Кыял.

ТҮРКҮК

Далай түркүктөрдү (колонна) көрдүм. Үч кишинин кулачы жетпеген, мармар таш, асман тиреген, кооз түркүктөр. Москвадан, Ленинграддан, Кавказдан, Кытайдан, Хельсинкиден. Тээ илгери Баку шаарында аскердик кызмат өтөп жүрүп аскер бөлүкчөсүнөн алыс эмес жердеги Пиршаги деген кыштакчадагы шишкебек саткан чакан пивоканадан. Оймолонуп-чиймеленип ойда кооз жазалган, ичке жыгач түркүктөр. Бирок, качан, кайдан, кандай гана түркүк көрбөйүн айылымдагы үйдүн маңдайындагы эски бастырманын ортосундагы, бооруна эсепсиз мык кагылган, жоонтумак келген кыйшык түркүктүн жанында бири да шоона эшпей турчу. Ошол түркүктүн түбүнө отура берип, далай жолу көк муштум болуп тоңуп, кээде уктап калган күндөрүм да болгон. Болгондо да кышында.

Боз үйдүн самсаалаган эски чийин түркүкө жөлөп коюп, короонун четиндеги уй байлаган жердеги олчойгон жампанын үстүнө жаман таштекти көмөрө салып, кырына таяк жөлөп, таяктын бир учуна жип байлап, бир учун тартып келип чийдин артына, түркүктүн түбүнө жашынганым жашынган. Мага баары көрүнөт, мен көрүнбөйм. Жампанын арасы толгон чала чайналган арпа. Короого таранчы, бактек, көгүчкөн, кээде каргалар келет каркылдап. Баары тең талашып жампаны жайлайт, атургай ачуумду келтирип таштегимди да көмөрүп кетет каргалар. Көгүчкөн жолоп койсочу. Айылдык кеңештин, клубдун, мектептин чатырында күнөстөп, мончоктой тизилип отурушкан апакай жана көпкөк көгүчкөндөрдү көргөн сайын көжөлүп келип түркүктүн түбүнөн чыкпайм. Бар максатым көгүчкөн кармаш, көбөйтүп багыш, анан ал көгүчкөндөр да менин чатырымдын үстүндө мончоктой болуп тизилип отурса деген таттуу, балалык таза кыял. «Капкан таштегиме» баары, ал эмес карга да түштү, кашайып көгүчкөн түшпөдү. Бирок, эмне деген кыялдын туу чокусуна чейин чыкпадым, бүрүшүп түркүк түбүндө отурганым менен кыялым бүтүндөй ааламды кыдырып учуп кетчүү. Ошого жыргап, ошого корстон болуп отуруп үшүгөнүмө карабай үргүлөп, далай ирет уктап да калган жайым бар эле. Ошол себептен ошол түркүк менин жашоомдо, ой туйумумда, сергек сезимимде символ катары бекем калыптанып калган сыяктуу. А чындап карап келгенде түркүксүз эч нерсе болбойт экен. Асмандын, жердин, элдин, үй-бүлөнүн, дегеле эмне гана болбосун тиреген түркүгү, таянган таянычы болот, болбой койбойт. Түркүгү түптүү, таянган таянычы кабелтең, кара кылды как жарган калыс, адилет болсо аталгандардын баары абдан күчтү, кудуреттүү, байгер жана бактылуу болоору шексиз.  Таянган таянычтарыбыз, ишнген түркүктөрүбүз дүн түбү бош болуп, майышып кайышып, элдин эсин эки кылып жатканы да ушунданбы дейм. Түркүгүбүз түптүү, таянычыбыз бекем болгой эле?..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ.  журналист, Хельсинки.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *