Сыр..

“Ак кептердин” кезектеги каарманы, жаш акын Анарбек АБАЗБЕКОВ 1989-жылдын 5-мартында Нарын обулусуна караштуу Жумгал районунун Чоң-Дөбө айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы КУУну аяктап, учурда Евразиялык университеттин 2-курсунда сырттан окуйт. Журналистика тармагында эмгектенип келет.

 

 

 

КЫЯЛДАР.

Түн бир оокум, түнөк таппай ойлорум,
Кыял минип көп жерлерди бойлодум.
Кээде туруп, булут минип зымырап,
Келип кетет жылдыз менен ойногум.

Бирок алар ишке ашпас кыялдар,
Миӊ пендеде миӊ бөлөкчө кыял бар.
Көз ирмемге жан дүйнөнү эргиткен,
Жашагыла опол тоодой кыялдар!!!

ЖАЛГЫЗДЫК.

Ыймандай сырларымды ичке каткан,
Буулуксам ырга айлантып төгүп алам.
Издесең мен баягы түнөктөмүн,
Жалгызмын, мен ошого көнүп алгам.

Саат санап, улам-улам жакын тартып,
Жалгыздык, сен да мага көндүң окшойт.
Өткөн күн, ошол мезгил, кеткен кездер,
Санааны санга бөлүп, жүрөк козгойт!!!

СЫР..

Мезгил, мезгил учат алга закымдап,
Баратабыз барчу жерге жакындап.
Пенделер ээ, өлбөс болуп жаралсак,
Дагы нечен ачуу сырлар ачылмак.

Сырлар, сырлар кайнап жатат көөдөндө,
Болбой такыр, бир биринен бөлгөнгө.
Бир гана сыр көргө кошо баралат,
Сууң түгөнүп, көз жумулуп өлгөндө.

А башкасы калат экен артыңда,
Төрт кабат үй, төрт дөңгөлөк машина.
Он алты кез кездемеге оронуп,
Дене барат топ сырыңды жашыра…

КҮЗ. ӨТКҮН ЖАНА МЕН!.

Өчү бардай, сабап жерди көнөктөп,
Өткүн өттү, күздүн салкын түнүндө.
Өтүп жаткан өмүрүмдүн тизмегин,
Иргеп жаттым жалгыз бөлмө үйүмдө.

Иргеп алып, жакшыларын, жаманын,
Токуп миндим саржоргосун санаанын.
Шаар караңгы, эл уйкуда, а бирок!
Бир үйүндө жарык өчпөйт калаанын.

Ошол үйдө күн кечирип жатамын,
Даамын таттым нечен кайгы капанын.
Турмуш кыйнап, канча азапка салса да,
Тартуудамын жай жашоонун сапарын!

ЗАРЫГУУ.

Колум кармап, карап турдуң кадалып,
Көздөрүмдөн окугансып көп сырды.
Эске салып кыштын ызгаар суук түнүн,
Капчыгайдан каардуу бороон ышкырды.

Тоготподук, тоолук жаштар элек биз,
Тоодо өсүп, тоо койнунда торолгон.
Жана дагы кайрытпайбыз дегенбиз,
Канаттарды кар жамынган ДОЛОНДОН!

Биз ал кезде билбептирбиз чынында,
Ырайымсыз тагдырдын таш боордугун.
А бүгүнчү, кездешүүгө зар болуп,
Тартуудабыз тар турмуштун кордугун.

ТӨРТ САПТАР..

Сүртүп өтсө турмуш кара боёгун,
Бошоп көңүл, анан кайра толомун.
Эрким менин боёктон да күчтүүрөк,
Көрөсүңөр мен бактылуу боломун!!!
***
Качпайм сага жолугууга барыштан,
Жана дагы арнап ырды жазыштан.
Бирок корком, түшүнбөймүн себебин,
Сени сүйүп, сен деп жашап калыштан.
***
Сүйүүгө бекем бол, сезимди уурдабай,
Так салып жүрөккө, ылайлап, булгабай.
Кол шилтеп баарына, кош көңүл карасан,
Көзүңөн аккан жаш, калбасын кургабай.
***
Бирде ак, бирде кара куу турмуш кубулушкан,
Сагыныч, эңсөө, күтүү, көз жаштар куюлушкан.
Муңканган сезим күүсү, жаңырып кулагыма,
Уйкусуз түндөр өтөт, санаага жуурулушкан..
***
Үшүдүм деп деп үшкүрүндүң суз гана,
Үлбүрөгөн көйнөгүңдү кымтынып.
Үзүлбөгөн үмүт күчү жетелеп,
Үйүңө мен келген элем ышкырып!.
***
Боздогон бороон улуйт,
Тереңинен тээтетиги көңүлүмдүн.
Тепкилеп тынчтык бербей,
Тынчын алып бүттүң го өмүрүмдүн.

А балким болуп жүрбө,
Башаты, эртең келчү.
Эч кимге ээ-жаа бербей,
Сыздатып алып кетчу,
Миң сырдуу өлүмүмдүн!..
***
Бакытым деп мен сени тандап алгам,
Бут өмүрүм өзүңө арнап салгам.
Сен жөнүндө айтылган ушактардын,
Ишенбеймин бирине, баары жалган..
***
Жаным бар, таштай катып калган денем,
Мен эми сенсиз жашайм, арман менен.
Жүрөгүм шыбыроодо атыңды атап,
Көңүлүм миң мертебе калган менен.
Мен эми күн кечирем куса менен,
Кайгы муң, жүрөк толгон ыза менен.
А бирок түндө жатып үнүңдү уктум,
Жел коштоп, тоодон келген муза менен!.
***
Тийбе мага, кармалаба, жакындаба суранам,
Ишенсен сен, мындай иштен эмнегедир уялам.
Андан көрө аваз салып, шуулдачы угайын,
Үнүңдү угуп, эргүү алам, мен ошого кубанам!.
Деп үн салды үлбүрөгөн жалбырактар жалооруп,
Тентек желге тегеренген, бир орунга турбаган…

3 thoughts on “Сыр..

Leave a Reply to Калыгул Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *