Тагдыр..

АЙРЫЛЫШ ЖОЛ.

Бул жол айылга кире бериштен айрылат. Демейде, тээ бир топ жерден чогуу келген жолоочулар ушул жерден туш-тушка айрылышат да, айрылаарда улуубу кичүүбү, карыбы жашпы, айтор кандай адам болбосун жок дегенде беш  мүнөт бирдемени кобурашат. Катар келаткан эки кыз көпкө турушту. Ушунча узактан, (тээ айылдан беш чакырым алыс мектептен) келишсе деле сөзү түгөнгөн эмеспи, шыңкылдашып тура беришти.
-Кандайсыңар кыздар? – деген үндөн экөө тең бирдей селт эте баш көтөрдү да, анан атчан турган боз баланы көргөн курбулар кыз каадасын кыла кымырынып ооз учунан алик ала эриндерин бүлк эттирди.
– Кимиңер мага шерик болосуңар? – деди боз бала кыздардын жанынан кете албай.
– Биздин өз жолубуз бар – деди Мунар каш серпе.
– Бул жерде эки айрылыш гана жол, үчөө  болсо ар кимибиздин өз жолубуз бар демекпиз. Азыр кандай болбосун бириң мага шерик болосуңар, кана кимиң? – деди Зарыл. Айкашка ат кашкасын жаркылдата Мунарды жандады.
– Ээсинен аты акылдуу тура, жаныбар. Ээсичилеп такып отурбай билип турат

– деди Самаркан сөз менен чымчый. Мунар жайдары жылмайды. Аттын кермек чөп жыттанган ысык деми кыздын дал кулак түбүнөн энтиге дем алып, ооздугун кычырата тыбырап алды. Сыягы буту талыды окшойт.
– Мына шерикти атым тапты, чын эле атым акылдуу, кеттикпи Мунар? – Зарыл ууртундагы чуңкурун жаркырата жагымдуу күлүмсүрөдү.
Кыз унчукпай баш чайкады.
– Тиштеп албайт бара бер – деди Самаркан астейдил. Көздөрү бажырайган, ууртунда бармак басым чуңкуру ак жүзүнө бир башкача ажар берген узун бойлуу бул боз улан далай кыздын аздеги болчу.
– Мен бүгүн Майра эжемкине барам, бул жолу жолубуз чын эле үч айрылыш болуп калды – деди Мунар кыңырылып.
Алар ошентип жолукту, да ошентип басаар жолу бир болсо да эки айры жолго түшүштү. Андан кийин арадан бир топ мезгил өттү, Мунардын онду бүтөөрүм менен окууга тапшырам деген тилеги таш капты.

– «Жакшы жер чыкса күйөөгө берем. Тиги мугалим баланын окуган кызын көрүп жүрөм, чийдей болуп, өңүндө кан сөлү жок. Килеңдеген кандай кыз эле, эми карачы. Окуу деп жүрүп соо эмес, тамак ичпей ак тиктеп атып оорукчан болуп калганбы дешет баары эле» – деди алкына сүйлөгөн апасы доктуру жок эле диагноз коюп салды. Ошону менен сөз бүттү. Апасынын тилеги узаган жок. Мунарга тез эле жуучу келди. Келгенде да Зарылдын ата-энеси келди. Ичинен кубанган кыз каршылык кылган деле жок. Кыздын айылындагы жупуну тойдон соң Мунарды бир нече чакырым алыс Көк-Белге келин кылып көчүрүп кетишти. Ошол күн Мунардын али да эсинде. «Ниванын» рулундагы айылдаш агасынан уялган Мунарды Зарыл улам кучагына тарта саамайынан жыттап, кыз болсо бул дил жылыткан мамиле өзөк тамырын аралай көңүлүн туйлатып баратса да тартына кымырылып, бактысы көөдөнүнө сыйбай барбады беле. Ошол күндөн башталган ысыктыктын өмүрү негедир узак болбоду. Бир жакка кетсе келинчегин сагынып кылгыра карап келген Зарылдын оттуу көздөрү жарым жылга жетпей муздак тартты. «Кош бойлуулугумдан ушинтип жатат го» деп жооткотту Мунар өзүн-өзү. Ошол муздактык бара-бара кайдыгерликке айланды. Мунар да удаа төрөлгөн балдарына алаксып, бир чети «күйөөнүн баары ушундай болуш керек» деп ойлоду. Анан заман аңтар-теңтер болуп, элдин баары талаалап кетти. Куду ушул айылдан чыкса эле желкеден баскан жокчулук артта калып, Россияга баргандын баары байып кетчүүдөй, бирине-бири атаандашып агылды караламан журт. Бутуна турганы туруп, турбаганы же иштен, же ден-соолуктан жок кайтып келди. Кайтып келгени да жакшы экен, куду согуштан кайтпай калгандай келбеген жандар көбөйдү. Эне мээримин, ата тарбиясын көрбөй кемпир чалдын колунда сербейип тиричиликке кол кабыш кылган элгенчи балдардын саны арбыды. Согушта го «кайсы бир күнү жеңиш болот» деген үмүт жетелечү, ал эми бу караң калган кетүүнүн аягы көрүнбөй койду. Баары эле кете берде, кете берди. Аял – «мен аялмын, үйгө кут элем, балдарга эне элем» дебей, эркек «үй – бүлөнүнн башы элем, менин үй-бүлөмдү ысык-сууктан ким коргойт, булар кимди караан тутат» дебей, куду аталык карыз, энелик парызды да Россиядан тапчудай агылышты. Ошолордун катарында Мунардын күйөөсү да кетти. Чиейдей беш бала менен оорукчан кайын энесин караан туткан Мунар тишин-тишине басып жалгыз калды. Бул жерде калгандардын жашоо абалы, тагдыры ар кандай болгон менен баарынын көкүрөгүндөгү  «эптеп бир жумуш таап, акча көп иштеп келишсе, үй-жайды эл катары оңдосок» деген үмүт гана окшош эле. Эч кимиси эл катары деген менен эл деген улуу журттун суйулуп кеткенин, майдаланып, маңызын жоготуп баратканын, элчиликке эмес, куру дүнүйөгө азгырылып баратканын эске албады, эске алганга чама да жок эле. Анткени, мындай багыты, эртеңи жок азгырык баш-аламан агым каржалган адамдарды эки жагын каратпай чамындыдай аласалдырып агызып бараткан.

Зарыл алгачкы кезде тез-тез чалып, балдары, Мунар менен узак сүйлөшүп, аз да болсо акча салып турду. Бара-бара күйөөсүнүн салган акчасы көбөйгөн менен саламы азайды. Мунар менен дээрлик сүйлөшпөйт. Мунарга келгенде эле ал-акыбал сураган болот да, «Мейли балдарды, апамды жакшы кара. менин бирдигим түгөнүп баратат» деп трубаканы койгонго шашат. Шаабайы сууган келин ичинен буулуга ызаланып, күчүн көзү алаңдаган балдарынан чыгара чамынат. Баарынан да балдарга кыйын болду, атасын сагынып жүргөнү аз келгенсип алда неге буулуккан энесинин заар тили. Муну Мунар өзү деле сезип турат, бирок башка кимге айтат ич дартын, кимден чыгарат жүрөгүн муунткан ызасын. Айрыкча түнкүсүн тозок. Түндүн мынчалык узак, коркунучтуу экенин сезбептир.

Мындай дил буулуктурган окшош күндөр канчага созулат эле ким билет, бир күнү таң атпай уй айдап кеткен улуу баласы Максат сырттан бозоруп кирди да, алда кандай суук кабар алып келип, кантип угузаарын билбей турган чоң кишидей салбырай бурчка барып көчүк басты.

– Сага эмне болду? Бирөө бирдеме дедиби? – Кыраакы кемпир небересинин үстүнө түшө үйрүлдү. Бала ансайын бозоро мелтиреди.
– Сүйлөбөйсүңбү, тилиңди жутуп алдыңбы? – казан аягы менен алышып жүргөн Мунар телмирген уулуна кыжырлана ары жактан алкынды.
– Тиги Маликтин апасы Россиядан келиптир?
– Жакшы болуптур келсе – деди Мунар жарасына тийгендей ачуу бүркө.
– Сенин атаң да келет кулунум, ошого да капа болот бекен? – Үрүлкан небересинин маңдайынан шоркурата жыттап бооруна тартты.
– Менин атам келбейт экен – араң турган бала энесинин көкүрөгүнө башын ката буркурап жиберди.
– Ок, ал эмне дегени экен, эмнеге келбейт!?
– «Атаң үйлөнүп алыптыр, келбейт экен, апам көрүптүр» деп Малик айтты – буулуккан бала ансайын өксүй. Мунардын бут алдында жер көчүп, колундагы чакасы кулай, эми эле сператорго алып бараткан сүтү төгүлүп жайнап жатып калды. Аппак көңүлдөй болгон аппак сүт үйдүн ичин чайып кетти. Сүт кечкен келин саамга нес боло туруп, анан:
– Мен билгем ушуну. Мылжыйган өлүк тиригиңди көрөйүн былык. Билгем бирдемеси бар экенин, «жетип барып шермендеңди гана чыгарбасам, шашпа сени» – деп Зарыл куду айылдын эле четинедеги бир жерде тургансып, кайда бараары белгисиз сыртка атырылды.
– Ай балам, оболу Саликадан чын төгүнүн билсеңчи. Малик балалык кылып чала угуп айтса айткандыр.

Артынан удаа этегине чалына кобурап келе жаткан кайын энесинин сөзү бет келди басып бараткан Мунардын кулагына шак этти. Башы тумандаган Мунарга «Чын эле Маликтин апасынан сурайын» деген ой келип, артына кайтты. Эми эле чайга отурган Салика купкуу болуп кирип келген Мунарды көрүп чочуп кетти.
– Кел, тыншчылыкпы  – деди үрпөйүп.
– Сизден сурайын дегем тыншчылыкпы деп?
– Өт жогору, чайга кел.
– Рахмат чайыңызга, Зарылды үйлөп келген турбайсызбы. Балаңыздан кыңгыратып угузуп балдарымдын жүрөгүн оорутпай мага эле айтпайсызбы – деди араң кармана калчылдап.
– Кантесиң Мунар кайдагы кепти айтып… – Мунар Саликаны сүйлөтпөй сенсирей жарылып кетти.
– Сен айтып жатасың кайдагы кепти. Россиядан таап келген сөзүң ошол болдубу? Балдарыңды бозортуп, көрүнгөндүн үйүнөн нан суратпай пул таап келбейсиңби кыйын экенсин.

Салыйканын оозунан кеби түшө өңү бир кубарып, бир бозорду.
– Ал эмне дегениң Мунар? Балдарым нан сураса уну жоктугунан эмес, жаба албаганынан сурагандыр. Жаап берип койбойт белең жакшы кошуна болсоң. Эмне менин жакшылыгымды көрбөдүң беле. Акчаны кудайга шүгүр таап келдим, ушундайыңдан Зарыл таштап кеткен тура. Мен сага жан тартып атыпмын.
– Жан тарканың ушулбу, чиедей балдарга сүйүнчүлөп?
– Кой айланайын Мунар, менин сени менен айтышкыдай алым жок, кыйын болсоң дарегин берем барып күйөөңдү алып келип ал, мен үйлөгөнсүп мага алкынба айланайын. Атасы экөөбүз күңкүлдөшүп атсак балдар укса уккандыр. Бала экен, оозун баса албайсың, айтып коюптур.

Укканым ушак чыгаар деп дымактуу келген Мунар, табалап эмес аялдык жүрөк менен чын дилден аяп карап турган кошунасынын көзүнөн ачуу чындыкты көрүп, турган жерине шалак этип  отура кетти.
– «Мен эмне кылам» – деди шыбырап.
– Тур айланайын, мен куруюн, келгенден бери оозум батпай улам анан айтайын деп жанчылып жүргөм. Тиги менен мамилеси тамырлап кете электе бар да кайтарып кел, же жанында иште.
– Балдарды кантем?
– Акча салып эле турсаңар кайын энең бага берет. Эл-журт бар, каралашабыз. Мен сага дарегин берем, бар айланайын. Баары эле барып атпайбы. Сенин эмнең кем ошолордон – деди келинди колтуктай төргө жетелеп.

«Жол азабы көр азабы» деген калетсиз сөз экенин Мунар ушу жолу сезди. Колундагы баласы менен он киши баткан жерге он беш кишини тыгып алган микро автобуста төрт бүктөлүп араң жетти. Канча жолу жаны кыйналганда күйөөсүнө арызданып, көкүрөгүндө кайнаган ыза күйүтүн айтып чалып жибере жаздап, «жеткенче чалба, баарыңарды түшүргөн жерге барганда чалгын» деген Салыйканын кеңеши гана кармап, «жеттиңер, түшкүлө» дээри менен телефонго асылды. Жат жерге келгенденби, же төрт күндөн бери ачуусу тарадыбы Мунар номерди терип жатып «жалган болсо экен, мындан көрө күйөөм» калп сөзгө ишенип неге балдарды, апамды таштап келдиң?» деп урушуп, ал тургай сабап жиберсе да мейли эле» деп тилеп жиберди. Мына гудок кетти. Мунар ойунун акырына чыга электе:
– Алоо – деди аялдын үнү.
– Сен кимсиң, өлүк тиригиңди көрөйүн жалап, берип кой Зарылга – ызасы алкымын бууп чыккан келин каерде турганын, абалын унутуп, оозуна келген сөздү карманбай кыйкырып каргап кирди.
– Алоо – деди Зарыл дароо эле.
– Ким сенин телефонуңду алган?
– Ал менин аялым, сен өзүң кимсиң? Эмне Салыйка эженин номери сенде жүрөт? Берип кой өзүнө – деди күйөөсү күпүлдөп. Кайын атасы раматылык ачуусу келгенде ушинтип күпүлдөчү. Опол тоодой чоң киши эле, кайран киши. Ачуусу да чоң келип, кайра тез эле жазылып бажактап калчу. «Ошол киши болсо көрөт элем ушинткениңди» деген өкүт ой келиндин кансыраган жүрөгүн сыдырып өттү.

– Мен Мунармын, балдарды ойлободуңбу? – деди аргасы куруп. Оозуна ушул сөз келди. Карманаары, бетине тутаары балдары экенин азыр сезди. Үнү кардыга, буттары шалдырап кардын үстүнө отура кетти. Зарыл саамга унчукпай калды да,
– Неге келдиң? Балдар, апам ким менен калды? – деди суз. Үнү күнөөкөр кишидей эмес кайра ачуулуу эле.
– Балдарды, апаңды эми ойлодуңбу?
– Каердесиң?
– Билбейм.
– Билбесең неге келдиң энеңди, жаныңда билген бирөө болсо бер ошого. – Келин айдоочуга сунду. Айдоочу турган жерин айтты да, телефонду кайра келинге узатты.
– Мен азыр барам, туруп тур ошерде – деди Зарыл суз. Зарыл көптө келди. Мунар баласы экөө үшүп, курсагы ачып, баласы ыйлай баштаганда гана алыстан шашпай баскан Зарылдын карааны көрүндү. Көкүрөккө тааныш, көзгө жылуу, жүрөккө жакын караан. Мунардын көз алдына баягы алгачкы жолу Зарылдын жүзүнө көз, жүрөгүнө жылуу учкун таштаган айрылыш жол элестеди.
– Ата – деди баласы боюн таштап. Кантсе да бала боор эттен жаралган, Зарыл баласын алганда жибип, кареги жылуу тарта, жїзїн мээрим уялады.
– Уулум келген тура – деди мойнунан бекем кучактаган баласын шоркурата жыттап.
Экөө түн бир оокумга чейин отурду.
– Менин үйлөнгөнүм чын, мен экөөң менен тең жашайм, кааласаң чогуу жаша, каалабасаң үй сеники, баарын калтырып чыгып кетем.
– Балдарга үй эмес ата керек, Максат чоңойуп калыптыр, арданып көчөгө чыга албай калды – деди келин жашына муунуп.
– Мен балдарды таштабайм, Максат жигит, чоңойгондо түшүнөт. – деди Зарыл кеп бүттү дегендей ордунан туруп.
– Эмнени түшүнөт, атасынын саткын экенин, бир канчыктын айынан балдарды көзүн жалдыратып таштап кеткенин түшүнөбү? Өздөрүнөн да, атасына катын зарыл болгонун түшүнөбү?
– Быдылдай бербе, мен балдарды таштаган жокмун. Андай эстүү катын экенсиң балдарга сыр алдырбай ошол жакта тиричилигиңди кылып турбайт белең. Чаап алчудай жетип келбей. Барат элем го.
– Угуп, туюп туруп кантип чыдайм, мен да адаммын Зарыл, көп кордобо. Убалым бар менин да.

Күйөөсү келинчегинин сыздап ыйлап жатканына кыжыры келгендей унчукпай туруп кетти.
– Алып кел тигиниңди көрөйүн – деди Мунар айласы кетип.  Эмнеге көрөөрүн, эмне деп сүйлөшөөрүн деле ойлонгон жок. Айылда чоңойгон Мунар «алдыма келгенден уялаар, эрим кайтпаса да, аял эмеспи эр талашкандан намыс кылып анысы кайтаар» деп үмүт арткан эле. Мунар ойлогондой болбоду. Ошол эле түнү Зарылды шынаарлай жандап кылтыңдай баскан күндөшү тартынбай-этпей эле кирип келди. Канчалык карманайын десе да жылмаңдаган аялды көргөндө Мунар куду алдындагы олжосуна кол салган каршылашына атырылган ургаачы бөрүдөй калчылдай күндөшүнө чап салды. Тиги болсо Мунардын оозуна ак ит кирип кара ит чыгып атырылганына, заар сөздөрүнө ууртунан табалай күлүмсүрөп, ызалуу Мунар атырылган сайын калп эле корккон боло Зарылга далдааланып, а чынында коркпой эле жеңиш өзү тарапта экенине дымак күтө менсинип турду.

– «Мунуң кепти түшүнгүдөй эмес, мени жеткирип кой» – деди бир кезде калп ыйлай. Мунарды жеп жиберчүүдөй карап сөгүнгөн күйөөсү тигини узатып чыгып кетти. Мунар күйөөсүнүн кайра өзүнө кайтпасына көзү жетти. Мындай аял колуна түшкөн эркекти коё бермек эмес. Үмүтү таш капкан Мунар «кой, кетейин деп айтайын, эсине келсе бараар» деп аялды узатканы чыгып кеткен күйөөсүн үч күн күттү, күйөөсү келген жок. Деги Мунар келгени Зарыл эр болуп койнуна деле түнөбөптүр. Бүт арзуу тилеги, кыялдары, келечеги талкаланган келин үчүнчү күнү Зарыл тамак-ашка деп берген акчаны алып жолго чыкты. «Кайра кайрылганым ушул болсун, каргыш тийген Россияга келгеним ушул болсун. Менчилеп таштаган күйөөсүнүн артынан темселеп тентигендин акыркысы мен болсом кана, атаганат. Кайдан, заман минтип турса, башы бош аялдын баары эптеп эле эр болсо деп башканын көз жашына карабай жулкунуп турса мендей шордуу аялдар, таштанды балдар көбөйсө көбөйөөр, азайбас. Ал тургай мындай баш аламан агымдын айылга кесепети тийип, мурдагыдай уят, абийир, ар-намыс жоголду. Кошуна менен кошуна, аяш менен аяш ойнош болуп, кокус кылмышынын  чети чыкса, мурдагыдай эл-журттан намыс кылып тыйылып калгандын ордуна Росиияга кире качкан адат табышты. Каргыш тийсин сага Россия, сага кетчү баш-аягы, эртеңи, келечеги күңүрт жолдо канча балдардын энеси тентип, атасы таштап, ата-энелик мээримге канбай, балдар балалыксыз, атасыз, канча үй-бүлө башы жок кароосуз калды. Элден алыс тентиген канча аял эри туруп эрге тийип, кыздар абийирин сатып болсо да акча табуу үчүн жанталашып, адам атпай байууну гана максат кылып, мурдагы абийир, уят, ар, нысап дегенди тим эле ажыдаардай оп тартып кеттиң го.! Каргыш тийсин сага Россия».. Ушинтип каргады ызалуу келин. Ал үчүн баарына Россия гана күнөөлүүдөй туюлду, андан башка паана таппады. Жүдөө, арып-ачкан, чарчап чаалыккан адамдарды жүктөгөн кичине автобустун дөңгөлөктөрүнө оролгон учу кыйыры жок кан жол куду келиндин ойлорундай акыры көрүнбөй чубалып жатты…

Бир кезде жол айрылды. Машине Кыргызстанга кетчү жолго бурулуп, Зарылга алып барган жол артта калды. Келиндин оюна «Башында жолубуз айрылыш эле атаганат, жараткандын аяны беле мунусу?. Кудай ай, ошондо эле жолуктурбай койсоң эмне»  деген суук ой келди. Алгач кєз ачып көргөн, желден кийин эле этегин ачкан күйөөсүнөн көңүлү үч кєчкөн журттай калган келин ушинтип Кудайга да, Кудайдын жерине да кеп тийгизди.. Ойдун акыры жок тура..

Айжаркын ЭРГЕШОВА. акын, Алыкул ОСМОНОВ атындагы адабий сыйлыктын ээси.

One thought on “Тагдыр..

  1. Бир дем менен окуп чыктым. Аянычтуу, бир дагы аялзатынын башына мындай тагдырды жазбасын…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *