«Гүлдесте»

Мелис ЭШИМКАНОВ.

ЭМНЕ КЫЛАМ?.

“Адам эки жашабайт; бирок адам болуп бир жолу да жашай албагандар көп”.                          (Фридрих Рюккерт)

9-декабрда кыргыз жазмакерлер журтунун «патриархына» айланган айтылуу журналист, коомдук ишмер жана саясатчы Мелис Эшимкановдун туулган күнүнө арналган салтанаттуу эскерүү кече Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук Филармониясынын чон залында болуп, кичи залында журналисттер үчүн атайын пресс-конференция өткөрүлөөрү айтылып жатат. Толугу мененМындан тышкары анын ысымын алган коомдук фонд Кыргызстан журналисттеринин арасында конкурс жарыялап, Мелис Эшимканов атындагы сыйлык жарыялаганы да жалпы коомчулука белгилүү.  Ал күнү ушул жылдын мыкты журналисти аныкталып, аталган сыйлыктын алгачкы жеңүүчүсү аталат. Сыйлыктын өлчөмү 100 000 (жүз миң) сомду түзүп, жыл сайын бир гана журналистке берилип турат. Андан сырткары, мыкты студент-журналисттерге да атайын сыйлыктар каралганы бар. Бул жакшы демилге, көңүл жылытаарлык жөрөлгө, буюрса жазмакерлер чөйрөсүн жандандырып, жаш журналистердин чыгармачылыгына дем, шыгына-шык тартуулабай койбойт деген ишеним бар.

Бир канча жылдар мурун ушул күнү «шефтин» туулган күнү деп, жумуш убактысында эстеп калсак, алдыбыздан чыгып калса, астейдил гана «туулган күнүң менен» деп кол кысышып койчубуз. Унуткарып, билчү деле эмеспиз. Жумуш кайнап аткан учурда кайдан? Көп учурда жумуштан кийин өзү эле айтып, баарыбызды чогулта коюп, «кафелеп» кетип, «чекебиз жарылганча» ойдаа бир «черден чыгарып» салаар эле. Бир курдай гезиттин кезектеги санын чыгаруу менен алек болуп далбас уруп жүрсөк «ушу силер «шефиңерди» эстеп бир ооз куттуктоо жазып койгонго жарабайсыңар, жаза тайып өтүп кетсем эки ооз «некролог» жазганга деле жарабайсыңар го «каапырлар» деп күлүп, тамаша сөзү менен баарыбызды аябай бир оңтойсуз абалда калтырып койгон жайы бар эле. Көзү тирүү болгондо 9-декабрда болгону 50 гана жашка чыкмак.

ПАРЛАМЕНТТЕ.

Эмне кылабыз? Жараткандын жазмышы ушундай тура. Эң жакын көргөн, туу тутуп жүргөн адамыңдын бу жалгандан мезгилсиз, ойдо жок жерден «оо» дүйнө кетип калганы өксүтүп коет экен, кабыргаңды чындап кайыштырып, сыздатып коет экен. Өткөн жылы, 15-сентябрь күнү жакын тууганым, досум, замандашым Мелис өзү айткандай эле «жаза тайып» өтүп кетип мени катуу өксүтүп салган. Мени эле эмес, менимче кыргыз журтунун кыйласын өксүтүп койбодубу. Өксүбөй койобу? Бешиктен бели чыга электе коомдогу болуп жаткан «ысыгына» да, «суугуна» да, жай турмушуна да, саясатына да тартынбай боюн таштап, өзгөчө басма сөз жаатында өчпөс из калтырып, жаңыдан телчигип келе жаткан эгемен кыргыз элине, кыргыз өлкөсү кыйын кырдаалды башынан кечирип турган мезгилдеринде эбегейсиз зор эмгегин, өзүнүн чыныгы атуулдук салымын кошуп кетти. Ашыкча сөз айталбай турам, эмне деп мактап, эмне деп жактап, кайсынысын айтаарымды билбей «кайыгып» турам. Көкүрөгүмө батпаган ой-пикирлер жыйналып, жык-жыйма толуп, ал эмес ашып-ташып эле тургансыйт, а бирок алым жетпей, айталбай, жазалбай турам. Бир жылдан бери айтып-деп жазпаган кесиптештери, достору, замандаштары деле калган жок. Ошондуктан ушул “Мелис” аталган блогдун ачылышына деп өткөн жылы өтүп кеткенин угуп, өксүп жазган эскерүүмдү эле кайталап берип койойун дедим. Ошол “өксүп” отуруп жазган эскерүүмдү карасам, былтыр, Мелис өлгөн күндөн туптуура алты күн өткөндөн кийин, өзүм 51 жашка толгон күнү жазыптырмын. Эл уулу Эшимканов жөнүндө дагы далай айтылаар, эл үчн жасаган эмгеги бааланаар, эгемен журттун эсинен кетпей, тарыхыбыздан өз ордун алаар. А мен ушул күнү кыргыз басма сөзүнүн көч башында турган «патриархы» Мелис Эшимканов баштаган жазмачылардын, “басмачылардын” «Көчү» улана беришин тилеп, аруу-максат кылуу менен «Журналистер» коомдук бирикмеси аркылуу «Кыргыз Көчү» деген аттагы блог, Мелистин ысмындагы айыл (сайт) ачып тургандагы кербезим. Эмне кылмак элем? Гүлдесте болсун дедим. Ошол..

Асыран Айдаралиев, эркин журналист, Келсинки. 07.12.2012.

3 thoughts on “«Гүлдесте»

  1. Кана эмесе-алга анда. Жакшы тилек-жарым ырыс. Азыркылардын тили менен алганда самый рейтинговый сайт, айыл болсун!!! Кош келипсиздер!!!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *