АРМАНГА АЙЛАНГАН ТАГДЫР.

Чубак САТАЕВ.

БИЙИК ТОО, АСМАН, ААЛАМГА,
БИРИНДЕП КЕТКЕН КЫРГЫЗДАР!
БИЛИНБЕЙ КЕЛИП БУЛ ЖАШООГО,
БИР ЖАНЫП ӨЧКӨН «ЖЫЛДЫЗДАР!»..

Таланттуу обончу жана аткаруучу, бул өмүргө өзгөчө бир “жарк” дей түшүп кайра “жалп” өчкөн чыныгы “жылдыз” Чубак САТАЕВ тирүү болсо өткөн 13-январда 53 эле жашка чыкмак. 20 жыл мурун болгону 33 жашка чыгып чыкпай, таланты ташкындап турган маалда капыстан каза болуп, бул жашоо менен кош айтышып кете берген. Кыскасы даңазасы таш жарып турган. 87-жылдары болсо керек эле, Бишкектин «Восток-5» кичи районундагы «Набережный» көчөсүндө Маданият министирлигинин жатаканасы бар болчу. Ошол жерде көптөгөн маданият ишмерлер үй-бүлөлөрү менен кымындай, көчүк айланбаган тар бөлмөлөрдө тыгылып жашашчу. Опера жана балет театрында иштегендиктен, экинчи чети ошол жатаканада жашаган жакын досумдукуна байма-бай каттап тураар элек. Айрыкча дем алыш күндөрү Чубактын атактуу «Арманы» алты кабаттуу жатакананы өзгөчө шаңга бөлөп, топураган күйөрмандар улам бир чакан бөлмөлөрдүн босогосунда тыгылышып, узунунан кеткен тар коридордо котолоп, батпай турчубуз. Тээ түн бир оокумга чейин аккердеон үнү басылбай, Чубактын шайы кетип, үнү каргылдана баштаганда кана бирин сериндеп отуруп тарап кетчибиз. Арман, арман, арман, арман, арман, арман аай…  Ар бир кабаттан, ар кайсы бурчтан, кызы деле, эркеги деле, эшиктен деле, тешиктен деле ичинен сыздап, боздоп, күңкүлдөп, мыңкылдаган “армандар” тынымсыз, дембе-дем эле кулака жаңырып турчу.. Арман, арман, арман, арман, арман ай…

Чубак кан досу Каныбек менен.

25 жылдан кийин казак калаасы Алматыда жашап калдым. Автобус, трамвай, троллейбустарына түшүп, ары-бери көп эле каттап калганымда айдоочулары атактуу Чубак замандашымдын, жердешимдин айтылуу «Арманын» далай ирет “даңкыалдатып” коюп алганына күбө болуп, жайнаган жүргүнчүлөрдүн мемиреп, жыргап, көшүлүп угуп бара жаткандарын көрүп, казак баурлардын ыр ыргагына кошула термелип, ичтеринен кошо ырдап, коштоп жаткандарына астейдил өзүмчө жыргап, териме батпай, тегерегимди сыймыктана карап, аялдамага келгенде «арман, арман, арман, арман, арман ай…» деп алар менен кошо мен дагы ичимен миң кайталай сыздап, акырын чердейе басып автобустан түшүп кетчүмүн.. Ошентип «Арманга» айланган Чубактын ырларын казактар катуу жактырышаарын, тажабай угаарын өз көзүм менен көрдүм..  Өз учурунун чыныгы «Жылдызы» деп ушундай таланттарды айтса жарашаарына чындап ишенип, Чубактын талантына так ошондо «таң» бергем..  Ооба, ал аз, өтө аз жашады, бирок «саз» жашады. Эң кызыгы Чубактын өмүрүн ар дайым «3» деген сан коштоп жүргөн экен. 13-январь – туулган күнү, кыска жашоосунда 3 аялзаты болгон, 3 уулу, эл сүймөнчүгү, хитке айланган 33 ыры, жадагалса 33 жашында, анан өлгөн жылы да 1993-жылга туш келип калганын карасаңар?..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, журналист, Хельсинки.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *