Имишпи, же?..

Акыркы учурларда “Рысбек Акматбаев тирүү экен, алыскы Америкада аман-соо эле татынакай жашап жүрүптүр, жакында Мекенине кайтып келет экен” дегендей айың кептер кайрадан айтыла баштады.

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ АМЕРИКАДАН КАЙТЫП КЕЛЕБИ?

«Рысбек тирүү болгондо Каркыра сатылмак эмес, Баяман тирүү болгондо Ошто өзбектер баш көтөрмөк эмес” деп, баш чайкап калышат  кыргыздар. Айрыкча Рысбек Акматбаевдин өлгөнүнө азыркыга чейин ишенгиси келбей, ар кандай жоромолдоолорду айтып жүргөндөр да бар. Гезитибиздин редакциясына  бир айдан бери телефон чалып “Рысбек Акматбаев тирүү экен. Америкадан кыргызстандык орустар жолугуптур. Жакында келет турбайбы. Рысбек каза болгондо атасы сөөктү көрүп “бул менин балам эмес” деп айтканы бар эмес беле. Журналист катары иликтеп көрбөйсүңөрбү” деген жарандар көбөйдү. Ал эми Акматбаевдин жанында жүргөн жигиттеринин атылгандан калгандары учурда чет жерде башпаанек кылып жүрүшөт. Өздүк булактар аркылуу алардан тымызын сураштырып көрүп “бардык нерсенин өз убагы бар” деген гана жоопту алдык. Гезитибиздин кийинки сандарында Акматбаевдин ата-энесинен маалымат алууга аракет кылмакчыбыз. Рысбек мырзанын өлүмүнө өзгөчө көлдүктөр ишенишпейт. Акматбаев элдин ишенимине  киргендей, бийлик башындагылар да элдин ишенимине Рысбектей болуп кирсе кана аттиң..
Маалымат булагы:  http://www.kyrgyztoday.kg/kg/koom/item/16265-ryisbek-akmatbaev-amerikadan-kaytyip-kelebi?.htm
l

“РЫСБЕК АКМАТБАЕВ” ДЕГЕН КИМ БОЛГОН?.

2005-жылкы март революциясынан кийинки баш аламандыктар, буйрутма киши өлтүрүлөр күндөн-күнгө күчөп, кадимкидей көрүнүшкө айлана баштаган учур..Таламандын так түшүндө эле эңгезээрдей жигиттерди ээн жерде болсо да бир жөн, шаардын чок ортосунан, чогулган элдин арасынан ит аткандай эле торойто атып жатышты. Жөнүрөөк адамдарды да эмес, жөндүү-жөндүүлөрдү терип атып, мандаттуу-мансаптууларды ылгап турушту. Бул адамың бир нерсеге бат эле ыкташып, ымала кылып, көнө берет тура. Алгачкысында “аа кокууйду коштой айтып, бүк түшүп жыгылат экен, эмне деген шумдук” демиш болуп. Анан бара-бара баарына көнүп эле, элес деле албай калганына таңгалып баштабадыкпы. “Эми атып эле атпайбы, эмне болуптур, анын эмнеси бар экен” деген түшүнүк элге сиңип бараткан. Кыскасы, кыйын кырдаал каптаган учурду баштан өткөрдүк. Акаев учурунда кылмыш иш козголуп, издөөдө жүргөндөрдүн бир тобу кайра акырын жылып келишип, сүйлөшчүүлөрү сүйлөшүп, майлачууларын майлап-чайлап дегендей ачыка чыга башташкан. Алардын арасында Кыргызстандын «крим аталыгы» аталып жүргөн Рысбек Акматбаев да бар эле. Акматбаевдин канчалык деңгээлде күнөөсү бар экенин сот далилдеген эмес, аны актаганын баарыбыз эле угуп, күбө болгонбус. Ооба, биз Рысбекти кылмыш чөйрөсүндө жүргөн адам деп билчүүбүз. Бирок анын эмне кылмыш кылып, канчаны кырып, мамлекеттин эсебинен миллиондорду жеп-жутуп, сугунуп жибериптир дегендей күнөөлөрүнүн бирин да бир жерден угуп, көргөн эмеспиз. Укканыбыз ушул эле, көп жолу, далай жолу, башка улут өкүлдөрүнүн кутурган, көзүнө эч нерсе илбей көпкөн бандит, баш кесээрлери кыргыздарды, кыздарды, эми мына, бутубузга туралы деп калган ишкерлерди мазактап, талап-тоноп, болгонун тартып алып, айласын алты кетирип баштаганда, Рысбек ошолорго каршы согуш жарыялап, аларды «кирчү жерине киргизип, моюндарын толгоп, өлтүрчүсүн өлтүртүп коюптур» дегендей күбүр-шыбырларды ар кандай булактардан угуп калчубуз.. Манаста айтылгандай, «жарымы чын, жарымы төгүн», дейт го, ансыңарындай жарымын калпка чыгарган күндө да булардын жарымы кашкайган чындык. Угуп эле тим болбостон, улуту үчүн күйгөн кыраанга өмүр тилеп, ыраазы болуп, сыймыктанган кыргыздар четтен табылчу. Анан эмне кылмак элек, айтсаңар?

Ал кездеги ишенген укук коргоочулар укугубузду коргомок тургай, ошол ар кайсы топтогу толуп жүргөн “шпаналардын”, “бандиттердин” сөзүн сүйлөп, аларга каалагандай жол ачып берип, ал эмес жардамдашып жүрсө. Ошондогу чечен, “мыйзамдагы ууру” аты бар Азиз Батукаевди, жана башка ошого окшогон бир топторунун кысчуу жерин кыстырып, айдачуусун айдап, Кыргызстандан сүрүп чыгарган ушул кыргыздын “бандит” уулу Рысбек Акматбаев эмес беле. Бандиттерге бандиттин гана тиши өтпөсө аларың адамды адам катары көрөбү деги? Айрыкча, ар тараптан тонолуп, каржалып турган кыргызды, өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып жатканда бир кыргыз “бандит” керек болуп турду да. Ошол милдетти, ошол жоопкерчиликти Рысбек Акматбаев алды, ал ошол учурга, ошол мезгилге, талапка жараша келип кошулганы тарыхый чындык эмеспи. Көрүнбөй, такыр көздөн далдоо жүргөн Акматбаев күндөрдүн бир күнү эле ачыка чыга келди, келгенде да башка жакка барбай Акүй, Көкүйдүн алдына келди. Аны ошол жерге чейин кирип келгенге мажбур кылышты, ошол учурдагы көлөкөсүнөн корккон, мурдунун учунан алысты көрө албаган аңкоо жетекчи сөрөйлөр. Рысбектин бир тууган иниси, ЖК депутаты Тынычбек Акматбаевди агасынын эгерим элдешкис, “кровный” душманы Азиз Батукаев отурган түрмөгө алып барып беришти, атайын эле, «өзүңөр билгиле» деген тейде. Асмандан көксөп жүргөн тилеги жерден табылып жатса Батукаевдин башы ооруп отурмакпы, Рысбеги кайсы Тынычбеги кайсы, ага баары бир болчу, «кровнигинин» эң жакын адамын өлтүрүп, өчүн алса болду да. Өчүн алып тынды, инисин да, андан соң агасын, анан анын айланасында жүргөн жалаң кыргыз балдарды бадырактай эле бырсылдатып жок кылышты. Өз мүдөөсүнө жеткен Батукаев баш болгон башка бандиттер азыр да типтирүү эле, түрмөнүнүн төрүндө «евро» жашоо кечирип жыргап жашап жатышат. Ал эмес кыргыз бийлигин чөгөлөтүүдөн кайра тартпай, каалаган талаптарын айтып, ачкачылык кармап, догун артып ийишти.

Рысбек кыргыз парламентинин алдына жайнаган элди ээрчитип келип, инисинин, эл депутатынын түшүнүксүз өлүмүнө жооп берүүнү, бийликте отурган шектүү адамдардын кызматтан кетүүсүн ачык талап кылып турду. Жооптуу, тиешелүү адамдар  чыгып келип, батынып бир нерсе айтууга жарай алышкан жок. Президент сөрөй Бакиеви да, Премьер сөрөй Кулову да. Алардын алсыз, жөндөмсүз, байкуш экени ошондо эле билинген. Бирок колдорунда чексиз бийлиги турганда алардын корко тургандай жөнү жок болчу, алар аны “шашпага” жылдырышты да каардуу «жолборс» менен башкача, тымызын сүйлөшүүлөрдү, куу жолдорун таап, Акматбаевди депутаттыкка аттандырып коюшту. Алар эмес эл, Ысык-Көл эли инисинин ордуна агасын шайлайбыз, анын аткарбай кеткенин агасы аткарат деген демилге көтөрүшүп, ага Рысбек макул болуп талапкерлигин койгон. Ага куу бийлик да «макул» деп башын ийкеп койду. Алты жети атаандашын биринчи эле айлампада утуп чыгып, далай көпкөн көпөс, чык татырбас Чынарбайлардын шымын булгап койгону бар. Ачыгын айтканда, алар бир эле күн кечигип, Рысбек мандат алып отуруп калганда ошол учурдагы саясат, же болбосо башаламан агымдар башкача нукка бурулат беле, же кандай болот эле, эң башкысы катуу өзгөрүш болоору бар болчу. “Бандит” депутат болду деп чочугудай эмне, андайлар болбой жүрдү беле? Отурушкан, азыр да отурушат. Ал эмес «бандиттер» бүтүндөй үй-бүлө, туугандары менен келип алып деле каалаганын кылышты го? Саясаттан алыс Рысбектин катасы, чоң жаңылыштыгы ушул болду, өзүнө-өзү көр казып, алдын ала минтип айтып салганы бар. «Эгер мен депутат болуп келсем, келээрим менен жанымдагы депутат коллегаларымдан баштап «кустуруп», бүтүндөй жегичтерди тартипке салам да, Кыргызстанды тышкы карыздан бир эле жылда куткарам, мага ишенип койгула» деп ачык жар салган. Дал ошол сөзү Рысбек Акматбаевди Көкүйгө эмес «көргө» жөнөткөнүн бүтүндөй кыргыз жакшы билет. «Бандит» Бакиев баштаган бийликти жакшы эле титиретти, бирок бир кишини бийлик музообаш катары бир буту менен эле былчыйта басып коёрун көп учурда байкабай калышат тура.

Шайлоо жакындап калганда Акматбаевди БШК тизмеден алып салып, Акүйдүн алдына акматбаевчилер келгенде суу жүрөк Бакиев бекинип жатып, айласы куруганда алтымыштай жансакчынын ортосунда титиреп, жашынып келип, эптеп алактап сүйлөмүш этип, акүйүнө кайра кандай кире качканын да билбей калган. Дем алыш күндөрү эмес жумуш күндөрү оолугуп араң иштеп турчуу БШКсы ошол эле дем алыш күнү Акматбаевдин талабын аткарып, кайра тизмеге киргизүүгө аргасыз болгон.

Мен Рысбек Акматбаевди актап-жактайын, күнөөсү таптакыр жок, апакай дейин деген деле жокмун, бир гана кимдин ким экенине саресеп салып көрөйүн дедим. Болуптур, түрмөгө түшүптүр, андан кутулуп чыккандан кийин ал кандай адам болуп калат? Түрмөгө түшүп чыгаары менен креслого отуруп,күпүлдөп элге акыл үйрөтүп, чоң болуп, чочоңдогондор канча? Бүтүндөй элдин эмгегин, байлыгын каалашынча «соруп», миллирддарды жүктөп алып, жан соогалап качып кетип, каалагандай чартаңдап жашап жаткандар кылмышкер аталып, эл алдында ошолор жооп бериш керек эле да? Акаев, Бакиев баш болгон жана алардын жайнаган жакын жөкөрлөрүнүн бирөө камалып, жопкерчиликке тартылдыбы? Аларды эмне үчүн эмгиче эле экс-президент деп эркелетишет. Накта бандит, кылмышкерлер ошолор да. Айтып атышпайбы, ала кушту атынан эле айтыш керек деп, Акматбаев «бандит» эле болчу дешип. Бирок анын бандит экенин эч ким далилдеп, көргөзө алган жок, сот да далилдеген эмес. А сот далилдеп мойнуна коё албаган соң «кылмышкер» кыла бериш туура болобу өзү? Ал жөн гана көмүскө айтылып жүргөн «криматалык» аты менен атылып кетти. Айталы, Акматбаевден ашып түшкөндөр азыр да бийликтин бардык секисинде отурушат, койкойушуп, аларга эч кимдин тиши да, иши да өтпөй жатат. Анткени анын баары бири-бири менен чырмалышып алышкан, чыгарбайт бирин-бири өлүп бараткан күндө да, капа кылганга жол беришпейт эмеспи.

2006-жылдын башында ыраматылык Мелис Эшимканов “кыйын болсоңор Рысбекке чыгып, маек албайсыңарбы?” деп калды. Мен Рысбектин ишенген Алмаз аттуу жигитин тааныйт элем, ошого чалып айтсам «айтып көрөйүн байке» деди. Эртеси эле мага кайра чалып, «байке, макул болду, качан экенин эки күндөн кийин айтат, күтүп туруңуз» деген эле. Бирок ошол эле күнү кечинде «байке ишемби күнү Чолпон-Атага барыңыз, түштө балдары тосуп алат» деп чалып калды. Бир жума апкаарып, өзүмчө эле коркуп, катуу сүрдөп, эч кимге айтпай жүрүп, так ошол бараар күнү кашайып бир иштер чыгып, кеч бошоп, Алмазга чалып эртең барайын, ушундай болуп калды десем, «бүттү байке, ал эми такыр кабыл албайт» деп койду. Алмазга эскертип айтканы, «Агымга» бербейт элем, бирок сен айтып калдың мейли дептир. Ошентип легендага айланган «криматалык» менен бетме-бет жолугуп, маек алуу тарыхый мүмкүнчүлүгүмдөн айрылып калганыма азыркыга чейин өкүнүп калам. 2006-жылдын 10-майында Кудайдын үйү делген мечиттен чыгып келе жаткан жеринен “калбыр” кылып атып кетишти. Аны менен анын каршылаштары, атын укканда селейип калган бийликтин мыкчыгерлери № 1 тап душманынан кутулушту. Туптуура алты жыл болуптур. Мен ошол замандашымдын өлгөнүнө көп ишене бербей, бирок катуу өкүнүп, ичим ачышып калган. Мен эле эмес өтө көп кыргыз ошенткен. Анткенимдин себеби,Рысбек чындап эле кыргыздын кас душманы, кыргызды кыйнап-зордогон, кыргызды жек көргөн, кыргызды соргон кылмышкер беле, зөөкүрү, адилетсиз адамы беле? Мен ушуга түшүнбөйм. Рысбеке«залкар», «баатыр», «атактуу» ж. б. деген наамдарды ыйгаруудан алысмын, албетте, бирок көмүскө, жашыруун, кылмышкер, бандит  аталып жүрсө да, так ошол Рысбек кыргыз кыргызга күйүп, чындап намыстанып, кыргыздын намысын коргоп жүргөн накта кыргыз болчу. Ал кыргыздын Робин Гуду болчу. Айласыздан, арамдарга алданып ачыка чыгып алды да, аягында так ошолордун эле курмандыгы болду. А накта кылмышкерлер кайда отурат, аны биздин бакчадагы балдарыбыз деле аттарын айтып, керек болсо бирден санап деле беришет. Жыйынтыгында айтаарым, кыргыз үчүн чындап күйүп-бышкандарды тизеге чаап, атып жок кылып, кыргызды кырып, байлыгын ташып, башын аттап, ичип-жеп, чынымды айтайын, аягында “чычып” кеткендерден качан кутулуп, качан эсибизге келебиз деген калыс оюмду ортого салып, бир айтып алгым келди, болгону ошол.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Келсинки шаары. 10.05.2012.

One thought on “Имишпи, же?..

  1. Бакиев президент болгондон бери, канча деген чыгаан адамдарды, О дүйнөгө узатып жибердик…Акматбаев, Эркинбаев, кыргыз спортунун атын алыска чыгарган, Кыргызстанды дүйнөгө атагын тааныткан Раатбекдей агаларыбызды жоготуп жибердик. 2010 жылы Революция болгондон кийин Рысбек мына мына Европада экен, жакында келет экен дегенди Элдерден көп эле угуп калдым…Чынын айтсам чыдамсыздык менен күттүм…Бирок келген жок…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *