Издейм сени..

КЕЧ КҮЗДӨГҮ КЫЯЛДАНУУ..

 

Каарманыбыз Улан КОШАЛИЕВ 1983-жылы 4-мартта Токтогул районунун Чоң- Арык деген айылында төрөлгөн. 1989-жылы “Коргол Дос уулу” атындагы орто мектепке 1-класска кирип, 1995-жылы үй-бүлөсү менен Жайыл районуна көчүп келишкен. Ал жерден “Жайыл” негизги орто мектебинде (1995-1998), “Алексеевка” орто мектебинде (1998-2000) окуп, аталган мектепти алтын медаль менен аяктаган. 2000-2005 жылдары И. Арабаев атындагы КМПУнун алдындагы Европалык Цивилизациялар Институтун бүтүрүп, француз жана англис тили боюнча лингвист-котормочу адистигине ээ болгон. 2004-2008 жылдары борбордогу туристтик компанияларда тилмеч болуп иштеген. Андан сырткары официант, сатуучу, офис менеджер, сатуучу менеджер болуп эмгектенип келген. 2008-2010 жылдарда Кореяда эмгек мигранттарынын катарында иштеп келип, 2011-жылдан бери белгилуу себептер менен убактылуу бош жүрөт. Кыргыз, орус, француз, англис жана корей тилдеринде сүйлөйт.

 

 

 

 

 

 


ЖОГОТКОН БАКТЫМ..

Эл жер кезип, чарк аралап дүйнөнү,
Мен бакытты издеп жүрсөм талаадан.
Көрсө бакыт Апам тура үйдөгү,
Мени күтүп, баткан сары санаага.

Карааңындан кагылайын апакем,
Сенин баркың эми билип олтурам.
Таппайм канча издесем да.. Мен кантем?
Аргасыздан көзүм жашка толтурам.

Билсем дагы келбесиңди кайрылып,
Көргүм келип, издей берем карааның.
Билем сенден калганымды айрылып,
Апакем ай! Чеги жоктой санаамдын…

          ***

Жашоонун өйдө-ылдый жолдору бар,
Жылмакай, тегиз эмес, жолдор татаал.
Жылмайтып бир кубантса жаркын күндөр,
Жүзүңдү томсорттурат күндөр катаал.

Баарына көңүл толбой турган кезде,
Бакытка барчу жолду тынбай изде.
Баш ийбе кыйынчылык, жокчулукка,
Бактылуу болоруңдан үмүт үзбө.     

 

 

 

 

 

 

 

 

Сезилип жомок сымал,
Себелеп кар асмандан.
Сыйкырдуу ар бир кадам,
Сен менен бир басканда.

Бараттык кол кармашып,
Бакытка толкуп-ташып.
Жайнаган көздөр менен,
Жадырай, тик карашып.

Аппак кар айланага,
Аруулук арнап жатты.
Ар бир кар сага, мага,
Ак сүйүү каалап жатты.

        ***

Аңдасам да тартып куру убара,
Алаксыймын, өзүмдү алдап кубанам.
Адилеттүү, Кудуреттүү, Билүүчү,
Ак жолуңдан чыгарбагын, суранам.

***
Кыска өмүрдүн жыйнап алып күйүтүн,
Көкүрөгүм кыйнап келем күнү-түн.
Кечиримдүү, Ырайымдуу, Мээримдүү,
Кимге айтмакмын, бир өзүңдө үмүтүм.

КЫШКЫ СҮРӨТ

Балалыктын бал күндөрү оюмда:
Биз жашачык бийик тоолор койнунда,
Бир ажайып кереметтүү жер эле,
Буркан түшкөн тоо суусунун боюнда.

Карга чүмкөп асман-жерди, күркүрөп,
Кыш чилдеси каардана өкүм сүрөт.
Жөнөчү элек отунга апам экөөбүз,
Жүктөп араа, балта, жип чана сүйрөп.

“Кулактары” түшүрүлгөн тумакты,
Баса кийгем кымтылап, жаап кулакты,
Колдо кол кап, бутта болсо чоң өтүк,
Көрүнгөнсүйм кудум күчүк сыяктуу.

Бул көрүнүш жүрөккө бек сакталды:
Карч-курч кечип жаңы жааган ак карды,
Анда-санда сурап коюп апамдан,
Кыялдарым учат алыс жактарда.

Көрүп калсам жаныбардын издерин,
Жакын жерде турабы деп издеймин.
“Коёнбу же түлкүбү? Эх, чаап алсам,
Колумдагы таяк менен бир”,-деймин.

Кара талы, кайыңы бар калың бак,
Кирип келдик токойго да жакындап.
Бутактагы карды жерге түшүрө,
Сагызгандар уча качат шакылдап.

Издеп жүрүп бак-даракты аралап,
Жарамдуусун тандап, кыйып, араалап,
Чапчу жерин балта менен чапкылайм,
Түз чаба албай, кылып кечке далалат.

Бүтпөй, тажап, аракетим солгундап,
Апам айтат: – Бол күчүгүм, бол ылдам!
Ал учурда мындай турсун үшүгөн,
Тердеп чыгам, буу оргуштап койнумдан.

Отундарды жүктөп алып чанага,
Үйдү көздөй жол тартабыз чаалыга.
Тээ алыстан көк түтүнүн сызылтып,
Биздин үй да күтөт бизди зарыга.
1-декабрь, 2012-жыл.


 

 

 

 

 

 



КОТОРМОЛОР.
Сергей Есенин

Эх, кандай түн! Уктай албайм.
Уйку жок менде. Ай жаркырайт.
Жүрөгүмдө сакталгандай
Жоголгон эчак, жаштык курак.

Суз жашоомдун сен шериги,
Оюнду, биздин, сүйүү дебе,
Андан көрө ай жарыгы
Төгүлсүн мага, балкып дене.

Бурмаланган сызыктарды
Көрсөтсүн ачык асмандан ай,-
Менден кете албасыңды,
Сен мени сүйө албагандай.

Таза сүйүү кайталанбайт,
Андыктан сен бөлөксүң мага,
Бул дарактар бизди азгырат,
Кар күрткүгө буттарын сала.

Билем мен да, билесиң сен,
Ай шооласы ар кыл кубулат
Дарактарда гүлдөр эмес –
Дарактарда кар менен бубак.

Сүйгөн элек биз бир кезде,
Сен мени эмес, мен башканы,
Кызыктырбайт эми бизди
Сүйүүбүздүн чыны, жалганы.

Ошентсе да, назик сүйүп
Калп эзиле, мени өпкүлө,
Май айы, түбөлүк Сүйүүм
Жашасын дайым жүрөгүмдө.
19-декабрь, 2012-жыл.

7 thoughts on “Издейм сени..

  1. Асыран агай, сизге чооң рахмат. Уланды Көчтөн көрүп жүрсөм дагы бир айылдын суусун ичип, чоңойгонубузду билбептирмин. Азыр ойлосом Улан инимдин классташы экен. Анда ал бойуна тыкан, жакшы окуган сүйкүмдүү татынакай бала эле. Зиректигинен улам аны мугалимдер да жакшы көрүшчүү. Абдан кубанычтамын, чынында эле маңдайым жарыла сүйүндүм. Азаматсың Улан! Ийгилигиң арта берсин иним!

  2. Сайра эже, кандайсыз!
    ооба, мен өзүңүздүн иниңиз болом да 🙂
    жылуу сөздөрүңүзгө чоң рахмат!

    классташтарыма такыр жолуга албай жүрөм..

Leave a Reply to Сайра Батыркулова Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *