Спорт.

ИЙГИЛИК БАШАТЫ ИТАЛИЯДА..

Ушул жылдын 4-ноябрында Италиянын Касерта деген шаарында Кыргыз диаспорасынын демилгеси менен уюштурулган «Шумкар» Кубогунун байгесине арналган атайын футбол боюнча турнир болуп өттү. Аталган турнирди жыйынтыктап айтканда «Шумкар» Кубогунун баш байгесине төрт, «Манас», «Шумкар», «Kыргыз Клуб» жана «Мекен» командаларынын ортосунда айыгышкан таймашуу болду. Аба ырайынын кескин бузулуп, жамгыр төгүп турганына карабай турнирдик оюн абдан кызыктуу жана жигердүүлүк менен өткөндүгүн, сүрөөнчүлөр менен көрүүчүлөрдүн өтө көп санда келгендиги тууралуу турнирди уюштурунун башында турган жердешибиз Чолпон Бекмукамбетова кабарлады.

Турнирге катышкан оючулар. Италия, Касерта шаары, 04.11.2012.

Тыныгуу убагында оюнчуларды уюштуруучулар тарабынан даярдалган кыргыз боорсогу, буркурай басылган палоо жана ысык чай тартуу болуп, Кубок катышуучуларынын демине дем кошулгандай болуп турду. Айыгышкан таймаш аягында турнирдин Кубогун «Шумкар» футбол клубу жеңип алды. Ал эми экинчи орунду «Манас», үчүнчү орунга «Мекен» командалары ээ болушту. Командаларга: 1-орунга Кубок «Шумкар» жана Ардак грамота; 2-орунга футболдук топ жана Ардак грамота; 3-орунга грамота тапшырылды. Андан тышкаркы байгелер, статуетка, грамота жана «Мыкты оюнчу», «Мыкты дарбазачы» наамдары ыйгарылды. Ал гана эмес шымаланган сүрөөнчүлөргө да ар кандай белектер тартууланды. «Мыкты оюнчу» наамы «Манас» командасындагы Мирлан Мамбетовго, а «Мыкты дарбазачы» наамына «Шумкар» футболдук клубунун дарбазачысы Бакыт Мамаев татыктуу деп табылды. Сүрөөнчүлөр арасынан айырмаланган «Кыргыз Клуб» командасын татыктуу сүрөп отурган Кундуз Исмаилова таанылды.

«Шумкар» футболдук клубунун президенти Муратбек Сагынбаев: «Турнирди мындан да мыкты өткөрүп, өнүктүрүү максатында Жаңы жылда Украинанын, Польшанын, Италиянын командалары менен атайын турнирдик беттешүүлөрдү уюштурмакчыбыз. Бул боюнча команданын капитаны Канат Ниязалиев керектүү даярдыктарды көрүп, команданы кезектеги жеңишке даярдоо тапшырмасын алды» деп билдирди.

«Шумкар» командасынын сүрөөнчүлөрү балдардын футболду кандай ойногонун көрүп, турнир бүткөндөн кийин волейбол боюнча команда түзүүнү сунуш кылышты. Ошондуктан кыргыздардын  клубдарды өнүктүрүү долбоорунда бир гана футбол эмес.. Касерта шаарындагы Кыргыз диаспорасынын башчысы Чолпон Бекмукамбетова турнирди өткөрүүгө жакындан жардам берип, өз салымдарын кошкон жердештерине чын дилинен ыраазы экенин билдирип, жылуу жумшак коштошуу менен таркап кетишти.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, эркин журналист, Финляндия. 17.12.2012.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *