Ыр дүйнө..

АЙЫЛДЫК КЫШ.

Бурганак. Кар. Чыкылдаган суук кеч.
Булоолонот мештен чыккан ысык нан.
Будур көчө, тумандатып айылды,
Булут жерге түшүп келген капкачан…

Кара түтүн оргуш атып ар үйдөн,
Коюланып сиңип барат ириңде.
Кесме жыты мурунду өрдөп чакырат,
Көчөдөгү четки үйдүн биринде.

Сакалдары бубактаган аталар,
Согум жешке бараткандай сыягы.
Сыбызгыдай үн жаңыртат тигинде,
Сымкарагай кыштын болуп кыягы.

Тоңголоктун кызыгынан чыга албай,
Топ чыт курсак тээп жүрөт жылгаяк.
Тоголок бет бала суукту тоготпой,
Тонун чечип, бортонойчон дырдаят…

Кыш. Кыроо. Айыл уйкуда.
Кычыроон каптап сыртынан.
Короочу «кокуй» иттер да,
Коңулга кирип тынчыган….

АПТАП  (түрмөк)

Шаарда…
Чекеден терим тамчылап,

Аптапка денем жанчылат,

Салкындап үйдө жатууга,

Жай бербейт турмуш камчылап.

 

Капырай, кантип болсун бу,

Күн жерге түшүп келиптир,

Күкүрттөй жанган ысыкка,

Кара жол бүгүн эриптир.

 

Көзүмдөн учат кең жайлоо,

Какшаткан тишти булак суу,

Карайлап келем калаада,

Куурулуп күнгө, чыкпай буу.

 

Айылда…

Аптабы сонун айылдын,

Көчөлөр чаңга буюккан,

Сай жээкте балдар чуркурап,

Секирип сууга чумушкан.

 

Тигинде кийиз тепкилеп,

Келиндер сүртөт терлерин.

Күбүрөп ичтен наалышып,

Күнөөлөп алган эрлерин.

 

Чак түштө кызып тиет күн,

Бозорот улам тоо бети,

Саргарса аңыз кубанат,

Абышка кармап кетменин-

Акталат ойдо мээнети…

 

Жайлоодо

Саратан жайдын мезгили,

Салкын жел келет тоо жактан,

Саадырбай бээлер тебинет,

Көгөндөн качып көп чаккан.

 

Оттобой койлор жуушаган,

Тумшугун катып жарчага.

Койчусу дөңдө олтурат,

Кымыздан жутуп тамшана.

 

Тигинде уйлар сайгактап,

Төш ылдый чуркап баратат.

Аптапка моюн сунбастан,

Баканда эски радио –

Коктуга обон таратат…

 

 ҮШКҮРҮК…

 

Чала сабат билимдүүлөр бийликте,

Чалкалмактар жүрөт бизди башкарып.

Чаламандын чак түшүндө шапар тээп,

Чоң чычаят, ышкырыгы таш жарып…

 

Мекен деген сезимдерин курт жеген,

Маңкуртбектер ээ болушту тизгинге.

Май талканды майкандашат жекелеп,

Маани бербей карып менен мискинге.

 

«Көзкамандар» кемирип-жеп четинен,

Көрүнгөнгө кол сундуруп тургузду.

Кыйындыгы кырдан ашкан эл эле,

Коркок кылып, алсыратты кыргызды.

 

Нан сурашты намыс кылбай калдыкпы?

Нарктуу кыргыз наркыбыздан тандыкпы?

«Нескаралар» төбөлөсө чөгөлөп,

Наадандарды ажо кылып алдыкпы?.


Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ. Журналист, 12.12.2012.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *