Ыр дүйнө..

************************************************************************

Сатывалды САЙПИДИН уулу.

1976-жылдын 2-январында Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Молдо Нияз гимназия мектебин 1991-жылы бүтүрөөр замат Кадамжай кыргыз лицейин атайын математика жана физика багыты боюнча окуп, аны 1993-жылы аяктаган. Андан соң Ош Технологиялык Университетинин маалымат технологиялар факультетинин “Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программмалык камсыздоо” тайпасына тапшырып 1998-жылы бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер-программист. Ошол эле жылы (1998-жылы) Ош Технологиялык Университетинин (кийинчерээк Баткен Мамлекеттик университетинин ) Кызыл-Кыядагы технология, экономика жана укук иниститунун “Жогорку математика жана информатика” кафедрасында окутуучу болуп эмгектенип келген. 2004-жылдын декабрь айынан бери Москва шаарында жашап, үзүрлүү эмгектенип жүрөт. Үй-бүлөөлүү, эки кыз бир уулдун бактылуу атасы.

КӨҢҮЛ ЫЙЛАЙТ.

Көңүл ыйлайт көрбөй сени сагынып,
Көздөр ыйлайт тамчы жашы агылып.
Көөдөнүмдү өрттөп кеттиң карагым,
Картайганда сүйүү болуп кабылып.

Кантем жаным, калдым сени унутпай,
Кетпе таштап, көөдөнүмдү курутпай.
Каректерден жамгыр жашым төгүлөт,
Кеч күздөгү буюккан бир булуттай.

Кош дей албайм, күтөм сени садагам,
Кайгы-муңду уккум келбейт, жадагам.
Көздөрүңөн тапкан кезде мээримди,
Кубанычтан жанбиргем деп санагам..

ЖУБАЙЫМА.

Жарыгын үй-бүлөмө чачып турган,
Жаман сөздөн, ушактан качып турган.
Жумушумдан чаалыгып келгенимде,
Жылмайып көңүлүмдү ачып турган.

Жылуу сөзү азайбастан ашып турган,
Жумушунан балдарыма шашып турган.
Жагымдуу сулуу жүзүң жароокерим,
Жан дүйнөмө шооласын чачып турган.

Жаншеригим, бакытыма сенсиң себеп,
Жаратканым өзү колдойт бизди демек.
Жакшы күндө жадырап жашасын деп,
Жараткандан уул-кыздар болгон белек.

АЙЛУУ ТҮНДҮ САГЫНЫПМЫН…

Айлуу түндү сагыныпмын айылдагы,
Теребелди жанга жагым жайындагы.
Жылдызга кошо энчилеп берген элем,
Илингенсип турган айды кайыңдагы.

Көздөрүң терең деңиз асман чөккөн,
Ашык болгон эрке жел желпип өткөн.
Ай нуру да эркелетип, байкатпастан,
Саамайыңан сылагансып жүзүң өпкөн.

Кызганамын жадагалса тийген Айдан,
Санааларга батыргансың мени кайдан.
Кезигип тынч дүйнөмө бүлүк салган,
Периштем келгенсиңби бейиш жайдан?.

One thought on “Ыр дүйнө..

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *