Мен Сизди сагынганда..

Калича ЖАКЫПОВА.

Каарманыбыз, таланттуу акын кызыбыз Калича тоо койнундагы Нарын шаарында төрөлүп, өскөн. Орто мектепти аяктаган соң Кыргыз Агрардык университетинин «Суу жана жаратылышты башкаруу» институтунун «Мелиорация жана жерди коргоо» факультетине тапшырып, 2008-жылы ийгиликтүү аяктап, “Суу инженери” деген кесипке ээ болгон. Азыркы учурда Кыргыз Агрардык университетинде аспирантурада окуйт. «Кыргызсуудолбоор» мамлекеттик ишканасында инженер-долборлоочу болуп эмгектенет. Алгачкы ырларын 12-13 жашында жазып баштаган.

ҮМҮТ…

Нечен ирет, элеп ойдун элегин,
Негедир эх, билбей сезим себебин.
Уяңдыгым жеңип чыгып, соңунда,
Учундамын, уу чыланган жебенин.

Жанга жуутпай, жактырбастан башканы,
Жамалым да жуулуп бүттү, жашка бу.
Жетпесимди билсем дагы, кол сунуп,
Жерде туруп, эңсептирмин асканы.

Жагалмайдай кайкып учпай, тордолгон,
Жазыксыз ай! Сезимдерим кор болгон.
Жолдонбогон каттар калды өзүмдө,
Жомок болуп… Сызып-чийип, ондолгон.

Сезилбестен, өткөн мезгил закымы,
Сени күткөн карек талып акыры.
«Жүргөнчөктү ара жолдо»- деп чечтим,
«Жүрөгүм да унутушка акылуу!»

Күндөр өттү, карааныңа кагылган,
Күтпө эми! Ысымыңды жаңы ырдан.
Сага арналбайт, ар бир жазган саптарым,
Сендик болбойт, көз жашым да, агылган.

Үзгүм келбей, үмүт жибин түрдүм көп,
Үмүт өчүп, чогу калды бүлбүлдөп…
Бирок азыр, кантээр элем капилет,
Бет алдымдан чыга келсен күлмүңдөп?

Бирок аттиң, кантээр экем бир күнү,
Байкоосуздан, сен жолуксаң, күлмүңдөп…

КЕЧИРИҢИЗ?

Жаралгансып бир сизден, бул ааламым,
Жан дүйнөмдө жазыксыз убарамын.
Үңүлгөнүм телефон… Жалгыз бөлмө,
Үмүт берип чалбаңыз? Суранамын?

Бычактан курч болсо да өтүмүңүз,
Бүгүн баарын унутуп, өчүрүңүз.
Кур кыялды ээрчиген акылсызмын,
Кудай үчүн? Анымды кечириңиз?

Кезигүүбүз тагдырдан белек эле,
Көңүлдөгү көп ойлор себеп эле.
Бүт ааламым сиз болуп турсаңыз да,
Бирок, сизди сүйбөшүм керек эле.

Кол жетпеген алыссыз башка жандай,
Коомайланам, боло албай башкалардай.
Капилеттен жолуксам качып жөнөйм,
Калбайын деп сезимим башкаралбай.

Ашык жанга баардыгы сулуу тура,
Арбалганда арзуунун кулу тура.
Эми тилейм, Кудайдан сиз жөнүндө,
Эрким жетсе экен деп унутуугa.

Күндө тилейм, Кудайдан сизди эстебей,
Күчүм жетсе экен деп унутууга…


МЕН СИЗДИ САГЫНГАНДА…

Мен сизди сагынганда…
Ордума тура албай эбелектеп,
Орунсуз санаа тартам чебелектеп.
Умтулуп  эбак өткөн жолуңузга.
Үмүтүм жанып, «али келе элек»-деп,
Мен болдум сезим мунар кыйрабаган,
Муң салып жүрөгүмдү кыйнап анан,
Бактылуу жандай жатка күлүп туруп,
Башкага билгизбестен ыйлап алам.

Мен сизди эстегенде…
Тагдырым таразада ойнотулуп,
Таба албайм, туура жолду ойго тунуп.
Кыялга эрксиздиктен батып кетем,
Капырай, кадимкидей ойгоо туруп.
Өксүдүм, жетпей-жетпей көздөгөнгө,
Өкүнүп, бирге өмүр кезбегенге.
А бирок дүйнөм түгөл, кемтиги жок,
Ар күнү өзүңүздү эстегенде…

Мен сизди сагынганда…
Кое албай бул сезимге такыр илеп,
Келемин бирок сизге бакыт тилеп.
Батынып бир кучактап алгым келди,
Балким бул? Балким ушул АКЫРКЫ ИРЕТ?
Мен сизди сагынганда…
Мен сизди сагындым да…

СҮЙӨМ БИРОК…

Кечир эми! Кетем өзүм ыраактап,
Жан дүйнөмө болбо үмүт, тамызгы.
Сендик сүйүү мага бербей ырахат,
Сендик сүйүү- канча жашым агызды.

Мээни мыжып, сендик ойлор курутуп,
Мен жарыкты таппай турдум жолуман.
Кээде ааламда, өзүмдү-өзүм унутуп,
Кечип кетким келди бары-жогунан.

Жараткандан нечен сурап кечирим,
Жазылганын көрөм дедим чекеме.
Кыйналганча башкара албай сезимим,
Коюу түнгө сиңип кетсем бекен ээ?

Далбас уруп, даам албайм деп сүйүүдөн,
Далай уктум, акылымдын жемесин.
Бирок айтчы? Эми кантип түңүлөм,
Бар дүйнөмдү ээлеп турса элесиң?

Үмүтүмө боло көрбө тамызгы?
Жүрөгүмдүн илдетине себепсиң.
Сендик сүйүү канча жашым агызды,
Сүйөм бирок… Аттиң, мендик эмессиң!


ТЕГЕРЕНГЕН ЭХ, АКЧА…

Тегеренген эх акча… тегеренген,
Терге нымшып, же жерде тебеленген.
Жугуму жок, куюлуп уучка турбай,
Жуулуп түшүп, кум менен тең эленген.

Байды жандап, бактуунун жары болуп,
Бапестелдиң, баа жеткис «дары» болуп.
Кембагалга буйрубай келесиң ээ?
Кеми толгон турмуштун зары болуп.

Көр оокаттын көйгөйүн жеңсем деген,
Ким жок дейсиө өзүңдү эңсебеген.
Миң кылымдап бузулбас түптүү элди,
Мигрантка да айланттың темселеген.

Дүкөн болуп намысың акчалууга,
Дүйнөнү бүт теңсиздик башкарууда.
Барк-кадыры арзыбас сомго айланып,
Баатыр уулдар, кул болуп, ач калууда.

Сормо сазга баткандай белчебизден,
Шор тер агып маңдайдан, желкебизден.
Кыздарыбыз акча үчүн кор болушту,
Кызыл гүлдөй соолушуп, эрте үзгөн.

Мансаптууну кадырлап «сиз» дейбиз ээ?
Маңкурттуктан бакытты издейбиз ээ?
Каадабызды тебелеп, болбос ишке,
Кагаз үчүн баш сайып иштейбиз ээ?

Тегеренген эх акча… тегеренген,
Терге нымшып, же жерде тебеленген.
Жугуму жок, куюлуп уучка турбай,
Жуулуп түшүп, кум менен тең эленген.

Жугуму жок, куюлуп уучка турбай,
Журт насили кум болду, себеленген…

5 thoughts on “Мен Сизди сагынганда..

  1. Каличанын ырлары сезимталдыгы, тазалыгы, лирикалуулугу жана баёолугу менен мага аябай жакты. Афина Бакировалардын кийинки кыздар поэзиясынын мыктыларынан экен десем жанылбайм. Чыгармачылыгына ийгилик. Кийинки чыгармаларын да кутуп окуйм.

  2. Каличанын ырлары мага абдан жакты. Башкалардыкына окшобогон озунун почерки менен, сезимталдыгы менен… Мени менен байланышчы. Жаны ырларынды адабий гезитке берип коелу. Урматттом менен Назгул. Телефон 0773466281

  3. Аззаматсын Калича. Мен мынчалык сезимтал, жан дуйнону дирилдеткен, адамдын журогун тепчип откон ырларды окуй элек элем. Эмнеге буга чейин корунбой, комускодо жургон талантссын? Бул акын кызыбыздын ббашка акындардан айырмасы ырына чыныгы сезимин кошуп жазгандыгында экен. Афиналардан кийин жеткире жазган акын кыз чыкпай журот деп ойлочумун. Корсо бар экен го… Жаз, жаз! Ырларынан айланайын сенин! Айланайын!
    чекчиз кубанычым менен куйорманын Болот

  4. Бул эмне омур жалганы коп
    Бул эмне конул арманы коп
    Бул эмне сезим сагындырган
    Эрксиз сага багындырган

    Сени сагындым Калича

    Ырларын сонун керемет….

    Убакыт келер мезгил болоор жолугар

    Жашоондо жалан ийгилик коштоп журсун

Leave a Reply to фарида Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *