Уяң кыз..

Акбар КУБАНЫЧБЕКОВ. Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында 1992-жылы 22-апрелде туулган. Борборубуздагы №69 мектеп-гимназиясын аяктап, азыркы тапта КУУнун 3-курсунда окуйт. «Түнкү Белес» радиосунун алып баруучусу. «Жаш канат» жаштар адабий уюмунун мүчөсү. Мамлекеттик жана шаардык деңгээлдеги сыйлыктардын ээси. «ПЕРИШТЕНИН КАНАТЫ» аттуу ырлар жыйнагы чыккан.

 


УЯҢ КЫЗ.

Ушул күндөн башталып мен өзгөрдүм,
Учкун сымал ачылткан төрдүн көркүн.
Уян карап уурданып тиктей берген,
Узун чачтуу уялчаак бир кыз көрдүм…

Абдан назик жаныма сезилгени,
Апкаарыган жүрөктун эзилгени.
Анын мага ажары күнүм болсо,
Айым эле жамалы кечиндеги.

Элең болуп эч кимге жашынбадым,
Эптеп себеп таап улам жакындадым.
Эрмек болсом болобу, дегенимде,
Эриниңден сөз чыгып ачылбадын.

Көпкө сүйлөп өзүмө кызыктырдым,
Көл кайгыга ичимен бышып турдум.
Көңүлү жок, же балким ушундайбы,
Көздөрүнүн алдында сызып турдум.

Табиятың ушундай жаралгандыр,
Турпатыңа ким эле баралгандыр.
Түсүң көргүн жигиттин баардыгынын,
Жүрөктөрү тилинип жамалгандыр.


СУЛУУГА

Сыздап ичтен, сыртка неге айтпадым?
Сезбейт го деп, башты далай чайкадым.
Суу жуталбай ооруганда кыйналып,
Соолуганда дарылыгың байкадым.

Сүзүп жетпей жээк жагына кайгынын,
Сүйлөшпөйм деп, бир топ жолу айныдым.
Санаа каптап жүргөн кезде куткарчу,
Секетим, сен турбайсыңбы байлыгым!

Сурма көздүү, сулуу чырай келбетиң,
Сунган Кудай кооздосун деп жер бетин.
Сыпаа мүнөз көркүң көздү уялткан,
Суу астында жаңы ачылган берметим.
Сенек жанды сезимдерге сугардың,
Себелеген жаанда талдай буралдым.
Сырдын көбүн айтып берип токтобой,
Сүйүктүүмө жеткениме кубандым.

КАРЛЫГАЧЫМ.

Маанайың жай күнүндөй жаркыраган,
Жүзүңдү нур сыласа жалтыраган.
Жытыңа куса болуп карлыгачым,
Асмандан булут сымал калкып барам.

Бийиктен жамгыр болуп тамчыласам,
Нымдалып, чачтарың ай тармалдашкан.
Кайгырба, капаланба карлыгачым,
Кайтарам ал күндөрдү кол кармашкан.

Созулуп, сүйкүм сенин сүйлөгөнүң,
Жылмайсаң учкан чымчык өңдөнөмүн.
Шыбырап, жакын келип сүйөм десең,
Баса албай, жаш балача жөргөлөдүм.

Сен мага балбылдаган шам чыраксың,
Мөлтүрөп шылдыр аккан тоо булаксың.
Тагдырга таазим этип моюн сунбайм,
Баары бир мендик кылам карлыгачым!

АСЫЛ ЖАН.

Жылт эткен жарык болуп кабагымда,
Жаш карек курсант дайым карааныңа.
Жашасын көн махабат – гүл оронуп,
Жооп берип өмүрүмдүн талабына.

Аялзат – мына ушул тазарткан да,
Арылткан кайгыдан да, азаптан да.
Ал тургай канча жашоом өтсө дагы,
Агартып өң-келбетти жашарткан да.

Сулууну сунса Кудай зериктирбей,
Соктуртуп жаш жүрөктү жээликтирбей.
Сакталмак жалгыз кызга анда балким?
Сезимди чачпай жолго кемиттирбей.

Алаамат болмок аял болбогондо,
Ак сүтүн берип эне коргогондо.
А түгүл, бала эмес чоң эркеги,
Адашып калмакпы дейм, орто жолдо.

Табышмак сүйлөгөнү талдап, тандап,
Тиктеши көкүрөктү кадап, арбап.
Турмуштун көркүн ачкан аялзаты,
Туу кылып эркектерди турат кармап!

Аял – жар, аял-эне, аял-аял,
Ал жанга асыл сөзүм дайым даяр.
Алыстан чарчап келсең көңүл буруп,
Абалды кейип сурап, жанды аяр.

АДАШКАН СЕЗИМДЕР..

Кимдики?..
Бул сезимдер , уйгу-туйгу учушкан?
Жөн учпай…
Ыйлап-өксүп, тынч жашоону бузушкан.
Камынып,
Кара жанды кайтпас кылып кыюуга,
Карайлап,
Аябастан алсыз башын урушкан.

Билбеймин?..
Сезим ордун кантип табат адашса?
Түшүнбөйм?..
Болбойбу кол үзгүс болуп кармашса?
Адашкан
Ал жүрөктүн көрүнбөгөн сырдашы,
Адамдан,
Ажырашпай экөө бирдей жашашса.

ЖАНДУУ ӨЛҮК.

Күкүм сымал күбүлүп жерге түшкөн,
Күнүм өтөт дайынсыз желге сүзгөн.
Кайталанат кайрадан кечке чейин,
Элестөөлөр эстеги үмүт үзгөн.

Жанды жерге бийиктен таштачудай,
Азгырылам ар ойго сакта Кудай!
Карааныңа зар болуп мөлтүрөгөн,
Эки бетти шор аккан жашка жуумай.

Караңгыда жарык нур болсоң болмок,
Сезим күчөп эмгиче бороондолмок.
Баары өттү, бир нерсе өкүнгөнүм,
Эми кайдан сүйүүгө көңүл тоймок.

Кара башты ичимден кастарладым,
Калган күндү негедир жашка арнадым.
Убагында уттуруп тагдырыма,
Колдо турган сулууну башкарбадым.

Кайчы жолдо адашып темтеңдедим,
Каршы турду өзүмө берген кебим.
Качан чыгам кайгыдан, качан чыгам,
Карбаластап демигип энтеңдедим.

Махабаттын бир кезде татып балын,
Душман болду жаркырап аткан таңым.
Жүздөн тайып, жүрөгүм алсыз согуп,
Арман менен азаптан катты каным.

Качкым келет санаадан жандап жүргөн,
Тамыр алсыз денеде азып өңдөн.
Жазды берчи жаңыртып, күтүп турган,
Жан дүйнөмө жабыркап жансыз өлгөн…

СҮЙҮҮ БУТАКТАРЫ.

Шамалдуу кечте кезигип,
Үнүм бир чыкпайт демигип.
Кулакка шыбыр үндөсөң,
Эзилип кетем эзилип!

Жытыңа көңүл мас болуп,
Картайган жүрөк жаш болуп.
Убакыт өтүп жатса да,
Жан дүйнөм турду жаз болуп.

Сезимим сага багынып,
Ырларым сен деп агылып.
Башкага башың бурулса,
Ичимен калам таарынып.

Ээрчишип бассак жанаша,
Суктанып баары караса.
Сүйүүнүн сүзүп көлүндө,
Жүрөгүм ойнойт балача.

Жакындап колуң кармасам,
Өзүмөн өзүм жанданам.
Коё бербей кармап колумду,
Куткарчы, жаным армандан!

Түшүмө кирсең коноксуң,
Ойгонуп кетсем жомоксуң.
Койкоюп түндө жанымда,
Оюмду ойго оропсуң.

Өткөрүп өмүр күндөрүн,
Сагындым назик күлгөнүң.
Таң заардан туруп сен үчүн,
Издедим бакыт гүлдөрүн.

Шамалдай сага учамын,
Жылмайып жайып кучагым.
Саргайып сары санаадан,
Жүзүңө жаным кусамын.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *