турса да, анте албай койдум. Анткени, ошол түнгө чейин аалам тарлыгы сени менен кеңейип, заарлык сенин бир ооз сөзүңдөн мээрим алып, муздактык сенден жылынып, кайгыны сенин барың кубанычка айлантып турчу. Бул жалган жашоодо мээримге тойгон, жылуудан качкан, кенендиктен тажаган, кубанычка кол шилтеген адамды көрдүң беле, жарыгым? Менимче, мындан ырыскысын тээп көпкөн, же, бирөөнүн мээримин, жылуулугун, кубанчын бөлүшүүгө дили түтпөгөн адам гана баш тартат. Жүрөгүм чыркырап ыйлап, тегирмендин парасына салгандай миң жеринен кыркылса да, бактыман баш тартууну чечтим. Сенин арасат болуп жанчылганыңды, аялыңдын айкөлдүктөн эмес, айласы кеткенинен макул болгонун карап туруп түтпөдүм.

Аялың экөөбүздүн ортобузда сөз менен айтып жеткире алгыс көп нерсе бар экенин, эмне болгон күндө да аны кыя албасымды сездим. Мен буга чейин аны сиңдимдей, санаалаш  курбумдай гана жакшы көрсөм, ошол түндөн тартып адам катары да сыйлап калдым. Ырас, аялыңды ушундай бир жек көргөн учурларым болду, көрсө, адам кыйбаган, тээ көңүл тереңинен жакшы көргөн адамын гана жек көрө алат экен. Жакын көргөн адамыңды жек көрүүнүн эң оорлугу ушул, тиш оорудай болуп дилиң ооруп, бул оорудан тим эле кутуруп кеткиң келет. Баарынан жаманы кутура да албайсың, кутула да албайсың, кыскасы, айлаң куруйт. Сен «экөө бири бирин чукулап, акыры айласы кеткенде менин айтканыма көндү» деп ойлобо. Жок, экөөбүз тең айла кеткенден мурун, жүрөгүбүздүн буйругунан чыга албагандыгыбыздан, терисин тирүүлөй сыйрыган карышкырдай көмөкөйдөн онтоп, сени бөлүшүүгө көндүк.

Азыр мен ыйлап жатам. Анткени, мен сенден кетейин жаркын ааламым, уруксат бер. Үч адам кыйналгандан көрө, жалгыз мен кыйналайын. Маңдайга ушуну жазса кантейин, көрбөскө чарам жок, көтөрбөскө айлам жок. Мен сыягы кудайдын курутун уурдасам керек. Антпесе, эмне үчүн сени эмес, башканы ушинтип сүйүп калган жокмун.

Жарыгым, канчалык көңүлүңдү калтырайын десем да, көңүлүң калбай койду. Бул сенин арсыздыгың, бечаралыгың эмес, сенин бекемдигиң, жигиттигиң. Атайын сага жакпаган жорук жасап, же сени менен урушкан күнү «кыйын экенмин» деп, семирип калды дейсиңби жарыгым. Көңүлүм кирдеп, канча жолу жүрөгүм ооруду. Ошонун баарын кечир. Сен мунун баарына намысы жоктугуңан эмес сүйгөнүңөн, эркектик бийиктигиңен чыдадың. Ошол бийиктигиң үчүн рахмат, менин эң сүйүктүү майрамдарым – туулган күнүмдү, жаңы жылды чогуу тосконуң үчүн рахмат жарыгым. Сенин көңүлүңдү суутам деп сени жаман ойдо калтырбай, мага болгон сүйүүңө көө сүртпөй сенден чыныгы өз жүзүм менен кетейин. Мени бирөө менен жүрүп кетет экен деп ойлобо, анткени, бул нерсе менин канымда жок.

Аялың экөөбүз ич күйдүлүктөн эмнелерди гана айткан жокпуз. Менин ал жөнүндө айткандарымдын бирине да ишенбе. Бул сөздү калп эле түштөн кийин жакшы адам болуп, актанып айтып жатат дебегин жарыгым. Сенден мурда кудайдын алдында, өз абийримдин алдында таза болгум келип айттым. Сен деле анын сен билген, сен баалаган жакшы жагы болбосо, балдар үчүн эле ага мынчалык кыйналбайт, кыйылбайт элең да, туурабы? Балдар кайда болсо сеники, кол шилтеп кете берсең болмок. Сен аялыңдын жакшы адам, таза аял экенин жүрөгүң сезген үчүн кыйып таштап кете албадың. Мен болгону азгырык болдум жарыгым. Эч качан «бирөө антти, бирөө минтти» деп айтса эле ишенип, жакын адамыңды кейите бербе. Алган аялыңчалык сага жакын адам жок, ушул эсиңде болсун. Жат эмне дебейт, ит эмне жебейт. Сенин жүрөгүңдөй сезимтал, боорукер, кең пейил жүрөк жок. Ошондуктан, башканын арам ой сөзүн эмес, өз жүрөгүңдү ук жарыгым.

 Билем, баары өтөт, тааныштар да, сенин балдарың да, балким, бир кезде сен деле бул күндөрдү унутуп, кез-кезде эле бир көргөн жакшы түштөй эстеп калаарсың.

Унутпаган, келбесиңди билсе да, тымызын түн күзөтүп күткөн бир гана менин шору арылбаган бактысыз жүрөгүм болот.

Жамгыр жааса, гүл көрсөң «жамгырды жакшы көрчү, гүлдү жандан башкача сүйчү» деп мени эстеп кой жарыгым, дилим кубанып калсын. Анткени, мен эми болгону сенин ар бир жасаган ишиңди, ойлогон оюңду сезип жашайм. Эч качан ооруба, ичпе, өзүңө кайдыгер караба. Сен мага ушуну гана «аткарам» деп, убада бер, алыс болсом да менин эң кымбат АСЫЛ АДАМЫМДЫН ичпей, оорубай аман жүргөнүнө ишенейин.

Азыр түн жарымда түшүңө кирип жатсам керек. Мен эми сенин түштөрүңө айланам, а сен менин. Биз дайым бирге болобуз жарыгым! Анткени, сен менин жакшы күндөрүм, жаркын эскерүүмсүң. Сүйдүргөнүң, сүйгөнүң үчүн рахмат».

 Айжаркын ЭРГЕШОВА, акын,
Алыкул ОСМОНОВ атындагы адабий сыйлыктын ээси.

 

One thought on “Айжаркын Эргешова. “Жарыгым”

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *