«Болсоң ушундай бол!»

******************************************************************************************************************

Уругвай өлкөсүнүн Президенти, 77 жаштагы Хосе МУХИКУ.

КЕҢ ДҮЙНӨ ЖАНА ЭҢ
КЕДЕЙ ПРЕЗИДЕНТ.

Түштүк Америкадагы Уругвай өлкөсүнүн президенти Хосе Мухикуну жердештери «эң кедей президент», «el presidente mas pobre» деп аташат. Алардын айткандарындай эле бар экен. 77 жаш курактагы Мухика дээрлик өзүнүн президенттик айлыгын соопчулук үчүн ай сайын элине таркатып берет. Ушундай кадамы аны дүйнөдөгү эң кедей президент, же болбосо эң эле ашкере берешен өлкө башчысы катары таанылтып келет. Ал киши ай сайын колуна ала турган 12500 долларынын болгону 1250 долларын гана өзүлөрүнүн жашоосу үчүн алып калат. «Менин күнүмдүк жашоом үчүн ушул акча сопсонун эле жетет, анткени уругвайдагы жашаган элдин басымдуу көпчүлүгүнүн кирешеси дээрлик мындан дагы аз» дейт берешен президент Мухика. Мухиканын аялы дагы сенатор (депутат), ал дагы алган айлыгынын көпчүлүк бөлүгүн кайрымдуулук үчүн таркатып бергенден тажабайт. Эң кызыгы президент менен сенатор жубайлар Монтевидодогу чакан фермада жөпжөнөкөй эле үйдө жашашат. Бул даражалуу адамдын ушул кызматка келгенден берки сатып алган эң чоң баалуу оокаты 1945 долларлык «Фольксваген Жук» маркасындагы авто унаа экен. Бул адамдардын банкка салынган бир да центи жок, жана эч бир карызы, аласа-бересеси да жок. Биз билгенден башка өлкө башчылардын жок эле дегенинде экиден резиденциясы, атайын эс алып, чартаңбай тебе турган сансыз жайлары, айлыктан тышкары күргүштөп акча агызып кирип турган бизнестери бар. Бирок ага да болушпай эле ар жагынан да, бер жагынан да улуп-жулуп алгандан эч тажашпайт да, эч коркушпайт. Эр эл багаарлардын баары эле биз жака топтолуп алышкан десеңер, тааңгөрүнүкү!..

Салыштыруу үчүн үч президенттин алган айлыгын мисал тарта кетели.
Виктор Янукович, Украинанын Президенти – $ 9646 доллар.
Владимир Путин, Орусиянын Президенти – $ 9543 доллар.
Барак Обама, АКШнын Президенти – $ 33333 доллар алышат экен.
Ал эми биздин Президентибиз А. Атамбаев канча сом алаарын ким билет?.

Которгогн Асыран АЙДАРАЛИЕВ. журналист, Финляндия.

3 thoughts on “«Болсоң ушундай бол!»

  1. Саламатчылык Нургүл! Рахмат! Өзүңөр аман-эсен турасыңарбы? Фин жергесинен баарыңарга салам!..

  2. Көпчүлүк, дээрлик баардық Өлкөлөрдүн жетекчилери, ошол Уругвайдын жетекчиси сыяқтуу, элине журтуна қызмат қылуу мақсатта бийликке барышса, биздин қыйындарыбыз; өз элине манчырқап бой көтөрүү, өз элин тоноо, жерин сатуу, тилин чануу, “Бажы Биримдик” жэ дағы башқа шылтоо менен орус бийлигине жағынуу үчүн бийлике жулунушаары маалым ғо…

Leave a Reply to Бектурсун Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *